БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Математика

Математика кимге керек жана аны эмнеге окуш керек?!

Математика гректин “матема” сөзүнөн которгондо илим дегенди билдирет. Анын пайда болушу тээ байыртан башталат. Эсеп, соода, жер ченөө иштери, астрономия, курулуш-булардын бардыгы математиканын ошол кездеги колдонуучулары. Ал эми азыр математикасыз бир дагы илим, адамдын ишмердик бир дагы чөйрөсү жыла албайт. Биздин “Математика” сабагынын баракчасы чоңдорго жана балдарга, мектеп окуучуларына жана мугалимдерге, ошондой эле, чоңдуктар дүйнөсүнө, сандык катыштарга жана тегиздиктеги формаларга кызыккандардын баарына арналган.

Бул жерден Силер математиканын укмуштуудай кызыктуу дүйнөсүнө сүңгүп өзүңөргө керектүүнүн баарын таба аласыңар.


Devochka see.png
№2 boy.png

- сүрөттөр менен коштолгон маалыматтык материал мектеп программасынын негизги түшүнүктөрүнүн бардыгын түшүндүрүп берет;

- маселенин ар кандай тематикасы жана деңгээли толук чыгарылышы менен берилет, ал эми геометрия боюнча маселелер чийиндери менен камсыздалган;

- теорияларды математикалык лайфхактар толуктайт, тарыхый фактылар, кызыктуу пикирлер, интерактивдүү оюндар, тесттер жана кроссворддор бар;

- электрондук сөздүк биздин баракчада кездешкен түшүнүксүз сөздөрдү түшүндүрүп берет;

- башка сайттарга шилтемелер мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн кызыктуу жана пайдалуу.

Пайдалуу маалыматтардын бардыгы 4 бөлүктө чогултулган


Буларды көңүлсүз жана кызыксыз дегенге шашпагыла. Андан ары таанышабыз!

«Сандар жана туюнтмалар» бөлүгү Сандардын дүйнөсүнө биз күнүнө бир нече жолу кирип чыгабыз: соода кылганда, досторубузга жана жакындарыбызга телефон чалганда, ойногондо. ...Ошого улай колуңарды алдыга сунгула, манжаларыңарды карагыла- Силер математика дүйнөсүндөсүңөр!

Бул бөлүм жөнөкөй сандардын түрлөрү жана алардын сыйкырдуу кубулуштары тууралуу баяндап берет. Силер негизги арифметикалык амалдарды жана сандардын касиеттерин пайдалануу менен эмнени алууга болоорун билесиңер.

«Алгебралык туюнтмалар» бөлүгү Математикада туюнтма деген эмне? Туюнтмаларды өзгөртүүнүн кереги барбы? Суроолор, чыны менен кызыктуу... Чындыгында бул түшүнүктөр-бүткүл математиканын негизин түзөт. Математика бүт бойдон туюнтмалардан жана алардын өзгөрүшүнөн турат. Анчалык түшүнбөй жатасыңарбы?

Силердин астыңарда өтө сүрдүү мисал турат дейли - ал абдан чоң жана аябай татаал. Силер эч нерседен тайманбаган жана математикадан абдан күчтүү болсоңор дагы, дароо эле жообун бере албайсыңар! Силер бул мисалды чыгарышыңар керек болот. Кезек менен, кадам артынан кадам жасап, бул мисалды жөнөкөйлөтүп аласыңар. Албетте, аныкталган эрежелер аркылуу. Туюнтмаларды өзгөртөсүңөр. Силер бул сыноодон канчалык ийгиликтүү өтөсүңөр жана математикада канчалык күчтүүсүңөр. Эгерде туура өзгөртүү эрежесин билбесеңер, математикада эч- нерсе кыла албайсыңар... А биздин максатыбыз - буга үйрөтүү!

«Мейкиндик жана форма» бөлүгү Бул бөлүмдөн Силер кээ бир аналитикалык (алгебралык) ыкмалар менен таанышасыңар, алар геометриялык маселелерди жетишээрлик жөнөкөй формада чыгарууга мүмкүндүк берет.

«Статистикага киришүү жана Ыктымалдуулук теориясы» бөлүгү Силерге комбинаторика негиздерине ээ болууга жардам берет. Комбинаториканын негиздери кумар оюндарда пайда болгонун силер билесиңерби? Мисалы, “Покер” оюнунда оюнчунун утушу жыштыктан бул же тигил комбинациянын пайда болушуна көз каранды. Карта оюндарынын комбинациясына арналган материал, комбинаторика-шайкештиктеги эң маанилүү темалардын бирин жеткиликтүү түшүнүүгө жакшы негиз катары кызмат кылат. Ушул тема менен байланышкан заманбап маселелерди жайгаштырууну да унутпагыла.


Биздин математикалык баракчабыздан Силер өзүңөргө керектүү жана пайдалуу маалыматты таба аласыңар деп ишенебиз. Силердин МАТЕМАТИКАГА саякатыңарга ийгилик каалайбыз!


Волошинов о математике.jpg
Математикага «Ооба!» дегин

Математиканын маңызы формулаларда эмес, кандай формула алынаарынын жардамы менен ой-жүгүртүү процесси.

                         В.П. Ермаков

Кызыксыз сабактын артында балким бүт дүйнөнү– жана да убакытты башкара ала тургандай күч жатышы ыктымал. Мына булар математиканы сүйө турган бир нече себептер..

Логиканы, тунук акылды жана сынчыл ойлонууну өнүктүрөт.

Интуицияны өнүктүрүү менен, математикалык ой жүгүртүү көйгөйдүн туура чечилишин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Акылды тартипке салат, идеяны туура натыйжага жетикирүүгө алып келет.

Креативдүүлүктү өнүктүрөт, жашоонун жана кесиптин каалагандай тармагында стандарттык эмес чыгарылыштардын зарылдыгы.

Чынчылдыкка тарбиялайт, анткени ырастоонун жана чечимдин чындык экендиги далилденүү керек.

Жалпы көрүнүштү көргөн сыяктуу тетиктерин дагы көрө билүүнү үйрөнүү.

Таразалап чечим кабыл улууну үйрөнүү.

Алдыга жеңиштерге жетишүү үчүн өзүнүн кетирген катасын моюнга ала билүүнүү.

Китептеги маселенин чыгарылышы бар сыяктуу эле эч качан жеңилбей ар кандай кырдаалдардан чыга билүүнү үйрөнүү.

Math-tools kg.jpg

P.S.: биздин кеңештер

Төмөндө келтирилип сунушталган кеяңештерди сунуштайбыз. Арийне, көңүлүңөрдү математиканы өздөштүрүү ийгилигин толугу менен өзүңөрдөн көз каранды экендигин эсиңерге салабыз. А илимди милдет катары кабыл алып эмес а жөн гана башкатырма оюнунун этаптары басып өтүп жаткан катары, маселени чыгарууда кошумча чыгарылыш жолун табууга карата далалаттаышыңар керек. Ошондо силер көптөгоң маселе жана мисалдарды чыгаруу, фигураларды жана графиктерди тургузуу керек экендигин аңдап, ошондой эле ар түрдүү геометриялык дадилдөөлөр – бул практикада колдосо боло турган кызыктуу процесс экенин түшүнөсүңөр. Эми биздин аракеттерибиздин планын курабыз.

Math -5 original.jpg

Эсептөөлөрдү жана эрежелерди жазуу үчүн таза дептер даярдагыла. Маселелерди барактардын айрындыларында чыгарганды биз сунуштабайбыз, мейли баардык келтирилген аракеттер доскада катасы менен болсо дагы көз алдыда болсун. Карандаш, циркуль, сызгыч алганды унутпагыла.

Калькулятордун көз карандылыгына таптакыр камалбагыла. Баарын кагаз бетиндеби көңүлдө оозеки болобу калькуляторсуз чыгарганга аракеттенгиле.

Маселени чыгаруу менен силер эмне жөнүндө сүйлөп атканыңарды элестеткиле. Шартын жана суроосун белгилегиле. Шартын кыска толтуруп же чиймесин чийгиле. Маселенин суроосуна дароо жооп берүүгө болоорун ойлонуп көргүлө. Эгер жок болсо, анда эмне үчүн.

Math -2 kg.jpg

Чыгарылышынын планын түзгүлө жана мүмкүн болушунча рационалдуу жолун тапканды унутпагыла. Чыгарылышын аткаргыла. Чыгарылышын текшергиле жана маселенин жообун жазгыла.

Эгерде бир нерсени далилдөө керек болуп калса, анда математикалык символикалардын жардамы менен зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү, тыянак сөздөрүн кошумчалоо аркылуу логикалык тартипте жазууга аракет жасалыгла.

Жана да эсиңерде болсун, математика жаттаганды «сүйбөйт», ал түшүнгөндү «сүйөт».