БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Организмдердин көбөйүшү жана өрчүүсү

Жыныстык көбөйүү. Организмдин жекече өрчүүсү. Жаныбарлардын постэмбриондук өрчүүсү. Бардык организмдин негизги белгиси – түрдүн жашоосун камсыздаган көбөйүү. Көбөйүүнүн негизги үч жолу бар:

  • вегетативдик
  • жыныссыз
  • жыныстуу.
Организмдердин көбөйүүнүн жолдору

Вегетативдик көбөйүү

Вегетативдик көбөйүү

Жыныссыз көбөйүү

  • Бир клеткалуу организмдердин жыныссыз көбөйүүсүнүн формалары

    Гидранын жыныссыз көбөйүүсү
  • Жыныссыз көбөйүүнүн типтери


Жыныстуу көбөйүү

уруктануу

Жыныстык көбөйүүнүн биологиялык мааниси – ата-энелик генетикалык информациясынын биригиши, анын жыйтыгында тукумдардын ар түрдүүлүгү жана жигердүүлүгү көтөрүлөт.

  • Жыныстык көбөйүү

  • Коньюгация
  • Партеногенез

Мейоз - бул маанилүү жалпы биологиялык процесстердин бири, жыныстык клеткалардын пайда кылышын коштойт.

Мейоздун өзгөчөлүгү – хромосомалардын санын эки эссе азайышы.

Митоз менен мейоз

Мейоздун этаптары
Жыныстык көбөйүүдө эки жыныстык клеткалар (гамета) кошулуп жана андан кийинки уруктанган жумуртка клетканын (зигота) өнүгүүсүнөн жаӊы организм пайда болот.

Ата- энелик жыныстык клеткалар хромосомалардын гаплоиддик (n) жыйнагынга ээ, зиготаны пайда кылганда эки ошондой клеткалар биригип диплоиддик (2n) хромосомалардын жыйынын пайда кылат: ар бир жупталган окшош хромосомалар бир аталык жана бир энелик хромосоманы камтыйт.

Диплоиддик клеткалар өзгөчө клеткалык бөлүнүшү – мейоз аркылуу гаплоиддик клеткалардан пайда болот.

Ошентип, мейоз ар бир түргө мүнөздүү хромосомалардын жыйынагын жана ДНКнын санын сакталышын камсыздайт. Мейоз – бул үзгүлтүксүз процесс, I мейоз жана II мейоз деген ырааттуу бөлүнүүдөн турат. Ар бир бөлүмүндө профазадан, метафазадан, анафазадан жана телофазадан турат. I мейоздун жыйынтыгында хромосомалардын саны эки эсе азаят (редукциялык бөлүнүшү), II мейоздо клеткалардын гаплоиддүлүгү сакталат (эквациялык бөлүнүшү)

Гаметогенез

Эки жыныстын гаметалар мейоздон өтүп, хромосомалардын саны экиге бөлүнөт. Бирок эркектерде жана аялдарда пайда болгон гаметалар бөлүнүшүнүн убактысы, өлчөмү жана саны боюнча айырмаланат.
Жумуртка клетканын түзүлүшү
Гаметогенез – (гамета жана генез – келип чыгышы) – бул жыныстык клеткалардын өнүгүүсүнүн жана пайда болушунун процесси – аялдык (оогенез) жана эркектик (сперматогенез).
Гаметогенез

Жаныбарларда гаметогенез жыныстык бездерде өтөт – энелик жана аталык бездеринде. Сперматогенез – бул жыныстык клеткалардын диплоиддик алдыртадан – сперматогонийлердин сперматозоидге айлануу процесси. Овогенез – ургаачыларда жумуртка клеткалардын пайда болушу. Жаныбарларда энелик бездерге өтөт.

Гаметогенез

Уруктануунун этаптары

Уруктануу – жумуртка клетканын сперматозоиддер менен биригиши Уруктануунун этаптары
  • Уруктануу
  • Уруктануунун этаптары
Сырткы жана ички урууктанусу
Уруктануу сырткы жана ички болот. Ургаачынын сырткы уруктаанусу организмдин сыртында өтөт – суу чөйрөсүндө, бул балыктарга, жерде – сууда жашоочуларга, көпчүлүк моллюскаларга жана кээ бир курттарга мүнөздүү.

Жердин үстүндө жашагандар дээрлик бардыгына жана кээ бир сууда жашаган организмдерге ички уруктануу мүнөздүү. Сперматозоид жана жумуртка клеткасы ургаачынын жыныстык жолдорунда жолугат, ал жерде жогору деӊгээлде нымдуулук жана коргоо шарттары түзүлөт. Ички уруктануу бул жер үстүндө жашаганга ыӊгайланышынын натыйжасы.

Ички уруктануу
  • Ички уруктануу

  • Уруктануу этабы


Организмдин жекече өрчүшү

Организмдин жекече өрчүшү
Онтогенез

Жекече өрчүшү (онтогенез) – бул зиготанын пайда болушунан жана өлүмүнө чейин өнүгүүсүнүн процесстеринин жыйындысы.

Жыныстык көбөйүүдө жумуртка клетканын сперматозоид менен уруктануусу менен онтогенез башталат. Онтогенез периоддорго бөлүнөт: эмбриондук (жумуртка клетканын уруктануусунан баштап төрөлгөнгө же жумуртканын кабыкчасынан чыкканга чейин) жана постэмбриондук (төрөлгөндөн же жумуртканын кабыкчасынан чыккандан баштап өлүмгө чейин).

Эмбриондык периоддун стадиялары: бөлчөктөнүү, бластула, гаструла, нейрула, органогенез.

Эмбриондук учур

Митоз аркылуу зиготанын бөлчөктөнүүсүнөн эмбрионалдык өнүгүүсү башталат. Бластомерлердин бөлүнүшү бөлчөктөнүү деп аталат анткени бластомерлердин өлчөмдөрү кичирет. Бардык жаныбарлардын жумуртка клеткалары уюлдуулукка ээ. Бир полюсунда (анималдуу) сарысы аз, башкасында (вегетативдүү) – көп. Жумуртканын бөлчөктөнүүнүн тиби сарысынын саны жана анын бөлүнүшү менен байланыштуу. Бөлчөктөнүү толук (анда жумуртка клеткасы толук бөлчөктөнөт) же толук эмес (бир гана бөлүгү бөлчөктөнөт) болот.

Бөлчөктөнүү
Ланцетниктин жана сүт эмүүчүлөрдүн зиготасы толук бөлчөктөнүүга кабылат, анткени алардын сарысы аз жана ал салыштырмалуу кылып үлөштүрүлгөн.эгерде жумуртканын сарысынын кармалышы орточо болсо (баканыкы), анда толук, кыйры бөлчөктөнүү болот. Сойлоп жүрүчүүлөрдүн жана куштардын жумурткаларында вегетативдик полюста сарысы өтө көп, ал бөлчөктөнүүга тосколдук кылат, ошондуктан толук эмес бөлчөктөнүү болот – цитоплазмасынын диски ядро менен бөлүнөт.


Бөлчөктөнүүнүн стадиялары
Бөлчөктөнүүнүн периоду бластуланын пайда болушу менен бүтөт – көп клеткалык организмдин өнүгүүсүндө милдеттүү стадиясы. Типтүүү бластула – клеткалар менен пайда болгон көӊдөй шар. Бөлчөктөнүүдө бластуланын көӊдөйү чоңоёт. Ал клетканын жашоо аркеттинин продуктусу менен – суюктукка толгон. Пайда болгон бластуланын көӊдөйү бластоцель же түйүлдүктүн көӊдөйү деп аталат. Көӊдөйдү пайда кылгын клеткалар бирдей (бака) же ар түрдүү (губкалар, деӊиз кирпилери ж.б.) болот. Ар түрлүү

жаныбарлардын бластулалары ар кандайлыгы менен айырмаланат. Кээ бир организмдерде шар көӊдөйсүз болот, анда бластомер бир бири менен байланышып турат. Бул түйүлдүк морула деп аталат. Жаныбарлардын эмбриогенезисинин кийинки стадиясы – гаструла. Бул эки катмарлуу түйүлдүк, сырткы катмары – эктодерма жана ички катмары – эндодерма. Бир катмарлуу бластула бластоцельдин ичине бүктөлүп (инвагинация) эки катмарлуу түйүлдүктү пайда кылат. Ички түйүлдүктүн катмары биринчилик ичеги-карын көӊдөйүн пайда кылат, ал сырткы тешиги – биринчилик оозу менен сырткы чөйрө менен өз ара байланышат.


Гаструланын  түзүлүшү
Следующая стадия в эмбриогенезе животных — гаструла. Это двуслойный зародыш, состоящий из наружного листка — эктодермы и внутреннего листка — энтодермы. Двуслойный зародыш может образовываться из однослойной бластулы путем впячивания ее стенки внутрь бластоцеля (инвагинация). Внутренний зародышевый листок (энтодерма) при этом образует первичный кишечник. Он сообщается с внешней средой с помощью первичного рта или бластопора.

Стадия гаструлы
В животном царстве на стадии гаструлы остановилось развитие двух типов животных — губок и кишечнополостных. Это двуслойные организмы, то есть их ткани и клетки образуются в результате дифференциации двух зародышевых листков — первичной эктодермы и первичной энтодермы. У остальных животных (начиная с плоских червей) на поздних стадиях гаструляции возникает третий зародышевый листок — мезодерма.

Онтогенездин эмбриондук периоддун стадиялары

Көпчүлүк жаныбарлардын организми эктодерма, энтодерма, мезодерма - үч түйүлдүктүн жалбыракчаларынан пайда болот.

Жаныбарлардын постэмбриондук өнүгүүсү


Постэмбриондук өнүгүүсү түз жана кыйыр болушу мүмкүн.

Постэмбриондук өнүгүүсү түз жана кыйыр болушу мүмкүн.

Постэмбриондук өнүгүүсү түз жана кыйыр болушу мүмкүн
Түз өнүгүүсү
Постэмбриондук өнүгүүсү түз жана кыйыр болушу мүмкүн.

Кыйыр постэмбриондук өнүгүүсү: метаморфоз бул организмдин түзүлүшүнүн тереӊ өзгөртүүсү, жыйынтыгында личинка бойго жеткен жаныбарга айланат.

  • бакалоор

  • көпөлөктүн курту – бээ -эжеси

Жандуу организмдердин түрлүү группалары онтогенездин периоддору жана мөөнөттөр менен айырмаланат. У животных выделяют три типа онтогенеза: личиночный, яйцекладный, внутриутробный. Жаныбарлардын онтогенези үч типке бөлүнөт: личинкалуу, жумуртка туучу, жатындагы.

Онтогенездин периоддору


Личинкалуу курт-кумурскаларда, балыктарда жана жерде-сууда жашоочуларда кездешет. Жумуртка клеткасында сарысы аз, зигота тез өсүп турган жана өз алдынча тамактанган личинкага айланат

Жумуртка туучу онтогенездин
Жумуртка туучу онтогенездин тиби рептилияларга, куштарга жана жумуртка туучу сүт эмүүчүлөргө тандык. Алардын жумуртка клеткасы сарысы менен бай. Мындай түрлөрдүн түйүлдүктөр жумуртканын ичинде өнүгөт, личинкаларды пайда кылбайт.

Жатындагы онтогенездин тиби

Эненин жатындагы эмбрион

Жатындагы өнүгүүсүнүн тиби көпчүлүк сүт эмүүчүлөргө жана адамга мүнөздүү, өнүккөн эмбрион энелик организмде көпкө чейин кармалат. Убактылуу орган – тон пайда болот, ал аркылуу өсүп турган түйлдүктү эненин организми бардык керектөөсүн: тамактанышы, дем алуу, бөлүп чыгаруу – камсыз кылат. Жатындагы өнүгүүсү баланын төрөлүшү менен бүтөт.


онтогенездин жатындагы тиби


Жатындагыы онтогенездин тиби

  • Биогенетикалык мыйзам

  • Биогенетикалык мыйзам

Адамдын өнүгүүсү аталган периоддорго бөлүнөт: балачак, өспүрүм балачак, жаштык, жаш кез, жетилгендик, карылык. Организмде ар бир период бир катар өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт.

Постэмбриондук период бир нече этаптарга бөлүнөт

Постэмбриондук период бир нече этаптарга бөлүнөт:

  • постэмбриондук (жыныстык жетилгенге чейин) – ювенилдүү
  • жыныстык жетилгенгдиктин периоду - пубертаттык
  • карылык жана өлүм - картайуу.




Глоссарий

  • Бластомерлер – жаныбарлардын бөлчөктөнгөн жумурткасынын бир типтеги ири клеткалары
  • Бластоцель – бластула стадиясындагы жаныбарлардын денесинин биринчилик көӊдөйү.
  • Бластула – көп клеткалуу жаныбарлардын түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн фазасы
  • Вегетативдик көбөйүү – вегетативдик органдардын - тамыр, сабак, жалбырак же түрөзгөргөн бутактын жардамы менен бул түрдүн өсүмдүктөрдүн санынын көбөйүүсү
  • Гамета – хромосомалардын гаплоиддик жыйындысы менен жыныстык клеткалары
  • Гаметангий – гамета пайда болуучу жыныстык орган
  • Гаметогенез – гаметалар пайда болуу процесси
  • Гаметогония – жөнөкөйлөрдүн жыныстык көбөйүүсү
  • Гаметофит – жыныстык муундардын өкүлү же спорадан зиготага чейин өсүмдүктөрдүн жашоо циклиндеги этабы
  • Гамондор – жыныстык клеткалар менен бөлүп чыгарган жана уруктанууга жардам берген заттар
  • Гастроцель – гаструла стадиясындагы түйүлдүктүн көӊдөйү
  • Гаструла – көпклеткалуу жаныбарлардын түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн фазасы – эки катмарлуу капча
  • Гаструляция – гаструла пайда кылуу процесси
  • Биогенетикалык закону – онтогенез – бул филогенездин кыска жана тездик кайталоосу
  • Зигота – уруктанган жумуртка, гаметалардын кошулушунун натыйжасында диплоиддик клетканын пайда болушу
  • Интерфаза – клетканын бөлүнүүсүнүн аралыгындагы абалы
  • Коньюгация – жөнөкөйлөрдүн генетикалык материал менен алмашылышы
  • Мезодерма – түйүлдүктүн ортонку жалбыракчасы
  • Мейоз – гаметалардын бөлүнүүсүнүн процесси, натыйжада (редукция) хромосом саны азаят
  • Метаморфоз - ювенилдүү өнүгүүсүнүн фазаларысынын бойго жеткен жаныбарга айланышынын процесси.
  • Метафаза – ядронун бөлүнүүсүнүн экинчи стадиясы
  • Нейрула – хордалуулардын түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн стадиясы, эктодермадан нерв түтүкчөлөрүнүн пластинкасы пайда болот
  • Овуляция – энелик безден энелик клетканын дененин көӊдөйүнө чыгышы
  • Онтогенез – урууктанудан өлүмүнө чейинки организмдин жекече өрчүшү
  • Оогамия – уруктаануда жумуртка клетка жана сперматозоид катышкан жыныстык көбөйүүнүн бир тиби.
  • Оогенез - өсүмдүктөрдө энелик жыныстык клеткалырдын пайда болушу
  • Оогоний – ургаачынын жыныстык органы
  • Органогенез – онтогенезде органдардын пайда болуунун жана өнүүгүсүнүн периоду
  • Уруктануу – эркек жана энелик жыныстык клетакаларын (гаметалар) кошулушунун процесси, натыйжасында уруктанган жумуртка клеткасы (зигота) пайда болот. Башкача айтканда бир диплоиддик клетка (зигота) пайда болот.
  • Партеногенез – урукталбаган жумуртка клеткадан түйүлдүктүн өнүгүүсү
  • Бүчүрлөнүү – энелик организмдин ткандарынан жаӊы особдор пайда болушу менен жыныссыз көбөйүү.
  • Кыйштыруу – бир өсүмдүктүн калемчесин же бүчүрүн (көзчө) башка өсүмдүккө жалгоо
  • Кыюу үстү – өсүмдүккө башка өсүмдүктүн кыйыштырылган фрагментти
  • Профаза – клетканын жана анын ядросунун бөлүнүүсүнүн биринчи фазасы
  • Түз өнүгүүсү – метаморфозсуз барабара өсүүшү менен пайда болгон түйүлдүктүн өнүгүүсү
  • Көбөйүү – жандуу организмдердин мүнөздүү болгон өздөрүнө окшогондорду пайда кылуу
  • Жыныссыз көбөйүү – бир клеткалуу организмдердин бөлүнүшүнүн же бүчүрлөнүүнүн натыйжасында эки же андан көп жаӊы особдордун пайда болушу
  • Вегетативдик көбөйүү – жаӊы организмдин эне организмдин денесинин бөлүктөрүнөн пайда болушу
  • Жыныстык көбөйүү – жаӊы организмдин эркектик жана ургаачылык жыныстык клеткалардын кошулушунан пайда болгон зиготадан өрчүшү

Урукбүчүр – уруктуу өсүмдүктөрдөгү өрчүп, урукка айлануусу

  • Спермагенез - антеридияларда төмөнкү түзүлүштөгү өсүмдүктөрдө эркектик жыныстык клеткаларынын пайда болуусу, жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдө чаӊча түтүкчөсүндө, жаныбарларда - эркектик урук безинде
  • Телобластар – эки же бир нече түйүлдүктүн клеткалары, алардын негизинде мезодерма пайда болот
  • Телофаза – клетканын жана ядронун бөлүнүшүнүн акыркы фазасы, анын жыйынтыгында эки жаӊы клеткалар пайда болот
  • Калемчелөө - өсүмдүктөрдүн сабактан, тамырдан жана жалбырактан кесилип алынган бөлүктөргө бөлүү, толук өсүмдүктүн органдарын калыбына келтирүү.
  • Эктодерма – көп клеткалуу жаныбарлардын эмбриондун түйүлдүктүн сырткы жалбыракчасы
  • Эмбриогенез – организмдеги түйлдүктүн өнүгүүсүнүн процесси
  • Эмбрион – өнүгүүнүн баштапкы периоддогу– жумуртка клеткасынын бөлүнүүсүнөн баштап жумуртка кабыкчасынан чыгуусуна чейинки убакыт
  • Яйцеклетка – уруктануудан кийин организмди пайда кылгын кыймылсыз ургаачылык жыныстык клетка

Пайдалуу шилтемелер

Библиография



Кызыктуу фактылар


Reproduction int fac.jpg
Reproduction int fac2.jpg
Reproduction int fac3.jpg

Өзүнүн жумурткасын башка уяларга таштап жүргөн бардыгына белгилүү күкүк уялык миттечилик менен оокат кылган жаныбарлардын жалгызы эмес. Бул кубулуштар жапан аарыларда, аарыларда, курт – кумурскуларда таралган. Кээ бир балыктар да (Танганьика көлүндө африканын сомдору) өзүнүн икрасын ооздорунда икрасын сактаган башка балыктарга таштайт.

Күкүктөр өзүнүн жумурткасын окшош куштардыкын жумурткаларын тандап ага кошо таштайт.

жумурткалар

Абдан көбөйүүчү сүт эмүүчүлөр

Жандуу тирүү организмдердин бардыгына мүнөздөлгөн көбөйүш – бул өзүнө окшошторду пайда кылуу, ал жашоонун бүтүшүн жоктоп жана улантуучулугүн камсыз кылат. Көбөйүүнүн жыйынтыгы – белгилүү түрдөгү жаӊы особдордун пайда болуусу, аны дагы өзүнө окшошторду пайда кылуусу деп аныктасак болот. Анын эсебинен функцияланышынын жана түзүлүнүшүнүн негизги өзгөчөлүктөрү андан кийинки муундарында сакталып ага өтөт.

Абдан көбөйүүчү сүт эмүүчүлөр

Бардык популяциянын жана ошондой эле жандуу организмдердин толук түрдүк жашоосунун көпчүлүк бөлүгү көбөйүүдөн көз каранды болоору баарыбызга түшүнүктүү. Бирок эгерде популяция белгилүү санда жаӊы особдор менен топтолбосо, анда ал сөзсүз толук жок болуп кетиши да мүмкүн. Бирок кээде айлана чөйрөнүн шарттары, татаал жана кыйын болгондуктан жандуу организмдер дээрлик көп сандуу укум – тукумдарын пайда кылышы керек, ошол кезде жок дегенде анын бир бөлүгү сакталып калышы жана тукумун улантышы мүмкүн.

Чарала тенрек же мадагаскар кирписи

Чарала тенрек же мадагаскар кирписи

Мадагаскар кирписи же чаралар тенрек (лат. Hemicentetes semispinosus) – Мадагаскардын жашоочусу, ал жерге Африка континенттинен келген. Бул башкача айбан топтору менен жашаганы жана тамактанганды артык көрөт, ошондой көп сандуу коллектив тенректерге алардын жөнөкөй эмес шарттарында жашаганга мүмкүнчүлүк берет. Ургаачысы 8ден 10 го чейин балдарды тууйт (кээде - 20), алар бат өсүп бышып жетилет, ошол себептен алардын жашоо шарты көбөйтүлөт.

Кроликтер

Кроликтер

Белгилүү болгондой кроликтер өтө көп тууй тургандар. Жапайы табигий шарттарда алар бир жылдын ичинде бир нече (2-4) жолу тууйт. Бир төлүндө кадыресе 4-7 баласы болот. Укум – тукумдун саны ургаачынын курагы менен байланыштуу: жаш жаныбарлар (10 айлыкка жакын) 4 баланы алып келет, 10айдан улуулары жана 3 жашка чейинки особдор – 5ти, ал эми 3 жаштан улуурагы укум – тукумун алып келбейт, же такыр тукумсуз болот.

Кусендер

Кусендер

Кусендер (лат. Mustela) – суусар түркүмүнө (лат. Mustelidae) кирген жырткыч сүт эмүүчүлөр. Бул Түндүк Америкада жана Евроазияда жашаган жетишэрлик тууй тургандар. Бир помёттүнда (бир жылда 2-3 жолу) 15 сокур жанаалсыз балдардын төрөлүшү мүмкүн. Биринчи төрөгөн жаш ургаачылар 10го чейин балдарды туйт. 6-10 айга жеткенде балдары бойго жеткендер особдор менен теӊ болот.

Аламандар

Аламандар

Аламан (лат. Cricetinae) – кичинекей (узундугу 5см ден 34 см га чейин) жана шамдагай кыска колаяктуу кемирүүчү. Булар да өтө көп тууй турган кыска бооздугу (15- 22 күндүк) менен жаныбарлар. Аламандын ургаачысы бир помёттунда 1 ден 18 ке чейин күчүктөрдү алып келет, алар төрөлгөндөн кийин 6-8 жумада бышып жетилет. Жапайы табиятта (эгерде жырткыч жеп салбаса) аламандын жашоосу 1-3 жыл созулат.

Арыстар

Арыстар

Арыстар (лат. Mustela erminea) – суусар түркүмүнүн жүндүү айбандары. Жапайы табиятта көбөйүшү февралдан июньге чейин болот. Бооздугу ургаачыда 8-9 ай созулат. Жыйынтыгында эмбрион эмки жылдын майында өөрчүй баштайт жана 1-2 айдан кийин 3- 18 баладан турган (орточо 4-9) укум- тукумду пайда кылат. Кичинекейдин тарбиялоодо менен ургаачылар эле тейлейт.

Койоттор (Американын чөөсү)

Койоттор (Американын чөөсү)

Шалбаа карышкырлар же койоттор (Американын чөөсү) (лат. Canis latrans) – сыртынан карышкырга окшош бирок өлчөмү кичинерээк (узундугу 75- 100 см) жырткыч сүт эмүүчүлөр. Моногаммалуу жаныбарлар, өмүрүндө бирден эле жупту пайда кылат. Январьдан февральга чейин көбөйүүнүн периоду. 60-65 күндүк бооздугудан кийин 5-10 күчүк тууйт (кээде 20га чейин). Бирок алардын көпчүлүгү ачкачылыктан же жырткычтардын кесепетинен өлүмгө дуушар болот.

Көгүш түлкүлөр (песецтер)

Көгүш түлкүлөр (песецтер)

Көгүш түлкүлөр (песецтер) же поляр түлкүлөрү (лат. Alopex lagopus) – жөнөкөй түлкүлөрг+ окшош жырткыч сүт эмүүчүлөр. Өтө туруктуу жаныбарлар, Түндүк полярдын тегерегиндеги оор сыноолордук шарттарында жашаганга ыӊгайланышкан. 49-56 күндүк бооздугундан кийин ургаачысында 8- 20 күчүктөрдөн турган укум- тукумду пайда кылат. Укум – тукумдарына ургаачысы да эркеги да кам көрөт. Жапайы табиятта 6-10 жыл жашайт. Кызыктыруучу көгүш түлкүлөр (песецтер) башкалардын күчүктөрүн тарбиялашы мүмкүн, ошондуктан ийиндеринде 40ка чейин балдары болушу мүмкүн.

Келемиштер

Келемиштер

Келемиштер (лат. Rattus) – өтө ыкчам ылдамдык менен көбөйгөн белгилүү кемирүүчү. Келемиштердин саны жашоо чөйрөнүн шартына жараша болот. Жакшы шартында бир помётто 22 баласы болушу мүмкүн (орточо 8-9). Келемиштердин ургаачылары укум- тукумунун санын кээ бир убакытка эмбриондордун өөрчүшүн токтотуп же кээде тескеринче алардын санын максималдууга көбөйтүп - иретке салат.

Опоссумдар – баштыкчандар

Опоссумдар – баштыкчандар

Виргиниянын опоссуму (баштыкчан) (лат. Didelphis virginiana) – АКШда (Виргиния штаттында) жашаган эӊ көптөн тууй турган баштыкчан сүт эмүүчүлөр. Ургаачынын бооздугу болгону 12 -13 күн созулат, андан кийин 5тен 23 кө чеийн балдары жарык көрөт, алар начар бышып жетилип төрөлөт, ошондуктан энесинин баштыкчасында 2 айдын ичинде өөрчүйт. Эгерде балдары 13 төн ашып турса, алардын бир бөлүгү өлөт, анткени баштыкчада эле эмчеги бар. Башкача айткандай – эӊ күчтүүсү жеӊет!

Көрүп тургандай жаныбарлардын максималдуу балдарынын саны кээсинде эле болот, болсо да, алардын ар бири бышып жетилгенге жетишпейт. Эволюцияда алардан эӊ күчтүүлөрү жана жашоого туруктуулары жашоого мүмкүнчүлүк алат. Бул табияттын закону.

Ат

Ар түрдүү сүт эмүүчүлөрдүн бооздугунун созулушу


Лайфхак
Жатындагы өөрчүнүн критикалык периоддору
Түйлдүккө чөйрөнүн факторлорунун таасири
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз