Биология:Биологияга киришүү — различия между версиями
Admine2 (обсуждение | вклад) (→Айлана- чөйрөнү коргоо) |
Admine2 (обсуждение | вклад) |
(не показаны 3 промежуточные версии 2 участников) | |||
Строка 7: | Строка 7: | ||
Биология – тирүү организмдерди - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн окуп үйрөнүү болуп саналат. Ошондуктан, жандуу жаратылыш дүйнөсү 4 топко жана вирустарга бөлүнөт. | Биология – тирүү организмдерди - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн окуп үйрөнүү болуп саналат. Ошондуктан, жандуу жаратылыш дүйнөсү 4 топко жана вирустарга бөлүнөт. | ||
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file:Vvedenie.png|500px|link=]]}} |
Строка 36: | Строка 36: | ||
==Жандуулардын уюшуу деңгээлдери== | ==Жандуулардын уюшуу деңгээлдери== | ||
Жандуу материяны башкача айтканда биологиянын уюшуу деңгээлдерин төмөндөгүдөй деңгээлдерге: молекулалык, клеткалык, ткандык, организмдик, түр - популяциялык экосистемалык жана биосфералык деп айырмалайт. | Жандуу материяны башкача айтканда биологиянын уюшуу деңгээлдерин төмөндөгүдөй деңгээлдерге: молекулалык, клеткалык, ткандык, организмдик, түр - популяциялык экосистемалык жана биосфералык деп айырмалайт. | ||
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file:Vved1.png|400px]]}} |
'''Тиричиликтин уюшуусунун молекулалык деңгээли.'''
'''Тиричиликтин уюшуусунун молекулалык деңгээли.'''
Строка 58: | Строка 58: | ||
'''Органдык деңгээл.'''
'''Органдык деңгээл.'''
− | {{left|[[file: | + | {{left|[[file:Vved2.png|70px|link=]]}} |
Органдык деңгээл. Мында көп клеткалуу организмдердин органдык деңгээли кирип, анатомия, физиология, эмбриология илимдери аркылуу изилденет. | Органдык деңгээл. Мында көп клеткалуу организмдердин органдык деңгээли кирип, анатомия, физиология, эмбриология илимдери аркылуу изилденет. | ||
Строка 70: | Строка 70: | ||
'''Түр- популяциялык деңгээл.'''
'''Түр- популяциялык деңгээл.'''
− | {{left|[[file: | + | {{left|[[file:Vved3.png|70px|link=]]}} |
Түр- популяциялык деңгээл. Бул деңгээл – особдордун жыйындысы - популяция жана түрлөр. Мында популяциялардын генетикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрү, элементардык эволюциялык фактору анын генофондго (макроэволюция) тийгизген таасири жана түрлөрдү сактоо көйгөйлөрү изилденет. | Түр- популяциялык деңгээл. Бул деңгээл – особдордун жыйындысы - популяция жана түрлөр. Мында популяциялардын генетикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрү, элементардык эволюциялык фактору анын генофондго (макроэволюция) тийгизген таасири жана түрлөрдү сактоо көйгөйлөрү изилденет. | ||
Строка 76: | Строка 76: | ||
'''Экосистемалык деңгээл.'''
'''Экосистемалык деңгээл.'''
− | {{left|[[file: | + | {{left|[[file:Vved4.png|90px|link=]]}} |
Экосистемалык деңгээл. Тиричиликтин экосистемалык деңгээли өзүнө микроэкосистеманы, мезоэкосистеманы, макроэкосистеманы камтыйт. Башкача айтканда, организмдердин азыктануу типтери, алардын бири- бири менен байланыштары, экосистемадагы популяциялар алардын жыштыгы, саны, экосистеманын түшүмдүүлүгү, сукцессиясы изилденет. Бул деңгээлди экология илими изилдейт. | Экосистемалык деңгээл. Тиричиликтин экосистемалык деңгээли өзүнө микроэкосистеманы, мезоэкосистеманы, макроэкосистеманы камтыйт. Башкача айтканда, организмдердин азыктануу типтери, алардын бири- бири менен байланыштары, экосистемадагы популяциялар алардын жыштыгы, саны, экосистеманын түшүмдүүлүгү, сукцессиясы изилденет. Бул деңгээлди экология илими изилдейт. | ||
Строка 194: | Строка 194: | ||
Аарылар 1 килограмм бал жасаш үчүн 2 млн. гүлдөргө конуп чыгат экен. | Аарылар 1 килограмм бал жасаш үчүн 2 млн. гүлдөргө конуп чыгат экен. | ||
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file:Vved int fac.jpg|220px|аары]]}} |
Шимпанзе – күзгүдөн өзүн тааныган бирден бир жаныбар. | Шимпанзе – күзгүдөн өзүн тааныган бирден бир жаныбар. | ||
Строка 302: | Строка 302: | ||
Заманбап химиялык өндүрүштөр бизге курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн көптөгөн ыкмаларын сунуштап келет, бирок алардын көпчүлүгү адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Ал эми лимон жана гвоздика химиялык заттарга караганда абдан эффективдүү келип үй жаныбарларына жана адамдын ден соолугуна коопсуз. | Заманбап химиялык өндүрүштөр бизге курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн көптөгөн ыкмаларын сунуштап келет, бирок алардын көпчүлүгү адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Ал эми лимон жана гвоздика химиялык заттарга караганда абдан эффективдүү келип үй жаныбарларына жана адамдын ден соолугуна коопсуз. | ||
Тестти өтүңүз
Текущая версия на 07:57, 22 октября 2018
Содержание
- 1 Биология - тиричилик жөнүндөгү илим
- 2 Тирүү организмдердин негизги касиеттери
- 3 Жандуу организмдердин көп түрдүүлүгү
- 4 Биология илиминин негизги маселелери
- 5 Жандуулардын уюшуу деңгээлдери
- 6 Биология илиминин изилдөө методдору
- 7 Биология илиминин мааниси
- 8 Биология илминин жетишкендиктери
- 9 Айлана - чөйрөнү коргоо
- 10 Глоссарийлер
- 11 Бул кызыктуу
- 12 Библиография
Биология - тиричилик жөнүндөгү илим
Бул грекче биос (тиричилик) жана Logoc (сөз, окуу) Биология – тирүү организмдерди - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн окуп үйрөнүү болуп саналат. Ошондуктан, жандуу жаратылыш дүйнөсү 4 топко жана вирустарга бөлүнөт.
Тирүү организмдердин негизги касиеттери
Клетка - бир клеткалуулардын, көп клеткалуулардын жана клеткасыз формалардын түзүлүш, тиричилик жана өнүгүшүнүн негизин түзөт. Клетка - тиричиликтин негизги касиеттерин камсыз кылып тургандыгына байланыштуу жандуу материя жансыз жаратылыштан айырмаланып турат.
Жандуу организмдердин көп түрдүүлүгү
Жандуулар Жер жүзүндө ушунчалык ар түрдүү формада болуп, алардын ичинен бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн 350 миң, 1,5 млн. жаныбарлар, ал эми козу карындардын жана прокариоттордун көптөгөн түрү биздин планетада таралган. Окумуштуулар организмдердин жаңы түрлөрүнүн ачылышын гана баяндап жазбастан, алардын арасынан жок болуп кеткен түрлөрүн да изилдеп келишет.
Биология илиминин негизги маселелери
Биология илминин негизги маселелеринин бири болуп жандуу организмдердин жалпы касиеттерин ачуу, алардын көп түрдүүлүгүнүн себептерин баяндап, түзүлүшүндөгү байланыштарды айлана- чөйрөнүн шарттары менен айкындоо. Биология илиминин дагы бир эң негизги маселеси -Жердеги тиричиликтин келип чыгышын жана анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн (эволюциялык окуу) изилдөө болуп саналат.
Жандуулардын уюшуу деңгээлдери
Жандуу материяны башкача айтканда биологиянын уюшуу деңгээлдерин төмөндөгүдөй деңгээлдерге: молекулалык, клеткалык, ткандык, организмдик, түр - популяциялык экосистемалык жана биосфералык деп айырмалайт.
Тиричиликтин уюшуусунун молекулалык деңгээли. Ар бир молекула кандайдыр бир кызмат аткарат. Мисалы, углеводдор энергиялык айланууларда негизги кызмат аткарса, нуклеин кислоталары тукум куучулук кызматты, ал эми белоктор организмди түзүүчү негизги материал болуп саналат. Ушул деңгээлден баштап, тиричилик процесстери зат жана энергиянын алмашуу, көбөйүү, өрчүү, өсүү процесстери жүрүп организмдин тиричилиги Тиричиликтин уюшуусунун молекулалык деңгээли.
Клеткалык деңгээл. Бул деңгээлди төмөнкү клеткалык денгээлдер түзөт: бактерия клеткасы, цианобактериялар, бир клеткалуу жаныбарлар жана балырлар, бир клеткалу козу карындар, көп клеткалуу организмдер болуп саналат. Клетка – тирүү организмдердин түзүлүш жана тиричилик жана өрчүү бирдиги. Бул деңгээлди цитология, цитохимия, цитогенетика, микробиология илимдери аркылу изилденет. Клетка андагы органикалык жана органикалык эмес заттардан туруп, ички түзүлүшү боюнча органоиддерди түзөт. Алар өз ара белгилүү кызмат аткарууда (мисалы, заттардын синтезделишинде же коргонуусунда ж.б.) бири – бири менен байланышып клеткалык деңгээлдеги тиричилик процесстерин жүзөгө ашырат.
Ткандык деңгээл. Тиричиликтин ткандык деңгээлинде ткандардын түзүлүшү жана кызматтары изилденет. Бирдей түзүлүштөгү бирдей кызмат аткарган клеткалардын жыйындысы. Жогорудагы тиричилик процесстери ткандык деңгээлде улантылат. Бул денгээл гистология жана гистохимия илимдери аркылуу изилденет.
Органдык деңгээл. Мында көп клеткалуу организмдердин органдык деңгээли кирип, анатомия, физиология, эмбриология илимдери аркылуу изилденет.
Организмдик деңгээл. Бул деңгээл өз алдынча жашоого жөндөмдүү болгон, бир клеткалардан жана көп клеткалардан турган система. Көп клеткалуу организм ткандардын жана органдардын жыйындысынан пайда болуп, атайын ар кандай кызматты аткарат. Организм белгилүү функцияны аткарууда клетка жана ткандардын өз ара бирдиктуу аракети түзүлүп өзүн- өзү тейлоочү системалык деңгээл уюушулат. Клеткалардын, ткандардын жашоо узактыгы организмдин жашоосунан кыска. Ошондуктан клеткалардын көбөйүүсүнүн негизинде организмдин жашоо тиричилиги камсыз болуп турат. Бул денгээл морфология (анатомия и эмбриология), физиология, генетика, палеонтология илимдери аркылуу изилденет.
Түр- популяциялык деңгээл. Бул деңгээл – особдордун жыйындысы - популяция жана түрлөр. Мында популяциялардын генетикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрү, элементардык эволюциялык фактору анын генофондго (макроэволюция) тийгизген таасири жана түрлөрдү сактоо көйгөйлөрү изилденет.
Экосистемалык деңгээл. Тиричиликтин экосистемалык деңгээли өзүнө микроэкосистеманы, мезоэкосистеманы, макроэкосистеманы камтыйт. Башкача айтканда, организмдердин азыктануу типтери, алардын бири- бири менен байланыштары, экосистемадагы популяциялар алардын жыштыгы, саны, экосистеманын түшүмдүүлүгү, сукцессиясы изилденет. Бул деңгээлди экология илими изилдейт.
Биосфералык деңгээл. Биосфера –Жердин эң ири географиялык катмарынын экосистемасы. Биосферада күн энергиясынын, заттардын жана химиялык элементтердин айлануулары жүрүп турат.
Биология илиминин изилдөө методдору
Биологияда ар түрдүү методдор колдонулуп келет. Алардын арасынан тарыхый метод – ар кандай тарыхый фактыларды топтоо жүргүзүлөт. Ал эми салттуу (традициялык) методго – баяндоо методу, инструменттик методдорго: микроскопия (жарык -оптикалык жана электронндук), элекрографиялык, радиолокациялык ж.б.
Биология илиминин мааниси
Адам баласынын жошоосунда биологиянын мааниси зор. Ал эми айыл чарбасындагы жогорку түшүмдүү породалар, маданий өсүмдүктөрдүн сорттору, микроорганизмдердин селекциясы жана антибиотиктердин түрлөрү тукум куучулук жана өзгөргүчтүктүн мыйзамдарынын жетишкендиктери аркыуу ишке ашып келет. Биологиядагы чоң жетишкендиктердин бири –белок биосинтезинин механизминин изилдениши жана фотосинтез процессинин сырлары аркылуу өсүмдүк жана жаныбарларсыз органикалык заттарды синтездөөнүн колдонулушу болуп саналат. Планетада улам барган сайын калктын өсүшүнө байланыштуу биология илиминин келечектеги практикалык мааниси дагы бир канча эсе өсөт. Бул процесстин жүрүшүндө жогорку тушүмдүү микроорганизмдердин, өсүмүдүктөрдүн, жанаыбарлардын жаңы түрлөрү жана жаратылыш ресурстарынын байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу талап кылынат.
Биология илминин жетишкендиктери
Ген инженериясын пайда кылууда тукум куучулуктун (гендерин) структуралык бирдигинин молекулалык түзүлүшүнүн ачылышы чоң роль ойноду. Бул метод аркылуу тукум куучулуктун белгилерин жана касиеттерин комбинациялоо аркылуу жараталышта кездешпеген түрлөрдү пайда кылуу мүмкүчүлүк болду. Ал эми биология илиминин практикалык жетишкендиктери болуп: өнөр жай жолу аркылуу биологиялык активдүү заттарды бөлүп алуу болуп саналат.
Айлана - чөйрөнү коргоо
Бүгүнкү күндө айлана- чөйрөнүн тазалыгы -андагы жандуу организмдерди коргоо же жок кылуу, автоунаалардын кыймылдаткычтарын жөнгө салуу, уу заттарды бет келди агызуу ар бир адамдын жүрүм- турумдарынан көз каранды экенин белгилүү. Ошондуктан, айлана- чөйрөгө болгон терс мамилелерди эске алуу менен бирге өзүбүздүн жашообузду коргоп жаткандыгыбызды унутпашыбыш керек.
Пайдалуу байланыштар Викториналар Тестик иштер Биомузыка Бактериялардын көбөйүшүнө ооз көңдөй чайкоочу дарынын таасири Биологияны окуйбуз Биологияны окуп- үйрөнүүнүн 11сунушу Биология Феш- анимациялары
Глоссарийлер
Метод- илимий билимдерди пайлануудагы ыкмалардын системасы
Илимий фактылар – бул сандык жана сапаттык объектилерди \ заттарды мүнөздөөчү эксперименттердин жана байкоолордун жыйынтыктары
Микроскопия (жарык - оптикалык жана электрондук) – (МКС) (грек. μικρός — өтө майда, кичине жана σκοπέω — көрөм) — микроскоптун жардамы менен заттарды \объектилерди окуу Алардын бир канча түрү: оптикалык микроскопия, электрондук микроскопия, көп фотондуу микроскопия, рентген микроскопиясы, рентген лазерлүү микроскопия
Элекрография - (ксерогра́фия) — метод репрогра́фия, мында лазердик принтер жана көчүрүүчү аппараттар иштейт
Радиолокация – илимде же техникада кайсы бир координаттарды радиотолкундар аркылуу аныктоо
Тукум куучулук – организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчөлүктөрүн кийинки муундарга берүү касиети
Өзгөргүчтүк - организмдин жеке өрчүшүндө (онтогенезде) жаңы белгилерге ээ болуу касиети
Селекция - Селе́кция (лат. selectio «тандоо, ылгоо») - адам өзүнө керек өсүмдүк сортун же жаныбар породаларын алуу методун иштеп чыгуучу илимдин тармагы
Микроорганизмдердин Штаммы - (нем. Stamm, «тулку», «негиз») – микроорганизмдердин таза культурасы
Ген – грекч. γένος — род) — жандуу организмдердин тукум куучулугунун структуралык жана функционалдык бирдиги.
Ген инженериясынын жардамы менен рекомбинациялык генди түзүп, аны көбөйтүп, клеткага киргизүү, гендерди жасалма жол менен синтездөө, алардын клеткада иштөөсүн камсыз кылуу
ДНК - Дезоксирибонуклеи́н кислота́сы (ДНК) — макромолекула, узун нуклеотиддерден түзүлгөн полимердик молекула. Клеткада тукум куучулук маалыматты сактайт
РНК - нуклеин кислотасы, нуклеотиддердин полимери , курамы оротофосфор кислотасынын калдыгы, рибоза жана азоттук негиз
Нуклеин кислотасы - биополимерлер, анын негизги кызматы –генетикалык маалыматтарды сактоо жана аны укумдан тукуга берүү. Нуклеин кислотасынын эки тиби- дезоксирибонуклеин (ДНК) и рибонуклеин (РНК) бар.
Бул кызыктуу
Библиография
- Жер бетинде тиричиликтин келип чыгышы https://ru.wikipedia.org/wiki/ (дата обращения: 05.04.2018)
- Биологиянын методдорунун изилдениши https://ru.wikipedia.org/wiki/ (дата обращения: 05.04.2018)
- Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү. / https://kyrgyzstan.orexca.com/rus/nature.shtml(дата обращения: 05.04.2018)
- Биология китеби. Окуучулар үчүн энциклопедия.(дата обращения: 05.04.2018)
- Энциклопедия Аванта- окуучулар үчүн / https://www.olx.ua/.../entsiklopediya-izdatelstva-avanta-tom-biologiya-IDpbTD4.html(дата обращения: 05.04.2018)
- Чоң энциклопедия (иллюстрациялары менен ) (дата обращения: 05.04.2018)
Эң узун клеткалар – өсүмдүк буласы (текстиль бананы) узундугу 3,5 м. чейин жетет. Өсүүчү клеткалар өтө күчтүү, ал асфальтты да жиреп чыгууга да жөндөмдүү. Кырк муун өсүмдүгүнүн сабагынын катуулугу темирди да чийгилеп кетет.
Кадимки жирафтын кан басымы жана жүрөгү эң чоң, андан тышкары тилинин өңү кара жана анын узундугу 45 см чейин жетиши мүмкүн.
Аарылар 1 килограмм бал жасаш үчүн 2 млн. гүлдөргө конуп чыгат экен.
Шимпанзе – күзгүдөн өзүн тааныган бирден бир жаныбар.
Крокодил суунун түбүнө сүзүш үчүн таштарды жутуп алат экен..
Бул кызык секирген жаныбардын куйругу анын тең салмактыгына жардам берет
➤ Мышыктар тукумуна кирген бул жаныбардын жумшак таякчасы бар, анда учтуу тырмагы бар
➤ Анын куйругу жайында боз, ал эми кышында ак
➤ Анын куйругу сабоого окшош аны менен курт- кумурскаларды чагат
➤ Мурду тыйындай, куйругу кайырмактай
➤ Анын жумшак саргыч куйругу токойдон көрүнгөнсүйт жана өзүнүн кожоюнуна секиргенге жардамдашат
➤ Коркок жөнүндө анын куйругу сыяктуу кырымды салам дейт
➤ Ал тешиктен бир балыктын куйругун кармады
➤ Бул ири мурундун куйругуна караганда, анын мурду узунураак
➤ Анын жумшак узун куйругу өзгөчө кар жааганда өзүнүн кожоюунун изин жакшы жок кылат
➤ Бул дарыя куруучусунун куйругу бир эле учурда калактын да башкаруунун да кызматын аткарып жана аны менен кышка май да топтойт
➤Бул түнкү жаныбар куйругу менен башын ороп уктайт
➤ Куйругунун учу - кара уч бурчтуу ак куш мантиясы бар
➤ Бул жаныбар куйругундагы кара шакекчелеринин (анын саны 5-10 чейин). жардамы менен сезишет
➤ Бул жаныбардын куйругунун алдында өтө жаман жыт бөлүп чыгарган бези бар, аны менен душмандарынан сактанат
➤ Бул жаныбардын узун жылаңач куйругу бар, ал анын бешинчи бутун алмаштырып турат. Келемишке окшош. Дарактарга ошол буттары менен алмак -салмак даракты кучактап чыгат
➤ Бул секирүүчү жаныбардын башы коёндукундай, денеси жана алдыңкы алаканы чычкандыкындай, арткы буттары- канаттуунуку, ал эми куйругу – арстандыкындай
➤ Куйругунун бир эле чапканы менен алтын жумуртканы сындыра чабат .
➤ Бул кемирүүчүлөр жетүүгө кыйын болгон жерлерде азык-түлүктөрдү – куйругун түртүп анан сорот
➤ Бул ийнелери бар жаныбар душманы менен болгон жолугушууда куйругун титиретей баштайт. Ошол эле учурда көптөгөн ийнелери бардык багыттарга учат
➤ Бул кооз куйруктун атына аялдын чачтарынын (прическа) атын берген. Анын куйругу таралат, кыркылат, өрүлөт.
➤ Ал белгилүү жомокто айтылгандай куйругун жоготкон
➤ Өтүк байлагычы менен куйругу үлгүсү менен
➤ Бул канаттуунун үнү ушундай жагымсыз, бирок куйругу өтө кооз
➤ Бул канаттуу өзүнүн куйругу менен токойдо жаңылыктарды таратат
➤ Бул канаттуунун куштарын индейцтер баштарына тагып жүрүшөт
➤ Бул канаттуу дарактардын бутактарына куйругунун жардамы менен чыгыат
➤ Бул канаттуу үтө кыймылдуу, өзүнүн узун куйругун ар дайым кайра- кайра көтөргөндүктөн анын аты ...
➤ Бул канаттуунун куйругунун учутары экиге бөлүнүп кеткен
➤ Сөз «Куйрук» бул канаттууда бар, анын формасы музыкалык аспапты –лираны элестетет.
➤ Бул канаттуу куйругу менен ырдайт жана ал ыр козулардын «Бе-е-е» дегенин элестетет. Ошол үчүн ага «токой козусу» деген ат коюлган
➤ Бул канаттуу дарактан кулап кетмек, эгерде куйругу жана тырмактары кызмат кылбаса
➤ Бул боз чымчыктын куйругу күйүп турган кызылдай. Себеби ага «өрт коркунучу» деген ат коюлган
➤ Ага мергечилик кылганга куйругу жардам берет анын куйругунун соккусу ири жаныбарларга да коопту. Куйругу өтө оор, калканчалар менен капталган. Күчтүү куйругу менен ири жаныбарларды буттарынан жыгып жогору карай ыргытып тиштүү жаактары менен тосуп алат.
➤ Анын башы акырындык менен куйрукка айланат керек болсо моюну жок.
➤ Анын куйругунда кабырчык чыртылдоолор пайда болгондугу анын атына жараша коюлган
➤ Ал куйругун жоготуп алам деп коркпойт себеби ал сөзсүз кайра өсүп чыгат
➤ Анын куйругу наристе кезинде гана болот андан кийин ал жоголуп кетет
➤ Бул примат түрдүн куйругу керектелбестен жоголуп кеткен
Заманбап химиялык өндүрүштөр бизге курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн көптөгөн ыкмаларын сунуштап келет, бирок алардын көпчүлүгү адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Ал эми лимон жана гвоздика химиялык заттарга караганда абдан эффективдүү келип үй жаныбарларына жана адамдын ден соолугуна коопсуз.