БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Химия

Химия дүйнөсүндө силерди эмнелер күтүп турат?

Биз жашаган планета өзүнүн кооздугу, сырдуулугу, өзгөчөлүгү менен башкалардан айрымаланып турат. Ал эми анын кооздугун жана сырдуу жактарын көрө билүү үчүн белгилүү бир илимди өздөштүрүү керек. Мына ошондой илимдердин бири-химия илими болуп саналат. Ал бизди курчап турган заттар жана алардын айлануулары жөнүндө окутат. Химиялык айлануулар жансыз жаратылышта гана эмес, адамдын организминде да тынбай жүрүп турат.

Демек, «Химия» предметинин баракчаларынан жаратылыштагы, күндөлүк турмуштагы ал тургай космос мейкиндигиндеги заттар жөнүндө да маалымат ала аласыңар!

Эми бөлүмдөргө кайрылалы!

Биринчи бөлүмдө химия эмнелерди окута тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар берилген. Анда таза заттар жана аралашмалар, аларды бөлүүнүн жолдору тууралуу да жазылган. Силер химиялык элементтер жөнүндө, алардын жөнөкөй жана татаал заттарды түзөөрүн да билсеңер болот.

Д.И.Менделеевдин урматына аталган мезгилдик мыйзам жөнүндөгү маалыматтар экинчи бөлүмдү түзөт. Бул бөлүмдөн силер химиялык элементтердин түстүү таблицасы менен иштегенди үйрөнөсүңөр .

Атомдун, молекуланын жана заттардын түзүлүшү жана элементтердин системада эмне себептен белгилүү бир тартипте жайгаша тургандыгы үчүнчү бөлүмдө айтылат.

Төртүнчү бөлүм химиянын сандык катышынын негизги мыйзамдары менен тааныштырат. Мында силер тигил же бул химиялык реакциялар үчүн канчалык өлчөмдөгү заттардын керектелээрин аныктай аласыңар.

Бешинчи бөлүм химиялык реакцияларга жана алардын түрлөрүнө арналган.

Алтынчы бөлүмдөн эмне себептен кээ бир заттардын өз ара аракеттенишээрин, ал эми башкаларынын химиялык реакцияга кирбей тургандыгын түшүнө аласыңар. Заттардын түзүлүшүн билүү менен химиялык реакциядан кийин алардын касиеттеринин өзгөргөндүгү менен таанышасыңар бөлүмүнөн.

Жетинчи бөлүмдө органикалык эмес заттардын классификациясы жөнүндө маалымат аласыңар. Кандай заттар жөнөкөй жана татаал заттар болуп саналат? Эмне үчүн кислоталар жана негиздер бир топко киришет? Туздардын кандай түрлөрү бар? ж.б. ушул сыяктуу суроолорго жооп таба аласыңар.

Сегизинчи бөлүмдө «Эмне үчүн суу суюк абалында болот?», «Эритмелерде заттар кандайча өзгөрөт?», «Эмне үчүн буюмдарды сода менен жууйбуз?», «Уксус кислотасы эмне үчүн кычкыл?», «Кулпунайдын жана анардын тагын кантип кетирсек болот?» ж.б. дагы ушул сыяктуу суроолорго жооп ала аласыңар.

Тогузунчу бөлүмдөн жер шарында болуп жаткан ар түрдүү кубулуштар жөнүндө билесиңер. Мисалы, окистенүү-калыбына келүү реакциялары. Бул маалыматтарды өздөштүрүү менен биздин айланабызда болуп жаткан көптөгөн өзгөрүүлөрдү түшүнө аласыңар.

Ал эми «Металлдардын химиясы» деп аталган онунчу бөлүмдөн жана 11-бөлүмдөн «Металл эместердин химиясын» окуу менен окумуштуулардын кызыктуу ачылыштары жана изилдөөлөрү менен таанышсаңар болот.

Он экинчи бөлүмдө органикалык бирикмелерге кыскача токтолуп кетебиз. Силер өзүңөр үчүн органикалык химиянын кайталангыс жана табышмактуу дүйнөсүн ача аласыңар.

Анда эмесе, алга кеттик! Каалаган бөлүмүӈөрдү ачкыла, анда силерди ЗАТТАР дүйнөсүндөгү кызыктуу маалыматтар күтүп турат.

Белгилүү химиктер

ХХимия ɵз алдынча илим катары XVI—XVII кылымдарда таанылгандан кийин бир катар илимий ачылыштар ɵзгɵрүүлɵргɵ, ɵнɵр жайлардын ɵнүгүшүнɵ жана буржуазиялык коомдун пайда болушуна алып келген. Бирок, химияда физикадан айрымаланып, сандык эсептɵɵлɵр аз болгондуктан, «химия илими сандык эсептɵɵ илимиби же таануунун башка түрүбү», деген талаштар болуп турган.

Химия ɵз алдынча илим катары Роберт Бойль тарабынан негизделген


1661-жылы Роберт Бойль «Химик-скептик» деген эмгегин жазган, анда ал ар түрдүү заттардын касиеттеринин ар кандай болушу, алардын ар башка бɵлүкчɵлɵрдɵн (корпускулалардан) тургандыгына байланыштуу деп түшүндүргɵн. Ван Гельмонт күйүү процессин изилдеп, «газ» деген түшүнүктү киргизүү менен кɵмүр кычкыл газын ачкан. 1672-жылы Бойль металлдарды ысытканда, алардын массасынын чоңойгондугун байкаган жана аны ал «жалындын чоң бɵлүкчɵлɵрү» каптады деп түшүндүргɵн.