География: Кыргыз Республикасы
Версия от 07:13, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> == Кыргыз Республикасы…»)
Содержание
Кыргыз Республикасы
Кыргыз Республикасы ажайып асман тиреген тоолордун мекени. Өзгөчө-таза абасы,тунук көлдөрү, булактын суулары,карлуу бийик зоолору-бул Кыргыз Республикасынын жаратылышы. Бул барактар силерди ажайып кооз дүйнөгө алып барат. Силер республиканын географиялык абалы,изилдөө тарыхы,Улуу Жибек Жолу,геэкологиясы,туруктуу өнүгүшү менен таанышасыңар. Кыргыз Республикасы боюна саякатка чыгып, билимиңерди толуктайсыңар.
Географиялык абалы жана изилдөөтарыхы
Кыргыз Республикасынын территориясы эки тоо системасынын аралыгында жайгашкан.Түндүк-чыгышта көп бөлүгү Тянь-Шань тоолорунун батыш бөлүгүндө, түштүк-батышы Памир-Алайдын түндүк тармактарында жатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы бийик тоолордун кыры, суулар, бир аз жери Чүй, Талас,Фергана өрөөндөрү аркылуу өтөт, Республиканын түндүк чек арасы Баку, Рим, Нью-Йорк менен бир кендикте, түштүгү-Лиссабон жана Вашингтон менен бир кеңдикте жатат.
Изилдөөчүлөрдүн баалоосу боюнча республиканын 97,8% аймагы, 8-9 балл жер титрөөчү аймагында жайгашкан.
Азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы жайгашкан жерлердин, калкы жана чарбасы жөнүндө байыркы жана орто кылымдардагы авторлор, саяакатчылар, изилдөөчүлөр жазып келишкен. Кызыктуу маалыматтар жана географиялык баяндамалар, ортоазиялык окумуштуулардын сочиненияларында, мамлекеттик башчыларда ХI-ХVI кылымдарда Юсуф Хасс Хаджиб Баласагун, Махмуд Кашгари, Мухаммед Хайдара, Захириддин Бабур ж.б жазууларында сакталып калган. Махмуд Кашгари (1076)түзгөн дүйнөнүн картасында, Теңир-Тоо жер шарынын борборунда жайгашышын, тоо системаларын кеңдик багытта көрсөткөн. Ар тараптуу географиялык баяндама берген: Фергана аймагына Бабур1530ж., Ысык-Көлдү -1547ж. Хайдарды баяндаган.
Белгилүү салым кошкон орустун илимий өкүлдөрү П.П. Семенов-Тянь-Шаньский, Н.М. Пржевальский, Н.А. Северцов, А.П. Федченко, И.В. Мушкетов, В.В. Радлов, В.В. Бартольд жана башкалар. П.П. Семенов биринчи орус окумуштуусу, Ысык-Көлгө чейин келип илимий изилдөө жүргүзгөн. Башка дагы көрүнүктүү изилдөөчүлөр чоң салым кошкон.
Улуу Жибек жолу
Кыргыздардын тарыхында жана мамлекеттик биригүүдө Улуу Жибек Жолунун ролу чоң.
Кыргызской Республикасынын байыркы элдери жана территориясы дүйнөлүк тарыхтын феномены экономикалык жана маданий борбордун булагы болгонУлуу Жибек Жолунда болгондугунда.
Соода жолундагы ыңгайлуу географиялык абалды ээлеп, Батыш менен Чыгыштын маданий жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, Кыргыз Республикасы Батыш менен Чыгыштын көпүрөсү болуп бириктирип турган.
Кыргыз Республикасынын территориясы аркылуу байыркы үч бутактагы караван жолу. Памир-Алай, түштүк жана түндүк бутактары Тянь-Шань жана Памирдин ашуулары аркылуу өткөн.ХVкылымга жакын Чыгыш менен батышты байланыштырып келген Улуу Жибек Жолунун багыты миң жыл аралыгында каравандардын жолдору мүнөздүү өзгөрүлүп келген. Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөн жол дайыма туруктуу өзгөрүлгөн эмес. Бул ” байыркы караван жолунун өзгөчө “тоо дарбазасынын сактоочусу” катары болгон.
Жарытылыштык ажайып кооз жерлеринен башка Кыргызская Республикасы Улуу Жибек жолундагы тарыхый-маданий эстеликтерге бай. Ушул жерлерге соодагер көпөстөр Таш-Рабат сарайына, Сулайман тоонун этегине,”Бурана” мунарасына,”Өзгөн” архитектуралык комплексине токтоп кетип турушкан.
Улуу Жибек Жолу сооданын өнүгүшүнө гана түрткү бербестен, жүздөгөн жылдар бою башка элдердин ой мүдөөлөрү менен алмашууга шарт түзгөн.
Геэкологиялык көйгөйлөр. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшү
Айлан-чөйрөнүн коопсуздугун адам баласынын коопсуздугун, бирдей карай турган болсок бир нече категорияны камтыйт: коопсуз экономика, коопсуз тамак-аш, коопсуз ден-соолук, коопсуз айлана-чөйрө, коопсуз инсан, коомдук жана саясий коопсуздук. Кыргыз Республикасы айлана чөйрө жана адамзаттын коопсуздугунун өзгөрүүсүн изилдөөсү боюнча төмөнкүлөр белгиленет: коопсуз суу,коопсуз тамак-аш, коопсуз энергия, атмосферанын өзгөрүшү жана анын коопсуздугу, жаратылыштык ресурстарды пайдалануудагы өзгөрүүчүлүк ж.б.
Кыргыз Республикасынын УЛУТТУК СТРАТЕГИЯЛЫК туруктуу өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы боюнча 21 январь 2013 жыл №11 2013-2017 жыл.Туруктуу өнүгүү дүйнөлүк практикада - бул компоненттердин өнүгүүсүнүн жыйындысы; экономикалык жана экологиялык ар бир компонентке мамлекеттик сапаттуу башкарууга жетишүү менен туруктуу өнүгүү моделине өтүү курсу турат жана биринчи беш жылдык өткөөл этап.
Кыргыз Республикасынын Улуттук программасы туруктуу өнүгүү стратегиясы боюнча төмөнкү принциптерди эске алат: экономиканын өнүгүшүнүн жогорку темпин прогноздоодо сөзсүз социалдык пайданы жан экологиялык кесепетти эске алуу; туруктуулук экономикалык өсүүдө социалдык жана экологиялык өлчөөсүз мүмкүн эместигин; сапатту өзгөрүүгө басым жасоо ал эми сандык өсүүгө эмес.
Кыргыз Республикасынын алдында мамлекеттин экономикасын модернизациялоонун наркын баалоо турат “жашыл”өнүгүүгө жетишүү. Биз бүгүн түшүнөбүз бул арзан эле тура койбойт. Бирок “жашыл” өнүгүү экономиканы, келечектүү туруктуу өнүгүүгө алып баруучу вектору.
Пайдалуу шилтелмелер
Сөздүк
- Улуу Жибек Жолу – караван жолу, Чыгыш Азияны Жерортолук деңизи менен байыркы жана орто кылымдарда байланыштырган. Биринчилерден болуп Кытайдан жибек ташылгандыктан анын аталышынын себеби да ушундан келип чыкан. Жол II к.биздин кылымга чейин салынган, Сиандан, Ланчьжоуга, Дуньхуанга чейин. Жол эки багытта кеткен: түндүк багыты Турфан аркылуу келип Памирди кесип өтүп Фергана аркылуу казактардын талаасы менен, түштүгү-Лоб-Нор көлү аркылуу Такла-Макан чөлүнүн чети менен Яркен жана Памир (түштүк бөлүгү) Бактрга, андан – Парфийге, Индияга жана Жакынкы Чыгыштан Жерортолук деңизге чейин жеткен. Терминди немец географы Рихтгофен 1877 жылы киргизген.
- Геосаясий абалы – Кыргыз Республикасы көз карандысызыгын аныктагандан бери, өз алдынча коом мамлекет катары саясий абалы менен коомдук динамикалык цивилизациянын дүйнөлүк интеграциялык жолдун багытында турат.Бирок геосаясий мозаикага кошулуу үчүн бул жетишсиздик кылат. Кыргыз Республикасы мамлекет катары геосаяаттын субьектиси деген статуска ээ боло алат.
- Туруктуу өнүгүү (англ. sustainable development) — бул процесс экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, жаратылыштык ресурстарды эксплуатациялоо, инвестицияны багыттоо, илимий техникалык өнүгүүгө багыт алуу, жеке инсанды шартка жараша өнүктүрүү , азыркы муунду- кийинки муун менен бири бирине болгон биримдигин чыңдоо аркылуу керектөөсүн камсыз кылуу аркылуу алдыга умтулууга багытоо.
- Экосистеманын ар түрдүүлүгү – Кыргыз Республикасынын территориясынын 93% бузулган эмес же аз бузулган жаратылыштык экосистема катары эскептелет. Кыргыз Республикасынын окумуштуулары 22 классагы экосистеманы аныктаган.
Адабияттары
- Кыргызская Республика https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%B8%D1%80%D0%B3%D0%B8%D0%B7%D0%B8%D1%8F
- Природа Кыргызстана http://www.allkyrgyzstan.com/kyrgyzstan/nature.htm
- Великий Шелковый Путь https://orexca.com/rus/silkroad.shtml
- История Кыргызстана. Шелковый путь Кыргызстана https://kyrgyzstan.orexca.com/rus/great_silk_road_kyrgyzstan.shtml
- История исследование Кыргызстана http://silkadv.com/ru/node/2503
- О СТРАТЕГИИ УСТОЙЧИВОГО РАЗВИТИЯ КЫРГЫЗСТАНА http://www.paruskg.info/2012/12/26/73344
- Экологическая устойчивость и изменение климата https://auca.kg/ru/environment/
Бул токойлор Арсланбаб өрөөнүндө жайгашкан. Анын аянты 600 миң гектар, Арсланбаб деңиз денгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элдердин уламыштарына таянсак грек жаңгагы эмес эле кыргыз жаңгагы болгон.
Кызыктуу фактыны – учуудан келген космонавт, эң күтүүсүздөн объект болгонун айтат. Космостон жердин бетинен Улуу Кытай дубалы эмес, Хеопса пирамидасы эмес, бийик тоолуу Ысык-Көл көрүнгөн. Алексей Леонов космонавты, биринчи жолу космоско чыгып, ал жактан Ысык-Көл адамдын көзүнө окшош болуп көрүнгөнүн айткан.
Бир жакка чыгардын алдында ошол жердин кооз жерлери жөнүндө окуп алгыла, кандай абалда кайсы жерге барып эс алууну аныктап жана өз алдынча экскурсияларга барып келиш үчүн.Өз алдынча бара турган жерлердин тизмесин да түзүп алгыла.Убактыңарды туура пайдаланууга жардам берет.