БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Жаныбарлар дүйнөсү

Омурткасыз жаныбарлар

Омурткасыз жаныбарлардын классификациясы

Омурткасыздар



Башталгыч

  • Жөнөкөйлөрдүн денеси бир клеткадан туруп, алар бүтүндөй организмдин кызматын аткарат. Жөнөкөйлөр цитоплазма жана бир же бир нече ядорлорго ээ. Жөнөкөйлөрдүн көп клеткалуулар сыяктуу эле рибосомасы, Гольджи комплекси, митохондрия ж.б. органеллалары бар. Ошону менен бирге жөнөкөйлөрдө кыймыл аракет, азыктануу, коргонуу, бөлүп чыгаруу ж.б. жөнгө салуучу органеллалары бар.

Кыймыл аракет кылуучу органеллалары туруксуз, убактылуу болушу мүмкүн. (псевдоподия) же (шапалактуулар, кирпикчелер).

Жөнөкөйлөрдүн ассимиляциясы – гетеротрофтук, автотрофтук же миксотрофтук типте. Гетеротрофтук организмдердин азыгынын эриши азык сиңирүү вакуолдо өтөт. Автотрофтук организмдерде хроматофору, анда хлорофилл бар. Бул формалар аркылуу жарыктын натыйжасында фотосинтез ишке ашат. Кай бир жандыктарда мындай форманын (афтотрофтук. гетеротрофтук) экөөсү тең бар. Мисалы, аларга миксотрофтор кирет. Жөнөкөйлөрдүн арасында митечилик б.а. үт денесинин бети менен тиричилик кылгандары да бар.

Ал эми бөлүп чыгаруусун жана өзүн- өзү жөнгө салуусун жыйрылуучу вакуолдору ишке ашырат. Жөнөкөйлөрдө көбөйүүнүн эки формасы бар: жыныссыз жана жыныстуу. Жөнөкөйлөр тибиндеги жаныбарлардын класстарына: сакродалуулар, шапалактуулар, инфузориялар (же кирпиктүүлөр) жана споровиктер кирет. Жогорудагы класстар -түзүлүшүнө жана кыймыл аракеттерине жараша классификацияланган.

Саркодалуулар классы


Саркодалуулар классынын өзгөчө мүнөздөмөлөрү:
  • бир ядрого ээ;
  • денесинин формасы туруксуз;
  • тыгыз кабыгы жок;
  • кыймыл аракет органелласы – жалган буттары;
  • азыктануу тиби- гетеротрофтуу;
  • азыктануу ыкмасы- фагоцитоздук жана пиноцитоздук;
  • көбөйүүсү жыныссыз – клеткасы экиге бөлүнүү менен.
  • амебанын түзүлүшү

    амебанын бөлүнүшү

    Амебадан тышкары, тамыр буттууларга раковиналуу амебалар да кирет, аларды аты айтып тургандай денеси коргоочу раковина менен капталган. Раковинасы бир камера, тешикчеден жалган буттары чыгып кайра кирип турат. Мындай раковиналуу амебаларга мисалга, арцелла жана диффлюгиялар кирет. Бул микроорганизмдер тузсуз сууларда кездешет.
  • цитоз  кубулушу

    жөнөкөйлөрдү салыштыруу

Шапалактуулар классы

Жашыл эвглена


Колониалуу шапалактуулар

Колониялуу шапалактуу (вольвокс, пандорина, эвдорина ж.б.) жандыктар бир клеткалуулардан көп клеткалууларга өтүүдө өтмө формадагылар болуп эсептелинет.

Вколониялуу шапалактуулардын  түрлөрү


Вольвокстун түзүлүшү
Вольвокстун көбөйүшү

Колониялуу шапалактуулардын өкүлдөрүнүн бири -вольвокс (Volvox globator), алар ири шар түрүндөгү колонияны пайда кылып, миңдеген вегетативдик зооиддерден турат. Зооиддер майда сүйрү- алмурут сымал клеткалар, алардын ар биринин экиден шапалакчалары болуп, диаметри 1-2 мм. алардын ички массасы- коюу келген килкилдек зат менен толгон. Вольвокстун бардык клеткалары (зооиддер) бири- бири менен жука протоплазмалык көпүрөчөлөр аркылуу байланышкан, ал шапалакчалардын кыймылын камсыз кылып башкарууга жардам берет. Мына ошентип, вольвокстун колониясынын особдору биргелешип кыймылга келип, сууда тиричилик кылышат.

Вольвокстун клеткаларынын колониясынын кызматтары бөлүнө баштайт. Вольвокстун көбөйүшү өзгөчө генеративдик - зооиддер аркылуу ишке ашат. Көбөйүү мезгилинде кээ бир клеткалары шарчанын ичине батып кетет. Шарчанын ичинде бул клеткалар бөлүнүп, бир нече жаңы жаш колонияларды түзүшөт, бул колониялар мурунку вольвокстан бөлүнүп сыртка чыгат. Күзүндө генеративдик особдордун эсебинен жыныс формасы – ири кыймылсыз макрогаметалар (ургаачы жыныс зооиддер) жана эки шапалак менен жабдылган майда микрогаметалар (эркек жыныс зооиддер) пайда болот.Гаметогенез процессинде особдор макрогаметаларга айланат, алар экиге бөлүнүшпөйт, өлчөмдөрү чоңойбот. Микрогаметаларды пайда кылган особдор бир канча ирет бөлүнүп, көп сандаган майда шапалактуу особдорду пайда кылат. Микрогаметалар кыймылсыз макрогаметаларды жигердүү издеп, алар менен кошулуп, зиготаны пайда кылат. Зиготалар жаңы колониялардын башталышын берет. Зиготанын биринчи эки бөлүнүүсү– мейотикалык. Демек, зигота гана хромосомдун диплоиддик жыйнагына ээ болот. Ал эми калган тиричилик циклинин стадиялары- гаплоиддұұ.

Инфузориялар классы

  • Инфузориялар классына (түктүүлөр) инфузория - туфелька (Paramecium caudatum) кирет, алар тузсуз суудар, көлмөдө, көлчүктө байырлашат. Инфузория – туфельканын кыймыл органчалары болуп, дененин бетин жаап турган көп сандаган түкчөлөрү, анын жардамы менен денесинин томпок жагы аркылуу алдыга жылып жүрөт.

    Түзүлүшү.. Инфузория- туфельканын денеси туфельканын таманын элестетип турат. Өлчөмдөрү 0,1- 0,3 мм.


Споровиктер классы

Безгек оорусун козгоочу безгек митеси адамга безгек чиркейи аркылуу өтөт. Адамдын организмине безгек чиркейинин шилекейи менен споразоиддер (спорачалар) деп аталган ичке ийик сымал клеткалар кирет. Кан айлануу системасы менен спорачалар бардык денеге таралып, бир далайы боорго токтолот. Мителер боордун клеткаларына орношуп, чоңоюп, көп ядоролуу, чоңураак клеткалуу шизонтторго айланат. Шизонттор бөлүнүп, көп сандаган майда, сүйрүүрөк келген клеткалардын жаңы муунуна, мерозоиттерге ажырайт. Мерозоиттер боордун таза клеткаларына кирип, канга өтөт. Канга өткөн мерозоиттердин өрчүү цикли эритроциттерде бир канча жолу кайталанып турат.


  • Безгек чиркейдин тиричилик цикли
  • Безгек чиркейдин клеткалык түзүлүшү

Ичеги көңдөйлүүлөр

Жалпы мүнөздөмөсү, түрлөрдүн көп түрдүүлүгү

Ичеги көңдөйлүүлөр тибинин 9 миңге жакын түрү кездешет. Бул жандыктар колониялуу жөнөкөйлөрдөн – шапалактуулардан келип чыккан жана алар тузсуз сууларда, көлмөлөрдө кеңири таралган. Типке кирген жаныбарлардын 3 классы: гидроиддер, сцифоиддер жана коралл полиптери.

  • Ичеги көңдөйлүүлөрдүн келип чыгуусунун негизги ароморфозу болуп:
    • клеткалардын бири- бири менен байланышынан көп клеткалуулуктун келип чыгышы;
    • эки катмарлуу түзүлүштүн келип чыгышы;
    • көңдөй азыктануусунун келип чыгышы;
    • дене болукторунун кызматынынын пайда болушу;
    • дене бөлүктөрүнүн кызматтарынын ар түрдүүлүгүнүн пайда болушу;
    • радиалдык симметриянын пайда болушу.
  • Ичеги көңдөйлүүлөр тузсуз сууда отурукташып, жабышып же эркин сүзүп жашаган жөнөкөй түзүлүштүү көп клеткалуу жандыктар. Денеси клеткалардын эки катмарынан туруп, онтогенезде эки түйүлдүк жалбыракчалары – экто жана энтодермадан, алардын арасында мезоглея- таянгыч пластинкасы бар. Алардын ички көңдөйү –гасталдуу деп аталат. Мында азыктары сиңирилип, андан калган калдыктар оозу аркылуу сыртка чыгат.

Ичеги көңдөйлүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү

  • Сырткы катмарындагы чагуучу клеткалардын болушу. Алар суюктукка толгон аралык жана чагуучу капсулалардан өрчүйт. Чагуучу клеткалар кол салууга жана коргонууга кызмат кылат.
  • Азык сиңирүү көңдөй - ички клеткалык азык сиңирүүнү коргойт.

Гидроиддер классы

Бул класстын өкүлү – тузсуз суу гидрасы.

Полип гидранын өлчөмү 1см., алар тузсуз сууларда, көлмөлөрдө таманы менен ар кандай нерселерге жабышып тиричилик кылышат. Денесинин алды жагында тинтүрлөр менен курчалган оозду пайда кылат. Гидранын денеси эктодерма менен жабдылып, алар бир канча: эпителий - булчуң, аралык, чагуучу, жыныс жана нерв клеткалардан турат.

  • эпителиально-мускульных;
  • промежуточных;
  • стрекательных;
  • половых;
  • нервных.
Гидралар өздөрүнүн денесинин жоготкон, үзүлгөн, зыянга учураган бөлүктөрүн өзгөчө клеткалардын жана көбөйүү учурунда калыбына келтирүүгө жөндөмдүү.

Сцифоиддер же чатырчалуулар классы

Бул класстагы жандыктарга медузалардын ири өлчөмдөгүлөрү кирет. Булардын өкүлдөрү болуп: тамыр ооздуулар, аурелиялар, цианеялар.

Медузалар деңиздерде байырлашып, тиричилик циклинде жыныссыз жана жыныстык көбөйүү менен алмашып турат. Денесинин формасы кол чатырчаны элестетип, суюк килкилдек мезоглея затынан турат. Тышынан бир катмарлуу эктодермадан. ал эми ичи – энтодерма катмарын түзөт. Ооз чатырчанын асты жагындагы ооз салпынчактарынын түбүнө жайгашып, ал кулкуну аркылуу кенен ичеги көңдөйү менен байланышкан.

Медузалардын нерв системасы, гидралардыкына салыштырмалуу татаал.

Кораллдар классы

Бул класска жалаң гана деңизде жашаган обдан чоң жана татаал түзүлүштөгү жалгыздан жашоочу (актиния) жана топтошмолуу полиптер (кызыл коралл, таш коралл) кирет. Булардын топторунун мүйүздөн, акиташ же кремнийден түзүлгөн скелеттен туруп, формалары ийне сымал кристаллдардан пайда болушат. Алар тропикалык деңиздерде жашап, жыныссыз жана жыныстуу жолдор менен көбөйүшөт. Коралл полиптеринин топтолмолорунан коралл рифтери пайда болушат.


Курттар

Курттар – жалпы белгилерге ээ, көп сандаган омурткасыз жаныбарлардын тобу. Биринчилик ооз курттардын денеси узун сымал келген, эки жактуу симметриялуу. Дене каптоосу эпителий жана булчуңдан турган тери - булчуң баштыкча, алар түрдүн өкүлдөрүнө жараша ар кандай түзүлүштө. Тери – булчуң баштыкчада бардык ички органдары жайгашкан. Курттардын буттары жокко эсе.

Курттардын арасында эркин жашаган түрлөрү тузсуз жана туздуу көлмөлөрдө, топуракта кездешет. Алардын арасында митечилик менен өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдардын организмдеринде жашагандары да бар. Алар гельминттер деп аталып, гельминтоз ооруларын козгошот.

Курттар эволюция процессинде байыркы ичеги көңдөйлүүлөрдөн келип чыгып, ичеги көңдөйлүүлөр менен муунак буттулардын ортосундагы аралык позицияны ээлеп турушат. Курттардын түзүлүштөрү ичеги көңдөйлүүлөргө караганда татаал. Курттардын негизги үч тиби: жалпак, жумуру жана муунак болуп бөлүнүшөт.


Моллюскалар

Моллюскалар — кеңири тараган экинчилик көңдөйлүү, омурткасыз жаныбарлар. Булар жумшак денелүү, муунакчаларга бөлүнбөгөн, көбүнчөсүнүн башы, тулку бою жана булчуңдуу буту даана айырмаланып турат. Моллюскалардын негизги белгиси –катуу акиташ жана мүйүз сымал заттардан турган үлүл кабы жана тери бүгүшү – мантия ички органдарын жаап, Денесине кыналып жатат. Моллюскалардын оозу боштук паренхимасы менен толтурулган. Жумшак денелүү деп аталганы ушул себептен. Кан айлануу системасы туюк эмес. Бул типке кирген жаныбарлардын 130 000 жакын түрү белгилүү, ушундай эле санда палеонтологиялык казып алынган түрү белгилүү.

Моллюскалар: курсак буттуулар, кош капкалуулар, баш буттуулар класстарына бөлүнүшөт.
моллюскалар тиби


Курсак буттуулар

Курсак буттуулар —бул класстагылар суу чөйрөсүндө гана байырлашпастан, кургактыкта тиричилик кылган бирден- бир жандыктагы класстын өкүлү. Булардын өкүлдөрүнүн денесинин көлөмү кичине, мисалга, карадеңиз рапана бийиктиги 12 см, жүзүм улулу -8см, кайсы бир жылаңач үлүл -10 см жетип, ири тропикалык түрлөрү 60 см жетет.

Бул класстын кеңири тараган өкүлү- көлчүкчү үлүл болуп саналат. Алар көлчүктөрдө, тынч көлмөлөрдө байырлашат. Алардын денеси баш, тулку бой жана бутка бөлүнүп, бүт денесин каптап тургандыктан, класстын аты ошого байланыштуу аталып калган.

Чоң көлчүкчү

Чөп жечү курсак буттууларга жүзүм үлүлү кирет, алар айыл чарбасына чоң зыян келтирт. Кайсы бир өлкөлөрдө адамдар тамак катары пайдаланып келишет.

Курсак буттуулардын арасында өзгөчө белгилүү түрү океандарда жашагандар, алардын раковиналары өтө кооз келет. Аларды эстелик (сувенир) катары, бермет катмарларынан топчуларды даярдоодо колдонот. Ал эми Африка, Азияда алардан акчаларды, дагы башка жасалгаларды даярдашат.

Курсак буттулардын арасында аралык мителчилик кылгандары да кездешет.

Кош капкалуулар

Кош капкалуулар — сууда гана жашоочу жаныбарлар. Өздөрүнүн мантия көңдөйү менен сууну сордуруп, андан азыкты тандап алып турат. Мындай азыктануунун тиби чыпкалоо деп аталат. Бул жандыктардын кыймылы башка класстагыларга салыштырмалуу жай болушу алардын түзүлүшүн жөнөкөйлөткөн. Бардык класстын моллюскалары кош капкага ээ, ошондуктан класстын аты кош капкалуулар деп аталган. Моллюскалардын раковиналарынын капкактары бири- бири менен биригип, ички жон жагы илешкек суюктук бөлүнүп чыгып турат. Ал эми раковинанын капкактарына булчуңдары бекип, алардын бири –бири менен жакындашып, жабылып жана ачылып турушуна көмөк түзөт.

Бул класстын өкүлдөрүнө: тишсиздер, перловицалар, устрицалар, мидиялар кирет. Ал эми эң ириси -тридакна моллюскасы, салмагы 300 кг жетет. Кош капкалуулардын арасында гермофродитттер мисалы, устрицалар да кездешет.

Кош капкалууларды адам пайдаланат. Мисалы, мидия, устрицаларды тамак катары жана алардын үлүл каптары себет буюмдарын жасоо үчүн (топчуларды) пайдаланып келет.

Баш буттуулар

Баш буттуулардын бүгүнкү күндө 700 жакын түрү белгилүү. Булар деңиздердин жана океандардын туздуу сууларында байырлашат, ал эми Кара, Арал деңиздеринде кездешпейт

Баш буттуулар – жырткычтар жана эң чоң өлчөмдөгү жаныбарлар.

Кальмарлар

Баш буттуулардын көбүнчөсүнүн раковиналары жок, ал эми каракатицалардын терисинин алды жагында раковинасы бар, ал эми наутилустун көп камералуу раковинасы болот.

Баш буттуу моллюскалар өнөр жайда - каракатица менен кальмарлардын сыя баштыкчаларынан – күрөң боёктор, табигый кытай туштары жасалат жана тамак катары (кальмар, осьминог, карактица) пайдаланылат. Кашалоттордун ичегисиндеги баш буттуулардын калдыктарынан өзгөчө заттар –янтарь пайда болот, алардан сапаттуу, туруктуу жыпар жыттуу атырлар жасалат. Баш буттуулар деңиз жаныбарларынын –калак буттуулардын, киттердин азыктык булагы болуп саналат.


Ийне терилер (былпылдактар)

Бардык ийне терилер: деңиз жылдызы, офиурлар, голотуриялар жыныстык жол менен көбөйүшөт. Ошондой эле жетишпеген дене бөлүгүн регенерация кубулуш менен калыбына келтирүүгө жөндөмдүү. Уруктануусу сууда жүрөт. Өрчүүсү метаморфоз; эркин сүзүүчү личинкага ээ (кайсы бир түрлөрдө личинкасы самка тукумдарында калат). Кайсы бир былпылдактар 30 жылга чейин жашайт.

Төсүмдүктөр жана жаныбарлар клеткаларын


Бул типтегилер эки типчеге: деңиз лилиялар, бир канча өлүп жок болгон класстагы жаныбарлар жана эркин жашоочулары – деңиз жылдызчалар, деңиз кирпилер, голотуриялар, офиурлар. бүгүнкү күндө 6000 түрү белгилүү, ал эми өлүп жок болгондору мындан эки эсе көптүк кылат. Бардык былпылдыктар деңиз жаныбарлары жана туздуу гана чөйрөдө байырлашат.

Азыр былпылдыктардын негизги класстарын карап кетели

Азыр былпылдыктардын негизги класстарын карап кетели

Деңиз лилиялар
ДЕңИЗ жылдыздары
Офиурлар же жылан куйруктар.
Деңиз кирпилер
Деңиз бадыраңы.

Деңиз лилиялар – былпылдыктар классына кирген бирден –бир жаныбар. Чөйчөк түрүндөгү денесинин борборунда оозу орун алган; андан тармакталган нурлар тараган. Алардын жардамы менен лилия планктондорду жана кайсы бир жалбырактардын кесектерин кармап азыктанат. Чөйчөкчөдөн 1м узун болгон сабакчалар же көп сандаган кыймылдуу өсүндүлөр чыгып, жаныбар субстартка тикелип өсөт. Сабаксыз деңиз лилиялар жай жылып жана сүзүп жүрүшөт.Булардын жалпы саны 6000 миңге жакын, алардын арасынан 7000 миңден азыраагы жакыны бүгүнкү күндө бар. Деңиз лилиялар кембрий доорунунан бери белгилүү.

ДЕңИЗ жылдыздары өздөрүнүн аттары айтып тургандай, формалары жылдызга окшошуп турат. Бирок алардын арасында дагы беш-нурлары бар түрлөрү кздешет. Алардын көпчүлүгүнүн түстөрү ачык. Деңиз жылдыздары айрыкча амбулакралдык буттарынын жардамы менен деңиз түбүндө жылып жүргөн жырткычтар. Бул жаныбарлардын кайсы бирлери денесинен тышкары карындарынын аягын бүгүүгө жөндөмдүү, мисалы, моллюска азыгын чулгап тамактанат. Булардын 1500 түрү ордовик доорунан бери белгилүү. Кайсы бир деңиз жылдыздары балык улоодо - устрицаларга жана мидияларга зыян келтирет. Тикенек таажысы коралл рифтерин бузса, ал эми аларга тийип койгон учурда катуу ооруну пайда кылат.

Офиурлар же жылан куйруктар. Бул жаныбарлардын денеси жалпак диск сымал, диаметри 10см ге жетип, андан 5 же 10 муунак диск сымал нурлар тарап, алардын узундугу кай бирде бир канча ондогон өлчөмдөн чоң болот. Кайсы бир офиурлар тирүү туучулар. Офиурлар нурлардын жардамы менен жылып, майда жандыктар жена кесектер менен тамактанышат. Тропикада байырлагандары ачык түстө болушуп, кайсы бирлери жалын \жаркырак чыгарышат. Офиурлар деңиздин 8км түбүндө байырлашат, кайсы бирлери кораллдарда, былпылдыктарда, деңиз кирпилерде жашашат. Булардын 2000 жакын түрү ордовик доорунан бери белгилүү.

Деңиз кирпилер -дагы бир былпылдыктар классы. Денеси диск же шар формасында болуп, өлчөмү 30 см ге чейин. Денеси скелет пластинкалу, узун жана жука ийнечелер менен капталган. Бул ийнечелердин дагы бир мааниси –душмандан сактоо. Кайсы бирлери кесектер менен тамактанышат; башкалары –таштардагы балырларды атайын оозундагы чайноочу аппараты – аристотель чырагы менен кырып тамактанышат. Чайноочу аппараты менен кайсы бир деңиз кирпилер тамактанып эле тим болбостон, деңиз түбүндөгү аскларды тешет. Деңиз кирпилер амбулакралдык буттары жана ийнечелери менен бир жерден экинчи бир жерге жылууга жөндөмдүү. Булардын 800 жакын түрлөрү бар, 7 км тереңдикте тиричилик кылышат. Кайсы бирлеринин икралары жегенге болот. Бир канчалары уулуу болот.

Деңиз бадыраңы. Голотуриялар же деңиз бадыраңы чынында эле бадыраңга окшоп кетет. Алардын узундугу 2 м. Булардын скелети абдан кыскарган. Оозу тинтүүлөр менен курчалып, алар азык кармоого кызмат кылат. Дүүлүгү учурунда тез жыйрылууга жөндөмдүү. Голотуриялар –жай кыймылдаган жандыктар болуп, майда планктондор менен тамактанышат. Булардын деңиздерде жана океандарда 1000 жакын түрү кездешет. Ыраакы Чыгыштагы Трепангда буларды тамак катары колдонушат.

Муунак буттуулар

Булардын өзгөчөлөнгөн белгиси болуп: жандыктын денесинин кичирейиши жана кичине өлчөмдө болушу алардын көкүрөк жуп ганглийлеринин санынын азайышынан улам бири-бири менен өз ара аралашканына алып келген. Коомдук жайлардагы курт- кумурскаларда кулкун астындагы ганглийлери -«мээси» жакшы өрчүп, жүрүм- турумундагы татаал формалардын кызматын аткарат. Ошондой эле булардын: жыт, көрүү, туюуу, тең салмактуулук, угуу сезүү органдары жакшы өрчүгөн.

муунак буутулар тиби


Муунак буттуулар – айрым жыныстуулар жандыктар, көпчүлүгүнө жыныстык диморфизм жакын жана ички уруктануу жүрөт. Кай бирлеринде постэмбриондук түз өрчүү, көпчүлүгү толук эмес же толук метаморфоз. Кайсы бир курт- кумурскалардын байырлаган чөйрөлөрү сууда жана кургактыкта болуп, онтогенез стадиясына жөндөмдүү.

Кенелер жөргөмүштөрдөн айырмаланып, өрчүүсү толук эмес. Жумурткалыктан алты буттуу личинкасы чыгат, ал эми биринчи түлөөдөн кийин төрт жуп буттары пайда болот. Андан кийинки бир канча түлөөдөн кийин личинкасы чоң особго айланат.

Рак сымалдар классы

Бул класстагылар, негизинен суу жаныбарлары болуп, тузсуз сууларда, деңиздерде таралган. Алардын денеси: баш - көкүрөк жана курсак болуп бөлүнөт. Булардын эки жуп мурутчалары, татаал же мозаикалуу (фасеттүү) көздөрү, дем алуусу- бакалоор. Булардын жалпы түрлөрүнүн саны -20 000 миң.

Рак сымалдар классына бир канча түркүмдөр кирет. Алардын арасында он буттуу рак сымалдар (креветкалар, крабдар ж.б.) , түз буттуулар (суу бүргө, эшек курт, суу эшек курт, малгун) , тармал мурутчалар, калак буттуулар (циклоп,ж.б.) жана карпоеддер (карп биттер).

Жөргөмүш сымалдар

Жөргөмүш сымалдар, рак сымалдарга салыштырмалуу, кургактыкта байырлашып, трахеялары жана өпкөсү менен дем алышат. Бул класска, үч түркүм кирет, алардын өкүлдөрүнүн дене бөлүмдөрү биригип турганын байкаса болот. Жөргөмүштөрдүн денеси баш - көкүрөк жана курсакка бөлүнгөн, ал эми чаяндардын денеси – баш - көкүрөк, көкүрөк алды жана арткы -курсактан турат. Ал эми, кенелердердин денесинин бардык бөлүмдөрү бириккен.

Жөргөмүш сымалдардын жалпы белгилерине: муруттары жок, төрт жуп жөрмөлөөчү буттары, дем алуусу- трахея же өпкө, туруктуу ооз тегерегиндеги өсүндүлөрү— үстүкү тинтүүрлөрү жана бут тинтүүрлөрү. Баш - көкүрөгүндө -төрт жуп жөнөкөй көздөрү, ооз органдары жана буттары (жөрмөлөөчү буттары) жайгашкан. Булардын арасынан, жөргөмүштөр жана кенелер кеңири тараган.

Жөргөмүштөр түркүмү

Булардын типтуу өкүлдөрүнө – ала жөргөмүш кирет. Аларды, токойлордон, парктардан, чарбачылыктарда, үйлөрдө –өздөрүнүн торлорун токуп жашаганын кездештирсе болот. Жөргөмүштөрдүн биринчи жуп ооз аппаратында – учтуу, тырмакчалары ичин көздөй ийилген, үстүнкү жаак менен жабдылган. Тырмакчалардын учтары, уу бездеринин жолдоруна ачылат.

Жөргөмүштөр, көп сандаган жана ар түрдүү сезүү органдарга: жыт жана даам (денесиннин түкчөлөрү жана бут тинтүүрлөрү) , кулкундун эки жагындагы даам сезүүсү; көрүү органдарына (сегиз жөнөкөй көздөрү) ээ. Кайсы бир жөргөмүштөр, түстөрдү айырмалай алышат, айрыкча, өсүмдүктөрдүн гүлүнөн (краб- жөргөмүш) олжолорун издешет.

Жөргөмүштөр- айрым жыныстуу жаныбарлар. Ургаачылары ири. Күзүндө, ургаачысы, желесинен коконду түйүшөт жана ага жумурткаларын ташташат. Анда, жумуртка кыштайт, ал эми жазында алардан майда жөргөмүштөр чыгат. Жөргөмүштөрдүн көпчүлүгү, пайда келтиришет, мисалы, жөргөмүштөр менен көптөгөн майда сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, кескелдириктер, кайсы бир курт- кумускалар менен азыктанышат. Жөргөмүштөрдүн арасында, уулуулары:тарантулдар жана каракурттар кездешет. Алар, адамга жана үй жаныбарларна өтө кооптуу.


Кенелердин түрлөрү

Кенелердин денеси муунактарга же бөлүмдөргө так бөлүнгөн эмес. Булар жаратылышта өтө көп кездешип, кай бирлери топуракта, башкалары өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдардын денесинде тиричилик кылышат.

Кенелер жөргөмүштөрдөн айырмаланып, өрчүүсү толук эмес. Жумурткалыктан алты буттуу личинкасы чыгат, ал эми биринчи түлөөдөн кийин төрт жуп буттары пайда болот. Андан кийинки бир канча түлөөдөн кийин личинкасы чоң особго айланат.

Кенелердин түрлөрү.

Кадимки желелүү кене
Ун кенеси
Котур кене
Тайга кенеси

Кадимки желелүү кене -пахтанын жана башка баалуу өсүмдүктөрдүн жалбырактарында тиричилик өткөрүшүп, алардын түшүмүн төмөндөтөт жана өсүмдүктү өлтүрөт.

Ун кенелер - пиязда жана өсүмдүктүн данында тиричилик өткөрүшөт. Өсүп келе жаткан дандын түйүлдүктөрүн жабыркалатып, урукту өлүмгө алып келет. Булар азыктарды бузуп, нан азыктарын, кампадагы ар кандай кебектерди, күн караманын уруктарын зыянга учуратат. Тазалык жана азык-түлүк сакталган жайларды желдетүү –бул алар менен күрөшүүнүн негизги иш-чаралардын бири.

Котур кене – киши үчүн котурдун козгоочусу. Бул кененин ургаачысы адамдын терисине кирип, анда жол жасап, денени аябай кычыштырат. Бул жерде алар жумурткаларын таштайт, алардан жаш кенелер чыгып, алар дагы териде жол салышат. Ошондуктан колду өтө таза кармоо –алардан сактануунун бирден -бир жолу.

Тайга кенеси — адамдын жана жаныбардын өтө коркунучтуу митеси. Тайга кенеси энцефалитти – адамдын нерв системасынын оорусун козгоочу негизги ташыгычтардын бири болуп саналат. Жаратылышта бул оорунун козгоочусу ар түрдүү жапайы жаныбарлардын денесинде болот, Бул оору менен алар оорушат. Кенелердин энцефалити жапайы жаныбарлардан адамга жугуусу 30 – жылдардын аягында белгилүү болгон.

Чаяндар түркүмү

Чаяндар көбүнчө жылуу жана ысык климаттуу өлкөлөрдө кездешет. Ошондой эле нымдуу токойлордон баштап, деңиздин жээктеринде, топураксыз таштуу жерлерде жана кумдуу чөлдөрдө байырлашат. Кай бир учурда адамдар жашаган турак- жайларда да кездеше калат.

Чаяндар тирүү туучуларга кирет. Кай бир түрлөрү - жумурткаларын басып, анын түйүлдүгүнөн жетилген жаштары өрчүп чыгышат. Бул кубулуш «тирүү жумуртка туучу» деп аталат. Чаяндар бир жарым жылдан кийин 7 жолу түлөп чоңдорго айланышат.

Чаяндын уусу - кол салуу жана коргонуу каражаттары. Чаяндарга тамак-аш катары кызмат кылган майда омурткасыздарга алардын уусу бир заматта таасир этет; жаныбар ошол замат кыймылын токтотот. Ал эми майда сүт эмүүчү жаныбарлар өлүмгө учурайт.


Курт- кумурскалар классы

Бул өтө көп сандаган класстагы жаныбарлар, ага 1 млн. жакын түр кирет. Булар келип чыгышы боюнча анык кургактыкта тиричилик өткөргөн жаныбарлар. Курт- кумурскалар жер жүзүнүн топуракта, тузсуз сууларда, деңиздин жээгинде таралышкан. Булардын көп түрдүү болгондугунун себебинин бири - кургактыкта байырлагандыгында

Курт- кумурскалардын жаратылыштагы жана практикалык мааниси. Курт- кумурскалардын көп түрдүүлүгү жана алардын көп санда болушу жаратылышта жана адамдын жашоосунда зор ролу бар. Алар өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда, ушул эле жаныбарлардын зыяндуулары санитар катары кызмат кылышат. Кайсы бир пайдалуу курт- кумурскалар – аарыларды, жибек курттарды – адам үй жаныбары катары көндүрүшкөн. Ошол эле учурда алардын арасында зыяндуулары да көп кездешет. Зыяндуу курт-кумурскалар объектисине жараша бир нече топко бөлүнөт: талаанын, бакча, аймактар, сактоо зыянкечтер, оору багыттынын зыянкечтери.

Өсүмдүктөр менен жаныбарлрдын клеткаларын салыштыруу

Клеткалардын түзүлүшүн салыштыруу


Өсүмдүк клеткасы жаныбар клеткасынан төмөнкүлөрү менен айырмаланат:

1) клетка бети катуу жана жоондугу;

2) органоиди – пластидалар, мында минералдык заттардан жана жарык энергиясынын жардамы менен биринчилик органикалык заттардын синтези;

3) вакуоль торчолорунун өнүккөн тармагынан осмостук касиеттердин пайда болушу;

Өсүмдүк клеткасында жаныбар клеткасына таандык органоиддер: ядро, эндоплазмалык торчо, рибосома, митохондриялар, Гольджи аппарат бар.

Өсүмдүк клеткасы жаныбар клеткасы сыяктуу эле, цитоплазмалык мембрана менен капталган, бирок мындан тышкары калың целлюлоза катмары менен чектелген, мындай катмар жаныбар клеткасында жок. Клетка бетинде тешикчелер бар, ал аркылуу эндоплазмалык торчонун каналы өтүп, алар аркылуу клеткалар бири- бири менен байланыш жүргүзөт.

Синтетикалык процесстин энергиянын бошонуу процессине үстөмдүк кылганы - бул өсүмдүк организмине мүнөздүү зат алмашуунун өзгөчөлүгү. Органикалык эмес заттардан биринчилик углеводордун синтези пластидаларда ишке ашат.


Пластидалардын үч түрү: лейкопластар – өңсүз, түссүз пластидалар, моносахариддерден жана дисахариддерден крахмалдын синтезинин жүрүшү (лейкопластардын белокторду жана майларды запастаган); хлоропластар, хлорофилл пигменттин негизинде фотосинтезди ишке ашырган; хромопластар, ачык түстөгү пигменттерден турган ар түрдүү мөмөлөр менен гүлдөр.

Пластидалар бири – бирине өтүп турат. Алар ДНК жана РНК туруп, экиге бөлүнүү менен көбөйүшөт. Вакуолдор эндоплазмалык торчонун цистернасынан өрчүп, алар -белоктордун, углеводдордун эриген түрүн камтыйт, ошону менен бирге төмөнкү молекулалуу продуктулардын синтези, витаминдер, ар түрдүү туздар жана мембрана менен курчалган. Вакуоль ширесинде эриген заттардан, клеткага суунун келишинен тургор – клетка бетинде чыңалуу түзүлөт. Клеткадагы тургор жана калың чымыр кабык өсүмдүктүн катуулугун жана жүктүн динамикасын камсыз кылып турат. Хордалуулар –үч катмарлуу жаныбарлар. Булардын бардык органдары жана ткандары үч түйүлдүк жалбыракчасынан – энтодерма, мезодерма жана эктодермадан өрчүйт. Хордалуулардын булчуңдарынын жана ички органдарынын ортосунда денесинин экинчилик көңдөйү (органдар арасындагы мейкиндик -эпителий ткандан төшөлгөн) жайгашкан.


Хордалуулар

Хордалуулар тиби

Хордалуулар –үч катмарлуу жаныбарлар. Булардын бардык органдары жана ткандары үч түйүлдүк жалбыракчасынан – энтодерма, мезодерма жана эктодермадан өрчүйт.

  • Ланцетниктин өрчүү этаптары

  • Ланцетниктин өрчүү этаптары

Хордалуулардын тамак сиңирүү системасы.jpg

Хордалуулардын тамак сиңирүү системасы

Тамак сиңирүү сисиемасы түтүк түрүндө. Ал ооз көңдөйүнөн башталат. Кулкун - дем алуу, кызыл өңгөч, карын, ичке жана жоон ичегилер, тамак сиңирүү бездери – боор жана уйку бездери менен бирге ичегинин алдынкы бөлүгүнүн бети менен өрчүгөн.

Эволюция процессинде хордалуулардын тамак сиңирүү системасы узарган, алардын бөлүмдөрү да ар кандай болот.



Хордалуулардын тери- жабуулары.jpg

Хордалуулардын тери- жабуулары

Омруткалуулардын терилери организмди тышкы чөйрөдөгү механикалык жана башка таасирлерден коргоп турат. Алар ошону менен бирге, газ алмашуу жана керексиз заттарды бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Тери эки катмардан – сырткысы- эпидермистен жана ичкиси – дермадан (кориум, ку –тис, накта тери). Эпидермис эктодермадан, ал эми, кориум мезодермадан пайда болот. Тери туундуларына: чач, тырмак,туяк, мүйүз, кабырчык ж.б кирет.



Сист хорд.png

Хордалуулардын дем алуу системалары

Дем алуу сиситемасы баклоордон (балыктар, амфибиялардын личинкасы) же өпкөдөн (жер бетиндеги омурткалуулар) пайда болгон. Ал эми көбүнчөсүндө, кошумча дем алуу органы болуп тери кызмат кылат. Бакалоор аппараты кулкун менен биригип, ал бакалоор желбирекчелери жайгашкан бакалоор жылчыкчалардан пайда болгон.



Хордалуулардын кан айлануу системалары.jpg

Хордалуулардын кан айлануу системалары

Кан айлануулары жабык. Жүрөктөрү – эки, үч же төрт камерадан турат. Кан дүлөйчөлөргө келип, андан карынчаларга келип түшүп турат. Бир кан айлануу (балыктарда жана жерде- сууда жашоочулардын личинкаларында) же эки кан айлануу (башка класстын жаныбарларында). Балыктардын, амфибиялардын личинкаларында жүрөгү эки камералуу, чоң амфибиялардыкы жана рептиялардыкы –үч камералуу. Бирок, рептилиялардын карынчаларынын ортосунда толук эмес бөлүк пайда боло баштаган. Ал эми канаттууларда жана сут эмүүчүлөрдө төрт камералуу жүрөк. Кан тамырлар артерия, вена жана каппилярлардан турат.



Хордалуулардын таянгыч- кыймылдаткыч системалары.jpg

Хордалуулардын таянгыч- кыймылдаткыч системалары

Таянгыч- кыймылдаткыч система

Хордалуулардын скелети –ткандык ,кемирчек жана сөөктөдүн биригишинен туруат.

Баш сөөксүздөрдө биригүүчү- ткандык скелет, ал эми омурткалулардыкы –кемирчек, сөөк -кемирчек жана сөөк.

  • Омурткалуулардын секлети төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнөт:
  • баш сөөктүн жана омуртканын скелетинен турган октук скелет;
  • бакалоор жылчыкчылар менен жаактардан вицералдык скелет пайда болгон; бел жана кол-бут сөөк скелеттери эркин жайгашкан.



Хордалуулардын булчуң системалары.jpg

Булчуңдар

Булчуңдар -соматикалык (скелеттик) жана висцералдык (жаак аппаратынын булчуңу, ж.б. ички органдарынын жана ичегинин) болуп экиге бөлүнөт. Скелеттик булчуңдар сегменттелген, албетте төмөнкү омурткалуу жаныбарларга караганда азыраак. Висцералдык булчуңдар сегментацияга ээ эмес.

Баш мээси.

Баш мээ -алдынкы, аралык, ортоңку жана арткы (жүлүн томукча) болуп бөлүнөт. Аралык мээнин алдында каракуш мээ жайгашкан. Баш мээ - үч биринчилик мээ көбүкчөсүнүн нерв түтүгүнүн алдынкы бөлүгүнөн өрчүгөн. Кийинчирээк, мээ бөлүмдөргө бөлүнүп, эки жарым шарлар пайда болгон.


Нерв системасы

Нерв система келип чыгышы боюнча эктодермалдык. Түйүлдүктүн көкүрөк жагындагы көңдөй түтүкчөдөн түзүлгөн. Борбордук нерв системасы баш мээден жана жүлүндөн пайда болгон. Четки нерв системасы арка жактагы баш мээден, жүлүн нервдеринин жана нерв түйүндөрүнүн байланыштарынан пайда болгон. Четки нерв системасы кызматы боюнча соматикалык жана вегетативдик болуп экиге бөлүнөт. Соматикалык нерв системасы скелет булчуңдарынын ишин жөнгө салат, ал эми вегетативдик – ички органдарды жөнгөсалып турат.


Көбөйүү.


Омурткалуулар айрым жыныстуулар. Жыныс бездери жуптуу жана алар мезодермадан өрчүйт.Жыныс жолдору бөлүп чыгаруу органдары менен байланышкан. Жогорку хордалуулардын типчелеринде анамниялар жана амниоттор деген эки тобу бар. Анамниялар сууда тиричилик кылышат жана көбөйүшөт, алардын түйүлдүк учурундагы өрчүүсүндө жумуртка кабы жок –амниондо, ал эми дем алуу органы өмүр бою болот (балык) же личинка стадия мезгилинде (амфибиялар) бакалоор болуп саналат.

Амниоттор кургактыкта эненин организминдеги жумурткадан өрчүйт. Эмбриондун айланасында түйүлдүк кабыгы өрчүйт. Жумуртка түйүлдүктү кургап калуудан сактайт, ошондуктан, икралардан айырмаланып, жумурткаларды кугактыкта туушат. Жаныбарларда дем алуу органын өпкө кызмат кылат. Амниотторго сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр кирет.



Өпкө эмбрионалдык өрчүү мезгилинде ичегиден жана энтодермадан келип чыгат. Сезүү органдары жакшы өрчүгөн. Биринчилик сууда жашагандарда каптал сызыктары бар, алар суунун басымы, багытын жана суунун агымынын ылдамдыгын кабыл алат.

Жыт сезүү органдары жыт сезүү капсулалардан түзүлгөн. Бакалоору менен дем алгандарда алар сокур сыяктуу, ал эми кургактагыларда көңдөйчө менен аяктайт.

Көрүү органдары негизинен аралык мээнин каптал бетинен пайда болот. Алардан көздүн кареги пайда болот. Алар баш сөөгүнүн орбитасынан пайда болот. Кайсы бир омуртакалууларда, жуп көздөрүнөн башка, жупсуз көздөрү да өрчүгөн.

Угуу органдары эктодермадан келип чыккан. Бардык омурткалуулардын ички кулагы бар. Амфибияларда, рептилияларда, канаттууларда жана сүт эмүүчүлөрдө ортонку кулактары бар. Сүт эмүүчүлөрдө сырткы кулагы (көпчүлүгүндө) жана кулак раковинасы да пайда болгон.


Глоссарий

Таксис- бир клеткалуулардын кайсы бир багытка жасаган кыймыл –аракети. Ошондой эле көп клеткалуу организмдердин жекече клеткаларынын жана клетканын ички бөлүктөрүнүн ар кандай факторлорго (дүүлүктүргүчтөр) карата таасири таксис (грек. Taxis –тартиби, жайгашкан жери ) деп аталат. Бул кыймы- аракеттер дүүлүктүргүчтөргө – оң таксиске карата багытталышы ошондой эле терс болушу мүмкүн. Кайсы бир дүүлүктүрүгүчтөр өздөрүнө көңүл бурдурушу – аттрактанта (лат. attraxo —тартуу) деп аталат, ал эми өзүнөн бөлүнгөндү репелленттер (лат. rереllо —түртөм, кууйм) деп аталат. Дүүлүктүргүчтөрдүн булактарына багытталган кыймыл- аракеттер да өз ара айырмаланат. Эгерде, дүүлүктүргүч жарык болсо, анда кыймыл- аракет фототаксис деп аталат., эгерде химиялык заттар болсо хемотаксис, температура –термотаксаис,жаракаты,зыян – травмотаксис, электр тогу –гальванотаксис, жердин тартылуу күчү- геотаксис, ж.б.

Фитомонаддар- Фитомонаддар тукуму. Бул тукумга жалгыз жана жашаган формалар кездешет. Колониялуулардын арасында түзүлүшү жана көбөйүүсү боюнча ар түрдүү түрлөрү кездешет.

Малярия –жугуштуу оорулар тобу, адамга чиркей аркылуу (безгек чиркей) жугат жана ал ысып, чыйрыгуу менен бирге жүрөт. Мында адамдын көк боордун, боордун өлчөмү чоңойот, анемияга алып келет.

Зооксантелла – булар кайсы бир деңиз организмдери, атап айтканда актиниялар, кораллдар жана тридакналар. Бул жандыктар өздөрүнүн ткандарында бир клеткалуу симбиоздук балырларды (зооксантелл) камтыйт. Бул балырлар фотосинтезди жана жакшы жарыкты талап кылышат. Бүгүнкү күндө, «зооксантеллдер» эскирип калган терминге кирет. Алар эндосимбионаттар болуп саналып, сары түстө болушат. Заманбап классификацияда аларды –Symbiodiniummicroadriaticum киргизишет.

Атолл – айланасы суулар менен курчалган, шакек сымал формадагы коралл рифтери. Коралл рифтери тропикалык жана субтропикалык перпендикулярда, көбүнчө Тынч жана Инд океандарда таралган. «Атолл» деген сөз Океания элдердин суу бетинин 4-6 м жогору өскөн кичине аралдар боюнча чынжыр пайда кылган кораллдар үчүн колдонгонунан келип чыккан. Кээде кораллдарды суу каптап, айрым бөлүктөрүнун ортосундагы терең абалдама болот. Көлмө сымал суу аймактардагы атоллдун ичи лагундар (суулуу)деп аталат.

Адатта, алардын тереңдиги 18-30 м. кайсы бир учурда 90 м. жетет. Океания элдери кораллдар үчүн колдонушат.

Тоо тоскоолдуктар – Жердеги эң чоң жаратылыш заттары болуп саналып, алар жандуу организмдерден пайда болушат. Аларды космостон көрсө да болот. Бул рифтердин түзүлүшү өтө майда миллиарддаган организмдерден пайда болушкан жана ал илимде коралл полиптери деген ат менен белгилүү.

Миксотрофтор– булар ар түрдүү булактардан азыкты алууга ыңгайланышкан организмдер. Мындай организмдер, мисалы, автотрофтор (органикалык эмес заттардан органикалык заттарды пайда кылуучулар) жана гетеротрофтор (даяр органикалык заттарды пайдалануучулар) азыктанышат. Миксотрофторго мисал катары, ар түрдүү топтордогу организмдер: курт- кумурска менен азыктангандар кадимкидей эле өсүмдүктөр (топурактагы сууну жана андагы эриген заттарды) менен азыктанышат, бирок, ошону мнен бирге эле курт- кумурскаларга ж.б. майда жаныбарларга мергенчилик кылышат. Хлорофиллдери бар шапалактуу жөнөкөйлөр, эгер булганган көлмөдө жашаса, органикалык заттар менен тамактанышат, ал эми жагымдуу шарттарда органикалык эмес заттар менен тамактанышат; кайсы бир бактериялар – хемотрофтор, жарыкты күндөн эмес, кычкылдануу- калыбына келүү реакциясынан алышат; мындай бактериялар бир эле мезгилде органикалык жана органикалык эмес заттарды кычкылдандырышы мүмкүн. Хлорофиллге ээ шапалактуулар. Буларга жашыл эвглена, вольвокс жб. кирет. Биотехнология –биологиялык процесстерди пайдаланып адамга керек заттарды өндүрүү жана ген инженериясынын методдору менен зарыл болгон касиеттери бар жандуу организмдерди түзүү.


Пайдалуу шилтемелер.

1.Омурткасыздар зоологиясы. конспект лекция- Сибирский http://files.lib.sfu-kras.ru/ebibl/umkd/1343/u_lecture.pdf (дата обращения: 06.04.2018)
2.Омурткасыздар жаныбарлар дүйнөсү https://mirfaunas.ru/bespozvonochnye-zhivotnye (дата обращения: 06.04.2018)
3.Кошумча окуу: Курттар боюнча кызыктуу фактылар: 2. 3. 4. 5. Курттун шилекейи – сөөк үчүн чаптагыч! http://www.zooeco.com/0-dom/0-dom-b8.html (дата обращения: 06.04.2018)
4.Баян окуу: Адамдын мителери жана аны менен күрөшү http://syhoegolodanie.com/elektronnaya-kniga-parazity-i-sposoby-borby-s-nimi (дата обращения: 06.04.2018)
5 Систематика: Шапалактуулар; Инфузориялар; Саркодалуулар https://foxford.ru/wiki/biologiya/odnokletochnye-sarkodovye-zhgutikovye-infuzorii (дата обращения: 06.04.2018)
6.Омурткасыз жаныбарлар жана жаратылыш жөнүндө сайтка Ссылкалар Irkinsect.... http://irkinsect.narod.ru/Sayt.html (дата обращения: 06.04.2018)
7.Эмне үчүн омурткасчыз жаныбарлар экосистемада чоң роль ойнойт? -...https://znanija.com/task/22425643 (дата обращения: 06.04.2018)
8. 8. Омурткасыз жаныбарлардын кыртышынын биотестирлөөсү. https://knowledge.allbest.ru/biology/(дата обращения: 06.04.2018)

Бибилиография

1.Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү https://kyrgyzstan.orexca.com/rus/animals.shtml (дата обращения: 06.04.2018)
2.Жаныбарлар дүйнөсү –Жаратылыш – Кыргызстан донундо – Кош келинизхдер ...http://www.welcome.kg/ru/kyrgyzstan/nature/zoo/ (дата обращения: 06.04.2018)
3.Фауна – Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү. http://www.kyrgyzstantravel.net/kyrgyzstan/fauna/fauna/fauna-ru.htm (дата обращения: 06.04.2018)
4.Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү - SportAKIpress http://sport.akipress.org/blog:261 (дата обращения: 06.04.2018)
5 Колдонулган адабияттар: Омурткасыздар Зоологиясы https://sites.google.com/ (дата обращения: 06.04.2018)
6 Омурткасыздар \геологиялык портал GeoKniga http://www.geokniga.org/taxonomy/term/1091/ (дата обращения: 06.04.2018)
7 Орус адабиятынын библиографиясы 1917-1967 ж.ж. Омурткасыздардын баардык казылып топтору боюнча адабияттарды камтыган системалык бөлүгүнун бири ... http://www.geokniga.org/books/10269 (дата обращения: 06.04.2018)



Жаныбарлар дүйнөсү.
түстүү кан химиясы

Курбакалар жана бакалар Жерди таштап кетип жатышат.

Омурткалуу жаныбарлардын бир классы- планетанын тургундары - сойлоп жүрүүчүлөр жана жерде-сууда жашоочулар жакынкы арада жок болуп кетүү коркунучу астында турушат. Аларга өлүм коркунучу болуп: климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана коркунучтуу тери оорусу.

Франкфурта, Мадрида жана Йелялык эл аралык француз окумуштуулар тобу, Рабеканын жетекчилигинде дүйнө жүзүндөгү жерде - сууда жашоочулардын 5527 түрүн карап чыгышкан. Натыйжада, Африка, Америка, Азия жана Europe өтө кооптуу аймактар деген жыйынтыкка келген. Бул аймактарда алгачкы омурткалуулар климаттын өзгөрүшү, табигый жоготуу менен жугуштуу тери жарасы хитридиомицета тарабынан коркунуч бар. Бул кычыткы (козу карын), африкалык бакалар арасында таралган, себеби, европа лабораторияларда алардын көп сандарын изилдөө үчүн импорттошот. Кызыл китепке кырген жерде- сууда жашоочулардын 6285 түрүнүн 1895 өлүм коркунучунда турат. Алардын арасынан 39 түрү табигый жаратылыштан таза жок болуп кетишсе, 484 түрү жок болуу коркунучунда, ал эми 754 түрү жоголуп кетүү коркунучунда жана 657 түрү алсыз болуп турушат. Гемоцианин – гемоглобинден айырмаланып, эритроцитте камтылган. Гемоцианин канда эркин сүзүп жүрөт. Анда темридин ордуна жез камтылган. Бул типтеги деоксигенндик кан өңсүз- түссүз. Ал эми оксигенндик – көгүлтүр көрүнөт.

Биологиялык көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн аймактарда амфибиялардын популяциясы айырыкча жабыркалаган. Бул кылымда улам үч терс таасирлердин айкалышканынан, планетанын тең салмактуулугунда негизги ролду ойногон жерде-сууда жашоочулардын кырылышы, учурда илимпоздордун ою боюнча улам тездейт.

Уулуу жыланды кантип айырмалоого болот?

Сойлоочулар менен дегеле жолуккпай койгонубуз жакшы, ошентсе да уулуу жыландардын белгилерин билип коюшубуз керек. Сойлоп жүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн чел менен капталган куйругунан аныктай алабыз. Уулуу жыландардын каректери мышыктардыкындай, ал эми зыянсыздардыкы – тегерек. Эгерде, уулу жыландардын үстү жагынан карасак, башы менен моюндук аралыгында бир сызыкты байкаса болот.

уулуу жыланды кантип  айырмалоо керек?

Адатта, уулуу жаныбарлар жөнүндө айтканда, биздин эсибизге –жыландар, жөргөмүштөр, чаяндар, медузалар кирет.

Бирок, алардын арасында дагы өздөрүнүн балдарын сүт менен азыктандыргандары жана зыян келтириши да мүмкүн. Уулулардын биринчи тизмесинде –өрдөк тумшуктар да бар. Азыр жашап жаткандардын ичинен өрдөк тумшуктар жөнөкөй сүт эмүүчүлөр.

Булар, «биринчилик айбандарга» кирип, өрдөк тумшуктар жумуртка тууп, ал эми тирүү тууну өздөштүргөн эмес.

өрдөк тумшук

Өрдөк тумшуктардын ургачыларынын арткы буттарында бир жарым сантиметрдик мүйүзү (метр), уулуу бездери менен байланышкан. Мындай мүйүз (метр),мезозой эрасынан бери пайда болгону кызыктуу. Уулуу мүйүз (метр) байыркы сүт эмүүчүлөр жөн жайдан эле пайда боло калган эмес. Илимпоздор мезозойдогу көптөгөн жаныбарлардын табылганын кылдат карап чыгышкан Бүгүнкү күндөгү сүт эмүүчүлөр, качан арткы буту менен тике басып калганда, мындай мүнөзүн жоготуп коюшкан. Алгачкы сүт эмүүчүлөр буттары аздыр - көптүр бар кезде эле рептилиялардыкына окшош болгон. Качан басып жүргөндө сенин алаканына уулу шпоранын ич жакка жиреп, бири- бирине тийишип турганы жакшы ой эмес.

шпоранын уулуу бездер менен  байланышы

ЙорнаХурума палеонтологдордун командасы сүт эмүүчүлөрдүн тарыхын изилдегенде алар менен кошо -өрдөк тумшука -Sinobaatar окшогон Zhangheotherium -«тиштүү айбанды» жана кичинекей чөп жечү жаныбарларды кошо изилдеген. Мезозойдогу сүт эмүүчүлөрдүн калдыктарынан, ошол уулу шпор болушу мүмкүн болушу керек деп аныкташкан. Биринчи сүт эмүүчүлөрдү көбүнчө, түндүк кыска куйрук менен салыштырышат. Бул майда жаныбарлардын кайсы бирлери уулу болушу кызыктуу .

Америкалык кыска куйрук уулуу шилекей менен мактана алат. Төмөнкү сүрөттө – кадимки түндүк кыска куйрук.

кыска куйрук  күрөң тиш

Ушундай эле өзгөчөлүккө – канар кыска куйругу ээ. Булар, чыгыш Канар аралдарында гана жашайт жана алар жогорку жер жырткычы болуп саналат. Алардын азыгы - чоң эмес атлантика кескелдириги, өзүнүн олжосун шилекейиндеги уусу менен кыймылсыздандырат. саналат.

канар ак тиш

Жер жүзүндөгү эң кичине сут эмүүчү. Карлик көп тиштүү –өзгөчө жандык жана сүт эмүүчүлөрдүн эң кичинеси. Анын салмагы 1 граммды түзөт! Ошондой болсо да алар өтө эле татына.

жер бетиндеги эн кичине сүт эмүүчү

Көп тиштуу адатта, чычканга окшоп кетет, бирок, анын тумшугу алдын көздөй созулунку. Ири особдорунун узундугу - 4,5 см. жетет. Булардын кызыктуу мүнөзү болуп алардын жүрөгүнүн согушу, бир секунданын аралыгында 25 жолу согуп турат.Куйругу денеси менен барабар. Жандык күрөң жумшак жүн менен капталган.

көп тиш

Кичинекей чычкан жылуу тропикалык климатты жакшы көрөт. Булар Португалия, Марокко, Испания жана Ахаядагы жээк аймакты байырлашат. Ошондой эле Азия,Индия, Шри-Ланка, Кытайдын аймактарында жашашат.Бул өтө кичинекей сүт эмүүчү – бакча зыянкечтерин жеп адамга пайда келтирет.

көп тиш
Юмор
  • Бир жумурткалыка экөө кирбейт.
  • Конфигурация менен тосот, эффект менен коштошот.
  • Гендердин кайра курулушунан генофонд өзгөрбөйт.
  • Интерфазада – убакыт, митозго – саат.
  • Кылым бою жаша – кылым бою болуш!
  • "гоп!” деп айтпа!, качан митоздун текшеруусунон өтмөйүнчө.
  • ДНКны Куй, ori-сайт азырынча ачык турганда!
  • Антиоксидант, интерферон – дүйнө мутациядан сакталат!
  • Гомологиялык хромосомдор эки жуп өтүк: бирок алар бирдей эмес!
  • Биз дүйнөдө көппүз, бирок ар түрдүүбүз.
  • Онтогенез баарында – өзүнүкү жекече!
  • Эукариот болбосоң дагы, клетка болушка милдеттүүсүн!
  • Белекке берилген хромосом менен генди карабайт!
  • Адамга ооруу эмне, ал эми митеге ал майдай.

  • Сасык тумоо

    Кыязы, эс учунан танып, катуу карсылдап

    Ошондой эле ар дайым суу мурун,

    Кичинекей жырткыч ылакап ал -сасык тумо

    Үмүт менен биздин терезеге өтүп кетет.

    Гельминтозду алдын алуу

    Гельминтоздун алдын алуу, кыйла кенен түшүнүк, бирок адам үчүн биринчи кезекте, тазалыктын (гигиена) жөнөкөй эрежелерин сактоо жана коркунуч факторлорунан коргонуу.

  • Негизги алдын алуу эрежелери болуп:
  • чийки балыктарды жана эттерди туура кайра иштетүү;
  • азыктарды сатып алууда ишеничтүү жайлардан гана сатып алуу;
  • көчөдөн, коомдук жайлардан келгенден кийин колду жылуу суу жана самын менен таза жуу;
  • имарат-жайында чымын, таракан жана башка курт-кумурскаларды жок кылуу;
  • ичеги курттарды текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүп туруу;
  • бөлмөлөрду таза кармоо.

    Чийки балык, этти жакшы бышыруу керек. Мындай азыктарда чала даярдоодо бул курттарды жугузуп алуу коркунучу жогору. Жогорку температурадан өтпөгон- суши, кан, чийки жумуртка же башка эт сүйгөндөрдүн баарына тиешелүү. Эксперттер табигый рыноктордо азык-түлүк сатып алууну сунуш кылышпайт. Сууну ишенимдүү булактардан гана колдонулушу керек. көчөдөн, коомдук жайлардан келгенде, айрыкча топурак менен иштегенден кийин жана тамак ичердин алдында колду жылуу суу жана самын менен таза жуу керек. Бөлмөдө зыяндуу курт-кумурскалардын кобойүүсүнө жана пайда болуусуна, айрыкча, ашканада аларга каршы күрөшүү керек.

    колдуу жуу
    Жаныбарлардын тиричиликтери.

    "Кош бойлуу" эркек тайчалары.

    деңиз тайчалары

    Куут маалында эркеги ургаачыларына сүзүп келет да бири- бирине жакындашат, ошол мезгилде эркеги өзүнүн чөнтөкчөсүн ачат. Ал эми ургачысы өзүнүн бир канча жумурткаларын анын чөнтөкчөсүнө чачат. Эркеги муундардын кийинки орчүүсүн улантат.

    Тармал чач аттар.

    тармал чач ат

    Бул өтө сулуу абдан сонун жандыктарды аз билебиз! Мындай аттар, өдөрүнүн сулуулугу жана табигый күчү менен айырмаланган планетанын жандыктардын бири болуп саналат. Булар адамдын сүйүктүү жаныбарлар рейтингинде дайыма биринчи орунда болуп келген. Бирок, алардын канчалык ар түрдүү жандыктар экенин, баары эле биле беришпейт,.

    Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз жана атты элестетүү аракет болсо, анда ал жерде белгилүү бир жол башчы болушу мүмкүн эмес. Бул талкуулана турган тукум, балким сизге толук тааныш эмес.Аларды Curlies (коддон) деп аташат, эгерде бул кереметтүү жандыкты биринчи көрсөңүз, анда булар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн эң сүйкүмдүүсү деп түшүнөсүз. Бул аттарды тармал кылган гендери бар. Мүмкүн. аттарды кудайым өзү тармал кылып жараткан окшойт. Адамдар, бул керемет аттарды көрүү үчүн бүт дүйнө боюнча тизилишет!

    Өздөрүн клондоштурууга жөндөмдүү жаныбарлар

    комод ажыдаары

    Жер жүзүндө көптөгөн жаныбарлар клондоштуруу жолу менен көбөйүшө алат. Комодо ажыдары партеногенез жолу менен көбөйүшкөнүн, биологдорду 2006- жылы таң калтырган. Эки ургачы, эркектеринин катышуусуз эле, биринен кийин экинчиси төрт жана сегиз жаңы муунду берген. Ошентсе да, төрөлгөн, кескелдириктин ДНК эки эселенген, жөн эле көчүрүлуп албастан. Буга чейин комод ажыдары мындай жөндөмдүүлүктү көрсөткөн эмес.

    Гигант канатту жегич -жөргөмүш

    Канатту жегич -жөргөмүш

    Гигант канатту жегич -жөргөмүш өздөрүнүн жанында адамдар сыяктуу үй жаныбарларын кармоого үйрөнүшкөн. Биз кичинекей бака (америка узун тумшук) тууралуу сөз кылып жатабыз. Бул бакалар жөргөмүштүн жумурткаларына кам көрүшөт. Чынында, жумурткаларга ар дайым курт-кумурскалар кол салышат, ал эми бака аларды жеп жок кылат. Бул жерде абдан маанилүү симбиоз жүрүп турат. Баканын ар дайым тамагы бар, ал эми уулу жөргөмүш баканын бардык душмандарынан коргоп турат.

    Комод ажыдаары

    Зымырыт таракан куйрук

    Комод ажыдаары таракандарга кол салып, аларды шал кылат. Аары эки жолу уусу менен чагат – биринчисинде – каршы көрсөтпөсү үчүн, ал эми экинчи жолу ал таракандын мээсине өтө так ийнесин саят. Тараканды экинчи сайуусу алдыга жылуу жөндөмүнөн ажыратат. Андан кийин куйрук таракан анын антеннасынан тартып, өзүнүн тешигине алып кирип кетет. Ал жерде анын курсагына жумурткасын таштайт да аны өзүнүн тешигине калтырат. Пайда болгон личинкалар тараканды тамак катары колдонот.

    Тихоходкалар

    Тихоходкалар

    Тихоходкалар ири массалык кырылууну башынан өткөрүшкөн. Алар биринчи жолу 1773- жылы ачылган жана аларды суу аюлары деп аташкан. Алар өтө курч ооз аппараты менен куралданышкан. Булардын тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, нерв жана жыныс системалары бар; бирок, дем алуу жана кан айлануу системалары жоголгон. Дем алуусу - тери, ал эми кандын ролун – дене көңдөйүндөгү суюктук аткарат. Алар аябай чыдамкай болуп саналат. -193 ° С суюк абада 20 ай туруштукта жашай алат. Тихоходкаларды болжол менен 570 000 X-рентген иондоштуруучу нурлануусунда 50% ын өлтүрөт. Адамдын радиация уулануу дозасы 500 рентген. Булар, 6000 атмосфералык (Мариананын төмөнкү учурунан дээрлик 6 эсеге жогору басым деңгээлинен) басым астында тирүү калат.. Алар космосто 10 күн өткөндөн кийин аман калышат. 120 жылдан кийин чөлдөн алынган мохторду сууга кайра салып коюшкан, андагы тихоходкалар тирилип жана көбөйүүгө жөндөмдүү болушкан.

    Качан Дербиш краб

    Рактар (суу чаян)

    Качан Дербиш крабдар эски раковиналарынан чыкканда, алар өздөрүнө андан да чоңурак башпаанек табышат. Андан кийин эскирген раковиналарын кайсы бир жаштарына өткөрүп беришет.

    Джонсон Чуандын таң каларлык канаттуулары

    Джонсон Чуа (Johnson Chua)— Сингапурдун таланттуу сүрөтчусу . Ал жаратылышты жана жаныбарларды абдан сүйөт, айрыкча анын канаттуулар жөнүндөгү сүрөттөрү абдан жакшы болот.

    канаттуулар


    канаттуулар


    канаттуулар
    Тестти өтүңүз
    Тестти өтүңүз