География: Кыргыз Республикасынын чарбасы
Версия от 08:07, 22 октября 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
Чектелген жаратылыштык, эмгектик, капиталдык ресурстарды максималдуу пайдалануу жана минималдык чыгымдарга жетишүү үчүн натыйжалуу чарбалык ишмердүүлүк менен алектенүү керек. Бүгүн Кыргыз Республикасынын алдында өндүрүштүн төмөндөшүн толук токтотуу жана калктын жашоо турмуш деңгээлин дайыма жогорулатууга умтулуусунда экономиканын кийинки стабилдүүлүк ѳсүү милдети турат.
Кыргыз Республикасы - агрардык-индустриялдык ѳлкѳ. 1991 - жылдан кийин Кыргыз Республикасынын экономикасы рыноктук кайра куруу жолуна түштү. Менчиктештирүү тармагында орчундуу ийгиликтерге жетишилди. 1995-жылга ѳлкѳдѳгү бар болгон ѳндүрүштѳрдүн 53 миңден кѳбү, 60% менчиктештирилген. 1990 - жылдын аягында өндүрүлгөн продукциянын 90% жогору жеке менчик өндүрүштөр тарабынан өндүрүлгөн.
- Кыргыз Республикасынын өнөр - жайы
- Азыркы Кыргыз Республикасынын өнөр - жай өндүрүштөрүнүн түзүлүшү
- Кыргыз Республикасындагы өнөр - жайлардын өлчөмү
Айыл - чарба – бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын алдыңкы тармагы. Бул тармакта ѳлкѳнүн эмгекке жарамдуу калкынын чоң бөлүгү алектенет. Дыйкан жана фермердик чарбалардын бар болушу Кыргыз Республикасынын экономикасынын айыл - чарба секторунун өнүгүүсүнѳ шарт түздү. Айыл - чарба 3 тармакка бөлүнөт: дыйканчылык, мал чарбасы жана суу ресурстары.
- Ири мүйүздүү мал жана канаттуулар боюнча үч алдыңкы аймак
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн дүң продукциясы боюнча үч алдыңкы аймак
Транспорт. Тоолуу рельефке байланыштуу темир жол жана куур (түтүк) транспортунун ѳнүгүүсү чектелген. Темир жолдордун узундугу 370 кмге жакын. Алар коңшу мамлекеттердин темир жолдорунун уландысы болуп эсептелет жана түндүктө Казакстандан Бишкекке чейин андан ары Ысык-Көлдүн түндүк-батыш жээгиндеги Балыкчыга (мурунку Рыбачье) чейин, ошондой эле Өзбекстандан Фергана өрөөнүнүн чыгышынан Ош жана Жалал-Абадка чейин жүрѳт.
Транспорттун негизги түрү – автоунаа. Автоунаа жолдорунун узундугу – 40 миң км.жакын. Бишкек (“Манас” аэропортунан) жана областтык борборлор ортосунда аба байланышы колдонулат. Кыргыз Республикасынын территориясы боюнча Бухара – Ташкент – Бишкек – Алма-Ата жана Майлы-Сай – Жалал-Абад – Кара-Суу – Ош куур түтүктѳрү өтөт .
Содержание
Кыргыз Республикасынын административдик областтарынын экономикасы
Бишкек башка областтарга салыштырмалуу экономикалык жана социалдык жактары боюнча жогорураак деңгээлде турат. Борбор катары саясий тараптан ѳзгѳчѳ аймак болуп эсептелет. Шаарда: өнөр-жай,транспорт, байланыш, курулуш жана калкты социалдык багытта камсыз кылган - соода, илим, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана башка тармактар өнүккөн.
Баткен областынын экономикасы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк комплексинде өзгөчө орунду ээлейт, себеби бул областта сейрек кездешкен өнөр - жайлык дарамети бар (Айдаркенде сымап, Кадамжайда сурьма; Кызыл-Кыяда жана Сүлүктүдө көмүр). Иреттелген айыл-чарбасы (өрүк, тамеки, эт, жумуртка жана сүт азыктары), туризмдин өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.
Чүй областы Кыргыз Республикасынын ѳнѳр - жай ѳндүрүшүндѳ негизги орунду ээлейт. Бул жерде иптрий тобундагы сейрек кездешүүчү элементтердин, кабелдик буюмдар, соода жана коомдук тамак-аш үчүн жабдуулар, курулуш материалдары, акиташ, терезе айнектери, шифер, цемент, картон, килем буюмдары, бут-кийимдер, кум-шекер, спирт ичимдиктери, жүндү биринчи иштетүү иштеринин ѳндүрүшү жакшы жолго коюлган. Өнөр - жайдын негизги тармактары: жеңил, түстүү металлургия, машина куруу жана металл иштетүү, ѳнѳр-жай курулуш материалдарды чыгаруу.
Нарын областы ѳзүнүн социалдык инфраструктурасы боюнча республиканын начар ѳнүккѳн экономикалык аймагы болуп эсептелет. Климаттык шарттар бийик тоолуу жайлоолордо малдарды багууга мүмкүнчүлүк түзөт. Областта акыркы жылдары рыноктук мамилелерге ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу өнөр-жай, тейлөө тармактарынын ар кандай менчик формаларын тандашкан. Областтын территориясында 1991 - жылы Президенттин атайын токтому менен республикада биринчи жолу Нарын Эркин экономикалык зона (ЭЭЗ) түзүлгѳн. Эркин экономикалык зонага экономиканын ар түрдүү багытында иштеген 54 биргелешкен өндүрүштөр чарбалык субъект катары катталган.
Ысык-Көл областы. Аймактын негизги экономикалык көрсөткүчү болуп айыл - чарба, анча чоң эмес өндүрүштүк тармактар жана үстѳмдүк кылган туристтик эс алуунун жайкы жана кышкы түрлѳрү эсептелинет. Жагымдуу климаттык шарттар малдарды кѳлдүн тѳмѳнкү агымдарында гана эмес, бийик тоолуу жайлоолордо багууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мал чарбасынын азыгын сүт жана эт азыктарынын ѳндүрүшүнѳ жана кайра иштетүүгө беришет. Айыл-чарбасы жана мөмө жемиштерди өстүрүү кеңири ѳнүккѳн.
Ѳлкѳнүн аймактар арасында Ош облусунун экономикалык өнүгүү деңгээли калктын ар бир адамына эсептелген негизги көрсөткүчтѳр боюнча орто республикалык көрсөткүчтѳн ѳтѳ тѳмѳн эмес жайгашкан жана орто катары мүнѳздѳлѳт. Ѳлкѳдѳ социалдык жана экономикалык реформаларды ѳткѳрүүнүн жыйынтыгында реалдуу жана социалдык сектордо түзүлүштүк кайра түзүүлөр болуп ѳттү жана жеке менчик, жамааттык жана мамлекеттик формалары менен көп укладдуу рынок экономикасы түзүлдү.
Жалал-Абад областында мурун нефть, газ, таш көмүр (Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр), жана жарым металл кендери интенсивдүү казылып алынчу. Экономикага негизги салымды ГЭС каскадынан жана Нарын дарясынан суу сактагычтардагы электрэнергия кошот: Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи, Таш-Көмүр ГЭСи, Үчкоргон ГЭСи. Адистиги: дан өсүмдүктөрү, пахта, тамеки, жүзүм, багбанчылык, мал чарбасы (кой, эчки, уй, жылкы), жибек; тоо капталдарда-кайрак жерлер кездешет. Тоолордо эң негизги тармак- койлорду багуу.
Талас областынын экономикасы жаратылыштык-климаттык мамиленин ыңгайлуураак тармактары менен багытталган. Айыл-чарбанын негизги тармагы - малчылык. Калк кой, уй, жылкы багуу жана алардан продукция алуу менен алектенишет. Областта дыйканчылык ѳнүккѳн, бул жерде дан өсүмдүктөрүн, буурчак, картошка, жашылча - жемиштерди ѳстүрүшѳт, акыркы жылдары, кант кызылча жана май берүүчү өсүмдүктөр маданиятын өстүрѳ башташты.
Тышкы экономикалык байланыштар
Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясатында Орто Азия жана алыскы чет өлкөлөр менен кызматташуу өзгөчө кызыгууну туудурат. Ѳлкѳнүн тышкы соода айлануусу 2000-жылы 1 млрд АКШ долларын түзгѳн. Тышкы соода операциялардын сальдосу азырынча дагы деле терс көрсөткүчтѳ турат.
Экспортко 500 миллионго жакын доллар туура келет. Акыркы жылдары анын тармактык түзүлүшү орчундуу өзгөрүлдү. Тышкы соодада башкы мааниге алтын менен экспорттук операциялар ээ. Түстүү металлургияга тышка чыгарган продукциянын 40% нан кѳбүрѳѳгү туура келет. Орчундуу экспорттук кирешелерди берген экинчи тармак — электрэнергетика. Бирок, акыркы жылдары электрэнергияны берүүнүн жалпы көлөмү кыскарууда. Акырындык менен экспортто айыл-чарба продукцияларынын бѳлүгү, айрыкча мал чарбасы боюнча азайууда. Жарым кристаллдык кремнийди чет өлкөлөргө сатуу жакшы мааниге ээ болууда.
Импорт боюнча сатып алуулардын көлөмү бардык жылдары бирдей эмес. Термелүү 300 миллиондон 900 миллион долларды турат. Импортто отун-энергетикалык комплекстин продукциясы үстѳмдүк кылат (25%). Экинчи орунда тамак-аш өнөр-жайынын продукциялары (дан азыктары, өсүмдүк майы, иштеле элек кант). Ошондой эле машина куруу, химия өнөр - жайынын айрым тармактарынын продукциялары, кийимдер жана башка кеңири керектелүүчү товарлар сатылып алынат.
Экспорттук-импорттук ѳткѳрүүлѳрдүн аймактык өзгөчөлүгү акырындык менен өнүккөн ѳлкѳлѳргѳ жана Кытайга жылууда. Бирок, коңшу ѳлкѳлѳрдѳн отунга болгон көз карандылык КМШ өлкөлөрү менен болгон тышкы соода байланыштары жеткиликтүү жогору болгонго алып келет: импорт боюнча - 53,7%, экспорт боюнча - 41,1%. Бул Биримдиктеги бирден - бир эң бийик көрсөткүч. Кыргыз Республикасы менен биргеликте Казакстан, Тажикстан, Белорусия менен бажы биримдигине кирген Россия Кыргыз Республикасы үчүн башкы экспортер (анын 24,0% импорту) болуп саналат. Экинчи орунда Өзбекстан - 13,4%. Андан кийин Казакстан -10,3%, АКШ - 9,7%, Турция - 4.8%, Германия - 4,5%.
Сөздүк
- Импорт (лат. importo – ташып кирүү, алып келүү, грекче. ἐμπορια ион. ἐμπορίη ἥ–товар, соода (кѳпчүлүгүндѳ сырткы), соода иштери боюнча жол жүрүү) - товарларды, жумуштарды, тейлөөлѳрдү, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын ж.б. ѳлкѳнүн бажы аймагына чек арадан кайра киргизүүгѳ милдетсиз алып чыгуу.
- Тышкы экономикалык байланыштар - мамлекеттердин чарбалык ѳз ара аракеттенүүсү, анын негизинде эмгекти эл аралык бөлүштүрүү жатат. Ѳлкѳ аралык товарлардын жана тейлөөлѳрдүн кыймылын, каржылык жана эмгек ресурстарын, технологияларды, башкаруу тажрыйбаларын жана илимий - маалыматтык агымдарын камтыйт.
- Чарба - экономикада чарба бул ѳзүнүн керектөөсүн камсыз кылуу максатында адамдар тарабынан пайдаланган өндүрүштүн бардык каражаттарынын жыйындысы. Айыл - чарба, Пландуу чарба, Эл чарбасы, Натуралдык чарба, Товардык чарба, Үй чарбасы.
- Экономика – бул “адамдын нормалдуу тиричилик ишмердүүлүгү жөнүндө окуу”.
- Экономикалык өсүү – бул мамлекеттин чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын, анын сак-саламаттыгынын көрсөткүчү жана экономикалык көз карандысыздыктын кепилдиги.
- Экспорт (лат. exporto – алып чыгам) башка ѳлкѳдѳ кайра иштетүү үчүн же чет өлкөлүк рыноктордо сатуу үчүн арналган чет өлкөлүк сатуучуларга сатылган товарларды чек арадан алып чыгуу. Экспортко башка ѳлкѳ аркылуу транзит менен товарларды ташууну жана аларды үчүнчү мамлекетке сатуу үчүн (реэкспорт) башка ѳлкѳдѳн алып келген товарларды алып чыгууну киргизет.
Пайдалуу шилтемелер:
Адабияттары
- Киргизия // Канцелярия конфискации — Киргизы. — М. : Большая Российская энциклопедия, 2009. — С. 750. — (Большая российская энциклопедия : [в 35 т.] / гл. ред. Ю. С. Осипов ; 2004—, т. 13). — ISBN 978-5-85270-344-6 https://bigenc.ru/geography/text/2065934
- Экономика Киргизии http://www.retailkyrgyzstan.com/retail-kyrgyzstan/kyrgyz-economy.htm
- Экономика Кыргызстана http://kyrgyzembassy.ru/?page_id=447#.WgflUsZl-Ul
1. Энергетика. Бир жылда энергетикалык компаниялардын таза кирешеси 5,8 миллиард сом түздү. Айта кетсек, алар 2015 - жылды терең «минуста» бүтүрүшкѳн — 10 миллиардга жакын зыян тартуу болгон.
2. Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктѳ. Бул жолу кирешенин кѳлѳмү 3,4 миллиард сомдон жогору болгон. Бир жыл мурун—4,7 миллиард минуста.
3. Соода бизнесмендерге 784 миллион сом алып келген. 2014 - жылы ал 2,6 миллиард чыгымга учураган.
4. Курулуш. Курулуштардын кожоюндары 2015-жыл сыяктуу (чыгым — 1,4 миллиард сом) минуска учурабастан, 620 миллион иштеп табышты.
5. Кайра иштетүүчү өндүрүштѳр - 2014-жылкы 5,5 миллиард чыгымдын ордуна 592 миллион сом киреше табышкан.
Ал эми бул жолу эң чыгымдуу болуп ресторандык бизнес (минус 55 миллион) жана маалыматтык тармакта иштеген өндүрүштөр (28 миллион) болгон.
- Негизги кадамдар: Киреше жана чыгашаны туура бөлүштүргүлө. Экинчиси биринчиден эч качан ашпашы керек. Ашыкчалыктан баш тарткыла. Эң керектүүлөрдү гана сатып алгыла жана акчаңарды шамалга сапырбагыла.
- Кредиттен баш тартканга аракет кылгыла. Азыркы убакта кредит-бул чыныгы карыз чуңкуру, андан үй бүлөлѳр жылдап чыга алышпай калышат.
- Сапаттуу продукцияны сатып алгыла. Француздар бекеринен айткан эмес: “Биз арзанды сатып алуу үчүн анча бай эмеспиз”.
- Сатып алууңарды пландаштыргыла, товарлардын сапатын Интернет боюнча окугула же тааныштардан сураштыргыла. Ошон үчүн күндѳлүк - план жүргүзгүлѳ, ал жакка алдыдагы сатып алууларды жазгыла.