БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Дүйнөлүк адабият

Сизди чыгармачылык дүйнөсүндө эмне күтүп турат?

Романды компьютердин экранынан окуганга караганда жылуу-жумшак орундукка отуруп алып, китепти колго кармап окуган жагымдуу экени шексиз.Ошентсе да белгилүү бир символду басып адабий саякатка чыгуу, видео же мультфильм көрүү, адабиятка үндөш музыкалык чыгарма тыңшоо, же экранга түшүндүрүүчү тексттерди «чакыруу», башкача айтканда маалыматтар аркылуу керектүү маалыматка өз жолуңу салуу кызыктуу эмеспи. Барактарды улам «барактап» эч нерсени бошко кетирбейсиз: чыгармаларга тартылган иллюстрациялар, каармандардын үндөрү, ырларды көркөм окуу, пайдалуу кеңештер жана көнүлдүү, карикатуралар…

Дүйнөлүк адабият жана китеп окуунун сырлары тууралуу өзүңүздүн түшүнүгүңүздү кеңейткиңиз келеби? Биздин бөлүмдөрдү барактап, ырахаттануу менен окуңуз!


Адабий саякат

C59B9269-90BD-4703-8FAB-465E1C56F35D school12.gif
Дүйнө картасы боюнча адабий саякатка жол тартып, эң белгилүү акын-жазуучулар жашаган өлкөлөрдө болуп, доорлордун руху сакталган бактарды, сейилбактарды аралап, башка кылымга, башка атмосферага кабылып, автордукуна конок болуп, анын үй бүлөлүк альбомунан сейрек сүрөттөрүн көргүңүз келеби? Мындан тышкары: дүйнөдөгү эң кооз жана өзгөчө китепканаларды көрүүнү каалайсызбы? А балким, китеп окуган адамдардын жашоосуна назар салгыңыз келип жүрбөсүн? Анда бул бөлүм сиз үчүн. Биз менен саякатка чыгыңыз! Өзүнүздүн багытыңызды тандаңыз!


Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп

Book-reading-18.jpg

Адабий каармандардын санынын көптүгүнөн кайсы китеп сүйүүчү болбосун чаташат.. Персонаж деген ким? Адабий каарман менен аны жакындаштырган эмне? Ал эми «түбөлүк образ» – бул да каарманбы же андай эмеспи? Белгилүү чыгармалардын каармандары кино тасмада кандай чагылдырылган, алар сиздин элестетүүңүзгө туура келеби? Дүйнөнүн ар кайсы шаарларындагы ойдон чыгарылган каррмандардын музейи тууралуу уктуң беле?

Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп, өзүңүзгө сырларды ачып, ар түрдүү адабий багыттардагы каармандарды айырмалаганды үйрөнүү менен персонаждар, аларды кантип сүрөттөө, салыштырууга боло тургандыгын билесиздер. Мындан тышкары, Черногориянын принцессасын эмне үчүн Алтынай деп аташкандыгын биле аласыз? – мына ушулардын бардыгы тууралуу аталган бөлүмдөн таанышууга болот.

Жазуу өнөрүнүн сырлары

Osnps.jpg

Көркөм адабият деген эмне? Качан жана кантип жаралган, анын негизги өзгөчөлүктөрү кандай? Эмне себептен адабият искусство, ал эми жазуучулар өзгөчө адамдар деп эсептелинет  ? Анын адамга тийгизген сыйкырдуу күчү жана түбөлүктүүлүгүнүн сыры эмнеде ? Бул бөлүм сизди көркөм сөздүн жашыруун сырларына аралашууга, ар кандай авторлордун жазуучулук чеберчиликтерин ачууга мүмкүндүк берет.

Мен – окурман

179824 original.jpg

Көркөм адабиятты окуунун эмне зарылчылыгы бар? Бул суроого ар ким ар кандай жооп берет. Окумуштуулар биздин келечегибиз китеп окууга байланыштуу деп эсептешет. Кантип? Чыгармаларда бейтааныш, түшүнүксүз нерселер көп орун алган эмеспи? Эмне себептен улуу немец жазуучусу Иоганн Вольфганг Гете 80 жашка чыгып да, чындап китеп окууну үйрөнө албагандыгы тууралуу айткан? Аталган бөлүм мына ушул жана башка суроолорго жооп табууга жардам берет.

Мен – жазуучу

2035e63b4230166cad3cf47b19165a62-nMJNBkPQ-ipad.jpg

«Өтө зарыл! Дилбаян жазууга жардам бериңиздер!» – ушул өңдүү өтүнүчтөрдү интернет айдыңынан көп кезиктирүүгө болот. Моюнга алалы, ушундай «драманы» көпчүлүгүбүз башыбыздан өткөрдүк беле?

Бул бөлүм чыгармачылык иштерди аткаруу үчүн ар түрдүү куралдарды сунуштайт жана зарыл ресурстарды тандап алып, ар кандай тексттерди жазып, башка чыгармачылык иштерди аткарып, ишибизди жөнгө салууга жардам берет.



Алга! Калаган бөлүмдү ачыңыз – сизде эң жакшы баалаган ойлор терең сезимдер, жаркын пикирлер жана сөздүн балуулугу күтөт!

Китеп окуунун пайдасы жөнүндө

Биз бала чактан тартып китеп окуунун пайдасы тууралуу көп эле угуп жүрөбүз. Илимий маалыматтарга караганда көркөм адабият элестетүүнү өнүктүрөт. Китептин мындан башка дагы кандай пайдасы бар? Китеп окуу элестетүүнү эле өнүктүрбөстөн, аны курчутуп, биздин сүйлөө кебибизди байытып, адамдардын бири бирин жакшы түшүнүшүүсүнө, сезе билишине, кошо кайгыра билүү жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртат. Канадалык психолог жана жазуучу Кит Отли (Keith Oatley) көркөм адабиятты социалдык дүйнөнүн кубулууу ыкмасы, бизди элестетүүгө алып өтүүчү өзгөчөлүү «матрицасы» деп атайт. Ойдон чыгарылган ушул дүйнөдө болуу менен биз башка адамдарды реалдуу жашоодо да жакшы түшүнө билүү сабактарын алабыз.

Chitatel.jpg

Кита Отлинин жетекчилиги менен эксперимент жүргүзүлүп, катышуучулар көздөрүнөн эмоцияларын таануу боюнча белгилүү тесттен өтүшкөн. Үзгүлтүксүз китеп окуган катышуучулар аталган тесттен жакшы натыйжаларды көрсөтүшкөн. Ошол эле учурда техникалык жана башка көркөм адабияттан тышкары тексттерди окуу мындай натыйжа берген эмес.

Китептердин тарыхынан