БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Бактериялар дүйнөсү

81020054.png
  • Levenguk.jpg

    Голландия натуралисти Антони ван Левенгук

  • Microscope-1.jpg

    1750- жылы жылы даярдалган Мани микроскоп

  • Erenberg.jpg

    Эренберг Христиан Готфрид

Бактерия клеткаларынын түзүлүшү 1930- жылдарда микроскопту ойлоп тапкандан баштап изилдене баштаган. 1676- жылы голландия табият таануучу Антони ван Левенгук бактерияларды эң биринчи оптикалык микроскоптон көрүп баяндап, ага «анималькули» деген ат берген.

«Бактерия» деген атты 1828 –жылы Христиан Эренберг колдонууга киргизген.

Мектептин биология сабактарында бизге бактерия деген эмне, алар вирустардан эмнеси менен айырмаланат деп айтышкан. Бирок, баарыбызга: алар «жугуштуу нерсе», «оорунун бир түрү» деген эсибизде калган. 1850- жылдары Луи Пастер организмдердин физиологиясын (грек. physis жаратылыш жана логия -илим) изилдеп баштаганда гана бактериялардын зат алмашуусун (метаболизм) жана анын патогендик касиеттерин ачкан. Физиология илими-жандуу организмдердин өрчүүсүн, дем алуусун, көбөйүүсүн алардын кызматтарын жана бири- бири менен байланыштарын изилдейт.

  • Levenguk.jpg

    Голландия натуралисти Антони ван Левенгук

  • Microscope-1.jpg

    1750- жылы жылы даярдалган Мани микроскоп

  • Erenberg.jpg

    Эренберг Христиан Готфрид

Бактерия клеткаларынын түзүлүшү 1930- жылдарда микроскопту ойлоп тапкандан баштап изилдене баштаган. 1676- жылы голландия табият таануучу Антони ван Левенгук бактерияларды эң биринчи оптикалык микроскоптон көрүп баяндап, ага «анималькули» деген ат берген.

«Бактерия» деген атты 1828 –жылы Христиан Эренберг колдонууга киргизген.

Мектептин биология сабактарында бизге бактерия деген эмне, алар вирустардан эмнеси менен айырмаланат деп айтышкан. Бирок, баарыбызга: алар «жугуштуу нерсе», «оорунун бир түрү» деген эсибизде калган. 1850- жылдары Луи Пастер организмдердин физиологиясын (грек. physis жаратылыш жана логия -илим) изилдеп баштаганда гана бактериялардын зат алмашуусун (метаболизм) жана анын патогендик касиеттерин ачкан. Физиология илими-жандуу организмдердин өрчүүсүн, дем алуусун, көбөйүүсүн алардын кызматтарын жана бири- бири менен байланыштарын изилдейт.

  • Levenguk.jpg

    Голландия натуралисти Антони ван Левенгук

  • Microscope-1.jpg

    1750- жылы жылы даярдалган Мани микроскоп

  • Erenberg.jpg

    Эренберг Христиан Готфрид

Бактерия клеткаларынын түзүлүшү 1930- жылдарда микроскопту ойлоп тапкандан баштап изилдене баштаган. 1676- жылы голландия табият таануучу Антони ван Левенгук бактерияларды эң биринчи оптикалык микроскоптон көрүп баяндап, ага «анималькули» деген ат берген.

«Бактерия» деген атты 1828 –жылы Христиан Эренберг колдонууга киргизген.

Мектептин биология сабактарында бизге бактерия деген эмне, алар вирустардан эмнеси менен айырмаланат деп айтышкан. Бирок, баарыбызга: алар «жугуштуу нерсе», «оорунун бир түрү» деген эсибизде калган. 1850- жылдары Луи Пастер организмдердин физиологиясын (грек. physis жаратылыш жана логия -илим) изилдеп баштаганда гана бактериялардын зат алмашуусун (метаболизм) жана анын патогендик касиеттерин ачкан. Физиология илими-жандуу организмдердин өрчүүсүн, дем алуусун, көбөйүүсүн алардын кызматтарын жана бири- бири менен байланыштарын изилдейт.



Микроскоптук жандыктардын биологиялык белгилерин жана алардын башка организмдер менен байланыштарын изилдөөдө медицина микробиология (грек. μικρος — кичине, лат. bios — тиричилик) илиминин өнүгүшү менен жакшы изилдене баштаган. Бул далилди немец микробиологу Роберт Кохтун эмгектериндеги ооруну козгоонун (Кохтун постулаты) жалпы негиздери иштелип чыккан. 1905- жылы Роберт Кох кургак учуктун (туберкулёз) козгогучун изилдегени жогору бааланып, Нобель сыйлыгына ээ болгон. Бактериялар 2 млрд. жылдан бери жер жүзүндө жашап келген эң байыркы организмдер болуп эсептелинет. Бактериялардын эволюциялык процессинде млрд. жылдардын аралыгында сырткы келбетин өзгөртпөй келген. Болгону ички түзүлүшүндө түр өзгөрүү жүргөн. Бул дүйнөлүк «Фольксваген - коңуз» автомобили сыяктуу (автомобилдин тышкы келбети гана өзгөрүлүп келген), ага «синдром Фольксваген» деген атка конушу анын ушул кубулушуна байланыштуу келип чыккан. Бүгүнкү күдө окумуштууларга бактериялардын 2 500 жакын түрү белгилүү.



Айырмачылыктарды сезгиле

Мына ошентип, вирустардын бактериялардан негизги айырмачылыктары болуп төмөндөгүлөр саналат:

Вирус козгоочулар – бул организмдер жандуу жаратылыштын клеткага чейинкилерине кирген (вирус –лат. »уу») клетканын мителери. Алар бардык жандуу организмдерге: өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдын клеткаларында, керек болсо бактерияларга (бактериофаг) да таасир этип жашашат. Ал эми бактериялар бир клеткалуу микроорганизмдер болуп саналат.

  • Vir1.jpg

    Бул сүрөт көркөм өнөр галереясындагыдай болуп көрүнөт, бирок чынында бул Эбола вирусу болуп саналат.

  • Vir2.jpg

    Бул, жапон ресторанда сушиге окшойт, бирок чынында бул илдет чечек бейнеси.

  • Vir3.jpg

    Сүрөттө 6000 эсе чоңойтулган адамдын папилломасынын вирусу, ал адамдагы сөөлдү пайда кылууга алып келет.

  • Vir4.jpg

    Сүрөттө 2 3000 эсе чоңойтулган сасык тумоо вирусу, ал рибонуклеин кислотасынан туруп (РНК), нуклеокапсида (кызгылт) жана липид (жашыл) кабыгы менен оролгон.

  • Vir5.jpg

    Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусунун сүрөтү.

Вирустар ички жандуу клетканын эсебинен көбөйүшөт, ал эми бактериялар өз алдынча бөлүшүнөт.

Бактериялардын узундугу- 0, 0005-0,00 мм, ал эми вирустар 0, 0003 мм. Эки топтогу жандуу организмдердин өкүлдөрүндө тең микробдордун чоң өлчөмдөгүлөрү, ошондой эле кичине да өлчөмдөгүлөрү кездешет. Кайсы бир бактерияларды куралсыз көз менен да көрүүгө болот, буга мисал катары- Тиомаргарита (Thiomargarita) бактериясы. Жаратылышта булар деңиз түбүндө кездешип, алардын өлчөмдөрү 0,75 мм.га жетет.



  • Baketry1.jpg

    Чыбык сымал бактерияларды – ичеги таякчасы жана сальмонелла (резистенттүү) бактериясынын бир учу шапалактарга ээ, алардын жардамы менен кыймылдоого жөндөмдүү.

  • Baketry2.jpg

    Хеликобактериялар (Helicobacter Pylori) адамдын аш казанында жашап, аш казан (гастрит) оорусун козгойт.

  • Baketry3.jpg

    Бактерия чынжырча пневмониясынын (өпкөгө суук тийүү) компьютердик сүрөттөмөсү. Алар биздин организмде шайке жашаса да, кайсы бир учурда кооптуу жугуштуу оору – өпкө пневмониясын козгойт.

  • Baketry4.jpg

    Enterococcus faecalis бактериясынын компьютердик сүрөттөмөсү. Бул бактериялар супервирус деген атка конуп, антибиотикке карата чыдамкай келет.

Вирустар курамында бир гана нуклеин кислотага ээ болушу менен мүнөздөлөт, ал эми бактериялар РНК, ДНК, клеткалык мембрана жана рибосомасы менен вирустардан айырмаланат.

Микробдор – түзүлүшү жана тиричилигин албаганда бардык микроскоптук организмдердин тобун өзүнө камтыйт.


Бактериялардын азыктанышы

бактериялардын азыктануу ыкмасы

Көпчүлүк бактериялар даярдалган органикалык заттар менен азыктанышып, аларды ажыратуу менен өздөрүнүн клеткаларын курушат. Мындай бактериялар гетеротроф деп аталат. Кайсы бир гетеротрофтук бактериялар өсүмдүк жана жаныбарлар бөлүп чыгарган органикалык заттар менен азыктанышат. Бул бактериялар сууда, топуракта, жаныбарлардын терисинде жана ичегилеринде жашашат. Органикалык заттарды ажыратуу менен алар топуракка кайрадан минералдык туз катарында жана атмосферага, фотосинтезге керектүү көмүр кычкыл газы болуп бөлүнүп чыгат. Мите бактериялар адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ткандарында жайгашып, ар түрдүү бактериялык ооруларды козгойт. Буларга кургак учук, ич өткөк таякчасы, ангина жана пневмония кирет.

Кайсы бир өсүмдүктөрдүн: буурчактын, чанактуулардын, люпендин мончокторунда (клубень) төөнөгүчтүн башындай мончокторду көрсө болот, булар өсүмдүктөргө пайдалуу мончок бактериялары. Алар абадан азотту сиңирип, өсүмдүккө жетиштүү болгон азот кошулмаларын пайда кылышат. Мончок бактериялар өсүмдүктөрдү азот менен камсыз кылуу менен өздөрү алардын тамырынан керектүү жер семирткичтердин соруп алышат. Качан өсүмдүк жок (өлгөндө) болгондо азоттун кошулмалары топуракта калып жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындай өз ара биргелешип жашоо - симбиоз (грек. «symbosis» - биргелешип жашоо).) деп аталат.



Бактериялардын түзүлүшү

Бактериялар – булар анык клеткалууларга кирип, алардын тиричилигине көбөйүүгө, энергия пайда кылууга керектүү заттардын бардыгы бар, болгону бактериялардын ядросу жок, генетикалык материалдары цитоплазмада (клетка ичиндеги суюктук) жатат. Вирус – жансыз жана жандуу жаратылыштын ортосундагы тиричиликтин эң жөнөкөй формасы. Алардын генетикалык материалы (ДНК же РНК) белок кабыгы менен оролгон.
Вирустардын жана бактериялардын түзүлүшү.


Вирустардын келип чыгышы али да болсо толук изилденен элек. Бүгүнкү күндө алар клеткалуу организмдердин геномдорунун бөлүгү болгон, ал бөлүгү клетка- «кожоюнун» таштап, башкалардын эсебинен жашоого өтүшкөн деген божомолдоолор бар.



Бактериялардын тиричиликтери

Вирус бөлүгү өз алдынча көбөйүүгө жөндөмсүз, ал үчүн ага кожоюндун организм клеткасы зарыл. Ал эми азыктануусу боюнча сөз кылбасак деле болот, себеби вирустун өз алдынча зат алмашуусу (метаболизм) жок.

Демек, вирус бөлүктөрүнүн белок кабыгы (мембрана) бөтөн клетканын мембранасына илинип алат, көпчүлүк учурда, ар бир илдет үчүн клетканын белгилүү бир түрү болуп саналат. М: сасык тумоонун вирусу эпителийдин былжырлуу челине (айрыкча трахеяга) карманышат. Жөнөкөй герпестин вирусу – нерв тканга, иммундук жетишсиздиги –иммундук клеткага карманышат. Белгилүү оорулар: сасык тумоо ж.б. ОРВИ (муунай), учук оорулар, СПИД менен ооругандар, кызылча, кызамык, паротит («свинка»), чечек, геморрагиялык ысык, кене энцефалит.

Кайсы бир сезгенүү оорулары, мисалы, пневмония же менингит вирустар менен да бактериялар менен да козголушу мүмкүн. Оорунун тиешелүү дарылоо курсу козгогучтун түрүнө жараша болот.

Вирус клетка мембранасына тиркелгенден кийин, өзүнүн генетикалык материалын клетка – «кожоюндун» ички клеткасына кирип, вирустук ДНК же РНК кожоюн ферментинин натыйжасында көбөйүшөт, анын матрицасына клетка вирустуу белокту синтездей баштайт. Нуклеин кислотасынан жана белоктордон жаңы вирус бөлүктөрү чогулуп, алардын бошонуусу клетка «кожоюнун» талкалоо менен жүрөт. «Жаңы төрөлгөн» вирустар жаңы - жаңы клеткаларды ууландырып, айлана - чөйрөгө жаңы «кожоюндарда» ооруну козгоп, бөлүнүп чыгат.



Бактериялар

Бактериялар өз алдынча көбөйүүгө (бөлүнүү жолу) жөндөмдүү жана өзүнө гана тиешелүү зат алмашуусу бар. Алар «кожоюнду» өздөрүнүн жашоосу, көбөйүүсү үчүн азык катары гана пайдаланат. Ошол эле учурда алар ткандарды жана клеткаларды өздөрүнүн ферменттери менен зыян келтирип, организмди ууландырат. Булардын баары оорунун өрчүшүнө алып келет.

Айтмакчы, бардык эле бактериялар митечилик менен жашабайт. Алардын арасында өсүмдүктөрдүн өсүшүн камсыз кылууда топуракты жакшыртат. Бактериялардын жардамы менен кычкылданган кант, сүт кычкыл азыктарын, уксус ж.б. даярдашат.

Кээ бир бактериялар адамдын организмин нормалдуу иштеши үчүн зарыл. Мындай бактерияларды симбиоздук чөйрө деп аташат.

Бактериялардын дагы бир пайдасы: ичегиде азыктын сиңирилишине катышып, витаминдердин пайда болуусун ишке ашырып, ичеги ооруларын алдын алат. Териде, ооз көңдөйүндө алар өздөрүнө окшош туугандары менен да күрөшөт.



Глоссарий

Прокариоттор - эң байыркы, ядросу жок организмдер болуп, аларга бардык бактериялар кирет. Прокариоттордо ядронун кызматын ДНК, белок жана РНК аткарат. Булардын тукум куучулук касиеттери жөнөкөй хромосомаларга окшош жайгашкан. Прокариоттор жыныстык жол жок бөлүнүп көбөйот. Буларга вирустар, бактериялар, көк –жашыл балырлар, микоплазмалар ж.б. кирет.
Бактерия - микроскоптук түзүлүшкө ээ бир клеткалуу организм. Клетка бетине ээ болуп, бирок ядросу калыптанган эмес. Бактериялар жаратылышта редуценттин кызматын аткарат.
Бактериология - микробиология илиминин бир бөлүгү, ал морфология, физиология, биохимия, экология жана медициналык, бактериялардын айыл чарбасындагы маанисин окутат.
Бактериофаг - бактериялык вирус, бактериялык клеткаларга каршы соккуу урууга, анда көбөйүүгө жана анын эришине жөндөмдүү келет.
Бактериоцид - бактериянын белгилүү бир түрү менен өндүрүлгөн жана башка түрдөгү бактериялардын антибактериалдык заты.
Бацилла - таякча формасындагы бактерия.
Вибриондор - формасы үтүр сымал ийилген бактериялар, жерде, чооттордо жана ичегилерде жашайт. Бул бактериялар оорунун патогендүү түрөлөрүн козгойт.
Клубень бактериялары - булар жогорку түзүлүшүтөгү өсүмдүктөр менен биргелешип (симбиоз) азыктанууда алардын тамырынан абага азот жана клубеньдер пайда болот. Ошого байланыштуу булар топуракты минералдык заттар менен байытат жана алар аэробдуу бактериялар.
Микроорганизм - микроскоптон гана көрүнүүчү, үтө майда бир клеткалуу организмдер, аларга: бактериялар, микроскоптук козу карындар, балырлар, жөнөкөйлөр кирет.
Нуклеотид - «ядролук» бактериялар бактериальное "ядро"; бактериялык клетканын боштугундагы оптикалык бөлүкчөлөр. Нуклеотид ДНК молекуласынан туруп, ал тукум куучулук маалыматтарды ишке ашырат.
Протрофтор - булар бактериялар:-кичи чөйрөдө жашап, углевод жана минералдык туздардан турат;-өзүнө керектүү заттарды синтездөөгө жөндөмдүү.
Күкүрт бактериялары - булар күкүрттүү суутекти күкүрткө чейин кычкылдандырып, аларды убактылуу клеткага киргизип, аны сульфатка чейин кычкылдандырат.
Фотобактерия - була түстүү бактериялар, алар эркин кычкылтектин алдында жарык нурларын пайда кылууга жөндөмдүү. Фотобактериялар ар кандай систематикалык топтого кирип, жер үстүндөгү сууларда таралган. Кайсы бирлери баш буттуулардын, балыктардын ж.б. жаныбарлардын органдарында жалындап жашашат.
Фотосинтездөөчү бактериялар - pigment- (кызгылтым, жашыл) күн энергиясын сиңирип алып, суутек атомдорун бөлүп чыгарууга жөндөмдүү бактериялар.
Хемосинтездөөчү бактериялар - органикалык эмес заттардын кычкылдануусунан пайда болгон энергиянын жардамы менен көмүр кычкыл газынан органикалык заттарды пайда кылышат.
Вирус - тиричиликтин клеткасыз формасы болуп, тирүү клетканын ичине кирип, анын ичинде көбөйөт. Вирустар нуклеин кислоталары (ДНК, РНК) жана белок кабыгынан турат.
Вирусология - вирустардын тиричилигин изилдөөчү илим
Капсид - жек бөлүмдөрдөн турган вирустун белоктук кабыгы.


Пайдалуу байланыштар.


Библиография.

Бактериялар жөнүндө
Биз бактериялар жана микробдор менен курчалып жашайбыз, алардын арасынан зыяндуулары да пайдалуулары да бар.
Келгиле, анда эмесе мына ушул кызыктуу бактериялар менен таанышып алалы.

геосмин органикалык зат
Жамгыр жаап кеткенден кийинки абанын жытынын өзгөчө болушу - геосмин органикалык заттарына байланыштуу, аны жердин үстүнкү бетинде жашаган актинобактриялар жана цианобактериялар бөлүп чыгарышат.

бактериялардын эволюциясы
Бактериялардын эволюциялык процессинде млрд. жылдардан бери өздөрүнүн сырткы келбетин өзгөртпөй келген. Болгону ички түзүлүшүндө түр өзгөрүү жүргөн. Булар дүйнөлүк «Фольксваген - коңуз» автомобили сыяктуу (автомобилдин тышкы келбети гана өзгөрүлгөн), ага «синдром Фольксваген» деген атка конушу да ушуга байланыштуу.

термоацидофила (thermoacidophiles).
Илимпоздор эң байыркы организмдер - архибактерия термоацидофила (thermoacidophiles) деп эсептешет. Бул бактериянын түрү, 55 градус температурадан төмөндө, кислотасы жогору болгон ысык булактарда жашашпат.

сокур ичеги (аппендицит)
XX кылымдарда кайсы бир өлкөлөрдө жаңы төрөлгөн ымыркай балдардын сокур ичегилерин (аппендицит) пайдасы жок деген мааниде алып салышчу. Бирок, XXI кылымдын башында аппендекс чыныда эле рудимент орган эместиги, өзүнө көптөгөн микроорганизмдерди камтып турарын жана адамдын иммундук системасына абдан маанилүү экендиги окумуштуулар аныктаган. Адам кандайдыр бир оорудан азап чегип жатканда, ичегидеги табигый чөйрө (флорасын) өлүп турат. Мына ошол убакта организмге ушул сокур ичегидеги микроорганизмдер жардамга келет.
Программалар жөнүндө
Вирус

вирус козгоочулар-булар жаратылыштын клеткага чейинкилерине кирип, (вирус-лат «уу») клетканын мителери. Алар бардык жандуу организмдерге: өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдын клеткаларында керек болсо бактерияларга (бактериофаг) да таасир этип жашашат. Ал эми бактериялар бир клеткалуу микроорганизмдер болуп саналат.


араукананын жумурткасы

Уникалдуу тоок тукуму Араукананын жумурткасынын түсү өзгөчө –көгүш же жашыл сыяктуу. Мындай түскө боёлушунун себебин – вирус аныктайт, ал жумуртканы жуктурган вирус - реторвирус болуп саналат. Бул вирус ДНК га өзүнүн генин киргизип , ал өзүнүн катарында жумуртканын кабыгындагы биливердиндин (лат. bilis — өт жана фр. vert — жашыл —өттүн жашыл пигменти) көлөмүн жогорулатат. Бирок мындай кубулуш жумуртканын сапатына эч кандай зыян келтирбейт, аны тамак катары пайдалана берсе болот.


өпкө оорусу

1992-жылы өпкө оорусунун пайда болушу боюнча Улуу Британияда бир окуя болуп өткөн. Бул окуяны окумуштуулар узак убакыт себебин аныктай алышкан эмес. Көрсө, аба муздатуу үчүн колдонулган мунаралардын чатырларындагы амебанын ичине вирус кирип, көбөйгөнгөндөн улам оору аныкталган.


эневирустар

Вирустардын чоң өлчөмдөгүлөрүнө - мамавирустар кирет, алар өлчөмү боюнча бактериялардан да ашып кетет. Алар «спутник» программалар менен жабдылган.


адам геному

Адам геномунун көп бөлүгү, анын курамы "үзүндүлөрү" биздин ата-бабаларыбыздан өткөн деп ойлойбуз, бирок вирустар бүгүнкү күндө «үй вирустары» болуп бара жатышат.


вирус сыныктары

Айрым вирустар аутоиммундук системасы үчүн жооптуу болгон биздин организмди рактан коргоп турары боюнча окумуштуулардын божомолдоолору бар. Убакыттын өтүшү менен биздин геномго келип түшкөн кайсы бир вирустар жаратылыштан жоголуп кетишкен. Мына ошол вирустарды кайра пайда кылууда Франция окумуштуулары эмгектенип келишет. Дагы бир кызыктуу факт – эгерде вирустар биздин жашообузга вирустар катышпаса, биздин төрөлүүбүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт эле, себеби, вируссуз биздин иммундук система эмбрионго кол салып анын өрчүүсүн токтотуп коймок.


эбола

Эбола – эң коркунучтуу вирустардын бири. Алгачкы белгилери ысытма болуп, тамак сезгенип, ошондой эле булчуң оорусу күчөйт. Алгач, бул суук тийгенге же сасык тумоого окшош белги байкалат. Кошумча өзгөчөлүктөрү - кусуу, ич, жана андан ары: бөйрөк жана боор зыянга учурайт, ички жана тышкы кан болушу мүмкүн.

пайдалуу бактериялар

Болжол менен 3,5 миллиард жыл мурда, бактериянын жаңы түрү – цианобактерия балыр пайда болгон. Булардын негизги өзгөчөсү: фотосинтезге жөндөмдүү, б.а. кычкылтек өндүрүү жөндөмдүүлүгүно ээ. Бул балырлардын , биздин планетада таралгандыгы менен кычкылтек менен толукталып, биздин планетанын жашоосунда чукул бурулушту алып келген. Цианобактериялар бүгүнкү күндө да жашап, атмосфераны 20-40% кычкылтек менен камсыз келет. Эгерде ушул микроорганизмдердин бир аз бөлүгү жоголууга учураса, анда планетанын толук өзгөрууго дуушар болот. Чынында эле, бактериялардын биздин жашообузда пайдалуу касиеттерин айта берсек чексиз. Баарынан мурда, алардын заттардын айлануусундагы ролун белгилей кетүү керек. Алсак, атмосфералык азот жаздыруу - бактериялардан толугу менен көз каранды. Дагы мисал, татаал жогорку молекулалуу бирикмелерди ажыратуу, бактериялардан толугу менен көз каранды. Биздин организмде ар кандай бактериялардын триллиондогон төрлөрү бар, алар азыкты сиңирүүдө жана пайдалуу кошулмаларды жана В,К витаминдерди ажыратууда көмөктөшөт. Акыр-аягында, гендерди өткөрүп берүү вируссуз мүмкүн эмес. Ошондой эле башка түрлөрдүн жеке генетикалык материалын берүүдө да чоң ролу бар. Жыйынтыктап жатып, биз Жер планетасында дароо бактериялар жана вирустар жок болсо, Апокалипсис түрүндөгү жок болот деп айта алабыз.

Ещё...
Микроб деген эмне?

Микробдор — азыркы жер бетинде болгон организмдердин байыркы тобу. Биринчи бактериялар 3,5 миллиард. жыл мурда, балким, болжол менен бир миллиард жыл планетанын гана тирүү жандыктары болгон. Кайсы бир микрободордун өлчөмдөрү бир канча микрон (1 микрон 1/1000 мм. барабар) болот, кайсы бир учурларда ондогон микрон үлүшүнө барабарлары да кездешет. Бардык микроорганизмдер бири биринен формасы, өлчөмдөрү, түзүлүшү, кыймылдары, азыктануу мүнөздөрү дем алусуу жана тышкы чөйрөгө (темература, нымдуулук ж.б.) болгон мамилеси боюнча айырмаланып турушат. Кээ бир микробдор үчүн кычкылтек талап кылынат, ал эми башкалары (anaerobes) ага зарыл болгон эмес.

Бардык микробдор 3 чон топко бөлүнөт:

бактериялар;

бубак көк бактерия (плесень) — жип сыяктуу колонияларды пайда кылган клеткалар,

ачыткылар (дрожжи) — тоголок же сүйрү формасындагы ири клеткалар.

Окумуштуулар адамдын организми менен жөнөкөй организмдердин ортосунда да байланыштын бар экендигин аныкташкан. Бул аныктаманы төмөндөгүдөй далилдесе болот:

-адам денесин түзгөн татаал клеткалар алгачкы организмдер менен байланышкан; - клеткалардагы органеллалар качандыр бир мезгилде өзүнчө микробдор болушкан, алар кийинчерээк ири организмдерди жаратышкан деген теорияны Банана, чогуу Массачусетс институтун кесиптештери менен иштеп чыккан;

- адамдын көрүп, жытты сезип, туйуу сезимдеринин иштеши, б.а. жашоо үчүн күрөшүү сапаттары бактериялардын түпкү муундарына байланыштуу. Мындай теорияны жаратуучулар жаныбарлардын клеткаларынын митохондриялары бактериялардан келип чыккан экендигин жана алар энергияны иштеп чыккандыгы менен далилдешкен. Митохондриялар өз ДНКна - энеден балага өтүп туруучу жана миндеген ATФ – синтеза ферментинин көчүрмөсүнүн нускаларын камтыйт. Бул процес энергия молекулаларынын муун үчүн зарыл болгон – аденозинтрифосфат. Жакынкы убактарда эксперттер ата - эне клеткаларынын ДНКсын алып, аны донордун жумуртка клеткасына киргизүү менен митохондриялык мутацияларды алып таштоону баштоодо. Ошентип, окумуштуулар ушундай жол менен үч ата – энеден "мыкты" баланы алууну божомолдошот.

Микроорганизмдер кайда тиричилик кылышат жана кандай пайда келтиришет?

Микроорганизмдер, бардык жерде бар, анын ичинде ысык булактар, дүйнөлүк океандын түбүн, ошондой эле жер кыртышынын ичинде терең сууларда, жерде жашайт. Алар атомдук бомба жарылууларда, вулкан атылган жанарлардан башка жерлерден бардыгында кездешет.

Топрактагы микроорганизмдер:

- өсүмдүк тамыры сиңирүүчү минералдарга, гумустарга айландырат;

- абадан азотту сиңирип, азот кошулмаларын пайда кылып, топуракты жана түшүмүн жогорулатат.

Сууда микробдор:

- күкүрт кислотасы менен суутек кычкылданат жана балык өлүмүнүн алдын алуу;

- сууну таштандылардан тазалайт.

Микроорганизмдер эмнеси менен коркунучтуу?

- ар кандай микроорганизмдер катуу адам оорусун (кургак учук, күйдүргү, стенокардия, тамак-аштан уулануу, ж.б.), жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдун ооруларын козгойт. Патогендүү бактериялар аба, былжырлуу кабык, кесиктер аркылуу организмге кирет. Микробдор менен күрөшуудө адамга табигый жана синтетикалык дары жардам берет (м: пенициллин и ж.б.).

Микроорганизмдер - көпкө сактоого болбогон, иштелбеген нукура азыктарды – эт, балык, жемиштер, сүт, мөмөлөрдү бузат. Ошондуктан, микроорганизмдердин азыктарды бузулуудан сактоо үчүн туздашат, кургатышат муздак жерде кармашат.

MikrobPol.jpg
Белгилөө

Мобильный телефон Уюлдук телефон. Качан тамак даярдаганда, аны ашканага алып жүрөсүң. Аны антибактериалдык жабуу менен аарчып, тамак-аштын жанына коюу жакшы эмес. Бул досуң менен буга чейин кайда болгонуңду эсине сал.

телефон жана бактериялар
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз