БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Экология

Экологиянын негиздери

Экология (грек тилиндеги οικος – үй жана λόγος - билим) – жандуу жана жансыз табияттын өз ара аракетин изилдеген илим.

Экология – бул жандуу организмдин жана айлана чөйрө менен өз ара аракетин, жаратылыштын закон ченемдүүлүктөрүн изилдеген илим, анын негизин 1866 жылы Эрнст Геккель аныктаган. Бирок адам зат байыркы замандан баштап жаратылыштын сырлары менен кызыгып, аны сактап жүрүшкөн.

Экология эки негизги меселени изилдейт:

  • айрым организмдерге чөйрөнүн шарттарынын таасирин
  • микроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көп түрлөрдөн

турган туруктуу экологиялык системасынын - биоценоздун сырткы чөйрөсүнүн өз ара аракеттенишинин негиздерин. Андан тышкары экология жердин биосферасынын өнүгүүсүнүн толугу менен жалпы суроолорун чечет.

Айлана чөйрөнүн абалы техникалык процесстин өнүгүүсү менен начарлай баштады, бул дүйнөлүк коомдун маселеси . Адамдардын байкоосу боюнча аба булгана баштады, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү жоголууда, сайлардагы суулар начарлоодо. Алар жана андан башка кубулуштар экологиянын маселелери деп атала баштады.



Глобалдык экологиялык маселелери

Локалдык экологиялык маселелердин көпчүлүгү глобалдык меселелерге айланды. Дүйнөнүн конкреттүү чекитиндеги кичинекей экосистеманын өзгөрүштөрү жалпысынан Планетанын экологиясына таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, Гольфстрим океандын агымынын өзгөрүшү климаттын өзгөрүшүнө, Европадагы жана Түндүк Американын климатынын сууктылышына алып келет. Азыркы күндө окумуштуулар бир нече глобалдык экологиялык маселелерди аныкташты. Планетанын жашоо тиричилигине коркунучтуу, актуалдуу кээ бирлерин мисалы катары көрсөтөлүк:

Глобалдык экологиялык маселелери


Бул глобалдык маселелердин толук тизмеси эмес. Кээ бир катастрофалар кирген экологиялык проблемалар – биосферанын бузулушу жана глобалдык жылуулуктун башталышын мүнөздөйт. Жыл сайын абанын температурасы Цельсия боюнча 2 градуска көтөрүлүп турат. Анын себеби бул парниктик газдар. Газдын жогорку концентрациясынын жыйынтыгында полюстардагы муздар ээрип, суунун деӊгээли көтөрүлүп, континенттердин жана аралдардын чөгүшүнө алып барышына мүмкүн. Бул пайда болгон катастрофаны токтотконго глобалдык жылуулуктун көтөрүлүшүн төмөндөткөнгө же токтотконго өз ара иш аракеттерди иштеп чыгып жана иш – чараларды пайда кылыш керек.

Айлана чөйрөнүн шарттары жандуу организмдерге түз же кыйыр таасирин тийгизет. Айлана чөйрөнүн шарттарынын айрым компоненттери ыӊгайланышкан реакциялар менен жооп берген жандуу организмдерге таасир тийгизендер чөйрөнүн факторлору же экологиялык факторлор деп аталат. Чөйрөнүн факторлору абиотикалык, биотикалык жана антопогендик болуп бөлүнөт.

Чөйрөнүн факторлору




Жашоо тиричиликке жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн таралышына органикалык эмес факторлордун жыйындысын абиотикалык факторлор деп аталат. Алар физикалык, химиялык жана эдафикалык деп бөлүнөт.

Физикалык факторлор - булар физикалык абалы же кубулуштар (механикалык, толкундуу ж.б.) булагы болгондор. Мисалы, температура.

Химиялык факторлор – булар чөйрөнүн химиялык курагынан келип чыккандар. Мисалы, суунун туздуулугу, кычкылтектин камтышы ж. б.

Эдафикалык (же топурактуу) факторлор – бул организмдерге жашоо тиричиликтин чөйрөсү болгон жана өсүмдүктөрдүн тамыр системасына таасир тийгизген химиялык, физикалык менен механикалык топурактын жана тоо тектердин жыйындысы.



Негизги экологиялык факторлор

Температура, экологиялык факторлор катары болот. Бергмандын эрежеси, Аллендин эрежеси.

Температура


Температура - манилүү экологиялык факторлордун бири, ага Планетадагы тириликтин сакталышы, анын формалары жана түрлөрү көз карандуу болот. Адамдын жашоо тирчилиги да айлана чөйрөнүн температурасына түздөн түз өз ара байланыштуу. Температура организмдердин тиричиликтин көп жактарына зор таасирин тийгип турат: Алардын географиялык таралышына, көбөйүшүнө жана температурага көз карынды организмдердин башка касиеттерине таасирин тийгизет. Жашоо тиричиликке жашаганга жагымдуу температуранын арымы - 200 0 С ден +100 0 С ортосунда болот, кээ бир бактериялар 250 0 С ысык булактарда жашайт. Чындыгында, организмдердин көпчүлүгү андан да кууш арымда жашашы мүмкүн.

Бергмандын эрежеси: төмөнкү температуралык аймактарда жашаган жаныбарлардын эреже катары дененин өлчөмдөрү жылуу зоналарында жана аймактарда жашагандарга караганда көлөмдүү болот.

Аллендин эрежеси: төмөнкү температура аймактарында жашаган жаныбарлар эреже катары денеден чыгып турган бөлүктөрү (кулактар, куйругу, таманы, мурду) жылуу зоналарда жана аймактарда жашагандарга караганда кыскараак болот.

Жарык экологиялык фактор катары. Фотопериод жана фотопериодизм жөнүндөгү түшүнүк.

Свет


Жарык экологиялык фактор катары өтө манилүү, анткени фотосинтездин процессиндеги энергиянын булагы болот, б.а. органикалык эмес органикалык заттардын пайда болушуна катышат. Ал жаныбарлардын физикалык касиеттери менен аныкталган жашоо тиричилигинде зор жана ар түрдүү ролду ойнойт.

Фотопериод – бул 24 саат ичинде күндүн жарык жана караӊгы убактысынын алмашуусу. Мээлүн климаттык аймактарда жылдын убактысына байланыштуу фотопериод өзгөрүп турат (кышында – кыска жарык күндөр, жайында - узун), экватордо ал жылдын ичинде ал туруктуу болуп турат. Организмдердин өсүшүнө жана өөрчүшүнө зор таасирин тийгизет.

Фотопериодизм (грек. тилинде photos – жарык) – жарыктын тартибинин күндүк ритмикасы менен байланыштуу организмдердин жүрүм – турумунун жана жашоо тиричилигинин өзгөчөлүктөрү. Өсүмдүктөрдө күндүн узундугу 10- 12 сааттан ашык болгондо өнүүгүсүнүн басаӊдалышы менен байланыштуу (кыска күндүк өсүмдүктөр, мисалы, таруу) жана өнүүгүсүнүн басаӊдалышы күндүн тийишинин азайуусунда (узун күндүк өсүмдүктөр, мисалы, буудай). Жаныбарлар да күндүк жүрүм – турумунун доору менен байланыштуу (эртең мененки, күндүк, кечки активдүүлүгү, деӊиз планктондун кээ бир организмдердин вертикалдуу миграциялары).

Суу экологиянын фактору катары. Ариддик жана гумиддик шарттар. Эфемерлер жана эфемероиддер.

Вода

Суу бул өсүмдүктүн организмдеринин негизги бөлүгү. Анын курамы организмдин массасынын 90% камтыйт, жана ал бардык жашоо тиричиликтин көрүнүштөрүнө түз же кыйыр катышат. Суу – бул бардык зат алмашуунун процесстеринин өткөн чөйрөсү.

Ал цитоплазманын негизги бөлүгүн түзөт, анын стуктурасын тирейт. Белоктордун, нуклеин кислоталарынын молекулаларынын, мембраналардын өзүнүн структурасын жана активдүүлүгүн сакталышында, суутек байланыштардын болушунда. Суунун жогорку курамы клетканын ичиндегинин (цитоплазманын) жылып турушун мүнөздөйт. Гидролиздик бардык реакциялар, кычкыл – калыбына келүүчү реакциялар суунун катышы менен өтөт.

Суу өсүмдүктөрдүн температурасынын туруктуулугуна түрткү берет. Суу – ар түрдүү заттардын эриткичи, ал өсүмдүктөр боюнча минералдык, органикалык заттардын жана газдардын транспортоодо катышат, биохимиялык айлануусунун катышуучусу. Ал фотосинтезге, дем алууга, гидролитикалык реакцияларга катышат, андан тышкары кычкылтектин булагы болот. Суу органдардын бир бири менен байланышын, алардын иш аракеттинин координациясын камсыз кылат. Ошондуктан мындай корутундуга келибиз: суу эӊ кеӊири таралган жана эӊ манилүү жаратылыштагы суюктук. Жетишээрлик айтсак, суудадан жашоо пайда болгон. Ансыз жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосу мүмкүн эмес.

Биотикалык факторлор – бир организмдердин жашоо иш аракетинин башка организмдердин жашоо иш аракетине (түрлөрдүн ичиндеги жана түрлөрдүн ортосундагы өз ара аркеттиниши) жана жансыз тиричиликтин чөйрөсүнө таасиринин жыйындысы. Мисал: уялоонун ордун, аймактардагы таралышынын аянты үчүн түрлөрдүн ичиндеги конкуренция; түрлөрдүн ортосундагы – нейтрализм, конкуренция, мителик, жырткычтык ж.б. токойдун микроклимат же микрочөйрө бул жансыз жаратылышка биотикалык факторлордун таасири мисал болот, ал жерде ачык жашоого караганда температуралык жана нымдуулуктун режими пайда болот: кышында жылуурак, жайында – нымдуураак жана салкыныраак.

Биотикалык факторлор

– организмдердин жашоо тиричилигине таасирин тийгизген жандуу чөйрөнүн факторлору.

Биотикалык факторлордун бөлүнүшү:

  • Мутуализм – организмдер өз ара аракеттенгендигинин пайдасынын көрүүсү

- симбиоз (козу-карын + балыр)

- протокоперация (гүл + аары)

  • Комменсализм – бири пайдасын көрөт, экинчиси – эч нерсени көрбөйт.

- арам тамактанган (башка особдон тамактанган)

- табакташ (кошулушуп тамактанган)

- квартиранство – башка организмдин уясында же ийининде же денесинде жашоочу

  • Жырткычтык
  • Митечилик
  • Конкуренция Атаандаштык
  • Нейтрализм– түр ортосундагы мамилелердин бейтараптыгы (өсүмдүктөрдө амелопатия, бир өсүмдүктү заттарды бөлүп чыгаруусу, ал учурда анын башка өсүмдүктү кыйноосу)

Антропогендик факторлор – айлана табият чөйрөгө таасир тийгизген адамдын иш аракети (атмосферанын жана гидросферанын булганышы, топурактын эрозиясы, токойлорду кыюу ж.б.)

Чек койгон (чектелген) экологиялык факторлор – бул керектик менен салыштырмалуу (оптималдуу кармалышы) азыктандыруучу заттардын жетишпегендигинен же ашып кеткендигинен организмдердин өнүгүүсүн чектеткен факторлор.

Ошентип, ар түрдүү температураларда өсүмдүктөрдү өстүрүүдө максималдуу өсүүнүн тобу оптимум болот. Дагы өсүмдүктөргө өсүүгө мүмкүнчүлүктү минималдуудан баштап максималдуу температурлардын аралыгы туруктулугунун арымы деп аталат. Аны чектеткен тобу, б.а. жашоого жарактуу минималдуу жана максималдуу температуралар – туруктулуктун чектери болуп эсептелет. Оптимум зонасынан жана туруктуулуктун зонасынын ортосунда аларга жакындаганда өсүмдүктөр стрессти сезет, б.а. туруктуулуктун зонасынын диапазонунда стресс зоналарлар же эзүүнүн зоналары жөнүндө сөз болот.

Чек койгон (чектелген) экологиялык факторлор


Химик Ю.Либих 1840 ж. чектелген факторлордун түшүнүгүн сунуштаган. Либих топурактагы ар түрдүү химиялык заттардын курамынын өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн таасирин изилдегенде анын негизин сунуштаган: минимумда болгон зат түшүмүн башкарат жана анын көлөмүн жана убакытындагы туруктуулугун аныктайт. Бул принциби Либихтин минимумдук закон ченемдүүлүгү деп аталган.

Либихтин закону организмге тийгизген абиотикалык жана биотикалык факторлор менен байланыштуу. Буга мисал башка түрлүк жагынан конкуренциясы, мисалы, жырткыч жана мите, болушу мүмкүн. Сунушталган закон ченемдүүлүк өсүмдүүктөрдө жана жаныбарларда болот.

Либих көрсөткөндөй жетишпегендигин же ашып кеткенин четтеткен фактор болушу мүмкүн, мисалы, жылуулук, жарык жана суу. Мурда токтогондой организмдер экологиялык максимуму жана минимуму менен аныкталат. Бул эки чоӊдуктардын ортосундагы арым туруктуулуктун же толерантуулуктун чектери деп аталат. Жалпы түрүндө организмде экологиялык факторлордун татаал таасири толерантуулуктун закон ченемдүүлүгүн чагылдырат.

“Толерантуулуктун экологиясы” боюнча көп сандагы изилдөөлөр өткөрүлгөн, алардан көп өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосунун чектери белгилүү болду. Мисалы бул адамдын организмине атмосфералык абанын булгап турган заттын таасири (2 сүр.).

“Толерантуулуктун экологиясы”


2 – сүрөт. Адамдын организимине атмосфералык абанын булгап турган затынын таасири.
Макс – максималдуу турмуштук активдүүлүгү
Мүм – мүмкүн турмуштук активдүүлүгү
Опт – оптималдуу турмуштук активдүүлүгү
ЧМК – четтеген мүмкүн болгон концентрация
Өлүм - өлүмгө алып баруучу концентрация

Айлана чөйрөнүн сакталышында так манилүү организмдердин зыяндуу заттарга туруктуулугунун үстүнкү чектери.

Ошентип булгап турган заттын иш жүзүндөгү концентрациясы Сфакт ден ашпаш керек СпдкфактСпдк = Слим).

Четтеткен факторлордун (Сч) концепциясынын баалулугу экологдорго татаал жагдайларды изилдөөдө жөнөтүп турган чекити. Эгерде организимге салыштырмалуу туруктулук менен айырмаланып турган факторго толерантуулуктун кеӊири арымы мүнөздүү болсо жана ал чөйрөдө орто сандуу болсо, анда ошол фактор четтеген фактор болор бекен. Тескеринче эгерде организмдин толерантуулуктун кууш арымы белгилүү болсо, анда так ошол факторду изилдеш зарыл, аткени ал четтеттилиши мүмкүн.

Ошентип, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ар бир түрүнүн жашоосунда чөйрөнүн факторлорунда оптимум, стресс зоналарына жараша жана туруктуулуктун (чыдамдуулуктун) чектери болот. Эгерде фактор чыдамдуулуктун чектерине жакын болсо адатынча организм кыска убакытка сакталат. Куушурак шарттардын интервалында особдордун болушу жана өсүшү мүмкүн. Андан да кууш арымына көбөйүү да кирет жана түр чексиз болушу мүмкүн.

Адатынча туруктуулуктун арымынын ортосунда жашоо тиричиликке, өсүшүнө жана көбөйүшүнө жагымдуу шарттары бар. Бул шарттар оптималдуу деп аталат, аларда бул түрдүн особдору өтө ыӊгайланган, б.а. укум – тукумдун көп санын калтырат. Тажрыбада андай шарттарды бөлүп чыгаруу өтө татаал, ошондуктан дайыма оптималдык иш аракетинин айрым көрсөткүчтөрүн аныкташат (өсүүнүн ылдамдыгы, тирүү калуу ж.б.).

Экологиянын негизги закондору (оптимумдун, минимумун, чектеткен фактору)

Оптимумдун: ар түрдүү организмде ар кандай фактордун үстүнкү жана алдынкы чыдамдуулуктун чектери бар, чектен чыкканда тиричилик мүмкүн эмес.

Минимумдун: организмге таасир тийгизген көпчүлүк факторлордон эӊ манилүү керектүүлөрдөн өтө айырмаланганы болот.

Чектеткен фактордун: чыдамдуулуктун чектерине жакындаган же андан чыгып кеткен ар кандай фактор чектеткен деп аталат.



Основные законы экологии

  • Экологиянын негизги закон ченемдүүлүктөрү
  • Киришүү
  • Жалпы экологиянын закондору, принциптери жана экологиянын эрежелери
  • Заттын сакталышынын жана энергиянын сакталышынын закондору
  • Энергиянын сакталышынын закону биринчи термодинамиканын закону
  • Термодинамиканын экинчи законунун (негизи, башы) аныктоосу
  • Атомдордун биогендүү миграциясынын закону
  • Атомдордун биогендүү миграциясынын закону
  • Ички динамикалык теӊдештиктин закону
  • Генетикалык ар түрдүүлүктүгүнүн закону
  • Туруктуулуктун закону
  • Энергиянын максимумдун закону
  • Биогендик энергиянын максимумдук закону
  • Минимум закону
  • Факторлордун интенсивдүүлүгү
  • Опимумдун закону
  • Табийгый ресурстардын чектелгендигинин закону
  • Энергиянын агымынын чогуу багытталышы
  • Оптималдуулуктун закону
  • Энергиянын пирамидасынын закону
  • Жашоо шарттын окшоштугунун закону
  • Айлана чөйрөнүн өнүүгүсүнүн закону
  • Табигий факторлордун биргелешкен иш аракеттинин закону
  • Толерантуулуктун закону
  • Жердин катмарынын жабыркатышынын закону
  • Жандуу организмдердин физикалык – химиялык бирдигинин закону
  • Экологиялык корреляциянын закону
  • Сохрани мир вокруг себя


Экологиялык факторлордун өз ара иш аракетинин закону


Түрлөрдүн экологиялык индивидуалдыгынын закону


  • Барри Коммонердин экологиялык закондору
  • Коммонердин экологиялык закону
  • Экологиянын биринчи эакону
  • Экологиянын төртүнчү закону


Экологиялык толерантүүлүк – айлана чөйрөнүн шарттарынын кенен арымында (анын ичинде ыӊгайсыз шарттарда) организмдердин жашаганга жана жетилүүгө (өнүктүрүүгө) жөндөмдүүлүгү. Эврибионттор – айлана чөйрөнүн шарттарын бир кыйла өзгөрүүлөрүндө жашаганга жөндөмдүү жаныбар жана өсүмдүк организмдери. Түрдүн эврибионтүүлүк ыӊгайсыз шарттарды анабиоздук абалында болгондогу жөндөмдүүлүгүн көтөрөт. Ошондой түрлөргө карагай, кызыл карагай, ак кайын, көпчүлүк отоо чөп өсүмдүктөрү кирет. Жаныбарлардын дүйнөсүнөн – ит, келемиш чычкан кирет. Канаттуулардан – таранчы, кашка чымчык, көгүчкөн ж.б.

Стенобионттор – бул фактор боюнча чыдамкайлыгынын кууш арымы менен түрлөрү. Алар жашоосунда өзгөчө шарттарды талап кылат. Мисалы: муз балыгы, форель, пингвиндер, колибри ж.б.

Толерантуулуктун закону (В.Шелфордуку): организмдердин гүлдөшү белгилүү экологиялык факторлордун максимумдук жана минимумдук зоналары менен чектелген. Алардын арасында оптимумдун зонасы жайланышат. Ар бир түр толерантуулук – экологиялык факторлордун оптималдууларынын оошуна жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Г.Е.Хатчисон сунуштаган экологиялык нишанын модели этө жөнөкөй: ар түрдүү факторлордун интенсивдүүлүгүнүн мааниси алардын ортогоналдык проекцияларында алынып коюлушунун жетиштүүлүгү, ошону менен кошо толерантуулуктун чектеринен же чекиттеринен перпендикулярларды пайда кылуусу, алар менен чектелген мейкиндиги - бул түрдүн экологиялык нишасына туура келүүсү.

Экологиялык ниша – бул чөйрөнүн факторлорунун жыйындысы, анын чектеринде организмдин бул же башка түрү жашайт, анын түрүү чексиз жашаганга мүмкүн болгон табияттагы орду. Фундаменталдык ниша – бул атандааштыксыз жашап жана гүлдөп турганга түрдүн мүмкүүчүлүгү болгон чөйрөнүн шарттары, ишке ашырган ниша – бул фундаменталдык нишанын бир бөлүгү, аны ал атаандашкандардан коргойт, эгерде атаандаштык болсо. Мисалы, кургак топурактарга ыӊгайланышкан талаа дандар – бетеге жана типчак. Чөнөктө өстүргөндө эгерде сугарып турса түшүмү жогору болот. Эгерде жер семирткич менен байытылган шалбаадан жыттуу машакты кысып чыгарган шалба түрлөрү пайда болсо, анда бетеге жана башка талаа дандары атаандашканда алардан артта калат. Бул талаа дандардын фундаменталдык нишасы талаа жана шалба жерди каптайт, анын эми ишке ашырган – талаалык эле, ал жерде алар күчтүү тамыр системасы, кууш жалбырагы, сууну сактоосу менен бууланышынын негизинде нормада өсүшөт.

Түрдүн толерантуулугунун жана экологиялык валентүүлүктүнүн арымдары айлана чөйрөгө организмдердин ыӊгайланышына көз каранды. Ар кандай түрдүн организмдеринин жыйындысы бир жерде жашап турууга ыӊгайланышына жөндөмдүүлүктүЪ болгону экотип деп аталган.

Жашаган чөйрөсү (суу, топурак, жер үстүндөгү – абалуу, организмдер)

Суу чөйрөсү. Бул чөйрө башкаларга караганда эӊ бир тектүү. Ал мейкендикте дээрлик өзгөрбөйт, андагы экосистемалардын ортосунда так чектери болбойт. Атап айтканда, температуранын амплитудасы 50 0 С дан ашпайт (жер үстүндөгү – абалуу чөйрөдө – 100 0 С чейин). Чөйрөнүн жгогорку тыгыздыгын мүнөздөйт (океан суулары -1,3 г/см 3 , тузсуз – бирге жакын). Басымдуулук тереӊдигине жараша өзгөрөт. Чектеткен факторлор – кычкылтек жана жарык. Кычкылтектин кармалышы көпчүлүк учурда көлөмүнүн 1%нен ашпайт. Сууда жылуу кандуу организмдердин аздыгынын эки себеби: температуранын анчалык чоӊ эмес өзгөрүүлүсү жана кычкылтектин жетишпегендиги. Жылуу кандуу жаныбарлардын (киттер, пингвиндер) негизги ыӊгайланышынын механизми – ыӊгайсыз температураларга каршылыгы менен мүнөздөлөт. Алардын жашоосунда аба чөйрө менен көрсөтүлгөндөй байланышы жок.

Суу чөйрөсүндө жашагандардын көпчүлүгүнүн денесинин температурасы өзгөрүп турат (пойкилотермдуулардын тобу). Суунун жогорку тыгыздыгына организмдер ыӊгайланышат, аны негизи катары пайдаланат, анын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан айырмаланбайт (планктон тобу).

Жер үстүндөгү - абалуу чөйрө. Мейкендикте касиети жана түрү боюнча эӊ татаал. Мүнөздүү: абанын төмөнкү тыгыздыгы, температуранын өтө өзгөрүүсү, жогорку кыймылдыгы. Чектеткен факторлору – нымдуулуктун ана жылуулуктун жетишсиздиги же ашып кетиши. Жер үстүндөгү - абалуу чөйрөнүн организмдерге температуранын өзгөрүүсүнүнө ыӊгайланышынын үч механизмдери мүнөздүү: физикалык (жылуулукту бөлүп чыгаруу), химиялык (дененин туруктуу температурасы), жүрүм – турум аркылуу. Суу балансын иретке салууда организмдер ошондой эле үч механизми пайдаланат; морфологиялык (дененин формасы), физиологиялык (майлардан, белоктордон жана канттардан сууну бөлүп чыгаруусу), буулануу жана бөлүп чыгаруу органдар аркылуу, жүрүм – турум аркылуу (мейкендикте негизги жайланышын тандоо). Топурактык чөйрө. Анын касиеттери суунун жана жер үстүндөгү - абалуу чөйрөлөр менен жакындатылуусу.

Ошол жердеги майда организмдердин көпчүлүгү – гидробионттор, алар эркин суунун поралардын чогулгандарында жашайт. Топуракта да температуранын өзгөрүүсү анчалык сезилбейт. Тереӊдик менен алардын амплитудасы төмөндөйт. Аба менен толтурулган поралардын болушу- жер үстүндөгү - абалуу чөйрө менен окшоштугу. Өзгөчө касиеттери: тыгыз түзүлүшү (каттуу бөлүгү же скелет). Чектеткен факторлор: жылуулуктун жетишпендиги, ошондой эле нымдуулуктун жетишпегени же ашып кеткени.

Организмдер жашоо чөйрө сыяктуу. Бул чөйрө менен мителик жана жарым мителик жашагандар байланыштуу. Бул топтордун организмдери кондицияланган чөйрөнү (температура, нымдуулук жана башка параметрлер боюнча) жана даяр же+ил сиӊген тамак- ашты алат. Жыйынтыгында бардык системалардын жана органдардын жөнөкөйлөшү, андан тышкары кээ бирлерин жоготуусу. Мителик организмдердин жашоодо эӊ начар (четтеткен) чынжыры – бул кожоюнду жоготуунун мүмкүндүгү. Бул анын өлүмүндө болушу мүмкүн. Ошол себеп үчүн мителер эреже сыяктуу кожоюнду өлтүрбөйт (акылдуу миттечелик) жана кожоюнду жоготкондо жашаганга мүмкүнчүлүгүн көтөргөн тиричилигине ылайыкташтырылгандарды пайда кылат. Ошондой шарттарда түрдүн (популяциянын) сакталышынын негизги жолу – көпкө чейин сакталган цисталардын, споралар ж.б. түрүндөгү түйүлдүктөрдүн көп сандагы болгону (“жумуртканын көп сандагынын закону”). Бул кожоюн менен жолугушунун мүмкүнчүлүгүн көтөрөт. Аралык кожоюндар көп пайдаланат.

Адам организмдердин чөйрөсүнө – кожоюнга, же мителерге түз таасир тийгизип мителердин санын көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн. Мителерди жок кылууга же азайтканга ар түрдүү ыкмаларды пайдаланат.



Суу чөйрөсү. Суу чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү жана көлмөлөрдүн экологиялык жерлери

.Гидробионттордун экологиялык топтору, өкүлдөрү

1. Нектон – активдүү кыймылдаган түбү менен байланышы жок жаныбарлардын жыйындысы. Алыс аралыкка, агыма каршы жеткенге жөндөмдүү ири жаныбарлардын денеси сүйрү формалуу жана дем алуу органдары (калак буттуулар) жакшы өнүккөн. Тузсуз – жерде сууда жашоочулар.

2. Планктон – бат жылганга жөндөмдүүлүгү болбогон организмдердин жыйындысы. Бул майда жаныбарлар – зоопланктон жана өсүмдүктөр – фитопланктон. Алар суунун үстүндө, тереӊдегинде жана түбүнө жакын жайгашат. Фитопланктон көлмөлөрдө манилүү ролду ойнойт, анткени органикалык заттын негизги продуцентти. Бул жашыл жана диатом балырлар. Тузсуз – көк –жашыл балырлар. Зоопланктон – рачоктор, жөнөкөйлөр.

3. Бентос – түбүндө жашоочуулар, алар түбү боюнча жай жылып же касып жүргөн жаныбарлар. Өсүмдүктөрдөн күрөӊ, кызыл жана жашыл балырлар болот.

4. Нейстон - суунун үстүндө жашаган организмдер

5. Плейстон – бир бөлүгү суунун үстүндө, экинчиси – суу астында. Планктон – түрлөрү, мааниси. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын суу чөйрөгө ыӊгайланышы.

Планктон (грек тил. - тентиме) – бат жылганга жана агымына каршы сүзүүгө жөндөмсүз ар түрдүү негизги майда организмдердин жыйындысы. Алар суунун үстүндө, тереӊдикте, түбүнө жакын жайланышат.

  • Фитопланктон - органикалык заттын негизги продукту (бактериялар, диатомдуу, жашыл балырлар, көк – жашыл балырлар).
  • Зоопланктон – көлмөлөрдө пайда болгон же сырттан түшкөн органикалык зат менен тамактанат, көлмөлөрдүн жана суу агымдардын өзүнүн тазаланышына жооп берет, балыктын көпчүлүк түрлөрүнүн тамактанышынын негизин түзөт (рак сымалдуулар, моллюскалар, рачоктор, медузалар).

Жер үстүндөгү - абалуу чөйрө

Бул чөйрөнүн өзгөчөлүгү: организмдер аба чөйрө менен капталат, ал төмөнкү нымдуулукту, тыгыздуу, басымдуу, кычкылтектин зор кармалышын камтыйт. Жаныбарлар да, өсүмдүктөр өзгөчө бул чөйрөдө жашаганга тиричилигине ылайыкташтыргандарды пайда кылды.

Атап айтканда:

  • жаныбарларда - өпкөлөр жана трахеялар, өсүмдүктөрдө - түктөр пайда болду
  • жаныбарлардын скелети, өсүмдүктөрдүн негизги ткандары бекем болду
  • жаныбарларда терморегуляциянын механизмдери, өсүмдүктөрдө – топурак менен

тыгыз байланыш пайда болду

  • өсүмдүктөрдө аба менен учкан уруктары, чаӊчалары ж.б. , көбөйшүнүн жаӊы

ыкмалары, жаныбарларда аба менен пассивдүү жылып жүргөндөр – аэропланктондор пайда болот. Аларда өзгөчө ылайыкташтыргандары: дененин кичинекей өлчөмдүү, бөлүктөргө бөлүнүүсү. Ошол аспекте манилүү бороон жана каттуу шамал болушу.

Чектеткен факторлору бул жетишиздиги же ашып кетиши жылуулуктун жана нымдуулуктун, кескин түрдөгү температуранын өзгөрүүсү жана жогорку деӊгээлдеги кычкылтекти камтышы. Булардын негизинду туруктуу температуралуу жаныбарларды пайда кылды.

Топурак жашоонун чөйрөсү катары. Топурактын пайда болушунун процесстери. Топурактын курамы.

Топурак бул кургактыктын үстүнкү катмары, ал тоо породаларынын бөлүнүүсүнөн жана микроорганизмдердин таасиринин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын калдыктарынын чиришинен пайда болгон органикалык заттардан жана минералдык заттардын кошундусунан турат. Топурактын үстүнкү катмарларында өлгөн организмдердин калдыктарын бузуучу ар түрдүү организмдери жашашайт (козу карындар, бактериялар курттар, майда муунакбуттуулар ж.б.). Бул организмдердин активдүү иш аракети жандуу организмдердин жашаганга жарамдуу топурактын түшүмдү көп берүүчү катмардын пайда кылышына алып барат. Анын поралуу структурасы газдын, суунун өтүшүн камсыздайт, бул топурактык организмдерге балырлар, козу карындар, жөнөкөйлөр, бактериялар, муунакбутуулар, моллюскалар жана башка омурткасыздар сыяктууларга ыӊгайлуу шарттарды түзөт.

Топурактын пайда болуусунун факторлору:

  • климат
  • материалдуу породалар
  • рельеф
  • жандуу организмдер
  • убакыты

Топурактын курамы:

  • минералдык негиз– 50 – 60 %
  • органикалык заттар – 1-10 %
  • аба – 15 – 25 %
  • суу – 25 – 35 %

Топурактын структурасы кумдун жана чопонун кармалышы менен аныкталат. Топуракта үч горизонттор бар:

1. Үстүнкү чиринди

2. Жуулган горизонту (үстүнөн жуулган заттар тунат)

3. Энелик порода (топуракты пайда кылган материал)

Топуракта жашагандардын экологиялык топтору жана алардын ролу

Топурактагы организмдердин ар түрдүү түрлөрү

  • фитофам – жандуу өсүмдүктөрдүн ткандар менен тамактанган организмдери (бээ эжеси, коӊуздар, чөп жечүү жаныбарлар)
  • сапрофам – өлгөн өсүмдүктөрдүн ткандары менен тамактанган организмдери – сөөлжан, курт кумурскалар
  • некрофил-_ өлгөн жаныбарлар менен тамактангандар (көк жалдар, каргалар)
  • жырткычтар – тирүү организмдер менен тамактангандар
  • копрофил – жаныбарлардын экскрементар менен тамактанган (кык доӊуздары)

Организм жашоонун чөйрөсү сыяктуу. Митечеликтин кемчиликтери жанаартычылыктары

Жандуу организмдери жашоонун чөйрөсү сыяктуу – бул бир организмдердин башкалары менен жашоонун чөйрөсү сыяктуу пайдалануусу.

Митечеликтин пайда болгон топтору:

  • Жөнөкөй квартиранствосу- анда бир организм башкасынын үй – жайына кирип, акырында денесине өтүп, андан кийин ичине кирет.
  • митечелик жыртык аркылуу – майдараак жырткыч чабытка кеп салып, аны ичинен жок кылат
  • Кокустан кожоюндун организмине тамак –аш менен өтөт.

Экологиялык популяция. Популяциянын статистикалык жана динамикалык мүнөздөмөлөрү

Популяция – дайыма өзгөрүлүп турган шарттарда белгисиз узактык убакытка өзүнүн санын сактаганга бардык керектүү шарттар менен камсыздаган белгилүү организмдердин элементардык группировкасы.

Популяциянын динамикалык мүнөздөмөлөрү

  • Популяциянын саны – белгилүү территориядагы особдордун саны
  • Популяциянын тыгыздыгы – аянттынын же көлөмүнүн бирдигиндеги особдордун орточо саны
  • Баланын төрөлүшү – убакыттын бирдигинде төрөлгөндөрдүн саны(b=N/t)
  • Өлүм саны – бир нече убакыттагы өлгөнгө душар болгондордун саны(d= N/t)
  • Популяциянын өсүшү – төрөлгөндөрдүн жана өлгөндөрдүн айырмасы (a=b-d)
  • Тирүү калуу – популяцияда белгилүү убакыттын аралыгындагы ар бир муундун особдорунун орточо кыскарылышынын мүмкүнчүлүгү.




Глоссарий

АБАНЫ ТАЗАЛОО – физика-химиялык методдордун жардамы менен абадагы бөлөк аралашмалардан арылтуу жана анын сапатын жаратылыштагы сапатка чейин жеткируу.

АБИОТИКАЛЫК ЧӨЙРӨ (грек тилинен а – тескери бөлукчө жана biotikos – жандуу) – организмдердин органикалык эмес жашоо шарттарынын (факторлорунун) жыйындысы.

АВТОТРОФТУК ОРГАНИЗМДЕР, АВТОТРОФТОР (грек тилинен autos – өзүм, trophe – азык) – Күндүн энергиясын (фототрофтор) же химиялык байланыштарды (хемототрофтор) колдонуу менен органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөчу организмдер; автотрофторго өсүмдүктөр жана кээ бир бактериялар киришет.

АГРОЦЕНОЗ (грек тилинен agros – талаа жана koinos – жалпы) – маданий өсүмдүктөр себилген жана отургузулган айыл чарбачылык колдонуудагы жерлерде жашаган организмдердин жыйындысы.

АДАПТАЦИЯ (лат. аdapto – ыӊгайланышуу) – курчап турган чөйрөнүн жашоосунун ар түрдүү шарттарына организмдин ыӊгайланышуусу.

АНТРОПОГЕНДИК БУЛГАНУУ – адамдардын чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан булгануу.

АРЕАЛ (лат. аrea – аянт, мейкиндик) – түр, уруу, тукум таксондорунун өөрчуусундо толук циклди өткөн жана таралган чектеги жер бетинин (территориялар же акваториялар) бөлүгү.

БАКТЕРИ(О)ЦИД – бактерияларды жок кылуучу, органикалык келип чыгыштагы химиялык зат. Ушундай эле таасирдеги органикалык эмес синтезделген зат (сулема, формалин ж. б.) антисептик деп аталат.

БАКТЕРИОФАГ – микроорганизмдерди жабыркатуучу вирус.

БЕНТОС – көлмөнүн түбүндө жашоочу организмдердин жыйындысы.

БИОГАЗ – метандык ачытуучу (болжолдуу курамы: метан – 55-65%, көмүр кычкыл газы – 35-45%, азоттун, суутектин, кычкылтектин жана күкүрттүү суутектин аралашмасы) бактериялардын катышуусунун менен целлюлозалык анаэробдук организмдер бар органикалык тиричилик таштандылардын же чириндилердин (кык, саман) ажыроо процессинде пайда болгон газдардын аралашмасы.

БИОГЕОХИМИЯЛЫК АЙЛАНУУЛАР – азык заттардын жансыз жаратылыштан (атмосферанын, гидросферанын жана жер кыртышынын запастарынан) жандуу организмдерге өтүшү жана тескерисинче жансыз чөйрөгө. Бул айлануулар кундун энергиясынын түз жана кыйыр таасири менен шартталган жана С, N, P, S, H 2 O жана бардык элементтердин айланууларын камтыйт.

БИОГЕОХИМИЯЛЫК ЦИКЛДЕР – организмдердин жашоо тиричилигинде шартталган жана циклдик мүнөздү алып жүрүүчү биосферанын ар түрдүү компоненттеринин ортосунда заттардын жана энергиянын алмашуусу, заттардын биогеохимиялык айлануусу. Бардык биогеохимиялык циклдер бири-бири менен байланышта жана жашоо тиричиликтин динамикалык негизин тузөт. Күндүн энергиясынын агымы жана жандуу заттардын тиричилиги химиялык заттардын алмашуусуна алып келген биогеохимиялык циклдердин кыймылдуу күчү катары кызмат кылат.

БИОГЕОЦЕНОЗ – салыштырмалуу мейкиндиктик чектелген, тирүү организмдер жана энергетикалык абалды, заттардын жана маалыматтардын алмашуусунун ылдамдыгын, тибин мүнөздөөчү, аларды курчап турган абиотикалык чөйрө менен өз ара таасирлешкен жаратылыш системасы. Б. – элементардык экосистема жана геосистема.

БИОИНДИКАТОР – чөйрөнүн өзгөрүшү жөнүндө, анын ичинде булгагычтардын бар болушу жана концентрациясы жөнүндо чөйрөнүн абалы жана жүрүм туруму, ошол жерде болушу менен билүүгө болгон особдордун тобу.

БИОЛОГИЯЛЫК КӨП ТҮРДҮҮЛҮК – тирүү организмдердин, ошондой эле экосистема жана экологиялык процесстердин, звенолордун көп түрдүүлүгү. Үч категорияга бөлунушу мүмкүн: генетикалык көп түрдүүлүк, түрлөрдүн көп түрдүүлүгү жана экосистемалардын көп турдүүлүгү.

БИОЛОГИЯЛЫК КЫЧКЫЛТЕКТИ КЕРЕКТОО (БКК) – көрсөтулгөн убакта (5 суткада БКК 5 ) суунун бирдик көлөмүндө камтылган химиялык булгануулардын кычкылданышына кеткен кычкылтектин санын мүнөздөгөн суунун булгагычынын көрсөткүчү.

БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР – биологиялык процесстердин жана кубулуштардын мүнөзүнүн жана интенсивдүүлүгүнүн мезгил мезгили менен кайталанып туруучу өзгөрүүсү.

БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО – биологиялык объектердин (суу өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрү, активдуу ылайлар, дарак опилкалары ж. б. у. с. аркылуу өткөрүү) жардамы менен таштандыларды зыянсыздандыруу.

БИОЛОГИЯЛЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ – зыяндуу компоненттерин, агын сууларда – алардын айкалышынан же атайын тандалып алынган культуралардын жардамы менен кокустан келип чыккан микроорганизмдердин органикалык заттарын бузуу.

БИОМ – (грек. bios – жашоо жана лат. оma – бүтүшү, жыйындысы) – атайын ландшафтык-географиялык зонадагы, мисалы, тундрада, ийне жалбырактуу токойдо, ариддик зонада жашоо чөйрөсүнүн жана организмдердин ар түрдүү топторунун жыйындысы. Мисалы, нымдуу тропикалык токойлордун биому.

БИОМАССА – ар кандай жашоо ордуларынын (кг/га, г/м 3 , кг/м 3 ж.б.) аянтынын жана көлөмүнүн бирдигине кирүүчү кургак же чийки заттардын массасынын бирдигин көрсөтүүчү түрлөрдүн особунун, топтордун түрлөрүнүн же организмдердин тобунун суммалык массасы.

БИОМАССА ПИРАМИДАСЫ – экосистемадагы продуценттер, консументтер (биринчи жана экинчи катардагы) жана редуценттердин ортосундагы, алардын массасында көрсөтүлгөн (санында – Элтон санынын пирамидасы, энергияга бекиген – энергия пирамидасы) жана графикалык модель (мындай моделдерди экологиялык пирамидалар деп аташат) түрүндө сурөттөлгөн катыш.

БИОСФЕРА (грек. bios – жашоо; sphaire – шар) – планетардык масштабдагы геохимиялык фактор катары көрсөтүлгөн тирүү организмдердин тиричилигиндеги Жердин кабыгы. Б. – Жердин эӊ чоӊ экосистемасы – планетадагы жандуу жана костук заттардын системалык өз ара таасиринин чөйрөсү. Тируу организмдер таралган атмосферанын астынкы бөлүгүн, бардык гидросфераны жана Жердин литосферасынын үстүнкү бөлүгүн камтыйт.

БИОСФЕРАЛЫК КОРУК – ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасына туура келген коргоо, изилдоо (жана/же мониторинг) жүргүзүү максатында бөлүнгөн репрезентативдик ландшафтык бирдик. Абсолюттук түрдө чарбачылык ишмердүүлүк жүргүзүлбөгөн же аз өзгөрүүгө туш болгон экосистемаларды камтышы мүмкүн. Бул территориялардын репрезентативдүүлүгү (уникалдуулугу эмес, мүнөздүүлүгү) өзгөчө баса белгиленет.

БИОТА (грек. biote – жашоо) – ар кандай (мисалы, биогеографиялык) барьерлерден изоляцияланган кандайдыр бир ири территорияларда жашаган, таралуунун жалпы чөйрөсүнө бириккен тарыхый жактан келип чыккан тирүү организмдердин жыйындысы. Биоценоздон айырмаланып биотанын курамына бири бири менен экологиялык байланыштарга ээ болбогон турлөр кирет.

БИОТИКАЛЫК АЙЛАНУУНУН КИЧИНЕ АЙЛАНУУСУ (БИОГЕОЦЕНОТИКАЛЫК) – элементардык экологиялык системанын – биогеоценоздун чегинде биосфералык алмашуу айлануусуна кирген заттардын бөлүкчөлөрүнүн, энергиянын жана информациялардын көп жолку токтоосуз, убактысы боюнча бирдей эмес жана туюк эмес. Б.а.к.а. (б.) заттык туюктуулугунун деӊгээли абдан маанилуу (фосфор боюнча, мисалы, глобалдык ок. 98 %, тайгада – 99,5 %). Агроценоздо бул көрсөткүч кескин түрдө төмөндөйт (фосфор боюнча 1900 дон 1980 ж. ал 80 ден 39 % га чейин төмөндөгөн), ал көлмөлөрдүн эвтрофикациясына ж. б. жагымсыз натыйжаларга алып барат.

БИОТИКАЛЫК АЛМАШУУНУН ЧОӉ АЙЛАНУУСУ (БИОСФЕРАЛЫК) –экологиялык биосферада үзгүлтүксүз жаныланып туруучу заттардын, энергиянын жана информациялардын таралышынын мейкиндигинде закон ченемдүү циклдик, убактысы боюнча бирдей эмес токтоосуз планетардык процесс.

БИОТИКАЛЫК ЧӨЙРӨ – өзүлөрүнүн жашоосунда башка организмдерге таасир көрсөтүүчү тирүү организмдердин жыйындысы.

БИОТОП – биоценоз менен ээленген чөйрөнүн абиотикалык факторлору боюнча салыштырмалуу бирдей мейкиндик.

БИОФИЛЬТР (биологиялык фильтр) – агын сууларды биологиялык тазалоо үчүн сооружение.

БИОЦЕНОЗ (грек. bios – жашоо жана koinos – жалпы) – бир биотопто жашоочу жана бир биогеоценоздун курамына кирген продуценттердин, консументтердин жана редуценттердин жыйындысы. Экосистеманын курамдык бөлүгү.

БИОЦИКЛ – биосферанын ири бөлүмү, дениз, кургактык жана ички суулардын жыйындысы.

БИРИНЧИЛИК КОНСУМЕНТ (БИРИНЧИ КАТАРДАГЫ) – өсүмдүк азыктары менен азыктануучу организмдер.

БОГАРА (кайрак жерлер) – айыл чарба өсүмдүктөрү сугат суусуз өстүрүлүүчү жерлер.

БУЛГАНГАН АГЫМ – жеткиликтүү концентрациянын чегинен ашкан сандагы аралашманы камтыган агынды суулар.

БУЛГАНУУ – чөйрөгө, физикалык, химиялык, биологиялык факторлор үчүн мүнөздүү эмес, адамдарга жана курчап турган чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү натыйжа көрсөткөн жаны нерселердин алынып келиниши же келип чыгышы.

БУЛГАНУУНУН БУЛАКТАРЫ – 1) заттардын ташталышынын точкасы (труба ж.б.); 2) булгоочу заттарды бөлүп чыгаруучу чарбачылык же жаратылыштык объект; 3) булгоочу заттар келип түшкөн регион (алыскы жана транс чектик алып өтүүдөгү); 4) регионалдык фондон тышкары чөйрөдө топтолгон (абада – СО 2 , сууда – алардын кычкылдыгы ж.б.).

ВИРУС – тирүү клеткаларга өтүүгө жөндөмдүү жана ошол эле клеткалардын ичинде гана көбөйүүчү жашоонун клеткалык формасы. В. – генетикалык деӊгээлдеги клетка ичиндеги мителер.

Гетеротрофтук организмдер, гетеротрофтор (грек. heteros – тигил, башка, trohpe – азык) – азыгы үчүн даяр органикалык заттарды колдонуучу организмдер. автотрофтордун эсебинен жашашат. Глобалдык (лат. globus – шар) – бүткүл жер шаарын камтыган, планетардык.

ГЛОБАЛДЫК БУЛГАНУУ – планетанын ар кандай точкасында жана булгануу булактарынан алыс кездешкен физикалык, химиялык же биологиялык агенттер менен чөйрөнүн булгоочу объектилери үчүн сырткы биосфералык булгануу.

ГОМЕОСТАЗ(ИС) – жаратылыштык системанын негизги структурасынын, заттык- энергетикалык курамын жана анын компоненттеринин функционалдык жөӊгө салынышынын регулярдык жаныланышын колдогон ички динамикалык абалы.

ГОМОЙОТЕРМ(ИЯ) – курчап турган чөйрөнүн температурасынан көз каранды дене температурасын туруктуу кармап турууга жаныбарлардын жөӊдөмдүүлүгү (канаттуулар жана көпчүлүк сүт эмүүчүлөр).

Деградация (фр. degradation – тепкич) – акырындап начарлоо, сапатын жоготуу. Демография (грек. demos – эл, grapho – жазам) – калктын жайгашуусу жана анын өнүгүшүнүн закон чеӊемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим.

ДЕМОГРАФИЯЛЫК ОСУУ – жашоонун (ден-соолукту чындоо деӊгээлин кошкондо) социалдык-экономикалык же жалпы экологиялык шарттарынын өзгөрүшү менен байланышкан калктуу коӊуштардын кескин жогорулашы.

ДЕНИТРИФИКАЦИЯ – топурактык жана суу бактериялардын тобу менен нитраттарды молекулярдык азотко чейин бузуу процесси.

Детрит (лат. detritus – майдаланган) – көлмөлөрдун түбүнө чөккөн же суунун терендигиндеги майда органикалык бөлүкчөлөр (жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын калдыктары).

Детритофагдар (лат. detritus – майдаланган жана грек. phagos – жечүү) – микроорганизмдер менен чогу камтылган детриттер менен азыктануучу суудагы жана кургактыктагы жаныбарлар.

ДИНАМИКАЛЫК ТЕӉ САЛМАКТУУЛУК – компоненттердин жана структуралардын туруктуу жаӊыланышынын эсебинен колдонгон системанын теӊ салмактуулугу.

ДОМИНАНТ – атайын топто саны боюнча, эреже катары экологиялык пирамиданын же өсүмдүктүүлүк ярусунда бир деӊгээлге кирген жакын формалар менен салыштырууда басымдуулук кылган тур.

ЖААН-ЧАЧЫН АГЫМЫ – интенсивдүү жаан-чачындын (ношор) жаашынын натыйжасында келип чыккан агым.

ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ – жаратылыш-ресурстук потенциалдардын жана аны сактоо чараларынын эксплуатациясынын бардык формасынын жыйындысы. Жаратылышты пайдалануу төмөндөгү орду камтыйт: а) жаратылыш ресурстарын чыгарып таштоо жана иштетүү, алардын жаныланышын же калыбына келтирилишин; б) жашоо чөйрөнүн жаратылыштык шарттарын коргоо жана колдонуу жана в) жаратылыш системасынын экологиялык балансынын (теӊ салмактуулук, квазистационардык абалы) рационалдуу өзгөрүшү, калыбына келиши, сактоо (колдоо), коомдун жаратылыштык- ресурстук потенциалын коргоонун негизи катары кызмат кылат;

ЖАРЫКТЫК БУЛГАНУУ – жердин табигый жарыгынын деӊгээлин мезгили менен же узакка жогорулатуу менен байланышкан курчап турган чөйрөнүн физикалык булгануусунун формасы. Жашоо чөйрөсу – особ, популяция же түр жашаган конкреттүү абиотикалык жана биотикалык шарттардын жыйындысы.

ЖАШООНУН ИЙРИ СЫЗЫГЫ – атайын убакыт аралыгында жашаган түрлөрдүн особдорунун санын көрсөтуучу график. Абциссте орточо же абсолюттук жашоо узактыгы жыл же пайыз түрүндө, ал эми ординат огу боюнча 1 мин туулгандардан жашап кеткен особдордун саны көрсөтүлүп график түзүлөт.

«ЖАШЫЛ РЕВОЛЮЦИЯ» – 20-кылымдын үчүнчү чейрегинде селекциянын жетишкендигинин базасында дан культурасынын (буудай, куруч, жүгөрү) маанилүү өсүшү.

ЗАКАЗНИК – бир же көптөгөн түрлөрдү, биогеоценоздорду, бир же бир нече экологиялык компоненттерди коргоону камсыз кылуу үчүн чарбачылык иштердин формасына жана түрлөрунө тыюу салынган участок.

ЗООПЛАНКТОН – дениз жана туссуз көлмөлөрдүн суу терендигинде жашоочу (эреже боюнча эркин жүргөн) жана суунун агымына каршы турууга жөндөмдүү жаныбарлардын жыйындысы. З. – планктондордун курамдык бөлүгү. З. дүйнөлүк океандардын максималдык терендиктерине чейин кездешет.

ЗООФАГ – жаныбарлар менен азыктануучу организм.

ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ – 1) инфекциялык же жаратылыш очоктук оорулардын очогун басууга (мед.); 2) түзүлгөн же жасалма тартылган ууларды бузууга (санит.); 3) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын карантиндик түрлөрүн жок кылууга (а.-ч.); 4) инструменттерди, материалдарды, турак жайды стерилизациялоого багытталган комплекстик иш чаралар.

Иммунитет (лат. immunitas – бир нерседен арылуу) – инфекциялык агенттерге жана бөтөн заттарга организмдин туруктуулугу.

ИНТРОДУКЦИЯ – кандайдыр бир түрдүн особун атайын же кокустан ареалдан тышкары алып өткөрүү.

ИНФРАКЫЗЫЛ НУРЛАНУУ – жылытылган денелер аркылуу чыккан толкундары 770 нм (башкача айтканда көбүрөөк көрүнгөн) ден 1-2 мм ге чейинки узундуктагы оптикалык нурлануу.

ИОНДОЛГОН НУРЛАНУУ – кандайдыр бир деӊгээлде тирүү ткандарга өтүп жана атомдорду жана молекулаларды суруп чыгаруу менен же иондордун түз же кыйыр келип чыгышы менен байланыштуу болгон өзгөрүү жүргүзүүчү электромагниттик (рентген нурлары, гамма нурлары) жана корпускулярдык радиациялар. Табигый (радиациондук фон) дозасынан ашса иондолгон нурлануу организм үчүн зыяндуу.

ИОНДОЛУУЧУ РАДИАЦИЯ – нейтралдык атомдордун жана молекулалардын электрдик жактан иондолушуна (иондордун жана эркин электрондордун келип чыгышы) алып келген табигый нурлануу (мисалы, космостук нурлар) И. р. Тирүү заттарга бузуучу таасир берет жана тирүү организмдердин (жаны мутацияларды, нурлануу ооруларын ж. б. чакырат) спектринин өзгөрушунун булагы болуп саналат.

ИОНОСФЕРА – атмосфералык газдардын жана эркин электрондордун он иондолгон молекулалардын жана атомдордун маанилүү саны менен айырмаланган атмосферанын катмары (астынкы и. – 50 – 80 ден 400 – 500 км ге чейин, үстүнкү И. – бир канча миӊ км. ге чейин. И. жерде кыска диапазондогу радиотолкундарын таратууда маанилүү роль ойнойт, анда жер бетиндеги организмдердин абалына чагылдырган полярдык жаркыроо жана ионосфералык магниттик катуу бороонду байкоого болот.

КАДАСТР – объектилердин же кубулуштардын сапаттык жана сандык жазылышын камтыган экономикалык (экология-социалдык-экономикалык) баасы менен берилген маалыматтардын систематизацияланган жыйынтыгы. Алардын физика-географиялык мүнөздөмөсүн, классификациясын, динамикасы жөнүндө маалыматтарын, изилденген жана картографиялык жана статистикалык материалдардын тиркелиши менен экология- социалдык-экономикалык баасынын деӊгээлин камтыйт.

КАНЦЕРОГЕН – тескери сапаттагы жаны келип чыгууларга же алардын келип чыгышына жөндөмдүү болгон зат же физикалык агент.

КЛИМАКС – биогеоценоздук сукцессиянын жыйынтыктоочу фазасы же жашоо тиричилик (анын ичинде антропогендик, мисалы, «орт климаксы») шарты үчүн биогеоценоздун өөрчүүсүнүн финалдык сукцессиондук стадиясы.

КЛОН – 1) бөлүнүү, бутактануу, фрагментация ж.б. көбөйүүчү, бир особдун тукумунан турган бир жыныстуу организмдердин особдорунун тобу; 2) бир особдун генетикалык жактан бирдей вегетативдик тукуму.

КОЗГО КОРУНГОН НУРЛАНУУ – 740 нм (кызыл тус) ден 400 нм (гүлгүн кызыл түс) ге чейинки узундуктагы адамдын көрүп сезишин камсыздаган оптикалык нурлануу. Башка булактар боюнча көзгө көрүнгөн нурлануунун толкунунун диапазону 380 ден 770 нм ге чейин.

КОММЕНСАЛИЗМ – ар турдуу турлөрдун особдорунун туруктуу же убактылуу чогу жашашы, ошол эле убакта партнерлордун бири азыктын калдыктары же башканын бөлуп чыгарган продуктусу менен азыктанып экинчисине зыян келтирбейт.

КОМПОСТ – органикалык заттардын, анын ичинде коммуналдык таштандылардын микробдук ажыроонун натыйжасында алынган жер семирткич.

КОНВЕРГЕНЦИЯ – жашоосунун аналогиялык образынын жана чөйрөнун жакын шарттарына ыӊгайланышуусунун жыйынтыгында биотикалык топтордун сырткы белгилери окшоштугу боюнча турлөрдун келип чыгышы (мисалы, акула жана дельфиндин денесинин формасы, Евразиянын тундук бөлүгү жана Тундук Американын жалбырактуу токойлорунун тышкы көрүнуштөрү).

КОНКУРЕНЦИЯ – бир же ар башка түрлөрдүн особдорунун ортосундагы ар кандай антагонистик мамилелери, таймашуусу, атаандашуусу, топтун башка мүчөлөрү менен салыштырмалуу кандайдыр бир максаттарга жетүү үчүн умтулууну аныктайт; жашоо үчүн курөшуунун көрсөтүүдө түр ичинде, түр аралык, түз жана кыйыр конкуренция деп бөлүнөт.

КОНСОРЦИЯ(Й) – борбордук мучөдөн, ядродон, топтон (индивидуалдык консорция: ядро бир особ; популяциялык консорция – популяция же тур толугу менен; синузиалдык консорция – ядро – бир экобиоморфту түзгөн турлөр, мисалы, мезофилдик кара ийне жалбырактуу дарактар) көз каранды бири бири менен тыгыз байланыштагы ар түрдүү организмдердин жыйындысы. Консорциянын борбордук мүчөсүнүн ролуна түр- эдификатор чыгат.

КОНСУМЕНТ (лат. consumo – колдоном) – органикалык заттар менен азыктануучу организмдер (бардык жаныбарлар, микроорганизмдердин бөлүгү, мителик жана курт- кумурскаларды жечүү өсүмдүктөр). Бардык консументтер – гетеротрофтор.

КОПРОФАГ – башка жаныбарлардын помёту менен азыктануучу организмдер (мисалы, кык жечүү конуз).

КОРУК (ЗАПОВЕДНИК) – ар түрдүү чарбачылык ишмердүүлүк (анан ичинде адамдардын кирүүсү) жүргүзүлбөгөн, жаратылыш комплекстерин (жаратылыш эталондорун) сактап калуу үчүн, түрлөрдү коргоо жана жаратылыш процесстерин байкоо үчүн өзгөчө закон менен коргоого алынган территория же акватория. Кризис (грек. krisis – чечим) – кыйынчылыктуу, оор абал.

КРИОФИЛ – муздардын же кардын бетиндеги сууларда, ошондой эле дениз туздары синирилген сууларда жашоочуу организм. Балырлардын массалык өөрчүшү карды (мисалы, «кызыл кар») же музду түскө боейт.

КРИОФИТ – кургак жерлерде суукка туруктуу өсүмдүктөр.

КРИПТОФИТ – жер үстүндогү органдары жагымсыз вегетациялык сезондо өлөт, ал эми бүчүрлөрүнүн жаныланышы түймөктөрүнө, пияз түбүнө, тамырына салынган жана жердин астында (геофиттер) же суу астында (гидрофиттер) жаткан көп жылдык чөп өсүмдүктөрү.

КСЕНОБИОТИК (грек. xenos – бөлөк) – организм же анын тобу үчүн бөлөк зат (пестициддер, химиялык тиричилик каражаттары ж. б. булгагычтар), алар биотикалык процесстердин, ошондой эле ооруларга жана тирүү организмдердин өлүмүнө алып келет.

КСЕРОФИЛ – суунун жетишсиз шарттарындагы жашоого жөндөмдүү организм, себеби кездешкен жерлерде нымдуулук төмөн (жаныбарлардан –кескелдириктер, таш бакалар ж.б.).

КСЕРОФИТ – нымдуулукту 50 % га чейин убактылуу короткон же ариддик жерлерде жашоого жөндөмдүү ксерофил-осүмдүк. Ксерофиттердин ар түрдүү категориялары кездешет. Чыныгы К. – шыбак, вероника ж. б.

КУМУЛЯЦИЯ – 1) таасир берүүчү башталыштарды көбөйтүү, чогултуу, топтоо (мисалы, азык чынжырындагы пестициддердин концентрациясын көбөйтүү); 2) көбүнчө жагымсыз (мед.) жаны белгилердин пайда болгон же кескин жогорулоочу эффект берген организмге киргизилген дарылардын же уулардын таасиринин суммаланышы.

КЫЗЫЛ КИТЕП – сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган организмдердин тизмеси; мурунку жана азыркы таралышын, саны жана алардын кыскарышынын себептерин, түрлөрдү коргоодогу кабыл алынган жана керектүү чараларды көрсөткөн түрлордүн жана түрчолордүн тизмеси. Эл аралык, улуттук (мамлекеттик масштабдагы) жана локалдык варианттагы Кызыл китептер бар, ошондой эле өзүнчө өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын ж. б. систематикалык топтордун Кызыл китептери болот.

ЛАНДШАФТ – өөрчүү шарттары боюнча бирдей болгон жаратылыш системасы, географиялык катмардын территориялык бөлүнүшүнүн негизги категориясы. Бардык негизги компоненттер: рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү кирген жаратылыштык географиялык комплекс өөрчүү шарттары боюнча бирдей ажыратылбаган системаны түзүп татаал өз ара таасирлешүүдө жана өз ара аракеттенуудө жайгашат. Адамдарга тийгизген таасиринин мүнөзү боюнча ландшафтты топофилдик (жагымдуу) жана топофобдук (жагымсыз) деп бөлүшөт.

ЛЕТАЛДЫК ДОЗА (АБСОЛЮТТУК) LД – организмде кездеше турган болсо өлүмгө алып келүүчу зыяндуу агенттин минималдык саны.

Лимиттеген (чектөөчү) фактор – кандайдыр бир процесстин аралыгы же организмдин тиричилиги үчүн чектегич.

ЛИТОСФЕРА – тоо кендери жана вулкандык атылуулардан, чоккон биогендик байланыштырдан чыккан алардын бөлүкчөлөрү бар Жердин үстүнкү катуу катмары. Акырындап отуруп аз каттуулуктагы сферанын терендигине өтөт. Жер кыртышын жана Жердин үстункү мантиясын камтыйт. Литосферанын калындыгы – 50-200 км, анын ичинен жер кыртышы континенттерде – 75 км ге чейин, океандын түбүндө 10 км.

МАКСИМАЛДЫК БИР ЖОЛКУ КОНЦЕНТРАЦИЯ (ЧАК МБ (ПДК МР )) – адамдын организминде рефлектордук реакцияны чакырбаган абадагы булгагычтардын (калктуу конуштардагы) концентрациясы.

