География: Антарктида
Версия от 15:01, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
Кээ бир убактарда : Антарктиданы эмне үчүн окуйбуз деген суроо беришет? Биз бул чоң материк жөнүндө көп билебиз. Антарктида анча укмуштуу эмес, бирок кызыктуу материк, америкалык уюлдук изилдөөчү, адмирал Ричард Берд айтты:”Биздин планетанын четинде жатат, уктаган ханбийке сыяктуу көк түс менен капталган ,каардуу да, сулуу да, кар мантиясы каптап, муздары изумруд сыяктуу жалтырап жатат”. Биз билебиз Жердин кайсы областын Антарктида деп атайт.Анын географиялык абалындагы өзгөчөлүгү эмнеде,Жер шарындагы башка материктерге салыштырмалуу? Эмне үчүн уюлдук деңиз сүзүүчүлөрү Уэделле деңизин жаман көрүшөт? Материктин түзүлүшү кандай жана кен байлыктар барбы? Эмне үчүн Антарктиданы “Сууктун жана катуу күндүн мамлекети” деп аташат. Ал Жердин бардык климатына таасирин тийгизет?Антарктида кимге тиешелүү жана эмне үчүн жаратылышын коргоо эл аралык маанилүү максаттар коюлган?
Содержание
Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Антарктика
Жердин уюлдук областы. Бул жер шарындагы кенен район Антарктиданы, жакын жайгашкан щельфтерди жана мөңгүлөрдү жана аймактары менен Атлантика, Тынч жана Инд океандарын камтыйт (акыркы убактарда бул бөлүктөрдүТүштүк океан деп аташууда). Болжол менен түштүк кеңдиктин 50 – 600 т.к. аркылуу Антарктиданын чек арасы өтөт.
Антарктиданын географиялык абалы
Антарктиданын географиялык абалы өзгөчө – мындай башка бир дагы материк жок, толугу менен планетанын уюлдук аймагын ээлеп жатат.Антарктиданын аянты Австралиянын аянтынан эки эсе ашат, щельфтери аралдары, мөңгүлөрү менен 14 млн км2 .
Океандар Антарктиданы Түштүк жарым шардагы башка материктерден миндеген километр аралыкта бөлүп турат. Антарктидага жакын Түштүк Америка материги 1000 км аралыкта жайгашкан. Деңиздер материке анча терең кирбейт. Алардын ирилери: Росса, Уэдделла, Беллинсгаузен, Амундсен, Антарктиданы изилдеген изилдөөчүлөрдүн атынан коюлган. Түштүк Американы көздөй ичке Антарктида жарым аралын эң кенен Дрейка кызыгы менен бөлүп турат. Дүйнөлүк океандын эң кубаттуу муздак агымы курчап турат.
Географиялык абалынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу түндүктөн түштүктү карай,батыштан чыгышты карай 5700 км созулуп жатат. Эң түндүк жагында Түштүк Уюлдук айлана менен кесилишет. Эң четки точкаларынан түндүк точкасын атоого болот: Сифре тумшугу (63°12' 48" т. к., 57°18' 8" ч. у.)
Антарткадынын географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Антарктида орус деңиз сүзүүчүсү Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. П. Лазарев тарабынан 1820 ж., башка материктерден кийин ачылган. XVIII кылымдын экинчи жарымында түштүктөгү материк бар экендиги изилдеген экспедицияны Джеймс Кук башчылык кылган. Джеймс Кук жазган “Түштүк материктин муз менен капталган деңиздери аркылуу сүзүүдөгү кыйынчылыктар дээрлик улуу, мен өзүмө ушунчалык чыдамкайкайлыкты алдым, айтайын дегеним, анткени бир дагы адам мындай чыдамкайлыка бара албайт, мен жасагандай эч ким түштүктө болуп изилдөө жүргүзбөйт”.
1820 ж. орус экспедициясынын деңиз сүзүүчүлөрү Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. И. Лазаревдин командасы астында «Восток” жана”Мирный”кемелери менен белгисиз жаткан материкти айланып чыккан жана анын жээктерине барган, көп аралдарды ачкан. Ошондон баштап Түштүк континенттин жээк зонасын кызуу системалуу түрдө изилдөөлөргө негиз салган.
Антарктиданы изилдөө тарыхы
Жылы | Изилдөөчү | Ачылыш |
---|---|---|
1773 - 1775 | Дж. Кук (Англия) | Уюлдук айлананы биринчи кесип чыгуу |
1819 - 1821 | Ф. Ф. Беллинсгаузен и М. И. Лазарев (Россия) | Орус экспедициясынын материкти айланып чыгышы |
1838 - 1842 | Ч. Уилкс | Уилкс Жеринин ачылышы |
1839 -1840 | Ж. Дюмон-Дюрвиль (Франция) | Адели Жеринин ачылышы |
1841 - 1842 | Д. Росс (Англия) | Деңиздин жана муз барьеринин ачылышы Росса, Виктория Жери |
1895 | К. Борхгревинк и Л. Кристенсен (Норвегия) | Антарктиданын жээгине биринчи түшүү |
1898 - 1899 | К. Борхгревинк (Норвегия) | Материкте биринчи кыштоо |
1902 - 1903 | Р. Скотт (Англия) | Россанын шельфтик музунун ачылышы |
1908 | Э. Шеклтон (Англия) | Антарктиданы биринчи кесип өтүүгө аракет |
14.12.1911 | Р. Амундсен (Норвегия) | Түштүк уюлга биринчи жетүү |
18.01.1912 | Р. Скотт (Англия) | Түштүк уюлга экинчи жетүү |
1911 - 1931 | Д. Моусон (Австрия) | 45° жана 150° ч. у. кургактыкты далилдешти |
1929 | Р. Берд (США) | Түштүк уюлда биринчи жолу самолетто учуу |
1956 | М. Сомов (СССР) | Биринчи советтик антарктидалык экспедициясы |
1957 | А. Трёшников (СССР) | «Восток» станциянын түзүлүшү, минималдык температуранын катталышы (- 89° С) |
1958 | Е. Толстиков (СССР) | Жете албаган уюлдун жетишкендиги |
1986 - 1992 | Б. Боярский (Россия -СССР) | Чыгыш Антарктидадагы изилдөө |
Жаратылышы
Антарктиданын түзүлүшү жана рельефи
Материк толугу менен муз менен капталып жатат (2 – 4 км калыңдыкта) муздун калыңдыгы, борборунан четине жылат. Муздун кыймылынын ылдамдыгы 200 м жылына,айрым жерлеринде жылына 1км. Жыл сайын деңизге материктин муздары сынып жарылып түшүп, зор айсбергдерди пайда кылат. Антарктидада айсбергдер “жашайт”6 – 12 жыл, салыштырмалуу: гренландия айсберги 3-4 жыл.
Антарктидада муздардын болушу менен – Жердин эң бийик материги, орточо бийиктиги 2000 м ден жогору, башка материктердин орточо бийиктигинен, ¼ бөлүгүнүн бети 3000 м ден жогору жатат. Жөн эле материкти ”булуттун алдындагы материк”деп атаган эмес.
Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профилинин жардамы менен материктин рельефинин ар түрдүүлүгүн көрүүгө болот: тоолорду, бөксө тоолорду, түздүктөрдү, дөңсөөлөрдү, чуңкурларды. Айрым аймактардан муз үстүндө бийик чокулар көтөрүлөт.
- Антарктиданын рельефи (карта)
- Антарктиданын рельефи (сүрөт)
Изилдөөлөрдүн ыкмалары материктин муз астындагы рельефи жөнүндө так түшүнүк алууга мүмкүндүк берди. Белгиленгендей көп бөлүгү чыгышында (чыгыш жарым шарда жайгашкан), материктин бөлүгү – байыркы платформада, батышында(батыш жарым шарда жайгашкан)- бүктөлгөн область. Чыгыш бөлүгү тегиз, бул жерде Чыгыш, Шмидт түздүктөрү жайгашкан. Батыш менен чыгышты Трансарктикалык тоо кыркалары бөлүп турат. Материктин чет жагында, Росс деңизинин жээк бойлорунда аралдардын биринде аракеттеги Эребус жанар тоосу көтөрүлүп турат. Эң бийик тоо массиви (5140 м), эң терең чуңкуру (-2555 м) жайгашкан.
Биз көнүп калганбыз Африкада оазиздер бар деп ойлойбуз. Бирок Антарктидада оазиз деп аталган кургактыктын чоң бөлүгү бар. Бул Антарктидалык кургактык мөңгүлөр жок, туруктуу муз каптабаган бир нече жүз километр квадрат аянтка жетет.
Материктин түпкүрү кен байлыктарга бай. Таш көмүр, темир рудалары, түстүү металдардын рудалары, алмаз табылган.
- Антарктиданын кен байлыктары
- Антарктидадан эң мыктыы алмаз табылган
Антарктиданын климаты
Географиялык абалына, муз менен капталып жаткандыгына байланыштуу климаты өтө ызгаардуу, Жердин эң суук климаты. Бул жерден биздин планетанын эң төмөнкү температурасы (- 89,2o С) катталган. Материктин үстүндө суук жана кургак антарктикалык аба массасы түзүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө дөмпөк тарткан бийик муздардан шамалдын агымы согуп турат, катабатикалык деп аталат. Антарктидада шамалдын уюлу “Русская” станциясында.
- Антарктида – Жердин эң суук материги
- Катабатикалык шамал Антарктидада узак мөөнөткө соккон кыйратуучу ылдамыкта 320 км/с чейин жетет.
Өзгөчө Антарктиданын кышы өтө ызгаардуу, орточо температурасы –70оС. Жайкы температура ички областарында –36о С чейин сейрек көтөрүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө жаан –чачын кар түрүндө 100 мм/жылына жаайт
Антарктидалык оазисте айлана тегерегиндеги муздарга караганда абанын температурасы 3- 4°Сдан жогору. Бул жай мезгилиндеги аскалардын муздардан бошонуп, 85% күн нурун тартып алат да, +20 - +30°С га чейин жылынат. Оазиздердеги айрым көлдөрүдн температурасы + 10 - +15°Сга жетет. Жээктеринин климаты башкача. Бул жерде катуу шамалдар болуп, жаан – чачындын саны (300 мм/жылына жетет), жайкы температура (–1,0оС), жаан жаайт. Материкте эки климаттык алкак бөлүнөт: антарктикалык жана субантарктикалык.
Антарктиданын ички суулары
Антарктида — Жердеги жалгыз материк, анда туруктуу агуучу дарыя жана көлү жок. Жайында океанга эриген суулардын жылышы менен жер бетинде жүздөгөн чөөттөр пайда болот, дарыяларга жана көлдөрө окшошуп кетет. Азыркы күндө Антарктиданын калың муздарынын алдында көл бар. Ири муз астындагы Восток көлүн 1996 ж. антарктидалык “Восток” станциясынын районунда табылган. Ал 4000 м муз калыңдыгынын алдында,аянты 15,5 тыс. км².
- Антарктидагы көл көбүнчө бир нече сантиметр терендиктеги көлчүккө окшош
- Антарктидадагы Восток көлүнүн схемасы
Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү
Материктин көпчүлүк бөлүгүн антарктикалык чөл ээлегендигине карабастан, бул жердин бардык жеринде бактериялар таралган. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү оазисдерде кездешет.Мох, лишайник, эң майда козу карындар, гүлдүү өсүмдүктөр: антарктикалык шалбаа (Антарктикалык жарым аралда) колобантус кито – өсөт. Антарктиданын өсүмдүктөрү түбөлүк суукка жакшы ыңгайлашкан. Алардын клеткасында суу аз, бардык процесстер өтө жай түзөт.
- Антарктический шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жерлеринде гана кездешет. Өлөң чөп 20 см бийиктике чейин өсөт. Ал суукту жакшы көтөрөт.Гүлөдөгөн убакта дагы суук аны үшүтө албайт
- Колобантус кито – чөп өсүмдүгү жаздык сымал формасы менен майда ак жана агыш-сары түстөгү гулдөрү бар 5 см ден ашпайт
Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү
Антарктида жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Көптөгөн жаныбарлардын жашоосу океан менен байланышкан, кургактыктагы жаныбарлар аз. Кургактыкта сөөлжандар, канаты жок курт-кумуркалар табылган.Жээк сууларында планктондор көп, алар балыктар менен азыктанат, киттер, тюлендер жашайт. Жайында жээктеринде канаттулар уялашат: ак чардактар, баклан, чайка-поморник, альбатрос, пингвин. Антарктиданын адаттагы жаныбары – пингвиндер. Алар учушпайт, жакшы сүзүшөт, балыктар, молюскалар рактар менен тамактанат. Пингвиндердин 17 түрү бар. Эң кеңири таралганы – анча чоң эмес Адели пингвини. Эң ириси - император пингвини, анын массасы 50 кг жетет жана бийиктиги метрден көбүрөөк.
Антарктидадагы адам
Антарктида – илимий изилдөөлөрдүн континенти
Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы мамлекетке тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт. Материкте изилдөөчү станциялар , окумуштуулар рельефин , климатын изилдешет. Жайында убактылуу жашаган адамдардын саны 4000 адам, кышында 1500 адам. 18 айдан ашык бул жерде эч ким жашаган эмес.
Эл аралык келишим боюнча 1959 жылы, Антарктида – нейтралдык, демилитардык зона, катары тынчтык жол менен илимий изилдөө иштери үчүн гана колдонулат. Материкте 70 илимий станция, анын ичинен 42 туруктуу, 14 мамлекеттерге тиешелүү.
Антарктидада согуштук сыноолорду өткөрүүгө тыюу салынган, ал эми 1991 жылдан бери кен байлыктарды алууга тыюу салынган.
Картадан Антарктидадагы “Чыгыш” (Россия) станциясына көңүл бургула. Ал эң чет жагында жаратылыш шарты катаал, жакшы изилденбеген аймагында жайгашкан. Бул жер Уюлдук Жетпегенжер.
- Уюлдук станция
- Уюлдук станциялардын картасы
- «Восток» станциясы (Россия)1957 жылы ачылган. Бул жерден “Жер“ планетасынын эң төмөнку температурасы катталган.
- "Мак-Мёрдо" - Антарктидагы эң ири станция
Антарктиданын Экологиялык проблемласы
Муздардын эриши Антарктиданын – бирден бир негизги көйгөйү. Бул глобалдык жылуулануунун натыйжасында болууда. Материкте температура дайым жогорулап жатат.
Антарктиданын үстүндө озон жыртыкчасы пайда болгон. Озон катмарындагы өзгөрүүлөр климатка чоң таасирин тийгизет, анткени ультрафиолеттик нурлардын таралышы өзгөрөт глобалдык жылуулануу көйгөйүнө алып келет. Озон жырттыкчасы адамдын ден-соолугуна, денизде жашоочу жаныбарлар жан өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунуч туудурат.
Бул жерде шаарлардын, машиналардын, заводдордун жана көптөгөн калктын жоктугуна карабастан, адам баласынын таасиринен чон жоготууларга алып келүүдө.
Азыркы күндө Антарктиданын территориясында илимий станциялардын саны көбөйүүдө. Адамдар ар кандай техникаларды, транспорттун турлөрүн, бензин жана мазутту алып келүү менен биосфераны булгап жатат. Ар бир илимий станция таштандыларды пайда кылууда.
Таштандыларды шамал учуруп ачык океанга алып барууда, калган таштандынын көп бөлүгү тоңуп калууда.
Окумуштуулар пингвиндердин таралуу аймагынын азайышын аныкташууда. Анын себеби пингвиндер тамактанган крилдердин азайышы. Крил менен антарктикалык жаныбарларлардын көпчүлүгү тамактанат. Тюлендер менен киттердин көбөйүшү, температуранын жогорулашы, муздардын эриши крилдердин азайышына алып келүүдө. Айрым убактарда браконьерлер көп жаныбарларды тирүүлөй эле жок кылууда.
Акыркы убактарда муздак материке туристердин кызыгуусу да артып жатат. Азыр туристер материке кораблдер менен барып келечекте планетанын туристик аймагы катары пландаштырууда. Бул материк үчүн абдан чоң коркунучту алып келет.
Пайдалуу шилтелмелер
Сөздүк
- Антарктика – жер шарынын түштүк уюлдук областы антарктиданы жана ага жакын Атлантика , Инди жана Тынч океандары деңиздери Уэдделла, Росса, Амундсен, Беллинсгаузен ж.б.
- Катабатикалык шамал (от грек. katabatic - түшүү, төмөндөө) – уюлдук континентке мүнөздүү болгон, суук климаттан пайда болгот
- Антарктикалык оазис –туруктуу муздан жана мөңгүдөн, кар катмарынан бошонгон жердин бөлүгү, антарктикалык муз щити менен курчалган, жээгинде щельфтик мөңгүлөр каптайт
- Кургак өрөөн — Жердеги эң кургак жер. Айрым райондорунда миллион жылдардан бери жаанды, карды көрө элек.
- Муз пакети –жээке бекиген көп жылдык муз, калындыгы 3 м, бир же эки мезгилге чейин турат.
- Эндемики – өзгөчө өсүмдүктөр жана жаныбарлар, дүйнө жүзүнүн ушул территориясында гана кездешет.
Адабияттары
- Антарктида — географическое положение, открытия и исследования материка. Геологическое строение и рельеф Антарктиды https://geographyofrussia.com/antarktida-geograficheskoe-polozhenie-otkrytiya-i-issledovaniya-materika-geologicheskoe-stroenie-i-relef-an
- География: Справ. материалы: Кн.- с. Для учащихся сред. и ст. возраста/А.М. Берлянт, В.П. Дронов, И.В. Душина и др.; Под ред. В.П. Максаковского. – М.: Просвещение, 1989. – с. 350 - 356.
- География материков и океанов. 7 класс: Метод. пособие. – СПб.: «Паритет», 2003.
- Геосфера Справочник по географии http://www.geo-sfera.info/publ/27-1-0-90
- Инфоурок Климат Антарктиды. Растительный и животный мир. Природные богатства Антарктиды https://infourok.ru/urok-klimat-antarktidi-rastitelniy-i-zhivotniy-mir-prirodnie-bogatstva-antarktidi-1372091.html
- Pikabu Лайфхак для жителей Антарктиды https://pikabu.ru/story/layfkhak_dlya_zhiteley_antarktidyi_2644031
- Сайт География 7 Географическое положение Антарктиды http://geography7.wikidot.com/geographical-situation-of-antarctica
- Сентненция Историко-философский словарь Вулкан Эребус http://www.mnemosyne.ru/arhivarius/vulkani-5.html
- 1 сентября Открытый урок Природа Антарктиды http://xn--i1abbnckbmcl9fb.xn--p1ai/%D1%81%D1%82%D0%B0%D1%82%D1%8C%D0%B8/586516/
- Животные Антарктиды http://www.antarktis.ru/zhivotnye-antarktidy/
- Эко портал Экологические проблемы Антарктиды https://ecoportal.info/ekologicheskie-problemy-antarktidy/
- Антарктида и проблемы в экологии http://www.epochtimes.ru/ekologicheskie-problemy-antarktidy-98907350/
Көл Дон Жуан: Жердин эң туздуу көлчүгү. Дона Жуанл көлчүгү — анча чоң эмес терендикте, Антарктидада Кургак Өрөөн Макмердодо жайгашкан.Бул көлчүктү Асгарда жана Олимпусом тоолордун тосмосунан табасың. Туздуулугунун деңгээли 40%, бул жердин суу массасынын эң туздуу массасасы. Көлчүктүн туздуулугу 18 эсе жогору, океанга караганда, Иорданиядагы Өлүк деңизинен эки эсе туздуу. Дон Жуан Антарктиданын эң эң суук регионунда жайгашкан, бирок суусу эч качан тоңбойт, -40 градус Цельсияда да тоңбойт.
1991ж. норвегиялык Руал Амундсен, андан кийин англиялык Роберт Скотт Түштүк уюлга жеткен. Окумуштуулар материктин ички аймактары жөнүндө алгачкы маалыматтарды алышкан. Бирок ал маалыматтар өтө оор кыйынчылыктар менен алынган. Амундсендин экспедициясы лыжа менен чаналарды иттерге байлап тамак-аштарды жана башка керектүүлөрдү алып жолго чыгышкан. Алар эң кыска жолду тандашкан – Росса деңизинин чыгыш четинен чыгып Түштүк уюлга 1911 ж. 14 декабрда жеткен. Р.Скоттун экспедициясы ирландиялык пондор менен чыгышкан. Алар 35 күнгө кеч жетишкен. (18 январь 1912 ж.). Кайра кайткан учурунда көп күндүк бороондуу катуу шамалдан, болгону тамак-аш, отундар сакталган складка 20 км жетпей өлүмгө дуушар болгон.