Кыргыз адабияты: Адабият галереясына саякат
Версия от 04:34, 29 ноября 2017; Msu06 (обсуждение | вклад)
Автор менен баарлашуу
Кыргыз поэзиясынын таң чолпону Алыкул Осмоновдун ырлары менен ар бир кыргыз тааныш. Акындын ыр жыйнактарын кайра-кайра барактаган окурмандар улуу болсун, кичүү болсун, алардын баарынын деми бирдей токтой калып, кыялдары алыска учуп жөнөй турганы анык. Себеби, Алыкул – поэзия чебери, ал өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. “Автор менен баарлашуу” деген аталыштагы бул бетте акындын өмүрү, чыгармалары жөнүндө жаңы маалыматтар менен таанышасыңар. Анын чыгармаларынын биздин жашообуздагы экинчи өмүрүнө саякат жасап, замандаштарыбыз анын ырларын канчалык жактырып окугандарына күбө болосуңар.
Алыкул Осмоновдун — өмүр баяны
Алыкул менен баарлашуу
“Жазуучумун деген адам жазган китеби аркылуу окурмандар менен маектешет. Аларга акыл, кеңеш кошот. Тарбия-таалим берет. Турмуштук таасын сабактарды таасын сүрөттөп элестетүү аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтөт. Баятан ыр чубурткан акын, эми гана приемникке кол тийгизип, музыка деңизинин толкунунда кыялга батып, дем алууда. Дал ушул мезгилде, эшигин шарт ачып, бажылдай сүйлөп үстүнө кирип барсаң, – «Келгин» деп да койбойт, сени көрбөй да калат. Пальтосун желбегей жамынып, жылаңбаш бөлмөнүн ортосунда ары-бери басып турган болот. Не уркуйган тизесин кучактап, алыстан дүбүрт уккансып, башын саал оң жакка кыйшайтып алыска карап, ойго батып, муңканган музыканын кучагында эч кимди элес албайт...”
(Түгөлбай Сыдыкбеков. “Акындын элеси”)
Бишкектеги Алыкулдун музейинин экспонаттары
Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнөн жүз жыл өткөндөн кийин 2015-жылдын 28-октябрында Бишкектеги Улуттук китепканада анын музейи ачылды. Улуу акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына күбө болгон буюм-теримдерин көрүп, анын сүрөттөрүнө тигиле карагың келсе, Бишкектеги Улуттук китепканадагы акындын музейине келип киргин. Музейден «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!» аталыштагы библиографиялык энциклопедиясы менен таанышасың. Музейдин экспозициясы Алыкул Осмоновдун 1937-жылы латин шрифтинде басылып чыккан чыгармаларынан (К.Чуковскийдин, С.Маршактын, И.Крыловдун чыгармаларынын котормолору) жана Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасынын котормосунун басылмаларынан турат. А.Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» чыгармасы 1940-жылдан 1982 -жылга чейин алты жолу басылып, эң мыкты котормо катары кабыл алынган.
Алыкул Осмоновго арналган аудио, видео жыйнактар
Алыкул Осмонов – таланттуу акын гана эмес, чебер котормочу да болгон. Ал дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы, А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романы, У.Шекспирдин "Отелло" пьесасы кыргызча Алыкул Осмоновдун калеминен которулуп чыккан. Алыкулдун аркасы менен Александр Сергеевич Пушкиндин, Шарль Перронун жомокторун, Иван Крыловдун тамсилдерин, Корней Чуковский менен С.Маршактын ырларын кыргыз тилинде окуй аласыңар.
Алыкулдун сүйүү темасындагы эң белгилүү ырлары
"СУЛУУГА"
"СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН"
"СҮЙДҮМ СЕНИ"
"СҮЙҮҮ КЫЯЛ"
Алыкул Осмоновдун музейлери
Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмоновдун жашаган үйү турган аймак азыр А.Осмонов атындагы паркка айланды. Акындын Чолпон-Атадагы музейинде анын жеке буюмдары, өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырган фотодокументтер, кол жазмаларынын көчүрмөлөрү бар.
Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында да Алыкул Осмоновдун музейи бар. Бул музей 1995-жылдан бери иштейт. Музейде акындын жеке буюмдары, ошону менен катар керебети, иштеген столу, радиоприемниги, кол жазмаларынын черновиктери, китептери бар. Бул экспонаттар менен А.Осмоновдун чыгармачылык жолуна, айрыкча жаш кезиндеги жеке жашоосуна көз салууга болот.
Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында (1948-1950-жылдары) жашаган Бишкектеги кичинекей үйдө акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда Бишкектин Сокулук чолок көчөсүндөгү бул №10 үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. Бул үйдө акын убагында ырларын жазган, башка тилден чыгармаларды которгон, өмүрүнүн акыркы жылдарын жашаган.
Акындын өмүрү жана чыгармачылыгын изилдеп, илимий иликтөө ишин алгачкылардан болуп баштаган адабиятчы-окмуштуулар: Ш.Үмөталиев «Алыкул Осмонов» (1958-ж.), Р.Кыдырбаева «Алыкул Осмоновдун лирикасы» (1957-ж.), А.Садыков «Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новаторлук» (1962-ж.) жана К.Кырбашев «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (1967-ж.).
Галереяны аралап...
Бизге тааныш каармандардын сүрөтүн, айкелин, таеатрдагы, кинодогу образын көрүү кандай кызык! Ал тургай алардын балеттеги бийлегени, операдагы ырдаганы бизге чексиз кубаныч тартуулаары бышык. Кейипкерлер менен көркөм чыгарма окуган учурда таанышып, өз алдыбызча элестетебиз, ал эми анын искусствонун башка түрүндөгү «кайра жаралышы» биз үчүн дагы бир көркөм ачылыш болот. Өзүбүз үчүн көркөм ачылыш жасагыбыз келсе, өзүбүзгө жан дүйнөнүн ырахатын тартуулагыбыз келсе, анда адабият галереясын аралап чыгалы!
Галерея дүйнөсүндө сизди эмне күтөт?
Балдар, силер галереяда болдуңар беле?! Улуу, белгилүү сүрөтчүлөрдүн кооз сүрөттөрүнө суктанып, кайталангыс буюм-теримдерди карап кызыгып кыдырып жүрүп, убакыттын өткөнүн билбей, кыялыңар алда кайда чабыттап алып учту беле? Айрымдарыңарда мындай мүмкүнчүлүк болбогон чыгар?! Анда кыргыздын “Манас” улуу эпосу менен таанышып, “Манас” боюнча тартылган сүрөттөрдү жана фильмдерди көрүп, скульптураларга суктанып, анын биздин коомдогу жашоосуна назар салып чыгууга адабий галереяга чакырабыз! Спутник Кыргызстан. Маданият. "Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты”(дата обращения 22.09.2017) |
“Манас” – искусстводогу көркөм булак
“Манас” – кыргыз элинин улуу эпосу. “Манас” ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын шедеврлеринин тизмесине, ошондой эле Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдө эң көлөмдүү эпос катары киргизилген. “Манасты” уккандар үчүн манасчы бир эле мезгилде театр, бир эле мезгилде актёр болуп аткарат; ошондо теребел бүт жанданып күн күркүрөп, шамал болуп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп, Манас өзү келип калгандай сезилет дешет. Манас дүбүртү кылымдарды аралап, бүгүн да биздин жашообузда ...“Манас” эпосу сүрөт искусствосунда
Силер дөңсөөлөрү көп өрөөндү элестетсеңер, ал эми ошол дөңсөөлөрдү маданияттын кубулушу катары белгилесек, анда биз үчүн эмнеликтен тоолор укмуштай сонун экени түшүнүктүү болмок.Кыргызстан – тоолуу өлкө, ар бир чоку – кимдир бирөөнүн таланты. Ушул таланттардын кыркасындагы эң бийик чокулардын бири - Теодор Герцендин таланты.
Анын “Манас” эпосу боюнча жасаган опол тоодой эмгегине назар салалы.
Теодор Теодорович Герцен (15.03.1935 – 29.06.2003) – ХХ кылымдагы улуу кыргыз сүрөтчүсү, ал өзүнүн ийгиликтүү, кадыр-барктуу жана чыгармачылык жетишкендиктерге бай өмүрүндө укмуштуудай чоң иш жасай алган белгилүү сүрөтчү.Кыргызстандын тарыхындагы немецтер.Теодор Теодорович Герцен
Теодор Герцен өзү жөнүндө
Мен – сүрөтчүмүн, чыгармачылык мен үчүн иш эмес, ал – жашоомдун жолу. Бүгүнкү күнгө чейин мен өзүмдүн жалгыз туура жолумду тандап алганыма эч бир күмөн санабайм, бул жолсуз менин өмүрүмдүн маңызы болмок эмес. Мен өз өмүрүмдү искусстводон тышкары элестете албайм, б.а. мен өз өмүрүмдө бир да жолу жумушка барган эмесмин, сүйүктүү ишим менен алектенүүгө көзгө көрүнбөгөн зор күч жетелеп жүрчү. Бул менин бүткүл жан дүйнөмдү ээлеп, ийгиликтерим мага учууга канат байлап, жолум болбой калган учурлар капаландырып, ого бетер эмгектенүүгө шыктандырды, натыйжада, мен баары бир устаттыкка ээ болдум, колумдагы кыл калемим, калемим же кескичим менин элестетүүм жана кыялдарым менен сейрек кездешүүчү гармонияда жуурулушуп турган чыгармачылыктын улуу илимине үйрөндүм. Менин жүрөгүмдүн ырын ырдаган боёкторумду, кыл калемимди жана кескичимди жакшы көрөм.
Ольга Шнайдерге жазган катынан. 2000-жыл. Биринчи жолу басылып жатат. Манас эпосуна карата тартылган Т.Т Герцендин иллюстрациялары
“Манас” инстаграм стилинде
Урмат Мырзабеков “Манас” эпосуна кызыктырат.
Графикалык дизайнер Урмат Мырзабеков бир нече ирет борборубуздагы “Ала-Тоо” аянтын башкы майрамдарга карата кооздогон. Муну менен чектелбей, Урмат Мырзабеков азыр кыргыз элинин байыркыдан келе жаткан мурасы болгон “Манас” эпосун, Манас баатырды компьютердик технология менен ΧΧΙ кылымдын эрежелери боюнча жандандыруу максатын көздөйт. Анын планында бир нече маданий-таанып билүүчү иш-чараларды өткөрүү каралган. Ал иш-чаралар “Манас” эпосуна арналган: EPOS-MANAS.COM порталын ачуу, сүрөтчү Теодор Герцендин “Манас” эпосу боюнча гравюраларынын көргөзмөсүн уюштуруу жана ошол иллюстрациялар түшүрүлгөн китепти презентациялоо. Урматты бул иштерге шыктандарган негизги булак – Теодор Герцендин элге кеңири белгилүү гравюралары болду, аларды компьютердин жардамы менен андан да жандуу кылгысы келет. Социалдык тармактарда “Манас эпосу” көргөзмөсүнүн эскиздерин жарыялагандан кийин Урматка анын эмгектери жөнүндө дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан көп мекендештерибиз өздөрүнүн оң ой-пикирлерин билдире башташты.
Урмат Мырзабеков Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 24 жылдыгына карата “Ала-Тоо” аянтын кооздогон.
“Кыргызда жакшы салт бар: өзгөчө чоң жумуш баштаардын алдында элден бата сурайт, бул өтө маанилүү. Адамдардын берген батасы көп кубат берет жана ишти алдыга жылдырууга кызыгуу жаратат”, - дейт Урмат. Ал жаштарга “Манас” эпосун инстаграм стилинде тааныштырат. “Манас” инстаграм стилинде
Видео,аудио жыйнактар
“Манас баатыр” көркөм фильмден эпизод (2 минут 37 секунд)
“Манас” мультфильмден үзүндү (1 минута)
“Манастын төрөлүшү” 3D форматында мультфильмден үзүндү (0.59 мин). Баймуканбет уулу Кубанычбек “Азаттыкка” билдирди. ( 02.12).
Ч.Айтматов Саякбай Каралаев жөнүндө. (Кусок из презентации с аудио с 3.16 – по 7.07. продолжительностью 4 минуты.)
“Манас” эпосунан үзүндү. Саякбай Каралаев "Каныкейдин жомогу"
“Манас” биздин айланабызда
Кыргыздар жашоону “Манассыз” элестете албайт, жашай да албайт. Муну биз “Манас” деген аталыштын канчалык деңгээлде өзүбүздүн жашообузда эле эмес, чет өлкөлөрдө да тараганынан улам айта алабыз. Ысымы биздин жүрөгүбүздөн эбак орун алган болсо, эми дүйнө жүзүндө да белгилүү, бул ат башка өлкөлөрдө көлдөрдүн, көчөлөрдүн аты катары айтылат. “Манас” деген аталыштардын галереясына кош келиңиздер! |
Бишкек шаарындагы “Манас” аэропорту
Бишкектин аэропорту “Манас” эл аралык аэропорту” деп аталат. Ал шаардан 23 км түндүк-батышта Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен, аэропортубуз Манас баатырдын атына коюлган. Эң биринчи ирет 1974-жылдын октябрында СССРдин Министрлер Советинин Председатели А.Н.Косыгин Ил-62 деген учак менен келип конгон. Үзгүлтүксүз биринчи рейс болсо Москванын “Домодедово” аэропортуна 1975-жылдын 4-майында учкан. 2001-жылдын апрелинде “Манас” эл аралык аэропорту” ААК (ачык акционердик коом) түзүлгөн.
Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатры
Бишкек шаарындагы “Манас” университети
Кара-Балта шаарындагы “Манас” стадиону
Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы – “Манас” ордени
“Манас” ордени – Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку сыйлык. Ал 1996-жылдын 16- апрелинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" мыйзамы менен уюштурулган. “Манас” ордени менен мамлекетти, демократиялык коомду жана элдин биримдигин сактоодо жана чыңдоодо, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык күч- кубатын арттырууда залкар салым кошкон жарандар сыйланышат. “Манас” орденинин үч даражасы бар: Ι даражадагы, ΙΙ даражадагы, ΙΙΙ даражадагы “Манас” ордени. Кыргызстандын Президенти ΙΙΙ даражадагы, ΙΙ даражадагы ордендери менен сыйлана элек жаранды деле Ι даражадагы орден менен сыйлоого укугу бар. "Манас" ордени менен сыйлангандар
Даанышман ойлор казынасы
Макал-лакаптардын мазмуну, санат-насыят ырлардын кантип жаралгандыгы, кыргыз элинин рух казынасы болгон эпостордогу даанышман ойлордун маңызы эмнеде экендиги бизди кызыктырбай койбойт. Мына ошондуктан бул бөлүмдө эл оозеки чыгармачылыгындагы даанышман ойлордун өлбөс-өчпөстүгүнүн сырын иликтемекчибиз.
Силер менен бирге эзелтен бери эл оозунда сакталып келе жаткан акылман ойлордун, сөз берметтеринин тереңдигине, таамайлыгына, кооздугуна, курчтугуна, элестүүлүгүнө суктанмакчыбыз. Эл чыгармачылыгынын азыркы адабият менен кантип байланыша тургандыгы да бизди ойлондурбай койбойт. |
Жомок артынан жомок
Жомоктордун түрлөрү менен таанышабыз:
Айбанаттар жөнүндө жомоктор(Мисалы, “Мышык, түлкү, аюу, карышкыр”, “Айбандардын достугу”, “Кыргый менен үкү”, “Дөөтү уста менен ителги”, Түлкүнүн жуучу болушу”, “Торгой”)Кереметтүү жомоктор (Мисалы, “Төштүк”, “Жоодарбешим”, “Алтын куш”, “Алтын балык”, “Өнөрлүү бала”, “Муңдук менен Зарлык”, “Ажыдаар”)
Турмуштук жомоктор (Мисалы, “Акылдуу кыз”, “Зар менен Мээр”, “Сары таз”, “Кыдыр, акыл, ырыс”, “Кан менен вазир”, Амалдуу кедей”, “Акылдуу дыйкан”, “Бала өзүнүн шаарын кантип сактап калды?”, “Айлакер бала”, “Ырыс алды – ынтымак”)
Анекдоттук, сатиралык жомоктор (Мисалы, Апендинин жоруктары, Алдар Көсөнүн жоруктары)
Жомоктордун жанрдык өзгөчөлүктөрүн билип алабыз:
Жомок өзгөчө тил менен айтылат.
Жомоктордо кыймыл-аракеттер көп жолу (көбүнчө үч жолу) кайталанат.
Ар бир жомоктун башталышы менен аякталышы башка жомокторго окшош болуп айтылган композициясы болот. “Илгери-илгери ...” деп башталып, “Ошентип, ... жыргап-куунап жашап калыптыр” деп бүтөт.
Сюжетинин майда-чүйдөлөрү (айрыкча кереметтүү жомоктордо) “аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айтор ...” же “аз өттүбү, көп өттүбү, белгисиз...” деп кайталанат.
Каармандарга тиешелүү туруктуу эпитет алар тууралуу жомоктордун аттарына айланган, образ катары калыптанган: “Акыл Карачач”, “Жээренче чечен”, “Толубай сынчы”, “Акылдуу кыз”, “Аккөңүл менен Каракөңүл”, “Акылдуу дыйкан”, “Алдар көсөө”, “Жаныбек кан”.
Жомоктор өзгөчө интонация менен айтылат. Жомокту жөн гана аңгеме окуган сыяктуу окууга болбойт.
Жомок айтууда бул структураны колдонобуз.
Жомоктуу оюн
Билип алгыла!
Жомоктор – элдик оозеки чыгармачылыктын кызыктуу жанрларынын бири.
1939-жылы – Алгачкы “Балдар жомоктору” жыйнагын Ы.Абдырахманов түзгөн.
1944-жылы – Кыргыз жомокторун биринчи жолу орус тилине Н.А. Мучник которуп жарыялаган.
Эпостор
“Эпос” деген сөз грек тилинде “сүйлөө, аңгеме, баян” дегенди билдирет. Эпостор көлөмү жагынан ири, кенже болуп экиге бөлүнөт, мазмуну жагынан баатырдык, турмуштук болуп бөлүнөт.
Видео жыйнактар
“Эр Төштүк” мультфильминин 1 мүнөттүк варианты
"Токтогул" операсынан үзүндү
Токтогулдун санат-насыят ырынан үзүндү
Гүлзада Рыскулова ырдайт. “Айкөл Манас” ырына клип