МЕЗОСФЕРА – жердин бетинин үстүндө 50 – 80 км чегинде жайгашкан жана термосфераны алмаштыруучу: бийиктикте (болжол менен 0 о дан –90 о С ка чейинки) температуранын төмөндөшүн мунөздөгөн, стратосферадан жогору жаткан атмосферанын катмары.

МЕЛАНИЗМ – жаныбарлардын, алардын терисинде пигменттердин (меланиндердин) болушунан көз каранды каралжын түсүнүн көрүнүшү. Индустриалдык М. – булгоочу ыштуу (көө) жашаган жерлерде меланистердин табигый тандоосунун жыйынтыгында көпөлөктөрдүн каралжын түстөгү формаларынын (70 түрдөн ашык) келип чыгышы.

МЕХАНИКАЛЫК БУЛГАНУУ – физика-химиялык натыйжаларысыз (мисалы, таштандылар) механикалык таасирлерди көрсөтүүчү агенттер менен чөйрөнүн булганышы.

МИКОРИЗА – азык заттардын бөлүктөрүн бири биринен алган симбионттор менен камсыз кылуучу, өсүмдуктөрдүн тамырынын ткандарында жана тамырында симбиотикалык жашаган козу карындар.

МИНЕРАЛИЗАЦИЯ – 1) редуценттердин катышуусу менен же катышуусуз жүргөн органикалык бирикмелердин комүр кычкыл газына, сууга жана жөнөкөй туздарга чейин ажыроо процесси; 2) суудагы туздун концентрациясы; мг/л, г/л, г/м 3 жана % 0 менен көрсөтүлөт; климаттын кургактыгынын жогорулашы менен, эреже боюнча өсөт: мисалы, Печоре дарыясында суу М. 40 мг/л , ал эми Эмба дарыясында – 164 мг/л.

МОНИТОРИНГ (англ. monitor – сак болдуруу, эскертүү) – курчап турган чөйрөнүн ар түрдүү параметрлеринин абалын байкоо, баалоо жана прогноздоо. М. базалык же фондук, глобалдык, регионалдык жана импакттык, ошондой эле жүргүзүү методдору жана байкоо объектилери боюнча (авиациялык, космостук, адамдын курчап турган чөйрөсү) болуу кабыл алынган.

Мутагенез (лат. mutatio – озгорүү, genes - жаралуучу) – организмде тукум куучулук өзгөрүүлөрдүн – мутациялардын келип чыгуу процесстери.

МУТУАЛИЗМ – 1) ар бир чогу жашоочү салыштырмалуу бирдей пайда алган симбиоздун формасы; 2) партнерлор же алардын бироо бири бирисиз жашай албаган организмдердин чогу жашоочү формалары. Мисалы, сөнгөктүн целлюлозасын синирилүүчү заттарга айландыруучу термиттер жана алардын ичегисиндеги кээ бир микроорганизмдер; адамдын карынында жана ичегисинде микроорганизмдердин 400 – 500 түрлөрү жашайт, алардын көпчүлүгүсүз адам жашай албайт.

НЕЙСТОН – суу жана аба чөйрөсунун чегинде, суунун бетинде (терендиги 5 см ге жеткен суунун устунку бети) жашоочу жандуулардын жыйындысы. Кээде устунку бетинде гана жашоочулар – гипонейстон бөлунөт.

НЕКРОФАГ – өлгөн жаныбарлар менен азыктануучу организм.

НООСФЕРА (грек. nöos – акыл и spbaire - шар) – «ойлонуучу катмар», акыл сферасы, адамзаттын келип чыгышы жана өнугушу менен байланышкан биосферанын эволюциясынын эн жогорку стадиясы.

НУРЛАНУУНУН ДОЗАСЫ – абанын ионизациясы боюнча ченелген нурлануунун чоӊдугу. Ченөө бирдиги – рентген.

ОЗОНДУК ЭКРАН – 7-8 км бийиктикте жаткан стратосферанын чегиндеги атмосферанын катмары. Уюлдарда 17-18 км. Экватордо 50 км ге чейин (20–22 км бийиктикте озондун тыгыздыгы чон) планетанын устунку бетинде да озон катмары ультра гулгун кызыл нурланууну чагылдыруучу, организмдердин өлумунө алып келуучу жогорку концентрациясы менен айырмаланат (Жердин бетине караганда 10 эсе жогору).

ООР МЕТАЛЛ – 8 т/м 3 дан ашкан тыгыздыктагы (асыл жана сейрек металлдардан башка). Оор металлдарга:Pb, Cu, Zn, Ni, Cd, Cj, Sb, Sn, Bi, Hg киришет. Прикладдык иштерде оор металлдардын тизмесине көп учурда Pt, Ag, W, Fe, Au, Mn кошушат. Дээрлик бардык оор металлдар уулуу. Оор металлдарды (анын ичинде туз турундө да) биосферада антропогендик таратуу ууланууга же тируу организмдердин коркунучуна алып келет. Метеосезгичтуулук (грек. meteora – атмосфералык кубулуштар) – аба ырайынын өзгөруусунө организмдин сезгичтуулугу.

ОПТИКАЛЫК НУРЛАНУУ (ЖАРЫК) – болжол менен 1 нм (рентгендик нурлар) ден 1 мм (радионурлануунун диапазонунун башталышы) ге чейинки толкун узундугундагы электромагниттик нурлануу.

ПАРАЗИТ (МИТЕ) – башка турдун особунун эсебинен (ага зыян келтируу менен) жашоочу жана өзунун жашоо циклинде ал менен тыгыз байланыштагы организм. П. дененин ширеси, тканы же озунун ээсинин синирилген азыгы менен азыктанат. Кээ бир мителер дайыма же убактылуу ээсинин организмин өзунун жашоо территориясы катары колдонушат. Факультативдик (ээсинин эсебинен тиричилик кылуусу керек эмес) жана облигаттык мителер деп аыйрмалашат.

Паразитизм (грек. parasitos – арам тамактанган) – ар башка турлөргө кируучу эки башка организмдердин өз ара катышуу формасы; алардын бири (мите) экинчисин (ээсин) жашоо чөйрөсу же азыктануу булагы катары колдонот.

Парниктик эффект – жер бетиндеги жылуулук нурлануусунун атмосферага синирилишине алып келген жердин аба катмарынын жылыган жыйынтыгы. Атмосферада парниктик газдардын (комуртектин, метан, азот кычкылынын, озондун, фреондун ж. б. кычкылы) жана суунун бууларынын концентрациянын жогорулашы менен кучөйт. Климаттын жылышына алып келет.

ПЕСТИЦИД – өсүмдуктөрдү, айыл-чарба продуктуларын, жүндөн, пахтадан, териден алынган продуктуларды коргоо, жаныбарлардын эктопаразиттерин жок кылуу жана инфекцияларды алып жүрүүчүлөр менен күрөшүү, өсүмдүктөрдүн өсүүсүн жана өнүгүүсүн (ауксиндер, гибериллин, ретарданттар) жөӊгө салуу, жалбырактарды алып таштоо (дефолианттар), өсүмдүктөрдү жок кылуу (десиканттар), гүлдөрдү алып таштоо (дефлоранттар), жаныбарларды кубалоо (репелленттер), аларды чакыруу (аттрактанттар) жана стерилизациялоо (хемостерилизаторлор) үчүн колдонулуучу химиялык бирикмелер. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн башка систематикалык топторун жок кылуу үчүн колдонулуучу пестициддердин аталышы бул топтордун латынча аталышынын аягына «цид» (акарицид, альгицид, афицид, инсектицид ж. б.) мүчөсүн кошуп түзүлгөн.

ПЛАНКТОН – суунун терендигинде пассивдүү кыймылдагы, өз алдынча кыймылдоого жөндөмсүз организмдердин жыйындысы (балырлар, жөнөкөйлөр, кээ бир рак сымалдуулар (криль) моллюскалар ж. б.). Фитопланктон жана зоопланктондорго, кол П. – лимнопланктон жана дарыя П. потамопланктондорго айырмалоого болот. Синоним – биосестон.

ПЛЕЙСТОН – атмосферанын жана гидросферанын үзгүлтүксүз таасиринин жыйынтыгында пайда болгон океандарда же континенталдык көлмөлөрдө чөйрөнүн өзгөчө шарттарындагы суунун үстүнкү бетинин салыштырмалуу үстүнкү (көбүнчө 15 м терендикке чейин) катмарында жашагандар (көбүнчө пассивдуу сүзүүчүлөр же жарым калкып жүрүүчүлөр). Мисалдар: саргастык балырлар ж. б. организмдер.

ПОЛЛЮТАНТ – жашоо чөйрөнү булгоочу заттар (антропогендик коммуналдык же айыл-чарба булгагычтары). Популяция (лат. populus – эл, калк) – жалпы генофондго ээ жана атайын территорияны ээлеген бир түрдүн особдорунун жыйындысы. Бир популяциянын ичиндеги особдордун ортосундагы контакт ар башка популяциялардын особдоруна караганда көбүрөөк.

ПРОДУЦЕНТ(ТЕР) – (лат.producentis – чыгаруучу, түзүүчү) органикалык эмес бирикмелерден органикалык заттарды чыгаруучу автотрофтор жана хемотрофтор. Суу жана кургактык экосистемасындагы негизги продуценттер – жашыл өсүмдүктөр. Прокариоттор (лат.pro– чек, мурун, чогу жана грек.käryon- ядро) – ядронун чектелген мембранасына ээ эмес организмдер (архебактерияларды жана цианобактерияларды камтыган бардык бактериялар).

РАДИАЦИЯ – энергиянын корпускулярдык (альфа-, бета-, гамма-нурлары, нейтрондордун агымы) жана/же электромагниттик агымы.

РАДИОАКТИВДИК НУРЛАНУУ – альфа-, бета- и гамма-нурларынын берилиши.

Регионалдык (лат. regionalis – областык ) – кандайдыр бир атайын территорияга кирген. Редуценты (лат. redycentis – кайтарып берүүчү) – өлгөн органикалык заттар менен азыктанып жана аларды минерализацияга дуушар кылуучу башкача айтканда, кийин продуценттер аркылуу колдонула турган органикалык эмес бирикмелерге чейин бузуучу организмдер (бактериялар жана козу карындар).

РЕКУЛЬТИВАЦИЯ – жаратылыштын техногендик бузулуусунан кийин топурак катмарынын жана өсүмдүк катмарынын жасалма кайра калыбына келиши.

РЕЛИКТ – мурун геологиялык тарыхта кеӊири таралган, ал эми азыр чоӊ эмес территорияларды ээлеген түр же топ. Р. үчүнчүлүк, плейстоцендик ж. б. деп бөлүшөт. Мисалы: Арктикада черника – токой Р.; Волга жана Урал бассейндеринде калтар чычкан – неоген Р.;

РЕПРОДУКЦИЯ – особдорду иштеп чыгуу. Популяциондук Р. (таза Р.) чоӊдугу жашап кетүү көлөмүнүн суммасы менен аныкталат.

САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК НОРМА – адамдын тиричилигинде коркунучсуздукту жана оптималдык шарттарга кепилдик берген сапаттык-сандык көрсөткүчтөрдү сактоо (мисалы, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө болгон жашоо аянтынын нормасы, суунун, абанын ж. б. сапатынын нормасы). Синоним – гигиеналык норматив.

САНИТАРДЫК-КОРГООЧУ ЗОНА – өндүрүштүк ишканаларды селитебдик территориялардан (калктуу конуштардын) болуп туруучу жолчо.

САПРОФИТ (Сапротрофтор) (грек.saprös – чириген жана tropbē – азыктануу) – өлгөн денелердин же жаныбарлардын экскременттердин органикалык заттарын азыктануу үчүн колдонгон гетеротрофтук организмдер.

СИНИРУУ ДОЗАСЫ – нурланган чөйрөнүн массасынын синирилген бирдигинин нурлануусунун ар кандай түрүнүн энергиясы. Рад менен, ал эми тирүү ткандар үчүн бэр (рентгендин биологиялык экивалентинде) менен ченелет.

СИНОЙКИЯ – организмдердин тыгыз эмес симбиоздук чогу жашашы, чогу жашагандардын экөөнө теӊ кайдыгерлик.

СИНЭКОЛОГИЯ – популяциянын, коомдун жана экосистеманын чөйрө менен болгон өз ара катышын изилдөөчү экологиянын бөлүмү.

СТАЦИЯ – популяциянын жашаган орду. Стено – кууш

Стенобионт – экологиялык факторлордун маанилуу термелуулөрунөн же кууш экологиялык валенттуулүгүнөн өтуугө жөӊдөмсүз организм.

СУУНУ ТАЗАЛОО – механикалык, физика-химиялык (хлорлоо, озондоштуруу ж. б.) жана биологиялык методдордун жардамы менен суудагы бөлөк аралашмалардан арылтуу.

СУУНУН КАТУУЛУГУ – жердин жегич металлдарынын – кальций, магний ж.б. эрүүчү туздарынын кармалышы. 1 л сууда кармалган кальций жана магнийдин иондорунун эквиваленти миллиграммдын суммасы менен ченелет. Жалпы катуулук (суудагы камтылган кальций жана магнийдин жалпы саны), четтетилген жана туруктуу деп бөлүнөт. Суунун катуулугунан көз каранды абдан жумшак (1,5 мг-экв.), жумшак (1,5-3 мг- экв.), бмр аз катуу (3-6 мг-экв.), катуу (7-9 мг-экв.), абдан катуу (7-9 мг-экв.) деп айырмалашат. 1953-жылга чейин суунун катуулугу 100 л сууда канча грамм кальцийдин кычкылын кармалышын көрсөтүүчү катуулук градусу менен өлчөнгөн. 1 градус катуулук кальций жана магнийдин иондорунун 0,35663 мг-экв. барабар. Кээ бир мамлекеттерде азыр деле суунун катуулугун градус менен өлчөшөт.

СУУНУН ТУНУКСУЗДУГУ – салмактык бирдикте (г/м 3 , мг/л) же көлөмдүн бирдигинде суунуну аралашмасынын жана бул заттардын көлөмүнүн бирдигинде калкыган заттардын камтылышы. Суунун тунуксуздугу эреже катары колмолордо жээкке жакындаган сайын көбөйөт (жээкке келген толкундардан көз каранды), ал эми суу агымдарында анын бетинен түбүнө (суунун түбүндөгу чөкмөлөрду жуп кетүүчү агым аркылуу жогорулайт). Максималдык С. т. суу аз болгондо байкалат. Көбүнчө С. т. суунун азайышында өсөт: Россиянын европалык бөлүгүнүн токой алкагындагы дарыяларында ал 50 – 100 г/м 3 чегинде, токойлуу талааларда – 100 – 200 г/м 3 , талаа жана жарым чөлдөрдө – 250 – 500 г/м 3 чейин жетет. Дуйнөдө тунук эмес дарыя - Хуанхэ (35 – 40 мин. г/м 3 ).

ТАЛАА БУЛГАНУУСУ – тирүү организмдердин абалына тескери таасир этүүчү элементардык бөлүкчөлөрдүн (электромагниттик нурлануунун кванттарын кошуп) агымы түрүндө энергетикалык булгануу.

ТАШТАНДЫЛАР – өндүрүш үчүн керексиз, колдонулбаган калдыктары же технологиялык процесстердин жүрүшүндө келип чыккан, утилизациялоого болбогон (анын ичинде айыл-чарбадагы жана курулуш иштериндеги) заттар (катуу, суюк жана газ түрүндөгү) жана энергия.

ТАШТАНДЫЛАРДЫ КОМУУ – таштандыларды жер астына жайгаштыруу. Терм – жылуу (температура) Термалдык (жылуулук) булгануу – табигый деӊгээлге каршы чөйрөнүн температурасынын мезгилдик же узакка жогорулашын мүноздоочү физикалык булгануунун формасы.

ТЕРМИКАЛЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ – атайын реакторлордо аларды 600 – 1000 о С температурада иштетүү.

ТИРУУ ЗАТ – элементардык химиялык курамында, салмагында, энергияда көрсөтүлгөн; курчап турган чөйрө менен атомдордун биогендик тогу, дем алуусу, азыктануусу жана көбөйүшү менен байланышкан бардык тирүү организмдердин жыйындысы.

ТОКСИКАЛЫК ЗАТ (грек. toxikon - уу) – уулуу зат.

ТОЛЕРАНТТУУЛУК (лат. tolerantia - чыдамдуулук) – чөйрөнүн тигил же бул факторлорунун жагымсыз таасирлеринен өтүүдөгү организмдин жөндомдүүлүгү.

Топ – орун.

ТОПУРАКТЫН ШОРЛОНУШУ – топуракта оӊой эрүүчү туздардын (натрий, хлорид жана сульфат карбонаты) жогору кармалышы. Тыгыз калдыкта (гипссиз топурак учун) 0,25 % дан ашык туздун кармалышында топурак туздуу болуп эсептелинет. Торолуу – ар кандай организмдердин торолушобу, жумурткадан чыгабы, уруктан өнүп чыгабы же бөлүнүүнүн натыйжасында келип чыгабы – жаны особдорунун жарыкка келиши. Т. популяциядагы, ошондой эле жашоо чөйрөсүндөгү особдордун көлөмүнөн жана жашынан көз каранды өзгөрөт.

Трансчектик булгануу – бир нече мамлекеттердин же бүтүндөй континенттердин территориясын курчаган жана булганууларды трансчектик алып журуунун эсебинен калыптанган чөйрөнүн булганышы.

ТҮРДҮК КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮН ИНДЕКСИ (КӨРСӨТКҮЧ) – түрлөрдүн санын жана ар кандай көрсөткүчтөрүнүн (особдордун саны, биомассасы, продуктивдүүлүгү ж.б.) ортосундагы катышы. Трофикалык топтун түрдүк көп түрдүүлүгү негизинен сейрек кездешүүчү түрлөр менен аныкталынат, анда көрсөткүчү катары – аз түрлөр- доминанттар көрсөтүлөт.

ТҮРДҮН ЖАШАГАН ОРДУ – особдордун, популяциялардын же бүтүндөй турдун бардык өөрчүү циклдерин камсыз кылуучу абиотикалык жана биотикалык чөйрөлөрүнүн шарттарынын мейкиндиктик чектелген жыйындысы, түр жашаган, атайын шарттары бар орун (территория, акватория).

УЛУТТУК ПАРК – өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык (адам жактан таасир көрсөтүлбөгөн) ландшафтарды же алардын бөлүктөрүн камтыган кенири территория. Парктын бардык территориясындагы же анын корукка алынган зоналарында жерди колдонууну ишке ашыруучу өзгөчө административдик башкарууга ээ. У. п. зоналанат.

УЛУТТУК ПАРКТАРДЫ ЗОНАЛОО – эксплуатациянын ар түрдүү режимдери менен парктын территорияларын участокторго бөлүү. Эреже боюнча, 3-4 зонага бөлунөт: коруктук, чарбачылык жана рекреациондук (аталгандарга кошумча дагы буфердик зона).

УЛЬТРАГҮЛГҮНКЫЗЫЛ НУРЛАНУУ – 400-10 нм толкун узундугунун чегиндеги көзгө көрунбөгөн электромагниттик нурлануу.

УУЛАНУУ ДОЗАСЫ – организмдин белгилүү уулануусуна алып келүүчү зыяндуу агенттин минималдык саны.

ҮӉ АРКЫЛУУ НУРЛАНУУ – чыналган (катуу, суюк, газ) чөйрөдө үӊ толкундарынын козголушу. Угулуучу ун – 16 Гц – 20 кГц, инфраун – 16 Гц ден аз, ультраун – 21 кГц – 1 ГГц жана гиперун – 1 ГГц ден жогору. Фаг – азыктануу

ФИЗИКАЛЫК БУЛГАНУУ – температура-энергетикалык, толкундук, радиациондук ж. б. физикалык касиеттердин нормасынын өзгөрүшүн мүнөздөөчү чөйрөнүн булганышы.

ФИЗИКАЛЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ – коркунучтуу жана зыяндуу компоненттерди жок кылуу максатында физикалык агенттер менен – радиация, жарык ж. б. у. с. таасир берүү.

Хемосинтез (грек. cbëmeia – химия, syntbesis – бирикме) – органикалык эмес бирикмелердин кычкылданышынын эсебинен СО 2 өздөштүрүүгө негизделген бактериялардын азыктануу тиби.

ХЕМОТРОФ – сууда, топуракта жана топурактын теренинде кездешкен аммиактын, күкүрттүү суутек ж. б. заттардын кычкылдануусунун эсебинен органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөчү организм.

ХИМИЯЛЫК БУЛГАНУУ – табигый химиялык касиеттердин өзгөрүүсүнүн натыйжасында калыптанган же чөйрөгө тиешелүү эмес химиялык заттардын келишинде, ошондой эле фондук (табигый) концентрациядан жогору болгон курчап турган чөйрөнүн булгануусу.

ХИМИЯЛЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ – химиялык реакциялар- дын жүрүшүндө зыянсыз бирикмелерден зыяндуу заттарды байланыштыруу.

ЧЕКТЕН АШКАН ДОЗА (ЧАД (ПДД)) – организмге (дем алуу, тамак-аш ж.б. аркылуу) же анын тобуна кирген зыяндуу агенттин максималдык саны. Бир убактагы ЧАД жана атайын убакыт аралыгындагы ЧАД (саат, кун ж.б.) деп көрсөтүлөт.

ЧЕКТЕН АШКАН КАЛДЫКТАРДЫН САНЫ (ЧАКС (ПДОК)) – балыктарда ж.б. организмдерде топтолууга жөндөмдүү азык продуктуларындагы зыян заттардын саны.

ЧЕКТЕН АШКАН КОНЦЕНТРАЦИЯ (ЧАК (ПДК)) – курчап турган чөйрөдөгү зыяндуу заттардын саны, дайыма контакт болгондо же кандайдыр бир убакыт аралыгында адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизбейт жана анын тукумдуулугун жагымсыз натыйжа алып келбейт. Акыркы убактарда ЧАК аныктоодо адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү булгагычтардын деӊгээлин гана эмес, ошол булгагычтардын жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө, козу карындарга, микроорганизмдерге ошондой эле бүтүндөй жаратылышка тийгизген таасири да эсепке алынууда.

ЧЕКТЕН АШКАН ТАШТАНДЫ (ЧАТ (ПДВ)) – калк, жаныбарлар жана өсумдуктөр дуйнөсу учун жер катмарындагы абанын сапаты нормадан ашпаган кармалышын көрсөтуучу илимий-техникалык норматив (башкача айтканда чектен ашкан концентрация

– ЧАК (ПДК)). Ченөө бирдиги – г/с, т/жыл (убакыттын бирдигинде атайын булактардан ташталган булгоочу заттардын көлөму (саны)).

ЧӨЙРӨНҮН САПАТЫНЫН НОРМАЛДАШЫШЫ (суу, аба, топурак) – табигый касиеттердин өзгөрушунөн ашкан чектин көрсөтулушу. Көбунчө норма организмдердин турлөрунун (индикатор-организм) чөйрөсунун өзгөруусунө болгон реакциясы боюнча аныкталат, ошондой эле санитардык-гигиеналык жана экономикалык болуп да көрсөтулөт.

ШУУЛДАГАН БУЛГАНУУ – жаратылыштык денгээлдин тышкары дүрүлдөөн интенсивдуулугунун жогорулашынын жана кайталанышынын натыйжасында келип чыккан физикалык булгануунун формасы, бул адамдардын чарчоосунун жогорулашына жана алардын ан-сезиминин активдуулугунун төмөндөшунө алып келет, ал эми 90 — 100 дБ жеткенде акырындап отуруп угуу жоголуп баштайт. Эври – кенен

ЭКИНЧИЛИК КОНСУМЕНТ (ЭКИНЧИ КАТАРДАГЫ) – жаныбарлар менен азыктануучу организмдер. Экология (грек. oikos – уй жана logos – сөз, окуу) – тируу организмдердин бири бири менен жана курчап турган чөйрө менен болгон катышын окутуучу илим.

ЭКОЛОГИЯЛЫК ВАЛЕНТТУУЛУК – чыдамдуулук денгээли же чөйрөнүн ар түдүү шарттарында жандуу организмдердин жашоо жөндөмдүүлүгүнүн мүнөзу.

ЭКОЛОГИЯЛЫК КОРКУНУЧ ЗОНАСЫ – адамдардын ишмердүүлүгү коркунучтуу экологиялык ситуацияларды түзүшү мүмкүн болгон кургактыктын бети жана дүйнөлүк океандардын акваториялары, мисалы, дениз шельфинде суу астынан нефти казып алуу зонасы, ал жерде нефтинин агып аварияга учуратышы мүмкүн болгон участоктор ж.б.

ЭКОЛОГИЯЛЫК КРИТЕРИЙ – экологиялык системалардын, процесстердин жана кубулуштардын аныктамасы же классификациясынын баасын жүргүзүнүн негизиндеги белги.Э. к. жаратылышты коргоо (бүтүндөй экосистеманы, түрлөрдү, анын жашаган ордун коргоо), антропоэкологиялык (адамга, анын популяциясына тийгизген таасири) жана чарбалык («коом-жаратылыш» бардык экосистемага таасир тийгизишине чейин) болушу мүмкүн.

ЭКОЛОГИЯЛЫК НИША – мейкиндикте түрдүн абалын гана эмес, анын топтогу (мисалы, трофикалык статус) функционалдык ролун жана салыштырмалуу тиричилигинин абиотикалык шарттарынын (температура, нымдуулук ж. б.) абалын камтуучу түрдүн жаратылыштагы орду. Эгерде жашаган орду – организмдин «адреси» болсо, анда Э. Н. – анын «профессиясы» болот.

Экологиялык пирамида – ар түрдүү трофикалык деӊгээлдердин катышынын графикалык суроттолүшү. Пирамиданын негизинде продуценттердин деӊгээли кызмат кылат. Үч типте болушу мүмкүн: сандардын пирамидасы, энергиянын пирамидасы.

Экотоп – жашоо чөйрөнүн абиотикалык компоненттеринин жыйындысын камтыган тирүү организмдердин тобунун жашоо орду.

ЭЛЕКТРОМАГНИТТИК БУЛГАНУУ – электромагниттик касиеттердин бузулушу менен байланышкан курчап турган чөйрөнүн физикалык булганышынын формасы.

ЭЛЕКТРОМАГНИТТИК НУРЛАНУУ – электромагниттик толкундарды кое берүү процесси жана бул толкундардын алмашуу талаасы.

Эндемик (грек. endemos - жергиликтүү) – бир гана региондо жашоочу жана башка жерлерде кездешпеген жергиликтүү түр.



Библиография

Левитин М.Г., Левитина Т.П. Общая биология. Санкт- Петербург. 1999, 350 с.(дата обращения 17,04,18)
экологические законы. https://multiurok.ru/files/priezientatsiia-osnovnyie-zakony-ekologhii-1.html (дата обращения 17,04,18)
12 интересных фактов об экологии http://xn--80aexocohdp.xn--p1ai/12 (дата обращения 17,04,18)
Экология: факты и цифры http://www.vitamarg.com/eco/article/857 (дата обращения 17,04,18)
Материал с сайта http://worldofschool.ru (дата обращения 17,04,18)
Популяция https://studopedia.ru/3_184714_ekologicheskie-harakteristiki-populyatsii.html (дата обращения 17,04,18)
Викторина http://kladraz.ru/viktoriny/igra-viktorina-s-otvetami-yekologija-i-zdorove-9-klas.html (дата обращения 17,04,18)
Викторина http://ped-kopilka.ru/vneklasnaja-rabota/viktoriny/viktoriny-dlja-starsheklasnikov-tema-yekologija.html викторина (дата обращения 17,04,18)
Экологические характеристики вида https://studopedia.ru/3_18471популяции 4_ekologicheskie-harakteristiki-populyatsii.html (дата обращения 17,04,18)
Биосфера Биосфера (дата обращения 17,04,18)
Экологическая_пирамида http://ekol-ush.narod.ru/02.htm (дата обращения 17,04,18)
Трофические уровни https://natworld.info/raznoe-o-prirode/troficheskie-urovni-tipy-znachenie-shemy-i-opredelenie-pishhevoj-cepi (дата обращения 17,04,18)
Продуценты, консументы http://estnauki.ru/ekologiya/7-ekologiya/849-producenty-konsumenty-reducenty.html (дата обращения 17,04,18)
Словарь экологических терминов. Составители: Красногорская Н.Н., Легушс Э.Ф. Уфа 2005 (дата обращения 17,04,18)




Экологиялык лайфхак

Адамдын иш аракети айлана чөйрөгө кантип терс таасир тийгизээрин көпчүлүк билишет. Бирок, аны кандай жөнөкөй эле жол менен өзгөртсө болооорун баары билишпейт.

Экологиялык негизиндеги жашоонун бүтүн шарттары

Экологиялык жашоо ыңгайы өтө татаалына адамдардын көпчүлүгү ишенет, бирок ал кыйын жана көп убакытты талап кылат. Инфографиктин өзгөчө “Экологиялык негизиндеги жашоонун бүтүн шарттары” деген РосЭко нун түзгөн долбоорунун негизинде, алыстан караганда, айлана чойрөнүн жашоосун жөнөкөй эле жол менен эч кыйынчызсыз сактоого болот. РосЭконын активистери өзүнүнүн Жандуу Журналында спектрдин бардык багыттарын карап чыгышып аны терең изилдешип, ар бир иш аракеттерин сүрөттөр менен коштошушуп – бир нече жылдар бою экологиялык иштерди териштирип жана анын андан ары уланышы менен бирге. Инфографикада эко- жашоо ыңгайышы өсүү ирети менен жайгашкан: эӊ жөнөкөй кадамдардан баштап өтө татаалына чейин. Экологиялардан алыс болгондорго бирок өзүнүн терс таасирин азайтам деп кааласа аз-аздан баштаса болот: бир жолку пакеттерди жана тараны көп жолку эко – сумкаларга жана чыныларга алмашкандан. Бир үй – бүлөө жарым жылдын ичинде 100 полиэтилен пакеттерди пайдаланат, алардын пайдаланунун убакыты 17 минутадан ашпайт, бирок ал таштандырларда толук чиригенге 100дөн -200 жыл керек. Андан кем эмес кагаз пакеттери да экологиялык деп атаган менен зыяндуу, аларды иштеп чыкканга токой ресурстардан көп кетет. Эко – сумкаларды узак пайдаланган шартында ойлонулган. Андан тышкары алар аз орунду ээлейт сумкада же портфелде жана анын сырткы көрүнүшү да жакшы.

Эко – сумкалар

Эко – сумкалар көп жолку бутылкалар жана кружкалар сиздин жекече жана табигий ресурстарды сактайт.

«буюмдардын экинчи жашоосу»

Экологиялык жашоо ыңгайышы орундагы биринчи кадамдан кийин экинчиси болот, ал «буюмдардын экинчи жашоосу» деп аталат. Жыл сайын таштандырларга 120 млн иштеген мобилдуу телефондор жөнөтүлөт, анткени алар ээсин жадаткндар. Ошондой гаджеттер менен жүктөлгөн оор жүк ташуучу автомашиналар Жерди толугу менен курчоодо. Ошондуктан ага караганда сизди тажаткан буюмдарды башка бирөөгө белек кылуу, интернетте, же ярмаркаларда, эркин маркеттерге коюп, башка өзү+өргө жакканга бергени же аны алмашуу эффективүү.

«каршеринг» принцибин

Транспортко дагы өзүӊөрдүн мамилеӊерди өзгөртсөөӊөр болот. Атмосферага жалпы санынан зыяндуу таштандырларды таштап салуунун автотранспорттун булганышындагы энчиси 70-80% түзөт, муну эсепке алганда коомдук транспорт, самокат же велосипедди пайдалансаӊар туура болот. Бирок эгерде автомобиль керек болуп калса, «каршеринг» принцибин пайдалангыла: достор, коллегалар, кошуналар менен өз ара бириккиле. Бул экологиялуу болот, анткени жолдордогу автомобильдердин санын азайат, жана өзүңөзгө кызыктуу да болот. Автомобилди сатып алганда гибриддик жана автокарларга көӊул бургула, узак жолго самолетту эмес поездди пайдалангыла.

Дагы бир колдонуунун жолу – турмуштук «химия эместикти»

Дагы бир колдонуунун жолу – турмуштук «химия эместикти» Жыл сайын 300 миӊ тоннага жакын кир жуучу порошоктордо болгон фосфаттар канализация аркылуу өлкөнүн көлмөлөрүнө төгүлөт. Сайларга жана көлдөргө бул өкүм чыгарганга барабар болот: фосфаттар, хлор жана дагы ушундай заттар менен булганган суу бат эле сазга айланат. Ошондой уу химияны элдик традициялык каражаттарга алмашса болот: идиш – аякты жууганга горчицанын (сары кычы) порошогун, уксус менен соданы үстүлөрүн тазалаганга. Маанилүү факт: кадыресе турмуштук химиянын көп компоненттери жалаӊ айлана чөйрөгө эмес, адамдын өзгөчө балдардын ден соолугу үчүн коркунучтуу болот, бул дагы анын себептеринин бири, аларды пайдаланбагына.

Чыныгы жашоодо химия

Адамга жана айлана чөйрөгө биз көнгөн косметика жана кароонун каражаттары зыяндуу болот. Табияттка тийгизген таасири кир жуугуч порошоктордукуна окшош. Ошондуктан шампундун ордуна кара буудайдын унун, чөптөрдөн жана суудан турган аралашманы пайдаланса болот, дезодоранттын ордуна коопсуздуу табигий алунит таш менен алмашып же базардагы экологиялык жана этикалык брендерден тандап алуу зарыл.

Чыныгы жашоодо химия

Өзүӊөрдүн үйүӊөрдү экологиялык абалга жооп бергендей кылса болот. Мисалы, кранга сепкичти, энергоэффективдүү техниканы (эӊ жогорку - А++) сатып алуу же жөнөкөй эрежелерди сактоо менен: “комнатада светти өчүрүп кет”, “ суу менен кранды жаап кет ”же “розеткада заряддалган телефонду калтырба”. Анткени мисалы бир начар иштеген кран үчүн ар бир жумада 100 литр суу агып кетет, эгерде кранды жаппаса, тишти тазалаганда бир жуманын ичинде 17 литр суу кетет. Дагы эффективдүү светодиоддор менен энергиянысактоочу лампочкаларды алмашуу. Офисти да экологиялык шартында кылышы мүмкүн. Мисалы, сертифицироваланган кагазды же кайра иштелип чыккан материалдардан же алмашканга болгон бөлүктөрдөн турган (ручкадагы стержень) эко- канцтоварларды пайдалануу. Тамак –аш продуктарды тандаганда анын кичинерээк транспорттук изин (свежость) пайдаланып жана жергиликтүү өндүрүштүн продукталарын тандап алуу. Канчалык анын изи тез, кыска болсо, ошончолук ресурстар продуктуларды жеткиргенге чейин аз кетет.

Лайфхак

Өзгөчө көӊүлдү үстүнкү кийимге буруш керек. Табигий мехтерден тондордун өндүрүш 18ден 17и экологиялык көрсөткүчтөрү болгондору өтө жаман таасирин тийгизет, алардын арасында климаттын өзгөрүшү, топурактардын сазга айлануусу жана уу таштандырлар. Бирок бул тондордун кышында бизди жылыткандыгы боюнча жасалмалардан эч айырмаасы жок болот.

Экологиялык принципти

Экологиялык принципти үйдө багылып өстүрүлүүчүлөрдү тандаганда пайдаланса болот. Айткандай, достор табылат, сатылып алынбайт. Ошондуктан бул спектрдин эрежеси дээрлик жөнөкөй: үйдөгү жаныбарларды сатып албай, приюттан же көчөдө жүргөндөрдөн алгыла.

үйдөгү жаныбарларды сатып

Өзүӊөрдүн экологиялык укуктарыңарды түшүшүнүүдөгү зарыл маселе, аларга буйруктарды берүүдөн тышкары айлана чөйрөгө кош көңүлдүксүздүк: экологиянын мыйзамдарынын бузулушун аныктагыла, алардын арасында реагенттерди өтө пайдалануу же мыйзамсыз таштандырларды, ал жөнүндө жооптуу органдарга жеткирүү.

Жкх

Айлана чөйрөгө айрым зыянды ар түрдүү тойлор ана майрамдар алып келет, аларды кыскартуу ар бирибиздин колубуздан келет. Асмандагы фонариктердин чоӊ өрт чыканынын себеби болушу мүмкүн, ал чөйрөнүн булганышына дагы алып келет. Ошондой эле шариктердин байламасы же бир жолку идиш –аяктын таштандылары.

айлана чөйрөгө терс таасирин кыскарта

Дагы бир өтө маанилүү инфографиканын аспекти – таштандыларды өзүнчө чогултуу. Коркунучтуу цифралар бизди өзүнүн көлөмү менен коркутат: пластиктен жасалган бутылканын чиришине 180-200 жыл керек, 500 – алюминий банкасына жана 1000 – айнек бутылкага. Бирок эгерде мусорду биздин турмушубузда бөлүп баштасак, таштандылар зыян келтирбейт, иштелип чыккан пайдалуу продуктулардын түрүндө кайра бизге кайрылат. Контейнерлер ж.б. буюмдар квартирада көп орунду ээлебейт, ошентип биз айлана чөйрөгө терс таасирин кыскартабыз.

таштандыларды өзүнчө чогултуу

Бардык татаал эмес кадамдарды этап менен киргизсек биздин ашоо экологиялык болуп, табиятка жана өзүбүзгө пайдалуу болот.

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз