Биология:Биологияга киришүү
Содержание
[убрать]- 1 Биология - тиричилик жөнүндөгү илим
- 2 Тирүү организмдердин негизги касиеттери
- 3 Жандуу организмдердин көп түрдүүлүгү
- 4 Биология илиминин негизги маселелери
- 5 Жандуулардын уюшуу деңгээлдери
- 6 Биология илиминин изилдөө методдору
- 7 Биология илиминин мааниси
- 8 Биология илминин жетишкендиктери
- 9 Айлана - чөйрөнү коргоо
- 10 Глоссарийлер
- 11 Бул кызыктуу
- 12 Библиография
Биология - тиричилик жөнүндөгү илим
Бул грекче биос (тиричилик) жана Logoc (сөз, окуу) Биология – тирүү организмдерди - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн окуп үйрөнүү болуп саналат. Ошондуктан, жандуу жаратылыш дүйнөсү 4 топко жана вирустарга бөлүнөт.

Тирүү организмдердин негизги касиеттери

Клетка - бир клеткалуулардын, көп клеткалуулардын жана клеткасыз формалардын түзүлүш, тиричилик жана өнүгүшүнүн негизин түзөт. Клетка - тиричиликтин негизги касиеттерин камсыз кылып тургандыгына байланыштуу жандуу материя жансыз жаратылыштан айырмаланып турат.
Жандуу организмдердин көп түрдүүлүгү
Жандуулар Жер жүзүндө ушунчалык ар түрдүү формада болуп, алардын ичинен бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн 350 миң, 1,5 млн. жаныбарлар, ал эми козу карындардын жана прокариоттордун көптөгөн түрү биздин планетада таралган. Окумуштуулар организмдердин жаңы түрлөрүнүн ачылышын гана баяндап жазбастан, алардын арасынан жок болуп кеткен түрлөрүн да изилдеп келишет.
Биология илиминин негизги маселелери
Биология илминин негизги маселелеринин бири болуп жандуу организмдердин жалпы касиеттерин ачуу, алардын көп түрдүүлүгүнүн себептерин баяндап, түзүлүшүндөгү байланыштарды айлана- чөйрөнүн шарттары менен айкындоо. Биология илиминин дагы бир эң негизги маселеси -Жердеги тиричиликтин келип чыгышын жана анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн (эволюциялык окуу) изилдөө болуп саналат.
Жандуулардын уюшуу деңгээлдери
Жандуу материяны башкача айтканда биологиянын уюшуу деңгээлдерин төмөндөгүдөй деңгээлдерге: молекулалык, клеткалык, ткандык, организмдик, түр - популяциялык экосистемалык жана биосфералык деп айырмалайт.
Биология илиминин изилдөө методдору
Биологияда ар түрдүү методдор колдонулуп келет. Алардын арасынан тарыхый метод – ар кандай тарыхый фактыларды топтоо жүргүзүлөт. Ал эми салттуу (традициялык) методго – баяндоо методу, инструменттик методдорго: микроскопия (жарык -оптикалык жана электронндук), элекрографиялык, радиолокациялык ж.б.
Биология илиминин мааниси
Адам баласынын жошоосунда биологиянын мааниси зор. Ал эми айыл чарбасындагы жогорку түшүмдүү породалар, маданий өсүмдүктөрдүн сорттору, микроорганизмдердин селекциясы жана антибиотиктердин түрлөрү тукум куучулук жана өзгөргүчтүктүн мыйзамдарынын жетишкендиктери аркыуу ишке ашып келет. Биологиядагы чоң жетишкендиктердин бири –белок биосинтезинин механизминин изилдениши жана фотосинтез процессинин сырлары аркылуу өсүмдүк жана жаныбарларсыз органикалык заттарды синтездөөнүн колдонулушу болуп саналат. Планетада улам барган сайын калктын өсүшүнө байланыштуу биология илиминин келечектеги практикалык мааниси дагы бир канча эсе өсөт. Бул процесстин жүрүшүндө жогорку тушүмдүү микроорганизмдердин, өсүмүдүктөрдүн, жанаыбарлардын жаңы түрлөрү жана жаратылыш ресурстарынын байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу талап кылынат.
Биология илминин жетишкендиктери
Ген инженериясын пайда кылууда тукум куучулуктун (гендерин) структуралык бирдигинин молекулалык түзүлүшүнүн ачылышы чоң роль ойноду. Бул метод аркылуу тукум куучулуктун белгилерин жана касиеттерин комбинациялоо аркылуу жараталышта кездешпеген түрлөрдү пайда кылуу мүмкүчүлүк болду. Ал эми биология илиминин практикалык жетишкендиктери болуп: өнөр жай жолу аркылуу биологиялык активдүү заттарды бөлүп алуу болуп саналат.
Айлана - чөйрөнү коргоо
Бүгүнкү күндө айлана- чөйрөнүн тазалыгы -андагы жандуу организмдерди коргоо же жок кылуу, автоунаалардын кыймылдаткычтарын жөнгө салуу, уу заттарды бет келди агызуу ар бир адамдын жүрүм- турумдарынан көз каранды экенин белгилүү. Ошондуктан, айлана- чөйрөгө болгон терс мамилелерди эске алуу менен бирге өзүбүздүн жашообузду коргоп жаткандыгыбызды унутпашыбыш керек.
Пайдалуу байланыштар Викториналар Тестик иштер Биомузыка Бактериялардын көбөйүшүнө ооз көңдөй чайкоочу дарынын таасири Биологияны окуйбуз Биологияны окуп- үйрөнүүнүн 11сунушу Биология Феш- анимациялары
Глоссарийлер
Метод- илимий билимдерди пайлануудагы ыкмалардын системасы
Илимий фактылар – бул сандык жана сапаттык объектилерди \ заттарды мүнөздөөчү эксперименттердин жана байкоолордун жыйынтыктары
Микроскопия (жарык - оптикалык жана электрондук) – (МКС) (грек. μικρός — өтө майда, кичине жана σκοπέω — көрөм) — микроскоптун жардамы менен заттарды \объектилерди окуу Алардын бир канча түрү: оптикалык микроскопия, электрондук микроскопия, көп фотондуу микроскопия, рентген микроскопиясы, рентген лазерлүү микроскопия
Элекрография - (ксерогра́фия) — метод репрогра́фия, мында лазердик принтер жана көчүрүүчү аппараттар иштейт
Радиолокация – илимде же техникада кайсы бир координаттарды радиотолкундар аркылуу аныктоо
Тукум куучулук – организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчөлүктөрүн кийинки муундарга берүү касиети
Өзгөргүчтүк - организмдин жеке өрчүшүндө (онтогенезде) жаңы белгилерге ээ болуу касиети
Селекция - Селе́кция (лат. selectio «тандоо, ылгоо») - адам өзүнө керек өсүмдүк сортун же жаныбар породаларын алуу методун иштеп чыгуучу илимдин тармагы
Микроорганизмдердин Штаммы - (нем. Stamm, «тулку», «негиз») – микроорганизмдердин таза культурасы
Ген – грекч. γένος — род) — жандуу организмдердин тукум куучулугунун структуралык жана функционалдык бирдиги.
Ген инженериясынын жардамы менен рекомбинациялык генди түзүп, аны көбөйтүп, клеткага киргизүү, гендерди жасалма жол менен синтездөө, алардын клеткада иштөөсүн камсыз кылуу
ДНК - Дезоксирибонуклеи́н кислота́сы (ДНК) — макромолекула, узун нуклеотиддерден түзүлгөн полимердик молекула. Клеткада тукум куучулук маалыматты сактайт
РНК - нуклеин кислотасы, нуклеотиддердин полимери , курамы оротофосфор кислотасынын калдыгы, рибоза жана азоттук негиз
Нуклеин кислотасы - биополимерлер, анын негизги кызматы –генетикалык маалыматтарды сактоо жана аны укумдан тукуга берүү. Нуклеин кислотасынын эки тиби- дезоксирибонуклеин (ДНК) и рибонуклеин (РНК) бар.
Бул кызыктуу
Библиография
- Жер бетинде тиричиликтин келип чыгышы https://ru.wikipedia.org/wiki/ (дата обращения: 05.04.2018)
- Биологиянын методдорунун изилдениши https://ru.wikipedia.org/wiki/ (дата обращения: 05.04.2018)
- Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү. / https://kyrgyzstan.orexca.com/rus/nature.shtml(дата обращения: 05.04.2018)
- Биология китеби. Окуучулар үчүн энциклопедия.(дата обращения: 05.04.2018)
- Энциклопедия Аванта- окуучулар үчүн / https://www.olx.ua/.../entsiklopediya-izdatelstva-avanta-tom-biologiya-IDpbTD4.html(дата обращения: 05.04.2018)
- Чоң энциклопедия (иллюстрациялары менен ) (дата обращения: 05.04.2018)
Эң узун клеткалар – өсүмдүк буласы (текстиль бананы) узундугу 3,5 м. чейин жетет. Өсүүчү клеткалар өтө күчтүү, ал асфальтты да жиреп чыгууга да жөндөмдүү. Кырк муун өсүмдүгүнүн сабагынын катуулугу темирди да чийгилеп кетет.
Кадимки жирафтын кан басымы жана жүрөгү эң чоң, андан тышкары тилинин өңү кара жана анын узундугу 45 см чейин жетиши мүмкүн.
Аарылар 1 килограмм бал жасаш үчүн 2 млн. гүлдөргө конуп чыгат экен.
Шимпанзе – күзгүдөн өзүн тааныган бирден бир жаныбар.
Крокодил суунун түбүнө сүзүш үчүн таштарды жутуп алат экен..
Бул кызык секирген жаныбардын куйругу анын тең салмактыгына жардам берет
➤ Мышыктар тукумуна кирген бул жаныбардын жумшак таякчасы бар, анда учтуу тырмагы бар
➤ Анын куйругу жайында боз, ал эми кышында ак
➤ Анын куйругу сабоого окшош аны менен курт- кумурскаларды чагат
➤ Мурду тыйындай, куйругу кайырмактай
➤ Анын жумшак саргыч куйругу токойдон көрүнгөнсүйт жана өзүнүн кожоюнуна секиргенге жардамдашат
➤ Коркок жөнүндө анын куйругу сыяктуу кырымды салам дейт
➤ Ал тешиктен бир балыктын куйругун кармады
➤ Бул ири мурундун куйругуна караганда, анын мурду узунураак
➤ Анын жумшак узун куйругу өзгөчө кар жааганда өзүнүн кожоюунун изин жакшы жок кылат
Заманбап химиялык өндүрүштөр бизге курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн көптөгөн ыкмаларын сунуштап келет, бирок алардын көпчүлүгү адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Ал эми лимон жана гвоздика химиялык заттарга караганда абдан эффективдүү келип үй жаныбарларына жана адамдын ден соолугуна коопсуз.