География: Австралия
Содержание
Географиялык абалы, изилдөөсү
«Мен ант берем, бул край – жер шарындагы эң кызыктуу материк! Анын пайда болушу, жаратылышы, өсүмдүктөрү, жаныбарлары, климаты – мунун бардыгы таң калгандай жана дагы дүйнө окумуштууларын таң калтырат. Менин досторум, силер элестетип көргүлө материк пайда болуп, дагы деңиз толкунунан жогору көтөрүлүшү, ал эми чет жакаларындагы тегерек гиганттык айлана; материктин ичкери жагында жарымы бууланууга кеткен ички деңиз бар; дарыялары күн сайын кургап калат; нымдуулук жана аба жетишпейт; жыл сайын бактары бир дагы жалбырагын түшүрбөйт; жалбырактары күндү карап турат; чөптөрү бийик өсөт; жаныбарлары өзгөчөлөнүп турат; төрт буттуу клювалар бар; мисалы ехидна жана өрдөк ооз, окумуштууларды өзгөчө жыркыч канаттуулары класска бөлүүгө түрткү берди; кенгурулардын тамандарынын узундугу ар кандай....Бул бардык мамлекеттерден эң укмуштуу, ойго келбегендей мамлекет! Жер пародоксалдуу, жаратылыштын закондоруна жатпайт!» (Ж. Верн).
Австралиянын географиялык абалы
Австралия Океандык жарым шардын борборунда жайгашкан. Ал толугу менен түштүк жарым шарда ошондой эле чыгыш жарым шарда жайгашып, так ортосунан Түштүк тропик кесип өтөт. Австралия - өзгөчөлөнгөн материк, Евразия жана Антарктидадан башка материктерден алыс жатат. Ошондуктан материк узак убакытка чейин европалыктарга белгизиз болгон. Азыркы күндө реактидүү лайнер менен Европадан Австралияга 40саатта учуп барат. Мындан 100-200 жыл мурун саякатчылар бешинчи материкти ачууда 7 ай 1 жылда жетишкен. Австралиядан АКШнын жээгине чейин 11-15 миң км. Австралия жана Океания негизги соода жолдорунун“четинде” жайгашкан.
- Австралиянын башка материктерге карата жайгашышы
-
Материктин өлчөмү жана жайгашышы
Австралия биздин планетабыздагы аянты жагынан эң кичине материк. Анын аянты 7,6 млн. км 2, Океания менен 9 млн. км2 ге жакын, мисалы: Евразиядан(54 млн. км2) 6 эсе кичине. Бирок Австралия – дүйнөдө бүт материкти ээлеген жалгыз мамлекет. Мамлекет катары Великобританиядан 33 эсе чоңдук кылат.
Австралиянын жээктеринде булуң-буйткалар аз. Ири булуңдары: Чоң Австралия жана Карпентария, жарым аралы Кейп-Йорк. Австралиянын түндүк жана чыгыш жээктери Тынч океандын деңиздери менен курчалат: : Арафур, Коралл, Тасман, Тимор деңиздери; батыш жана түштүгүнөн – Инд океаны курчайт. Түштүк чыгыш жээгинде Тасмания аралы, түндүк чыгышында – Жаңы Гвинея жайгашкан. Жээктери кеме жүрүүгө ыңгайсыз; чыгыш жана түштүк чыгышынды ыңгайлуу булуң буйткалар бар. Австралиянын түндүк чыгыш бөлүгүн бойлото, жээк линиясынын көрүнүштөрүн кайталаган сыяктанып 2 миң километрден ашык аралыкта Чоң Барьер рифи дүйнөдөгү эң чоң кораллдык рифт созулуп жатат.
- Австралияны ачуу жана изилдөө тарыхы
- Материкти ачуу
Жаратылышы
Австралиянын түзүлүшү жана рельефи
Австралиянын рельефинде түздүктөр басымдуулук кылат, материктин орточо бийиктиги 340 м. Анын негизинде байыркы платформа жатат.
Батыш бөлүгүнүн рельефинде анча бийик эмес тоолор көтөрүлүп катуу криссталдык тектер менен капталган. Борбордук ойдуңу чөкмө тектер менен капталаган, бийиктиги 100метрден ашпайт, айрым жерлери андан дагы төмөн. Чыгышында байыркы тоо катталышынын өтө катуу кыйраган, анча бийик эмес тоолору – Чоң суу бөлгүч тоо кыркасы жайгашкан, анын бийик точкасы – Косцюшка тоосу (2228м).
Австралия – материктердин ичинен аракеттеги жанар тоолору жана учурдагы муз каптоолору жок бирден бир материк. Айрым жерлеринде өчкөн жанар тоолордун конустары сакталып калган, тектоникалык кыймылдары байкалбайт. Мурун бул материк тектоникалык активдүү кыймылдардын борбору болгон.
Австралиянын кен байлыктары
Австралия минералдык байлыктарынан дүйнөдө бокситтин запасы, темир рудалары, коргошун, цинк, уран, алмазды казуу боюнча биринчи орундарды ээлейт. Чопо, кум, акиташ кендерин изилдөө иштери активдүү жүрүүдө. Австралияда кендердин көпчүлүгү анча терең эмес жайгашкан, ошондуктан кендерди казуу ачык жолдор менен жүргүзүлөт.
- Австралиянын кен байлыктары
- Кен байлыктарды ачык жол менен казып алуу
Австралиянын климаты
Австралия – эң кургак материк. Аны аныктаганга мисал келтиребиз.
Түндүк Австралиянын 180 т.к. экватордук жана тропикалык аба массаларынын таасири астында, нымдуу жана кургак мезгилдери алмашылат. Материктин көпчүлүк бөлүгү тропикалык аба массаларынын таасири астында болот. Материктин түштүгү субтропикалык алкакта жайгашкан, ал эми Тасмания аралы – мелүүн алкакта, батыш шамалдар согуп, жаан чачын көп жаайт.
Австралиянын көлдөрү жана дарыялары
- Австралиянын ички суулары
- Криктер – Австралиядагы убактылуу соолуп калуучу дарыялар
Австралиянын жаратылыш зоналары
Австралиянын жаратылыш зонасынын картасынан оңой аныктоого болот, кандай жаратылыш зоналары бар, алар кандай жайгашкан. Ал эми”Австралиянын жаратылыш зоналарынын мүнөздөмөсү”, таблицасынан климаттык мүнөздөмөлөрү, топурактары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү боюнча кандай айырмаланганын билүүгө болот.
- Австралиянын жаратылыш зоналарынын картасы
- Австралиянын жаратылыш зоналарына мүнөздөмө
- Австралиянын жаратылыш зоналары
- Австралиянын жаратылыш зоналары
Австралиянын өзгөчөлөнгөн органикалык дүйнөсү
Австралия –органикалык дүйнөсү боюнча өзгөчөлөнгөн материк: өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн көптөгөн түрлөрү таралган, айрымдары жер шарынын башка жеринде кездешпейт.12 миң өсүмдүктөрдүн түрүнөн 9 миң эндемиктер. Австралияда 162 түр сумкалууулар жашайт, 670 канаттуунун түрүнүн 450 эндемиктер.
Австралияда кеңири таралган бак – эвкалиптер. Статистика боюнча ар бир төртүнчү австралиялык бактардын үчөө – эвкалипттер. Эвкалиптин жалбырактары, эфир майына бай, аябай бат күйөт, ошондуктан эвкалип бактарындага өрт абдан коркунучтуу. Бирок эвкалиптер оңой менен күйө койбойт. Бактар өрттөнгөндөн бир топ убакыттан кийин анын бутагынан кайра жаңы бутактар өсүп чыгып, бак жашоосун улантат.
Австралияда гана жашаган ехидна – сүт эмүүчүлөрдөн, анын денесинин температурасы +220 С; тайпан – эң уулуу жылан; кара куу – анын түгү (25 000).
- Зонтикалык акация
- Австралиянын – эндемик өсүмдүктөрү
- Скрэб
- Чөптүү бактар
Мамлекеттери, элдери
Австралия – калк аз отурукташкан материк. Материкте болгону жалгыз материк – Австралиялык Союз. Калкынын саны 24 млн адам.
Азыркы адамдары эки группадан турат – англо-австралиялык жана жергиликтүү калкы (аборигендер).
Аборигендер – Австралиянын жергиликтүү калкы. Европалык колонияга чейин 300 миңге жакын аборигендер, 500 урууларга бөлүнгөн. Европалыктар австралиялыктарды ырайымсыздык менен кырып өлтүрүшкөн, ошондой мыкаачылыктардын кесепетинен алардын саны бир нече эсе кыскарып кеткен.
- Аборигендер
- Аборигендер
Аборигендер ошого карабастан өздөрүнүн маданиятын түзгөн. Алар бумерангды ойлоп табышты – ал ыргытуучу курал, анын жардамы менен канаттууларга аңчылык кылышчу. Дүйнөдө аборигендердин графикалык сүрөттөрүн жогору баалашат. Австралиялыктардын түстүү маталарын, дүйнөнүн көптөгөн музейлеринен көрүүгө болот.
20 млн. ашык европеоид расасындагы адамдар, негизинен Англия, Шотландия жана Ирландиядан келгендер. Алар англо-австралиялык улутту түзүшкөн.
Материктин территориясына калк кандай отурукташкан?
Калктын жыштыгынын картасынан эмнени окуса болот? Картаны карап туруп калтын жайгашуусун: калктын жыштыгы өтө төмөн, көп территорияга калк отурукташкан эмес, калк чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк батыш жээктеринде жайгашкан, жалпысынан материкте шаарлар аз.
Австралиянын ири шаарлары
Чарбасы,экологиясы
Австралиянын чарбасы
- Австралияда кубатту тоо кен казуу сектору бар, ал 10%ИДП ны түзөт
Австралия ээлейт:
- 1 орун дүйнөдө бокситтердин, көмүрдүн, алмаздын запасы.
- 2 орунда свинцтин запасы.
- 3 орун – цинк жана алтын.
- 4 орунда – медь жана магний.
Австралиянын калкынын жарымы айыл чарбасында иштейт. Мал чарбасы негизги тармак. “Австралиянын Экономикасында көрүнгөндөй “жүрөт” “койдо”дегени анын маанилүү байлыгы -кой менен байланышкан.Койлордун саны жана алардын жүнүн кыркуу боюнча дүйнөдө 1 орунда турат. Ал эми”жумшак алтындын” баасынан мамлекеттин экономикасы көз каранды. Койлор бул жерде жашаган адамдардан 10 эсе көп. Андан сырткары Австралия ири мүйүздүү малдарды багат. Май, сүт,сүт консерваларын, коён менен кенгурунун эттерин сыртка чыгарат.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк Австралиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, анткени бул жерде жашоо тиричиликке жана өсүмдүк өстүрүүгө климаты ыңгайлуу келет. Австралия – бирден бир буудайды дүйнөлүк рынокко чыгарат.
- Австралиянын негизги байлыгы – кой
- Жүзүмдүн көпчүлүгү материктин түштүгүндө жайгашкан
Австралиянын экологиялык көйгөйлөрү
Австралияны ушул мезгилге чейин «Жашыл континент” деп сейрек аташат, анткени территориясынын көпчүлүк бөлүгү чөлдөр, жарым чөлдөр, кургап калган сайлар, туздуу көлдөр ээлейт. 20миң жыл мурун континент жашыл континент болгон, токойлуу талаалар(саванна) ээлеп, дарыялары сууларга толуп, суулары таза, саздуу келип, ири малдар жашаган. Австралияда экологиялык кырсыктар, XIX аягында XX кылымдын башында күчөгөн. Материкте коёндорду алып келүү менен алардын саны аябай көбөйүп, жайыттарга коркунуч туудурган. Австралияда алар менен күрөшүү башаталды. [1]
Австралиялыктар экологиялык көйгөйлөрдү кантип чечишет?
Аборигендер жаратылышты гиганттык ибадаткана катары эсептешкен. Алар укмуштуу акыл эстүүлүк менен жаратылышта тең салмактуулукту сактап турушкан.
- Австралиялык фермерлер аборигендердин чарбалык иш тажрыйбаларына көңүл бурушкан. Айыл чарбасында азыркы кезде айдоо методдорун колдонушат. Жайыттары ири аймактарды камтыган жерлерди тосуп жаныбарларды кармашат, маданий өсүмдүктөрдү жана жемиштердин тамырларын өстүрүшөт. Малдарды бир жерден экинчи жерге айдоо үчүн 3-5 күн өтөт. Ошол эле жерге койлорду 2-3 жумадан кийин алып келишет, ошол убакыттын ичинде чөптөр өсүп калат.
- Өнөр жайында таштандысыз технологияларды колдонушат.
- Ар бир шаарда зоологиялык бакча бар.
- Мамлекетте көп улуттук парктар бар.
- Башка материктерге өсүмдүк жана жаныбарларды чыгарбоого закон кабыл алынган.
- Ар бир үй мышыгы каттого алынган.
- Австралиянын территориясында экологиялык коопсуздук үчүн кандай тамак-аш болбосун, бактардан жасалган буюмдарды ташууда топурактарды жабыштырып жүрүүгө тыюу салынган.
- Андан сырткары ар бир башка континенттен келген адамдар экологиялык контролдон өтүшөт.
Сөздүк
- Крик – Австралиядагы убактылуу соолуп калуучу дарыялар.
- Космополиттер - жер шары боюнча таралаган өсүмдүктөр жана жаныбарлар.
- Тосулган аймак – чөп өсүмдүктөрү же жемиштердин тамырлары өстүрүлөт.
- Скрэб – кургак бадал өсүмдүктөрү таралган, тикенектүү майда акациялардан, эвкалиптерден турат.
- Эндемик – ареалы кандайдыр аймак менен чектелген жана башка жерде кездешпеген жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- География: Справ. материалы: Кн.- с. Для учащихся сред. и ст. возраста/А.М. Берлянт, В.П. Дронов, И.В. Душина и др.; Под ред. В.П. Максаковского. – М.: Просвещение, 1989. – с. 350 - 356.
- География материков и океанов. 7 класс: Метод. пособие. – СПб.: «Паритет», 2003.
- Кроличьи войны http://www.vokrugsveta.ru/article/196577/
- Сайт Pikabu Реальные размеры стран и континентов https://pikabu.ru/story/realnyie_razmeryi_stran_i_kontinentov_4354940
- Сайт Образовака Рельеф и полезные ископаемые Австралии http://obrazovaka.ru/geografiya/relef-i-poleznye-iskopaemye-avstralii.html
- Сайт Мультиурок Австралийский Союз https://multiurok.ru/files/rok-36-razdiel-5-avstraliiskii-soiuz-7-klass-avtor.html
- Рудольф Константинович Баландин Пустыни «зеленого континента» http://fisechko.ru/100vel/geogr/80.htm
Жер шарында бир жерде жашайт, материкте табышмактуу күтүүсүздүктөр бар. Алар бир дагы башка жаныбарларга окшошпойт. Ал тургай анын атын аныктаганда бир нече түрү чыккан.
Австралиянын территориясынын кенендигине жана калктын санынын аздыгы боюнча эки феномен бар: санитардык авиация (“учкан дарыгер падышалык иштер”) жана үн алгы аркылуу билим алуу (“үн алгы –сегиз жылдык”). Австралиялыктардын фермаларында жашагандар , дайыма борбор менен байланышта болуп турат. Эфирде үн алгыда атайын дарыгерлерге үн толкунундары бөлүнгөн. Дарыгер сыркоологон адамдар менен үн алгы аркылуу айыкканга чейин сүйлөшүп кеңешин берип турат. Ар бир үй бүлөдө адамдын дене түзүлүшү түшүрүлгөн атлас болот, анда сандар менен көрсөтүлгөн. Эгерде ооруусу катуу болсо ооруканага жеткирилет. Үн алгы аркылуу алыс жашаган балдарды 15 жашка чейин окутат, андан кийин алар профбилим алуу үчүн орто мектептерге, лицейлерге тапшырышат.
Бул жерге биринчи жолу англичандар 28 январда 1788 ж. келип отурукташкан. Аларда 1030 англиялык солдат, матрос жана кайтаргычтар келген. Капитан Артур Филиптин башчылыгынын астында келгендигине байланыштуу, аларды түшүргөн Сиднейдин булуңу – британдык ички иштер министрдин атынан ошол айылдын аты аталган. Англичандардын келип түшкөн күнү улуттук майрам катары жыл сайын Австралиянын күнү катары белгиленет. Сиднейде көп ири өзгөчө жакшы курулуштар курулган: Австралияда жалгыз эң жакшы метро, эң жакшы зоопарк, байыркы ботаникалык бакча, асман тиреген эң бийик имараттар курулган.