География: План жана карта
Географиялык карта – адамзаттын чыгармачылыгынын жетишкендиги. Ал маанилүу билим алуунун каражаты жана дүйнөлүк чөйрөнүн өзгөрүшү. Ага инженер жана изилдөөчүлөр, геолог жана агроном, окумуштуу жана согуштук андан сырткары ар ким өзүнүн суроосуна керектүү жоопту таба алышат.
Карта биздин жашообузга кеңири кирди. Карта дайыма телевизордун экранынан көрүнүп мамлекет ичиндеги окуяларды жана эл аралык маанидеги жаңылыктарды, аба ырайы боюнча маалыматтарды берип турат. Картасы жок кантип географияны жана тарыхты окуп үйрөнөсүң? Алдыңарда карталар жөнүндө түшүнүктөр берилген. Силер алардан картографиялык түшүрүүлөрдү, карталар кандай болот, анда эмнелер белгиленген, кандай түзүлгөн жана эмне үчүн колдонулат деген суроолого жооп аласыңар. Картография – географиялык карталар, аларды түзүү ыкмалары жана пайдалануу жөнүндөгү илим. Коом жана табият мейкиндикте жашоосунун, айкалышынын жана өз ара байланышын изилдейт жана кагазга түшүрөт. Мисалы: план менен картанын айырмачылык мүнөздөмөсүн кантип түзүүгө болот. Масштабды кандай колдонсо болот, географиялык координаттарды кантип аныктайсың? Жер бетинде кандай ориентир аласың ж.б.
Содержание
План, карта, глобус, шарттуу белгилер
Картографиялык чыгармалар
План, карта, глобус, атлас – булардын бардыгы картографиялык чыгармалар, андан Жердин бетинин түшүрүлүшүн, анын бөлүктөрүн, формасын, өлчөмүн объектилердин жайгашуусун көрсөтөт.
Жердин бети тегиз эмес. Аны кагаздан кантип көрсөтсө болот, кайсы жерлер бийик жана төмөн? Аны аныкташ үчүн бийиктикти жана тереңдикти ченеш керек.
Карта – Жердин башка асман телолорунун беттеринин тийиштүү шарттуу белгилердин жардамы менен кагазга түшүргөн сүрөтү. Анда ар түрдүү жаратылыштык жана социалдык экономикалык объктер, кубулуштардын жайгашуусу көрсөтүлөт. Карта түзүш үчүн ар кандай булактар колдонулат: талааларда түшүрүлгөн сүрөттөр, аэро жана космостук сүрөттөр, статистикалык жана адабияттык көрсөткүчтөр колдонулат.
Космостук тартуулардын негизинде жаңы түрдөгү картографиялык чыгармалар – түзүлүүдө.
Окуу процессинде, жашоодо көп түрдүү карталар менен таанышасыңар. Аларды туура колдонуп маалымат алыш үчүн шарттуу белгилерди окуй алыш керек.
Кандай карта болбосун анын өзгөчөлүгү географиялык маалыматтарды камтышында жана белгисинде. Белгилердин жардамы менен аймактын картографиялык образы түзүлөт .
Масштаб
Масштаб деген эмне?
Масштаб - чиймедеги, пландагы же картадагы узундуктардын анын чыныгы узундук өлчөмүнө болгон катышы.
Масштаб көрсөтөт: узундуктардан картадагы узундук канча эсе кичине экендигин.
Кандай гана кичирейтилүү болбосун масштабы болобу? Сөссүз болбойт. Сүрөттө масштаб колдонулбайт, эгерде ал аябай сапаттуу болсо дагы. Кандай болсо дагы сүрөтчү кичирейтип түшүрөт. Бирок масштабды аныкташ үчүн ар бир сызык башка предметтерге салыштырмалуу бирдей кичирейтилиш керек. Масштабды аныкташ үчүн атайын өлчөгүч аспаптар, эсептегич техникалардын жардамы менен аныкташат.
Масштаб боюнча картанын түрү.
Масштабына жараша болот:
- Белгилик тизменин элементи
- Майда масштабдуу (дүйнөнүн жана материктердин картасы – масштабы кичине 1:1000 000)
- Орто масштабдуу (мамлекеттердин, ири аралдардын картасы – 1:100 000 чейин 1: 1000 000)
- Ири масштабдуу (майда мамлекеттердин, областардын, шаарлардын картасы – кичине 1: 100 000)
Эсиңерге туткула: масштабы канчалык чоң болсо,картага ошончолук аз жайгашат. Анткени масштабда – бөлүнгөн сан канчалык кичине болсо ошончолук ири болот.
Ориентирлөө. Компас.
Жылдыз, Күн жана Ай боюнча.
Мурунку убактарда эле саякатчылар жаңы жерлерди ачууга чыгышканда Күн, Ай, жылдыздар ишиеничтүү жол көрсөткүчү болгон. Алар аркылуу кемелери кайсы багытта бара жатканын биле алышкан.
Сөз «ориентирлөө» латын сөзүнөн oriens, которгондо чыгыш деген маанини түшүндүрөт. Алгачкы убактарда эле билинген жак болгон: анткени чыгыштан Күн чыккан – Жердеги жашоонун булагы, ошондуктан чыгышка сыйынышкан, үйлөрдүн эшиктерин чыгынка каратып салышкан.
Түндүк, түштүк, чыгыш, батыш – горизонттун жактары. Ориентирлөө – өзүнүн турган ордун горизонттун тараптарына карата компастын, картанын же аэросүрөттүн жардамы менен аныктоо. Жакындатылган ориентирлөө жергиликтүү ориентирлердин (табигый жана жасалма), Күндүн, Айдын, жылдыздардын ошондой эле радио-жарык жана үн сигналдарынын жардамы менен аныктоого болот.
Эң ишеничтүү асмандуу “компас” – бул Күн, анткени чак түштө түштүктө болот. Ошону менен күндүн бардык убактысында горизонттун жактарын билүүгө болот.
Жылдыздуу асманга байкоо жүргүзсөң, көп жылдыздардын ичинен адашпай туруп Чоң Жетиген жылдызын табасың, анткени ал кенен чөмүчтү элестетет. Бул жылдыздарда жайгашкан жол көрсөткөн жылдыз – Уюлдук жылдыз.
Атайын өзү турган жерди, багытын так аныкташ үчүн адамдар компасты ойлоп табышты, анын жардамы менен азимутту аныкташат.
Градустук тор жана географиялык координаттар
Глобус Жердин кичирейтилген модели.Чындыгында анда материктердин, океандардын, деңиздердин толук жайгашуусун жер шарынан көрө аласың. Ага кантип жетишишти, географиялык пункуттардын жайгашуусун глобустан так көрсөткөн? Сөсүз географиялык координаттын жардамы менен аныкташкан.
Жер шарынын ар кайсы жери, ар кандай меридианда жайгашкан, бир эле убакта күндүн ар түрдүү убактысы болот. Мисалы: Бишкекте 15 саат күндүзү, Ташкентте 14 саат, Москвада эртең мененки 10саат. Эмне үчүн ушундай?
Сөздүк
- Абсолюттук бийиктик – деңиз деңгээлинен жер бетиндеги белгилүү бир чекитке чейинки вертикаль боюнча аралык (КМШ өлкөлөрүндө –Балтика деңизинен деңгээлинен).
- Азимут – байкоо жери аркылуу өткөн географиялык меридиандын тегиздиги менен байкоо жүргүзүлүп жаткан объектинин тик тегиздигинин ортосундага бурч. Анын чоңдугу Түндүк чекитинен чыгышты көздөй саат жебесинин багыты боюнча 0тан 360 чейин өлчөнөт
- Атластар – жалпы программа менен түзүлгөн бирдиктүү чыгарма катарындагы географиялык карталардын системалык жыйнагы. .
- Аэрофотосүрөт – космостук апараттын жардамы менен жер бетин сүрөткө тартып түшүрүү.
- Географиялык координат (кеңдик жана узундук) – кеңдик жана узундук боюнча бир чекиттин ордун аныктоочу чоңдуктар
- Глобус – Жердин, Айдын, планеталардын, ошондой эле асман сферасынын картографиялык маалыматтар түшүрүлгөн шар өңдүү модели.
- Горизонталдар (изогипстер) – рельефтин формаларын жыйынтыктап көрсөтүүчү жер бетинин бийиктиктеринин изолиниялары.
- Градустук тор – географиялык карталардагы жана глобустардагы меридиандар менен жарыш сызыктардын системасы.
- Дешифрирлөө – сүрөттөрдүн негизинде ар түрдүү географиялык объектерди ажыратып билүү, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо, шарттуу белгилер менен алардын касиеттерин түшүндүрүү жолу менен аймакты изилдөө методу.
- Изосызыктар ийри сызыктар: изобара – бирдей басымдар, изобата – бирдей тереңдиктер, изогипс –бирдей бийиктиктер, изотерма – бирдей температура.
- Карта – Жердин башка асман телолорунун беттеринин тийиштүү белгилердин жардамы менен кагаз бетине түшүрүлгөн сүрөтү.
- Картосхема – мазмуну жөнөкөйлөтүп жалпыланып берилет.
- Горизонт сызыгы – түз жерлерде көзгө көрүнгөн айлананын (көрүнгөн горизонт) асман менен “тийишкен” сызыгы.
- Картанын масштабы – картада алымы бир деген санды, ал эми бөлүмү жер бетинин аралыктары канча эсеге кичирейтилип берилгендигин көрсөткөн бөлчөк.
- Меридиан – Жер бетиндеги бардык чекиттери бирдей географиялык узундукта болгон айлануу огу аркылуу өткөн сызык
- Жалпы географиялык карта – жер бетинин негизги элементтери – рельеф, дарыялар, көлдөр, өсүмдүктөр, калктуу пункуттар, жолдор, чек аралар, ж.б. болжол менен бирдей толуктукта көрсөтүлөт.
- Ориентирлөө – өзүнүн турган ордун горизонттун тараптарына карата компастын, картанын же аэросүрөттүн жардамы менен аныктоо
- Параллелдер – экватор тегиздигине параллель болгон тегиздик менен жер шарынын бетинин кесилиш сызыгы.
- Жердин планы – жер бетинин шарттуу белгилер менен ири масштабда берилген чиймеси.
- Жогорулоо – жердин бийиктиктеринин айырмасынын точкасы .
- Тематикалык карта – арналган тема менен аныкталган карта.
- Карталардын шарттуу белгилери (картографиялык шарттуу белгилер) – мазмунун түшүндүрө турган сандык жана сапаттык белгилердин мүнөздөмөсүнүн жыйындысы.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- Дешифрирование https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm
- Куприн А.М. Занимательная картография: Кн. Для учащихся 6 – 8 кл. сред. шк. – М.: Просвещение 1989.
- Куприн А.М. Лик Земли: – М.: Недра, 1991 (научно-популярная библиотека школьника).
- Методическое пособие для учителя «Картографическая лаборатория» http://files.school-collection.edu.ru/dlrstore/162621d5-86fd-4343-8c98-ca5ace18f2b5/Metoda.htm
- Сайт Geography7 http://geography7.wikidot.com/start
- Сайт для учителей https://kopilkaurokov.ru/
- Топография http://www.topogis.ru/test/test_in.php