БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология

Жандуулардан да жандуу!

Биз жандуулардын кызыктуу дүйнөсүндө жашайбыз, ал эми жандуулардын тиричилигин биология изилдейт! Биология — өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын (анын ичинен адамдын) жашоосу жана алардын айлана - чөйрө менен ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ илим. Биология биздин коомдун көптөгөн көйгөйлөрүн чечет: айлана - чөйрөнүн сакталышы, ден- соолукту сактоо, жаныбарлардын жаңы породаларын, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгаруу, генндик инженерия жана медицина …

Бул илимдин мааниси жыл сайын өсүшү таң калыштуу эмес.


Биздин предметтик баракчабыз жандуу организмдерге арналарын силер түшүндүңѳр болуш керек. Биз бирге бардык жандуу организмдердин: бактериялардын, козу карындардын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдын түзүлүшүн, тиричилик өзгөчөлүктөрүн жана алардын ар түрдүү байырлаган чөйрөлөрүн карайбыз. Жер планетада жашаган бардык жандуулар үчүн иштеген биологиянын негизги мыйзамдарын таанып билебиз.

Биология биздин айланабыздагы дүйнө кантип түзүлгѳнүн башка табигый илимдер менен бирге түшүнүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Эгерде, буга чейин аны изилдѳѳ үчүн микроскоптор, фолианттар жана көптөгөн лабораториялар керек болсо, ал эми бүгүнкү күндө портфелде смартфон же планшет болсо жетиштүү. Биздин сайттагы барактын бѳлүктѳрүнѳ кирүү менен, Жердин жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн, биосфера кандай түзүлгөнүн изилдейсиңер, адамдын денесинин ичин кѳрѳсүңѳр, биздин денебиз кантип иштейт, анда кандай процесстер жүрөт, эмне үчүн ѳзүңдүн ден - соолугуңду кароо керектигин түшүнѳсүңѳр. Биздин өлкөнүн жаныбарларынын жана өсүмдүктөрүнүн уникалдуу дүйнөсүн өзүңөр үчүн ачасыңар, анткени Кыргызстан – бул күн, суу жана тоо.

  • slide
  • Тюльпан Грейга

    Грейга жоогазыны (КР Кызыл китебине киргизилген).

  • Серый варан

    Боз кескелдирик (КР кызыл китебине киргизилген).

Ѳзүңөрдүн долбоорлоруңарды жараткыла, изилдѳѳ жүргүзгүлѳ, дайыма ѳзгѳрүлгѳн бардык жандуу организмдердин жашоосундагы кереметтүү өзгөрүүлөргѳ байкоо жүргүзгүлѳ! Өзүңѳрдүн ден - соолугуңарды сактагыла жана биздин кайталангыс жана уникалдуу жаратылышты сактагыла! Биологиянын өнүгүү тарыхынан

Из истории развития
биологии

Албетте, Биология табигый багыттагы байыркы илим болуп эсептелет. Бирок, биология термини жакында эле пайда болду. Биологиянын заманбап ѳнүгүү тарыхы 1797 Биологиятерминин сунуштаган. 1800 - жылы Биология термини менен Бурдадагы Дерпт университетинин профессору пайдаланган, ал эми 1802 - жылы Ламарк жана Тревиранустун маанилүү иштеринде дагы кѳрсѳтүлгѳн.

Жан Батист Ламарк

Жан Батист Ламарк биологиянын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Биология коомдун жашоо шарттары менен түз байланышта болуу менен абдан тез ѳнүгѳ баштады. Дайыма изилдөөнүн жаңы методдору пайда болууда, заманбап билимдер эски теорияларга башкача кароого мүмкүнчүлүк берүүдѳ, бирок ѳнүгүүнүн мурунку баскычтары изилденбесе, илим жѳнүндѳ билим толук болбойт.