БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты

Бул өтө кызыктуу!

Кыргыз элинин улуу рухий дөөлөтү "Манас" эпосы улуттун басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпос өзүнө укмуштуудай терең ойду, кызыктуу мазмунду камтып, көлөмү да абдан чоң.

Манас

"Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул. Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат.

Эпос менен таанышкан сайын улам бир сырлары чыга берет. Эмне үчүн «Көкөтөйдүн ашы көп чырдын башы» болду экен? «Чоң казатты» уккан адамдын бардыгы эмне үчүн ыйлабай коё албайт? Манастын кырк чоросунан ажырап, жеңилип калышынын себеби эмнеде? деген суроолорго жооп табуу чынында эле кызыктуу…

Адабият дүйнөсүндө сизди эмнелер күтөт?

KLlogo.png

Адабият – акыл булагы! Ал эми мультимедиялык комплекстин жардамы менен ошол булактын көзүн кеңейтүүгө болот. Көркөм чыгармалардын негизинде тартылган кинофильмдерди, спектаклдерди көрүү, музыка угуу, алардын аудио-видео версиялары менен таанышуу, көркөм сүрөт өнөрүндөгү же айкелчиликтеги адабий кейипкерлердин ааламына жасаган саякатыбызды мазмундуу, пайдалуу жана кызыктуу кылаары бышык.

Мультимедиялык билим берүү ресурсунун жардамы менен кыргыз адабияты тууралуу түшүнүгүбүз байып, тереңдей турганына ишенебиз.


1l.png

Адабият ааламына саякат

2l.png

Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп

3l.png

Адабият галереясын аралап

4l.png

Жазуучунун өнөрканасы

5l.png

Дилачар

6l.png

Менин жазуучулук өнөрүм

7l.png

Даанышман ойлор казынасы

Adab.png


Адабият ааламына саякат «Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!

Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.

Адабият галереясын аралап Бизге тааныш каармандардын сүрөтүн, айкелин, таеатрдагы, кинодогу образын көрүү кандай кызык. Ал тургай алардын балеттеги бийлегени, операдагы ырдаганы бизге чексиз кубаныч тартуулаары бышык. Кейипкерлер менен көркөм чыгарма окуган учурда таанышып, өз алдыбызча элестетебиз, ал эми анын искусствонун башка түрүндөгү «кайра жаралышы» биз үчүн дагы бир көркөм ачылыш болот. Өзүбүз үчүн көркөм ачылыш жасагыбыз келсе, өзүбүзгө жан дүйнөнүн ырахатын тартуулагыбыз келсе, анда адабият галереясын аралап чыгалы!

Жазуучунун өнөрканасы Акын, жазуучу деген ким? Көркөм чыгарма кантип жаралат? Каармандардын образын ачууда же, табиятты укмуштуудай келиштире сүрөттөөдө жазуучу сөздү кайдан табат? Кандай сөздөрдү пайдаланат? Чебер жазуучу болуу үчүн эмне зарыл? Мына ушул өңдүү табышмактуу көптөгөн суроолорго жооп табуу үчүн ушул бөлүмгө кайрылсак, балким жооп аларбыз…

Дилачар Китеп окуу менен өзүбүздүн жана өзгөнүн дилин ачабыз. Окуган китептин маани-маңызын жеткире түшүнө алуу – дил ачуу менен барабар. Кантип окугандын баарын түшүнсө болот? Окуп түшүнүү – бул өнөрбү, жөндөмбү же жөн гана кунт коюп окуубу? Анан калса, ар бир окурман чыгармадан өзүнүн гана дүйнөсүн ачат эмеспи. Ал эми биздин окурмандык жөндөм-шыгыбыз кандай болду экен? Дегеле көркөм чыгарма окуунун канчалык зарылдыгы бар?

Менин жазуучулук өнөрүм Көркөм чыгарманы окуу менен ажайып дүйнөгө кабылабыз. Ошол көркөм дүйнөнү жаратуу талыкпаган эмгекти, чымырканган изденүү, толгонууну талап кылат. Чыгармачылыктын түгөнбөгөн машакатын чыгарманын айрым үлгүлөрүн өзүбүз жазган учурда байкайбыз. Чыгармачылык иштин түрлөрүн кантип жазууга болот, анын ыкмалары, талаптары кандай боло турганын ушул бөлүм аркылуу билсек болот.

Даанышман ойлор казынасы Макал-лакаптар, санат-насыят сөздөрдүн кантип жаралгандыгы, кыргыз элинин рух казынасы болгон эпостордогу даанышман ойлордун маңызы эмнеде экендиги бизди кызыктырбай койбойт. Мына ошондуктан бул бөлүмдө эл оозеки чыгармачылыгындагы даанышман ойлордун өлбөс-өчпөстүгүнүн сырын иликтемекчибиз. Силер менен бирге эзелтен бери эл оозунда сакталып келе жаткан акылман ойлордун, сөз берметтеринин тереңдигине, таамайлыгына, кооздугуна, курчтугуна, элестүүлүгүнө суктанмакчыбыз. Эл чыгармачылыгынын азыркы адабият менен кантип байланыша тургандыгы да бизди ойлондурбай койбойт.

Аларды бүт дүйнө тааныйт:
Сова с книгой.gif

Алга! Көркөм сөздүн сыйкырдуу күчүнө чогуу суктаналы.