Тарых: Отурукташкан деңиз цивилизациялары
Версия от 04:23, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (→В правление императора Константина Великого)
Содержание
Деңиз цивилизациялары
Жер ортолук деңизиндеги байыркы цивилизацияларды «Деңиз цивилизациялары» деп атоо кабыл алынган. Алардын биринчиси Финикий цивилизациясы болгон. Крит-микен, грек жана рим цивилизациялары «Деңиз цивилизацияларына» кирет. Деңиз соодасы, бул цивилизациялардын экономикасынын негизи болгон, ал эми деңиз жолдорун көзөмөлдөө үчүн күрөш алардын тышкы саясатын аныктаган. Байыркы Грециянын жана Байыркы Римдин цивилизациясын Батыш же Антик цивилизациясы деп атоо кабыл алынган.
Финикий цивилизациясы
Байыркы Финик цивилизациясы Жер Ортолук Деңизинин Чыгыш жээктерин бойлоп кеткен жер тилкесин ээлеген. Чыгыш тарабынан кургактык ээлеген бөлүгү Ливан тоолору менен чектешет, анын айрым жерлери дээрлик жээкке кирип турат. Улуу державалар — Месопотамия, Египет, Персия, Байыркы Рим менен салыштырганда — Байыркы Финикия бар болгону жердин чакан бир булуңу. Бирок алардын сүйлөгөн сөзү египеттин шаарларында Сицилиянын, Испаниянын, Түндүк Африканын жээктеринде, грек портторунда угулуп туруучу... Финик кемелери бүтүндөй Жер Ортолук Деңизинде үстөмдүк кыла турган.
- Финиктер азыркы кезде бизге белгилүү болгон бардык жазуу системаларынын негизин түзгөн алфавитти, биринчи класстуу деңиз кемелерин жана башка көп ачылыштарды дүйнөгө берген ...
Ушул кичинекей элдин күчү эмнеде? Финик мамлекетинин алгачкы калкы ким болгондугу бизге белгисиз. Бирок алардын түздөн-түз ата-бабалары биздин эрага чейинки III миң жылдыкта эле ушул аймакта жашаган. Туура, финиктер өздөрүн «кайсы бир шаардын тургундары»: сидоняндар, тирийлер деп аташкан... Анан өздөрүн курчаган жерлердин, Түштүк Сириянын жана Палестинанын элдери менен бирге «ханаанейлер», башкача айтканда Ханаан өлкөсүнүн эли деп аталышкан. Алар семит тилинде, азыркы араб тилине, байыркы аккаддардын, ассириялыктардын, египеттиктердин тилине тектеш тилде сүйлөшкөн.
Байыркы Египет өтө муктаж болгон жыгач — финиктердин негизги товары болгон. Шаарлары, биринчи кезекте Библ шаары Ливан тоо беттеринде өскөн кедр, эмен жана кипаристи соодалашкан. Жыгачтан кемелерди жана табыттарды жасап, аларга эгипет вельможаларынын мумияларын сактаган. Соода-сатыкта жогорку сапаттуу шарап чоң роль ойногон. Ошондой эле олив майы маанилүү азык болуп эсептелген. Финиктер моллюскалардын өзгөчө түрүнөн мала кызыл боекторду жасаган. Аны менен жүн жана кендир кездемелерди боегон. Мындай кездемелер дароо эле модага айланып, бардык коңшу өлкөлөрдө эбегейсиз суроо-талапка ээ болгон. Библ, Сидон жана Түндүк Афирикадагы Карфаген колониясы финиктердин ири шаарлары болуп эсептелген.
Байыркы Греция
Азыркы дүйнө көп жагынан байыркы Грецияга милдеттүү. Бул салыштырмалуу чакан өлкө адамдын турмушунун бардык тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. дүйнө жөнүндө - адам, медицина, саясат, искусство, адабият жөнүндө дүйнөгө көз караштар дал ушул Грецияда дүйнөлүк масштабда жаралган. Байыркы учурда Греция бирден бир мамлекет болуп эсептелбегени менен, анын калкы өзүн бирдиктүү элбиз деп эсептеп, эллиндербиз, ал эми өлкөсүн Эллада деп аташкан.
Байыркы Грециянын тарыхын беш мезгилге бөлүү кабыл алынган:
Европадагы биринчи мамлекеттер Критте, Пелопоннесте жана Орто Грецияда (ахей же микен цивилизациясы)пайда болгон
Гомер мезгили деп аталган, себеби Гомердин "Илиада" жана "Одиссея" поэмалары узак мезгил бою бул мезгилди изилдөөнүн негизги булагы болуп келген. Так маалыматтардын жоктугунан бул мезгилди ошондой эле, «Караңгы» мезгил деп аташат.
Мамлекеттин жаңы формасы пайда болгон – полисти адатта шаар-мамлекет деп аташат. Өзүнүн түзүлүү өзгөчөлүктөрүнөн улам грек полистери демократиялык, аристократиялык жана олигархиялык болуп бөлүнгөн. Демократиялык бийлик демоско таандык болгон, аристократиялык учурда-бардык билермандар башкарган, олигархиялык бийликте ошол эле аристократиядан чыккан тар чөйрө үстөмдүк жүргүзгөн.
Төртүнчү классикалык мезгил грек полистеринин кубаттуу Перс державасы менен кагылышуусунан (грек-перс согушу) башаталат жана бул державаны жок кылган Александр Македонскийдин басып алуулары менен аяктайт.
Байыркы Грециянын тарыхындагы соңку мезгилди эллада мезгили деп аташат, ал Александр Македонскийдин өлүмүнөн тартып римдиктер Египетти басып алганга чейин созулган. Бул мезгилде грек полистери, ошондой эле ахемениддердин мурдагы державасы полководец Александр өлгөндөн кийин өздөрүн көп жыл бою падышабыз деп жарыялап жүрүшкөн жаңы мамлекеттердин курамына кирген.
- Крит-Микен цивилизациясынын пайда болушу
- Уламыштарда айтылгандай Финикиядагы Тир шаарынын башкаруучусу Агенор падышанын Европа деп аталган сулуу кызы болгон. Аны Олимптен кудайлардын падышасы Зевс көрүп жана жактырып калган. Ал эбегейсиз чоң ак букага айланып, падышанын кызы курбулары менен деңиз бойлоп бара жатканда уурдай качкан. Бука тездик менен сууга чумкуп кетип, эси чыккан кыздардан тез эле көрүнбөй калган. Бир нече күндөн кийин Зевс Европаны жонуна көтөрүп адам жашабаган аралга жеткен. Жээкке чыгып, ал кудай түспөлүнө келип, өзүнүн сүйгөн кызы менен адам көрбөгөн алыс жерде жашап калган. Европа Зевске: Минос, Сарпедон жана Радамент деген үч уул төрөп берген. Алардын улуусу Крит цивилизациясынын биринчи падышасы болуп калган. Кийинчерээк анын ысмы криттерде Минос деген наамга айланып, египеттиктер фараон, гректер басилевс дегендей эле атак менен калып калган.
- • Ошондон көп мезгил өткөндөн кийин Критти казган археологдор Европа жөнүндөгу мифтин айрым бир тарабы чындык экенин ырасташкан. Аралга чынында эле Алдыңкы Азиядан келгендер отурукташкан. Финик уруулары бул жерге жаңы эрага чейинки алты миң жылга жакын мезгилде келишкен. Алар Критке уйду алып келишкен. Бирок, негизги иши дыйканчылык болгон. Дал ушул жерден илимпоздор айыл чарбасынын Европадагы эң байыркы издерин тапкан. 1900-ж. алгачкы казууларды баштаган британиялык археолог Артур Эванс Крит аралында эң маанилүү ачылыштарды жасап жана табылган цивилизацияны - биринчи падыша Миностун атынан атаган.
Крит-Микен цивилизациясынын картасы
- Төрт миң жылдын ичинде Крит-Микен цивилизациясынын калкы аралда Европадагы эң байыркы гүлдөгөн империяны түзгөн. Минойлор өздөрүн деңиздин эли деп эсептешкен. Алардын сарайларындагы фрескаларда кемелердин, балыктардын, ойногон дельфиндердин жана осьминогдордун сүрөттөрү көп учурайт. Б.э.ч. V к. грек тарыхчысы Фукидид билдиргенге караганда Минос падыша кубаттуу флот түзгөн, аны менен деңизде башкаруу жүргүзгөн. Археологдор сарай комплекстеринин бирине да чыңдоолор коюлбагандыгын жазышкан. Демек аралдын калкы өздөрүн коопсуз сезгендиги, коңшуларынан коркпогондугу жана флотту Крит үчүн эң ишенимдүү калканч катары эсептегендиги көрүнүп турат.
Кноссе шаарындагы сарай эң ири деп эсептелет. Дал ушул жерде, окумуштуулардын пикири боюнча легендарлуу падыша Минос жашаган. Бул жайнаган бөлмөлөрдөн жана сарайлардан турган лабиринт төрт жарым кылым бою-болжол менен 1900-жылдан тартып б. э. 1450-чейин курулган. Ал 16 мин чарчы метрге жакын аянтты ээлеп, ичинде 300 гө жакын ар түрдүү имарат жайлар бар. Имараттын оозунда жана анын тегерегиндеги жерлерде 30000ге жакын адам жашаган. Баскынчыларга ал эстен кеткис таасир калтыргандыгы таң каларлык эмес. Минотавр жөнүндөгү уламыштар ушул сарай менен байланышкан. Миносс падышанын аялы Пасифая буканы сүйүп калган жана андан тири шумдук - жарым адам жарым бука Минотаврды төрөгөн. Ал ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, падыша ага арнап атайын лабиринт куруп, коркунучтуу уулу Пасифанды ошол жакка каткан. Минотавр адамдарды жеген жана криттикттер ага колго түшкөн туткундарды алып келип беришкен. Бул кезде Афина критт цивилизациясынын бийлигине баш ийген. Бир курдай аралга туткундардын партиясы менен кошо Афина падышасынын уулу Тесей келген. Ал Минтоварды өлтүрүп лабиринттен жол көрсөткөн жиптин жардамы менен чыккан, аны баатырга Миносстун Тесейди сүйүп калган кызы-Ариадна берген.
Троя согушу
Троя согушу ар түрдүү мифтерге жана уламыштарга толгон эң белгилүү согуш болуп саналат. Бул окуянын эки турдүү баяны бар, алардын биринчиси чындыкка жакын келген тарыхый маалымат болуп саналат, ал эми экинчиси романтизмге жана баатырдыкка толгон мифке окшош.
Ошентип, биринчи тарыхка ылайык Троя согушу биздин эрага чейинки 1240 жана 1230-жылдардын аралыгында болуп өткөн. Троя соода кемелеринин өтүп кетишине тоскоолдук кылып жана кыйла салык алып тургандыгы андай узак салгылашуунун башталышына себеп болгон. Мындай абал гректерге жакпай калып, алар күч-аракеттерди бириктирип, Трояга каршылык көрсөтүүнү чечкен. Бирок Троялыктар каармандык менен каршылык көрсөтүп, өз чек арасынан өткөргөн эмес.
Гректер жоокерлердин саны жагынан да жана ошондой эле Троялыктар өрттөп жиберген кемелердин саны жагынан да жеңилүүгө дуушар болгон. Гректер ошондой эле салгылашууда өздөрүнүн башкы баатыры Ахилладан ажыраган. Бул окуя алардын эсин оодарган, ошондо алар бир шумдук амалды ойлоп табышып, жыгачтан ат жасашкан. Бул ат Троялыктар үчүн кудайлардын берген тартуусу катары көрсөтүлүшү керек эле.
Ат түн жамынып шаардын ичине кирип келгенде, анын ичинен эң эр жүрөк грек жоокерлери чубап чыккан. Алар дарбазаны ачып, армияны киргизип жиберген. Ошентип кыраакылыгын жоготкон Трояндыктар жеңилүүгө аргасыз болгон. Шаар өрттөнүп, адамдар өлтүрүлүп, ал эми айрымдары туткунга алынган.
Башка бир уламыш боюнча Парис уурдап кеткен Спарта падышанын аялы Елена чырдын чыгышына себепчи болгон.
Грек-Перс согуштары
- 500-ж. – Кичи Азиянын колония-шаарларында гректердин перстерге каршы көтөрүлүшүнүн башталышы.
- 499-ж. – Кичи Азияда көтөрүлгөн гректер Афинадан жана башка грек шаарларынан жардам сурады.
- 492-ж. – Перс падышасы Дария I дин Европа Грециясына биринчи (ийгиликсиз) жүрүшү. Перс флоту Афон тумшугундагы бороондон катуу зыян тартат.
- 490-ж. – Грецияга Перс армиясынын жүрүшү. Марафондун алдында стратег Мильтиаданын башчылыгы астында гректердин жеңиши.
- 480-ж. – Жаңы перс падышасы Ксеркстин эбегейсиз аскер менен Грецияга жүрүшү. Фермопильдин жана Артемиссиянын алдындагы салгылашуу. Перстердин Афинаны ээлеп алышы жана өрттөп жибериши. Саламиндин алдында Ксеркс флотун талкалоо.
- 479-ж. – Гректердин Платеянын алдында перс аскер башчысы Мардонийди талкалоосу.
- 449-ж – Афиналыктардын Кипрге жүрүшү жана Саламин Кипрскийдин жанында алардын перс флотун талкалоосу.
Гректердин жеңишинин мааниси чоң болгон. Алардын бири-психологиялык жеңиш. Гректер, өзгөчө эң башынан тартып перстер менен күрөшүп келгендери Ахемениддердин кубаттуу державасын жеңип чыккандыгы менен сыймыктанган. Алар эркиндик жеңишке жеткирди, перстердин баардыгы-«улуу» падышанын кулдары болгондугу үчүн жеңилип калды дешкен. Калган элдердин үстүнөн гректердин артыкчылыгы жөнүндөгү мурда калыптанган көз караш бул согуштун жүрүшүндө ишенимге айланган.
Афина өзгөчө күчөгөн жана алардын «алтын кылымы» келген.
Б.э.ч. V-IV кк. Гректердин маданияты жогорку деңгээлге жеткен. Афиналык Демокрит бүткүл дүйнө атомдордон турат деген даанышман ойду айткан. Гиппократ улуу врач болгон. Философ Аристотель бүткүл илимий билимин тармактар боюнча бөлгөн жана аларга өз алдынча ат берген: ботаника – гректин «өсүмдүк», физика – «табият», политика – «мамлекет» жана башка деген грек сөздөрүнөн алынган. Б. э. ч. V к. тарыхый илимге негиз салган «тарыхтын атасы» Геродот грек –перс согушунун тарыхын жазган. Биринчи театр (зоок жай) да грецияда пайда болгон. Мифтердин негизинде пьеса-трагедиялар жаралган. Афиналык Эсхил трагедиялардын эң көрүнүктүү автору болгон. Анын эң мыкты чыгармаларынын бири «Жылбаган Прометей» деп аталган.
Архитектура, скульптура жана живопись жогорку деңгээлге жеткен. Олимпиада оюндарын да гректер ойлоп тапкан. Гректер үчүн олимпиа ыйык жер болгон. Анын ортосунда заңгыраган храм турган, анын алдында Фридей тузгөн Зевстин зор статуясы турган. Статуя Парфенондогу Афинанын статуясы жасалгандай техника менен аткарылган.
Б.э.ч. IV к. Грециянын түндүгүндө башка мамлекет– Македония жогорулоо жолунда турган. Македониянын падышасы Филипп II 338-ж. бүткүл Грецияны өзүнө баш ийдирген. Ушундан кийин ал Персияга жүрүшкө даярданган, бирок өлтүрүлгөн. Тактыга Филипптин 20 жаштагы уулу Александр Макендонский келген. Улуу ойчул Аристотель анын мугалими болгон. Б.э.ч. 334-ж. грек-македон аскерлери Александр Македонскийдин жетекчилиги менен Кичи Азияны, андан соң Египетти, Кош дарыянын ортосун (Месопотамия), Персияны, Орто Азияны каратып, Инд дарыясына чейин жеткен.
- 323-ж. Б.э.ч. Александр капыстан өлгөн. Анын державасы бир нече падышалыкка ыдыраган. Македонский, Египет жана Сирия падышалыктары алардын негизгилери болгон.
Александр Македонский өлгөндөн кийин (б.э.ч. 323-ж.) эллинизм деп аталган мезгил өкүм сүрүп, ал Александр Македонскийдин мурунку империясынын аймагында Рим үстөмдүгү биротоло эле орногонго чейин созулган. Бул мезгил грек маданияты Чыгышка гана эмес, ошондой эле Чыгыш маданияты Грецияга тараган мезгил болгон. Александр Македонский негиздеген Египет Александриясы Эллинисттик дүйнөнүн борбору болгон. Александр Македонскийдин империясы ыдырагандан кийин, анын урматына аталган Александрия Египеттик птоломейлер падышалыгынын борбору болуп калган. Б.э.ч. 3-к. «музейон» («Музалар храмы») негизделген, анда илимпоздор жана акындар же акын илимпоздор иштеген. Ошол эле жерде китепкана түзүлгөн, анда б. э. ч. 3-кылымда байыркылардын айтуусу боюнча жарым миллионго жакын китеп болгон. Китепкана б.э.ч. I к. Цезарь Александрияны басып алганда өрттөнүп жок болгон. Музейондо Архимед менен Эвклид иштеген. Бул жерде Птоломей өзүнүн Дүйнөлүк геоборборлошкон системасын негиздеген. Александрияда дүйнөдөгү жети шумдуктун бирөө - Александрия маягы жайгашкан.
Байыркы Рим
Байыркы Рим адамзаттын бүткүл тарыхындагы эң кубаттуу цивилизациялардын бири болгон. Анын тарыхы б.э.ч. VIII кылымда Рим негизделген учурдан башталат жана б.э. V кылымында Рим империясы кулаганга чейин созулат. Бул көп кылымдык мезгил үч бөлүккө: падышалык, республиканлык жана императордук мезгил деп бөлүнөт.
Римдин өзүн Тибр суусунун боюндагы италиялык уруулар негиздеген жана алгач кичинекей кыштакча болгон. Анын түндүк жагында этрустар уруусу жашаган. Легенда боюнча ал жерде весталка Рея жашаган, ал кокусунан Марс кудайынан Ромула жана Рем деген эки уул төрөгөн. Бир тууганынын жана Реинин атасынын буйругу боюнча себеттеги балдар сууга ташталып, андан Палатин дөбөсүнө кагылып салынган. Бул жерден аларды карышкыр эне эмизип жүргөн. Кийин бул дөбөдө б.э.ч. 753-жылы Ромул Римди курган, ал эми карышкыр эне шаардагы ыйык жаныбар болуп эсептелип калган.
Падышалык мезгилдин учурунда (б.э.ч. VIII кылым – б.э.ч. VI кылым) Байыркы Римди кезеги менен жети падыша башкарган. VIII кылымда римдиктер сабиндер менен жакындашып кеткен жана анын падышасы Таций Ромул менен бирге башкаруу жүргүзгөн. Бирок Таций өлгөндөн кийин Ромул бириккен элдердин падышасы болуп калган. Ал сенатты түзүп жана Палатинди чындаган. Нума помпилий кийинки падышалыкты жүргүзгөн. Ал өзүнүн кудайчылдыгы жана адилеттиги менен даңкы чыгып, андыктан сенат тарабынан шайланган. Үчүнчү падыша Тулл Гостилий согушчандыгы менен айырмаланган жана көп учурда коңшу шаарлар менен согушкан.
Ал өлгөндөн кийин сабиндик Анк Марций бийликке келип, шаарды деңиздин жээгине чейин кеңейткен. Падышалык мезгилде Римди кезектешип латындар, сабиндер, же этрусс башкаруучулары бийлеген. Алардын ичинен Корникулдук Сервий Туллий акылдуу башкаруучу болгон. Качандыр бир ал римдиктерге туткунга түшүп калып, Байыркы Тарквиния падышасынын жолун улантып, анын кызына үйлөнгөн. Падыша өлгөндөн кийин ал сенат тарабынан бир добуштан шайланган. Б.э.ч. VI кылымдын башталышында латин-сабин патрицийлеринин аракети менен Римдеги падышалык бийлик кулап, б.э.ч. 30-жылга чейин созулган Республикалык мезгил башталган.
Бул мезгил кыйла узакка созулган, ошондуктан аны экиге бөлүп карайбыз: Эрте Рим Республикасы жана Рим Республикасы деп аталат. Эрте мезгил патрицийлердин (тукуму ак сөөк) жана плебейлердин (жеңилген элдин тукуму) күрөшү менен белгилүү. Патрицийлерге төрөлгөндөн эле жогорку кастанын артыкчылыктары берилип, ал эми плебейлерге ал тургай мыйзамдуу никеге турууга же курал алып жүрүүгө да уруксат берилген эмес. Республиканы патрицийлерден чыккан эки консул башкарган. Мындай абал узакка созулмак эмес, ошондуктан көтөрүлүш чыккан.
Алар карыз пайызын алып салууну, сенатка катышуу укугун жана башка артыкчылыктарды талап кылган. Өлкөдө алардын аскердик ролу өсүп кеткендиктен, патрицийлерге ыкка көнүүгө жана б.э.ч. III кылымдын акырында «жогорку кастадагылардыкындай» укук жана мүмкүнчүлүк берүүгө туура келген. Ушул эле мезгилде римдиктер согуштардын сериясына катышып, анын натыйжасында Италия жеңиштерге жетишкен. Б.э.ч. 264-жылы Рим Жер Ортолук Деңизиндеги көрүнүктүү державага айланган. Республиканы түзүүнүн кийинки мезгилинде Пуникалык согуштардын сериясы болуп өтүп, алардын жүрүшүндө Римдиктер.
Рим Империясын башкаруу
РЕСПУБЛИКА (лат. – «коомдук иш») – мамлекеттик башкаруунун формасы, мында жогорку бийлик шайланган өкмөттүк органга таандык.
Өз аймагын кеңейтүү менен Рим, барган сайын кубаттуу боло берген. Карфаген кулап жана Грецияны басып алгандан кийин Жер Ортолук Деңизинде Рим гана үстөмдүк кылган. Бирок, Рим республикасынын тышкы кубатынын күч алышы бир эле учурда ички терең кризис менен коштолгон.
Эбегейсиз аймак шаар-мамлекет башкарылгандай башкарылышы мүмкүн эмес эле. Ал эми узакка созулган басып алуу жүрүштөрү армиянын ролун ички иштерде да күчөткөн. Андыктан, бир жагынан бийликти чыңдоо жана борбордоштуруу зарылчылыгы болгону менен, экинчи жагынан Рим аскер башчыларынын катарлары алдыга жылган.
Байыркы грек зулумдарына же Жакынкы Чыгыштагы Эллин кожоюндарына окшоп, кол башчылар толук бийликке ээ болууга умтулган. Алардын биринчиси Луций Корнелий Сулла б.э.ч. 82-ж. Римди басып алып, толук бийлиги бар диктаторго айланган. Сулланын душмандары тизмеге (проскрипцияга) ылайык аёсуз талкаланган, бул ишти диктатор өзү даярдаган. Б.э.ч. 79-ж. Сулла бийликтен өз ыктыяры менен баш тарткан, бирок бул Римди мурунку башкарууга кайтарып келе албайт эле. Рим Республикасында жарандык согуштун узак мезгили башталган.
Римде кулдардын эң ири көтөрүлүштөрүнүн бири – Спартактын жетекчилиги астындагы көтөрүлүш кризиске алып келип, дээрлик үч жылга (б.э.ч. 73-71-ж.) созулган. Көтөрүлүшкө чыккандарды Римдин ошол мезгилдеги үч эң жөндөмдүү полководецтеринин — Марка Лициний Красстын, Марка Лициний Лукулдун жана Гней Помпейдин бириккен күч- аракеттери менен талакалоого жетишилген.
Кийинчерээк, армяндардын жана Понтий падышасы Митридатом VIнын үстүнөн Чыгышта жетишкен жеңиштери менен даңкы чыккан помпейлер башка бир белгилүү аскер башчысы Гай Юлий Цезарь менен бирге республикада жогорку бийлик үчүн кармашкан. Цезарь б.э.ч. 58-49 ж. Рим республикасынын түндүктөгү коңшулары - галлдардын аймагын басып алган жана ал тургай Британ аралдарына басып кирген. Б.э.ч. 49-ж. Цезарь Римге кирген, ал жерде диктатор-чексиз укугу бар башкаруучу деп жарыяланган. Б.э.ч. 46-ж. Фарсалдагы (Греция) кармашта ал Помпейди - өзүнүн башкы атаандашын талкалаган. Ал эми б.э.ч. 45-ж. Испанияда Мунданын жанында соңку ачык саясий душмандары – Помпейдин балдарын, кенже Гнейди жана Секстти кыйраткан. Бир эле учурда Цезарь Египет падышасы Клеопатра менен биригип кеткен.
Бирок б.э.ч. 44 -ж. Гай Юлий Цезарь республикачы-кутумчулардын тобу тарабынан өлтүрүлгөн, алардын башында Марк Юний Брут менен Гай Кассий Лонгин турган. Республикадагы жарандык согуш улантыла берген. Цезардын жакын шакирттери – Марк Антоний менен Гай Октавиан бул согуштун негизги катышуучулары болушкан. Алгач алар биригип, Цезарды өлтүргөндөрдү жок кылышкан, кийинчерээк бири-бири менен күрөшкө чыгышкан. Антонийди Римдеги ушул жарандык согуштун соңку этабында Египет падышасы Клеопатра колдогон. Бирок б.э.ч. 31–ж. Акций тумшугундагы салгылашууда Антоний менен Клеопатранын флотун Октвиандык кемелер талкалаган. Египеттин падышасы жана анын союздашы өз өмүрлөрүн өздөрү кыйып, ал эми Октавиан бүтүндөй Жер Ортолук деңизин өз бийлигине бириктирген эбегейсиз державанын чексиз бийлигин өз колуна алган.
- Октавиан б.э.ч. 27-ж. «кут түшкөн» Август аталып, Рим империясынын биринчи императору эсептелет, бирок бул наам ошол мезгилде чоң жеңишке жетишкен жогорку, башкы кол башчыны гана билдирген. Расмий түрдө Рим республикасын эч ким алып салган эмес, ал эми Август принцепс деп аталганды артык көргөн, башкача айтканда, сенаторлордун арасында биринчи болгусу келген. Ошондой болсо да Октавиандын жолун жолдоочулардын тушунда республика монархиянын белгилерине көбүрөөк ээ болуп, өзүнүн уюштурулушу боюнча чыгыштын зулум мамлекеттерине көбүрөөк окшошо баштаган.
Империя б.э. 117-ж. Римдин чыгыштагы эң күчтүү душманы – Парфян державасынын жерлеринин бир бөлүгүн басып алган император Троянын тушунда өзүнүн тышкы саясаттагы эбегейсиз кубаттуулугуна жеткен. Бирок Троя өлгөндөн кийин Парфяндар тарттырып ийген аймактарын кайтарып алууга жетишкен жана тез эле чабуулга өткөн. Троянын жолун уланткан император Адриандын тушунда империя коргонуу тактикасына өтүүгө мажбур болуп, өз чегарасына кубаттуу тосмолорду орноткон. Рим державасынын тынчын Пафяндар гана албастан, түндүктөн жана чыгыштан варвардык уруулардын кол салуусу көбөйө баштаган. Алар менен салгылашууда Рим армиясы көп учурда катуу жеңилиштерге дуушар болуп турган. Кийинчерээк Рим императорлору, ал тургай варварлар чегараны башка касташкан уруулардан кайтарып берген шартта алардын айрым топторуна империянын аймагына жайгашууга уруксаат берген. .
