География: Түштүк Америка
Версия от 07:24, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> == Түштүк Америка == <div c…»)
Содержание
Түштүк Америка
Дүйнөдөгү жашыл материк деген атка ээ болгон материк. Түштүк Америка-бул рекорддордун материги. Материктин географиялык абалы, изилдөө тарыхы ,жаратылышы, жаратылыш аймактары, рекорддору боюнча маалымат берилет. Материк боюнча кошумча маалыматтарды аласыңар. Кызыктуу жерлери, кызыктуу фактылары менен таанышып суроолорго жооп бересиңер.
Түштүк Америка батыш жарым шарда жайгашкан эки континенттин бири болуп саналат. Атлантика жана Тынч окандын суулары менен курчалып турат. Жээктеринин көрүнүшү Гондвана материгинен бөлүнгөнүн көрсөтөт, жээктери аз тилмеленген, аралдары, жарым аралдары аз. Оттуу Жер архипелагы гана материктин түштүгүндө жайгашкан. Аянты боюнча материк төртүнчү орунда 18,3 млн.км2. Материкти изилдөөдө Х.Колумб, А.Виспучи, А.Гумбольттун салымдары чоң.
Түштүк Америка эң жаан чачындуу материк, анын көпчүлүк бөлүгү экватордук кеңдиктерде жатат, ошондуктан океандардан нымдуу абалар жаан чачындарды көп алып келет. Материкте Жер шарынын эң нымдуу жери жайгашкан. Анды тоосунун батыш тарабында жыл бою жааган жаан, жер бетин 15метрге чейин каптап кетмек. Жер бетиндеги эң кургак Атакама чөлүндө бир да тамчы жаан жаабайт. Материк экватордук , субэкватордук, тропиктик, субтропиктик жана мелүүн алкактарда жайгашкан.
- Амазонка дарыясы
- Амазонки суу өсүмдүгү
Түштүк Американын аймагында эң чоң дарыя-Амазонка дарыясы жайгашкан. Анын аянты Австралиянын аянтына барабар.Түштүк Америкадагы маанилүү дарыя системалары Aмазонка, Oриноко жана Парана, 9.583.000 км2. (Американын 17.850.568 км² аянтына барабар). Түштүк Америкада Гвиана бөксө тоосунан агып түшүүчү дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма – Ангель жайгашкан. Абдан кубаттуу шаркыратма- Игуасу айрыкча белгилүү.
Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Материктин географиялык абалынын өзгөчөлүгү
Түштүк Американын географиялык абалынын өзгөчөлүгү, анын үч бурчтук форманы ээлеп, ошонун негизинде экватордук алкакта жайгашканында, ал эми бийиктиктери түштүк уюлду көздөй багытталгандыгында. Экватор материкти түндүгүнөн кесип өтөт. Андан сырткары түштүгүнөн түштүк тропик кесип өтөт. Материктин көпчүлүк аймагы алардын ортосундагы параллелдерде жатат. Ошондуктан материк жыл бою көп сандагы күндүн энергиясын алат.
Генуэзиялык деңиз сүзүүчүсү Кристобаль Коломбо, испан королунун алдында иштеп, Христофор Колумб деген ат менен тарыхта калган. Эгерде Жер шар формасында болсо, байлыктын крайы болгон Индия жана Кытайга сүзүп барса болот -деп сунуштаган. 1492-жылы Христофор Колумб Антиль аралдарына жеткен. Ошентип Жаңы Дүйнөгө экинчи жолу жол ачылган.
ХV кылымда флорентиялык саякатчы Америго Веспучи Колумб тарабынан ачылган жерлердин жаратылышын изилдеген. Ал мындай жыйынтыка келген, бул жерлер Евразиянын бир бөлүгү эмес, жаңы материк болуш керек деген. Кийин бул материкти Америгонун атынан Америка деп атаган.
Материктин жаратылышын изилдөөдө немец географы Александр Гумбольддун ролу чоң. 1799-1804 жылдарда Борбордук Америкага саякаттаган. ХIХ кылымда материктин аймагы толук изилдене баштаган. 1821-1828 жылдары Григорий Иванович Лангсдорф жетектеген орустардын экспедициясы Бразилиянын аймагын изилдеген. Амазонка ойдуңунун геологиясы, климаты, өсүмдүк жана жаныбарлары боюнча баалуу маалыматтарды англиялык саякатчы Генри Бейтс 1848-1859 жылдары чогулткан.
- Түштүк Американы ачуу жана изилдөө тарыхы
Түштүк Американын жаратылышы
Түштүк Америка — аянты боюнча 4чү материк, түштүк жарым шарда жайгашкан. Беш климатыкк алкакта жатат, ал өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчөлүгүн аныктайт: экватордук, субэкватордук, тропиктик, субтропиктик жана мелүүн алкактар, материктин көпчүлүк бөлүгүндө жылуу климатты пайда кылат. Өсүмдүк жаныбарлары ар түрдүү-рекорддордун материги деп атасак дагы болот.
Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө абдан бай, айрым түрлөрү ушул аймакта гана кездешет. Түштүк Америка-көп жагынан рекорддорго ээ.
Рельеф
Материктин рельефи шарттуу түрдө 2 зонага бөлүнөт-түздүктүү чыгыш бөлүгү жана тоолуу батыш бөлүгү. Анды тоосу Түндүк Американын – Кордильер тоо массивинин уландысы. Бул планетадагы эң узун тоо системасы.
Түштүк Американын өсүмдүктөр дүйнөсү
Түштүк Американын өсүмдүктөрү материктин байлыгы. Баардыгыбызга белгилүү болгон өсүмдүктөрдөн помидор, картошка, жүгөрү, шоколад багы, каучук багы ушул жерден ачылган. Материктин түндүк бөлүгүндө тропикалык токой өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү менен таң калтырат, бүгүнкү күндө окумуштуулар өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн ачууда.
Токой абдан жыш, аралап өтүүгө кыйынчылыктарды жаратат. Тропикалык токойдун мүнөздүү өсүмдүгү сейба, бактардын бийиктиги 100мге чейин жетип, 12 деңгээлге бөлүнөт!
Сеьлвадан түштүктө, өткөөл-нымдуу токой жана саванна жайгашкан. Бул жерде өтө баалуу жана сейрек бактар өсөт. Саваннада анча чоң эмес токойлор чөптүү бадалдар менен алмашат.
Андан түштүгүрөөктө пампас жайгашкан-түштүкамерикалык талаа. Бул жерден Евразияга мүнөздүү болгон чөптөрдүн бардык түрүн кездештирсе болот: канат чөп, сакалчан.
- Өткөөл-нымдуу токой
- Пампасы
Материктин түштүгү-чөлдүү. Климаты өтө катаал болгондуктан өсүмдүктөргө жарды.
Түштүк Американын жаныбарлар дүйнөсү
Жаныбарлары дагы өсүмдүктөрү сыяктуу эле көп түрдүү. Көп түрлөрү дагы эле болсо аныкталган эмес. Эң жаныбарларга бай аймак-амазонка сельвасы.
- Бизондор
- Көк-аяктуу йогой
Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча сельвада сүт эмүүчүлөрдүн 125 түрү жашайт, канаттуулардын 400дөн ашыгы жана аныктала элек курт-кумурскалардын жана омурткалуулардын түрлөрү бар. Амазонканын суу дүйнөсү да абдан бай. Алардын эң белгилүүсү-пиранья жырткыч балыгы. Башка белгилүү жырткычтардын-крокодильдер жашайт.
Түштүк Американын саваннасы дагы фауналарга бай. Бул жер укмуштуу жаныбарлар, мекени - "броненосец" бир гана жерден тапса болот. Башка жаныбарлардан - муравьед, нанду-төө кушу, көз айнектүү аюу, пума, кинкажу.
Материктин пампасында бугу ламалар бар, алар ачык аймактарда жашашат. Анткени алар чөп таап жегенге ыңгайлашат. Андыда өзгөчө ламалар жана альпактар бар, алардын жүндүү терилери бийик тоолордун суугунан сактайт.
- Броненосец
- Ламалар
Патагониянын чөлдөрүндө, таштуу топурактарда катуу жалбырактуу бадал өсүмдүктөрү өсөт. Ошого байланыштуу майда жаныбарлар жашайт: курт-кумурскалар, кемирүүчүлөр.
Түштүк Америкага тынчокеандык Галапогос аралдары кирет, ал жерде укмуштуу таш бакалар кездешет.
Түштүк Американын чарбасы жана экологиясы
Калктын негизги массасы жана чарбанын негизги тармактары салыштырмалуу чектелген аймактарда жайгашкан: Түштүк Американын жээк жактарында же болбосо Колумбиянын тоолуу аймактарында.
Азыркы экономиканын экспорттук секторун-кен казуу жана түстүү металлургия, айыл чарбалык прдуктыларды биринчи иштетүү жана өндүрүү түзөт. Түштүк Американын адистешкен дүйнөлүк чарбасы нефь, темир рудалары, боксит, кант, банан, кофе( анын ичинде эригени), какао, пахта, жүн, тропикалык бактарды иштетүү.
Ошондуктан автомобиль, темир жолдору, куур түтүктөрү айыл чарбасында сырелук тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Жүктөр АКШнан Батыш Европага жана Японияга ташылат.Өнүккөн мамлекеттерге региондун товардык айлануусунун 80% туура келет.
Кайра иштетүүчү өнөр жайлары биринчи орунда ички рыноктогу керектөөнү камсыз кылуугу жумшалат. Анткени калктын саны тез темп менен өсүүдө. Бул аймактын эң чоң концетрациясын мүнөздөйт: 90% анын кубаттуулугу 50 латынамерикалык шаарларда жайгашкан, анын ичинен 35% 3 ири шаардык агломерацияларда-Сан-Пауло(Бразилия), Буэнос-Айрес(аргентина), Мехико( Мексика).
Экологиялык көйгөйлөрү
Мурунку кылымдын ортосунда, Амазонканын дайыма көгөрүп туруучу токойлоруна эч кандай коркунуч жок болчу. Трансамазонка магистралынын курулушу менен адамдардын экватордук токойлорунун ичкери жагына чейин барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошону менен жыгач даярдоонун масшабы кеңейди. Бул амазонка токойлоруна коркунуч алып келүүдө.
Экватордо жана тропикада дыйканчылык өнүгө баштады, аны менен экосистеманын биринчи абалы өзгөрүүдө. Экватордук жана тропикалык кеңдиктерде кофе, какао, банан, ананас, кант тростниги жана башка өсүсдүктөр өстүрүлө баштады.
Айрыкча кендерди казып алуучу аймактарда жаратылыш комплекстери өзгөрүлгөн. Кендерди ачык жол менен казып алууда карьерлердин кеңдиги бир нечелеген километрлерге созулууда. Өнөр жайлуу борборлор Сан-Паулу жана Буэнос-Айрес материктин бирден бир булганган аймактарынан.
Материктин негизиги экологиялык проблемасы –экватордук токойлорунун кыйылышы. Экватордук токойлордун массалык кыйылышы анын азайышына алып келүүдө,бул материкке гана эмес планетага да таасирин тийгизет.
Түштүк Американын элдери жана мамлекеттери
Түштүк Американын элдери
Тштүк Американын элдерин этникалык курамы боюнча үч категорияга бөлүнөт: актар, метистер жана индейцтер. Метистер Парагвай, Венесуэла, Эквадор и Колумбияда жашайт. Аргентина, Бразилия, Уругвай жана Чилинин жашоочулары европалыктардан келип чыккан.
Боливия жана Перу мамлекеттеринде аборигендердин тукумдары-этникалык индейцтер жашайт. ХIХ кылымдын башында Түштүк Америка мамлекеттерине Европадан келген мигранттардын толкуну көбөйгөн.
Азыркы күндө Түштүк Американын бешинчи жашоочусу түздөн түз испаниялыктардын жана италиялыктардын тукумдары. Калктын көпчүлүгү дээрлик христиан динин тутушат(католизм,протекционизм агымдары).
Туштүк Америка мамлекеттерине келүүчү мигранттардын жогорку деңгээли жумушчу орундарын камсыз кылат. Бул кылмыштуулуктун көбөйүшүнө алып келүүдө.
Материктин мамлекеттери
Түштүк Америка он беш мамлекеттен турат, алар материкте жайгашкан жана материкке жакын жайгашкан территориялык аймактары да кирет.
Түштүк Американын мамлекеттери: Гватемала, Бразилия, Боливия, Уругвай, Тринидад жанаТобаго, Коста-Рика Парагвай, Перу, Уругвай, Чили, Бразилия, Эквадор, Аргентина, Антарктика жана Венесуэла.
Түштүк Американын мамлекеттери өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Ар бир мамлекети жаратылыш ресурстарына жана илимий адамдык потенциалына бай.. Түштүк Американын негизги экономикалык портнерлору: АКШ, Кытай, Великобритания жана Германия. Түштүк Американын ири шаарлары: Рио-де-Жанейро (6 млн.), Сан- Пауло (11 млн.), Буэнос-Айрес (3 млн.), Лима (7 млн.), Каракас (3 млн.).
Пайдалуу шилтелмелер
Сөздүк
- Амазо́нка (исп. жана порт. Amazonas) — Түштүк Америкадагы дарыя. Мараньон жана Укаяланын кошулушунан пайда болот. Узундугу Мараньон куймасы менен — 6992,06 км, Апачет куймасы, Укаяли куймасы менен 7000 кмден жогору. Амазонка өзүнүн узун куймалары менен эң узун Нил дарыясына тендешет. Бирок дүйнөдө дарыя бассейнинин аянты боюнча эң ириси болуп эсептелет.
- Анд – Эң узун тоо системасы.Бул тоо Кариб денизинен тартып Оттуу Жер аралдарына чейин созулган (9 миң км.)Анд тоосунун эн бийик жери Аконкагуа бийиктиги -6962 метрге жетет. Анд тоосунун кенен жери 500 километр, эң эле кенен жерлери 750 м. Орточо бийиктиги 4000 метр.
- Атака́ма чөлү (исп. Desierto de Atacama) — Түштүк Американын батыш жээгинде Чилинин территориясында ( 22° жана27° т. к.аралыгында)жайгашкан. Экинчи тынчокеандык согушунан кийин (1879—1883) Боливияга караган. Аянты — 105 000 км².
- Марака́йбо — ири туздуу көл ( географиялык булуңда) Венесуэлада жайгашкан. Тоо аралык тектоникалык ойдуңдун аралыгында Сьерра-де-Периханын батышында жана Кордильера-де-Мериданын түштүгүндө жана чыгышында орун алган.
- Титика́ка (исп. Titicaca, кечуа Titiqaqa, айм. Titiqaqa) — Түштүк Америкады көл, таза суунун эң чоң запасы бар жана аянты боюнча Түштүк Америкада экинчи орунда Маракайбо көлүнөн кийин, деңиздик булуң катары эсептелген), бийик тоолуу кеме жүрүүчү көл. Борбордук Анды кырка тоосунда Альтиплано бөксө тоосунда, Перу жана Боливиянын чек арасында жайгашкан. Ири ишаарлар— Пунонун батыш жээгинде; 19 км аралыкта Тиуанако шаары жайгашкан. Көлдүн айланасында аймар жана кечуа элдери отурукташкан.
Адабияттары
- Скромницкий А., Талах В. Энциклопедия доколумбовой Америки. Часть 1. Южная Америка. Том 2. Источники XVI-XVII веков по истории Южной Америки: Хроники. Документы.. www.kuprienko.info (А. Скромницкий) (11 февраля 2012). Проверено 11 марта 2012.Архивировано 26 мая 2012 года.
- История древней Центральной и Южной Америки http://www.tula.net/tgpu/resources/history/lec3.html
- ЭНЦИКЛОПЕДИЯ КРУГОСВЕТ: Александр Гумбольдт http://www.krugosvet.ru/enc/nauka_i_tehnika/biologiya/GUMBOLDT_ALEKSANDR.html
- Би-би-си - В мире - В Южной Америке появится региональный парламент http://news.bbc.co.uk/hi/russian/international/newsid_7677000/7677446.stm
Анхель – дүйнөдөгү эң ири шаркыратма. Түштүк Америкалык Венесуэла мамлекетинде. Анын бийиктиги 1000 метр. Бул жаратылыштын керемети, киши бара албаган аймакта, аны ар бир эле адамдар көрө албайт.
Мбул эң байыркылардын бийик тоолуу шаары. Аны индейялыктардын тукумдары Анды тоосунда Перуга салган. Мачу-Пикчу -азыркы мезгилдеги дүйнөдөгү бирден бир кооз,таңкалтырган аймактардын бири.
Билесиңерби, эмне түштүкамерикалык Венесуэла мамлекети европалык шаар Венециянын атынан коюулган? Флорентиялык саякатчы Америго Веспуччи Внесуэланын курулуш принципин карап чыгып ( каналдардын системасын, үйлөрдүн сууда курулушун) Венеция менен окшоштурган. Түштүк Американын мамлекетинин аталышы ушундан келип чыккан.
Материктин чыгышында,
Тоодон дарыя агат.
Андай толтура эч жерде жок,
Енисэйдин он экиси бар.