География: Гидросфера
Гидросфера – Жердин суу катмары. Ал бирдиктүү эч бир жерден үзүлбөйт. Бул барактар силерди суунун ар түрдүү дүйнөсүнө, кубулуштарына алып барат. Силер жалпы закон ченемдүүлүктөрү, касиеттери, бөлүктөрү менен таанышасыңар, илимий көз караштардагы изилдөөлөрдү билесиңер. Мисалы: Суу жер шарында кандай айланат?Эмне үчүн океандагы суу туздуу?Цунами деген эмне?Эмне үчүн океандын жээгинде жашагандар бир суткадагы суунун тартылуусун жана ташкындоосун байкашат? Океан адамдын жашоосунда кандай роль ойнойт? “Кара тарткычтар” деген эмне? Дагы силер дарыяларга жана көлдөргө саякат жасап жер алдындагы суулар мөңгүлөр жөнүндө билимиңерди толтурасыңар.
Содержание
Дүйнөлүк суунун айланышы
Гидросферанын курамына эмнелер кирет?
Гидросфера – биздин планетанын суу катмары, бардык сууну камтыйт, химиялык байланышпаган, анын абалына карабастан( суюк, газ, катуу). Гидросфера геосфералардын бир маанилүү бөлүгү, атмосфера менен литосферанын аралыгында жайгашкан. Бул үзгүлтүксүз катмар бардык океанды, деңиздерди, континенталдык таза жана туздуу сууларды, муз массивдерин, атмосферадагы суу жана тирүү организмдердеги сууларды камтыйт.
70% Жер бетин гидросфера камтыйт. Анын көлөмү 1400 млн. кубметр, 1/800 планетанын бардык көлөмүн түзөт. 98% гидросферанын суусу – Дүйнөлүк океан, 1,6 % материктик муздарда топтолгон, гидросферанын калган бөлүгү кургактыктагы таза сууларга, көлдөргө, жер алдындагы сууларга туура келет. Ошентип гидросфера Дүйнөлүк океанга, жер алдындагы сууларга жана континенталдык сууларга бөлүнүп ар бир өзүнүн ичинен подгруппаларга бөлүнөт. Атмосферада суулар стратосферада жана тропосферада, жер бетинде океандарга, деңиздерге, көлдөргө, дарыяларга, мөңүлөргө, литосферада-чөкмө тектерде, фундаментте.
Гидросфера бирдиктүү.Анын бирдиктүүлүгү анын Жердин ички катмарынан мантиядан көтөрүлүп чыгышында, бирдиктүү таралышында, жаратылыштагы суулардын Дүйнөлүк суунун айлануу системасында байланышкандыгында.
- Круговорот воды
- Круговорот воды в природе
Дүйнөлүк океандын суусу
Дүйнөлүк океан
Биздин планетанын 3/4океандар ээлейт.Суу – баалуу суюктук, биздин планетанын байлыгы. Жер планетасындагыдай өлчөмдө Күн системасынын эч бир жеринде жок.Океан... Жер бетиндеги жашоодогу анын ордун элестетүү эң кыйын. Асмандагы булуттар, жаан-чачын, кар, дарыя, көл,булактар – бардыгы океандын бөлүктөрү, убактылуу гана андан бөлүнүп кеткен.
Дүйнөлүк океан Жер шарынын жаратылышынын мүнөзүн аныктайт: атмосферага топтолгон жылуулукту берет, аны нымдуулук менен кандырат, калган бөлүгү кургактыка кетет. Ал климатка, топурака, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө таасирин тийгизет.
Акыркы маалымат боюнча океандын орточо тереңдиги 3550 ден 3730 метрге чейин жетет. 6000 метрге чейинки тереңдик 2% океандын таманын түзөт. 7% океандык таман 200 м. тереңдикте, эң максималдуу тереңдиги – 11 022 м (Марианский кобулу).
Эмне үчүн Океандагы суу туздуу?
Океандын туздуулугу бардык жеринде бирдей эмес. Негизги өзгөрүүлөр беттик катмарында. Ал катмардын туздуулугу атмосфералык жаан-чачынга, бууланууга, агып келген сууларга, эриген муздарга жараша географиялык кеңдик боюнча өзгөрүлөт. Жаан-чачын бууланудан жогору, агын суулар көп келген, муздар эриген жерлерде туздуулугу аз. Дүйнөлүк океандын суусунун орточо туздуулугу 35 промилл (0 /00), ар бир килограммда орточо 35 г. туз болот. Эң туздуу – Кызыл деңиз 42 0/00.
Суунун температурасы
Океандын суулары кургактык сыяктуу эле күндөн келген жылуулук менен жылынат. Көп аянтты ээлегендигине байланыштуу жылуулукту кургактыка караганда көбүрөөк алат. Суунун үстүнкү бети географиялык кеңдике байланыштуу температурасы бирдей эмес. Океандан айрым райондорунда закон ченемдүү океандык агымдарга, туруктуу шамалдарга, жээктерге, материктен келген жылуу сууларга карата бузулат.
Океандын суусунун температурасы тереңдеген сайын өзгөрүлөт. Биринчи температура кескин төмөндөйт, андан ары акырындайт. 3-4 миң м. Тереңдикте температура +2° тан 0° С чейин термелет.
Океандын туздуу суусу 1 - 2° С температурада тоңот таза сууга салыштырмалуу. Температурасы төмөндөгөн сайын тыгыздыгы жогорулап төмөн түшө баштайт, жылуу суулар жогору көтөрүлөт, мындай аралашуу сууну тоңдурбайт. Муз арктикалык жана антарктикалык кеңдиктерде, кыш узак жана суук болгон жерлерде пайда болот. Мелүүн алкактардын анча терең эмес деңиздери дагы тоңот. Муз менен океандын аянтынын 15% капталган. Бир жылдык жана көп жылдык муздарды айырмалашат. Океандык муз кыймылсыз болушу мүмкүн, эгерде ал кургактык байланышкан болсо, же болбосо сүзүп жүргөн дрейфтик болушу мүмкүн. Океанда кургактыктагы мөңгүлөрдөн бөлүнгөн муздар кезигет. Бул муздардын эң ирилери айсбергдер деп аталат. Гренландия аралы океанга тоо сыяктуу айсбергдерди «жиберет», Антарктиданын шельфтик мөңгүлөрү стол сыяктуу 100км айсбергдерди калтырат. Бул таза суунун байлыгы. Айсбергдер уюлдук кеңдиктерди кооздойт бирок кемелерге коркунуч туудурат. Муз катмар океандын бир бөлүгү катары биздин планетанын климатына таасирин тийгизет.
Дүйнөлүк океандын суусунун кыймылы
Дүйнөлүк океандын суусу эч качан кыймылсыз тура албайт. Суунун кыймылы анын бетинде гана болбостон терендик боюнча жүрөт. Анын кыймылы толкундар, агымдар, туруктуу тик аралашуу көрүнөт.
Толкун – бул суунун кыймылы, аны менен жаратылыштык кубулуштар толкун, сейсмикалык толкун – цунами, ташкын,тартылуу.
Толкунду негизинен шамал пайда кылат. Толкундун шамал тарабы өйдөшүүрөөк, карама – каршы тарабы тигирээк болот.
Толкундун негизги бөлүктөрү: гребень — эң жогорку бөлүгү; таманы – эң төмөн бөлүгү; капталы - толкундун гребени менен таманынын профили.
Толкундун гребендеринин аралыгындагы сызык толкундун фронту деп аталат.
Сейсмикалык толкун - цунами суу астындагы жер титирөөлөрдөн жана жанар тоолордун атылуусунан пайда болуучу кубулуш. Алар пайда болгон жеринен ар тарапка 700 – 800 км/с ылдамдыкта таралат. Ачык океанда цунами 200 – 300 км узундукта, 1м бийиктике чукул болот. Ошондуктан ачык океанда кемелерге анча сезилбейт. Жээктерде цунаминин ылдамдыгы азаят, бирок бийиктиги көбөйөт 30 метрге чейин жетет. Жээктерди талкалап миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон чыгымдарга алып келет.
- Цунами
- Цунами Японияда 2011ж. көрүүчүлөрдүн айтуусу боюнча
Айдын жана Күндүн тартылуу күчүнүн жана Жердин өз огунда айлануусу биргелешкенде мезгилдүү –ташкындоо жана тартылуу толкундар болот.
Агымдар – бул эбегейсиз суу массасынын кыймылы. Анын негизги себеби бир тарапты көздөй согуучу шамал. Ал суу агымдарын пайда кылат. Алардын кеңдиги бир нече миңдеген километрлерге созулат. Алар ийилет, тармактанат, биригишет. Агымдардын багытына Жердин өз огунда айланышы – Кориолистин күчү таасир этет.
- Агымдардын картосхемасы
- Ири агымдардын таблицасы
- Кориолистин күчү
Ар кандай тереңдиктеги агымдардын пайда болушу анын тыгыздыгына, басымына, температура менен туздуулугунун ар түрдүүлүгүнө жараша болот. Дүйнөлүк океандын суусунун тигинен аралашы : муздак( туздуу) төмөн түшөт, жылуу( анча туздуу эмес) жогору көтөрүлөт.
Дүйнөлүк океандын ресурстары
Дүйнолүк океан – байлыктын кенчи
Дүйнөлүк океан адамдын – байлык булагы. Ал дарылагыч, жээгинде миллиондогон эс алуучуларды кабыл алат. Океан – деңиз продуктылардын, кен байлыктардын, энергиянын булагы; ал “аба ырайынын кухниясы”, материктерди байланыштырган дүйнөдө эң кенен жол. Океан өзүн өзү тазалоочу касиетке ээ( белгилүү бир деңгээлде), бактериялар сууга түшкөн таштандыларды тазалап жок кылып турат. Дүйнөлүк океандын ресурсуна деңиз суусу да кирет, анда бардык биологиялык, минералдык, энергетикалык жана рекреациялык ресурстары бар.
Океандын биологиялык ресурстары
Океандын органикалык дүйнөсү кенен жана ар түрдүү. Океанда 160 миң түр жаныбарлар, 10 миңден ашык балырлар мекендейт. Жашоо чөйрөсү боюнча үч группага биригет:нектон, бентос жана планктон.
Организмдердин группасы
Мааниси жана масштабы боюнча алдыңкы орунда нектон турат. Анын биомассасы (80% ка чейин) жетет. 10-15% нектондун жалпы массасын балыктар, кальмарлар, деңиз жыландары, молюскалар, рак түрдүүлөрдөн креветкалар түзөт. Деңиз сүт эмүүчүлөрдөн – кит, калак буттууларга нектондун биомассасынын 5% туура келет.
Салыштырмалуу көп өлчөмдө бентос колдонулат. Зообентостун ичинен чарбалык мааниге ээ айрым молюскалар(мидин, устрица, гребешки) жана деңиз кирписи. Фитобентостон практикалык мааниси бар боз, кызыл жана жашыл балырлар жана жогорку гүлдүүлөрдөн гүлдүү суу өсүмдүктөрү.
Планктонго диатом балырлары, айрым балырлар, рактүрдүүлөр кирет. Байыртадан бери рак түрдүүлөрдөн – крилди колдонулууда.
Дүйнөлүк океандын минералдык ресурстары
Дүйнөлүк океан минералдык ресурстарга бай. Океан түбүндө таш көмүр жана темир марганец рудалары , титан, цирконий жана башка курулуш материалдары – галька, кум бар. Материктердин континенттик капталдарынан, кененирээк щельтеринен нефть жана газ алынууда. Океандын таманындагы рифтерде (океан таманынын жаракасында) суу астындагы”тарткыч” –геотермалдык булактар сууга боз, ак, кара түстөгү түтүндөрдү чыгарат. Бул “тарткычтар” накта “фабрика” минералдык сырелорду чыгаруучулар.
Деңиз суусунун өзүн “суюк руда” – баалуу ресурс деп жалпы атап келишет. Деңиз суусунан бир нече химиялык кошулмалардын эритмелерин; тамак аш тузу, магний, күкүрт, устрицалардын топтолушунан – кальцийдин карбонатын алышат. Андан сырткары антарктикалык региондон айсбергди транспортоо жолу менен таза сууну алышууда .
Деңиз суусунан таза сууну кантип жасайт?
Андан сырткары, Дүйнөлүк океан энергия алуунун булагы. Океандын суусу дейтериянын ири запасына бай – ал термоядролук электростанциялардын отуну. Түгөнгүс арзан потенциалдык энергиялардын аккумулятсиясы толкундарда, ташкындарда, агымдарда.
XX кылымдан бери океанды рекреациялык ресурс катары колдоно баштады. Рекреация бош убакта ден соолукту чындоо, таанып билүү, маданий – көңүл ачуу иштерин камтыйт. Рекреациялык ресурстарга деңиз жээгинде эс алуу жана дениз туризми кирет.
Кургактыктагы суу
Кургактыктагы сууларга дарыя, көл, мөңгү, саз, жер алдындагы суулар, жасалма көлмөлөр кирет. Бардыгын бириктиргенде гана 3,5% дүйнөлүк суунун запасын түзөт. Проценттик катышы боюнча мөңгүлөрдө жана жер алдындагы сууларда кургактыктын суусунун көлөмү жайгашса, ал эми бардыгын алганда дарыя, көл, саз жана жасалма сууларга 1% туура келет.
- 10 Дүйнөдөгү ири дарыя
- Эң кооз жана чоң шаркыратмалар
- Дүйнөдөгү эң терең көл
- Жер алдындагы суулар
Мөңгүлөр
Мөңгү – кургактыкта таза муздун топтолушу. Мөңгү кардан пайда болот. Кар топтолуп ныкталып мөңгүгө айланат. Бул тоолуу жана уюлдук областарда түзүлөт. Карталарда мөңгүлөр ак, боз, көгүш түз менен берилет
Мөңгүлөрдү жайгашуусу боюнча үч топко бөлөт:
1. Капталган (уюлдук об¬ла¬старда)
2. Тоолуу (тоолордун чокуларында)
3. Жарым капталган
Ийилчээктигине байланыштуу, көптөгөн мөңгүлөр, топтолгон жеринен ылдый жылат, эрип дарыларга суу берет. Айрым мөңгүлөр токтогондо, эригенде моренаны пайда кылат. Морена – мөңгү менен ташылып келип чогулган чөкмөлөр. Составы өтө ар түрдүү. Аракеттеги, үстүңкү, ички жана түпкү морена болуп бөлүнөт.
Мөңгүлөрдүн көп бөлүгү каптама мөңгүлөргө кирет. Алар кар сызыгы өтө төмөн болгон аймактарда кездешет. Мындай муздуктар щит жана купол формасында. Айсбергдердин көпчүлүгү ушундай муз катмарларынан бөлүнөт.
Мөңгүлөрдүн мааниси:
1. Дарыяларды суу менен камсыз кылат
2. Эң негизги таза суунун «сактагычы»
3. Рельефке таасир этет
Сөздүк
- Айсберг – сүзгөн тоо.
- Дарыянын бассейни – агын суулары бир дарыя системасына чогулган жер бетинин бөлүгү. Айрым дарыя алаптары суу бөлгүчтөр менен коңшу алаптардан бөлүп турат.
- Бентос –деңиз көл түбүндөгү организмде (фитобентос (өсүмдүк), зообентос (жаныбар) болуп бөлүнөт. Деңиз бентосу балык ж.б. суу жаныбарлары үчүн жем, кээ бири промысолук мааниге ээ. Мисалы: креветкалар, устрицалар, деңиз таракчылары, омарлары, крабдар ж.б.
- Саз – нымды сүйүүчү өсүмдүктөрү жана 0,3м ден кем эмес калыңдыктагы чым көңү бар,өтө нымдуу жер бети. Саз суунун токтоп калышынан жана көлдөрдүн, суу сактагычтардын чөп басышынан пайда болот.
- Суу бөлгүч – коңшу дарыяларды, суу бассейндерин жер астындагы суулардын топтолушун бөлүп туруучу сызык.
- Дейтерий – суутектин изотопу, сууда көп өлчөмдө кездешет - 1 атом ар бир 10 миң суутектин атому дейтерий ядросу бар. Дейтерий көптөгөн традициялык ядердик реактордо оор суу формасында (D2O), колдонулат. Келечекте термоядролук реакция үчүн келечекте колдонулат деп айтышууда.
- Суу башы – суунун жер астынан чыккан, мөңгүдөн, көлдөн, саздан башталган жери.
- Мөңгү – атмосферада пайда болгон жер бетиндеги жылып жүрүүчү муздар. Кардын толук эрибей топтоло беришинен пайда болот.
- Минералдык суулар – составында кээ бир химиялык элементтердин жана кошулмалардын , газдардын өлчөмү көп жер алдындагы суулар.
- Жер шарындагы суу айлануу – Күн радиациясынын жана оордук күчүнүн таасири менен атмосфера менен жер бетинин ортосундагы ным (суу) алмашуу. Ал төмөнкү процесстерден турат: океандан, деңизден, көлдөн, дарыялардан жана кургактыктын бетинен суунун бууланышы, аба агымдары менен суу буунун конденсациясы, жаан-чачындын түшүшү, кургактыктын бети, жер кыртышынын катмарлары боюнча агышы.
- Нектон – суунун тереңинде активдүү сүзүүчү организмдердин жыйындысы. Аларга балыктар, кальмарлар, киттер, калак буттуулар, деңиз жыландары, таш бакалар, пингвиндер кирет.
- Планктон – континенттик жана деңиз сууларында жашаган жана деңиз агымдарына туруштук бере албаган өсүмдүк (фитопланктон) жана жаныбарлар (зоопланктон) организмдери.
- Океандын сууларынын кыймылы ташкындар жана тартылуулар – Айдын жана Күндүн тартылуу күчтөрүнүн таасири менен пайда болгон океан жана деңиздердин денгээлиндеги мезгилдүү өзгөрүүлөр ( бир суткада 2 жолу).
- Куйма – дарыяга, деңизге, көлгө, суу сактагычка куйган агын суу.
- Промилле (0 /00) – миңдик өлчөм, суунун туздуулугун көрсөтөт
- Дарыянын режими – жыл боюнча дарыя сууларынын деңгээлинин мезгилдүү өзгөрүшү.
- Дарыя – чоң агын суу, жер бетиндеги жана жер астындагы суулардын чогулуп, табигый нук менен үзгүлтүксүз агышы.
- Дарыя системасы – көлгө же деңизге куючу башкы дарыя жана анын куймалары; гидрологиялык тармактын бөлүгү.
- Кар сызыгы – жогору жагында кар, муз толук эрибеген, төмөн жагында кышында гана жаткан бийиктик деңгээл.
- Туздуулук – деңиз суусунун туздуулугу 1л деңиз суусунда эриген катуу минералдык заттардын жыйындысы; г менен белгиленет. Туздуулук өлчөөнүн бирдиги – промилле (0/00). Океан (деңиз) суусунун орточо туздуулугу 35 0/00.
- Жылуу агым – белгилүү бир кеңдиктеги океандын жалпы суу температурасынан жылуураак болгон агымы.
- Чат – дарыянын деңизге(океанга), көлгө, суу сактагычка же чоң дарыяга куйган жери.
- Муздак деңиз агымы – суунун температурасы жылуураак океан (деңиз) акваторияларында муздак суу массаларынын келиши.
- Цунами – суу астындагы жер титирөөлөрдүн натыйжасында пайда болуучу узун деңиз гравитациялык толкундары.
- Кара тарткычтар – океандын түбүндөгү гидротермалдык булактар, кара түстөгү сууларды чыгарат.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- Ветровые волны в Мировом Океане https://geographyofrussia.com/vetrovye-volny-v-mirovom-okeane/
- География: Справ. материалы: Кн.- с. Для учащихся сред. и ст. возраста/А.М. Берлянт, В.П. Дронов, И.В. Душина и др.; Под ред. В.П. Максаковского. – М.:Просвещение, 1989. – с. 24-34.
- Движение воды в океане https://geographyofrussia.com/dvizhenie-vody-v-okeane/
- Информационно-образовательный портал http://www.pedsovet.pro/
- Полная энциклопедия. Справочник для школьников и студентов. Биологические ресурсы Мирового океана http://www.polnaja-jenciklopedija.ru/zhizn-okeana/biologicheskie-resursy-mirovogo-okeana.html
- Сайт Livejournal.com http://solvaigsamara.livejournal.com/739389.html
- Сайт Geograpya.ru http://geografya.ru/gidrosfera.html
- Сайт Оkeanavt.ru http://www.okeanavt.ru/
- Сайт Открытый класс http://www.openclass.ru/node/417268
- Сайт kupidonia.ru http://kupidonia.ru/viktoriny/viktorina-okeany
- Сайт nat-geo.ru http://www.nat-geo.ru/fact/38525-chernye-kurilshchiki/
- Сайт shkolniku.com http://shkolniku.com/geografiya/task2475283.html
- Сайт wonderful-planet.ru http://wonderful-planet.ru/
- Сайт vivareit.ru http://vivareit.ru/interesnye-fakty-o-gidrosfere/
- Социальная сеть работников образования https://nsportal.ru/
Эң дүйнөдөгү суусу мол дарыя Амазонка Түштүк Америкада жайгашкан. Ар бир секундада 200 миң куб. сууну агызат, бул дүйнөлүк суунун 15% түзөт. Дарыянын узундугу 7 миң км, бир дагы көпүрө салынган эмес.
Укмуштуу жаратылыш кубулушу Түштүк Корея жарым аралында болот. Түштүк-Кытай деңизи тартылуудан Модо жана Чиндо аралдарына ажырайт. Ушундай аталган жолду пайда кылат узундугу 2км, жазылыгы 40м.
Силер уктуңар беле “дарыялардын беттешишин”? Мындай сейрек кубулуш Польшада Нельба жана Велна дарыялары 90˚ бурч менен беттешишет. Эң кызыктуусу бул суулар бири бири менен кошулбайт, агымдын деңгээлинин, ылдамдыгы жана температурасынын айырмачылыгында.
Көл Мерцбахер. Кыргыз Республикасынын Тянь-Шань тоолорунда 3304 м деңиз деңгээлинен жогору турат. Укмуштуу көл немец окумуштуусу Готфрид Мерцбахердин атынан коюлган. 1903 жылы Хан-Тенгри экспедициясында биринчилерден болуп ачкан. Эриген суулардан пайда болгон көл жылдын бир убагында үч күндүн ичинде соолуп жок болот. Азыр окумуштуулар мындай жаратылыштык кубулуштун себебин табууга аракет кылышууда.
Дарыянын оң же сол куйма экендигин аныкташ үчүн маңдайың менен дарыянын чатына турсаң оң жагында оң куйма,сол жагыңда сол куйма болот.