БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Кыргыз Республикасынын калкы

Версия от 13:33, 1 сентября 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Адабияттары)

Жалпы маалымат

Кыргыз Республикасы КМШда калктын саны боюнча сегизинчи орунда, дүйнө жүзүндө бул көрсөткүчү боюнча 111орунда турат.

2009 - жылдын катоосу боюнча калктын саны 5 362 793 жашоочу (мурункуга караганда ашык 540 миң ( 11,2 %) көп, 1999 - жылга караганда). Шаардык калк 2009 - жылы 1 828 200 адамды түзгөн (34,1 %). Жылдын башында 2010 - жылы республиканын калкынынсаны 5 418 300 киши, анын ичинен 1 846 800 шаардыктар (34,1 %), анын ичинен жарымы Бишкек шаарынын калкы түзөт.(846500 адам, 2010 ж.)

Кыргыз Республикасы – көп улуттуу, аймакта 80 дей ар кайсы элдин жана улуттун элдери отурукташкан. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары 900 миң этникалык кыргыздар жашайт.

Кыргыз Республикасынын калкы

2017-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны баалоо боюнча 6 млн. 140 миң адамды түздү, калктын үчтөн бири (33,8 пайызы) шаар жерлеринде жана үчтөн экиси (66,2 пайызы) – айыл жерлеринде жашашкан. Ошол эле убакта КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө шаар калкынын басымдуу болушу мүнөздүү. Ошентип айыл калкынын үлүшү боюнча Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн санына кирет.

2017- жылы Кыргызской Республикасында калктын саны 6 101 518 адам. Кыргыз Республикасында жылдын аягында 6 191 377 адамга көбөйгөн. Калктын табигый өсүш 125 877 адам. Бир жылда 165 035 жакын бала төрөлөт жана 39 158 адам өлөт. Эгерде миграциянын деңгээли мурунку жылдагыдай болсо калктын - 24 359 өзгөрөт. Демек жалпыланган калктын саны боюнча, республикадан чыккан калктар(эмигранттар) ,узак убакытка республикага келгендер(иммигранттар).

Кыргыз Республикасынын калкынын 2017 - жылдагы динамикалык өзгөрүшү.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын калкынын 2017 - жылдагы сандык өзгөрүшү берилген:

  • Төрөлүү: орточо бир күндө 452 бала(18.84 с.)
  • Өлүү: орточо бир күндө 107 адам (4.47 с.)
  • Калктын миграциялык өсүшү: орточо бир күндө -67 адам(-2.78 с.)

Кыргызской Республикасынын калкынын өсүү темпи 2017 - жылы болот 278 адам бир күндө.

КР калкынын аймактык


Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүнүн орточо узактыгы 70 жаш (аялдар жана эркектер боюнча). Бул дүйнө жүзү боюнча көрсөткүчтөн төмөн, (БУУ департаментинин экономикалык жана социалдык суроолоруунун көрсөткүчү боюнча 71 жаш).

Эркектердин орточо жашынын узактыгы -66 жаш (жыл).

Аялдардын орточо жашынын узактыгы 74,2 жаш (жыл).

2015-жылдагы КР калкынын курактык жыныстык пирамидасы


Кыргыз Республикасынын калкынын жайгашышы

Кыргыз Республикасынын территориясында калк бирдей жайгашкан эмес. Орточо калктын жыштыгы км2 – 24 адам (1.1.1999). Республиканын тоолуу рельефинен, 80% калк деңиз денгээлинен1500 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Кыргыз Республикасынын аянтынын 15% түзөт. Бул аймактарга Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнүн чет жакалары кирет. Айрым жерлеринде калктын жыштыгы 100—150 адам км2 ге туура келет. 10% өнөр жай өндүрүштөрү Чүй өрөөнүндө жайгашкан (Бишкек, Токмок,Кара-Балта) ошого байланыштуу калктын 30% отурукташкан. Бирден бир республиканын территориясынын калк жыш аймагы Ош облусу.

Кыргызстан


Калк аз отурукташкан райондор: Нарын, Жумгал, Кочкор, Алай, Чаткал, Суусамыр, Ат-Башы жана башкалар. 2000жылдын 1 январында 1 км2 туура келген: Баткен областына— 22,5, Нарын областына— 5,8, Ысык-Көл областына - 9,9, Талас областына- 18,2, Жалал-Абад областына- 25, Ош областына — 40,3 Чүй областына — 37,4 адам.

  • Народы Кыргызской республики Слайд1-kg.jpg
  • Народы Кыргызской республики Слайд2.JPG
  • Народы Кыргызской республики Слайд3.JPG
  • Народы Кыргызской республики Слайд4.JPG


Кыргыз  Республикасындагы калктын жыштыгы
Кыргыз Республикасындагы калктын жыштыгы


Революцияга чейин Кыргыз Республикасынын калкы көчүп конуп жашап келген. Кийин болгону 6 шаар (Бишкек, Токмок, Каракол, Жалал- Абад, Ош, Өзгөн) болгон. Азыркы күндө Кыргыз Республикасында 7 область, 22 шаар, 29 шаар тибиндеги поселек бар.

Кыргыз Республикасында айылдык калк көбүрөөк, шаардык калктын санынын интенсивдүү көбөйүшүнө карабастан. Шаардык калк бардык региондордо бирдей темп менен көбөйүүдө,ошого карабастан өндүрүштөр иштебей, кен казуу иштери жакшы жүрбөгөндүктөн миграция күч алууда. Шаардык калк көп аймактар: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл областары. Айылдык калк саны бирдей темп менен өсүүдө.

  • Шаардык калк
  • Айылдык калк


Эмгек ресурстары

Эмгек ресурстары коомдук эң негизги өндүрүштүк күчү. Экономикага карата, калк бир эле убакта өндүргүч күч жана материалдык керектөөчү болуп эсептелинет. Мындай көз карандылык экономика менен калктын ортосундагы татаалдыкты жана карама – каршылык байланыштарды шарттайт. Эмгеккке жарамдуу калктын эмгекке болгон мамилеси алардын жумушчу күчүнөн билинет.

Эмгек ресурсы – республиканын калкынын бир бөлүгү катары адамдын акыл эсинин жана физикалык күчүнүн топтомунун эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү. Физикалык өнүгүүсү, алган билими, профессиялык-квалификациясынын деңгээли боюнча коомдук пайдалуу ишке жөндөмдүү болот. Эмгек ресурстарына иштегендер жана потенциалдык жумушчуларга кирет.

Аймак боюнча эмгекке жарамдуу калктын санынын динамикасы


Эмгек ресурстары экономикалык категориянын аралыгында турат”калк” жана “жумушчу күчүнүң жыйындысы”. Сандык катнашы боюнча эмгек ресурстары эмгекке жарамдуу калктын тобуна кирет. Эмгекти сарп кылуу багыты боюнча –материалдык өндүрүштө жана тейлөө чөйрөсүндө иштегендер, жекече иш менен эмгектенгер.

Кыргыз Республикасынын калкынын саны – 5,552 млн. адам экономикалык активдүү калк - 2,456 млн. адам, иштеген адамдардын саны- 2,243 млн. адам(табл.1).

Таблица 1. КР калкынын эмгекке жарамдуу жана активдүү иштегендери

2004 2005 2006 2007 2008 2009 2010
Бардык эмгек ресурстары, миң адам 2945,0 3007,0 3059,8 3089,7 3131,2 3223,8 3347,1
Экономикалык активдүү калк, миң адам 2176,9 2230,1 2285,0 2343,8 2379,9 2420,1 2456
Экономикада иштеген, миң адам 1991,2 2077,1 2096,1 2152,7 2184,0 2216,4 2243,7
в % Текст ячейки Текст ячейки Текст ячейки Текст ячейки Текст ячейки Текст ячейки Текст ячейки
Бардык эмгек ресурстары 100 100 100 100 100 100 100
Экономикалык активдүү калк 73,9 74,1 74,6 75,8 76,0 75,0 73,4
Экономикада иштеген 63,8 64,3 68,5 69,6 69,5 68,7 67,1


Сөздүк

Калктын жаш-жыныстык курамы(структурасы) – калктын жаш жана жыныс өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнүшү. Эркектер менен аялдардын жаш курактарынын катышы мүнөздөлөт.Жаш боюнча группага бөлүүдө бир, беш, сейрек учурларда он жылдык аралык боюнча бөлүшөт. Жалпы баа бериш үчүн...
Демография — (грек. demos элдер и grapho жазам), калктын табигый жана механикалык кыймылы, жынысы, жашы,теги, кесиби ж.б. белгилелери боюнча изилдеп үйрөнүүчү илимдин тармагы. Демография термини 1855жылы француз окумуштуусу А.Гийяра тарабынан негизделген.
Калктын табигый өсүшү (ТӨ) —белгилүү бир убакыттагы төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн ортосундагы айырмачылык.
Калк (отурукташкан калк) демографияда — элдердин жыйындысы, Жер шарында жашаган (Жердеги калк) же белгилүү бир – территорияда ,континенте, мамлекетте, областа ж.б.
Калктын жыштыгы — калктын санынын 1км2 территорияга туура келиши. Калктын жыштыгын эсептөөдө адам жашабаган, ири суу мейкиндиктери эсептелбейт. Калктын орточо жыштыгы калктын санын алар жашап турган райондун, өлкөнүн аянтына бөлүп , андан 1км2 жерге канча киши туура келе тургандыгы аныкталат.
Эмгек ресурстары - республиканын калкынын бир бөлүгү катары адамдын акыл эсинин жана физикалык күчүнүн топтомунун эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү. Физикалык өнүгүүсү, алган билими , профессиялык-квалификациясынын деңгээли боюнча коомдук пайдалуу ишке жөндөмдүү калк.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

  • Джунушалиев Д.Д. Демографические изменения немецкого населения в суверенном Кыргызстане // Вестник Кыргызско-Российского славянского университета. - 2013. - Т. 13. - № 6. - С. 18
  • Василевский М.Г., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Демографическая структура и соотношение числа мужчин и женщин на территории Кыргызстана // Наука, новые технологии и инновации. - 2014. - № 2. - С. 72
  • Василевский М.Г., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Демографическая структура и соотношение числа мужчин и женщин на территории Кыргызстана // Наука, новые технологии и инновации. - 2014. - № 2. - С. 73
Дүйнөнүн мамлекеттеринин калкы

Минута сайын Жер шарында 154 адам төрөлөт. Дүйнөлүк эпицентр демографиялык "жарылуу" бүгүн - бул Африка. Эң жогорку коэффициент суммардык төрөлүүр африкалык мамлекет Нигерия (6,62), азия мамлекеттериндеги эң төмөн Сингапур (0,82).

Тоолордун кыймылындагы коркунуч

Келгиле билип алалы: тоолордун кыймылындагы абалда кандай кылуу керек

Опасности при движении в горах.jpg
  • Эч качан таштарды ылдый ыргытпагыла. Эң кичинекей таш болсо дагы жолдошуңду өлүмгө алып келиши мүмкүн, төмөндө жүргөндөрдү дагы.
  • Таяныч катары жыгылган бактарды кармабагыла анткени силердин салмагыңарды кармай албай калат.
  • Тоолордон секирүү-жакшы идея эмес. Секирип түшкөнгө ыңгайлуу жер эмес жана ылдый кулап кетишиң мүмкүн.
Тест


  1. Демографиялык саясат деп аталат: ..... '(Торөлүүгө таасир этүүчү чара)
  2. Эмиграция – бул ..... '(Өз өлкөсүнөн чет өлкөгө кетсе)
  3. Иммиграция – бул ...... '(Чет өлкөдөн келсе)
  4. Илим, элдин келип чыгышын маданиятын окутат ..... '(Этнология)
  5. Урбанизация – бул..... '(шаардын калкынын санынын өсүшү)
  6. Агломерация – бул ..... '(Калктын шаар четтеринде топтолушу)
  7. Шаардык агломерациялардын топтолушу..... '(Мегалополистер)
  8. Дүйнөдөгү эң көп расадагы группа ..... '(3)
  9. Калк жөнүндөгү илим ..... '(Демография)
  10. КР эң чоң шаар ..... '(Бишкек)
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз