География: Литосфера
Версия от 07:27, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> == Литосфера жана жер к…»)
Содержание
Литосфера жана жер кыртышынын түзүлүшү
Литосфера жер кыртышы менен жогорку мантиянын үстүңкү катмарынан турат.
Литосферанын калыңдыгы ар кайсы жерде бирдей эмес. Океандын асты жука, ал эми кургактыкта – калың 250 кмге чейин жетет. Анын калыңдыгы жер кыртышына эмес мантияга жараша болот.
Жер кыртышынын астыңкы катмарында мантия – эриген заттар жатат. Ушунун негизинде литосфера кыймылда болот, горизонталдык жана вертикалдык абалда.
Литосферанын өзгөчөлүгү, анын бирдиктүү эместигинде. Ал түрдүү чоңдуктагы массивдерден бөлүктөрдөн турат. Ал бөлүктөр литосфералык плиталар. Алардын көпчүлүгү ири материктин, океандын кыртышын камтыйт.
Литосфералык плиталар мантиянын үстүңкү бетинде оошуп жылышып бири-бири менен кагылышып же ажырап турат.
Тектоникалык кыймыл, тоо пайда болуу
Окумуштуулар Жердин өсүп өнүгүшүн изилдөөдөн алгачкы мезгилде океан менен курчалган кургактык, суперконтинентти Пангея деп атаган. Алар акырындап ажырап азыркы материктер пайда болгон.
- Пангея
- Литосфералык плита жана азыркы рельеф
Жер тирирөө жана жанар тоо
Жер тирирөө – Жер бетинин термелүү процесси. Жер титирөөнүн табигый себептери(көпчүлүк учурда тектоникалык процесстердин) жана жасалма(ар кандай жарылуулардын) натыйжасында болот.
Жер титирөөнүн очогунда – эң күчтүү жер титирөө байкалат. Андан алыстаган сайын жер титирөөнүн күчү азаят. Жер титирөөнүн натыйжасында курулуштар кулап шаарлар талкаланат, тоолуу жерлерде көчкүлөр жүрүп, цунами болуп чоң кырсыктарга алып келет.
Жер титирөөнү атайын сейсмограф аспабы менен сейсм шкаласы боюнча жер кыртышынын термелүүсү өлчөнөт. Аспап маятник жана жазып туруучу бөлүктөн турат. Сейсмикалык толкун болгондо барабаны басып канаты график чиет.
Жанар тоо – жер кыртышындагы каналдар жана жаракалар аркылуу тереңдик магма очокторунан, лава ысык газдар, суу буулары жана тоо тектеринин сыныктары атылып чыкканда жер бетинде пайда болгон геологиялык түзүлүш.
Вулканизм – жер тереңдигинен анын бетине магманын чыгышынан болгон кубулуштардын жыйындысы.
Магма – Жердин ички тереңдиктеринде пайда болгон негизинен силикаттан турган көлдүн эриген массасы Жер кыртышынын бетине агып чыкканда магмалык тоо тектерди пайда кылат.
Внешние (экзогенные) процессы
Сырткы (экзогендик процесстер) тышкы процесстер жер бетиндеги жана жер кыртышынын эн үстүңкү катмарындагы геологиялык процесстер негизинен күн энергиясы, оордук күч жана организмдердин тиричилик аракети менен шартталган. Буларга талкалануу, флювиалдык, мөңгүлүк, эолдук, тоңдук, ж.б процесстер кирет
Талкалануу – тоо тектердин химиялык жана механикалык жол менен бузулушу. Температуранын өзгөрүшүнөн, жаан-чачындын, шамалдын, суунун, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ж.б. таасиринен пайда болот. Анын натыйжасында тоо тектердин касиеттерине карата рельефтин өзгөчө формалары пайда болот. Ал процесстин натыйжасында талкалануу гана жүрбөстөн эритмелер, жаңы минералдар, тоо тектер жана пайдалуу кендер пайда болот.
Чагылгандын астында шамал күчөйт. Алар кумду абага жогору көтөрүп алыскы аралыктарга жеткизет. Айрым райондордо тоо тектердин ар түрдүү катуулугуна байланыштуу дөбөлөр, жалдар, чуңкурлар пайда болот.
Ошентип шамал талкаланууга алып келет; талкалануучу аракеттке - борпоң тоо тектерин учурат, транспорттоого-кумдарды ондогон жүздөгөн километрлерге жеткизет, түзүүчү-рельефтин жаңы формаларын түзөт.
Рельефке агын суулар, мөңгүлөр жана шамалдар кандай таасир этет?
Агын суулар тоо тектерин агызып дарыя өрөөндөрүн, жарларды пайда кылат.
Мөңгүлөр муздарды топтоп тоо тектери аркылуу жылдырат, тоо тектерин бузат.
Шамал чоң күч менен тоо тектерин талкалап, жеп учуруп кетет.
Тоо, түздүк, пайдалуу кен байлыктар
Тоо айлана тегереги жапыз, негизинен түз же дөңсөө болгон жерлерден көтөрүлүп турган жалгыз тоо, чоку. Ири тоо системасы мисалы Гималай, Кавказ, тоолуу мамлекет же тоо системалары деп аталат. Алар тоо кыркаларынан – бул узатасынан созулган ортосунда кыры, эки капталы жана этеги бар тоолор. Пайда болуш жолу боюнча тоолор катталыштуу жана келки деген негизги эки түргө бөлүнөт.
Туздүктөр деңиз деңгээлинен 0м ден 200м ге чейин бийиктиктерде жаткан кургактыктын бөлүктөрү ойдуң, түздүктөр же ойдуңдар деп аталышат( мисалы: Амазонка, Кара деңиздин боюндагы ойдуң); дөңсөө – 200дөн 500 м ге чейин( Днепр боюндагы дөңсөө, Волынь, Подоль); бөксө тоо 500м ден жогору (Ортосибирь, Аравия).
Пайдалуу кендер — химиялык составы жана физикалык касиеттери материалдык өндүрүштүн сферасында эффективдүү пайдаланууга мүмкүндүк кылган жер кыртышындагы минералдык түзүлүштөр.
Алар катуу (көмүрлөр, рудалар, руда эместер)ачык карьердик же жабык шахталык жол менен алынат, суюк(нефть, минералдуу суулар), газ( табигый жана инерттүү газдар) атайын бургулоо түрүндө алынат.
Пайдалуу шилтелмелер
Сөздүк
- Астеносфера (грек. asthenes - төмөн жана сфера-шар) – Жердин жогорку мантиясындагы катуулугу төмөн катмар. Контоненттердин астында 50км, төмөнкү чеги 250-300км тереңдиктерде жатат. Ал магманын негизги булагы.
- Вулканизм – жердин тереңдигинен анын бетине магманын чыгышынан болгон кубулуштардын жыйындысы.
- Жер кыртышы – “катуу” жердин үстүңкү кабыгы; калыңдыгы 5 кмден 75 кмге чейин (материктердин астында) континенттик жана океандык кыртыштарга бөлүнөт. Жер кыртышы тектоникалык кыймылдарга ж.б. өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат.
- Гейзеры – мезгил-мезгили менен ысык суу менен бууну оргуштатып чыгаруучу булак (20 м жана андан жогору).
- Литосфера – (грек.Lithos - таш + Sphaira – шар) – жер кыртышын жана жогорку мантиянын бөлүгүн (субстрат) камтыган жердин “катуу” катмары. Төмөнкү чеги астеносфера аркылуу өтөт. Анын калыңдыгы 50 дөн 200 кмге чейин жетет. Литосферанын жогорку чеги чөкмө тектер. Анын астында гранит жана базальт катмарлары жатат. Литосферанын бетинде топрурак бар.
Адабияттары
- Большой энциклопедический словарь http://dic.academic.ru/dic.nsf/enc3p/61230
- Влияние ветра на рельеф (разрушительное, транспортное, созидательное) http://worldofschool.ru/geografiya/stati/fizicheskaya-geografiya/geomorfologiya/vliyanie-vetra-na-relef-razrushitelnoe-transportnoe-sozidatelnoe
- Географические загадки http://zanimatika.narod.ru/Nachalka.htm
- Литосферные плиты http://www.grandars.ru/images/1/review/id/3851/00cbf82f50.jpg
- Литосферные плиты http://images.myshared.ru/9/878149/slide_4.jpg
- Полезные ископаемые. Способы добычи полезных ископаемых http://www.yaklass.by/p/geografiya/6-klass/litosfera-i-relef-zemli-6368/ispolzovanie-i-okhrana-nedr-zemli-7129/re-9564798d-688e-4fc6-87a0-68c4f193b9c7
- Строение Земли и земной коры http://cf.ppt-online.org/files/slide/b/bfBxhjsScyuHogaPrvAmMTn5N6kWwzdJVQGX4O/slide-2.jpg
- Сайт Аллатра Наука http://allatra-science.org/monitoring/earthquake
- Статьи по естественным наукам и математике. Что входит в состав литосферы? http://scienceland.info/geography6/lithosphere
Эверест (Джомолунгма) Непал менен Тибеттин чек арасында жайгашкан — Жердин эң бийик чокусу, бийиктиги дениз денгээлинен 8844 метр. ”Джомолунгма” жергиликтүү элдин тилинен которгондо “Жашоонун Кудай энеси” деген маанини түшүндүрөт. Тоого чыгууда альпинистер 10-15 кг салмагын жоготот. Непалдык жана кытайлык бийликтер туристерден (12 миң доллар) алышат.