БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Өсүмдүктөр дүйнөсү

Өсүмдүктөр дүйнөсү - биосферанын негизги жана курамдык бөлүгү

өсүмдүк
өсүмдүк

Биосфера – жандуу организмдердин тиричилигинин азыркы жана буга чейинки тиричилигин камтыган Жердин кабыгы. Өсүмдүктөрдүн фотосинтез кубулушунда алардын органдарында көптөгөн органикалык заттардын топтолушу менен абанын кычкылтек (абаны, сууну, топуракты) менен камсыз кылып, бардык жандуулардын жашоосуна шарт түзүп турушат. Өсүмдүктөр дүйнөсү өзүнө 500 мин түрүн камтып, алар эки топко - төмөнкү жана жогорку болуп бөлүнүшөт. Төмөнкү түзүлүштөгү өсүмдүктөр 2 млрд. жылдар мурун пайда болушуп, аларга балырлардын түрлөрү кирет.

өсүмдүктөр дүйнөсү
өсүмдүктөр дүйнөсү

Өсүмдүктөр - продуценттер. Алар фотосинтез процесссинде көмуү кычкыл газынын жана күн энергиясынын жардамы менен органикалык заттарды пайда кылышат. Бардык жандуу организмдер бири- бири менен тыгыз байланышта болуп, азыктануу чынжырдын үч - төрт звенолору түзүлөт жана алардын биринчиси- продуцент организмдер. Алар органикалык эмес заттардан органикалык заттарды пайда кылууга жөндөмдүү. Буларга өсүмдүктөр кирип, фотосинтез процессинин натыйжасында азыктарды пайда кылышат. Кийинкиси - консументтер, булар гетеротрофтуу органимздер, алар даяр азыктарды пайдаанышат. Буларга чөп жечүү жана жырткыч жаныбарлар кирет. Андан кийинки звено- продуценттер. Бул звеного органикалык заттарды чиритүүчүлөр (микроорганизмдер) кирет.


Ал эми Кыргызстан, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат

флора
Kyrgyzstan rasteniya.jpeg

Бардык өсүмдүктөрдүн жыйындысы - флора деп аталат. Ал эми кайсы бир территорияны ээлеген өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүнүн жыйындысы- өсүмдүктөр биргелештиги деп аталат.

Кыргызстанда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн 3,5 миң түрү кездешет. Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүнүн себеби - анын географиялык абалына жана жаратылыш климатынын зоналарына байланыштуу.


  • Кыргызстандын токойлору.

    Кыргызстандын токойлору
    Токойлор — жаратылыштын негизги байлыгынын бири. Алар Кыргызстандын 705 миң гектар аянтын ээлеп турат. Республиканын түштүгүндөгү баалуу токойлорунун бири болуп уникалдуу эндемикалык жаңгак - мөмө токою саналат.

  • Арча - керемет дарак.

    Арча-касиеттүү дарак
    Арча — 2 миң жылга чейин жашаган көп жылдык керемет дарак өсүмдүгү. Булардын кайсы бир түрлөрү 3 миң жылга чейин жашашат, алардын ичинен Тянь-Шань тоолорунда кездешкен кай бир түрлөрү 10 метр диаметрге жетет. Карагай токойлор Кыргызстандын 40% аянтын ээлеп, дүйнөдө карагай токой аянты боюнча биричи орунда турат. Эң бийик карагай 16 метрге жетип, алар башка ийне жалбырактуу түрлөр менен бирге өсүшөт.

  • Жоогазын - Тянь-Шандын сыймыгы.

    Жоогазын-Тянь-Шандын сыймыгы
    Жоогазындар — Тянь-Шанядын сыймыгы. Булардын бүткүл дүйнө боюнча 80 түрү белгилүү, алардын арасынан70 түрү Борбордук Азияда кездешет. Ал эми 22 түрү биздин мамлекетте өсүп, 8 түрү сейрек кездешкендерге кирет, аларга Грейга жоогазыны, гүлү өтө ири жана жалбырагында темгилдер болот. .

