География
Содержание
География барактарынан
Ал эми география? ... Географиясыз дүйнө сүрөтү толук болмок эмес. География гана аралыктык жашоонун ар турдүүлүгүн, адамдын чарбачылык иш аракетин, географиялык чөйрөдөгү ролун көрсөтөт. Жердин картага «түшүрүлүп» жазылганына карабастан , анда дагы көп сырлар бар!
Биздин сабактын бетинен силер менен чогуу дүйнө жүзүнө саякатка чыгууга, кантип жана эмне үчүн убакытта, мейкиндикте бардыгы жаратылыш менен тыгыз байланышта , бири биринен көз каранды экендигин, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү илимий жол менен чечүүнү үйрөнөбүз.
Жердин жаратылышы
Материктер жана океандар
Кыргыз Республикасы
Биринчи бөлүмдө Жер планетасы жөнүндө, анын мейкиндиктеги орду, убакыт боюнча өнүгүшү менен таанышасыңар, топографиялык жана картографиялык кондүмдүңдөргө ээ болосуңар. Видео, схема, сүрөттөрдүн жардамы менен Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрө аласыңар. Маалымат алуу менен бирге саякаттай аласыңар.
Тоо пайда болуу кантип жүрүп, Жердин рельефин пайда кылат? Эмне үчүн жер титирөө болуп, жанар тоолор атырылат? Дүйнөлүк суу айлануу кантип жүрөт? Океандын суусунун кандай касиети бар? Суунун энергиясын кандай колдонсо болот? Океанда кимдер жашайт? Климат деген эмне? Жер шарында канча адам отурукташкан? Аба ырайын алдын ала кантип аныктайт? Ушул суроолор биринчи бөлүмдө каралган.
Экинчи бөлүмдөн материктер жана океандар жөнүндө малымат алып, алардын ордун, жайгашуусу өзгөчөлүктөрүн биле аласыңар. Эң кызыктуу кооз жерлерди, мамлекеттерди, дүйнө жүзүндөгү элдерди, коомдук саясий айырмачылыктарды,экологиялык абалдарды айырмалайсыңар.
Адамдын жаратылышка тийгизген таасирин кандай жол менен алдын ала биле алабыз? Бул негизги суроолорго силер менен чогуу жообун издейбиз.
Үчүнчү бөлүм ар түрдүү жана жаратылыш байлыгы менен өзгөчөлөнгөн биздин мекенибиз Кыргыз Республикасына берилген . Бул бөлүмдөн Кыргыз Республикасынын кооз кайталангыс жаратылышы, баа жеткис кен байлыктары, тоолору, суулары, өсүмдүк жаныбарлары, жаратылыш аймактары, облустары менен таанышасыңар. Эң кооз табигый, тарыхый жерлерди көрө аласыңар.Картосхема, сүрөттөр, таблицалар, физикалык жана экономикалык видеофильмдер Кыргыз Республикасынын өнүгүшү, өнөр жайы, айыл чарбасы, транспорту, географиялык чөйрөсү боюнча маалымат берет.
Жаратылыш ресурстары кандай пайдаланып жатат жана ички сырткы экономикалык байланыштар кандай болот? Республикада райондордун кандай айырмачылыктары бар? Экономика кандай багытта өнүгүп жатат? Кандай жаратылыштык жана чарбалык көйгөйлөр бар? Өзгөчөлөнгөн жаратылышты кантип сактап калабыз? Булар жөнүндө үчүнчү бөлүктө.
Анда! Кызыктуу жана кооз дүйнөгө кош келгиле ГЕОГРАФИЯ!
Жок, бул мааниси жок тамгалар эмес! Кана бул сөздөрдү айтып көргүлө, сөздөрдү айтуу канчалык оор, ага караганда жаңылмачтарды жеңилирээк айтасыңар. Же болбосо, Тауматафакатангихангакоауауотаматеатурипукакапикимаунгахоронукупокаинуфенуакитанатаху (маори Taumatawhakatangihangakoauauotamateaturipukakapikimaungahoronukupokaiwhenuakitanatahu кыскача – Тауматафакатангихангакоауауотаматеапокаинуфенуакитанатаху) — бул болгону 305 метр бийиктиктеги дөбө, Жаңы Зеландияда жайгашкан. Бул аталышты жергиликтүү маори элдери кыскартып колдонууга ыңгайлуу Таумата деп аташат. Сөздүн жакындатылган котормосу мындай угулат «Дөбөнүн чокусунда Таматеа, эркек чоң тизеси менен жөргөлөп, тоону жутуп ийчүдөй аракеттенип, өзүнүн флейтинде сүйгөнүнө ойногон». Бул дөбөнүн аты 105 сөздөн турат.
Жергиликтүү элдер белгилегендей, буз узун аталышты жергиликтүү маори уруулары колдонуп келишкен. Буга карабастан жаңы зеландиялыктардын географиялык коому кыска аталыштагы вариант боюнча, дөбөнүн аты аталып калган – болгону 57 тамгадан турат.