БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Физика

Достор физикасыз дүйнөнү түшүндүрүү эч мүмкүн эмес.

Физика – бул жаратылыш же табият жөнүндөгү илим жана ал адамдардын көптөгөн суроолорун канаттандыруу зарылчылыгынан пайда болгон. Андан ары өнүгүү үчүн жана азыркы жашоодо майнаптуу аракет жасоо үчүн ар бир адам физикалык закондорду билүүсү кажет.

Биздин физика боюнча предметтик баракчабыз өзүбүз күн сайын кездештирген нерселердин мисалында мыйзамдарды сунуштайт. Кар жаайт, такалар тыкылдайт, лампочкалар күйөт- бул өңдүү бардык механикалык, жылуулук, үн, жарык жана электр кубулуштарын физика окутат.

Физиканы билүү эң жөнөкөй күнүмдүк иштерибизге жардам берет. Мискейдеги суу эмнеге капкагы менен батыраак кайнайт? Балмуздак күндүн ысыгында да жылуулап жаап койсо эмнеге эрибейт? Ушул жана башка күнүмдүк суроолорду ким физика менен жакшы тааныш болсо оңой эле чечип алат. Жаратылыштагы эч бир кубулуш процесс физикасыз болбойт. Физика бардыгын баяндайт. Мынакей - кызыктуу жана көп түрдүү- ФИЗИКА илими!


“Физика жана аны окутуу ыкмалары” бөлүмү“. Айланабызды карап көрсөк, Физикалык кубулуштар бизди балалык чактан бери курчаары түшүнүктүү болот, биз дүйнө жөнүндөгү көптөгөн физикалык билимдерди кадимки күнүмдүк жашоодогу тажрыйбалардан алабыз. Бирок миң уккандан бир көргөн! Бул бөлүмдөн силер илимий теорияларды өнүктүрүү жана жаңы техникалык жасалгаларды жаратуу үчүн эксперименттердин маанилүү экендигине ынанасыңар.

“Материя жана анын түзүлүшү. Материянын негизги формалары”. Бизди курчаган нерселер эмнеден турат? Эмнеге температураны өзгөртүүдө заттар ар кандай агрегаттык абалга өтөт? Эмнеге бир нерсе бышык, чың, а башкасы андай эмес болот? Бул суроолорго жоопторду ушул бөлүмдөн табасыңар. Күнүмдүк жашообуздагы силер кездештирген көптөгөн кубулуштар, диффузия жана анын ылдамдыгы, нымдоо жана капилярлар сыяктуу нерселерди силер түшүндүрө аласыңар, изилдөөдө каралып жаткан көрүнүштөрдүн касиеттери, жаратылыштагы жана техникадагы кубулуштар менен таанышасыңар.

“Кыймыл”. Физиканы кызыксыз жана турмушка байланышы жок илим катары элестетүүнү жокко чыгаргысы келгендер, жана ал реалдуу кубулуштарды жасаарын түшүнүү үчүн бул бөлүм кызыктуу. Физикалык процесстерди түшүнүү кыймылдын принциптерин окуп үйрөнүүдө биринчи кадам болуп саналат. Барыбыз чогуу талдап көрөлү, эмне үчүн кыймыл ар кандай траекторияда болуп өтөт, жаратылышта кандай күчтөр бар, кандай кубулуштар өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында пайда болот. Бул жерде кыймылдын: механикалык, жылуулук, заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылы, кванттык бөлүкчөлөрдүн кыймылы сыяктуу эң чоң чөйрөсү бар.

“Энергия”. Электр чайнегин күйгүзүп, ысык кофенин чөйчөгүнө колубузду жылытып жана дагы ондогон күнүмдүк жумуштарды аткарып, биз бул кандайча болуп жатат деп кээде гана ойлонобуз. Бул бөлүмдө силер энергиянын: механикалык, жылуулук, электрлик, жарык, кванттык сыяктуу ар кандай түрлөрүн таанып билесиңер.

Физика дүйнөсүнө кош келгиле! Биздин дүйнө силерге жакын жана түшүнүктүү болсун!




Type of wave kyrg.jpg


Main formulas kyrg.jpg
Main formulas kyrg.jpg
Физиканын өнүгүү тарыхынан

Физиканын илим катары пайда болуусу жана өнүгүүсү. Физика – бирден-бир байыркы жаратылыш жөнүндөгү илим. Алгачкы физиктер болуп, курчап турган жаратылыш кубулуштары жөнүндө түшүнүктөрдү бергенге аракеттерди жасашкан гректин ойчулдары болушкан. “Фюзис” сөзүн киргизген жана анын мааниси грекчеден которгондо “жаратылыш” дегенди билдирген байыркы гректин улуу ойчулу Аристотель (б.з.ч. 384-322-жж.) болгон.

Аристотель.jpg
Аристотель.jpg

Бирок силер ойлобогула, Аристотельдин “Физикасы” азыркы мезгилдин физика боюнча окуу китебине окшош экен деп. Жок! Андан силер бир дагы тажрыйбанын же прибордун түшүндүрмөсүн, бир дагы сүрөт же чиймени, эч кандай бир да формуланы жолуктура албайсыңар. Анда – буюмдар жөнүндө, убакыт жөнүндө, деги эле кыймыл жөнүндө философиялык ой толгоолорду кездештиресиңер. Антикалык мезгилдеги окумуштуу-ойчулдардын баарынын эмгектери ушундай мүнөздө болгон. Римдик акын Лукреций (болж. б.з.ч. 99-85-жж.) өзүнүн “Нерселердин жаратылышы жөнүндө” философиялык поэмасында күндүн нурларындагы чаңчалардын кыймылы жөнүндө түшүндүрүп жазган. Байыркы грек философу болгон Фалестен (б.з.ч. 624-547-жж.) биздин замандагы электр жана магнетизм жөнүндө билимдер алынган, Демокрит (б.з.ч. 460-370-жж.) нерселер майда бөлүкчөлөр болгон – атомдордон турат деген так сунуштамасын берген нерселердин курулушу жөнүндө окуунун негиз салуучусу, Евклидге (б.з.ч. III к.) оптика областындагы маанилүү изилдөөлөр тиешелүү алгачкылардан болуп геометриялык оптиканын негизги закондорун (жарыктын түз сызыктуу таралышы жана чагылуу закону) негиздеген жана ал тегиз жана сфералык күзгүнүн аракетин түшүндүрүп жазган.

Белгилүү окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын арасынан биринчи орунда Архимед (б.з.ч. 287-212-жж.) турат. Анын “тегиздиктин тең салмактуулугу жөнүндө”, “Калкыган нерселер жөнүндө”, “Рычаг жөнүндө” эмгектеринде физика, механика, гидростатистика сыяктуу бөлүмдөрдү өнүкүрүүдөн баштагат. Жаркыраган инженердик таланттуу Архимед механикалык түзүлүштөрдүн иштелип чыгышына өз салымын кошкон.

Архимед.jpg
Архимед.jpg

XVI кылымдан баштап физикада эксперименттерди жана тажрыйбаларды колдоно башташкан - физиканын сапаттуу өнүгүшүнүнүн жаңы этабы башталган. Алгачкы тажрыйбалардын бири болуп Галилейдин – Пизан мунарасындагы ядрону жана окту ыргытканын айтсак болот. Бул тажрыйба физиканын эксперименталдык илим катары “туулган күнү” деген позицияда белгилүү болгон.

Галилей.jpg
Галилей.jpg

Физиканын илим катары калыптанышына Исаак Ньютондун илимий эмгектери күчтүү түрткү берген. Ал өзүнүн “Натуралдык философиянын математикалык башаты” (1684-ж.) эмгегинде физикалык кубулуштарды түшүндүрүүдө жана жазуу үчүн математикалык аппаратты иштеп чыккан. Ал тарабынан түзүлгөн закон классикалык механика (Ньютондук) деген ат менен курулган.

Ньютон.jpg
Ньютон.jpg

Жаратылышты окуп-үйрөндүүдөгү тез прогресс, жаңы кубулуштардын жана жаратылыш закондорунун ачылышы коомдун өнүгүшүнө чоң түрткү берген. XVIII кылымдын аягынан баштап Физиканын өнүгүшү техниканын тез өнүгүүсүнө алып келди. Бул мезгилде буу машиналары пайда болуу менен өнүгүүсү жакшыртыла баштаган. Аны өндүрүштө да транспортто да кеңири колдонулушу менен ошол мезгилди “буунун жаш курагы” деп аташкан. Бир эле учурда жылуулук процесси терең окуп-үйрөнгөндүктөн физикада – термодинамика деп аталган жаңы бөлүм бөлүнүп чыккан. Жылуулук кубулуштарын изилдөөгө зор салым кошкондор болуп С. Карно, Р. Клаузиуса, Д. Джоуль, Д. Менделеев, Д. Кельвинге жана башкаларга таандык.