  • Тянь-Шань карагайы.

    Тянь-Шань карагайы
    Тянь-Шань карагайы – 1400 дон 2800 метр бийиктиктерде кездешет. Ири карагайлардын бийиктиги 50 метр, ал эми алардын диаметри 2 метрге чейин жетет. Мындай карагайлардын формасы ичке пирамдиа сымал. Бул дарактардын уникалдуулугу - жалындаган сандарды жараткан бир электромагниттик талааны, чыгарганында.Чагылган чагылаардын алдында же бийик карагайлуу тоолордо көгүш жалындар гигант шамды элестетип турат.

  • Мамыры гүл- бийик тоо өсүмдүгү.

    Мамыры гүл – бийик тоонун өсүмдүгү
    Мамыры гүл (эдельвейс) – бийик тоо өсүмдүгү, 2000 метр бийиктикте өсөт. Бул өсүмдүктүн гүлүнүн түсү күмүш сыяктуу болгондуктан, мүмкүн аларды альпинистердин жана бийик тоонун символу катарында тандалган чыгар. Эдельвейстер Кыргызстанда кеңири таралып, Ленин чокусунун айланасында көптөгөн эдельвейстар гүлдөшөт, ал эми алардын эң ирилери Соң – Көл районундагы Жети –Өгүздө кездешт.



Кыргызстан - өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүнө өтө бай. Ошондой болсо да ошол ар түрдүү өсүмдүктөрдүн арасында тоо сулуусу- Айгүл гүлү өзгөчөлөнүп турат.


  • Жаратылышты сактоо.


    Эгерде мен гүл үзсөм,
    Эгерде сен гүл үзсөң,
    Эгерде мен жана сен баарыбыз тең гүл үзсөк
    Анда жок нерсеге кабылабыз.
    Дарактар да, бадалдар да.
    Анда жакшылык да жок болот,
    Сулуулук да жок болот,
    Эгерде бир гана сен да мен да,
    Эгерде барыбыз да гүлдөрдү үзгөн болсок …
    (Тим Собакин)


    Биз токойду кайсы гана мезгил болбосун жакшы көрсөк,
    Биз баарыбыз суунун жай аккан үнүн уксак …
    Мунун баары - жаратылыш деп аталат,
    Анда эмесе, келгилечи, аны жаныбыздай коргойлучу!
  • айгүл гүлү


Мындан ары Силер гүлдүү өсүмдүктөр жана алардын негизги топтору жөнүндө көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар менен таанышасыңар.


Ботаника

Өсүмдүктөр дүйнөсүн окутуучу илим ботаника деп аталат. Адам баласынын күнүмдүк турмуш иш - аракетинде ботаника боюнча билими пайда болуп, ал акырындап топтоло берген. Адамдын өсүмдүктөр дүйнөсүн таануусунун алгачкы этабы – алардын тамырын, мөмөсүн, уруктарын жыйноодон башталган. Өсүмдүктөрдү айырмалоо, кайсы жерде жээлүүчү, кайсылары жегенге болой турганы, уулуу же дарылары, байырлоочу жана өсүүчү чөйрөлөрүн аныктоо, жыйнап алуу мөөнөтүн, сактоо жана даярдоо өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле өсүмдүктөр кандай азыктанышат, алардын өсүшүн камсыз кылуучу керектүү заттардын жана кандай топурак керектелээри боюнча адам баласы күнүмдүк турмушта муктаж болгон.


Өсүмдүктөрдүн эволюциясы

өсүмдүктөр дүйнөсүнүн  өрчүү этаптары

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн эволюциясы мындан 3 500 млн. жылдар мурун архей доорунда башталган. Бул мезгилде Жер жүзүндө көк - жашыл балырлардын гана пайда болгону белгиленген. Бул балырлар цианобактериялар тобуна кирип, алардын клеткаларында калыптанган ядро болгон эмес. Ошондуктан, аларды прокариотторго (ядролууларга чейинкилерге) киргизишкен. Көк- жашыл балырлардын арасында фотосинтезди ишке ашыруучу бир жана көп клеткалуу организмдер болгон. Фотосинтез процесси биздин планетанын атмосферасына аэробдуулардын тиричилигине керектүү кычкылтек келе баштаган.

Этапы развития растительного мира

Кийинчиреек протерозой доорунда (2600 млн. жалдар мурун) Жерди кызыл жана жашыл балырлар ээлей баштаган. Ал эми палеозойдун (силур мезгили) аягында эң алгачкы жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр – риниофиттер же псилофиттер тиричилик кыла баштаган. Бул өсүмдүктөрдүн өркүндөрү гана болуп, тамыры жана жалбырактары жок болгон. Риниофиттер споралары менен көбөйүшкөн. Алардын кайсы бирлери сууда жана кургактыкта байырлашкан.

Кийинки палеозой доорунун перм мезгилинде Жер жүзүндө алгачкы жылаңач уруктуулар пайда болгон.

Ал эми кайнозой доорунда, болжол менен 70 млн. жылдар мурун, биздин планетада жогорку споралуулардын регрессине байланыштуу, алардын ордуна жылаңач жана жабык уруктуулар үстөмдүк кыла баштаган.

Бүгүн Жер жүзүндө 350 өсүмдүктөрдүн түрү өсүп, алардын арасында гүлдүүлөр, мох сымалдар, папоротниктер жана балырлар кездешет.


Өсүмдүктөрдүн классификациясы

өсүмдүктөр  дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү
өсүмдүктөр  дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү

Өсүмдүктөрдүн дүйнөсүнүн заманбап систематикасы үч топко: анык балырлар, багрянкалар (кызыл балырлар) жана жогорку өсүмдүктөр (түйүлдүктүүлөр) болуп бөлүнөт. Бул үч дүйнөчөлөрдүн Жер жүзүндө 350 мин түрү кездешет. Алар , өтө майда өлчөмдөн ири өлчөмгө чейин айырмаланган өсүмдүктөр. Бардык өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өкүлдөрү бири- биринен: жашоо тиричилигинин формалары (чөптөр, дарактар, бадалдар), жашоо мөөнөтү (көп жылдык, бир жылдык, эки жылдык) , көбөйүү типтери жана айлана- чөйрөнүн шарттарына ынгайлануусу менен айырмаланып тиричилик өткөрүшөт.


Пластидалар

пластидалар

Пластидалар автотрофтуу өсүмдүктөрдүн клеткасынын негизги цитоплазмалык органелласы болуп эсептелет. Пластидалар грекче. «plastos» - «эскирип калган»дегенди түшүндүрөт.

Пластиддердин негизги кызматы – органикалык заттарды синтездөө, өздөрүнө тиешелүү ДНК, РНК жана белок синтезинин структурсынан турат. Пластидаларда пигменттер бар, алар түсүн аныктап турат. Пластидалардын классификациясы алардын түстөрүнө жана аткарган кызматтарына жараша үч типке: хлоропластар, лейкопластар, хромопластар болуп бөлүнүшөт. Ал эми балырлардын пластиддери хроматофорлор деп аталат.


Жылаңач жана жабык уруктууларды салыштыруу

  • жылаңач жана жабык уруктуулардын
  • Жабык уруктуулар Жер жүзүндө тиричиликтин өрчүү процессинде жылаңач уруктуулардан кийин, башкача айтканда жылаңач уруктуулардан пайда болушкан. Жабык уруктуулардын түзүлүшү бир кыйла жогору. Бул өзгөчөлүгү жылаңач уруктууларга караганда Жерде кеңири таралганга мүмкүнчүлүк гана бербестен, түрүнүн саны боюнча да бир кыйла алдыда турат. Эгерде жылаңач уруктуулардын 1 миңге жакын түрү болсо, жабык уруктуулардын 300 миңге жакын түрү бар.

    Жабык уруктуулардын жылаңач уруктуулардан алдыга озуп чыгышынын негизги айырмачылыгы. Жабык уруктуулар жана жылаңач уруктуулар дагы уруктуу өсүмдүктөр, споралуулар эмес жана экоо тен уруктары менен кобойушот. Жабык уруктуулар алдыга чыгышынын дагы бир кадамы болуп алардын чаңдашуусунда. Алар шамал менен гана чаңдашпастан, курт- кумурскалар, жарганаттар, колибри канаттуулары аркылуу дагы ча4дашат. Курт - кумурскалар аркылуу ча4дашкан өсүмдүктөрдүн чаңдашууга көп мүмкүнчүлүгү бар. Алар коп чаңчаны талап кылбайт.


Өсүмдүк клеткасы

  • өсүмдүктөр  дүйнөсүнүн ачылуу тарыхы
  • клетканы изилдөө методдору

Өсүмдүк клеткасы

Жабык уруктуулар жана жылаңач уруктуулар дагы уруктуу өсүмдүктөр, споралуулар эмес жана экоо тен уруктары менен кобойушот.абык уруктуулар алдыга чыгышынын дагы бир кадамы болуп алардын чаңдашуусунда. Алар шамал менен гана чаңдашпастан, курт- кумурскалар, жарганаттар, колибри канаттуулары аркылуу дагы ча4дашат. Курт - кумурскалар аркылуу ча4дашкан өсүмдүктөрдүн чаңдашууга көп мүмкүнчүлүгү бар. Алар коп чаңчаны талап кылбайт.

Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү жана тиричилиги. Бардык жандуу организмдер клеткадан турат. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткасынын химиялык курамы боюнча жалпы бирдейлиги бар. Өсүмдүктөрүн клеткасындагы химиялык элементтер жансыз жаратылышта да кездешет. Бул элементтер клетка ичиндеги химиялык реакцияларга катышат. Химиялык элементтер, бири- бири менен кошулуп, органикалык эмес жана органикалык заттарды пайда кылышат. Ал эми, бизге белгилуу болгондой органикалык заттар жандуу организмдердин, ошондой эле өсүмдүктөрдүн дагы негизги структуралык компонети болуп эсептелет.


  • клетканын химиялык  курамы
    • Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү
    • Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү
    • Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү

    клетканын тиричилик  цикли
  • Деление клеток. Митоз
  • Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү жана тиричилиги. Бардык жандуу организмдер клеткадан турат. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткасынын химиялык курамы боюнча жалпы бирдейлиги бар. Өсүмдүктөрүн клеткасындагы химиялык элементтер жансыз жаратылышта да кездешет. Бул элементтер клетка ичиндеги химиялык реакцияларга катышат. Химиялык элементтер, бири- бири менен кошулуп, органикалык эмес жана органикалык заттарды пайда кылышат. Ал эми, бизге белгилуу болгондой органикалык заттар жандуу организмдердин, ошондой эле өсүмдүктөрдүн дагы негизги структуралык компонети болуп эсептелет.

Клетканын бөлүнүшү. Митоз

Процесс фотосинтеза

Бөлүнүү - өтө татаал процесс. Мында негизги кызматты ядро аткарат. Бөлүнүү алдында ядродо хромосом байкала баштайт. Ар бир хромосом тең эки бөлүккө бөлүнөт. Бул эки бөлүк эне клеткасынын карама – каршысына ажырап, кыз клеткалардын пайда болушуна катышат. Ошентип, клеткада эки кыз клеткалар пайда болот. Андан соң, жаңы ядродогу ар бир хромосома жетишсиз бөлүктөрүн толуктайт. Энелик клеткада канча хромосома болгон болсо, жаңы пайда болгон ядродо ошончо хросомдун саны болот. Натыйжада цитоплазманын бөлүгү (перегородка) пайда болуп, клетка экиге бөлүнүп, ар бир клетканын өзүнүн ядросу болот. Өсүмдүктөрдө цитоплазмсынын бөлүгө эки целлюлоза кабыгынан туруп, аларды клетка аралык заттар бириктирип турат. Ошол цитоплазма бөлүгүндө майда тешикчелер калып, алар аркылуу кошуна клеткалар менен байланыш жүрүп турат. Ошентип, бардык тирүү клеткалар бири - бири менен байланышып тиричилик кылышат.

Өсүмдүктүн азыктанышы

Фотосинтез – бул процесстин жүрүшүндө өсүмдүк суу менен көмүр кычкыл газынан азык алуу үчүн күн энергиясын пайдаланат. Мындай өсүмдүктөрдү автотрофтор деп аташат. Ал эми кайсы бир өсүмдүктөрдө (росянка, венера чымынчы, непентестер, ж.б.). Алар жандуу организм менен азыктанып, фотосинтез кубулушу жүрбөйт. Фотосинтез жана газ алмашуу эртең менен, күндүз, кечинде жана түндө тынмсыз жүрүп турат. Ал эми түнкүсүн жайлайт.


Глоссарий

Биосфера - (грекч. βιος — тиричилик жана σφαῖρα — шар,) — жандуу организмдер таралган Жердин кабыгы.
Флора - (ботаникада, лат. flora) —кайсы бир аймактарда таралган өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жыйындысы.
Эволюция - (лат. evolutio — «жайып жазуу») —жандуу жаратылыштын орчушунун табигый процесси.
Пластидалар - (грекч. πλαστός «келбет») —автотрофтуу организмдердин клетасындагы органикалык заттардын ажыроосун ишке ашырган, боёлгон же түссүз органоиддер.
Кош уруктануу – гүлдүү өсүмдүктөргө гана тиешелүү касиет. Кош уруктанууда бир спермия жумуртка клеткасы менен кошулат, ал эми экинчиси түйүлдүк баштыкчасындагы борбордук клетка менен кошулат. Уруктанган клеткадан түйүлдүк өрчүйт. Бул 1898 –жылы орус окумуштуусу С.Г. Навшин тарабынан ачылган.
Аэробдор – Анаэробдор жана аэробдор – жер бетинде организмдердин пайда болуусунун эки формасы. )
Анаэробдор – эркин кычкылтеги жок чөйрөдө тиричилик кылышкан микроорганизмдер. Мындай организмдер адамдын бардык ткандарынын өнөкөт сезгенүүсүндө табылган.
Жогорку өсүмдүктөр же жер бетиндеги өсүмдүктөр - төмөнкү өсүмдүктөрдөн (балырлар) айырмаланып, ткандардын типери бар жашыл өсүмдүктөр.
Төмөнкү өсүмдүктөр – ткандардын типтерине ээ эмес топтогу жандуу микроорганизмдер. XX кылымдын экинчи жарымына чейин ботаникада пайдаланып келген бактериялар, балырлар, эңилчектер жана козу карындар кирет.
Жылаңач уруктуулар – 370 млн.жыл мурун пайда болгон алгачкы уруктуу өсүмдүктөрдүн тобу. Жылаңач уруктуулар биринчи жолу орус ботаниги А. Н. Бекетов тарабынан аныкталган.
Жабык уруктуулар (гүлдүүлөр) – гүлдөрү бар жогорку өсүмдүктөр бөлүмү. .

Полезные ссылки

1) Растительный мир информационный портал о Кыргызстане https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/nature/10-rastitelnyy-mir.html (дата обращения: 29.03.2018)
2) Киргизия Киргизия Википедия https://ru.wikipedia.org/wiki/ (дата обращения: 29.03.2018)
3) Лекарство растений Кыргызстана https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/nature/vegetable-world/350-lekarstvennye-rasteniya-kyrgyzstana.html (дата обращения: 29.03.2018)
4) Библиоткеа «Флора и и Фауна» https://ashipunov.info/shipunov/school/sch-ru.htm (дата обращения: 29.03.2018)
5) Полезные ссылки Березинский заповедник https://www.berezinsky.by/ru/about/links/ (дата обращения: 29.03.2018)
6) Фотографии из дендрария ботанического сада в Бишкека https://ru.sputnik.kg/.../tropicheskie-magnolii-i-neizvestnyj-topol-krasoty-bishkeka.html (дата обращения: 29.03.2018)
7) Коллекция растений. Природная Флора https://www.gbsad.ru/koll/flora.php (дата обращения: 29.03.2018)
8) Флора. Растения. Деревья. https://www.zooeco.com/0-plant/0-plant.html (дата обращения: 29.03.2018)
9) Живая плнет: Растительный мир : Значение растений https://www.lifeplanet.org/botany/botanics.html (дата обращения: 29.03.2018)
10) Викторина «Растительный и животный мир земного шара https://www.maam.ru/.../viktorina-rastitelnyi-i-zhivotnyi-mir-zemnogo-shara-83746.html (дата обращения: 29.03.2018)
11) Категория база ответов https://baza-otvetov.ru/categories (дата обращения: 29.03.2018)]

Библиография

  • Кызыктуу библиография 2002, №5\Илим жана жашо https://www.nkj.ru/archive/articles/4241/(дата обращения: 05.04.2018)
  • Ботаника -Википедияhttps://ru.wikipedia.org/wiki/Ботаника(дата обращения: 05.04.2018)
  • Ботаника -Википедияhttps://ru.wikipedia.org/wiki/Ботаника Китеп «Өсүмдүктөрдүн тиричилиги. Энциклопедия 6 томдуу (комплект из 7 … https://www.ozon.ru › ... › Табият таану илим › Биологиялык илим › Ботаника (дата обращения: 05.04.2018)
  • Книга «Өсүмдүктөрдүн сырдуу жашоосу» www.rulit.me/books/tajnaya-zhizn-rastenij-download-free-195242.html(дата обращения: 05.04.2018)
  • Кызыктуу биология. Биологиялык табышмактар, оюндар, викториналар … zanimatika.narod.ru/Book6.htm(дата обращения: 05.04.2018)
  • Балдар жана студенттер үчүн тамаша Тест … zanimatika.narod.ru/Narabotki2.htm(дата обращения: 05.04.2018)
  • Балдар үчүн тамаша . Өсүмдүктөр дүйнөсүндө ped-kopilka.ru/vneklasnaja.../viktoriny/viktoriny-dlja-shkolnikov-v-mire-rastenii.htm...(дата обращения: 05.04.2018)


Таанып билүү
фактылары
токой

Дүйнөнун токойлорунун 22% Россияда жана алардын төрттөн бири дарактар. Россия федерациясынын токойлорунун жалпы аянттын болжол менен 12 миң квадрат км. (2001- жылдын маалыматы) жана ал Россиянын территориясынын болжол менен 70% ээлеп турат.

Жалпысынан биздин планетада болжол менен 300 миң өсүмдүктөрдүн түрү бар, алардын арасынан 250 миңге жакыны окумуштуулар тарабынан изилденген. Ал эми 50 миң түрүнүн бизге зыяны барбы же тескерисинче алар пайда алып келээри дагы да болсо белгисиз.


орхидея

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн арасынан эң жашы болуп орхидеялар тукуму саналат. Бул тукум биздин планетада болжол менен 30 миллион мурун пайда болгон. Орхидеялар калыптанып калган айлана – чөйрөгө, ыңгайлануунун ар кандай өзгөчө жолдорун: ачык түстөрдү, курт- кумрскаларга карата даамдарды– «иштеп» чыгышкан.


Помпея аралы

Микронезия Штатындагы Помпеинин жалпы аянты 40 кв.км. ээлеп, анда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө ар түрдүү болушу менен мүнөздөлөт. Мында дүйнө жүзүндө кездешпеген өсүмдүктөрдүн 800 жакын түрү бар.


томаттар

Биз сатып алып жүргөн томаттардын мөмөсүнүн зыяндуу же пайдалуу экендигин кантип билсек болот? Мисалы, дарынын өлчөмүн көп алган томаттын мөмөсүндө мүнөздүү белгиси – «мурутчалар» болот.


эремурустар

Эң ири гүл – эремурус, анын бийиктиги 2,5 метр, алар орто Азиянын Алатоосунун эңкеиштеринде өсүшөт. Бул гүлдөрдүн кооз түстөрүнө жараша аларды илгери заманда элдик аты - «падышанын балдагы» деп атап коюшкан. Алардан бир убактарда жогорку сапаттуу клей, ал эми жаш жалбырактарын тамак катары пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө алар капуста менен барабар.


лимон

Кайсы бирөөлөр лимондун кычкыл болушунун себебин, аларда канттын жетишсиздиги деп эсептешет, бирок бул андай эмес.

Бир килограмм кулпунай менен лимондогу шекер (кант) салыштырганда лимондо шекердин көп экендигин окумуштуулар эсептеп чыгышкан. Бирок, кулпунайда С витамин көбүрөк, ал эми лимондо, айрыкча анын кабыгында аскорбин кислотасынан башка дагы пайдалуу заттар көп. Ошондой эле лимон микробдорго жана вирустарга каршы табигый антисептиктерге бай. Ошондуктан, элдик медицинада лимонду - бал, дан куурай (малина) менен бирге сасык тумоодо, суук тийгенде кеңири колдонулуп келет.


ак кайындын суусундугун ушинтип алат

Кайың ширеси – көгөргөн, сезгенуу, көпкө чейин жараланган дене ооруларын даарылоодо узак мезгилдер бою элдик даарылодо колдонуп келет. Кайың ширесинин курамында 1,5 % ке чейин мөмө шекер бар. Андан тышкары адамга пайдалуу - алма кычкылдыгы, белоктуу заттар, С витамини, натрий, кальций, темир, жез туздары бар.


индия лотосу

Узак убакыт бою, Индиялык лотостун үрөнүн эски уруктар жана алар алгылыктуу бойдон калган деген ой болгон. Бул уруктарды 2000 жыл жаткандан кийин шарт түзгөндө, алар өнүп чыккан.

Бирок, 1954- жылы тундук- батыш Канададагы Юкон Миллер Крик тонгон дарыясындагы археологиялык казуулардан Арктика Люпен уруктары табылган. Окумуштуулар аларга 10 000 жыл болгон деп аныкташкан. Бул үрөн, дагы 12 жыл жаткан. Качан гана канада ботаниги аларга керектүү шарттарды түзүп бергенден кийин алар өнүп чыгышкан.

Айгүл гүлү жөнүндө легенда.

Байыркы бир убакта Айгүл аттуу сулуу кызы бар бир бай адам жашаган. Анын сүйгөну Коз Улан, элдин биринчи эр жүрөк адамы катары белгилүү болчу. Жаштардын бири-бирине болгон мамилеси айылдыктардын урматына татыган. Кызына бакыт каалаган Айгүлдүн атасы жаштарга батасын берди.

Жаштар эми үйлөнөөрдө, элге кырсык келди. Душмандар бейпил жаткан элге кол салды, алардын арасында Козу Улан да болгон. Жакын арада душмандар толугу менен талкаланды, бирок Козу Улан көз жумду. Жигиттер Айгүлдүн каалосу менен Козу Уландын жүрөгүн алып келишти. Айгүл сүйүктүүсунун жүрөгүн алып, бийик аскалуу тоодон өзүнүн денесин таштады. Бир нече күн өткөндөн кийин, Айгүл денесин таштаган жерден укмуштуудай кооз гүл которулуп чыкты. Эл, бул гүлдү Айгүл гүл деп аташты. Ал эми Айгүл өзүн таштаган асканы Айгүлташ деп аташты. Ошол Айгүлташтын жанында дагы бир бийиктик бар болгон, бул жерди элде Козуулан деп аташкан. Белгилей кетчү нерсе, Айгүл гүлдүн ичинде ар дайым шүүдүрүмдүн тамчыларын көрсө болот., бул тамчыны жергиликтүү элдер «Айгүлдүн көз жашы» деп аташат. Бул абдан кооз жана кайгылуу уламыш көптөгөн жылдар бою ооздон оозго, балким, атүгүл жүздөгөн жылдар, кылымдар бою эл арасында жашап келгендир.

айгүл гүл
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз