География: Географиялык кабык жана биосфера
Организмдер 200°С температурада жана миңдеген жыл жашай алабы?
Эмне үчүн топурак – өзгөчө жаратылыштык тело?
Географиялык катмар деген эмне жана анын кандай касиеттери бар?
Тирүү организмдер Жердин жаратылышынын түзүлүшүнө кандай таасир этет?
Материктердин жана океандардын жаратылышынын ар түрдүүлүгүнүн себеби эмнеде?
Адамдар Жерге кандай жайгашкан алар бири биринен эмне үчүн айырмаланат?
Жаратылыш адамдын ден соолугуна кандай таасир этет?
Содержание
Жердеги организмдер
Жерде жашоо ар түрдүү жана кеңири таралган. Шарттуу түрдө Жерде, бир нече миллиондогон организмдердин түрлөрү таралган. Бардык организмдер төрт группага бөлүнгөн: өсүмдүктөр, жаныбарлар, козу карындар жана микроорганизмдер.
В.В. Вернадский тирүү организмдердин жыйындысын “тиричиликтеги заттар” деген түшүнүктү алгач киргизген. Бул заттардын жалпы массасы атмосферанын массасынан аз 10 миң эсе, гидросферадан – 1 млн эсе, литосферадан – 10 млндон ашык эсе аз. Биосфера – шарттуу бөлүнгөн бирдиктүү географиялык кабыктын ичине кирген жандуу жаратылыштын таралган бөлүгү.
- Биосферанын структурасы
- Биосферанын чектери
Термин «биосфера» жана биосфера жөнүндө окуу эки окумуштуунун салымы менен аныкталган.
Бардык организмдер таралган чөйрөсү боюнча бири бири менен байланышкан. Алар жашоочулардын топтору. Эң негизи тобу өсүмдүктөр.
Организмдердин жашоо чөйрөсү аталат:
1 | Суу | Жашоонун бешиги |
2 | Аба | Организмдер туруктуу таралган |
3 | Топурак | Эң жыш отурукташкан чөйрө |
4 | Организмдер | Бул чөйрөдө вирустар, бактериялар, бирөөнүн эсебинен жашайт |
Биосферада организмдер Жерде бирдей таралган эмес. Климатка байланыштуу органикалык дүйнө экватордон уюлдарды карай, жээктерден материктердин ичкери жагына жана ачык океандарга карай өзгөрүлөт. Мындай бөлүнүү кеңдик зоналуулук деп аталат.
Органикалык дүйнөгө мүнөздөмө
1 | Экватордук кендик | Органикалык дүйнөгө бай жана ар түрдүү |
2 | Тропиктик кеңдик | Органикалык дүйнөгө жарды |
3 | Мелүүн кендик | Органикалык дүйнөгө бай жана ар түрдүү |
4 | Уюлдук кендик | Өсүдүктөр дүйнөсүнө жарды, жаныбарлар дүйнөсү – бирден түрлүү |
Тоолордо бийиктеген сайын закон ченемдүү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашылышы – бийиктик алкактуулук.
Жаратылыш "жаратылыш зоналуулук".
Жаратылыш зоналардын ар түрдүүлүгү... – Окуп таанышып алгыла FB.ru
Топурак
Топурак – бул жер кыртышынын эң үстүңкү жука катмары көп учурда өсүмдүктөр менен капталган жана табигый түшүмдүүлүккө жөндөмдүү. Белгилүү орус окумуштуусу – топурак илиминин негиздөөчүсү В.В. Докучаев жазган топурак – жаратылыштын “күзгүсү”.
Топурактардын ар түрдүүлүгү жана закон ченемдүү таралышы топурактардын картасында жакшы көрсөтүлгөн. Дүйнөнүн топурактарынын картасында топурактардын типтери гана көрсөтүлбөстөн, ири масштабдуу картадан анын өзгөчөлүктөрүн көрүүгө болот.
- Дүйнөнүн топурактарынын картасы
- Ири масштабдагы топурактардын картасы
Топурак жаратылышта заттардын айланышында жана адамдын жашоосунда мааниси чоң. Ойлонулбай жасаган чарбалык иштер топурактардын бузулушуна жана булганышына алып келет. Топурактарды калыбына келтирүү жана жакшыртуу максатында мелиоративдик иштер жүргүлүлөт.
Топурактардын мелиорациясы – жерди эффективдүү пайдалануу максатында жердин ылайыксыз гидрологиялык, топурак ж.б. шарттарын түп тамырынан бери жакшыртуу максатында жүргүзүлүүчү уюштуруу – чарбалык жана техникалык чаралардын системасы.
Мелиорациянын түрлөрү:
1 | Суулу | Суу каптоо, сугаруу, кургатуу, туздуу топурактарды тазалоо |
2 | Токойтехникалык | Токой алкагын түзүү |
3 | Агротехникалык | Катмарды коңторбой айдоо, өсүмдүктөрдү алмаштырып айдоо |
4 | Химиялык | Жер семирткичтерди себүү, акиташтоо, кычкылдандыруу |
Географиялык кабык
Географиялык кабык деген эмне?
Жердин кабыгы, атмосферанын төмөнкү катмарлары, литосферанын жогорку катмары, дээрлик бүт гидросфера жана бүт биосферанын өз ара аракеттенүү жана бири бирине бирдиктүү өтүү абалындагы кабыгы. Географиялык кабыктар бирдиктүү жана ар түрдүү. Бул кенен бүт жерди каптайт(планеталык0 жаратылыштык(географиялык) комплекс. Алардын өлчөмү ар кандай – кичирээк жаратылыш комплекси – ландшафт. Географиялык кабыктардын кескин чек аралары жок, окумуштуулар эсептешет – орточо куубаттуулугу 55 км. Жердин өлчөмү менен салыштырганда – бул аябай жука пленка.
Географиялык кабык – бул биздин үйүбүз, жаратылыштык чөйрө, анда адамдык коом өнүгөт жана жашайт. Бул чөйрөнү сакташ үчүн, географиялык кабыктын касиетин жана закон ченемдүүлүгүн жакшы билиш керек.
Географиялык кабык төмөнкү касиеттерге ээ:
- Кайсы кубулуш же өнүгүү болбосун күн энергиясынын таасири астында өнүгөт .
- Органикалык заттар органикалык эмес процесстердин фотосинтездин натыйжасында жүрөт.
- Анда туруктуу энергиянын жана заттардын айлануусу жүрөт.
- Ал күн энергиясын топтой алат.
- Заттар катуу, газ, эриген абалда боло алат.
- Организмдердин жашоосу үчүн бардык шарттар бар.
Эң маанилүү жалпы географиялык кабыктын закон ченемдүүлүгү анын бирдиктүүлүгү, ритмдүүлүгү, зоналуулугу.
- Ритмдүүлүк
- Бирдиктүүлүк
- Геологиялык айлануу
- Жаратылышта энергиянын жана заттардын айлануусу
Жердеги адамзат
Адамдардын материктер боюнча таралышы
Эмне үчүн адамдар материктер боюнча таралган? Адамзаттын калыптануусу жана өнүгүүсү – бирден бир татаал суроо. Биринчи адамдар кайда пайда болгону, азырынчы белгисиз. Көптөгөн окумуштуулар эсептешет, адамдардын мекени – Африка жана Түштүк-Чыгыш Евразия. Акырындап Жердин башка материктерин таралган.
Көптөгөн миңдеген жылдар адамдын келбети көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Биринчи алар Жерде аз болгон, үйүр-үйүр болуп, токойсуз ачык жерлерде жашашкан. Тарыхый жыйынтыкта жалпы мурастык физиологиялык белгилер боюнча - расага, расалар андан ары антропологиялык топторго бөлүнөт.
- Адамзаттык расалар
- Аралаш расалар
Адамзат планетага бирдей жайгашкан эмес..
Адамдардын көпчүлүгү Чыгыш жана Түндүк жарым шарда көп отурукташкан ал эми Батыш жана Түштүк жарым шарда аз отурукташкан. Антарктидада убактылуу жашоочулар ХХ к. келген. Адамдардын көпчүлүгү Дүйнөлүк океандын жээктеринде, анын деңиздеринде же ага жакын жайгашкан жерлерде, мелүүн алкактын түздүктөрүндө, субтропикалык жана субэкватордук климаттык алкактарда отурукташкан.
- Калктын жайгашуу факторлору
- Жайгашуу контрасты
Калктуу пункуттардын негизги типтери
Азыркы убакта Жердин бардык калкы шаарларда же айылдык калктуу пункуттарда жашайт. Мындай бөлүнүүнүн себеби мурун адамдардын чарбалык иш аракеттери кол өнөрчүлүк жана айыл чарбасына шартталган. Ошонун себебинен шаардык калк кол өнөрчүлүк менен ал эми айылдагылар айлы чарбасы менен эмгектенишет.
Шаарларга ондогон жана жүздөгөн, ири шаарларда - миллиондогон адамдардын отурукташуусу менен мүнөздөлөт. Бул жерде калк өнөр жай тармактарында, тейлөө тармактарында эмгектенишет. Азыркы күндө шаарларда калктын 50% жашайт.
- г.Бишкек
- г.Ош
Айыл кыштактарда калктын саны аз. Айылдын жашоочулары жерди иштетүү жана мал чарбасы менен эмгектенет. Айыл калкы айыл чарба подуктыларын жана өнөр жай үчүн сырьёну шаарларга жөнөтүп, алардан өнөр жай продукцияларын алып турат.
- Айылдык калк
- Кыргызстандын айылы
- Чүй өрөөнүндөгү үч айыл
Айрым айыл кыштактар бар аларды шаарларга же айылдарга киргизүүгө болбойт. Алар шаар тибиндеги поселектор деп аталат. Андай калктуу пункуттарда 12 миңге жакын адамдар жашап, калкынын 85% айыл чарбасында эмгектенет.
Жаратылыш жана адам
Адамды курчаган чөйрө( географиялык чөйрө) – адамзат коомун курчап турган чөйрө, адам тигил же бул өлчөмдө өздөштүргөн жана коомдук өндүрүшкө тартылган географиялык кабыктын бөлүгү.
Ал эми адам өзү жаратылыштын бир бөлүгү экендигин унутуп калып, курчап турган чөйрөнү активдүү буза баштады. Өзүнүн жаратылышка болгон “керектөөчүлүк” мамилесинен “кысуу” аркылуу колдон келишинче материалдык байлыкты алуу менен жаратылыштын закон ченемдүүлүктөрүн бузууда.
Анын себебинен, жаратылыш адамга кесепетин тийгизип жатат. Көп ооруулардын суу аркылуу жугушу, таза эмес аба менен дем алуусу, химиялашкан тамак-аштарды колдонуу.
Адамдын жашоосундагы кыйынчылыктар, ар түрдүү жаратылыштык кубулуштардын кыйратуучулук мүнөзү менен коштолууда. Анын ар түрдүүлүгү Жердин кабыктары менен байланышкан.
- Жердин кабыктарынын табигый кырсыктар менен байланышы
- Картадагы табигый кырсыктар
Адамдын чарбалык иш аракетинин активдешүүсү Жерге абдан чоң терс таасирин тийгизип жатат: ресурстар азайууда, табигый кырсыктардын саны көбөйүүдө, жыл сайын кыйраткыч деңгээлге жетүүдө. Жерди сактап калышыбыз керек, ал үчүн жаратылыш комплекстерин бузганды токтотуу зарыл.
Сөздүк
- Биосфера – географиялык кабыктын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү.
- Бийиктик алкактуулук – тоолордо улам бийиктеген сайын жаратылыш шарттарынын жана ландшафтын закон ченемдүү алмашылышы.
- Географиялык кабык – атмосферанын төмөнкү катмарлары, литосферанын жогорку катмары , дээрлик бүт биосферанын өз ара аракеттенүү жана бири бирине бирдиктүү өтүү абалындагы кабыгы. Анын кубаттуулугу 55 км.
- Географиялык чөйрө – адамзат коомун курчап турган чөйрө, адам тигил же бул өлчөмдө өздөштүргөн жана коомдук өндүрүшкө тартылган географиялык кабыктын бөлүгү..
- Шаар – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш.
- Диатомея – бир клеткалуу балырлар.
- Географиялык ландшафт – географиялык кабыктын аймактык бөлүнүшүнүн негизги категориясы: физикалык географиянын негизги тушүнүктөрүнүн бири.
- Мелиорация – жерди эффективдүү пайдалануу максатында жердин ылайыксыз гидрологиялык, топурак ж.б. шарттарын түп тамырынан бери жакшыртуу максатында жүргүзүлүүчү уюштуруу-чарбалык чаралардын системасы
- Топурак – Жер кыртышынын эң үстүңкү жука табигый түшүмдүүлүккө жөндөмдүү катмары.
- Жаратылыш комплекси – жалпысынан табигый аймактык комплекс (ЖАК) жана табигый чарбалык комплекс (ЖЧК) деп экиге бөлүнөт. Табигый чарбалык комплекс пайдаланылуучу жаратылыш ресурстарын жана белгилүү чарбалык иш аракеттери (а. ч., өнөр жай, транспорттук, реакрециялык) жүргүзүлгөн аймак.
- Жаратылыш ресурстар – адамдын жашоосуна зарыл болгон табигый шарттарынын жыйындысынын бир бөлүгү; табигый чөйрөнүн коомдук өндүрүш процессинде коомдук материалдык жана маданий керектөөлөрүн калыптандырууга жумшалуучу маанилүү компоненти.
- Табигый шарттар — тигил же бул аймактын географиялык абалынын, географиялык чөйрөсүнүн компоненттеринин жана жаратылыш ресурстарынын жыйындысы.
- Раса –тукум куучулук жолу менен берилген сырткы дене түзүлүшү .
- Географиялык кабыктын ритмдүүлүгү – убакыттын өтүшү менен кубулуштардын мезгилдүү кайталанышы, космостук же геологиялык себептер менен шартталат.
- Табигый кырсыктар – адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлүнүүгө учуратуучу табигый кубулуштар жана процесстер
- Географиялык кабыктын бирдиктүүлүгү – бул анын составдык бөлүктөрүнүн өз ара байланышта жана өз ара көз карандылыкта турушу.
- Кеңдик зоналуулук – экватордон уюлду көздөй жаратылыш комплекстеринин алмашылышы.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- География: Справ. материалы: Кн.- с. Для учащихся сред. и ст. возраста/А.М. Берлянт, В.П. Дронов, И.В. Душина и др.; Под ред. В.П. Максаковского. – М.: Просвещение, 1989. – с. 24-34.
- Сезоны года Общеобразовательный журнал http://xn----8sbiecm6bhdx8i.xn--p1ai/%D0%B1%D0%B8%D0%BE%D1%81%D1%84%D0%B5%D1%80%D0%B0%20%D0%B8%20%D1%87%D0%B5%D0%BB%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D0%BA.html
- Открытый класс http://www.openclass.ru/node/344311
- Сайт География https://geographyofrussia.com/geograficheskaya-obolochka/
- Сайт Geography7 http://geography7.wikidot.com/start
- Сайт Науколандия http://scienceland.info/geography6/geographic
- Сайт obrazovaka.ru http://obrazovaka.ru/geografiya/celostnost-geograficheskoy-obolochki.html
- Сайт maxpark.com http://maxpark.com/community/4057/content/2087641