БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Жазуучунун өнөрканасы

Бул бөлүмдө сиздерди эмне күтөт?

Aitmatovlogo.jpg

Аталган бөлүмдө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү менен таанышабыз. Ч.Айтматовдун көркөм чеберчилиги, изденүүлөрү, табылгалары, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттагы орду сыяктуу кызыктуу маселелер орун алган.

«Адамга эң кыйын күн сайын адам болуу» Ч.Айтматов

Китептин аты баяндайт

"Жамийла” – Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести (1958). Повесть алгач "Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде "Новый мир” журналына (1958, № 8) "Жамийла” деген ат менен жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.
Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын аныктап турат.
Ошол эле учурда чыгарманы баш каармандын атынан «Жамийла» деп атоо да оңунан чыгып, чыгармага өзгөчө ажар тартуулап, өзүнө тартып турат.
Китептин аталышы анын ички мазмунун ачып берүүдө, окурмандарга жайылтууда өзгөчө мааниге ээ.

Djamiila.jpg

БИЛЕСИЗБИ «Жамийла”- август айынын бестселлеры.Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести Улуу Британянын эң ири WATERSTONES китеп сатуу тармагы тарабынан август айынын эң мыкты китеби катары табылды. Waterstones тармагынын салтына ылайык айдын китеби наамы жаңы жана келечекте бестселлер боло турган китептерге ыйгарылат. Француздардын улуу жазуучусу Луи Арагон “Жамийла” повестин – “дүйнө жүзү боюнча сүйүүнүн мыкты тарыхы” – деп атаган. Арагондун дал ушул сөздөрүн британдык китеп чыгаруучулар наам ыйгарууда мисалга алышкан. “Гүлдөп турган Таластын кыска бирок, улуу повести. Адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, бир дагы ашык сөзү жок сүйүү тууралуу повесть”, - деп, Луи Арагон жаш Айтматовдун чыгармасын биринчи ирээт 1959-жылы жарыялаган.

Тест

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt673d69bf764385_10603621

Сюжет тандайбыз

Syujet.jpg

Чыгармага сюжет тандоо машакаттуу, чыгармачылык изденүүнү талап кылган татаал процесс. Бул бөлүмдө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын сюжеттерине кайрылуу менен бирге көркөм чыгарма жазуу үчүн кантип сюжет тандоого болот?, - деген суроого жооп издемекчибиз.

Төмөнкү эпизоддорго таянып кандай сюжет курууга болот?
Сенин алдыңда Ч.Айтматовдун ар кайсы чыгармаларындагы каармандардын сүрөттөрү турат. Берилген каармандардын тагдырын Ч.Айтматовдон айырмаланып, сен кандай сюжет аркылуу чагылдырат элең?


Көркөм чыгарманы кантип жазууга болот?


1) Эгерде оюңузга келечектеги чыгармаңыз үчүн кызыктуу, адаттан тышкары бир идеялар келсе дароо эле жаза баштабастан, бирок кийинкиге калтыруунун да зарылчылыгы жок. Бир нече күн сюжет, каармандардын мүнөзү, боло турган окуялардын үстүндө ойлонуп-толгонуудан кийин ишти баштаган оң.
2) Натыйжалуу башталыш - ийгиликтин ачкычы. Окуялардын түйүндөлүшү стилдик жагынан кынтыксыз, биринчи барагынан тартып эле окурманды өзүнө багындырып ала турган болсо абдан жакшы
3) Кызыктуу сюжеттин формуласы: түйүндөлүшү –> окуянын өнүгүшү –> кульминация –> чечилиши. Жазуу процессинде кыймыл-аракттин динамикасы акырындык менен өөрчүп отурушу зарыл. Текстте бериле турган сюжет, каармандардын жоруктары себептик-мезгилдик байланыштар аркылуу биригет.
4) Сюжет акырындык менен өнүгүшү зарыл: сүрөттөлө турган окуяларды ар тараптан, ар кайсы көз караштан баяндагыла. Ал үчүн бир нече каарманды колдонуш керек. Биздин баяндообузда бир эле план эмес, паралелль өнүгө турган башкалары да болушу мүмкүн.
5) Диалогдорду, окуяларды жана монологдорду ирет-ирети менен берүүнү унутпагыла.
6) Татаал баяндоолордон качыңыз. Динамика көбүрөөк болсун!
7) Баяндоого турмуш-тиричиликти кошуңуз, өзүңүздүн кичинекей көркөм дүйнөңүздү деталдар менен толуктаңыз.
8) Чыгармаңызга окурман баш катыра турган табышмактуу ойлорду кошуңуз. Кээде, астыртан ишаара кылыңыз, бирок баарын толук ачпаңыз. Окурман өзү тапсын.
9) Чыгармаңыз окурманды өзүнө тартып ала тургандай болсун: идея, кубулуш, юмор, каармандардын ички дүйнөсү.
10) Курчап турган дүйнөнү боёктор менен тарткыла. Эң жакшысы – башкы каармандын көз карашы менен тартуу оң.
11) Чыгарманын идеясын дароо эле ачыкка чыгарбагыла. Окурмандын өзү издей тургандай кыймыл-аракеттер же диалогдо ишаара кылсаңыз болот.

Тест

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt673d69bf7fd2d2_66016042

Көркөм сөз жаратабыз

Korkomsoz.jpg

Көркөм чыгарма талыкпаган изденүүдөн, чаалыкпаган эмгектен улам жаралат. Ч.Айтматов дүйнөгө чебер, талантуу жазуучу катары таанылганга чейин чыгармачылыктын көптөгөн түйшүгүн башынан кечирген. Жазуучу жараткан көркөм дүйнө кыргыз элинин руханий байлыгы болуп саналат.

Воланд: "Кагазга түшкөн нерсени өрттөп да жок кыла албайсың"
М. Булгаков "Мастер жана Маргарита.

Каарманды кантип «жандандырууга» болот?


Каармандын сырткы кейпин чагылдыруу
Сырткы кейпи. Көзүнүн, чачынын, терисинин түсү, салмагы-бою, дене түзүлүшү, бет түзүлүшү, баскан-турганы – бүкүрөйүп, какайып басканы. Кошумча элементтер-кулагынын же оозунун өзгөчөлөнгөн формасы, чач жасалгасы, көз айнеги, калы, сакал- муруту, сепкилдери ж.б.
Сырткы кейпи – бул белги. Ал эми биздин аң сезимибиз белгилерге гана көңүл бура турган стереотиптерге толтура. Мисалы, «алма» деген сөздү укканда жемиштин образы элестеп, даамы эске түшөт. Каармандын тышкы кейпин сүрөттөөдө анын мүнөзүнүн негизги белгилери менен байланыштырабыз.
Маселен, бою кыска, толук адам - кең пейил, бир аз сылтып баскан, бетинде тырыгы бар адам – каракчы же кылмышкер. Биз каармандын көзүнүн, чачынын түсүн тандап атып, өзүбүздүн оюбуздагы идеалды чагылдырбастан, бейаңсезимибизде анын мүнөзүнүн белгилерин да камтыйбыз. Ошол эле учурда, бетинде тырыгы бар, көз карашы сестенте тургандай каарманга ак пейил мүнөз берип окурманды ойго салса да болот.
Тышкы кийимдери
Адатта, адам мүнөзүнө жараша кийим (күнүмдүк кийиле турган), шартка карап (сезон же жумушка байланыштуу), мода, улуттук өзгөчөлүктөргө карап тандайт. Каармандарды да ушул принциптер аркылуу кийинтебиз. Адамдын кийими жана анын түсү мүнөзү, ички сезимдери тууралуу астыртан айтып турат.
Ар бир адам – тышкы кейпин ички дүйнөсүнө айкалыштырып сүрөттөй турган чыгарманын даяр каарманы.

Тест

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt673d69bf8577e9_20621471