БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Адамдын органдары жана органдар системасы

Адамдын организминин жалпы обзору

Дене клеткалардан турат, клеткалар - ткандарды, ткандар – органдарды, органдар – органдардын системаларын пайда кылат. Жыйындысында алар бир бүтүн организимди түзөт.
Генотип


Система көп органдардан болгондугуна карабастан ал туруктуу. Органдар ткандардан, ткандар – клеткалардан, клеткалар – молекулалардан турат. Молекулалар, клеткалар, ткандар, органдар, органдардын системалары – бул жандуулардын деӊгээлдери адамдын организминде биримдикти жана бөлүнбөгөн бүтүндүктү түзөт.


Организимдин компонентери
Организимдин компонентери


Адамдын денеси клеткалардан турат. Окшош функцияларды аткарган, түзүлүшү, жалпы келип чыгышы боюнча бирдей болгон клеткалар ткандарды пайда кылат. Ткандардын көпчүлүгү клеткалардан жана клеткалардын арасындагы заттардан турат. Ткандар организмде көп орун ээлейт, бирок аларды 4 чоӊ топко бөлүүгө болот:

  • эпителий (жабуучу) тканы
  • тутумдаштыргыч ткан
  • булчуң ткандары
  • нерв тканы.
Ткандардын түрлөрү

Ткандар органдарды пайда кылат, окшош функцияларды аткарган органдардын группалары органдардын системаларын пайда кылат..

Адамдын организми бөлүктөрдөн – органдарынан турат.

Адамдын ички органдары. «Организм» жана «орган» деген сөздөрдүн негизи бирдей, ал грек тилинен «аспап» деп которулат. Ар бир органдын кызматы өзгөчө дайындалган жана өзгөчө функцияны аткарганга ыңгайланышкан. Адамдынан башында баш мээ жайгашкан, ал адамдын организминин бардык функцияларын башкарат. Дененин ичинде көкүрөктүк жана курсактык эки көңдөйчөлөр жайгашкан, алар тосмо – диафрагма менен бөлүнгөн. Ички көңдөйчөдө ички органдар жайгашат. Адамдын көкүрөк көңдөйчөсүндө жүрөк, кан тамырлар, нервдер, дем алуу жолдору, сол жана оң өпкөлөр жайгашкан. Төш сөөгү, кабыргалар жана омурткалардан турган көөдөн дененин төшүн коргойт. Тамак аш жылган түтүкчөдө - кызыл өңгөч – көкүрөк көңдөйдөн диафрагмадагы тешик аркылуу ал ашказанга өтөт. Курсактык көңдөйдө диафрагманын астында сол жагында – карын, оң жагында – боор, өт жайланышат. Төмен жакта ичегилер, уйку без, көп сандаган сосуддар жана нервдер жайгашкан. Омуртка тутумунун бел бөлүгүнүн жанында бөйрөктөр жайгашкан. Адамдын денесинде айтылган бардык органдар күндүз жана түн ичинде тынымсыз иштешет. Адамдын соо организиминде алар чогуу, биргелешип аракет кылып иштешет. Мисалы, сөөктөр жана булчуңдар таяныч -кыймылдаткыч системаны, кызыл өңгөч, ашказан, боор, ичегилер – тамак- сиңирүү, баш мээ, жүлүн жана нервдер – нерв системаласын түзөт. Адамдын организмине жандуу биологиялык системага тиешилүү касиеттер мүнөздүү. Алардын негизгилери төмөнкүдөй::


  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери
  • Жандуу организмдердин мүнөздүү касиеттери


Организимдин конструкциясынын жалпы мыйзам чеңемдүүлүктөрү, алар адамдарга, ошону менен бирге жаныбарларга дагы тиешелүү.

  • Билатералдык симметрия – адамдын денеси эки салыштырмалуу күзгүнү чагылышындай тең: оң жана сол жарымдыктан турат
  • Ассиметрия – кээ бир органдардын (жүрөк, боор) жайланышы жана түзүлүшү симметриялуу эместигин негиздейт.
  • Ошентип, адамдын түзүлүшүндө симметрия - асимметрия менен бирдикте болот.
  • Метамерия – организмде аздыр көптүр окшош кайталанган элементердин болушу. Метамерия - денеси бир нече бир бирине окшош элементтерге бөлүнгөн эмбрионго абдан мүнөздүү. Бойго жеткендерде метамерия омуртка тутумунда, кабыргалардын жайланышында, кээ бир кан сосуддарда жана нервдерде билинет.
  • Карамакаршылык (полярдуулук) - дененин түзүлүшү боюнча айырмаланган полюстардын: алдынкы (краниалдуу) жана арткы (каудалдуу) – болушуна ыктымал.
  • Стратификациялоо (катмар - катмар) – дене сыртынан тери менен жабылган, андан кийин теринин астындагы катмары жайланышкан, кийинки катмары – фасция, анын астында бир же бир нече булчуң катмарлары жайгашкан. Катмарлангандык көпчүлүк ички органдардын түзүлүшүндө байкалат.


Таяныч жана кыймылдаткыч системасы

Таяныч – кыймылдаткыч системасы – адамдын организиминин негизги системаларынын бири. Ал коргоо менен таяныч функцияларын аткарат жана кыймыл аракетте негизги ролду ойнойт.

Таяныч  жана кыймылдаткыч системанын схемасы


Таяныч – кыймылдаткыч системасы скелеттен жана булчуңдардан турат. Булчуңдар активдүү функцияны аткарат. Скелет – пассивдүү функцияны. Сөөктүн бөлүгү скелеттен турат.

Скелет түзүлүшү төмөнкүчө: баш сөөк, кол-бут курчоосунун скелетинин сөөктөрү, дененин сөөктөрү, кол-буттун сөөктөрү. Скелеттин бардык сөөктөрүнө кыймыл – аракеттин функциясын аткарган айрым булчуңдар же булчуңдардын топтору байланышат. Скелеттин булчуңдары таргыл булчуң ткандан турат. Булчуңдар (musculi) – нерв импульстарынын таасири астында жыйрылууга жөндөмдүү, булчуң ткандан турган дененин органдарыв.

Булчуңдардын функциялары


Жандуу организимде булчуңдар кыймылсыз кезинде эч качан толук шалданууга жөндөмсүз, дайыма кээ бир шыктуу абалда - тонуста болуп турат. Булчуңдардын тонусу борбордук нерв системадан нерв импульстардын булчуңдарга өтүшү менен сакталат. Булчуңдардын тонусу анын бекемдүүлүгүн жана абалын сактайт.



Кан жана кан айлануу

Адамдын организминин клеткалары үзгүлтүксүз тамактануу, кычкылтектин керектелүүгү жана зат алмашуунун продуктуларын бөлүп чыгаруу шартында жашайт. Мунун баарын кан аткарат. Кан – организмдин ткандарынын бири. Тиби боюнча бул тутумдаштыргыч ткань, анткени анын клеткалары (формалык элементтери) кан плазмасы менен бөлүнүп турат. Формалык элементтер түзүлүшү жана функциялары боюнча айырмаланат.

Формалык элементтерге эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер кирет.

Кан системасы

Кан айлануу – дененин баардык органдарга жана ткандарга тамак-аш азыктарынын, кычкылтекти камсыздоого жана зат алмашунун подуктуларын бөлүп чыгарууга катышат. Жүрөктүн тынымсыз иштеши кан айланууну камсыздайт, бардык органдарда жайланышкан кан тамырларга канды түртөт. Негизги кан тамырлар: артериялар, веналар, капиллярлар болуп бөлүнөт. Артериялар жүрөктөн дененин бардык органдарына артериалдык канды жеткирет. Веналар боюнча веноздук кан жүрөктү көздөй агат. Өпкө артерия менен өпкө веналардан тышкары. Өпкө артерия боюнча веноздук кан, өпкө веналар боюнча артериалдык кан жүрөккө агат.

Канаттууларда, сүт эмүүчүлөрдө жана адамда жүрөк төрт камералуу, ошондуктан веноздук кан артериалдык кан менен аралашпай кан тамырлар боюнча жүрөт.

Жүрөктүн автоматиясы

Жүрөктүн иштеши үч фазага бөлүнөт: дүлөйчөлөрдүн жыйрылышы (систола), карынчалардын систоласы жана жалпы шалдайышы (диастола). Жүрөктүн кагышынын тездиги минутада 75 жолу болсо, бир цикл 0,8 секундага созулат. Дүлөйчөлөрдүн систоласы – 0,1 секундада, карынчалардын систоласы – 0,3 секундада жана жалпы диастола – 0,4 секундада өтөт.

Жүрөктүн автоматиясы
Жүрөктүн автоматиясы
Кан айлануунун чоӊ жана кичине тегерекчеси


Физиологиялык эритме обочолонгон жүрөктөн өтсө да, жүрөктөгү импульстардын таасири астында сырткы таасирсиз эле жыйрылууга жөндөмдүү. Бул жүрөктүн автоматиясы.

Оӊ дүлөйчөдө жайланышкан синус- дүлөйчөдөгү жана дүлөйчө- карынчадагы түйүндөрдө (ритмди айдоочулар) импульстар пайда болуп, өткөргүч система боюнча (Гис буттары жана Пуркиньенин талчалары боюнча) дүлөйчө менен карынчага өтөт.

Адамдын кан айлануусунда эки тегерек болот: чоӊ жана кичине.



Дем алуу системасы

Image 7676.png
Дем алуу системасы органдарды кычкылтек менен камсыздануу жана андан көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу процесстерине жооптуу болот.

Дем алуу органдары: мурун көңдөйү, кулкун, кекиртек, коко (трахея), өпкөлөр.

Дем алуу системасы дем алуу жолдорун пайда кылган органдарды (мурун көңдөйү, алкым көңдөйү, кулкун, кекиртек, коко, колколор) жана газ алмашуу пайда болгон (кычкылтекти сиңирүү жана көмүр кычкыл газды бөлүп чыгаруу ) өпкөлөрдү бириктирет.

Адамдын дем алуу системасы


Мурун көңдөйү.

Мурун көңдөйүндө ага жабышкан нымдалган былжыр чели жайгашкан, алар кирпикчелер менен камтылган клеткалардан жана былжырды бөлүүчү без клеткалардан турат. Бул бөлүнүүлөр былжыр челди, дем алган абаны коштоп нымдайт жана чаң бөлүкчөлөрдү кармап, кирпикчелердин тамаккты көздөй кыймылы аркалуу жок кылат. Мурундун былжыр көңдөйү кан тамырга бай, алар дем алган абаны жылытат. Жогорку мурун кабырчагы былжыр чели рецептордук (сезүүчү) клеткалар сиңирилген өзгөчө сезгенүүчү (сезүүчү) эпителий менен жабдылган. Ортонку кулактын көңдөйү мурун көңдөйү менен бириктирген угуу түтүгү аркалуу алкым көңдөйгө ачылат. Кекиртектен жогору лимфатикалык орган – бадал сымал без жайгашкан. Эгерде ал чоңоюп кетсе, мурун аркалуу дем алуу кысталып калат.


Кекиртек

Кекиртек бири бири менен кыймылдуу байланышкан байламталар жана тутамдаштыргыч мембраналарынан турган жуп жана так кемирчектен турат. Кекиртектин үстү менен алдын көмөкөй жапкыч жаап турат, ал тамак жуткан маалда кекиртектин оозун жаап турат. Эки кемирчектин үн жараяндардын ортосунда жупталган үн байламталары жайгашкан. Алардын узундугунан жана чыйрактыгынан үндүн салыштырмалуу жогору чыкканы билинет. Үн дем чыкканда пайда болот, үндүн чыгышын резонатор сыяктуу мурун менен ооздун алкым көңдөйлөрдЪн катышуусу коштойт. Моюн омурткасынын акыркысынын тушунан кекиртек коко кекиртекке өтөт (дем алуучу тамакка өтөт). Кекиртек, коко кекиртектин колколору менен колкочолору дем алуу иштерин аткарат. Бардык түтүкчөлүү структуралар былжыр челге кирпиктелген эпителийге камтылган, алар өпкөдөн жогору былжырды жылдырат. Колкочолордун кысылышы жана кеңейиши, дем алуу жана дем чыгаруу, дем алуу кыймылдары нерв системасы аркалуу башкарылат.


Өпкөлөр.

Өпкөлөр. Кекиртек көңдөйч+дө кекиртек оң жана сол эки колколорго бөлүнөт, ар бир колколор көптөгөн бутакчалары менен колко дарагын пайда кылат. Өтө майда колколор – колкочолор майда көбүкчөлөрдөн – исиркектерден же альвеолалардан турган баштыкчалар менен бүтөт. Исиркектердин (альвеолалардын) жыйындысы өпкөнүн тканын пайда кылат, ал жерде кан менен абанын ортосунда активдүү газ алмашуу өтөт. Дем алууда өпкө аркылуу бууга айланган суу бөлүнүп турат. Өпкөлөр өзүнүн өзү пассивдүү стуктуралар. Дем алууда аралык кабырга булчуңдардын жана диафрагманын жыйрылышканы үчүн көөдөндүн көлөмү кеңейип аба өпкөгө сорулат. Жыйынтыгында өпкөнүн ичинде басымдуулук атмосфералык басымдуулука караганда төмөн, ошондуктан аба өпкөгө өтө баштайт. Дем алуу булчуңдарлардын шалдайышы көөдөндүн көлөмү кичирейип жана оор дем алганда ички аралык кабырга булчуңдардын кыскарышы дем чыгарууга алып барат. Өпкөлөрдү өзгөчө чел курчайт.

Дем алуу - сырткы жана ички болот.


Тышкы дем алуу

Сырткы дем алуу

Бул кандын жана атмосфералык аба менен газ алмашуусу, натыйжасында веноздук кан кычкылтек менен бай артериалдык канга айланат. Өпкөнүн вентиляциясы, өпкөдөгү дем алуусу (өпкөдөгү газ алмашуу) кирет.


Кан менен газдарды транспорттоо

Кан менен газдарды транспорттоо – кычкылтекти өпкөлөрдөн ткандарга жана көмүр кычкыл газын ткандардан өпкөлөргө ташуу. Исиркектердин (альвеолалардын, же көбүкчөлөрдүн) абасы жана өпкөнүн капиллярларынын ортосундагы газ алмашуу, кан айлануусунун органдар боюнча кыймылы, клеткаларга органдардын кан капиллярына газдын өтүшү кирет.


Ички дем алуу

Внутреннее дыхание

Бул кан менен ткандардын ортосундагы газ алмашуу, анын жыйынтыгында миохондриялар аэробтук кычкылданууда кычкылтекти сиңип жана клеткалардан көмүркычкыл газды, сууну, азотту кармаган продуктуларды, аны менен кошо АТФ түрүндө энергия бөлүнүп чыгуусу.




Тамак сиңирүү системасы

Тамактанышы боюнча адам гетеротрофдуу организмдерге кирет, ошондуктан анын өсүшү жана өнүгүшүнө керектүү органикалык заттарды тамак-аштан алат.

Тамак-аш азыктарынын сиңимдүү заттардын иштелип чыгышы жана сиңирилишине катышкан органдардын системасы тамак – сиңирүү системасы деп аталат.

Адамдын тамак – сиңирүү системасы


  • Тамак эритүү каналы  жана тамак эритүү бездери
  • Тамак - синируу системалары


Нерв системасы

Нерв системасы бардык органдардын иш аракеттин, сырткы чөйрөдө организмдин багыттын жана чөйрөнүн өзгөрүшүүнө ыңгайланышкан реакцияларды координациялайт.

Нерв системанын иш аракеттинин негизги формасы – сырткы чөйрөдөн же ички органдардан жооп кайтарунун реакциясы - рефлекс. Ар бир рефлекс рефлектордук догосу боюнча өтөт. Рефлекстер шарттсыз жана шарттуу болуп бөлүнөт.

Борбордук нерв система жүлүндөн жана баш мээден турат. Баш мээ жана жүлүн нерв клеткалардан – нейрондордон түзүлөт. Нейрондор кабыл алууга, иштеттүүгө жана маалыматтарды (сезгенүү нерв импульстарды) өткөрүүгө катышат.

Нерв системасы

.

Жүлүн рефлектордук (кыймыл аракет менен байланыштуу) жана өткөргүч (рефлектордук реакцияларды баш мээ менен байланыштырат) функцияларын аткарат. Жүлүндө 31 жупталган нервдер чыгат.

Баш мээ - мээ челдери менен капталган баш сөөктүн көңдөйүндө жайланышкан. Баш мээден 12 жупталган нервдер чыгат.

Эндокрин системасы – бул организмдеги дагы бир жөнгө салуучу система. Дененин бардыгында эндокрин бездер жайланышат. Аларга гипофиз, калкан без, бөйрөк үстүндөгү бездер, уйку без, жыныстык бездер (эркектин урук бези, ургаачынын жумуртка бези) кирет. Эндокрин бездери биологиялык активдүү заттарды – гормондорду бөлүп чыгарат. Алар түздөн түз канга сиңет. Гормондор бардык жашоо тиричиликтин процесстерине таасир тийгизет: зат жана энергиянын алмашуусуна, өсүшүнө, кош бойлуулукка жана төрөткө, иммундук системага, органдарга жана нервдерге. Алырдын таасири өзгөчө. Гормондор аркылуу сигналдардын өтүшү бир нече секундалардан саатка чейин созулат. Анын таасири көпкө чейин сакталат.

Эндокрин системасы

Адамдын заара бөлүп чыгаруучу системасы – заарды пайда кылган, топтогон жана аны бөлүп чыгаруучу органдардын системасы. Эки бөйрөктөн, эки заара өтүүчү түтүктөрдөн, табарсыктан жана заараны сыртка чыгаруучу түтүктөн турат.

  • Бөйрөктөр: заарды пайда кылат
  • Заара өтүүчү түтүктөр: бөйрөктөрдөн табарсыкка заарды өткөрөт
  • Табарсык: заардын резервуары болот
  • Заараны сыртка чыгаруучу түтүгү: мезгил мезгили менен заарды табарсыктан сыртка чыгарып турат

Системанын негизги функциялары

  1. Зат алмашуунун продуктуларын бөлүп чыгаруу
  2. Организмдеги туз менен суунун балансын сактоо
  3. Бөйрөк үстүндөгү бездер менен синтезделген биоактивдүү заттардын эсебинен чыккан гормоналдуу функция
Заара бөлүп чыгаруучу система


Бул система организмге кереги жок болгон заттардын бөлүп чыгаруунун кызматын аткарат. Негизги ролду бөйрөктөр өйнойт, алар заара менен заттардын 70% бөлүп чыгарат. Калган 30% организмден тер менен (тери аркылуу), былжыр челдер жана түз ичегилер аркылуу (заңдаганда) чыгат.

Бөйрөк - бул буурчак формадагы паренхиматоздук орган, кыртыштан жана мээ катмардан турат. Бөйрөк белдин тушунда жайланышат. Ички жагынан бөйрөккө бөйрөк дарбазасынан кан тамырлар (аорта жана төмөңкү көңдөй венасы) кирет. Бөйрөктөн ошол жерден заара түтүктөр чыгат. Сыртынан орган май жана тутумдаштыргыч капсулалар менен капталат.

Нефрон - бөйрөктүн структуралык – функционалдык бирдиги, түрмөктүк менен бөлүп чыгаруучу түтүкчөлөрдүн жыйындысы. Жыйынтыгында, бөйрөк организмдин уулануулардан ошону менен биргуе анын тазаланышындагы негизги ролду ойнооочу орган. Заара бөлүп чыгаруучу системанын калган органдары зааранын топтолушун жана бөлүп чыгуусунун функцияларын аткарат.

Организмде бөйрөктөр ар түрлүү функцияларды аткарат:

  1. Организмге метаболизмдин акыркы зыяндуу продуктуларын кандын плазмасынан бөлүп чыгарат.
  2. Бөйрөктөр организмге тамак-аш менен келгин заттар, дарылар, натрийдин, калийдин, фосфордун иондорун, сууну бөлүп чыгарат, бул гомеостазды сактайт – кандын плазмасынын иондук курамын, суунунун көлүмүнүн жана кычкыл – негизги теңдештигин көмөктөйт.
  3. Бөйрөктөрдө гормондорго окшош заттар пайда болот: кандын басымдуулук деңгээлин сактаган жана эритроциттердин пайда болуусуна демилге туудуруучу эритропоэтин.


Сезүү органдары. Анализаторлор

Адамдын сезүү органдары айлана чөйрө менен өз ара байланышты түзөт. Адамда аларда бешке бөлүнөт:

  • көрүү органы – көз
    көрүү органы – көз
  • угуу орган – кулак
  • жыт сезүү– мурду
  • тери сезими - тери
  • даам татуу – тил.

Алардын баары сырткы дүүлүктүргүчтөргө жооп кайтарат. Бизге айлана чөйрөнү байкатат жана ылайыктуу жол менен элестеттирет. Алардын жардамы менен айлана чөйрө жөнүндө маалыматтар кабыл алынат, баш мээ аны анализдейт жана түшүндүрөт.

Жыт сезүү органы

Жыт сезүү органы

Биз он миңге чейинки жыт ажырата алабыз, кээ бирлери (уулуу газдар, түтүн) бизди коркунучтар жөнүндө эскертет. Мурдун көңдөйүндө жайланышкан клеткалар жыт булагы болгон молекулаларды ажыратат, мээге нерв импульстаын жиберет. Мээ жагымдуу жана жагымсыз жыттарды аныктайт. Окуумуштулар жыттардын жети негизги жытты аныкташкан: жыпар жыттуу (камфоралуу), эфирдүү, кумар жыттуу (гүл жытты), амброзия жыты (мускустун жыты – парфюмерияда пайдаланган жаныбарлардын заты), жагымсыз (чириткич жыт), сарымсак заттуу (күкүрттүү) жана күйүк жытты.

Даам татуу органдары

Даам татуу, сезүүгө - жыт сезүүгө караганда азыраак өнүккөн, тамактын жана ичкиликтердин сапаттын жана даамын өзгөчүлүгүн аныктайт. Даам татуу клеткалар даам таттыргыч бүдүрмөлөрүндө жайланышкан, кошумча сапаттуу даамын аныктап тиешилүү нерв импульстарын мээге өткөрөт. Мээ даамды тактап аныктайт.

Тил органынын түзүлүшү

Адам даамды татып сезүүгө мүнөздүү. Бул даам татыган өзгөчө клеткалардын эсебинен пайда болот. Алар тилде жайгашкан 30тан 80ге чейинки клеткалардан турган даам татыган бүдүрлөрдү пайда кылат. Бул даам татыган чокморчолор козу карын бүдүрөлөрүнЪн курамында, тилдин үстүндө жайгашкан.

  • Даам таттыргыч бүдүрлөр
  • Тилдин даам таттыргыч бүдүрөлөрү. Түрлөрү

Мисалы, туздуу жана таттуу даамын тилинин учу, ачуу даамын – тилдин түп жагы, кычкыл даамын – каптал жагы аныктайт.

  • Даам таттыргыч бүдүрөлөрү.
  • Даам таттыргыч бүдүрөлөрү.

Тамакты кантип даамдайбыз?

Тамакты баалаганда жалаң анын даамына гана көңүл буруу жетишсиз, аны баалоодо жытын сезүү өтө манилүү ролду ойнойт. Мурун көңдөйүндө эки жыт аныктоочу - жыт сездиргич аймактары жайланышат. Тамактанганда анын жыты ошол аймакка жетет, алар тамактын өзгөчөлүгүн элестетип, анын даамын аныктайт.

Көрүү

Көрүү

Адамдын сезүү органдарынын негизги органы – көрүү, анын эсебинен сырткы дүйнө жөнүндө маалыматтын 80%тин кабыл алабыз. Көз, көздү кыймылдаткыч нерв, жаш бези ж.б. – көрүү органдын элементтери камсыздайт.

Болгон сезүү органдардын ичинен биз басымдуулун ээлеген - көрүүнүнү пайдаланабыз. Көрүү процессине көп органдар катышат: күндүн нурлар кареги,челдин айнекчеси, чечекейлердин, негизинде көздүн тордомо кабында аңтарылган сүрөт пайда болот. Сүрөттү тордомо кабында колбача жана таякчалар жардамы менен нерв сигналына айланат, көрүү нерв аркылуу баш мээге өтөт. Мээ нерв импульсту сүрөт сыяктуу аныктап, керектүү багытка аңтарып 3D мейкендикте кабыл алат.

Угуу

Кулактын түзүлүшү

Окуумуштулардын ойлору боюнча угуу – бул адамдын сезүү органдарынан экинчи ордун ээлейт. Уңдөр (абанын термелүү) кулак түтүгү аркылуу тарсылдакка жетип анын дирилдешине алып барат. Андан кийин алар угуу тешиктен жана суюктук менен толтурулган түтүктөн – үлүлдөн өтүп угуу клеткаларды дүүлүктүрөт. Бул клеткалар нерв сигналдарга баш мээге өтүп, тарсылдакты дирилдетет. Мээ ал сигналдарды үн сыякту сезип, анын бийиктигин, кичине же катуулугун аныктайт.

  • Кулактын түзүлүшү
  • Ортоңку кулак

Тери сезими

Тери сезими


Сезуу органдары

Теринин үстүндө жана анын ткандарында миллиондогон рецепторлор жайланышкан. Алар денеге тийгизип коюда, басууда жана сыздаганды сезип, жүлүнгө жана баш мээге тиешелүү сигналдарды жөнөтөт. Баш мээ бул сигналдарды анализдеп жана аныктап, аларды жагымдуу, нейтралдуу же жагымсыз экендигин элестетип аныктап сездирет.

Рецепторлордун бардык сигналдары борбордук нерв системасына өтуп, сигналдар (дүүлүгүнүн импульстары) анализделип, иштелип чыгарылат.

Сезүү органдары менен байланышкан мээнин зоналары


Глоссарий

Авитаминоз (латын тилинде "вита" – «өмүр», "а" – «жоктугу»)- тамак –ашта көпкө чейин керектүү заттардын жетишсиздигинен пайда болгон оорулар (цинга, иттий оорусу ж.б.)

Авитаминоз (от лат. "вита" - жизнь, "а" - частица отрицания)-болезни (цинга, рахит, бери-бери и др.), вызванные длительным недостатком в пище жизненно необходимых веществ (витаминов).

Агглютинация – 1) суюктукта болгон бөлүкчөлөрдүн тоголокчолорду жабышы (микробдорду, кан денелерин), 2) жандуу клеткаларда белоктун уюшу (жогорку температуранын улуу заттардын таасири астынды, ж.б.).

Адаптация — организмдерде эволюция учурунда пайда болгон жашоо шартка ыңгайланышы.

Адреналин – бөйрөк үстүндөгү бездин мээ бөлүгүнүн гормону. Канга сиңип анын алмашуусун тездетет, канттык алмашылышын ирээтке салат, кан тамырлырдын ичкеришинин себебинен кан басымдуулугун көтөрөт.

Азоттук баланс – тамак-аш менен түшкөн азоттун жана организмден бөлүнүп чыккан азоттун санынын айырмасы.

Аккомодация (латын тилиндеги "аккомодацио" – «ыңгайланышы») – ар түрдүү аралыкта нерселерди даана көрүүгө көздүн үйрөнүшү, бул чечекейдин ийрейип өзгөрүшү кирпик булчущдардын жыйрылышынан болот.

Акромегалия - кескин түрдө дененин кээ бир бөлүктөрүнүн пропорциялаынын бузулушу, алардын чоңоюп кетиши (манжалардын, тамандын, кулактардын, тилдин, мурундун, эриндердин). Анын себеби ашык өсүүнүн гормонунун гипофиз аркалуу бөлүнүп чыгаруусу. Адатынча адамдын өсүшүнүн процесси токтогондо пайда болот (20-40 жаштагы адамдарда).

1. Аксон же нейрит – нерв клетканын узун талчасы (урчугу) түрүндөгү нерв буласы

2. Актин – булчуң ткандын белокторунун бири.

3. Аллергия (грек тилинде "аллос" – «башка», "эргон" – « таасири») – бул организмге башка организмдин же анын иш аракеттинин продуктуларынын тийгизген таасиринин себебинен пайда болгон оору (чөптөрдүн гүлдөгөндө чөп ысытма, бөрү жатыш, колкочолордук астма, дарыларга аллергия ж.б.)

4. Альбинизм – бул организмдин түрлөрүндө нормада мүнөздөлгөн түстүн жок болуусу.

5. Амилаза – мальтозага чейин крахмалды ажыратуучу фермент.

6. Анализаторлор – дүүлүгүнү анализдеген рецептордон, нервден жана чоң жарым шаарлардагы борбордон турган системалар. Угуу, көрүү, даам татуу, тери сезими анализаторлор бар.

7. Анатомия – бул организмдин жана анын органдарынын түзүлүшү жөнүндөгү илим. Грек тилиндеги «анатоме»- «жарып өтүү» деген сөздөн чыккан. Адамдын түзүлүшүн изилдөө жолдору – сойуп көрүү жана анын органдардын изилдөө. Байыркы заманда адамды сакайлоо үчүн аны сойушу күнөө деп саналган, ошондуктан адамды сойууга тыйуу салынган.

Анемия (грек тилинде "ан" –«жоктукту», "гема" – «кан»), аз кандуулук – кандын көлөмүнүн азайып кетиши же анын сапаттык курамынын өзгөрүштөрү менен байланыштуу оору, мисалы эритроциттердин жана алардагы гемоглобиндин санынын азайып кетиши.

Аорта – кандын айлануусунун чөң тегеригинин негизги артериясы, ал жүрөктүн сол карынчасынан башталып, куштарда оңго жана сүт эмүүчүлөрдө сол жакка багытталат.

Аракечтик (араб тилиндеги "алкоголь" - спирт, жүзүм спирти) – ичкилик менен кыянаттык – чексиз ичкиликти пайдалангандын ооруусунун абалы. Өзгөчө балдарга жана өспүрүмдөргө коркунучтуу, анткени бат адат болуп кетиши мүмкүн.

Аралык нейрондор – алардын урчуктары борбордук нерв системадан чегинен чыкпаган жана түз рецептор менен эффектор менен байланышпаган нерв клеткалары.

Артериялар – кан айлануусунун чоң жана кичине тегеректеринин кан тамырлары, алар боюнча кан жүрөктөн органдарга жана ткандарга агат. Алар жыйрулууга жөндөмдүү, керегилери жоон. Кан айлануусунун чоң тегеригинин артериялары боюнча кычкылтекке артериалдык кан агат. Кан айлануусунун кичине тегерегинин артериялары боюнча көмүр кычкыл газга бай веноздук кан агат.

Атрофия – булчуңдун көпкө чейинки иштебегендигинин негизиндеги анын ишке жендөмдүүлүгүнүн жоготуусу. Базофилдүү лейкоциттер, базофилдер – гранулоциттердин тобуна кирген ак түстүү кан клеткаларынын бир түрү. Алардын плазмасы өтө ири бүртүктүү, негизги боёгучтар менен көк түстүү болуп бойонот. Канда 0,5тен 1,0%ке чейин баардык лейкоциттер камтыйт.

Балластык тамак –аш заттар – тамак-сиңирүү шире менен сиңбеген тамаш-аштын бөлүгү, мисалы – клетчатка.

Барокамера – ар түрдүү бийиктерде организмдин жүрүм – турумун изилдегенге пайдаланган жасалма атмосфералык басымдуулукту пайда кылуучу камера.

Барорецепторлор – органдардын стенкаларына басымдуулукту жана булчуңдардын чымыркануусунун өзгөрүштөрүн кабыл алуучу сезүү органы. Алар ички рецепторлордун интеррецепторлоруна кирет..

Булчуң тканы адамдын жана жаныбарлардын организминде кыймылдаткыч процесстерин пайда кылат. згөчө жыйрылуу структуралардан – миофибриллардан турат. Булчуң ткандары: жылма, таргыл скелеттик жана жүрөктүк таргыл болгон түрлөргө бөлүнөт.

Веналар – жүрөктү көздөй кан жылышын камсыздоочу кан тамырлар. Алардын жыйрулууга жөндөмсүз, жука керегеси болот. Ичинде клапандар бар. Чоң кан айлануу тегеринин веналар боюнча веноздук, кичине кан айлануу тегеригинин веналар өпкөлөрдөн – артериалык кан агат..

Гаметалар – жыныстык клеткалар.

Ганглиялар – нерв түйүлдүктөр

Гельминтология (грек тилинде "гельминтос" – «курт») - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн мителик курттар менен козгочууланган ооруларын изилдеген паразитологиянын бир бөлүгү

Гематология (грек тилинде "гема" – «кан») – кан системасынын түзүлүшү, функцияларын жана ооруларын изилдеген илим.

Гемоглобин - эритроциттерде кармалган кандын боёгуч заты. Жеңил кычкылданат (оксигемоглобинди пайда кылып) жана кычкылтекти бөлүп чыгарып калыбына келет.

Гемофилия (грек тилинде "гема" –«кан», "филео" – «сүйөм») кандын уюбай калганы жана кан агууга шыгы пайда кылган тукум кууган оорусу

Гермафродитизм – бир особдо эркектик жана энелик жыныс системалардын болушу.

Гигиена (грек тилинде "гигиенос" – «ден соолук») жашоо жана эмгек шартардын ден соолукка тийгизген таасирин жана оорулардын алдын алуунун чараларын изилдеген илим

Гипертония (грек тилинде "гипер" – «тышкары», "тонос" – «күч салуу») артериалдык кан басымдуулуктун көтөрүлүшүнүн оорусу

Гиподинамия - аз кыймылда өмүр сүрүү

Гипотония (грек тилинде "гипо" – «төмөң», "тонос" – «күч салуу») артериалдык кан басымдуулуктун төмөндөшүнүн оорусу

Гипофиз – мээнин негизинин астында жайланышкан орган. Алдынкы, аралык жана арткы, дөбө өлүктөрдөн турат. Гипофиз бөлүк чыккан гормондор өсүүнү, жыныстык өнүгүү жана башка процесстерди башкаруучу негизги ролду ойнойт.

Гонадалар – жыныс системанын органдары, аларда жыныс клеткалары (аталык бездер, энелик бездер) пайда болот.

Гонадотроптук гормон – организмдин жыныстык системасын ирээтке салган гипофиздин алдынкы бөлүк менен бөлүп чыгарылган гормондорунун бири

Гормондор – ички секрециянын бездери менен бөлүп чыгарган физиологиялык активдүү заттар, алар кан менен дене боюнча таралып жана айрым органдар менен толук системалардын өнүгүсүн жана иш аракетин жөнгө салат.

Грааф көбүкчөлөр – суюктук менен топтолгон (фолликулар) көбүкчөлөр менен капталган энелик бездин ички жагында жайланышкан жумуртка клеткалар.

Гранулоциттер – жаныбарлардын жана адамдын ак түстүү кан клеткаларынын лейкоциттеринин бир тобу, алардын плазмасы бүртүктүү, нейтрофиллдер, базофилдер жана эозинофилдер болуп бөлүнөт.

Гумордук жөнгө салуу (латын тилинде "гумор" – «суюктук», "регуляре" – «ирээтке салуу») – гормондордун же химиялык жана физиологиялык активдүү заттардын жардамы менен кан, лимфа, ткан суюктук аркылу ички органдардын аракетин жөнгө салышы

Дальтонизм - кээ бир түстөрдү ажырата албоо майыбы, биринчи болуп англиянын физиги Дальтон баяндап чыккан, ал өзү ошол оору менен ооруган. Бул тукум кууган оорулардын бири, ал энеден өтөт.

Дезинсекция (француз тилинде "дез" – «каршы» жана латын тилинде "инсектум" – «курт-кумурска») – химиялык каражаттардын жана өзгөчө жабдуулар менен зыяндуу курт-кумурскуларды (чиркейлерди, чымындарды, бүргөлөрдү, биттерди, мите коңүздарды) жана кенелерди жок кылуу. Заманбап учурда өтө манилүү күрөштүн биологиялык ыкмаларында - куштарды, балыктарды, курт-кумурскуларды, жырткычтарды ж.б. колдонуу.

Дизентерия (грек тилинде "дис" – «бузулушу», "энтерон" – «ичеги») – дизентерия таякча же дизентерия амеба менен козголгон жугуштуу оору

Жумуртка же жумуртка клеткасы – энелик жыныстык клетка. Оогенездин натыйжасында, хромосомалардын гаплоиддуу жыйындысына ээ энесинин жыныстык безинде пайда болот. Жумуртка клеткасында ядросу, органела менен цитоплазмасы болот. Сыртынан мембраналык кабыкчасы, үстүнөн чел кабыгы, тери сыяктуу же катуу акиташтан турган кабыгы менен капталат.

Жүрөктүн автоматиясы (грек тилинде "автоматос" – «өзү кыймылдоочу») сезимге карабастан жүрөктүн булчуңунун ритмдеги жыйрылышынын жана шалдайышынын өзгөчүлүгү.

Жылмакай булчуң тканы – булчуң ткандардын бир түрү. Узун ийик формадагы клеткалардан турат. Жылмакай булчуң клеткалар жай жана ритмдүү жыйрылат.

Иммунитет (латын тилинде "иммунитас" – «бошонуу») организмдин жугуштуу ооруга жуктурбастык. Иммунитет тубаса – табигый, энеден берилет, жана ооругандан кийин же вакцина менен эмдөөдөн кийин пайда болгон жасалма болот.

Вакцина латын тилиндеги "вакка" – «уй» деген сөздөн чыккан, анткени биринчи уйдун чечекти козгоочудан бөлүп чыккан. Азыркы учурда эмдөөгө пайдаланган бардык препараттар вакциналар деп аталат.

Кан пайда кылуучу орган – кан жана лимфа клеткаларынын пайда кылуучу орган. Негизги кан пайда кылуучу орган кызыл чучук, анда эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер пайда болот.

Кандын басымдуулугу – кан аккан кан тамырларга кандын тийгизген басымдуулугу. Кан басымдуулугунун көлөмү жүрөктүн кагышынын күчү, канын жана кан тамырлардын каршылыгы менен негизделет. Артерияларда карынчанын жыйруулусунда кан басымдуулугу максималдуу болот - сымап к. 115-125 мм. Диастолада – минималдуу кан басымдуулугу - сымап к. 70-80 мм.

Кандын группалары – белоктордун түзүлүшүнүн айырмасы менен байланыштуу ар түрдүү адамдардын кандын имунологиялык өзгөчүлүктөрү

Коко – үн жылчыгынан кийинки кекиртек түтүкчөсүнүн үстүнкү бөлүгү

Көздүн астигматизми (грек тилинде "а" – «жоктукту», "стигма" – «чекит») - шооланын көздө бирдей чагылышпагандыгынан көздүн начар көрүшү.

Көкүрөк көңдөйү – өпкө, жүрөк, кызыл өңгөч жайланышкан көкүрөктүн ичиндеги көңдөйү

Көкүрөк сөөгү – омуртка тутумунун кабыргалар байланышкан сөөгү

Көөдөн – көкүрөк омурткалар, көкүрөк сөөгү, кабырга жана кабырга кемирчек менен пайда болгон скелеттин сөөк – кемирчектүү бөлүмү

Кулкун - ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн ортосундагы тамак – аш сиңирүү түтүкчөнүн алдынкы бөлүгү.

Метаболизм (грек тилинде "метаболе" – «өзгөрүү») – заттар жана энергиянын алмашуусунун процесстеринин жыйынтыгы жана жандуу организмдердеги алардын биохимиялык өзгөрүшү

Миопия - алыстагыны көрбөгөнү (миопия – грек тилинде "миопс" – «көз жүлжүйтүү»), көз чанагы сүйрү болот, ошондуктан нерседен чагылган кичирейген (жүлжүйгүн) көздүн тордомо челине жетпейт.

Наркомания (грек тилинде"наркозис" – «уйку, селдейип калуу», "мания"- «өтө берилгендик») – адамдарда амандык, кубанычтуулук, мастык, наркотик уйку деген жалган сезимдерди пайда кылган наркотик заттарга өтө берилгендиги. Алкоголь менен тамеки тартканы да наркоманияга кирет, ал өнөкөт болгон ооруларга чалдыктырат.

Нерв тканы нерв клеткалардан жана нейроглиядан турат. Нерв клеткалары нерв импульстарын пайда кылууга, дүүлүгүчтөрдү кабыл алганга, өткөргөнгө жөндөмдүү, нейроглия – таяныч, тамактануу, коргоо жана чек салуу функцияларды аткарат.

Нефрит (грек тилинде "нефрос"- «бөйрөк») – түрмөктүн аппаратынын бузулушу менен байланыштуу бөйрөктүн сезгенүү оорусу

Орган – ар түрдүү ткандардын системасы, ткандардын бири же бир нече ткандар басымдуулук кылып, анын түзүлүшүн жана функциясын аныктайт. Организмдин бир бөлъгъ болгон үчүн орган бир нече белгилер менен мүнөздүү: денедеги жайланышы, өзгөчө формалуу, башка органдар менен өз ара байланышы боюнча. Организмде ар бир органга өзгөчө функцияга ээ. Органдардын көпчүлүгү көп функцияларды аткарат. Организмде органдар биригип комплекстерди – системаларарды пайда кылыт.

Органдардын системасы – келип чыгышы жана түзүлүшү, окшош аткарган функциялары боюнча бирдей анатомия жагынан байланышкан органдардын тобу. Кээде органдардын системасын аппарат деп аташат. Аппарат – бул органдардын функциясы боюнча биригиши, органдар келип чыгышы боюнча жана түзүлүшү боюнча бирдей же айырмаланынышы мүмкүн. Мисалы, сөөктөр жана булчуңдар таяныч- кыймылдаткыч аппаратты пайда кылат.

Өпкөнүн жашоо тиричилигинин көлөмү – адамдын терең демалуусунан кийинки дем чыгаруунун көлөмү (орто эссеп менен 3500 см3 жакын). Тамеки чеккен адамдарда өпкөнүн көлөмү – 3000 см3, спортсмендерде – 5000 см3.

Өсүүнүн гормону – организмдин өсүү процессин ирээтке салган гипофиздин алдынкы бөлүк менен бөлүп чыгарылган гормону.

Плеврит (грек тилинде "плевра" – «каптал») – өпкөнү капталган жана көкүрөк көңдөйдүнүн ички үстүн жапкан плевранын сезгенүү процессинин натыйжасындагы оорусу

Пульс, тамыр (латын тилинде"пульсус"- «согуу») – жүрөктүн кыскарылышы менен мезгилдеш артериялардын мезгил-мезгили менен түрткүнүнө күч салуу. Тамырдын согушу бир минутада 70-75 жолу жүрөктүн кагышы менен бирдей. Тамырдын согушу артериялар дененин үстүнө жакын жайланышкан пульстук чекиттерде сезилет.

Резус-фактор – эритроциттеги тукум кууган фактор (антиген). Биринчи макака-резус деген маймылдардан табылган. Адамдардын 85%де канында резус фактор болот, алар ощ резусту, калган 15% - резусу терс (жок) болот.

Рентгенология (В. К. Рентген немец окуумуштуунун атынан) – органдардын түзүлүшүнүн жана функцияларынын рентген чагылуусу аркалуу аныктаган жана оорулардын диагностикасын изилдеген илим

Рецепторлор (латын тилинде "рецептор" –« кабыл алуучу») борбордук нерв системага өткөрүлгөн сырткы жана ички дүүлүйгүлөрдү кабыл алуучу структуралар. Көрүү рецепторлорга тордомо кабындагы таякчалар жана колбача, угуу рецепторлорга үлүлдүн кортнев органы, даам татуу рецепторлорга - тилдин даам таттыргыч бүдүрөлөрү кирет.

РОЭ – эритроциттердин тунуусунун реакциясы (СОЭ – эритроциттердин тунуусунун ылдамдыгы) – уюшунун сакталган кандын бөлүнүнүн ылдамдыгын аныктоо ыкмасы, жыйынтыгында эки катмарга бөлүнөт: астынкы – эритроциттерден, үстүнкү – тунук плазадан турат. Тездетилген эритроциттердин тунуусу (саатында 4-10 мм ашык) оорунун бардыгын далилдейт. Сколиоз (грек тилинде "сколиозис" – «кыйшаюу») – столдо, партада туура эмес отургандан пайда болгон кыр арканын кыйшайышы Таман жалпайып кетүүчү бут оорусу – тамандын формасынын өзгөрүү.

Тарсылдак - ортоңку жана ички кулактардын ортосундагы жайланышкан жаргагы.

Тарсылдак көңдөйү же ортоңку кулак – угуу сөөктөрү жайланышкан көңдөй, кулкун көңдөйү менен байланышат, кулактын ичиндеги тарсылдак менен обочолонгон.

Терморегуляция (грек тилинде "термо" – «жылуулук», латин тилинде "регуляре" «жөнгө салуу») адамдарда жана жылуу кандуу жаныбарларда дененин температурасын туруктуу кармалышынын физиологиялык процесстеринин жыйындысы. Зат жана энергия алмашуу процесстеринин натыйжасында организмде жылылуулук пайда болот. Жылуулуктун кайтаруу жылылуукту өткөрүү, жылылуукту нурдануу жана буулану жолдору менен тери аркылуу өтөт.

Ткань – клеткалардын жана анын туундуларынын байыртан бери келип чыгышынын тукум куучулугу (бирдейлиги) бирдиги, өзгөчө морфофизиологиялык жана биохимиялык касиеттерге ээ болгон клеткалардын системасы. Ткандар органдарды пайды кылган курулуш материал. Адамдын организминдеги төрт негизги ткандардын формаларын бөлүп чыгарса болот: эпителий тканы, тутамдаштырыч тканы, булчуң жана нерв ткандары.

Тонус - булчущдардын бир аз жыйрылышынын көпкө чейин сактап турган абалы

Тоолуу оору – бийик тоого чыкканда (атмосфералык басымдуулук төмөңдөйт) жогорку нерв системасынын иш аракетинин бузулушунун себебиндеги оору. Деңиз деңгээлинен 34 чакырым көтөрүлгөндө соо адамдарда сезилет. Тутамдаштырыч тканы түзүлүшү жана функциялары боюнча ар түрдүү болот. Клеткалар жана коллаген, чоюлчак булалар жана негизги заттардан турган клетканын аралык заттары аларга мүнөздүү. Ал тутамдаштырыч жана негизги (кемирчектүү жана сөөк) ткандарга бөлүнөт. Тутамдаштырыч ткань бир нече түрдөн турат: булалуу, майлуу, ретикулялык ж.б.

Үн аппараты - сүйлөө органдары (адамдын экинчи сигналдык система). Кекиртекте жайланышат.

Үн жылчыгы – тилдин артынды жайланышкан жылчык

Физиология (грек тилинде "физис" – «табият») – организмдин жана анын бөлүктөрдүн функциялары жөнүндөгү илим.