284-ж. Рим императору Диоклетиан мурунку Рим республикасын империялык мамлекетке биротоло айландырган маанилүү реформаны жүргүзгөн. Эми, ал тургай император да башкача – "доминус" ("төрө") деп атала баштаган. Ал эми сарайдын ичинде Чыгыштан келген башчылардан үйрөнгөн татаал ырым-жырымдар киргизилген. Бир эле мезгилде империя – Чыгыш жана Батыш болуп, экиге бөлүнүп калган. Аны Август деген наамы бар өзгөчө башкаруучу башкарган. Ага Цезарь деп аталган орун басары жардам берген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Август бийлигин Цезарга өткөрүп берип, өзү отставкага кетүүгө тийиш болгон. Провинцияларды башкарууну өркүндөтүү менен катар бул ийкемдүү система ушул улуу мамлекет дагы 200 жыл өкүм сүрүшүнө алып келген.
Император Улуу Константиндин башкаруусу
Император Улуу Константиндин башкаруусунда (272-337) Рим империясы айрым учурга кайрадан чыңдалган. Константин кайрадан империянын бирден-бир башкаруучусу болуп калган. Ал эми анын балдары Константин II, Констанций жана Констант цезарлар жана тең башкаруучулар деп жарыяланган, ошондой эле мамлекеттик бийликтин мураскорлору деп дайындалган. 326-ж Константин Византияны империянын борбору кылып тандаган, 330-ж. аны Константинополь (Константиндин шаары) деп атаган. Константин чыгыш мамлекеттеринин үлгүлөрүнө салып, императордук кооз сарайды курган, шаан-шөкөттөрдү киргизген (диадема тагынуу, императорго кулдук уруу) консисторий – жашыруун императордук кеңеш түзгөн жана өз бийлигин тартипти бекем сактаган атка минерлердин аппараты аркылуу жүргүзгөн. Абалдары кайрадан чыңдалып калган сенаторлор бардык жерде мамлекетти башкарууга тартылган.
313-жылга уланган Милан эдикти (жобосу) христианчылыкка уруксаат гана бербестен, ошондой эле аны мамлекеттик динге айландырган.
Бирок, улуу Константиндин башкаруусунун соңку жылдарында Рим империясы кайрадан начарлаган.
V-к. Батыш Рим империясы герман урууларынын олжосуна айланган. Алар айрым аймактарды ээлеп алып, ал жерлерге Империяга үстүртөн гана көз каранды болгон өз королдуктарын негиздеген.
- V-к. Батыш Рим империясы герман урууларынын олжосуна айланган. Алар айрым аймактарын басып алып, ал жерлерде империяга үстүртөн гана көз каранды болгон өздөрүнүн королдуктарын негиздеген. Вестготтук колбашчы Аларих 410-ж. Римди талап-тоногон, андан кийин герман уруулары Римден Түштүк Галлияны, түндүк Италияны, Британияны бөлүп алган жана ал жерде өз королдуктарын түзгөн.
V-к. орто ченинде империяга Азиядагы гунн элдеринин падышасы - көчмөндөрдүн Аттила падышасы басып кирген. Ал Каталаун түздүгүндө (Марнедеги шалондун жанынан) Рим кол башчысы Аэциядан жеңилип калганына (450-ж. ) карабастан, кийинки жылы Италиянын өзүнө кол салууну кайталаган.
- 455-ж. Рим вандалдардан өзгөчө катуу сокку жеген. 476-ж. Рим императорлорунун акыркысы Ромул Августул герол дружинасынын кол башчысы Одоакр тарабынан тактан кулатылган. Ал жаңы императорду Батыш үчүн дайындоону каалаган болчу. Ал Италияда өзүнүн королдугун негиздеп, Чыгыш императору Зенонго бир эле императордон, башкасы жетишпейби деген салам дубасын жөнөткөн. Бул окуя Батыш Рим империясынын кулашы катары байыркы тарыхка кирген.
Глоссарий
пирамида, каждым уровнем которой управляет более высокий уровень. {{bibЦеремониал — регламентация проведения торжественных мероприятий. Слово имеет неясную этимологию латинского происхождения, связанную, по-видимому, с ритуалом. Однако в отличии от ритуала церемониал носит принципиально светский характер.}}
Полезные ссылки
Библиография
Что первым приходит на ум, когда речь заходит о древней Греции? Культура и мифология,литература, философия, математические теоремы, Олимпийские игры, скульптуры атлетов и богов из белоснежного мрамора… Но мы часто забываем о невероятных технологических достижениях греческой цивилизации, во многом опередивших свою эпоху. А таких было совсем немало.
Антикитерский механизм — устройство, созданное около 150 года д.н.э., которое можно назвать первым в мире компьютером. Механизм состоял из 37 бронзовых шестерней в деревянном корпусе, на котором размешались циферблаты. Он позволял проводить массу сложнейших астрономических вычислений, в том числе определять фазы Луны, солнечные затмения и движение всех известных грекам планет.
Огнемёт. Греки любили не только повоевать, но и создавать механизмы для войны. Первая огнемётная машина использовалась во время Пелопонесской войны (431 — 404 год д.н.э.), и обрушивала на врага горящие угли пополам с серой. Другой огнемёт изобрёл Аполлодор из Дамаска, инженер II века н.э. Это устройство предназначалось для разрушения крепостных стен с помощью сочетания пламени и мощной кислоты.
Паровая пушка — одно из военных изобретений Архимеда, когда тот помогал оборонять родные Сиракузы от римлян во время второй Пунической войны. Фактически, это была металлическая труба, запаянная с одного конца, которая раскалялась и заполнялась небольшим количеством воды. Образовавшийся пар резко выталкивал из своеобразной пушки снаряд на расстояние до километра.
«Клешня» Архимеда — ещё одна боевая машина, использующаяся против римского флота при осаде Сиракуз. Она представляла из себя кран, закреплённый на городской стене, снабжённый цепью с крюком на одном конце и противовесом на другой. Крюк цеплялся за вражеский корабль и переворачивал его, либо затаскивал на прибрежные скалы.
Первые монеты возникли во время железного века в Анатолии и Древней Греции примерно в 600-700 годах до н.э. Впоследствии монеты, разработанные греками, использовались для покупки или торговли товарами и другими народностями.
Служанка-автоматон — изобретение Филона Византийского, механика III века до н.э. Это чудо древнегреческой робототехники предназначалось для вполне логичной цели — она наполняла чашу вином, смешивая затем его с водой. Подача жидкостей происходила из двух контейнеров с трубками, помещённых внутрь механизма.
Поршневой насос — детище гениального инженера Ктезибия Александрийского, жившего в III веке до н.э. Насос использовался для подъёма воды из колодцев с помощью базовых принципов пневматики и гидравлики. К сожалению, все труды Ктезибия сгорели во время пожара в Александрийской библиотеке, и мы знаем о них только по упоминаниям других изобретателей.
Гидравлический орган, он же гидравлос — ещё одно изобретение Ктезибия, который обожал музыку. Гидравлос работал с помощью двух поршневых насосов и издавал невероятно чистый звук для своего времени. Позже он стал прототипом современных органов.
Эолипил — паровая турбина, созданная Героном Александрийским — одним из крупнейших изобретателей начала н.э. Она представляла из себя шар с загнутыми трубками, подвешенный над котлом с водой, вращающийся под действием реактивной паровой тяги. Герон использовал этот принцип для других изобретений — своих знаменитых танцующих фигурок и автоматического миниатюрного театра.
Акведук Эвпалина — масштабные подземные тоннели для хранения воды, выкопанные на острове Самос в шестом веке до н.э. по приказу тирана Поликрата. Акведук создавался, основываясь на потрясающе точных геометрических вычислениях, разгаданных лишь Евклидом через триста лет. Геродот в своих трудах называл тоннели одним из чудес света.
Изобретения древних греков затрагивали самые различные стороны жизни — как быт, так и военные действия. Древнегреческий огнемёт? Автоматическая прислуга? Почему бы и нет! Даже тысячи лет назад талантливых изобретателей могла ограничить только сила их воображения.
Театр родился в городе-государстве Афины. Даже само слово «театр» происходит от греческого слова Theatron, что означает «место для просмотра».
В древности греки использовали два вида подобного механизма. Один из них представлял водяные часы, из которых в заданный момент времени начинала по каплям течь вода. Капли попадали в емкость специальной формы, усиливающей звук.
К другому устройству, работающему по схожему принципу, был приделан барабан, на который в определенный момент начинала сыпаться галька. Шум от падения гальки был еще тот! Оба вида будильника пользовались большой популярностью в Древней Греции примерно в 5-4 веках до н.э. Говорят, что к помощи его водяной разновидности прибегал даже прославленный философ Платон, который, однако, использовал механизм в качестве звонка, оповещая студентов о старте лекций. Кстати, к 3 веку до н.э. греки придумали более совершенный и сложный вид будильника с циферблатом и стрелками для измерения времени, а также гонгами и дудками для подачи сигнала.
Наука о создании карт родилась не в Греции, а в Вавилоне, однако именно греки улучшили ее настолько, что она позволила совершать путешествия на огромные расстояния. А вот первая карта мира была создана именно в Греции, ее автором стал философ Анаксимандр (жил в 610–546 гг. до н. э.). На ней, конечно же, были указаны только те уголки нашей планеты, которые были известны древним грекам, однако даже при этом карта Анаксимандра считается одним из величайших достижений своего времени, а самого ученого называют пионером области картографии.
Родившиеся более 2.700 лет назад в Древней Греции, в наше время Олимпийские игры считаются одним из самых захватывающих спортивных соревнований планеты. Еще более значимая роль им предавалась в античности, когда за отсутствием радио и телевидения увидеть состязание самых сильных, отважных и ловких мужей пусть не со всего мира, но со всех уголков Греции можно было лишь раз в 4 года.
В то же время Греция подарила нам не просто спортивно-развлекательное мероприятие, а идею культурного обмена и, как следствие, средство к достижению согласия и взаимопонимания между народами. Не стоит забывать, что в античные времена Эллада не являлась единой страной, а ее независимые друг от друга полисы являлись фактически миниатюрной моделью сегодняшнего мира с его множеством государств.
Эти успехи греков имели важное значение. Одно из них — психологическое. Греки, особенно из тех полисов, которые с самого начала боролись с персами, гордились своей победой над могущественной державой Ахеменидов, пребывая в убеждении, что победу дала им свобода, а персы понесли поражение потому, что все они — рабы «великого» царя. Ранее сформировавшееся представление о превосходстве греков над остальными народами в ходе этой войны перерастало в убеждение.
"Камо грядеши" — один из лучших исторических романов известного польского писателя Генрика Сенкевича (1846 — 1916). Действие романа развивается на протяжении четырех последних лет правления Нерона (64 - 68 гг. н. э.), открывая перед читателем драматическую страницу римской и мировой истории.
Роман "Таис Афинская" - эпоха грандиозных завоеваний Александра Македонского и история жизни и удивительных приключений прекраснейшей и отважнейшей из гетер...
Эта книга о самом крупном в истории восстании рабов; о его предводителе, человеке выдающемся и физическими силами и духом; прекрасной и драматической любви; о дружбе и предательстве; о радости борьбы и горечи поражения.
Одно из самых прославленных произведений в истории не только польского, но и мирового исторического романа. Книга, которая легла в основу знаменитого одноименного фильма, и сейчас считающегося одним из эталонов европейского исторического блокбастера. Повествование о молодом фараоне Рамзесе, наивно пытавшемся противостоять власти всемогущих жрецов - и потерпевшем в этой борьбе сокрушительное и трагическое поражение.
Известный исторический роман выдающегося французского писателя XIX века Гюстава Флобера рассказывает о борьбе Древнего Рима с Карфагеном.
В младенчестве Клавдий потерял отца. В детстве и отрочестве страдал затяжными болезнями, от которых так ослаб умом и телом, что окружающие считали его не способным ни к каким общественным или частным делам. Даже его мать утверждала, что он урод среди людей. Однако, по воле случая став римским императором, Клавдий принял бремя власти на свои плечи и расширил пределы державы. Он правил столь мудро, что последним из рода Юлиев-Клавдиев заслужил прозвание Божественный.
Жизнь двенадцати цезарей - памятник римской истории и литературы, оказавший заметное влияние на европейскую культуру. Светоний подробно рассказывает биографию каждого из двенадцати императоров - от описания наружности, привычек, здоровья, одежды до участия в важнейших политических событиях того времени. Точность фактического материала, лаконичность, ясность языка и занимательность изложения обеспечивают этой книге успех уже на протяжении многих столетий.
Самый популярный роман английского писателя Эдварда Булвера-Литтона, написанный под впечатлением от знаменитой картины Карла Брюллова «Последний день Помпеи» и от поездки в этот древний погибший город. Переплетение судеб и событий: любовь афинского юноши Главка и гречанки Ионы, история слепой рабыни Нидии, мстительного верховного жреца Ар-бака, серия загадочных убийств и страшная катастрофа, похоронившая прекраснейший город, — захватывающее чтение от классика.
Первый век до Рождества Христова. Последние десятилетия существования Римской республики, переживающей эпоху застоя. На южной границе республики идет гражданская война. На севере погрязшему в разврате и коррупции Риму угрожают полчища варваров. И только ум и твердая рука Первого Человека в Риме способна отсрочить гибель государства. Но для того, чтобы стать Первым Человеком в Риме, надо не только совершить великие деяния на благо отечества, но и пройти путем предательства и крови.
Издательство «Шиповничек»
Качественно и невероятно красиво отрисованные комиксы по мотивам оригинальной истории канадской писательницы Анн Робийар. Дети со сверхспособностями, собравшись в Королевстве Изумруда, готовятся отразить нападение насекомоподобных пришельцев. Внутри многотомного издания волшебная карта, путеводитель по главным героям и другие визуальные фишки, которые могут пробудить интерес даже у самых равнодушных к книгам читателей.
Перед вами историческая повесть ДЕНЬ ЕГИПЕТСКОГО МАЛЬЧИКА, в ней рассказано, как жили люди много веков назад в одном из самых больших рабовладельческих государств древности - в Египте.
События, о которых рассказывается в повести, происходили около трех тысяч лет назад, во время правления фараона Рамсеса III.
Урук, Ассур, Ларса, Сузы, Алеппо, Мари, Вавилон - уже в 4-3 тысячелетии до нашей эры в древней Месопотамии, территории между реками Тигр и Евфрат, появились города-государства. Самым известным из этих городов был Вавилон, а самым могущественным его правителем - царь Хаммурапи. Советский историк Ревекка Ионовна Рубинштейн написала историю о двух мальчиках, живших в эпоху Хаммурапи: маленьком рабе Залилуме и сыне богатого купца Наби-Сине. Благодаря повести "Глиняный конверт" читатель может представить, как выглядел в этот период Вавилон, как жили его обитатели - купцы, жрецы, воины, бедные крестьяне, чему обучали детей в вавилонских школах и мог ли по Законам Хаммурапи раб стать свободным человеком.
В этой повести известная писательница К.М.Моисеева рассказывает о людях, живших на землях Армении и Закавказья почти две тысячи семьсот лет назад. Талантливый каменотес Габбу, рискуя жизнью, бежит из ассирийского рабства в родные края, чтобы сообщить о походе, который готовит властный царь ассирийцев Асархаддон против Урарту...
Василий Ян 4.173 90 читателей 6 рецензий 3 цитаты Предлагаем Вашему вниманию сборник исторических повестей В. Яна "Финикийский корабль".
Любовь Воронкова "Мессенские войны" - захватывающая история от Любови Федоровны Воронковой, автора многих детских книг и исторических романов, повествующая о том, как в VIII-V" веках до нашей эры маленькая эллинская страна Мессения героически защищала свою свободу.
Две с половиной тысячи лет назад мальчишки, так же как и наши, современные подростки, больше всего на свете любили приключения. Но мальчику Алкамену, сыну рабыни, жившему в древних Афинах в V веке до нашей эры, в эпоху греко-персидских войн, приключения были нужны и потому, что ему очень хотелось совершить подвиг и заслужить себе свободу. Алкамен пытается похитить священную змею, выступает в театре вместо взрослого актера, раскрывает заговор, сражается с варварами, наконец, отправляется лазутчиком во вражеский лагерь и участвует в грандиозной морской битве при Саламине. Рядом с ним его друзья - девочка Мика и забавный старик Мнесилох.
Историю греко-персидских войн Р. И. Рубинштейн раскрыла для детей в необычной форме. Отдельные рассказы объединяются не только общей темой, но и цитатами "отца истории" - Геродота. Отношения Древней Греции и ее грозного противника Персии в итоге предстают не фрагментарно, а максимально полно и эмоционально.