БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Африка

Версия от 08:05, 22 октября 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
(разн.) ← Предыдущая | Текущая версия (разн.) | Следующая → (разн.)

Африка жөнүндө эмне билесиңер? Мүмкүн, ал жакта негрлер, арабдар жана зулустар жашашат дегенди билесиңер? А балким, крокодол, бегемот, жирафтар, зебралар, арстандар жана жолборстор бар дегенди билерсиңер? Мүмкүн, ал жактагы пирамидалар, Нил дарыясы, Виктория көлү жана Сахар чөлүн билесиңер? Андан сырткары, балдары дайыма ачка, согуштар болуп турат жана элдери бай эмес жашашат дегенди билесиңер?

Эмесе, Африка деген эмне? Келгиле ушул кызыктуу материк менен жакыныраак таанышып көрөлү. Африка кантип бир эле убакта төрт жарым шарда жайгашкан жана аны ким изилдегенин, Африка - Жердин эң ысык материги жана анын территориясынын жарым бѳлүгүн чөлдөр жана жарым чѳлдѳр ээлеп жатканын, дал ушул Африкада Чыгыш жарым шардын эң суусу мол дарыясы Конго агарын, ал эми Жер шарындагы эң чоң ысык чөл Сахараны дүйнѳдѳгү эң узун Нил дарыясы кесип өтөөрүн, материктин жагымсыз шарттарына карабастан Африкада тропикалык фауна жана флоранын тирүү коллекциясы менен ар түрдүү жана укмуштуудай ландшафттары бар экендигин, жергиликтүү африкалыктар славяндык сырткы келбети менен ак адамдар болушу мүмкүн экендигин, Африка – дүйнөнүн эң жарды аймагы жана көптөгөн изилдөөчүлөр аны өлүп бара жаткан материк деп эсептешерин биз билебиз.



Географиялык абалы, изилдөөсү

Сүрѳттѳн Африка кѳлѳмү боюнча кандай материк болуп эсептелгенин кѳрүү татаал эмес.

Африка аянты боюнча экинчи материк
Африка аянты боюнча экинчи материк


Физикалык карта боюнча Африканын географиялык абалынын өзгөчөлүгү эмнеде экендигин кантип аныктаса болот? Бул эң жөнөкөй! Картаны карайбыз жана майда - чүйдѳлѳрдү байкайбыз:

  • Материк түндүктөн түштүккө созулган.
  • Ортосуна жакын экватор менен кесилишет.
  • Африка бир мезгилде төрт жарым шарда жайгашкан.
  • Жээктердеги сызык начар тилмеленген.
  • Аралдары көп эмес.
  • Гибралтар кызыгы жана Суэц каналы аркылуу Евразия материги менен байланышта.
  • Эң чоң аралы – Мадагаскар.
  • Эң чоң жарым аралы - Сомали, көрүнүшү боюнча чоң тишти элестетет.
  • Материктин жалпы көрүнүшү оңдон солго жайылган Р тамгасына же жѳндѳмсүз таш балтага окшош.
  • Материктин жаратылышы жөнүндө четки чекиттеринин абалы - тумшуктары

дагы кѳп нерсени айтып берет.

Африканын географиялык абалы
Африканын географиялык абалы


Азыр Африканын изилдөө тарыхы менен таанышабыз:

Карта «Африканы изилдөө»
Карта «Африканы изилдөө»


Таблица: Африканы изилдөө

Жылы Изилдөөчү Окуя
XXVIII б.з.ч. Байыркы гректер Африканын түндүгүнө жайгашып изилдеген
600 – 595 жж. б.з.ч. Ханну (Египет) Пунтка (Сомали) – сүзүү, саякаттоо
1352 - 1353 Ибн Баттута Сахараны кесип өтүп, Нигер дарыясына чейин жетип жана кайра тартуу
1486 Диего Кан (Португалия) Конго дарыясынын башталышын ачуу
1488 Бартоломеу Диаш (Португалия) “Добрая Надежда” тумшугун ачуу
1497 - 1499 Васко да Гама (Португалия) Африканы айланып сүзүп, Индияга жол ачуу
1795 - 1806 Мунго Парк (Англия) Нигер дарыясын изилдөө
1840 - 1871 Давид Ливингстон (Англия) Түштүк Африканы кесип өтүү. Конго дарыясынын жогору жагын жана Виктория шаркыратмасын ачуу.
1871 - 1877 Генри Стэнли (США) Танганьика жана Виктория көлдөрүн айланып сүзүү жана Кагера дарыясынын башатынан жана Рувензори массивине чейин жетүү
1880 - 1883 В.В. Юнкер Нил – Конгонун суу бөлгүчүн изилдөө


  • Ханну
    Ханну
  • Финикийилык деңиз сүзүүчүлөрү
    Финикиялык деңиз сүзүүчүлөрү


  • Ибн Баттута
    Ибн Баттута
  • Диего Кан
    Диего Кан
  • Бартоломеу Диаш
    Бартоломеу Диаш
  • Васко да Гама
    Васко да Гама


  • Мунго Парк
    Мунго Парк
  • Давид Ливингстон
    Давид Ливингстон
  • Генри Стэнли Мортон
    Генри Стэнли Мортон
  • В.В. Юнкер
    В.В. Юнкер


Жаратылышы

Слоны жирафы носороги


Африканын жаратылышы

Африка - бийик эмес континент. Рельефинде бийиктиги 200 дөн 1000 метрге чейин ал эми орточо бийиктиги 750 метр түзгѳн түздүктөр жана бөксө тоолор басымдуулук кылат. Африканы рельефинин өзгөчөлүгү боюнча “төмөнкү” – Түндүк жана Батыш жана “бийик” Чыгыш жана Түштүк Африкага бөлүшөт. Африканын жер асты ар түрдүү зор кен байлыктарга ээ.


Африка – Жердин эң ысык материги. Карта жана картограммаларды колдонуу менен бул тастыктоонун туура экендигин далилдей аласыңар.

  • Климаттын маалыматтык справкасы
    Климаттын маалыматтык справкасы
  • Африканын климаты
    Африканын климаты


  • Африканын климаттык алкактары
    Африканын климаттык алкактары
  • Орточо жылдык жаан - чачын
    Орточо жылдык жаан - чачын



Африкада чыгыш жарым шарынын эң суусу мол дарыясы - Конго - Заир (4320 км) жана жакынкы убакытка чейин эң узун деп эсептелип келген дарыя - Нил (6671 км) агат. Азыр айрым изилдөөчүлөр эң узун дарыя Нил эмес, Амазонка деп эсептеп жатышат.

Африканын ири дарыялары кеме жүрүү үчүн жараксыз бирок, электрэнергиянын зор байлыгына ээ. Бул жердин бетине кристаллдык тоо тектеринин чыгышы, рельефтин тепкичтик мүнөздө болушу менен түшүндүрүлѳт.



Ѳлкѳлѳр жана элдер

  • Заставка
  • Анимация


Африканын калкы 1970 - жылы 364 634 000 адам деп бааланган, ал эми 2016 - жылдын аягында 1 216 129 000 адамга жеткени аныкталган, демек Африканын калкынын саны акыркы 46 жылдын ичинде 3,33 эсеге көбөйгөн. Азыр Африкада 1 246 504 864 адам жашайт.

Мамлекеттер боюнча калктын саны
Мамлекеттер боюнча калктын саны

Картадан көрүнүп тургандай калк материктин территориясы боюнча тегиз жайгашкан эмес. Бийик жана бөксө тоолуу райондордо калк ѳтѳ жыш отурукташкан – Эфиопия бөксө тоосу, Жер Ортолук деңизинин жээги, Гвиан булуңу, материктин түштүк – чыгыш жээги.

Африкада бардык үч расанын ѳкүлдѳрү жашашат жана алар 8000 ге жакын элдер жана этникалык топтордун санын түзѳт. Материктин калкынын негизги бѳлүгүн жергиликтүү элдер түзөт.

Африканын саясий картасы
Африканын саясий картасы


Африкада канча ѳлкѳ бар? Материктин ири мамлекеттери: Алжир, ТАР. Африкадагы аянты эң чоң мамлекет – Судан, эң кичинекейи - Гамбия.



Чарба жана экология

Африка

Африка – дүйнѳнүн экономикалык жактан азыраак өнүккөн бѳлүгү. Африканын түндүк жана түштүк бөлүктѳрүнүн экономикалык өнүгүүсү бийигирээк. Дүйнөлүк экономиканын бардыгын түшүндүргѳн ѳзгѳчѳлѳнгѳн картада Африка жалгыз, кѳбүрѳѳк ѳнүккѳн ѳлкѳ менен - ТАР көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк экономика
Дүйнөлүк экономика


Бул карта ар бир ѳлкѳнү анын ИДП (ички дүң продукция) өлчөмүнѳ жараша көрсөтѳт. ИДП – бир жылдын ичинде ѳлкѳ өндүргөн бардык товарлардын жана тейлөө кызматтардын жалпы наркы. Сүрѳттѳ аянты канчалык чоң болсо, ѳлкѳнүн экономикасынын кѳлѳмү ошончолук кѳп экендиги кѳрсѳтүлгѳн. Ѳлкѳнүн ИДПсына кайсы ѳнѳр - жай тармактары кандай кѳбүрѳѳк даражада салым кошконун кѳрүү үчүн ар бир область үч секторго бөлүнгөн: тейлөө кызматары, өнөр - жай жана айыл - чарба.

Страны Африки к югу от Сахары


Адамдардын чарбалык ишмердүүлүгү негизинен тоо - кен казуу, жеңил, тамак-аш өнөр - жай тармактарында жана айыл-чарбасы менен байланыштуу. Африканын экономикасынын алдыңкы тармагы болуп тоо - кен казуу өнөр - жайы эсептелет.

Тоо - кен казуу өнөр - жайы - бул:

Тоо кен казуу өнөр жайы - бул..
Тоо кен казуу өнөр жайы - бул..


Африка ар түрдүү кен байлыктарды (алмаз, алтын, жез, боксит, уран ж.б.) казып алууда жана дүйнөлүк рынокко сатууда чоң роль ойнойт.

  • Конгодон алтын казуу
    Конгодон алтын казуу
  • Африкадан алмаз алуу
    Африкадан алмаз алуу


Айыл - чарбасында адамдар негизинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенишет. Ошондуктан бардык айыл - чарбасы эки топко бөлүнөт: өздөрүнүн тамактануусу үчүн ѳстүргѳн керектөөчү маданият жана сатуу үчүн гана өстүрүлгөн экспорттук (товардык) маданият.

Көп ѳлкѳлѳр үчүн мономаданияттык адистешүү мүнөздүү – экспортко бир сырьёну же азык - түлүк товарды өндүрүү.

  • Маниока
  • Монокультуры в Африке


  • Тропикалык жана  субтропикалык дыйканчылыктын продукциясы
    Тропикалык жана субтропикалык дыйканчылыктын продукциясы
  • Африкадагы мал чарбасы
    Африкадагы мал чарбасы


Африкада дүйнө боюнча эң жѳнѳкѳй жаныбарлардын бири эчкилердин саны көп. Башка жаныбарлардын жалпы саны дагы жеткиликтүү көп, бирок Африкадагы мал чарбачылыктын жемиштүүлүгү төмөн. Себеби, үй жаныбарларда “уйку оорусу” тараган, анын себеби болуп цеце чымыны эсептелет.



Сөздүк:

Вельвичия - Намиб чөлүнүн уникалдуу өсүмдүгү. Карлик – багы, жерден кичине эле көтөрүлөт. Анын бийиктиги болгону 30 см, ал эми калыңдыгы 1,2 метр. Тамырлары 15 – 20 метр чуңкур кетет, ал эми 2 тарапка кеткен жалбырактарынын жазылыгы 1 метрге чейин жана узундугу 6 метрге чейин жетет.
Гилея - Африкадагы экватордук нымдуу токой.
Ички дүң продукция (ИДП) - бир жылдын ичинде ѳлкѳ өндүргөн бардык товарлардын жана тейлөө кызматтардын жалпы наркы.
Мономаданияттык адистешүү - бул ѳлкѳнүн экспортко бир сырьёну же азык - түлүк товарды өндүрүүнүн бир кууш адистешүүсү.
Оазис - табигый чѳѳттүн жанында жайгашкан чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк өсүүчү жерлер.
Пигмеи - Африканын экватордук токоюнда жашаган Жердеги эң кыска бойлуу элдер.
Тумшук - географиялык объекттин (материк, арал) четки чекити, анын артында жер жок.
Саванна - бийик чѳптѳр жана бадалдары менен тропикалык алкактын талаасы.
Сахель - саванналар жана чөлдѳр ортосундагы өткөөл зона.
Чөлдөшүү - адамдын туура эмес чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында чөлдөрдүн таралышы.


Пайдалуу шилтелмелер:



Адабияттары

Эмне үчүн чөлдө күндүзү ысык, ал эми түнкүсүн суук
Африка тууралуу кызыктуу фактылардын 9 тобу.
Чөлдө сууну кандай тапса болот?
Африка темасы боюнча билимди текшерүү

1 Африка материгинин эң бийик чекити:

Эфиопия тайпак тоосу
Килиманджаро тоосу
Ассаль көлү

2 Африканы Европадан бөлөт:

Жер ортолук деңизи
Гибралтар кысыгы
Гвинея булуңу

3 Материктин түндүк батышында жайгашкан тоо:

Кап тоосу
Ажыдаар тоосу
Атлас тоосу

4 Африкадан дүйнө жүзү боюнча эң чоң өлчөмдө алынат:

көмүр
алмаз
темир рудасы

5 Африкадан аккан дүйнөдөгү эң узун дарыя:

Замбези
Конго
Нил

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз