География: Евразия
Версия от 08:06, 22 октября 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
Евразия бардык төрт океандардын суусу менен жуунган жалгыз материк жана анын жээктериндеги ички жана четки деңиздердин көптүгү менен айырмаланат. Экваторго карата Евразия Түндүк жарым шарда жайгашкан, материктин түштүк чыгышындагы бир топ аралдары Түштүк жарым шарда жайгашкан. Евразияда бардык климаттык жана Түндүк жарым шардын жаратылыштык зоналарынын кездешиши таң калыштуу деле эмес.
Евразия - Жер шарындагы эң чоң материк. Ал кургактыктын 1/3 бөлүгүн ээлейт. Аянты 53,4 млн км². Дүйнөнүн эки бөлүгүн түзөт - Европа жана Азия. Жээктериндеги сызыктар абдан тилмеленген. Тынч, Атлантика, Инд, Түндүк Муз океандары менен курчалып турат. Рельефи татаал. Башка материктерден бийик. Гималай тоосунда дүйнөнүн эң бийик тоосу жайгашкан - Джомолунгума(Эверест) бийиктиги 8848 метр.
Евразия күчтүү карама-каршылыктардын материги. Бул бардык климаттык алкактар бар болгон жалгыз материк: арктикадан экватордук алкакка чейин. Жаратылыш зоналары ар түрдүү: арктикалык чөлдөн, экватордук токойго чейин.
Калкы эң көп материк. Бул жерде дүйнөлүк калктын ¾ бөлүгү жашайт.
Содержание
Евразия материгинин географиялык абалы жана ачылыш тарыхы
Евразия континенти Түндүк жарым шарда жайгашкан, бирок материкке тиешелүү айрым аралдар Түштүк жарым шарда кездешет. Материк 9°б.у. башталып 169°б.у.бүтөт. Евразиянын негизги бөлүгү Чыгыш жарым шарда жайгашкан, четки чыгыш жана батыш аймактары батыш жарым шарга тиешелүү.
Материк дүйнөнүн эки бөлүгүн бириктирет: Европа жана Азия. Алардын чек араларынын көпчүлүгү россиялык Урал дарыясы боюнча ѳтѳт. Евразия бардык океандар менен курчалган планетадагы жалгыз материк: түштүгүнөн Инд, батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз жана чыгышан Тынч океандары менен чектешет.
Континенттин жалпы аянты 55 млн. км²., континентке тиешелүү аралдардын аянты 2.8 млн. км².
Материкти ѳздѳштүрүү түштүк Африканын аймагында жашаган байыркы цивилизацияда эле башталган. Б.з.ч. III кылымдын аягында Жакынкы Чыгыш, Индия, Европа жана Кытайды байланыштырган биринчи соода жолу калыптанган. Ошол мезгилдеги белгилүү географтар: А. Гумбольдт, Н.Пржевальский, К. Арсеньев, Ф.Врангель, В.Обручев материктин мурун белгисиз бурчтарынын так картасын түзѳ алышкан. Айрым жерлер аларды ачкан географтардын атынан аталган.
Евразиянын жаратылышы
Евразиянын жаратылышынын керемети – бул, эң алгач, анын карама-каршылыгында (контрастуулук). Ал материктин рельефинин өзгөчөлүгү менен шартталган. Евразия бардык континенттерден бийик турат. Бул жерде ѳзүнүн кѳлѳмү боюнча Африка, Австралия жана эки Американын окшош калыптанган ири тоо массивдери жайгашкан. Эң белгилүү болгон материктин чокусу Эверест же Джомолунгума. Бул планетанын эң бийик чекити - деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте.
Евразиянын түздүктөрү ири аянттарды ээлейт. Алар башка материктерге караганда орчундуу кѳп. Ушул жерде кургактыктагы дүйнөнүн эң төмөнкү чекити жайгашкан – бул Өлүк деңизинин ойдуңу. Аны менен Эверестин айырмасы болжол менен 9 километрди түзѳт.
Мындай рельефтин ар түрдүүлүгүнүн себеби анын пайда болуу тарыхында жатат. Материктин негизинде ар түрдүү курактын аянтчаларынан турган Евразиялык литосфералык плита жатат.
Евразиянын жаратылышынын климаттык ар түрдүүлүгү кѳпчүлүгүндѳ климаттык шарттарынын ѳзгѳчѳлүктѳрү менен шартталат. Материк түндүктөн түштүккѳ, батыштан чыгышка карай жеткиликтүү кескин өзгөрүүлѳрү менен атактуу Индокытай жана Индостан жарым аралдарында Евразиянын жаратылышынын негизги белгилери муссондордун таасири алдында пайда болгон.
Евразиянын жаратылышынын ар түрдүүлүгү: материктин климаттык алкагынын жаратылыш зоналары ѳзүнүн варианттуулугу боюнча өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн кайталангыстыгын камсыз кылат. Бул жерде планетада кездешкен бардык жаратылыш зоналары кѳрсѳтүлгѳн. Алардын көпчүлүгү адам тарабынан жеткиликтүү өзгөртүлгѳн.
Евразиянын чарбасы жана экологиясы
Евразия ѳлкѳлѳрүнүн чарбалык өнүгүү деңгээли боюнча дагы ар түрдүү. Экономикалык өнүгүүсү жогору мамлекеттер: Япония, Германия, Улуу Британия, Франция, Италия. Европада үч негизги экономикалык ареал түзүлгөн: батыш европалык, борбордук европалык жана чыгыш европалык, дал ушул жерлерде ѳнѳр - жай жана материалдык эмес тармактардын негизги бѳлүктѳрү топтолгон. Бирок европалык экономиканын “оордук борбору” аймактын бытышында жайгашкан жана Европанын чоң эмес бѳлүгүн (Глазгодон Римге чейин) камтыйт жана негизги европалык уюл деп аталган бѳлүктү түзѳт.
Адам ѳзүнүн чарбалык ишмердүүлүгү менен жаратылышты күчтүү ѳзгѳрттү, айрыкча аралаш жана жазы жалбырактуу токойлор, токойлуу талаа жана талаа зоналарын. Бул жерде табигый ѳсүмдүктѳрдүн ордуна шаарлар, айылдар курулуп, айыл - чарбалык аянттар пайда болууда. Көптөгөн жапайы жаныбарлар жашоо чөйрөсүн жоготуу менен, жоголуп кетүү абалында турат. Айрыкча өзгөчө коргоону талап кылган жаныбарлар жана өсүмдүктөр Эл аралык Кызыл китепке киргизилген. Алардын тизмеси кѳбѳйүүдѳ.
Дүйнѳнүн абдан ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрү жайгашкан Европанын жаратылышы ѳзгѳчѳ азап чекти. Токойлорду айдоо жерлерине жана шаарларга тазалоо, малдын интенсивдүү жайыты, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу - ушунун баары жаратылыштык комплексттердин адамдар түзгѳн антропогендик алмаштырууга алып келди. Азыр Европанын жыш токойлорунун 2/3 бѳлүгү жок кылынган. Ушунун айынан жаныбарлар дагы жабыркады. Кайсы бир учурдагы көптөгөн туяктуулар, жырткычтар, канаттуулар жок болушту. Ак аюуларды, таскактарды, карышкыр, түлкүлѳрдү жаратылышты коргоо аймагында гана кѳрѳ аласың. Тарпан жапайы аттар, чоң европалык букалар, арстандар такыр жок болушту. Зубрлар жок болуу абалына келишти.
Евразиянын элдери жана ѳлкѳлѳрү
Евразия – калк эң көп отурукташкан континент, анын калкынын саны жалпы планетанын төрттөн үч бөлүгүн түзѳт. Африка менен бирдикте Евразияны адамзаттын ата-бабаларынын мекени деп эсептешет. Бул континенттин аймагында бар болгон байыркы цивилизациялар адамзаттын өнүгүүсүндө орчундуу ролду ойношкон.
Евразиянын калкынын расалык жана этникалык курамы өтө татаал, бул улуттук азчылыктардын аралашышы, табигый кырсыктар, ич ара согуштар, басып алуу жүрүштѳрүнүн жыйынтыгында кылымдык элдердин көчүп келүү процесстери менен байланыштуу.
Тилдик курамы боюнча дагы калк өтө ар түрдүү. Чыгыш Европада жана Түндүк Азияда славян элдери, ал эми Түндүк, Батыш жана Түштүк Eвропада - герман жана роман тобунун тилдеринде сүйлөгѳн элдер жашашат. Азияда көп элдер алтай тобунун тилдеринде сүйлѳшѳт, индия жана кытай-тибет тилиндеринде. Түштүк-Батыш Азия элдери араб тилинде баарлашышат, ал индонезия тилдеринин тобуна тиешелүү. Обочолонгон тилдерде сүйлөгөн элдерге жапондорду, басктарды, армяндарды, корейлерди киргизишет. Континентте калктын жайгашышы ѳтѳ тегиз эмес.
Материктин саясий картасы көп убакыттан бери калыптана баштаган. Антикалык убакта Байыркы Греция, Байыркы Рим, Кытай, Индия жана башка мамлекеттер болгон. Заманбап элдер көптөгөн өлкөлөрдүн чегинде жашашат, алар 70 тен кѳп. Аянты жана саны боюнча ѳлкѳлѳр бөлүнөт (Россия, Кытай, Индия, Индонезия жана башка) жана өтө кичинекей карлик - мамлекеттер (Ватикан, Сан-Марино, Сингапур, ж.б.). Чарбалык өнүгүү деңгээли боюнча дагы ѳлкѳлѳр бирдей эмес. Абдан өнүккөн өлкөлөргө Япония, Германия, Италия, Улуу Британия жана Италия кирет. Өлкөлөрдүн чоң тобун негизинен Азияда жайгашкан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр түзѳт. Материктин саясий картасы өзгөрүүнү улантууда. Түштүк Eвропада мурунку Югославиянын курамынан беш мамлекет бѳлүнгөн, мурунку СССРден 10 мамлекеттен кѳп түзүлгѳн.
Сөздүк:
- Азия – эң чоң, эң көп калктуу жана абдан ар түрдүү дүйнө бөлүгү.
- Джомолунгума – Непал менен Кытайдын чек арасындагы Жердин эң бийик чокусу (8 848 метр).
- Евразия - дүйнөнүн эки бөлүгүнөн турган – Европа жана Азия, эң калктуу гигант материк.
- Өлүк деңизи – Израил менен Иорданиянын чек арасындагы Жердин эң төмөнкү орду (-405 м)
- Евразиянын өзгөчөлүгү – дүйнөдөгү эң ири ички агымга ээ тармак.
- Хуанхэ – катуу агымдары боюнча дүйнөдөгү ири дарыя, дарыянын бассейни 140 миллионго жакын адамды ичкен суу жана сугат иштери менен камсыз кылат.
- Черрапунджи – Шиллонг бөксө тоосунда жайгашкан, түндүктө Бангладеш менен чектешет, деңиз деңгээлинен 1 313 м бийиктикте, планетадагы эң нымдуу жери – жылына 12 000 мм жакын жамгыр жаайт.
- Янцзы – Кытайдын аймагынан агат, узундугу 6 300 км, бассейндин аянты – 1 808 500 км, Евразиядагы эң узун дарыя (6 000 км).
Пайдалуу шилтеллмелер
Адабияттары
- История мировых цивилизаций 2006 ж
- Физическая география 2005 ж
- Экологический центр "Экосистема": Географический словарь. // URL: http://www.ecosystema.ru/07referats/slovgeo/index.htm
Дүйнөдөгү эң ири зоопарк, анда жаныбарлар эркин жүрүшөт. Бул жерден жапайы тропикалык токойдун кооздугунун бардыгын сезсең болот. Сингапур зоопаркындагы эң кызыктуу нерсе “Арангутандар менен эртең мененки тамактануу” жана «Арстан менен түшкү тамактануу». Дал ушул зоопаркта пайда болгон түнкү сафари - жѳн гана укмуштуудай кѳрүнүш. Ошол убакта түнкү жаныбарлардын 1 000 ге жакынын көрүүгө болот, алар күндүзү келген адамдар менен сүйлѳшүшпѳйт (эгер алар көрүнсѳ).
Көк үңкүр Капри аралынын башкы кѳзгѳ урунган нерсеси, биздин дүйнѳдѳгү эң кооз жана эң табышмактуу үңкүрлөрү болуп эсептелинет. Үңкүрдүн түбү деңиз менен чѳмүлгѳн, ошого байланыштуу үнкүргө кирген күндүн нурлары үңкүргө жана анын суусуна кооз лазердик түстү берет. Үңкүрдүн сулуулугу немец акыны жана живописчиси Август Копиш тарабынан баяндалган, андан кийин үңкүр Капридеги туристтер арасында өзүнө тарткан эң кооз белгилүү аймак жана аралдын эмблемасы катары болуп калган.
Бар болгон нерселерди сактап калуунун мыкты жолу - бул өзүңдөн баштоо. Балалык кезден биздин бардыгыбызды кѳчѳнү булгабагыла жана бактардан түшкөн жалбырактарды өрттөбөгүлө деп үйрөтѳт. Жѳн гана бардыгы эле муну эстеп калышпайт жана ушул татаал эмес эрежелерди карманышпайт. Ар бир адам жаратылышка кантип жардам бере алат? Кѳп ыкмалар бар жана алар өзгөчө кѳндүмдѳрдү жана чыгымдарды талап кылбайт.
Мына бир нече эрежелер:
- таштандыны белгилүү жерлерге гана таштагыла;
- жерге түшкөн жалбырактарды, желимдерди, жарым этилендерди өрттөбөгүлө, анткени алар адамдын организми жана айлана - чѳйрѳ үчүн зыяндуу заттардан турат. Күйгөндө алар абага көтөрүлүп, абаны булгоо менен, жыйынтыгында кѳптѳгѳн олуттуу ооруларды пайда кылуу менен адамдын өпкөсүнө жайгашат;
- эгерде силер эс алууга же сейилдѳѳгѳ барсаңар, ѳзүңѳрдѳн кийин дайыма жыйнагыла. Бир жолу колдонгон идиш-аякты жана башка таштандыларды калтырбагыла. Аларды пакетке чогултуп жана жакынкы таштандыга таштаса болот;
- экологиялык кутучалардагы (айнек же кагаз баштыктар) тамак - аштарга артыкчылык бергиле. Алар жеңил кайра иштетилет;
- тамак - аш салынган идиштерди аларга жаңы колдонууну табуу менен, бир нече жолу пайдаланса болот. Мисалы: желим стакандарга көчөттөрдү отургузуу, ал эми үй-тиричилик техникасынын кутучаларын гаражда же ороодо керексиз буюмдарды сактоо үчүн пайдаланса болот.