БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География

География барактарынан

Жер - Күн системасындагы жашоого мүмкүн болгон жалгыз планета. Космостон укмуштуудай кооз көрүнөт. Адамдар анын табышмактарын ачуу үчүн көп нерселерди жасады. Физика, астрономия, биология, химия сыяктуу илимдер биздин көз карашыбызда дүйнөнүн табигый илимий сүрөтүн калыптандырат.


Ал эми географиячы? ... Географиясыз дүйнө сүрөтү толук болмок эмес. География гана жашоонун мейкиндиктик ар түрдүүлүгү жана адамдын ишмердүүлүгү, анын географиялык чөйрөдөгү ролу жѳнүндѳ түшүнүк берет. Жер толугу менен картага түшүрүлүп баяндалганына карабастан, анда дагы эле сырлар бар!


Биздин предметтик бет силерге биз менен бирге дүйнө жүзү боюнча саякатка чыгууну, биздин планета убакытта жана мейкиндикте кантип жана эмне үчүн ѳзгѳрүлѳт, жаратылышта бардыгы бири - бири менен ѳз ара байланышта жана бири - биринен көз каранды экендигин билүүнү, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүүнү сунуштайт.


Географиялык кубулуш

Биринчи бөлүмдө силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын жаратылыштык комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар, ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык көндүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видео, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет.

Тоо кантип пайда болот жана Жердин рельефи кантип калыптанат? Эмне үчүн жер титирөөлѳр болуп жана жанар тоолор атырылат? Дүйнөлүк суу айлануу кантип жүрөт? Океан суусу кандай касиетке ээ? Суунун энергиясын кантип пайдаланса болот? Океанда кимдер жашайт? Климат жана аба-ырайы деген эмне? Аба- ырайын алдын ала кантип аныктайт? Жер шарында канча адам отурукташкан? Ушул суроолордун бардыгы биринчи бөлүмдө каралган.

Материктер жана океандарга арналган экинчи бөлүмгѳ саякаттоо менен алар качан жана ким тарабынан ачылганын, алардын ар биринин ѳзгѳчѳлүгү кандай экендигин билесиңер: кандай элдер жашашат, кайсы мамлекеттер жайгашкан жана алардын коомдук - саясий айырмачылыктары кандай?

Адамдын жаратылышка кийлигишүүсүнүн жагымсыз натыйжаларын кантип алдын алабыз жана жогото алабыз?

Бул башкы суроолор, алардын жообун силер менен бирге издейбиз.

Kartinka3.jpg

Үчүнчү бөлүм биздин мекенибиз - Кыргыз Республикасынын жаратылышынын ар түрдүүлүгүнѳ жана байлыгына, калктын чарба жашоосуна жана тиричилигинин ѳзгѳчѳлүгүнѳ арналган.

Кыргызстандын физикалык жана экономикалык географиясы боюнча картосхемалар, сүрөттөр, таблицалар, видеофильмдер биздин республиканын жаратылышынын ѳзгѳчѳлүктѳрү, баа жеткис кен байлыктары, өнөр - жайы, айыл - чарбасы жана транспортунун ѳнүгүүсү жана ѳзгѳрүшү, географиялык чөйрөнү түзгѳн адамдардын эмгектери жѳнүндѳ айтып беришет.

Жаратылыш ресурстары кантип пайдаланылат, ички жана сырткы экономикалык байланыштар кантип ишке ашырылат? Республикада райондор боюнча кандай айырмачылыктар бар? Республиканын экономикасы кандай багытта өнүгүп жатат? Жаратылыштык жана чарбалык кандай көйгөйлөр бар? Кыргызстан деген аталыштагы планетанын уникалдуу жана кайталангыс бурчун кантип сактоо керек? Биздин үчүнчү бөлүк ушулар тууралуу. Биздин үчүнчү бөлүк ушулар тууралуу.

Анда! ГЕОГРАФИЯнын укмуштуу жана ѳзүнѳ тарткан дүйнөсүнѳ кош келиңиздер!

БУЛ ЭМНЕ ЖАНА КАЙДА ЖАЙГАШКАН
Таумата-факатангиханга-коауау-о-таматеа-турипука-капикимаунга-хорону-купокаифенуаки-танатаху

Жок, бул мааниси жок тамгалар эмес! Кана бул сөздөрдү айтып көргүлөчү, сөздөрдү айтуу канчалык оор, ага караганда жаңылмачтарды жеңилирээк айтасыңар. Же болбосо,Тауматафакатангихангакоауауотаматеа турипукакапикимаунгахоронукупокаинуфену акитанатаху (маори Taumatawhakatangihangakoauauotamateaturipu kakapikimaungahoronukupokaiwhenua kitanatahu кыскача – Тауматафакатангихангакоауауотаматеапокаину фенуакитанатаху) — бул болгону Жаңы Зеландияда жайгашкан, 305 метр бийиктиктеги дөбө. Баарлашууга ыңгайлуу үчүн жергиликтүү маори калкы тарабынан бул аталыш Таумата деп дайыма кыскартылып айтылат. Holmt.jpg Ушул сөздүн жакындатылган котормосу мындай угулат: «Чоң тизеси бар, тоого тырмышып чыгып, аларды жуткан, жерди жегич катары белгилүү Таматеа деген эркек дөбөнүн чокусунда өзүнүн сүйгөнү үчүн флейтада ойногон». Бул дөбөнүн 105 сөздөн турган аты дагы бар.

Мындай узун аталышты жергиликтүү маори уруулары пайдаланышканын жергиликтүү элдер белгилешет. Бул кайрылууга карабастан, Жаңы Зеландиялык географиялык коому дѳбѳнүн болгону 57 тамгадан турган аталышынын кыска вариантына токтолушту.