БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология:Козу карындар дүйнөсү

козу карын
козу карын

Козу карындар - биздин планетанын улуу тургундары жана Жердеги өзгөчө организмдердин бири. Козу карындар биздин көз алдыбызда турса да, алар тууралуу көп нерсе бизге белгисиз. Алар өсүмдүктөр же жаныбарлар деп да атай албайбыз. Алардын өкүлдөрүнүн арасында зыянкечтери, мителери жана жырткычтары да кездешет. Алардын дээрлик жарым миллионго жакын түрлөрү кездешип, алардын баары биригип бир чоң - Козу карындар дүйнөсүн түзөт. Окумуштуулар, козу карындар дүйнөсүн таанып билүү менен жаңы тамак-аш азыктарын, препараттарды жана башкаларды өндүрүп келишет.

Жердин ушул сырдуу ("ижарачылары") тургундары тууралуу көбүрөөк билүүнү каалайсызбы? Козу-карындарды, кантип түшүнүүгө болот? деген суроолорду биздин кийинки рубрикабыздан тааныша аласыз.

Козу карындарды изилдеген илим - микология (грек. Mikes чейин. - "козу карын" логотип - "окуу") деп аталат.

калпактуу козу карындын түзүлүшү
калпактуу козу карындын түзүлүшү

Козу карындарды кантип айырмалай билиш керек

Козу карындардын табияты боюнча Жер планетасындагы өзгөчө өкүлдөрү болгондуктан, алар өзүнчө дүйнөгө бөлүнгөн. Алар өсүмдүктөргө да жана жаныбарларга да кирбейт. Козу карындар бир канча белгилери боюнча өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын арасындагы аралык болуп саналат. Ошондуктан, көп кылымдар бою, аларды аныктоо жана системага салуу абдан кыйын болгон. Алигиче бүгүнкү күнгө чейин бул маселе толугу менен чечиле элек. Бирок, козу карын деген эмне, козу карынды кандай пайдаланса болот, алардын келип чыгышын аныктоо мына ушуларды түшүнүүгө тиешелүү бардык материалдарды карап чыгуу менен гана түшүнүүгө болот.

  • Козу карын клеткаларынын түзүлүшү.

    калпактуу козу карындын түзүлүшү


    Козу карындар – эукариоттук клеткалар - ядрого ээ, жаныбарлар сыяктуу даяр азыктар менен азыктанып, алардагы топтолгон заттары - гликоген болуп эсептелет. Алардын клеткаларында катуу клетка дубалы бар, ошондуктан өсүмдүктөр сыяктуу кыймылдай алышпайт. Козу карындардын бул өзгөчөлүктөрү, эукариоттук организмдердин байыркы топторуна кирип, алардын өсүмдүктөр менен түздөн-түз байланышы бар деген маалымат жокко чыккандыгы айкындалган. Козу карын менен өсүмдүктөр, өз алдынча сууда жашаган ар кандай көрүнүштөгү микроорганизмдерден пайда болушкан.

  • Грибы — царство живых организмов, которые сочетают в себе признаки растений и животных.
    калпактуу козу карындын  ички түзүлүшү.


    Козу карындардын бул өзгөчөлүктөрү, эукариоттук организмдердин байыркы топторуна кирип, алардын өсүмдүктөр менен түздөн-түз байланышы бар деген маалымат жокко чыккандыгы айкындалган. Козу карын менен өсүмдүктөр, өз алдынча сууда жашаган ар кандай көрүнүштөгү микроорганизмдерден пайда болушкан.



Козу карындардын классификациясы

Андан тышкары козу карындар
4 топко бөлүнүшөт. Алар:
  • төмоөкү жана жогорку  козу карындар дүйнөсү
  • козу карындардын бөлүмдөрү

Козу карындардын практикалык көз караш менен алып караганда эки гана бөлүмү – жогорку козу карындар –ашпозчулукта, фармацияда, шарап жасоодо же үй кожокейлеринде гана суроо талапка ээ. Козу карындарыдн дагы бири - жетилбеген тобун –химиктер, азык – түлүк өндүрүүчүлөр, тери жана башка өнөр – жайларда пайдаланышат.

Калган эки тобу – төмөнкү жана козу карын сымалдарды изилдөөчүлөр, айыл чарбаадистери жана албетте миколог- окумуштуулар пайдаланып келишет.


  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы
  • Козу карындардын азыктануу ыкмаларынын классификациясы


Козу карындардын азыктанышы

симбиоз
бөлүмдөрү

Козу карындар бардык бактериялар сыяктуу гетеротрофтор, бирок алар бири- биринен азыктануу типтери менен гана айырмаланышат. Көпчүлүк козу карындар топуракта байырлашып, өсүмдүктөрдүн, жаныбарладын, козу карындын мөмөлүү денесинин калдыктарын чиритип азыктанышат.

Кайсы бир козу карындар тамак-аштардагы органикалык заттар менен азыктанып тиричилик өткөрүшөт, алардын арасында митечилик (өсүмдүктөр, жаныбарлар) менен тиричилигин өткөргөндөрү да кездешет. Мисалы, адамдын денесинде жашап, тери ооруларын козгошот.

Жээлүүчү жана уулуу козу карындар
симбиоз кубулушу

Кайсы бир козу карындардын мицелийлери бак - дарактардын тамырлары менен тыгыз байланышып, алардын органикалык заттары менен азыктанышат. Мицелийдин гифтери тамырды тыгыз ороп алат, керек болсо анын ичине да кирип, топурактагы сууну жана минералдык заттарды сиңирип, козу карындардын гифтери аркылуу бак - дарактардын тамырына келет. Мына ушунтип, мицелий бак- дарактардын тамыр түкчөлөрүнүн кызматын аткарат. Ал эми бак - дарактардын тамырында пайда болгон козу карындарга керектүү органикалык заттарды козу карындар алат. Жыйынтыгында, козу карын - тамыр же микориза (грек mykes — «козу карын» и rhiza — «тамыр».) пайда болот.

Козу карындын азыктанышы үчүн татаал органикалык заттар керектелет, алар клетканын кабыгы аркылуу кире алышпайт. Жаныбарлардын тамак эритүү ширелери (сок) ичегилерине өтөт, ал эми козу карындардыкы сыртка бөлүнүп чыгып турат. Алардагы ушул ферменттер (сок\шире) аркылуу татаал органикалык заттар жөнөкөй заттарга ажырап, козу карындын бардык үстүнкү бетине сиңирлилип турат.



Козу карындардын түзүлүшү

Козу карындаын көбөйүү өзгөчөлүктөрү


Козу карындар биздин жашообузда

Окумуштуу – микологдор козу карындар, башка организмдердин эсебинен тиричилик өткөргөндүгүнө байланыштуу аларды митерге да киргизишкен. Азырку учурда козу карындар адамдын денесин жана жалпы адамзатты зыянга учуратуу боюнча биринчи орунга чыгышты. Барыбызга белгилүү рак оорусун козгогучу бул- козу карындар болуп эсептелет. Козу карындар ошондой эле, дарактарды, металлдарды, пластиктерди керек болсо, айнектери дагы мителендирет. Аларга радиациялык нурдану, адаттан тышкаркы температура дагы коркунучтуу эмес. Козу-карындар керек болсо космос кемеден да табылган. Козу карындардын акыркы максаты - планетанын толугу менен басып алуу, андан кийин адамдарды багындыруу.

Буга чейин миллиарддаган жыл мурун козу карындар биздин планетада үстөмдүк кылып, «козу карындын планетасы» деп айтууга болгон. Жер бетинде кийинки Апокалипсистен кийин, 65 млн. жылдар мурун динозаврлвр жоголуп кеткен учурдагыдай, биздин планетада кайрадан эч ким калбай, бир гана козу карындар, бактериялар жана вирустар калган. Булар ансыз деле Жердин негизги тургундары болуп, чыдамдуулук менен дагы бир жолу Жер планетасында боло турган цивилизацияны күтүп турушкандай.

Козу карындар адамда төмөндөгү багыттар боюнча колдонулунуп келет:

козу карындардын пайдалуу касиеттери


Бул козу карындар учурда адамдардын тери жана ички органдардын ооруларына алып келиши мүмкүн. Уулуу козу карындар жана токсиндер менен жуккан микроскопиялык козу карындар ууланууга, кээде өлүмгө алып келет. Зыяндуу жана өстүрүү (галлюциногены) козу карындар өтө кооптуу. Адан тышкары өсүмдүктөрдүн, дарактардын жана тамактарды көк бубак козу карындардан (плесень) ооруларды козгошот.



Козу карындардын курамындагы пайдалуу заттар

Козу карындар өтө пайдалуу азык, анын курамында: белок, углевод, минералдар жана витаминдер бар. Козу карындардын пайдалуу касиеттери мындан миңдеген жылдардан бери изилденип, алар медицинада жана тамак – ашта колдонуп келишкен. Мисалы, жаңы козу карында 95% суу, алардын 70% тин белок, 1% чейин минералдык заттарды: калий, фосфор, темир, кукурт жана хлор туздары түзөт. Булардан тышкары, угдеводдордон, глюкозадан тышкары: трегалоза (глюкозадан турган дисахарид, ал мальтоза катары белгилүү- аш канты) жана маннит (канттуу спирт). Козу карындын кабыгы фунгин - клеткаларына катуулукту берип туруучу азоттуу заттан турат.

Козу карын: 18 турдуу аминкычкылдыктарынан, РР, Б, Е,В1, В2,С витаминдерди камтыйт. Албетте, жогорудагылардын баары организмге оң таасир тийгизет.

    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
    • Козу карындардын пайдалуу касиеттери
  • 1. Зат алмашууну калыбына келтирет;

    2. Нерв системасына оң таасир этет;

    3. Иммундук системанын туруктуулугун ишке ашырат;

    4. Ал мээ безинин гормонду иштеп чыгуусуна өбөлгө түзөт;

    5. Кан басымын калыбына келтирет;

    6. Кандагы ашыкча холестериндин чыгарууга өбөлгө түзөт;

    7. 7. Кан айланууну жана кан тамырды чыналтат, бекемдейт;

    8. Тери, чач жана тырмактарга оң таасир тийгизет;

    9. Тынчсыздануу, ачуу келүү жана стресске бөгөт коёт.

Глоссарий

ДНК - Дезоксирибонуклеин кислота́ – тирүү организимддеги генетикалык маалыматты ишке ашыруу, сактоо, муундан муунга өткөрүп берүүнү камсыз кылган макромолекула.
Фосфоресцирлөө же фосфоресценция – бул кубулуш, заттардын энергияны акырындык менен сиңирип алып, андан жарык түрүндө бошоп чыгуу кубулушу. Мындай нурданган козу карындар жаратылышта кеңири таралган, бүгүнкү күндө алардын 70 ге жакын түрлөрү кездешип, түн ичинде жарык нур чыгарып турушат. Булар Бразилияда жана Белизе, Пуэрто- Рико, Ямайкада кездешип, абдан популярдуу жана жомоктогудай пейзажды элестетип, өзүнүн ажайып сулуулугу менен укмуш. Бул козу карындар азыркы күнгө чейин изилденип келет. Козу карындардын мындай тиричилиги Плиний жана Аристотелдин эмгектеринде кездешет.
Грибница – козу карындын вегетативдик денеси.
Козу карындын вегетативдик негизи - мицелий жана грибницасы.
Мицелий (грибница) – козу карындын жана актиномицеттердин, алар ичке (козу карындын калындыгы -1,5—10 мкм жана актиномицетердики - 0,5—1,0 мкм.) бутактанган жипчелерден туруп, алар гифтер деп аталат. Субстратта жана анын үстүнкү бетинде өрчүйт.
Эукариттор – (лат. Eukaryota , греч. εὖ - «жакшы» и κάρυον «ядро»), же я́дролуу, – домен, клеткасында ядросу бар организмдер.
Хитин – грек. «chiton» кийим, кабык .
Хитин – полисахариддер тобундагы жаратылыш кошулмалары. Хитин - скелеттин (тери) денеси жана башка омурткасыздардын негизги курамдык бөлүгү болуп, козу карындардын клетка бетинин бир бөлүгү.
Гликоген – козу карын жана жаныбар клеткаларында май ткандарда маанилүү узак мөөнөттүк энергия түрүндө сактоо кызматын аткарат. Гликоген - боор, булчуң, мээ жана ашказанда пайда болушу мүмкүн.
Мочевина – азот зат алмашуунун акыркы продуктусу жана жаныбалардын заарасы. Козу карындар менен жаныбарларда меланин синтези жандуу клеткаларда жүрөт, ал эми өсүмдүктөрдө – өлгөндөн кийин пайда болот. Козу карындардын запас углеводу - гликоген.
Спора – (грек. σπορά — себүү, айдоо) — козу карындын (Fungi) репродуктивдик түзүлүшүнүн жалпы термини. Споралар жыныссыз же жыныстык көбөйүү процессинде пайда болуп, жагымсыз шарттардан өтүү же таралуусу. Алар аба, суу, жаныбарлар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сапрофиттер – бул топурактагы (топурак козу карын, бактерия) өлгөн органикалык заттар, айыл чарба азыктары (көк бубак козу карын, сапрофит бактерия) менен азыктанган гетеротрофтук өсүмдүктөр.
Мителер - козу карындардын негизги азыгы – өлгөн өсүмдүктөрдүн калдыктары, ошондуктан алардын көбү - сапрофиттик азыктануу болуп эсептелет. Алардан тышкары, козу карындардын арасында мите - козу карында дагы кездешет. Булар жандуу өсүмдүктөрдүн органикалык заттары менен азыктанып, аларга зыян алып келишет.
Симбионаттар – симбионт - козу карындар, дарактардын кай бир түрлөрү менен бирге жашашат. Байтерекчи козу карын, эреже катары байтеректин жанында өсөт, ал эми кайыңчы козу карын, албетте кайыңдын жанында өсүшөт. Ошентип, микориза козу карындардын көбү бир канча дарактар менен биргелешип жашашышы мүмкүн. Мисалы, байтерекчи козу карын өзүнүн микоризасын байтерек менен гана эмес, ак кайың менен, ал эми ак козу карын дарактардын башка 50 түрү менен биргелешип жашашат.
Гиф – Гифа (греч. ὑφή — желе) — козу карындардын көптөгөн клеткалардан жана ядролордон турган жипче өсүндүлөрү. Алардын негизги кызматы –сууну жана азыкты сиңирүү. Кайсы бир гифтер тандалып жана алмаштырылып, гаусторияларды (сууну жана органикалык заттарды сиңирүү «насостоо») пайда кылат.
Ферменттер – гаусториялар - козу карындардагы ферментти бөлүп чыгарууга жооптуу «орган».

Пайдалуу байланыштар

Козу карындар. Мөмөлөр. https://www.gribysedobnye.ru/poleznie-ssilki.htm (дата обращения 14,04,18)
Кайсы козу карындар абдан пайдалуу. Силер билишиңер керек ... https://www.1tv.ru/news/2008-07-10/185747-kakie_griby_samye_poleznye_vse_chto_nuzhno_znat_v_nachale_gribnogo_sezona] (дата обращения 14,04,18)
Козу карын жөнүндө сайты https://www.mycol-algol.ru/materials.html](дата обращения 14,04,18)
Пайдалуу жана кооптуу козу карындар. http://agrostory.com/info-centre/knowledge-lab/poleznye-i-opasnye-kachestva-gribov/](дата обращения 14,04,18)

Библиография

Книги о грибах \Печатные здание о грибах\ страница 1 (дата обращения 14,04,18)
https://gribnik-club.ru/knigi-o-gribah (дата обращения 14,04,18)
Книги о грибах –Форум-Borda.ru (дата обращения 14,04,18)
www.wap.mycoweb.borda.ru/?1-5- 0-00000185- 000-10001- 0 (дата обращения 14,04,18)
Библиотека книг про ГРИБЫ.Энциклопедии, определители … (дата обращения 14,04,18)
Грибы.Справочники.Определители – купит книги грибя … - Oson (дата обращения 14,04,18)
https://www.ozon.ru › ... › Путешествия. Хобби. Фото. Спорт (дата обращения 14,04,18)
Грибы – популярные книги – LiveLib (дата обращения 14,04,18)
https://www.livelib.ru › Грибы › Лучшие книги (дата обращения 14,04,18)


Козу карын жөнүндө

Козу карын – планетадагы эң ири жандык болуп саналат.

жер бетиндеги эң чоң козу карын

1985 –жылы АКШ Висконсия штататында 140 килограмм салмакта, диаметри эки метр эң чоң козу карын табылган. Ал эми АКШнын башка Орегон штатынде, 900 гектар аянтты ээлеген грибница табылган.. Анын салмагы бир нече жүздөгөн тонна болгон. Дагы бир өзгөчө козу карын Швейцарияда табылган. Бул козу карындын жашы миң жылга жетип, өлчөмү - 800х500 метрди түзгөн. Бул грибница 35 гектар аянтты ээлеп, Офенпасс шаарындагы улуттук паркта орун алган.


Козу карын айымдары жана мырзалары.

ак козу карын

Козу карындардар жыныстык айырмачылыктарга ээ. Бул, алардын ДНКнын түзүлүшү менен адамдын жыныстык хромосомасынын окшоштугун көрсөтүп турат. Козу карындар жетилгенде, алар тукум өндүрө алат. Чынында.мындай генге баардык эле козу карындар ээ эмес, козу карындар дүйнөсүндө өздөрүнүн эволюциялык особдору бар, бирок ушуга чейин алардын эволюциясы кандай натыйжа берери белгисиз.


Козу карындар түнкүсүн жаркыроо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

жаркырак козу карындардын көпчүлүгү миценалар тукумуна кирет

Кайсы бир козу карындардын грибницалары жаркыроо касиетине ээ. Мисалы, мындай жөндөмдүүлүккө үйүлгөн дүмүрдүн үстүндө өскөн - күзгү козу карындарды айтсак болот. Булардын грибницалары дүмүргө жуурулушуп кирип алышат да караңгы түндө алардын жаркыраганын көрсө болот. Мындай көрүнүш токой ичинде калган адамдарга коркунучту алып келген. Бул кубулуштун дагы бир абдан кызыктуу жагы, козу карындын баштары кыймылдаганда, кайсы бир жаныбардын сөлөкөтүн элестетип турат.


Динозаврлар козу карындардан да жаш.

керек болсо динозаврлар козу карындар да жаш

Козу - карындар планетабыздын улуу тургундары. Бүгүнкү күндө алардын 400 миллион жыл мурда жашап, жерге «биринчи кескелдириктердин» буттары жол сала электе пайда болушкан деген далилдер бар. Папоротниктер менен бирге, алар планетанын байыркы тургундарынын арасына кирет. Бирок, папоротниктер биздин күнгө чейинки жашоосунда алардын өлчөмдөрү бир кыйла кичирейген, ал эми аларга салыштырмалуу козу карындар өзгөрүүсүз калган.

Козу карын викторинасы

➤ Бул козу карынды уулуу козу карын менен чаташтырып алса болот. Бирок, ал жээлүүчү козу карын, чым - көңдү жакшы көргөн, ачык түстөгү катуу калпагы бар. Аларды атайын инкубаторлордо өстүрүп, дүкөндөрдө сатат.

Шампиньон

➤ Буларды элде, тамашалап: «чоң атанын чылымы» деп атап коюшат, качан алар жетилгенде, жумшак,аны басып алса, тамеки баштыктарга окшош аралашмасы учат.

Жамгырчы козу карын

➤ Бул козу карындын

Чочко козу карын

➤ Козу карындан кайсы дары- дармек (антибиотик) даярдашат?

Пенициллин

➤ Атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен Францияда өзгөчө баалуу козу карынды издеп чогултушат?

Ак трюфель

➤ Франциядагы кайсы козу карын шапиньондун даамынан да кем калбайт?

Чатыр козу карын

➤ Кайсы козу карын, жыгачтарды жок кылууга жөндөмдүү?

Трутовик

➤ Ак кайыңда өскөн кайсы даары козу карын?

Чага

➤ Багыштар кайсы козу карындар менен даарылынышат?

Чымынчылар

➤Сиз токойдо, күтүлбөгөн жерден ачка болсоңуз, кайсы козу карындын бир аз санын, чийки түрүндө жемексиз?

Чийки козу карын

➤ Кайсы калпакты башка кийгенге болбойт?

Козу карындын калпагын

➤ Кайсы канаттуулар козу карын жейт?

Кереңкур

➤ Кайсы козу карынды пахта менен алмаштырууга болот?

Трутовик

➤ Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн арасында этти эмне алмаштыра алат?

Козу карындар, алардын курамында 40% белок бар.
Козу карындар кайдан пайда болгон?

Козу карындардын сырлары жана келип чыгышы жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Бирок, азыркы мезгилде илимде козу карындар тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтар айтылып келет:

« ... Байыркы убактарда, миллиарддаган жылдар мурун, биздин Күн системасы эми гана жылдыздардын ыпындарынан пайда болгон учурда, козу карындар биздин планетада алардын пайда болушун элестетүү мүкүн эмес эле. Бирок, мына ушул козу карындар, бир мезгилде жөнөкөй бактериялар менен биргеликте биринчи тирүү жандыктар болуп, планетанын бүт ааламына таралган. Алар Жер жүзүнө галактика аралык мейкиндиктен астероиддер жана метеориттер катарында алынып келинген, эң алгач калыптанып калышкан сыяктуу.

65 миллион жылдар мурда биздин планета калыптанып калган мезгилинде, Жерде кайсы бир жандуу формалардын тиричиликтери байкалган. Буларга абдан чоң астероид келип түшүп, планеталар арасындагы чоң кырсык болгон. Мунун жыйынтыгында көптөгөн жандуу организмдер кырылып, бир гана козу карындар жана бактериялар калган. Мына ошентип, алар бүгүнкү күнгө чейин биздин планетанын бир гана жалгыз тургундары болуп, калышкан.... »

козу карынчыга эскертүү
Aseroe rubra, куйгуч анемона катары белгилүү болгон, деңиз козу карын жылдызы.

Жер жүзүндө тиричиликтин келип чыгышынан кийин көптөгөн дүйнөлүк окумуштуулар жана изилдөөчүлөр козу карындарды 3 негизги бутакка бөлүп, илимде аларды «дүйнөчөлөр» деп аташкан.

Эскертип кетүү нерсе, «дүйнөчөлөр» (домен), жандуу организмдердин классификациясынын үстүнкү тепкичинде турат.

Мына ушундай эукариоттор «дүйнөчөсү» (ядролуу – жандуу организмердин домени, клеткалары ядродон турган) жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындар дүйнөсүнө бөлүнгөн. Мисалы, козу карындарды эң биринчи эукариотторго киргизүүнүн себеби - алардын калдыктарын изилдеген учурда, ошол калдыктарга 900 миң жыл болгон деп далилдешкен.

Көңүл бургула!

Шарттуу жээлуучу козу карындар менен да ууланса болот. Эгерде аларды даярдоонун технологиясын туура эмес уюштурса, организмине кирип, олутуу уулануга алып келет. Мындай козу карын менен уулануунун белгилери 2 саат 6 саат аралыгында гана сезилет. Бул учурда, жүрөк айлануу, курсак, ич кескин толгоп ооруйт, кээде ашыкча суусап жана чарчоо байкалат. Жээлуучу козу карындар менен дагы ууланса болот, эгер алар чирип кетсе, жол жээгинен чогултулса же чогултулгандан кийин көпкө жатып калса, козу карындагы белоктордун ажыроосунан уулуу заттар пайда боло баштайт. Ал эми начар сакталган (консервация, маринаддар) же чала бышкан учурларда тез- тез уулануулар болот.

козу карынчыга эскертүү

Ошондуктан, биринчи эле уулунуунун белгилери байкалса, тез арадан медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Медициналык жардам келгенче биринчи жардам көрсөтүү керек. Биринчи кезекте, оорулууну төшөкө жаткыруу керек. Себеби, кайсы бир ууланууларда – жүрөктүн иштеши жана кан айлануу бузулулат. Бут жактарына жана ичтин жогору жагына жылуу нерсе (грелка) коюу керек. Ууланган адамга ууларды нейтралдашуу максатында - чай, сүт, кофе же туздуу суу берүү зарыл. Ал эми абдан маанилүүсү болуп, ууланган адамга алкоголь ичимдиктерин, ошондой эле ар кандай дары - дармектерди бербеш керек. Себеби, алкоголь ууну кайра канга сиңирет. Ууланган адамды туура дарылоо иш-чараларын кабыл алуу максатында, уланууну кайсы токсиндер козгогонун жана так себебин билүү үчүн, жэлбей калган козу карындардын арткандарын дарыгер келгенге чейин чогултуп коюу зарыл.

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз