География: Түндүк Америка
Версия от 07:26, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> == Түндүк Америка == <div c…»)
Содержание
Түндүк Америка
Түндүк Америка үч океан менен курчалып турат, толугу менен эки жарым шарда жайгашкан-Түндүк жана Батыш. Аянты аралдары менен 24,2 млн км² - дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Аралдары террирориясынын 1/6 түзөт.Өзгөчө Кариб бассейниндеги аралдар аянты боюнча айырмаланып турат. Дүйнөдөгү эң ири Канада Арктикалык архипелагы. Эң ири аралы Гренландия(2,2 млн км²ка жакын). Түндүк Американын рельефине муз каптоо чоң таасирин тийгизген.
Түндүк Американын географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Географиялык абалы
Түндүк Американын эң түндүк четки точкасы Мерчисон тумшугу (71°50' т. к.)., түштүгүндөгү четки точкасы Марьято тумшугу. Түндүк Американы түндүгүнөн Түндүк Муз океаны, чыгышынан Атлантика, батышынан Тынч океаны чулгайт. Түндүк Американын курамына көптөгөң аралдар кирет: Ньюфаундленд, Гренландия, Алеут жана Багам аралдары. Континенттин аянты жалпы аралдары менен 25 миң. км2. (16% жалпы кургактыктын). Жалпы жээгинин узундугу – 75.4 миң. км2.
Материкти изилдөө тарыхы
ХV кылымдын аягында испаниялык деңиз түзүүчүсү Христофором Колумб жолдоштору менен Түндүк Американын жээктерине чейин жетип Индияга жол ачтым деп ойлогон. Ошол мезгилден баштап өздөштүрүлө баштаган.
Христофор Колумбка чейин эле Х кылымда нормандиялык саякатчы жолдоштору менен Гренландиянын түштүгүнө жана азыркы жээктерине чейин жеткен.
Бирок жаңы жерлерди колониялаштыра алган эмес. Нормандиялыктар континенттин тундүгүндөгү татаал жаратылыш шарттарына дуушар болушкан. Бул аймактын мындай катаал шары жана Европадан алыстыгы аларды коркуткан.
Христофор Колумбдун жаңы жерлерди ачышынан кийин дагы төрт жолу Америкага саякат жасалган. ХVI кылымдын аягында испаниялыктар түндүк америкалык жерлерди колониялаштырып баштаган.
Кылымдын жарымында белгилүү деңиз Жак Картье Канаданын жээгине жеткен, Канаданын азыркы атын берген. Испаниялык экспедитор,бул аймактын тушүмдүү жерлерин басып алам деп жергиликтүү элдери-индеец тер менен каршылашкан
Түндүк Американы өздөштүргөн деңиз сүзүүчүлөрүАлександр Макензи,Джон Дэвис, Вильям Баффин, Генри Гудзон болгон. Алардын изилдөөлөрүнүң негизинде континеттин Тынч океан жак жээктери изилденген.
Жаңы континенттин ачылышы Европалыктар үчүн жашоодогу бурулуш болгон. Европалык көптөгөн деңиз сүзүүчүлөрү жаңы аймактарды өздөштүрүү максатында деңиз экпедицияларына чыгышкан. ХVIII кылымдын башында Түндүк Американын бардык региондору ачылган, Алясканын Тынч океан жээктеринен башкасы.Материкти изилдөөдө орус саякатчыларынын салымы чоң. Григорий Шелиховдун экспедициясынан кийин Орус Америкасы деп аталган-Аляска ачылган. ХVIII кылымдын ортосунда биринчи орустар бара баштаган.
Түндүк Американын жаратылышы
Аризона штатындагы Чоң Каньон
Түндүк Американын бирден бир визиттик карточкасы, Чоң Каньон Аризон штатынын территориясында жайгашкан. Анын узундугу 445 километр, туурасы– 29 километрге жетет, тереңдиги– 1800 метр. Колорадо дарыясы, өзүнүн атына окшош бөксө тоо менен агат , агымында ири өлчөмдөгү каньонду пайда кылат, 6 миллион жылдан бери аскалуу тоо тектеринде каньонду пайда кылууну улантып келет. Анын пайда болушуна жаан-чачын жана шамал жардам берет.
Кинг-Кэньон улуттук паркы менен Секвойя бирдиктүү атайын бөлүнгөн улуттук парк катары эсептелет. Калифорниянын чыгышындагы уникалдуу корголуучу территориясынын өзгөчөлүгү реликт токой массивинде. Ал Сьерра-Невада кырка тоосунун туштүк капталын тосуп турат. Ушул аймакта гана дүйнөдөгү жаш токойлордун бөлүгү жайгашкан. Гигант секвойянын узундугу 100метрге жетет жана 3 миң жылга чейин жашайт.
ЮНЕСКОНУН дүйнөлүк мурас объектиси Йе́ллоустон 1872 жылы дүйнөдөгү биринчи улуттук парк болуп негизделген.
Монументтердин өрөөнү – бул территорияны Эстеликтердин өрөөнү деп аташат. Тоолордон калган калдыктар ар кандай фигураларды пайда кылат. Анизон жана Ютанын чек араларында геологиялык укмуштуу түзүлүштөр бар. Кызыл кумдуу аскалар Колорада бөксө тоосунун өрөөнүндө таралган. Алар скульптордун катып калган ар кандай монументти элестетет.
Мамонт үңкүрү – бул уңкүрдүн эч кандай мамонттор тиешеси жок. Англиялык «mammoth» деген сөзү үңкүргө карата эле ири деген мааниде аталган Аппалачи тоолорунун батыш этегиндеги Флинт кырка тоосунун акиташ тегинде пайда болгон. үңкүрдө 225 өткөөл, 47 кумпа, 23 терең шахта бар экени аныкталып, алардын жалпы уз. 74 кмден ашык, тереңдиги 300 м. Жыл сайын спелеогологдор бир нече жаңы жолдорду ачат. Учурдагы узундугу 587 км.Жылдан жылга спелеологи Мамонт үңкүрүн изилдеп улам жаңы карстык системаларды табууда.
Чарбасы жана экологиясы
АКШ жана Канада дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттерден. Чоң жети мамлекеттин катарына кирет. Ошону менен бирге АКШ-эң экономикалык кубаттуу, согуштук саясий дүйнөлүк потенциал катары эсептелет. Дүйнөлүк өнөр жайдын 20%, дүйнөлүк тамак-аштын 15%, дүйнөлүк сооданын 15% туура келет. АКШы континенттин лидери жана дүйнөлүк чарбанын алдыңкысы, бардык өнөр жай, илимди көп талап кылуучу өнөр жай тармактары бар. Ошондой эле автомобиль куруу, авиакосмостук, электрондук, органикалык синтез өнөр жай тармактары алдыңкы орунда ж.б.
АКШнын жана Канаданын экономикасында чечүүчү ролду ири ТУК ээлейт. Алардын ичинен эң кубаттуулары «Дженерал Моторс», «Форд», «Эксон», «Дженерал Электрик», «Кока-Кола», «ИБМ», «Майкрософт», «Филип Моррис »,« АТТ »,« Интел »жана башкалар.
Жыл сайын АКШ на 55 млн.го жакын туристер келип турат, Канадага — 19 млнго жакын турист келет. Чет өлкөлүк туристерден түшкөн киреше боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. 100 млрд. долл арга жакын киреше түшөт, АКШда ички туризм жакшы өнүккөн. Жылына 160 млн. америкалыктар автомобиль менен саякатташат.АКШнын түндүк региону жогорку өнөр жайлуу. Айыл чарбасында негизги орунду дан чарбасы түзөт. Техникалык өсүмдүктөрдөн (пахта, кант кызылчасы, тростник, соя. тамеки ж.б) өстүрүлөт. Мал чарбасы традициялык эт багытында багылат. Ошону менен бирге АКШ дүйнөдөгү ири өндүрүштүк эмес тейлөө, туристик-рекреациялык чөйрөсү боюнча өзгөчө орунду ээлейт.
Мамлекеттери жана элдери
Түндүк Американын жергиликтүү элдери- индейцтер, эскимостор, алеуттар. Алар Түндүк Америкага Азиядан өткөн монголоид рассасындагы элдер. Европадан келгендер жергиликтүү элдердин жерлерин тартып алышып, аларды жашоо шартка ыңгайсыз жерлерге жашаганга мажбур кылган. Азыр Түндүк Америкада 400 млн. жалпы калктын ичинен индейцтердин саны 20 млн. адам.
- Түндүк Американын калкы
- Европалыктардын Түндүк Америкага жайгашышы
Материктин азыркы кездеги негизги калкын европалыктардын укум тукумдары түзөт. Алар Великобританиядан жана Франциядан (АКШына жана Канадага), ошондой эле— испаниялыктар (Мексика жана Борбордук Америка мамлекеттерине) отурукташкан. Материктин калкынын көпчүлүк бөлүгү франкоканадалыктар— французча, Мексиканын жана Борбордук Американын жашоочулары- испан тилинде сүйлөшөт. Мексиканын территориясындагы айрым индейцтер өз тилдерин сактап калган. Түндүк Америкада 20 млндон ашык негрлер-Африкадан алынып келинген, плантацияларда иштеген кулдар болгон. Негрлердин көпчүлүгү АКШ нын Карибассейниндеги мамлекеттеринде жашайт. Алар англис тилинде сүйлөшүп официалдуу америкалык улуттун калктын түзөт. Борбордук Америкада жана Кариб деңизиндеги аралдарда аралаш элдер көп-метистер жана мулаттар.
Материктин территориясында калк бирдей отурукташкан эмес. Калктын жыштыгыы Кариб деңизинде жана Борбордук Американын материктик жагында өтө жогору. Калктын жыштыгы 1км.кв.ка200 адамдан ашык отурукташкан. Бул территорияларды байыркы убакта индейцтер (ацтектер, майялар)тарабынан жакшы өздөштүрүлүп өнүккөн мамлекетти түзгөн.
Улуу көлдөрдүн айланасындагы территориялар-экинчи калктын жыштыгы жогорку бөлүгү. Тынч океандын жээктеринде айрыкча АКШ территориясында калктын жыштыгы өтө жогору.
Түндүк Американын мамлекеттери экономикалык деңгээли боюнча ар түрдүү. АКШты континентеги өнүккөн өлкө гана эмес дүйнөдөгү экономикасы эң жогору өнүккөн мамлекет. Бул мамлекеттин территориясы үч бөлүктөн турат: негизги материктик бөлүгү, Аляска жана Гавай аралдары. Материктин түндүгүндө экономикасы өнүккөн – Канада мамлекети жайгашкан. 1959-жылы Түндүк Америкада социалистик багыттагы Куба Республикасы түзүлгөн. Мексика жана Борбордук Америка – өнүгүп келе жаткан мамлекеттер. Бул мамлекеттер мурунку испаниянын колониясы болгон, мурунку кылымда көз карандысыздыкка жетишкен, бирок экономикалык жактан АКШна көз каранды болгон. Борбордук Американын жана Кариб бассейниндеги аралдык 20 мамлекеттен экономиакасы өнүккөн-Мексика мамлекети. Кариб деңизиндеги анча чоң эмес аралдар АКШнын,Великобританиянын, Франциянын ээлигинде. Гренландия аралы Данияга тиешелүү, өз алдынча башкарууга жетишкен.
Пайдалуу шилтеллмелер
Сөздүк
- Түндүк Америка – толугу менен түндүк жана батыш жарым шарда жайгашкан жана эски дүйнө бөлүктөрүнөн океандар менен бөлүнүп турат.
- Вест-Индия - Вест-Индия регионунун атын биринчи европалык деңиз сүзүүчүсү берген. Индияга бардым деген жаңылыштык боюнча атаган. Анткени Европадан батышка багыт алышкан. Ушундан баштап Американын жергиликтүү элдери-индейцтер деп аталган. Бирок Вест-Индияны Батыш Индиядан айырмаласа болот-булар ар башка региондор. Бирок «Вест-Индия» которгондо «Батыш Индия».
- Улуу көлдөр – улуу көлдөргө беш көл кирет: Верхнее, Гурон, Мичиган, Эри и Онтарио, айрым убактарда Сент-Клэр көлүн киргизип жүрүшөт. Алар эң чоң Жер шарыындагы таза суунун группасын түзөт(жалпы аянты 244 106 км², жалпы көлөмү 22 671 км³), 21 % кургактыктагы таза сууну (84 % Түндүк Америкадагы таза суунун запасын ) түзөт.
- Чоң Туздуу көл – суу агып чыкпаган көл, туздуулугу өзгөрүлөт: 2500 до 6000 км2 жана 137 ден 300%
- Миссисипи менен Миссури – узундугу боюнча дүйнөдөгү үчүнчү дарыя (6240км) ал эми бассейндин аянты (3,3 млн км2).
- Мак-Кинли - Түндүк Американын бийик точкасы (6194м) Кордильердеги Аляска кырка тоосунда. .
- Өлүк өрөөнү- Кордильердин эң төмөнкү точкасы (86 метр деңиз денгээлинен төмөн).
Адабияттары
- Вся информация о Северной Америке. http://geoman.ru/geography/item/f00/s04/e0004100/index.shtml
- Северная Америка — статья из Большой советской энциклопедии. (Общие сведение)
- Список государств и зависимых территорий Северной Америки
- Зубарев В. Г., Тюрин Е. А., Бутовский А. Ю. ::: История древней Центральной и Южной Америки ::: Зубарев В. Г.(Источники древней истории Южной Америки)
- Хозяйство и экология Северной Америки https://sites.google.com/site/geografiamaterikovistran/classroom-news/uznaa-amerika/hozajstvo-ekologiceskie-problemy
Ал Сент –Джон дарыясында Фанди булуңу анын бийиктиги 18метр. Шаркыратма дарыя бири бирин көздөй жылат. Приплыв башталганда шаркыратма жана дарыя бири бирин көздөй агат.
Туура жолду тапкыла:
- Нью-Йорк – АКШнын борбору.
- США –бирден бир дүйнөдөгү өнүккөн мамлекет.
- Колорадо дарыясынын Каньону ар башка боёктогу капталдарга ээ.
- Скунс – Мексиканын укмуштуу жаныбары.
- Йоллоустон улуттук паркы – дүйнөдө экинчи, 1872 жылы негизделген.
- Канадада эки мамлекеттик тил – английский и французский.
- Куба, Ямайка, Гватемала, Коста-Рика жана башка малекеттер БорбордукАмерикада.