Физиотерапия – бул дарылаганга табигий табияттын факторлорун (күндүн нурулары, аба, суу, баткак) же жасалма фактолорду (электр тогу, УБТ токтор, УФ шоолага кармоо) пайдалануу.

Флюорография (француз тилинде "флю" – «туман», грек тилинде "графо" – кыйуу») – флюоресценцияланган экранында сүрөткө түшүрүү менен кичинекей өлчөмдүү пленкада рентген сүрөттөрүн пайда кылуу. Калктын массалуу текшерүүнүн ыкмалары, демалуу жана жүрөк системасынын ооруларын аныктаганга жардам берет.

Ыраакты көргүчтүк - жакындагыны көрө албай, ыраактагыны гана көрүү, көз чанагы куушурак болгондуктан,жарык нурлары тордомо челден өтүп, анын артына түшөт.

Экинчи сигналдык система – адамдын баш мээсинин кыртышына жасаган атайын аракети, сүйлөгөнү менен байланыштуу, предметтер менен сөздөрдүн ортосундагы жана сөз дүүлүгүчтөрдүн таасири аркалуу ар түрдүү аракетти пайда кылуунун байланышын түзөт.

Экинчилик жыныс белгилери – эркектин жана ургаачынын сырткы айырмалоочу белгилери, өзгөчө жыныстык бышып жетүүдө өтө өнүгөт.

Электрокардиограмма –жүрөктүн электр импульстарынын кубулуштарын кагазда же фотопленкада жазуунун ийри сызыгы

Энцефалит (грек тилинде "онцефалос"- «мээ») – канга энцефалиттик козгоочунун пайда болгонунан баш мээнин сезгенүүсү, адамды жайыттагы кене чакканда жугат.

Эпидемиология (грек тилинде "эпидемия" – «кулач оору») – жугуштуу оорулардын пайда болуусунун себептери менен таралышынын ченемдүүлүгүн изилдеген жана алар менен күрөштүн чараларын иштеп чыккан илим.

Эпителий тканы дененин сырткы үстүн жана коңдөй органдардын былжыр кабыкчаларды төшөп турат. Бул ткан коргоо функциянын аткарат, организм менен чөйрөнүн ортосунда зат алмашууну камсыз кылат. Эпителий ткандын клеткалары биригип бир же бир нече катмарды пайда кылат.

Эритроциттердин гемолизи – кабыкчалардын жарылгандыгынан эритроциттердин ичиндегинин кандын плазмасына өтүшү.

Полезные ссылки



Таанып билүү фактылары


Окумуштуулар чычкандын сөӊгөк клеткалардан иштеген жүрөгүн өстүрүштү

Америкалык окумуштуулар кемирчүүлөрдүн эмбрионунун клеткаларын пайдаланып жашоо тиричиликке жөндөмдүү жүрөктүн булчуӊ тканын өстүрүштү.

Биргелешип иштеген доктор Кеннет Шьен менен Гарварддын Массачусетс штатынын адистигилеринин тобу иштин деталдарын Science деген журналга жазып чыгарышты. Доктор Шьен чычкандын эмбрионунун генетикалык модицикацияланганга жетишти, ошондо жүрөктүн тканынын конкреттүү клеткалары кызыл же жашыл түстүү болуп көрүнгөн. Түйүлдүк жетилип, жетиштүү деӊгээлге жеткенден кийин окумуштуулар жүрөктүн карынчаларындагы мурда пайда болгон керектүү бөлүктөрүн ажыратышты.

Андан кийин Гарварддын окумуштуулары Кеннет Шьен алынган ткандарды пайда болгон макетине жайгаштыруу менен жүрөктүн булчуӊу толугу менен ишке жөндөмдүүлүгүн аныкташты – алар анын кагышын көрүп, пульсту ченешти.


Окумуштуулар гендин иштешин басып, жүрөктүн картайышын төмөндөтүштү.

Circulation: Journal of the American Heart Association журналында жарык көргөн макалада изилдөөчүлөр билдиргендей окумуштуулар бир гендин иштешин басуу менен организм картайганда пайда болгон чычкандын жүрөк ткандырындагы өзгөрүүлөрдүн алдын алышты жана алар бул методикасын адамдарга да колдонсо болот деп болжолдошту. «Бул изилдөө адамдардын жүрөгүнүн кагышынын азайышы же көбөйүшү болоор мүмкүнчүлүгүн көрсөттү» - деп Япониядагы Киото униерситеттиндеги авторлордун бири Тецуо Шиои айткан, бул жөнүндө кардиологдордун Америкалык ассоциациянын пресс- кызматы берген.

Жүрөктүн согушунун бузулушу табигий улгаюдан жана жүрөктүн булчуӊунун структурасынын өзгөрүшүнөн, ошондой эле жаштын жогорулашы менен жүрөктө зыяндуу заттардын таасиринин өсүшүнөн пайда болот.

Өзүлөрүнүн иштеринде окумуштуулар генетикалык модификациялык чычкандарга байкоо жүргүзүштү. Кемирүүчүлөрдө PI3K гендин бир формасынын иши басылган, ал клеткалардын жашоосунун узактыгын көзөмөлдөгөнгө жардам берген механизмдин ишине катышат. р110 белок мурунку изилдөөлөрдө дрозофиллаларда жана жумуру курттарда синтезделенет. Ал дагы жаныбарлардын жашоосунун узактыгын көбөйтөт жана жүрөктүн булчуӊдарынын ишке жөндөмдүүлүгүн басаӊдатат. Генетикалык модифицираланган чычкандар картайган жашка (чычкандын жашоосу боюнча) жеткенде окумуштуулар аларды контроль тобу менен салыштырды, жыйынтыгында модифицираланган жаныбарларда жүрөктүн булчуӊдарынын жакшыртылган функциясы, анын жогорку серпилмелттүүлүгү, картайюнун азыраак белгилерин жана генетикалык аппараты жаш осободорго ылайык пайда болду.

Окумуштуулар PI3K ишинин басаӊдаганынын жыйынтыгында жүрөктүн функцияларынын жакшыртуунун деталдуу молекулалык механизми билинбеген менен макаланын авторлору гендик модификациянын эффекти клеткадагы инсулин гормонунун иш аракетин иретке салуу менен байланыштуу - деп божомолдошту. РИА «Новости»

ДНКда адамдын төрөлгөн жери жөнүндөгү маалыматтар камтыган.

15.03.09

ДНК

Швейцариянын окумуштуулары Америкалык изилдөөчүлөрдүн тобу менен биргелешип жогорку тактыгы менен адамдын төрөлгөн жерин аныктоого жөндөмдүү ДНКнын анализинин инновациялык методун иштеп чыгышкан.

Лос – Анджелестеги Калифорния университетиндеги Джон Новембранын байкоосу боюнча эки этапта өткөн изилдөөлөр өткөрүлгөн. Башында 3 миӊден ашык европеецтердин генетикалык маалыматтары жыйналып жана талдоодон өткөн, андан кийин окумуштуулар «генетикалык» картасын кадимкидей географиялык карта менен салыштырышкан. Бул салыштыруу геномдордун 50% өзүнүн чыккан ордунан 310 километрге чейинки айырмада жайгашып, 90% - 700 км чегинде болгондугун көрсөттү. Окумуштуулардын божомолдошу боюнча «Европеецтердердин генетикалык дифференциациянын деӊгээли төмөн болгонуна карабастан, генетикалык айырмасы жана географиялык аралыгы менен тыгыз өз ара катнашы табылган. Европанын географиялык картасы европеецтердин генетикалык вариацияларын талдаган эки өлчөмдүү таблицаны пайда кылганда айкын чыккан».

Андан тышкары бул метод аркалуу адам төрөлгөн жерин жүздөген километр тактыгы менен аныктаса болоорун белигелешкен.

Анын ичиндеги байкоонун процессинде түштүк скандинавтарга, британецтерге жана ирландецтерге караганда европеецтерде генетикалык ар кандай түрдүүлүгү толугураак көрсөттүлг+н деп аныкташкан. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча бул факт 30 миӊ жыл мурда болгон миграциялардын толкундарын чагылдырат.

Кызыктыруучу ушундай ачылыштар жалаӊ тууганчылыктын изилдөөлөрүн жана миграциянын тарыхы менен байланышкан изилдөөнүн аспектеринен тышкары адамзаттын тукум кууган оорулардын таралышынын изилдөөсүнө жардам берет.

Адам жөнүндө эӊ кызыктуу фактылар

Кызыктуу фактылар

1. Бир күндө тамекинин пачкасын чеккен адам, бир жылдын ичинде чайырдын жарым чынысын барабарын ичет.

2. Жаныбарлардын дүйнөсүнүн бир гана өкүлү – адам ал гана түз сызыкты чийгенге жөндөмдүү.

3. Саргыл чачтууларда, кара чачтууларга караганда сакалы батыраак өсөт.

4. Адам күлгөндө ага 17 булчуңдары катышат.

5. Адамдын ДНКсы 80 000 жакын гендерди камтыйт.

6. Эркектердин бойю 130 см, аялдарда – 120 см ден төмөң болсо алар карлик (кодо) деп аталат.

7. Адамдын организмде лейкоциттер 2-4 күн, эритоциттер – 3-4 ай жашашат.

8. Адамдын жүрөгүнүн өлчөмү болжолу менен анын муштумуна барабар. Чоң адамдын жүрөгүнүн салмагы 220-260 гр. болот.

9. Адамдын мээси бир күндүн ичинде элект импульстарын бүт дүйнөнүн телефондорунун импульстарынын баардыгынан көбүрөөк иштеп чыгарат.

10. Күчтүү (көз уялткан) жарыктан адамдын көрбөй калгышы «кардык сокурдук» деп аталат.

11. Адамдын организмде жашаган бактериялардын жалпы салмагы 2 килограммды түзөт.

12. Адамдын баш мээсинде бир секундада 100 000 химиялык реакция өтөт.

13. Балдар томуксуз төрөлөт. Алар 2-6 жашында пайда болот.

14. Адамдын өпкөсүнүн үстүнүн аянты болжолдуу тенис корттун аянтына барабар болот.

15. Адамдын мээсинде төрөлгөндөн баштап клеткалардын 14 миллиарды болот, жана алардын саны өлүмүнө чейин көбөйбөйт. Тескеринче 25 жаштан баштап алар ар бир күндө 100 миӊге кыскарыдат. Барактарды окуганда 70 клеткага жакыны бир минутада өлөт. 40 жаштан баштап мээнин деградациясы кескин түрдө күчөйт, 50ден кийин нейрондор (нерв клеткалары) кургап калат жана мээнин көлөмү азаят.

Клеткалар

16. Психологияда деперсонализациялоо, убакыттын жана мейкендиктин, өзүнүн денесинин жана айлана үй жасалгасынын өздөштөрүүсүн жоготуу менен байланыштуу синдрому «Алиса кереметтердин өлкөсүндө» деп аталат.

17. Адамда тер бездерди болжолдоочу 2 миллиону болот. Орточо чоң адам теридин ар бир литри менен 540 калорий жоготот. Эркектер аялдарга караганда болжол менен 40% ке көбүрөөк тердейт.

18. Адамдын оң өпкөсү сол өпкөсүнө караганда абаны көбүрөөк батырат.

19. Чоң адам бир күндүн ичинде болжол менен 23 000 дем алат (же дем чыгарат).

20. Аялдын организми өз өмүрүндө жумуртка клеткалардын 7 миллионун пайда кылат.

21. Адамдын көзү 10 000 000 түстүн кошумча сапатын аныкташына жөндөмдүү.

22. Адамдын оозунда 40 000 бактерия болот.

23. Көзүңөр ачык болгондо чүчкүрө албайсыңар.

24. Адамдын омурткасында 33 же 34 омурткасы болот.

Адамдын омурткасында 33 же 34 омурткасы болот

25. Эркектин организмдеги эң майда клеткалары – сперманын клеткалары

26. Эркектер аялдарга караганда 10 эсе көбүрөөк дальтонизм менен оорушат.

27. Адамдын организмдеги эң күчтүү булчуң – тил.

28. Адамдын организмде 2000ге жакын даам татыган рецепторлор болот.

29. Бала төрөлгөндө денесинде 300 төй сөөк болот, чоң адамдарда алар болгону 206сы эле калат.

30. Бир жылдагы адамдын жүрөгүнүн кагышы - 36 800 000ке барабар.

Бир жылдагы адамдын жүрөгүнүн кагышы - 36 800 000ке барабар


1. Курагыменентамандарчоӊойот бул чынбы?

Жылдарөткөн сайын байламалар жана тарамыштар начарлайт. Ошондуктан таман жалпаят, жана тамандардын ич жагы өсүүлөрү узунураак жана кеӊирээк болот. Артыкча бул семирип кеткен жана канттуу диабет менен ооруган адамдарда болот, андан тышкары кимдин кызыл ашыгы шишип тургандардыкы. 70-80 жашка ычыккандардын буттарынын өлчөмдөрү бир размерге чоӊойот.


2. Эмне үчүн аялдар эркектерге караганда көбүрөк үшүшөт?

Аялдардын теринин астында май катмары калыӊыраак, бирок ал дененин ортосунда жайланышат, ички органдарды жылытат. Ошондуктан кол – буттар сууктан корголбогон. Эгерде колдор жана буттар сууктанса, анда организмге толук сууктануу болушу мүмкүн. Андан тышкары аялдарда суукту сезүү деӊгээли төмөн болот. Бирдей температурада кан тамырлыр аялдын манжасынды эркектерге караганда көбүрөөк кичирейтилет, ошондуктан алардын колдору үшүйт.


3. Эмне үчүн толуп калган ичигилерден эмес, толуп калган табарсыктан ойгоносуӊ?

Ичегилерде нейрондон тамак сиӊирүүнүн таштадыларын түртүп чыгарган жоон ичегилердин кыскарылышын иретке салат. Нейрондордун иш аракетти эртеӊ менен бизди ойготкон жана кечинде уйкуну пайда кылган организмдин ички сааты менен - циркадалуу ритмдери менен башкарылат. Так циркадалуу ритмдер үчүн түн ичинде ичегилерди бошотуунун керектөөсү пайда болбойт. Табарсык заранын белгилүү санын батырышы мүмкүн, ал бөйрөктөр менен дайыма иштелип чыгарылат. Кадыресе 6-8 саат уктаганда, табарсыкты бошотконго зарылчылык келбейт. Бирок кээ бир ооруларда (мисалы канттуу диабетте) же кечинде суюктукту көп ичкенде табарсыкты бошотууга ойгоносуӊар.


4. Эмнеүчүн америкалык горкаларда ашказан тамака чейин жетүүдөй сезилет?

Анткени ошондобиздинички органдарчындыгындакыймылдайт. Курчоочуларбиздижыгылгандансактайт, бирок ашказанжанаичегилер, курсак көӊдөйүндө начарбекитилген,алар жогорусекирген дейболуп турат. Ошондо аларбузулбайт. Нервдинаяктарыкыймылды аныкташат, негизиндесизгеашказандынтамаккажеткениндейсезилет.


5. Эмнеүчүн ыктытууда дем алууну кармоо керек?

Эгердедемалбаса организмде көмүр кычкыл газы чогулат, ал диафрагманы спазмага алып келет, натыйжасында ыктытуу болот. Качан диафрагма эрксиз кыскарылса, анда ылдам дем алуу болот. Бирок ага тил артында жайланышкан кемирчек тоскоолдук кылат – көмөкөй жапкычы. Ал ошондо дыныктытуунуна мүнөздүүүӊүн чыгарат.


6. Эмне үчүн чуркаганда каптал оорусу сезилет?

Чуркаганда диафрагма чоюлат жана пульсацияланат, ошондуктан оӊ жактагы кабырганын астында кескин саючудай сыздоо сезилет. Анын оорушун жеӊилдеткенге ылдамдыкты төмөндөтүү жана тереӊ дем албоо керек.

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз