БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Антарктида

Кээ бир убактарда : Антарктиданы эмне үчүн окуйбуз деген суроо беришет? Биз бул чоң материк жөнүндө көп билебиз. Антарктида анча укмуштуу эмес, бирок кызыктуу материк, америкалык уюлдук изилдөөчү, адмирал Ричард Берд айтты:”Биздин планетанын четинде жатат, уктаган ханбийке сыяктуу көк түс менен капталган ,каардуу да, сулуу да, кар мантиясы каптап, муздары изумруд сыяктуу жалтырап жатат”. Биз билебиз Жердин кайсы областын Антарктида деп атайт.Анын географиялык абалындагы өзгөчөлүгү эмнеде,Жер шарындагы башка материктерге салыштырмалуу? Эмне үчүн уюлдук деңиз сүзүүчүлөрү Уэделле деңизин жаман көрүшөт? Материктин түзүлүшү кандай жана кен байлыктар барбы? Эмне үчүн Антарктиданы “Сууктун жана катуу күндүн мамлекети” деп аташат. Ал Жердин бардык климатына таасирин тийгизет?Антарктида кимге тиешелүү жана эмне үчүн жаратылышын коргоо эл аралык маанилүү максаттар коюлган?

Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы

Антарктида

Жердин уюлдук областы. Бул жер шарындагы кенен район Антарктиданы, жакын жайгашкан щельфтерди жана мөңгүлөрдү жана аймактары менен Атлантика, Тынч жана Инд океандарын камтыйт (акыркы убактарда бул бөлүктөрдүТүштүк океан деп аташууда). Болжол менен түштүк кеңдиктин 50 – 600 т.к. аркылуу Антарктиданын чек арасы өтөт.

Антарктиданын картасы
Антарктиданын картасы


Антарктиданын географиялык абалы

Антарктиданын географиялык абалы өзгөчө – мындай башка бир дагы материк жок, толугу менен планетанын уюлдук аймагын ээлеп жатат.Антарктиданын аянты Австралиянын аянтынан эки эсе ашат, щельфтери аралдары, мөңгүлөрү менен 14 млн км2 .

Береговая линия


Океандар Антарктиданы Түштүк жарым шардагы башка материктерден миңдеген километр аралыкта бөлүп турат. Антарктидага жакын Түштүк Америка материги 1000 км аралыкта жайгашкан. Деңиздер материке анча терең кирбейт. Алардын ирилери: Росса, Уэдделла, Беллинсгаузен, Амундсен, Антарктиданы изилдеген изилдөөчүлөрдүн атынан коюлган. Түштүк Американы көздөй ичке Антарктида жарым аралын эң кенен Дрейка кыcыгы менен бөлүп турат. Дүйнөлүк океандын эң кубаттуу муздак агымы курчап турат.

Географиялык абалынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу түндүктөн түштүктү карай,батыштан чыгышты карай 5700 км созулуп жатат. Эң түндүк жагында Түштүк Уюлдук айлана менен кесилишет. Эң четки точкаларынан түндүк точкасын атоого болот: Сифре тумшугу (63°12' 48" т. к., 57°18' 8" ч. у.)


Антарткадынын географиялык абалы жана изилдөө тарыхы

Антарктида орус деңиз сүзүүчүсү Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. П. Лазарев тарабынан 1820 ж., башка материктерден кийин ачылган. XVIII кылымдын экинчи жарымында түштүктөгү материк бар экендиги изилдеген экспедицияны Джеймс Кук башчылык кылган. Джеймс Кук жазган “Түштүк материктин муз менен капталган деңиздери аркылуу сүзүүдөгү кыйынчылыктар дээрлик улуу, мен өзүмө ушунчалык чыдамкайкайлыкты алдым, айтайын дегеним, анткени бир дагы адам мындай чыдамкайлыка бара албайт, мен жасагандай эч ким түштүктө болуп изилдөө жүргүзбөйт”.

Антарктикадагы орус экспедициясы
Антарктикадагы орус экспедициясы


1820 ж. орус экспедициясынын деңиз сүзүүчүлөрү Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. И. Лазаревдин командасы астында «Восток” жана”Мирный”кемелери менен белгисиз жаткан материкти айланып чыккан жана анын жээктерине барган, көп аралдарды ачкан. Ошондон баштап Түштүк континенттин жээк зонасын кызуу системалуу түрдө изилдөөлөргө негиз салган.

Антарктиданын ачылышы
Антарктиданын ачылышы


Антарктиданы изилдөө тарыхы

Жылы Изилдөөчү Ачылыш
1773 - 1775 Дж. Кук (Англия) Уюлдук айлананы биринчи кесип чыгуу
1819 - 1821 Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. И. Лазарев (Россия) Орус экспедициясынын материкти айланып чыгышы
1838 - 1842 Ч. Уилкс Уилкс Жеринин ачылышы
1839 -1840 Ж. Дюмон-Дюрвиль (Франция) Адели Жеринин ачылышы
1841 - 1842 Д. Росс (Англия) Деңиздин жана муз барьеринин ачылышы Росса, Виктория Жери
1895 К. Борхгревинк жана Л. Кристенсен (Норвегия) Антарктиданын жээгине биринчи түшүү
1898 - 1899 К. Борхгревинк (Норвегия) Материкте биринчи кыштоо
1902 - 1903 Р. Скотт (Англия) Россанын шельфтик музунун ачылышы
1908 Э. Шеклтон (Англия) Антарктиданы биринчи кесип өтүүгө аракет
14.12.1911 Р. Амундсен (Норвегия) Түштүк уюлга биринчи жетүү
18.01.1912 Р. Скотт (Англия) Түштүк уюлга экинчи жетүү
1911 - 1931 Д. Моусон (Австрия) 45° жана 150° ч. у. кургактыкты далилдешти
1929 Р. Берд (США) Түштүк уюлда биринчи жолу самолетто учуу
1956 М. Сомов (СССР) Биринчи советтик антарктидалык экспедициясы
1957 А. Трёшников (СССР) «Восток» станциянын түзүлүшү, минималдык температуранын катталышы (- 89° С)
1958 Е. Толстиков (СССР) Жете албаган уюлдун жетишкендиги
1986 - 1992 Б. Боярский (Россия -СССР) Чыгыш Антарктидадагы изилдөө


Жаратылышы

Антарктиданын түзүлүшү жана рельефи

Материк толугу менен муз менен капталып жатат (2 – 4 км калыңдыкта) муздун калыңдыгы, борборунан четине жылат. Муздун кыймылынын ылдамдыгы 200 м жылына,айрым жерлеринде жылына 1км. Жыл сайын деңизге материктин муздары сынып жарылып түшүп, зор айсбергдерди пайда кылат. Антарктидада айсбергдер “жашайт”6 – 12 жыл, салыштырмалуу: гренландия айсберги 3-4 жыл.

Антарктидалык айсберг
Антарктикалык айсберг


Антарктидада муздардын болушу менен – Жердин эң бийик материги, орточо бийиктиги 2000 м ден жогору, башка материктердин орточо бийиктигинен, ¼ бөлүгүнүн бети 3000 м ден жогору жатат. Жөн эле материкти ”булуттун алдындагы материк”деп атаган эмес.

Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профилинин жардамы менен материктин рельефинин ар түрдүүлүгүн көрүүгө болот: тоолорду, бөксө тоолорду, түздүктөрдү, дөңсөөлөрдү, чуңкурларды. Айрым аймактардан муз үстүндө бийик чокулар көтөрүлөт.

  • Антарктиданын рельефи  (карта)
    Антарктиданын рельефи (карта)
  • Антарктиданын рельефи  (сүрөт)
    Антарктиданын рельефи (сүрөт)


Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профили
Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профили


Изилдөөлөрдүн ыкмалары материктин муз астындагы рельефи жөнүндө так түшүнүк алууга мүмкүндүк берди. Белгиленгендей көп бөлүгү чыгышында (чыгыш жарым шарда жайгашкан), материктин бөлүгү – байыркы платформада, батышында(батыш жарым шарда жайгашкан)- бүктөлгөн область. Чыгыш бөлүгү тегиз, бул жерде Чыгыш, Шмидт түздүктөрү жайгашкан. Батыш менен чыгышты Трансантарктикалык тоо кыркалары бөлүп турат. Материктин чет жагында, Росс деңизинин жээк бойлорунда аралдардын биринде аракеттеги Эребус жанар тоосу көтөрүлүп турат. Эң бийик тоо массиви (5140 м), эң терең чуңкуру (-2555 м) жайгашкан.

Биз көнүп калганбыз Африкада оазиздер бар деп ойлойбуз. Бирок Антарктидада оазиз деп аталган кургактыктын чоң бөлүгү бар. Бул Антарктидалык кургактык мөңгүлөр жок, туруктуу муз каптабаган бир нече жүз километр квадрат аянтка жетет.

Материктин түпкүрү кен байлыктарга бай. Таш көмүр, темир рудалары, түстүү металдардын рудалары, алмаз табылган.

  • Антарктиданын кен байлыктары
    Антарктиданын кен байлыктары
  • Антарктидадан эң мыкты алмаз табылган
    Антарктидадан эң мыкты алмаз табылган


Антарктиданын климаты

Географиялык абалына, муз менен капталып жаткандыгына байланыштуу климаты өтө ызгаардуу, Жердин эң суук климаты. Бул жерден биздин планетанын эң төмөнкү температурасы (- 89,2o С) катталган. Материктин үстүндө суук жана кургак антарктикалык аба массасы түзүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө дөмпөк тарткан бийик муздардан шамалдын агымы согуп турат, катабатикалык деп аталат. Антарктидада шамалдын уюлу “Русская” станциясында.

  • Антарктиданын климаты
    Антарктида – Жердин эң суук материги
  • Катабатикалык шамал  Антарктидада
    Катабатикалык шамал Антарктидада узак мөөнөткө соккон кыйратуучу ылдамыкта 320 км/с чейин жетет.


Өзгөчө Антарктиданын кышы өтө ызгаардуу, орточо температурасы –70оС. Жайкы температура ички областарында –36о С чейин сейрек көтөрүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө жаан –чачын кар түрүндө 100 мм/жылына жаайт

Антарктидалык оазисте айлана тегерегиндеги муздарга караганда абанын температурасы 3- 4°Сдан жогору. Бул жай мезгилиндеги аскалардын муздардан бошонуп, 85% күн нурун тартып алат да, +20 - +30°С га чейин жылынат. Оазиздердеги айрым көлдөрүдн температурасы + 10 - +15°Сга жетет. Жээктеринин климаты башкача. Бул жерде катуу шамалдар болуп, жаан – чачындын саны (300 мм/жылына жетет), жайкы температура (–1,0оС), жаан жаайт. Материкте эки климаттык алкак бөлүнөт: антарктикалык жана субантарктикалык.

Антарктидада эки климаттык алкак: антарктикалык жана субанрктикалык
Антарктидада эки климаттык алкак: антарктикалык жана субантарктикалык


Антарктиданын ички суулары

Антарктида — Жердеги жалгыз материк, анда туруктуу агуучу дарыя жана көлү жок. Жайында океанга эриген суулардын жылышы менен жер бетинде жүздөгөн чөөттөр пайда болот, дарыяларга жана көлдөрө окшошуп кетет. Азыркы күндө Антарктиданын калың муздарынын алдында көл бар. Ири муз астындагы Восток көлүн 1996 ж. антарктидалык “Восток” станциясынын районунда табылган. Ал 4000 м муз калыңдыгынын алдында,аянты 15,5 тыс. км².

Антарктиданын дарыялары жана көлдөрү: самолеттогу сьемка


  • Озеро в Антарктиде
    Антарктидагы көл көбүнчө бир нече сантиметр тереңдиктеги көлчүккө окшош
  • Антарктидадагы Восток көлүнүн схемасы
    Антарктидадагы Восток көлүнүн схемасы


Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү

Материктин көпчүлүк бөлүгүн антарктикалык чөл ээлегендигине карабастан, бул жердин бардык жеринде бактериялар таралган. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү оазисдерде кездешет.Мох, эңгилчек, эң майда козу карындар, гүлдүү өсүмдүктөр: антарктикалык шалбаа (Антарктикалык жарым аралда) колобантус кито – өсөт. Антарктиданын өсүмдүктөрү түбөлүк суукка жакшы ыңгайлашкан. Алардын клеткасында суу аз, бардык процесстер өтө жай жүрөт.

  • Луговик антарктический
    Антарктикалык шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жерлеринде гана кездешет. Өлөң чөп 20 см бийиктике чейин өсөт. Ал суукту жакшы көтөрөт.Гүлөдөгөн убакта дагы суук аны үшүтө албайт
  • Колобантус кито
    Колобантус кито – чөп өсүмдүгү жаздык сымал формасы менен майда ак жана агыш-сары түстөгү гүлдөрү бар 5 см ден ашпайт


Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү

Император пингвини - Emperor Penguin


Антарктида жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Көптөгөн жаныбарлардын жашоосу океан менен байланышкан, кургактыктагы жаныбарлар аз. Кургактыкта сөөлжандар, канаты жок курт-кумуркалар табылган.Жээк сууларында планктондор көп, алар балыктар менен азыктанат, киттер, тюлендер жашайт. Жайында жээктеринде канаттулар уялашат: ак чардактар, баклан, чайка-поморник, альбатрос, пингвин. Антарктиданын адаттагы жаныбары – пингвиндер. Алар учушпайт, жакшы сүзүшөт, балыктар, молюскалар рактар менен тамактанат. Пингвиндердин 17 түрү бар. Эң кеңири таралганы – анча чоң эмес Адели пингвини. Эң ириси - император пингвини, анын массасы 50 кг жетет жана бийиктиги метрден көбүрөөк.

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү
Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү


Антарктидадагы адам

Антарктида – илимий изилдөөлөрдүн континенти

Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы мамлекетке тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт. Материкте изилдөөчү станциялар , окумуштуулар рельефин , климатын изилдешет. Жайында убактылуу жашаган адамдардын саны 4000 адам, кышында 1500 адам. 18 айдан ашык бул жерде эч ким жашаган эмес.

Эл аралык келишим боюнча 1959 - жылы, Антарктида – нейтралдык, демилитардык зона, катары тынчтык жол менен илимий изилдөө иштери үчүн гана колдонулат. Материкте 70 илимий станция, анын ичинен 42 туруктуу, 14 мамлекеттерге тиешелүү.

Антарктидада согуштук сыноолорду өткөрүүгө тыюу салынган, ал эми 1991 - жылдан бери кен байлыктарды алууга тыюу салынган.

Картадан Антарктидадагы “Чыгыш” (Россия) станциясына көңүл бургула. Ал эң чет жагында жаратылыш шарты катаал, жакшы изилденбеген аймагында жайгашкан. Бул жер Уюлдук Жетпеген жер.

  • Уюлдук станция
    Уюлдук станция
  • Уюлдук станциялардын картасы
    Уюлдук станциялардын картасы


  • Станция "Восток"
    «Восток» станциясы (Россия)1957 - жылы ачылган. Бул жерден “Жер“ планетасынын эң төмөңку температурасы катталган.
  • "Мак-Мёрдо" - крупнейшая станция в Антарктиде
    "Мак-Мёрдо" - Антарктидагы эң ири станция


Антарктиданын Экологиялык проблемласы

Муздардын эриши Антарктиданын – бирден бир негизги көйгөйү. Бул глобалдык жылуулануунун натыйжасында болууда. Материкте температура дайым жогорулап жатат.

Ларсен мөңгүсү
Ларсен мөңгүсү
2002 - жылга чеййин щельтик мөңгү Ларсен стабилдүү деп эсептелген, 10 000 жылдан бери акыркы мөңгүлүк мезгилден бир калыпта келе жатат. Бирок 2002 - жылы жээгинен 2500 км. кв. аянтка жылган. Уэдделле деңизиндеги мөңгүнүн жарылышынан миңдеген айсбергдер түшкөн. Айткандарына караганда биздин планетанын эң таза деңизи деп эсептелет.


Антарктиданын үстүндө озон жыртыкчасы пайда болгон. Озон катмарындагы өзгөрүүлөр климатка чоң таасирин тийгизет, анткени ультрафиолеттик нурлардын таралышы өзгөрөт глобалдык жылуулануу көйгөйүнө алып келет. Озон жырттыкчасы адамдын ден-соолугуна, деңизде жашоочу жаныбарлар жан өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунуч туудурат.

Озон жыртыкчасы
Озон жыртыкчасы
Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча Антарктиданын үстүндөгү озон жыртыкчасы акырындап жабылыа бара жатат, мүмкүн акырындап ондогон жылдардан кийин жоголуп кетет.


Бул жерде шаарлардын, машиналардын, заводдордун жана көптөгөн калктын жоктугуна карабастан, адам баласынын таасиринен чоң жоготууларга алып келүүдө.

Азыркы күндө Антарктиданын территориясында илимий станциялардын саны көбөйүүдө. Адамдар ар кандай техникаларды, транспорттун турлөрүн, бензин жана мазутту алып келүү менен биосфераны булгап жатат. Ар бир илимий станция таштандыларды пайда кылууда.

Таштандыларды шамал учуруп ачык океанга алып барууда, калган таштандынын көп бөлүгү тоңуп калууда.

Окумуштуулар пингвиндердин таралуу аймагынын азайышын аныкташууда. Анын себеби пингвиндер тамактанган крилдердин азайышы. Крил менен антарктикалык жаныбарларлардын көпчүлүгү тамактанат. Тюлендер менен киттердин көбөйүшү, температуранын жогорулашы, муздардын эриши крилдердин азайышына алып келүүдө. Айрым убактарда браконьерлер көп жаныбарларды тирүүлөй эле жок кылууда.

Акыркы убактарда муздак материке туристердин кызыгуусу да артып жатат. Азыр туристер материке кораблдер менен барып келечекте планетанын туристик аймагы катары пландаштырууда. Бул материк үчүн абдан чоң коркунучту алып келет.

Антарктида жана туризм
Антарктида жана туризм


Сөздүк

Антарктида – жер шарынын түштүк уюлдук областы антарктиданы жана ага жакын Атлантика , Инди жана Тынч океандары деңиздери Уэдделла, Росса, Амундсен, Беллинсгаузен ж.б.
Антарктикалык оазис –туруктуу муздан жана мөңгүдөн, кар катмарынан бошонгон жердин бөлүгү, антарктикалык муз щити менен курчалган, жээгинде щельфтик мөңгүлөр каптайт
Катабатикалык шамал (от грек. katabatic - түшүү, төмөндөө) – уюлдук континентке мүнөздүү болгон, суук климаттан пайда болот
Кургак өрөөн — Жердеги эң кургак жер. Айрым райондорунда миллион жылдардан бери жаанды, карды көрө элек.
Муз пакети –жээке бекиген көп жылдык муз, калындыгы 3 м, бир же эки мезгилге чейин турат.
Эндемик – өзгөчө өсүмдүктөр жана жаныбарлар, дүйнө жүзүнүн ушул территориясында гана кездешет.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

Жердин эң туздуу көлчүгү

Көл Дон Жуан: Жердин эң туздуу көлчүгү. Дона Жуанл көлчүгү — анча чоң эмес тереңдикте, Антарктидада Кургак Өрөөн Макмердодо жайгашкан.Бул көлчүктү Асгарда жана Олимпусом тоолордун тосмосунан табасың. Туздуулугунун деңгээли 40%, бул жердин суу массасынын эң туздуу массасасы. Көлчүктүн туздуулугу 18 эсе жогору, океанга караганда, Иорданиядагы Өлүк деңизинен эки эсе туздуу. Дон Жуан Антарктиданын эң эң суук регионунда жайгашкан, бирок суусу эч качан тоңбойт, -40 градус Цельсияда да тоңбойт.

Дон Жуан көлү
Дон Жуан көлү
Ким түштүк Уюлду багындырган?

1991ж. норвегиялык Руал Амундсен, андан кийин англиялык Роберт Скотт Түштүк уюлга жеткен. Окумуштуулар материктин ички аймактары жөнүндө алгачкы маалыматтарды алышкан. Бирок ал маалыматтар өтө оор кыйынчылыктар менен алынган. Амундсендин экспедициясы лыжа менен чаналарды иттерге байлап тамак-аштарды жана башка керектүүлөрдү алып жолго чыгышкан. Алар эң кыска жолду тандашкан – Росса деңизинин чыгыш четинен чыгып Түштүк уюлга 1911 ж. 14 декабрда жеткен. Р.Скоттун экспедициясы ирландиялык пондор менен чыгышкан. Алар 35 күнгө кеч жетишкен. (18 январь 1912 ж.). Кайра кайткан учурунда көп күндүк бороондуу катуу шамалдан, болгону тамак-аш, отундар сакталган складка 20 км жетпей өлүмгө дуушар болгон.

Түштүк Уюлду багындыруу
Түштүк Уюлду багындыруу
Уюлда болгондордун кеңештери
Уюлда болгондордун кеңештери
Тест "Антарктида"

1 Антарктида ачылган:

1775 ж.
1820 ж.
1895 ж.
1911 ж..

2 Биринчилерден Антарктиданын жээгине жеткен:

К. Борхгревинк в 1895 ж.
Ф. Ф. Беллинсгаузен в 1820 ж.
Д. Росс в 1842 ж.
Р. Скотт в 1902 ж.

3 Декабрда 1911 ж. Түштүк уюлду багындырууга чыккан:

Кук жана Лазарев
Уилкс жана Росс
Шеклтон жана Моусон
Амундсен жана Скотт

4 Антарктидадагы эң бийик жер – бул:

Эребус жанар тоосу
Кёркпатрикс тоосу
Винсон массиви
Джексон тоосу

5 Антарктидагы эң калың муздун калыңдыгы жетет:

4200 м
4700 м
5300 м
3800 м

6 Муздан бошогон жер бетиндеги тоо тектери эмне деп аталат:

жаракалар
купала
тоолор
оазистер

7 Антарктиданын суук уюлу жайгашкан:

«Восток» станциясында
Түштүк Уюлда
Росса мөңгүсүндө
«Мирный» станциясында

8 Антарктидадагы эң шамалдуу жер жайгашкан:

«Новолазарев» станциясында
«Мак - Мёрдо»станциясында
«Русская» станциясында
Антарктикалык жарым аралында

9 Антарктидадагы эң чоң пингвин:

Адели
император
Магеллан
кара-ак

10 Антарктидадагы учпаган канаттуу:

уюлдук үкү
баклан
альбатрос
пингвин