География: Африка
Африка жөнүндө эмне билсиңер? Демек ал жакта негрлер, арабдар жана зулустар отуркташкан. Крокодол, бегемот, жирафтар, зебра, арстан жана жолборстор мекендейт. Ал жакта пирамида, Нил дарыясы, Виктория көлү, Сахар чөлү бар. Андан сырткары балдары ачкачылыкта, дайым согуш болуп турат, элдери жакырчылыкта жашайт. Африка кандай материк? Келгиле ушул кызыктуу материк менен таанышып көрөлү. Биз билебиз Африка бир эле убакта төрт жарым шарда жайгашкан. Африка эң ысык материк, аймагынын жарымын чөлдөр ээлеп жатат. Африкадан чыгыш жарым шардын эң суусу мол дарыясы Конго агат, эң ысык чөлдү эң узун Нил дарыясы кесип өтөт. Материктин жагымсыз шарттарына карабастан тропикалык укмуштуу фауна жана флорасы, ар түрдүү ландшафтары бар. Жергиликтүү африкалыктар славяндык сырткы келбети келишкен элдер болушу мүмкүн. Африка – дүйнөнүн эң жарды региону жана көптөгөн изилдөөчүлөрдүн айтуусу өлүп бара жаткан материк катары эсептешет.
Содержание
Географиялык абалы, изилдөөсү
Картадан Африка аянты боюнча канчанчы материк экенин билүү анча деле татаал эмес.
Физикалык карта боюнча Африканын географиялык абалындага өзгөчөлүгүн кантип аныктаса болот? Бул жөнөкөй! Картаны карайбыз дагы элементтерди байкайбыз:
- Материктин тү ндүктөн түштүккө созулушун.
- Дал ортосунана экватор кесип өтөт.
- Африка бир мезгилде төрт жарым шарда жатат.
- Жээктери аз тилмеленген.
- Аралдары көп эмес.
- Гибралтар кызыгы жана Суэц каналы аркылуу Евразия материги менен байланышат.
- Эң чоң аралы – Мадагаскар.
- Эң чоң жарым аралы - Сомали, көрүнүшү боюнча чоң тишти элестетет.
- Материктин көрүнүшү Р тамгасындай, же болбосо таш балта сыяктуу көрүнөт
Материктин жаратылышы жөнүндө четки точкалары – тумшуктары айтып берет.
Азыр Африканын изилдөө тарыхы менен таанышабыз.
Таблица: Африканы изилдөө
Жылы | Изилдөөчү | Окуя |
---|---|---|
XXVIII б.з.ч. | Байыркы гректер | Африканын түндүгүнө жайгашып изилдеген |
600 – 595 жж. б.з.ч. | Ханну (Египет) | Пунтка (Сомали) – сүзүү, саякаттоо |
1352 - 1353 | Ибн Баттута | Сахараны кесип өтүп Нигер дарыясына чейин жетип жана кайра тартуу |
1486 | Диего Кан (Португалия) | Конго дарыясынын башталышын ачуу |
1488 | Бартоломеу Диаш (Португалия) | Доброй Надежды тумшугун ачуу |
1497 - 1499 | Васко да Гама (Португалия) | Африканы айланып сүзүп Индияга жол ачуу |
1795 - 1806 | Мунго Парк (Англия) | Нигер дарыясын изилдөө |
1840 - 1871 | Давид Ливингстон (Англия) | Түштүк Африканы кесип өтүү. Конго дарыясынын жогору жагын жана Виктория шаркыратмасын ачуу |
1871 - 1877 | Генри Стэнли (США) | Танганьика жана Виктория көлдөрүн айланып сүзүү жана Кагера дарыясынын башатынан жана Рувензори массивине чейин жетүү |
1880 - 1883 | В.В. Юнкер | Нил – Конгонун суу бөлгүчүн изилдөө |
- Ханну
- Финикийилык деңиз сүзүүчүлөрү
- Ибн Баттута
- Диего Кан
- Бартоломеу Диаш
- Васко да Гама
- Мунго Парк
- Давид Ливингстон
- Генри Стэнли Мортон
- В.В. Юнкер
Жаратылышы
Африканын жаратылышы
Африка анча бийик эмес континент. Рельефинде түздүктөр жана бөксө тоолор басымдуулук кылат бийиктиги 200 дөн 1000метрге чейин орточо бийиктиги 750 м. Африканын рельефинин өзгөчөлүгү боюнча “төмөнкү” – Түндүк жана Батыш жана “жогорку” Чыгыш жана Түштүк Африкага бөлүнөт. Африка ар түрдүү кен байлыктарга бай.
- Рельефтин өзгөчөлүгү
- Кен байлыктары
- Африканын геологиялык түзүлүшү жана рельефи
Африка – жер жүзүндөгү эң ысык материк. Карта жана картограммалар менен таанышып көрүп бул чындык экендигине ишенесиңер.
- Климаттын маалыматтык справкасы
- Африканын климаты
- Африканын климаттык картасы
- Орточо жылдык жаан - чачын
Африкада чыгыш жарым шардын эң суусу мол дарыясы– Конго (Заир) (4320 км) , жакынкы убакытка чейин эң узун деп эсептелип келген эң узун дарыя – Нил (6671 км). Азыр айрым изилдөөчүлөр эң узун дарыя Нил эмес Амазонка деп эсептеп жатышат.
Африканын ири дарыялары кеме жүрүүгө жараксыз, электрэнергиянын ири запасы бар. Бул эмне менен аныкталат жердин бетине кристалдык тоо тектеринин чыгышы, рельефтин тектирлениши менен мүнөздөлөт.
- Африканын дарыялары
- Африкадагы эң узун дарыя Нил
- Виктория шаркыратмасы
- Ньяса көлү
- Сахара. Чөл жана оазис
- Африканын чөлдөрү
- Африканын савванасы
Мамлекеттери, элдери
Афририканын калкы 1970 жылкы маалыматы боюнча 364 634 000 адам, 2016 жылдын аягында 1 216 129 000 адамга жеткени аныкталган, демек Африканын калкынын саны акыркы 46 жылдын ичинде 3,33 эсеге көбөйгөн. Азыр Африкада 1,246,504,864 адам жашайт.
- Калктын жыштыгы
- Мамлекеттер боюнча калктын саны
Картадан көрүнүп тургандай калк аймак боюнча бирдей отурукташкан эмес. Бөксө тоолуу аймактарда калк жыш отурукташкан – Эфиопия бөксө тоосунда, Жер ортолук деңизинин жээгинде, Гвиан булуңунда, материктин түштүк – чыгыш жээгинде.
Африкада бардык үч расанын элдери, 8000ге этникалык группалардын жакын элдердин группалары жашайт. Материктин негизги калкын жергиликтүү элдер түзөт.
Африкада канча мамлекет бар? Материктин ири мамлекеттери: Алжир, ТАР. Африкадагы аянты эң чоң мамлекети – Судан, эң кичинекейи - Гамбия.
Чарбасы, экологиясы
Африка – дүйнө жүзү боюнча экономикалык жактан анча өнүккөн эмес. Африканын түндүк жана түштүк бөлүгүнүн экономикалык өнүгүүсү жогору. Дүйнөнүн экономикасынын картасында жалгыз Африкадан ТАР көрсөтүлгөн.
Бул карта ар бир мамлекетти ИДП(ички дүң продукция) сынын өлчөмүнүн салыштырмалуулугу боюнча көрсөткөн. ИДП – жалпы товардын жана тейлөөнүн жалпы наркы, бир жылдын ичинде ошол мамлекетте өндүрүлгөн. Ар бир область үч секторго бөлүнгөн – тейлөө, өнөр жай жана айыл чарбасы – аны аныкташ үчүн ИДП кайсы өнөр жай тармактары көп салым кошот.
Чарбасында калкы тоо кен казуу, жеңил, тамак-аш өнөр жай тармактарында жана айыл чарбасында эмгектенишет.Африканын экономикасындагы алдыңкы тармак тоо кен казуу өнөр жайы.
Африка дүйнөлүк рынокто ар түрдүү кен байлыктарды казып алууда орду чоң(алмаз, алтын, жез, боксит, уран ж.б.).
- Конгодон алтын казуу
- Африкадан алмаз алуу
Айыл чарбасында калкы өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен кесиптенишет. Айыл чарбасы эки группага бөлүнөт: керектөөчү культура, аны өздөрүнүн тамактануусу үчүн жан экспортко (товардык) – сатуу үчүн гана өстүрүлгөн өсүмдүктөр.
Көп мамлекеттерге монокультуралык адистешүү мүнөздүү – бир сырьену же азык түлүк товарды экспортко өндүрүү.
- Тропикалык жана субтропикалык дыйканчылыктын продукциясы
- Африкадагы мал чарбасы
Африкада дүйнө боюнча эчкилердин саны көп. Андан башка жаныбарлардын саны дагы көп бирок алардын продуктуулугу төмөн.Үй жаныбарларда уйкулуу ооруу таралган, анын себеби Цеце чымыны.
- Торговцы солью: Пустыня Сахара
Сөздүк
- Ички дүң продукция (ИДП) – бир жылдын ичиндеги мамлекеттин, бардык товар жана тейлөө өндүргөн продукциясынын бир жылдык жалпы наркы.
- Вельвичия – Намиб чөлүнүн өзгөчө өсүмдүгү. Карлик – багы, жерден кичине эле көтөрүлөт. Анын бийиктиги 30см , калыңдыгы 1,2 м.Тамырлары 15 – 20 м.
- Гилея– Африканын экватордук нымдуу токою.
- Тумшук – деңизге , көлгө кирип турган жээк урчугу.
- Оазис – чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк өсүүчү жерлер.
- Чөлдөшүү – туура эмес чарбалык иш аракеттин натыйжасында чөлдөрдүн кеңейиши.
- Пигмеи – Дүйнөдөгү эң кыска бойлуу элдер, Африкада экватордук токойдо жашайт.
- Саванна – тропик жана субтропик ксерофиттүү жалгыз же тобу менен кезиккен дарак жана бадалдар бар ландшафтын зоналык тиби.
- Сахель–саванна менен чөлдүн ортосундагы өткөөл зона.
- Монокультуралык адистешүү – мамлекеттин чарбасынын тар адистешүүсү, эрежеси боюнча сырьену же азык түлүктү экспортоого багыталат.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- География материков и океанов. 7 класс: Метод. пособие. – СПб.: «Паритет», 2003.
- Сайт Мир Африки http://afrika-raj.ru/kultura-afriki
- Сайт afrika-raj.ru http://afrika-raj.ru/kultura-afriki/doma-afriki-i-zhilischa-indeicev.html
- Сайт География https://geographyofrussia.com/xozyajstvo-afriki/
- Сайт businessinsider.com.au https://www.businessinsider.com.au/this-one-map-explains-the-entire-worldwide-economy-2015-7
- Социальная сеть работников образования https://nsportal.ru/shkola/geografiya/library/2016/11/16/naselenie-afriki-7-klass
- Экологические проблемы Африки http://ecologyproblems.ru/140-ekologicheskie-problemy-afriki