БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Тарых: Көчмөн цивилизациялар

Версия от 04:32, 2 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад) (Кочевые цивилизации в период средневековья)

Көчмөн маданият – адамзат тарыхынын өнүгүү жолундагы көрүнүктүү барактардын бири. Бүтүндөй көчмөн дүйнөнүн тарыхы: скифтер пайда болгон б.э.ч. VIII-кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки болжол менен үч миң жылдыкты камтыйт.

Көчмөндүк илимий мааниде (номадизм, грек. т. νομάδες, nomádes — көчмөндөр) — калктын көпчүлүгү экстенсивдүү көчмөн малчылык менен алектенген чарба ишмердигинин жана ага байланышкан социомаданий мүнөздөмөлөрдүн өзгөчө түрү.

  • slide 1
  • slide 1
  • slide 2

Көчмөн маданият өз тарыхында ээлеген аймактары Евразиянын жогорку жарымын катып, Тынч океандан Карпатка чейин созулат. Бул Арийлердин-сактардын жана Көчмөндөрдүн мекени. Бул жерде адам өзүн универсал, жоокер жана малчы катары көрсөтөт. Ал менчиктин ээси жана башкаруучу. Анын мамлекети - бул калк-аскер, түзмө-түз аскер демократиясы. Дини - Теңирчилик. Көчмөн цивилизация - улуу Океандан Карпатка чейинки бардык түрк элдеринин жалпы иденттүүлүгүнүн негизи, аларды бирдиктүү суперэтноско айланткан интеграциясынын негизи.

  • Хунну-гунны в Евразии а — полукочевая и оседлая экономика, 6 — первая стадия кочевания — нашествия; в — переход ко второй стадии кочевания (обретение родины); г— граница леса; 1 — империя Хунну; 2—.«Царство гуннов» в Дагестане; 3 — империя: Аттилы
  • Эпоха Тюркских каганатов а — оседло-земледельческая экономика; 6 — вторая стадия кочевания; в — переход от первой ко второй стадии кочевания; г— граница леса. 1 — Западно-Тюркский каганат; 2— Восточно-Тюркский каганат; 3 — Аварский каганат
  • Эпоха «стабилизации» а, б — оседло-земледельческая экономика; в — вторая стадия кочевания; г— оседло-кочевая смешанная экономика;  д — граница леса; е — общее направление венгерского нашествия. 1 — Уйгурский каганат; 2 — Кыргызский каганат;  3 — Кимакский каганат; 4 — Хазарский каганат; 5 — Дунайская Болгария
  • Степи Евразии в X — начале XI в. а — оседло-земледельческая экономика; 6 — вторая стадия кочевания; в — оседло-кочевая смешанная экономика; г — нашествия; д — переход от первой стадии кочевания к оседло-земледельческой экономике; е — граница леса.  1 — Кыргызский каганат; 2 — Кимакский каганат; 3 — Алания; 4 — государство Селъджукидов; 5 — Венгрия; 6 — Волжская Болгария
  • Степи в XI—XII вв. а — оседло-земледельческая экономика; 6 — вторая стадия кочевания; в — оседло-кочевая смешанная экономика; г— нашествие и переход ко второй стадии кочевания; д—граница леса. 1 — Кыргызский каганат; 2 — Кимакский каганат; 3 — Волжская Болгария
  • Империя Чингисхана и Орды а — границы империи; б— границы Орд; в — оседло-земледельческая экономика; г — оседло-кочевая смешанная экономика; д — вторая стадия кочевания; е — граница леса. 1 — Золотая Орда; 2 — Белая Орда; 3 — Орда Джагатая; 4 — Царство Илъханов; 5 — Империя Юянъ; 6 — Крымское ханство; 7— Большая Орда; 8 — Астраханское царство; 9 — Казанское ханство; 10 — Ногайская Орда; 11 — Сибирская Орда

Жашоонун көчмөн түрүнүн жаралышы географиялык, экономикалык жана башка факторлордун шартында объективдүү мүнөзгө ээ. Бул чарбалык-экономикалык өнүгүүнүн өзгөчө ыкмасы. Жаратылыш-географиялык чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашуу менен көчмөндөр дал ушул малчылык менен күн көрүүгө мажбур болушкан. Мал башынын көбөйүшү менен аларга жаңы жайытты табуу максатында журт которууга туура келгендиктен, жашоонун көчмөн мүнөзүнүн жаралышына алып келген.

  • Көчмөн малчылык мал калктан алыс эмес жерге жайылган оттогон үй шартындагы малчылыктан баштап эволюциялык жолду басып өткөн. Мал өстүрүүнүн миң жылдык практикасы малчылыктын жаңы, өтө пайдалуу жана ыңгайлуу формасына – алыскы жайыттарга чыгаруучу формасына алып келди. Дал ушул алыскы жайытка чыгаруу формасы талаа жана чөл жайыттарын - көчмөн чарбаны өздөштүрүүнүн өтө натыйжалуу ыкмасына өтүүдө арадагы звено болуп калды. Ошентип, жашоонун көчмөн мүнөзү жаралган.

    • slide 1
    • slide 2
    • slide 3

Көчмөн малчылыктын өзгөчөлүктөрү:
Малчылык - артыкчылыктуу кесип. Дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк көчмөндөр үчүн маанилүү ролду. Мал жыл бою короодо эмес, жаратылышта – жайытта кармалат.

Эл жана мал белгилүү жайыттын аймагында жыл мезгилине ылайык көчүп-конушат.

Жалпы калк же анын көпчүлүк бөлүгү көчүп-конууга катышат

Чарба жеке тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган, ал сатууга чыгарылбайт.

  • V – VI-кк. көчмөн цивилизация өнүгүүнүн жана кудуреттүүлүктүн чокусуна жетет. 1000 жыл аралыгында көчмөндөрдүн саясаты дүйнөлүк тарыхый аренада аныктоочу болуп саналган. Евразиялык континенттин активдүү кербендик соодасы көчмөн уруулардын көзөмөлүндө турган. Жашоонун көчмөн мүнөзү чарбанын, социалдык мамилелердин, материалдык жана руханий маданияттын негиздерин аныктады.
    • SRmap.png
    • SRcaravan.jpg
    • SRbazar.jpg
    • SRChzhan.jpg


Байыркы дүйнөнүн жана антиканын көчмөндөрү

Көчмөн малчылыктын калыптанышынын башталышы скиф-сактык мезгилге таандык (б.э.ч. VIII-кк.). бирок башаттары андроновдук (арийлик) тарыхый коомчулуктун ичиндеги коло доорунун аягында эле калыптана баштаган. Тянь-Шандан Сибирь жана Уралга чейинки аймакта малчылардын жана дыйкандардын бардык андроновчулар үчүн мүнөздүү чарба-маданий тиби калыптанган. Андроновчулар азия талааларындагы алгачкы чабандестер болушкан. Балким, андроновчулар дөңгөлөктү ойлоп табышкандыр. Ал жетишкендик аларга ээн талаалардын зор аймагын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди.

Courmap.png

Көчмөн цивилизацияны бөлүп көрсөтүүнү шаардык же дыйканчылык сыяктуу эле адамзат баласы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон талаа төңкөрүшү деп атоого болот.

Көчмөн цивилизация – бул батыш жана чыгыш цивилизациясынан айырмаланган өзгөчө дүйнө, ал эми талаада жашоо шаарда, айылда, деңиздеги сыяктуу эле тарыхый феномен болуп саналат.

Б.э.ч. I миң жылдыктын ортосунан баштап европа жана азия талаалары, жарым чөлдөрү, тоо этектери, батыштагы Карпаттан Чыгыштагы Памир жана Алтайга чейин түрдүү уруулар жана элдер отурукташкан, аларды гректер – скифтер, ал эми перстер – сактар деп аташкан. Бул уруулардын тыгыз карым-катышында жашоонун бир эле түрү, малчылык менен алектенүү скиф маданияты катары белгилүү, бирок скиф-сактык маданият деп атоо туура болгон бирдиктүү маданияттын жаралышына алып келген.

Расселение скифо-сакских племен в эпоху Александра Македонского



“Скиф-сактык триада” аталган скиф-сак цивилизациясын бирктирген үч олуттуу белгини бөлүп көрсөтүүгө болот.

  • Вооружение
  • Конское снаряжение
  • Звериный стиль в искусстве скифо-сакских племен


  • Сак башчысынын кийими (Ысык Коргон, Жети-Суу), Сак жаачысынын кийимин реконструкциялоо жана Сак кийими (Алтай)
    Suit.gif
  • Кара деңиз скифтери жана каспий талааларынын сактары
    Skif.gif
  • Сак башчысынын кийими (Шиликти коргону, Жети-Суу) жана сак-тиграхауддун кийимин реконструкциялоо
    Saks.gif
  • Кыргызстандын аймагындагы Андронов маданияты
    • Skif1.png
    • Skif2.png
    • Skif3.png
    • Skif4.png
    • Skif5.png
  • Кыргызстандын аймагындагы сак эстеликтери
    • Skif6.png
    • Skif7.png
    • Skif8.png
    • Skif9.png
    • Skif10.png
    • Skif11.png
    • Skif12.png
    • Skif13.png
    • Skif14.png
    • Skif15.png
    • Skif16.png
    • Skif17.png
    • Skif18.png
    • Skif19.png
  • Кыргызстандын аймагындагы сак доорунун петроглифтери
    • Skif20.png
    • Skif21.png
    • Skif22.png
    • Skif23.png
    • Skif24.png
    • Skif25.png
    • Skif26.png
    • Skif27.png
Б.э.ч. III-к. эки улуу империя калыптанган – отурукташкан Цинь жана көчмөн Хунну. Бул эки империянын кагылышы элдердин Улуу журт которуусуна алып келди.
Hunnu.jpg


Гунндар өз доорунун өнүккөн мезгилинде (б.э.ч. II—I) Борбор Азиянын эбегейсиз аймагын ээлеп, көптөгөн урууларга бийлик жүргүзүшкөн.

Б.э. I-к. кытай аскерлеринин жеңиши жана багындырылган уруулардын көтөрүлүшү Борбор Азиядагы гунн бийлигине чекит койгон. Б.э.ч. 48-ж. гунн бирикмеси кулаган, башында шанүй Чжи-Чжи турган бөлүгү батышка, Орто Азияга сүрүлгөн. Б.э.ч. 36-ж. Талас районунда гунндарды кытай аскерлери талкалаган. Башталган согушта гунндардын башчысы Чжи-Чжи өлтүрүлгөн, ал эми өздөрү батышка, алыс айдалган. Гунн бирикмесинин экинчи жолу, бирок олуттуу кулашы I-к. биринчи жарымында жүргөн. Гунн уруусунун бөлүгү (түштүк гунндар) Кытайга багындырылган. Башка бөлүгү (түндүк гунндар) Асман империясынын түндүк чек арасына айдалган. 93-жылы, кытайлыктар жана Сянь-би уруусу тарабынан кырсыктуу талкалангандан кийин, “түндүк гунндардын” олуттуу бөлүгү батышка, Орто Азия аркылуу, жарым кылым мурун Чжи-Чжи гунндары салып кеткен жол менен качышкан. Кийинки кылымдарда түндүк гунндардын олуттуу бөлүгү Орто Азияга көчүүнү улантышкан.

IV-к. 70-ж. Европага бир чоң уруулук топко бириккен көчмөн уруулардын массасы келген. «...Буга чейин көрбөгөн адамдардын эбегейсиз тукуму,— деп жазат Аммиан Марцеллии,— кичинекей бурчтан кар сыяктуу көтөрүлүп, бийик тоодон түшкөн куюн сымал алдынан чыккан бардык нерсени жок кылат». Ордонун курамы бир кылка эмес. Анын негизин байыркы монгол жана түрк уруулары түзгөн: акыркылардын саны Борбор Азиянын, Түштүк Сибирдин жана Орто Азиянын мейкиндиги боюнча гунндардын жүрүшүндөгү бир нече кылымда артыкча өстү. Уралда жана Каспийде аларга айрым эл финн-угор жана алан уруулары кошулушкан. Мындай жол менен гунндардын ысымы негизин азиаттык гунндар түзгөн этникалык түрдүү көчмөн уруулардын ири бирикмесинин жалпы аталышына айланган.
Европада гунндар өз бийлигине Атилланын башкаруусунда жетишкен. Баламбер (Баламир) 374-жылы Европанын аймагындагы гунн империясынын негиздөөчүсү болуп Баламбер (Баламир) саналат, анын тукуму Атти́ла — гунндардын 434-жылдан 453-жылга чейинки башкаруучусу, өз бийлигине түрк, герман жана башка урууларды бириктирип, Рейнадан Волгага чейин созулган улуу державаны түзгөн.


Roman-hunnic-empire.jpg



Усун мамлекети


Usuni.png


Б.э.ч. II-к. согуш жүрүштөрүндө хунндар Чыгыш Түркстандан усун уруусун сүрүп чыгышкан. Тянь-шань сактарын талкалап, Жети-Суу, Жунгария жана Борбордук Тянь-Шанда усундар тарыхый булактарда «Усунь-го» («усун мамлекети»), «Син-го» («көчмөн мамлекети») жана «Бу-цзу» («уруулук бирикме») аталган байыркы мамлекетти түзүшкөн.

Usun-go.jpg


KyrgIII.jpg


Чыгыш Түркстандын башка элдери сыяктуу эле усундар хунндарга көз каранды болушкан, бирок хунндардын башкаруучусу Лаошань-шанүйдүн өлүмү менен б.э.ч.161 — 158 жж. кунбаг (усундардын башкаруучусунун расмий наамы) мамлекеттин хунндардан көз карандысыздыгын жарыялайт. Кытай байкоочусу жана элчиси Чжан Цянь, б.э.ч. 128-жылы усун жерине биринчи жолу келип, усундардын каада-салты менен хунндардын ырым-жырымдарынын ортосундагы окшоштукту байкаган. Усун мамлекети хунн мамлекети сыяктуу эле монархиялык мамлекет болуп саналган. Күнбаг көз карандысыздыкка жетишкенден кийин ага хунн шанүйү ыйгарган наамды сактап калган. «Теңир кугу» («Кудай жана Асман тарабынан бөлөнгөн») наамына ээ шанүй усун башкаруучусуна өзүнүн наамынан төмөн — «күндүн бийи» т.а. «күндүн башкаруучусу, күндүү мамлекет» наамын ыйгарган. Өзгөчө маанилүү суроолорду күнбаг аксакалдар кеңешинде талкуулаган. Усун мамлекети өзүнө эки канатты камтып, борбордоштурулган бийликти туюндурган. Күнбагдын бийлиги тукум куучулук болгон. Усундардын мамлекетинин борбору Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Чи-Гу шаары болгон.

Usuni face.png



Илим алардын келип чыгышын, ал элдин аты эмнени туюндурарын тактай элек. Алардын өзгөчөлөнгөн келбети Борбор Азиянын жана Түркстандын тургундарынан айырмаланып турган: усундардын чачы сары, көздөрү көк.



Усундар негизинен малчылык менен алектенишкен. Жылкылар, уйлар, койлор, эчкилер - төрт түлүк алардын чарбасында өзгөчө орунга ээ болгон. «Усундар дыйканчылыкты да, багбанчылыкты да билишпейт. Алар суусу бар жайытты тандашат жана бир жерден экинчи жерге малын айдап, оокатын жүктөп, көчүп жүрүшөт» —деп баяндалат кытай булактарында. Бирок акырындан усундар дыйканчылык жана малчылык кыла башташат. Б.э.ч. 1-к. алар дыйканчылыкты өздөштүрүшкөн.

Б.э.ч. II-к. экинчи жарымынан баштап усундар анын алдында: Борбор Азиянын талааларында күчтүү мамлекет курган түбөлүк душманы – гунндарды талкалоо жана грек-бактрий ээлигине чейин созулган Улуу Жибек Жолуна көзөмөл орнотуу деген эки чоң милдети турган. Хань империясынын чоң саясат чөйрөсүнө аралашкан. Эки милдетти чечүүнүн ачкычы усундардын колунда болгон. Ошондуктан, б.э.ч. 109-ж. император Уди усундарга көп белектери менен элчини жөнөтүп, күнбагга кытайлык падыша кыздарынын бирин берген. Чигу шаарына кытай дипломаты Чжань Цянь дагы барган , ал усундардын турмушун жана тиричилигин баяндаган жазманы калтырган жана Тянь-Шань аркылуу Улуу Жибек жолунун башатында турган.

Silkroad han.jpg


Усундардын археологиялык маданияты башкалардан обочолонгон эмес, тышкы көрүнүшү жана буюм-теримдери боюнча алардын коргондору сактардыкына окшош, ошондуктан окумуштуулар аларды сак-усун маданияты катары аныкташкан, бирок алардын гунн маданияты менен айрым окшоштуктары бар. Кыргызстанда усун маданиятына окумуштуулар кеч гунндук этнос менен байланыштырган катакомбалык маданият (Чүй өрөөнүндөгү Шамсы көрүстөндөрү, Таластагы Кеңкол бейити, Кетмен-Төбөнүн катакомбалары) талапкер боло алат дешет.

Биздин эрага чейин I-кылымдын башында усун мамлекетинин башында күнбаг Унгуйми турган, ал бийлик тактысынын Фейван ысымын алган, усундардын мамлекети күчтүү державага айланган. Фейван Хань империясы менен гунндарга каршы биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүшкөн жана б.э.ч. 71-жылы усундар курамында 150-миң кытай аскери менен гунндарга катуу сокку беришип, 40 миң туткун жана 700 миң мал башын олжологон. Кыйроодон кийин гунндар калыбына келе албай, бир кездеги кубаттуу держава кыйраган.


Б.э. I-миң жылдыгынын биринчи жарымынын аягында усундар кудуреттүүлүгүнөн ажырайт. Алардын башын батыш түрк уруулары жуткан.



Орто кылымдар мезгилиндеги көчмөн цивилизациялар

552-жылы түрктөрдүн башчысы Бумын өздөрүнүн сюзерен аварларына (жуань-жуандар) каршы чыгышкан жана аларга катуу сокку урушкан. Бул мамлекеттин талкаландысында Түрк каганаты пайда болгон'.


Turk warrior.png

Тарыхый булактар баяндайт:: Бумын каганы өзүнүн адамдарын Анагүй каганына анын кызынын колун сурап, күйөөгө берүү сунушу менен жөнөткөн. Бумындын мындай текебердиги Анагүй каганын өзүнөн чыгаргандыктан, аны кызынын колун сураганга татыксыз адам катары сындаган. (Жужан каганатына көз каранды уруулар темир менен алым төлөшкөн). Бул баш тартууну түрк каганы күтүп турган. Өзүн кемсинтилген адам катары сезип, түрктөрдү жужандарга көз карандуулугунан куткаруу максатында жужан каганына согуш ачат. 552-жылы түрк каганы Бумын душманга каршы жүрүш жасап, талкалаган. Жеңилиши менен уят болгон Анагүй каганы өзүн-өзү өлтүрүп тынган.

Түрк каганатынын ээлеген аймагы Алтайдын чыгышынан баштап Каспий деңизинин батыш жээгине чейин созулган, каганат түштүк-батышта Персия (Иран) менен чектешкен. Каганаттын негизги калкын түрк тилдүү уруулар түзүшкөн. Басымдуу бөлүгүн теле (тирек) (көптөгөн түрк урууларынын жалпы аталышы) уруусу түзгөн. Кытай жазма булактары боюнча «теле» аталышынан «түрк» аталышы келип чыккан. Түрк тилдүү уруулардын арасынан Түрк каганатынын калкынын курамына 30 дан ашуун уруу, анын ичинде кыргыздар, огуздар, уйгурлар, дулулар, уйсундар ж.б. кирген.

  • 1slide.png
  • 2slide.png
  • 3slide.png
  • 4slide.png
  • 5slide.png

VI-к. 70-жылдары Түрк каганаты ээлигин Түндүк Кавказга жана Кара деңиздин түндүк жээктерине чейин кеңейткен. Мындай жол менен, Түрк каганатынын бийлиги VI-кылымдын экинчи жарымында Борбор Азия жана Евразияда Азия континентинин зор аймагына тараган. Түрк каганаты Кытай, Иран жана Византия сыяктуу ири мамлекеттердин катарында гана турбастан, саясий абалы боюнча да улуу державага айланган.

Бирок зор аймакты ээлеген Түрк каганаты бирдиктүү борбордоштурулган мамлекетке айлана алган жок. Каганатты династиянын өзүнүн бийлик үчүн токтобогон ички күрөшү алсыздандырып турган. Бул жагдайдан пайдаланып, мурда түрктөр багындырган элдер эркиндик үчүн күрөшкө чыгышкан.

Түрк доору үчүн феодалдык мамилелердин тез өнүгүүсү мүнөздүү. Тышкы фактордун таасири алдында – түрктөрдүн Тан империясына каршы күрөшү күчөп, түрк каганаттары бири-бирин тез-тез алмаштырып турушкан.

Кыргызстан түрк каганаттарынын курамында
Кыргызстандын аймагы кирген Түрк каганаты Чыгыш Түркстандагы аймагы менен Түрк каганаты
Улуу Түрк каганаты

Истеминин багындырган урууларынан кийин

Улуу Түрк каганаты

Убактысы: 552 – 603-жж. Негиздөөчү – Бумын

Батыш – Түрк каганаты

Эң көрүнүктүү башкаруучу – Тон-Жабгу-каган

Чыгыш-Түрк каганаты

Өмүр сүргөн убактысы: 603 – 620-жж. башталышы

Төргөш каганаты

Негиздөөчү – Үч-елиг-каган Эң көрүнүктүү башкаруучу – Солук-Чобыш-чор

Экинчи Чыгыш-Түрк каганаты

Убактысы: 698 – 744 жж. Эң көрүнүктүү башкаруучу – Капаган-каган

Карлук каганаты Уйгур каганаты

Убактысы: 744-840 жж.

Караханид каганаты

Негиздөөчү – Сатук-Богра Карахан

Кыргыз улуу державасы

Убактысы: 840 – Х-к. биринчи чейреги

Си Ляо – кара-кидандардын (кара-кытайлар) мамлекети

Негиздөөчү – Елүй-Даши

Экономиканын жана маданияттын өнүгүшү Караханиддердин башкаруусуна туура келет (Х-ХII-кк.). Сатук Богра Караханды Каганатты, династияны негиздөөчү катары эсептешет. Кыргызстандын аймагындагы феодалдык мамилелердин өнүгүшү бул мезгилге тиешелүү. Жети-Сууда өнүккөн шаардык маданият калыптанган. ХI-к. Наср ибн Али Караханиддин башкаруусунда Караханид каганатынын курамына Бухара жана Самарканд кирген. Караханид доорунда бирдиктүү түрк элинин жана мамлекетинин калыптануу процесси жүрүп жаткан, бирок бул процесс алгач кидандар, андан кийин монголдордун баскыны менен үзгүлтүккө учураган. Түрк каганатынын саясий тарыхы үчүн аймакты кеңейтүү жана Улуу Жибек жолуна көзөмөл үчүн токтобогон согуштар, ич ара чыр-чатактар жана бийлик үчүн күрөш, Тан кытайынын жана Араб халифатынын багындыруу аракеттерине каршы күрөш мүнөздүү.

  • Turk nation (1).png
  • Turk nation (2).png
  • Turk nation (3).png
  • Turk nation (4).png
  • Turk nation (5).png
  • Turk nation (6).png
  • Turk nation (7).png

Кыргыз каганаты
Кыргыздар жөнүндө кытай жазма булактарындагы эскерүүлөр б.э.ч. 201-ж. келтирилет, ал мезгилде хунндардын башчысы шанүй Моде тарабынан багындырылган түндүк ээликтеринин катарындагы гэгунь эли («кыргыз» термининин кытайча транскрипциясы) жана анын ээлиги аталган. Бул жөнүндө алгач кытай тарыхчысы Сыма Цянь жазган. Тарыхчылар кыргыздардын ата мекени катары Чыгыш Тянь-Шандын аймагын жана түндүк-батыш Монголиядагы Кыргыз-Нур көлүнүн аймагын көрсөтүшөт. Б.э.ч. 99-ж. гунндардын шанүйү Цзуйдихэу кытай аскерин талкалап, кытай кол башчысы Ли Линди «Кыргыздардын ээлигинин» башкаруучусу кылып дайындаган. Б.э.ч. I-к. ортосунда кыргыздардын бөлүгү гунн аскеринин курамында Енисейге туш болушкан жана ал жерди мекендеп калышкан. Б.э.ч. 56-ж. кыргыздар динлиндер менен бирдикте гунн империясынан көз карандысыздыкка жетишкен. Ошондой эле б.э.ч. I-к. кыргыздар мамлекеттин негизин өздөштүрүшкөн.

Kyrg kagan map.png

Б.э. V—VI-кк. Минуси (Миң-Суу) котловинасынын аймагында Батыш Монголиядан жана Чыгыш Түркстандан түрк тилдүү элдер чыккан. Кытай хроникалары аларды гяньгундар(цзянь-гундар), ал эми коңшу түрк тилдүү элдер жана келгиндер – өздөрүн кыргыздар деп аташат. Енисейге отурукташкан кыргыздар өздөрүнө самодий жана кет тилдүү бардык урууларды баш ийдиришип, өздөрүнүн мамлекетин — Кыргыз каганатын түзүшкөн. Мамлекеттин башында өзүн каган атаган (кыргызча - ажо) жогорку башкаруучу болгон. Анын колунда мамлекеттик бийлик турган. Ажонун бийлигинин таянычы атактуу жоокер-баатырлардан турган ынтымак болгон. Каганга бектер, тархандар жана оокаттуу малчылардын башка өкүлдөрү башка ийген. Аймактын башка этникалык калкы кыргыздардын кыштымдарынын (салык төлөөчүлөрдүн) абалында турган.

Мамлекеттин өмүр сүрүүсүнүн башкы баскычында кыргыздар алгач Биринчи, андан кийин Экинчи Түрк Каганатына көз каранды болушкан. Алар түрктөргө жүн, темир жана “өтө курч курал” менен салык төлөп турушкан. VIII-к. башында кыргыз ажосу Барс-бек, каган болгондон кийин, түрктөргө каршы аскерий-саясий бирикмени түзүүгө багытталган ийгиликтүү тышкы саясатты жүргүзөт. Бирок түрктөр ага каршы мураскор ханзаада Күлтегин жана кол башчы Тонүкөктүн жетекчилиги алдында чоң аскерин жөнөтөт. 710—711-жж. кышында түрк аскери “найзанын тереңдигиндеги” карды кечип, заманбап Ак-Топурак өтмөгү аркылуу өтүп, Она дарыясынын өрөөнү менен Абаканга түшүп, уйкудагы кыргыздарга кол салат, т. а. аларды кокустан чабат. Кыргыз аскери талкаланып, Барс-бег каза табат. Бул жүрүш кыргыз каганынын Саян-Алтай аймагындагы максаттарына чекит коёт. Ошентсе да түрктөр кыргыздын башкаруу династиясынын үзгүлтүксүздүгүн сактоо менен бийликти Барс-бектин мураскорунун колуна өткөрүп берет.

Экинчи түрк каганатынын кулашы менен анын Саян-Алтайдагы аскерий-саясий аренадагы ордун Уйгур Каганаты ээлеген. Бекемделген кыргыз мамлекети уйгур көз карандылыгынан бошонууга аракет жасаган. VIII-к. аягына — IX-к. башында кыргыздар Кытайга элчи жиберген. Жапайы Уйгур Каганатынын күчү жана таасиринен тынчсызданган Кытай импе¬ратору жигердүү өнүгүп жаткан Кыргыз мамлекетине таянат. Кыргыз каганы менен жазуу жүзүндө кат алышууда Тан династиясынын императору кыргыздарды дайыма уйгурлар менен согушка үгүттөп, жардам берүүгө ант берет.

IX-к. башында Кыргыз мамлекети көз карандысыздыкка жетишет жана анын башкаруучусу өзүн каган жарыялайт. Жооп катары уйгурлар 820-ж. ийгиликтүү тыныгуулар менен 20-жыл бою кыргыздарга каршы согушат.

840-ж. кыргыздар уйгур каганынын өлүмүнөн жаралган чыр-чатактарды пайдаланып, алардын аймагына кирип келет. Аларга козголоңчу уйгур кол башчысы Күлүг-Бага кошулат, алар биргелешип уйгур борбору - Ордо-Балыкты ээлешет жана күлүн көккө сапырышат. Бул окуядан кийин кыргыз улуу державасынын доору башталат. Кыргыздардын ийгиликтүү жүрүштөрүнүн жыйынтыгында өз аймагын Иртыштан Байкалга жана Монголиядан Ангаранын кире беришине чейин кеңейтишет. Перс булагынын маалыматы боюнча, кыргыздар «таш боор, жоокер мүнөзү менен айырмаланышат… айланасындагы бардык элдерди багындырып алышат».

IX-к. башында Кыргыз мамлекети көз карандысыздыкка ээ болуп, анын башчысы өзүн каган жарыялайт.

Kyrg kagan map1.png

Улуу державанын доору Кыргыз каганатынын калкынын экономикалык жана маданий өнүгүүсүнүн жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт. Кытай жана араб өлкөлөрү менен соода мамилеси өнүгөт. Өзүнүн рун жазуусунун негизинде сабаттуулук кеңири тарайт. Биздин күнгө чейин көптөгөн ташка чегилген эпитафиялык жазуулар, коргон таштарындагы, аскалардагы жана тиричилик буюмдарындагы түрдүү мазмундагы тексттер сакталып калган.

IX-к. калк арасында дүйнөлүк диндер — буддизм, манихейчилик жайылып, ак сөөктөрдүн айрым бөлүгү кабыл алат.

Кыргыздардын Борбор Азиядагы бийлиги IX-к. аягына чейин созулат. X-к. башында бул аймактын басымдуу бөлүгүн монгол тилдүү уруулар ээлешкен. Кыргыздарды Борбор Азиядан биротоло сүрүп чыгаруу XI—XII-кк. батыш багытында жайгашкан кереиттердин жана наймандардын монгол тилдүү уруулары тарабынан жүргүзүлгөн. Кыргыздар Тува жана Минусин котловинасын сактап калышкан.

Древнетюркская руническая писменость

Кыргыздардын өзүнүн жазуусу болгон, калктын белгилүү бөлүгү сабаттуу болгон. V-к. жазуу енисей кыргыздарына тараган. Енисей жазуу эстеликтеринде 39 тамга (алардын бешөө үндүү) эсептелет. Кийин кыргыздардан бул системаны Көк түрк каганатынын калкы, уйгурлар, басмылдар өздөштүрүп алышкан. Бул жазуунун кайрадан иштелген жана толукталган кыргыз вариантын «енисейлик» деп аташкан. Бул жазуу илимде орхон-енисей таш жазууларынын аныкталышы менен кеңири белгилүү болгон (1896-1961). Окшош жазуулар Таластан табылган. Алар, ошондой эле орхон жана енисей жазуулары Түрк каганатынын доорундагы мезгилди чагылдырат. Буга байланыштуу аларды «байыркы түрк жазуусу» деп аташкан. Учурда 200 таш жазуулары белгилүү. Айрым окумуштуулар (Старленберг, Миссершмид), бул байыркы кыргыз жазууларынын Түндүк Европанын калкы колдонгон алфавит тамгалары - рунн жазуусу менен окшоштугун аныктап, рунн сыяктуу жазуу деп аташкан. X-кылымда кыргыз жаштарынын бир бөлүгү Түндүк Кытайда окуп, билим алган. Эң жөндөмдүү, билимдүүлөрдү башка өлкөлөрдөгү сарайдагы кызматка чакырышкан. Мисалы, кытай жазма булактарынын бири Тибеттеги будда дини жөнүндө баяндап жатып, ал жактагы кызматта “Кыргыз мамлекетинин анча чоң эмес ээликтеги үйдөн чыккан адам” турганын белгилеген. Кыргыздар жазуусун кеңири колдонушкан жана өздөрү жөнүндө бир катар баалуу маалыматты калтырышкан. Биздин күнгө чейин сакталган таштагы эпитафиялар (бейиттин үстүндөгү жазуулар), Орхон өрөөнүндөгү Күлтегиндин, Билге-кагандын, Тонүкөктүн, Барсбектин жана башканын эстеликтери көрүнүктүү тарыхый окуяларды жана күндөрдү баяндаган.


Енисей жазуулары оңдон солго карай жазылган жана окулган.

Древнетюркская руническая писменость

Окумуштуулар көлөмү боюнча түрдүү келген тексттер түрк каганына, кыргыздарга, уйгурларга, кымактарга ж.б. арналгандыктан, бул орхон жана енисей тексттери кайсы түрк тилинде жазылганы тууралуу түрдүү пикирлерди айтышат. Енисей жана талас тексттери түшүнүктүү келип, каза болгон адамды жоктоо формасында жазылган, чегилген күндөрү аныкталбайт. Орхон жазуулары көлөмдүү келип, көбүрөөк маалыматка ээ. Мисалы, Күлтегиндин урматына арналган эпитафия өзүнчө поэманы элестетет. Мындай эстеликтер каза болгон адамдарга туугандары, достору, айрым учурда каганаттын эсебинен тургузулган.

Кыргыздар V-кылым бою жазууну колдонушкан. Орхон-енисей жазууларынын белгилери катуу нерсеге – ташка, кышка, металлга ж.б. түшүрүүгө ылайыктуу болгон. Түрк элдеринин арасында кыргыздар күчтүү уруулук бирикме болушкан. Бул жөнүндө бизге жеткен, ташка чегилген 120 орхон-енисей тексттери баяндайт.

Кыргыз элинин этногенези жана анын негизги баскычтары:
Кыргыз элинин калыптанышы байыркы мезгилде эле (б.э.ч.III-к.) башталган жана Чыгыш Түркстан менен Батыш Монголиянын аймагын ээлеген;

I миң жылдыктын биринчи жарымында кыргыздар Енисейде (Минусин котловинасы) пайда болушуп, жергиликтүү динлин уруулары менен аралашып, енисей кыргыздары аталган жаңы этностук коомчулукту түзүшөт. Кыргыз мамлекети жаралып, күчтөнүп, Борбор Азиядагы гегемония үчүн күрөштү баштайт;

IХ-Х-кк. «кыргыз улуу державасынын» доорунда енисей кыргыздары өздөрүнө Уйгур каганатын баш ийдиришет, Байкалдан Кашкар жана Тянь-Шанга чейин бүтүндой борбор Азияда жайгашат;

ХV-к. алтай кыргыздары Тянь-Шанга карай көчүшүп, түрк-монгол уруулары менен аралашып, калыптануу процесси Тянь-Шанда аяктаган жаңы этностук түзүлүштүн - кыргыз элдүүлүгүнүн негизи болот;

Кыргыз элинин дуалдык системасы (оң жана сол канатка бөлүнүү) «Мажму ат-Таварих» жазма баянында сүрөттөлгөн. Кыргыздарга тарыхтын түрдүү баскычтарында кошулган уруулардын конгломерациясын туюндурган ичкилик тобунун кире электиги бул системанын өзгөчөлүгү болуп саналат.

Кыргыз элинин калыптанышына төмөнкүдөй шарттар түрткү берген:
Геосаясий – кыргыз аймагына кол салуучуларга туруштук берүү үчүн баш кошуу зарыл болгон;

Экономикалык – кыргыз уруусунда чарбанын бирдиктүү тибинин – бул этносту башкалардан айырмалап турган вертикалдуу мүнөздөгү жарым көчмөн малчылыктын калыптанышы;

Саясий – жаңы аймакка көчүү жана аларды коргоонун зарылдыгы этностук биримдикти талап кылган.

  • Kyrg kagan (1).png
  • Kyrg kagan (2).png
  • Kyrg kagan (3).png
  • Kyrg kagan (4).png
  • Kyrg kagan (5).png
  • Kyrg kagan (6).png
  • Kyrg kagan (7).png



Центральная Азия в ХVI –ХIХ

В XIII веке государтсва Центральной Азии подверглись нашествию татаро-монгольских войск Чингисхана, что привело к падению уровня социально-экономического и культурного развития народов Средней Азии. Территория современного Кыргызстана в дальнейшем вошла в состав Чагатайского (Джагатайского) улуса (название от имени сына Чингисхана — Чагатая (Джагатая).
Mongol.gif

    • Chorasan.png
    • Mogulistan.png
    • Mongol map1.png
    • Mongol map2.png
Амир Тимур


В правление Тимура (Тамерлана) во второй половине XIV века Средняя Азия пережила новый расцвет. Удалось восстановить утраченные во время татаро-монгольского нашествия караванные пути. Самарканд превратился в столицу тимуридского государства, которое после смерти Тимура распалось в начале XV века на две части. С середины XV века начался этап раздробленности.

Бабур

В конце XV века последними завоевателями—выходцами из степи явились узбекские Шейбаниды (собственно, они и дали название «узбек»). В первой половине XVI века начался распад государства Шейбанидов. Возникло Хивинское ханство. В 1740-х годах Бухара была завоёвана войсками правителя Ирана. В 1753 году во главе Бухарского ханства, ставшего впоследствии эмиратом, стал Мухаммед Рахим, основавший династию Мангыт, правившую Бухарским эмиратом вплоть до 1920 года. В начале XVIII века возникло также Кокандское ханство. В целом, XVII–XVIII веках для Средней Азии — это период экономического и культурного упадка, в том числе вследствие феодальных междоусобиц, а также по причине того, что сухопутные торговые пути, связывавшие Европу и Азию, после Великих географических открытий окончательно уступили в конкуренции морским торговым путям, контролируемым европейскими державами.

Кыргызстан и Кокандское ханство
Кокандское ханство возникло в Ферганской долине в 1709 г., выделившись в самостоятельный эмират из Бухарского ханства. Нуждаясь в территориях, людских и других ресурсах, Коканд начинает активную завоевательную политику против своих ближайших соседей – кыгызов и кыпчаков. Завоевание кыргызов проходило в два этапа: 1-й этап завоевание Южного Кыргызстана (в 1762 г кокандцы захватили Ош и Узген), 2-й этап – завоевание Северного Кыргызстана и Центрального Тянь-Шаня (1821-1831). Кокандцам удалось, несмотря на упорное сопротивление, относительно быстро завоевать кыргызов, потому, что кыргызские родо-племенные объединения были раздроблены и переживали междоусобицы.

Для кыргызов последствия завоевания были неоднозначными:

1. Родовая аристократия склонялась к сотрудничеству с кокандскими правителями, участвовала в борьбе за престол (Шерали-хан по материнской линии – кыргыз) и дворцовых интригах, занимая высокие посты в системе управления ханством (Алымбек-датка занимал пост визиря). Но Кокандское ханство было восточной монархией, с неограниченной властью хана и, несмотря на занимаемые высокие посты, положение кыргызской знати было очень неустойчивым. Это толкало их на восстания против хана.

2. Рядовые кочевники оказались под двойным гнетом – кокандских феодалов и собственных родоправителей. Основным налогом с кочевников был налог со скота – зякет (налог с головы скота). Земледельцы юга платили харадж (налог за землю) и танап (налог с бахчей и садов). Высокие налоги становились главной причиной участия простых людей в восстаниях против Кокандского ханства. Восстание 1873-1876 гг. под руководством Пулат-хана (Исхак Хасан уулу) приняло характер национально-освободительного движения.

Кыргызстан в составе России
Военно-политическая ситуация и опасность, угрожавшая кыргызам со стороны Цинского Китая и Кокандского ханства, подтолкнули их на поиск сильного союзника или защитника. Лидеры кыргызских родов в ХIХ в. видели таким союзником и покровителем Россию. Россия также была заинтересована в продвижении своих торговых путей на Восток. Первым посольство в Россию ко двору императрицы Екатерины II отправил глава племени сарыбагыш Атаке-бий Тынай уулу в 1785 г. Посольство возглавил Абдурахман Кучаков. Однако международная обстановка не позволила тогда России принять кыргызов в подданство.

В 1824-1825 гг. состоялся обмен посольствами между северными кыргызскими племенами и Россией. Российские послы присутствовали на курултае, где в очередной раз прозвучало желание кыргызов принять российское подданство. И опять международная ситуация (Европа после наполеоновких войн) и внутренне положение России (смерть Александра I и восстание декабристов) отвлекли Россию. Зато Кокандское ханство поспешило с завоеванием Северного Кыргызстана.

В 1855 г. глава племени бугу Боромбай-бий становится инициатором принятия присяги на российское подданство в Омске. Текст присяги от имени всех бугинцев читал Качибек Шералин. В 1862 году, подняв восстание против кокандцев в Чуйской долине, российское подданство принял манап Байтик Канаев. В 1863-1867 гг. северные кыргызы и кыргызы Центрального Тянь-Шаня приняли российское подданство. Большую роль в этом сыграл и глава сарыбагыш Шабдан Джантаев.

Юг Кыргызстана оставался в составе Кокандского ханства, с которым Россия после взятия Ташкента подписала договор о вассальной зависимости. Причина сохранения Кокандского ханства в урезанном виде – политическая ситуация на Ближнем Востоке и противостояние интересов России и Англии. В этой ситуации Коканд играл роль буфера между Россией и противниками ее продвижения на Восток. В начале 70-х годов ХIХ в. международное положение России, пошатнувшееся после Крымской Войны, укрепилось. И после того, как Россия подавила крупнейшее восстание против последнего кокандского хана Худояра, император Александр II издал указ от 19 февраля 1876 г. о присоединении всей территории Кокандского ханства к России. Однако, горные районы оказали сопротивление под руководством сыновей Курманджан-датки. Но после ряда успешных военных операций генерала М.Д.Скобелева, «алайская царица» признала присоединение памиро-алайских кыргызов к России. Территориально Кыргызстан вошёл в состав Туркестанского генерал-губернаторства.

Последствия присоединения Кыргызстана к России неоднозначны: с одной стороны, кыргызы освободились от феодального гнета Кокандского ханства и вошли в состав более развитого в политическом, экономическом и культурном отношении государства. С другой стороны, Кыргызстан стал колонией России.

Глоссарий

Андроновцыкультурно-историческая общность многочисленных родственных европеоидных племен. Это название они получили по месту нахождения оставленных ими памятников – у села Андроново Ужурского района (Красноярский край, Россия).
Социокульту́рныйобусловленный социальными и культурными причинами.
Сюзере́н - крупный земельный собственник-феодал, являвшийся государем по отношению к зависевшим от него вассалам.
Тенгриантство - религия тюрко-монгольских кочевников евразийских степей, основанная на культе Тенгри – обожествленного неба, который сложился примерно в V – III веке до н.э. Кроме Тенгри почиталась богиня Умай, которая олицетворяла земное начало.
Экстенси́вный - направленный в сторону только количественного увеличения, а не в сторону улучшения качества. Экстенсивное животноводство - животноводство, в котором рост продукции достигается за счет увеличения поголовья сельскохозяйственных животных, расширения территорий выпаса и т.п.

Полезные ссылки

«Турусбек Мадылбай. Сакская история»: АКИpress: История Кыргызстана и кыргызов [Электронный ресурс]//URL: http://kghistory.akipress.org/unews/un_post:606 (дата обращения: 04.03.2018)
«Кочевая цивилизация»: Сайт «Цивилизациум» [Электронный ресурс]//URL: https://sites.google.com/site/civilizacium/home/civilizacium/kocevaa-civilizacia (дата обращения: 10.09.2017)

Бибилиография:

  • «Мир кочевников-скотоводов»,Барфильд Т. М.,2002.
  • «Кочевая альтернатива социальной эволюции»,Барфильд Т. М.,2002.
  • «Восточный Туркестан в системе цивилизаций Востока и Запада»,Исхаков Г. М. Алма-Ата, 1989. Т. 1.
  • «Взаимодействие кочевых культур и древних цивилизаций»,Исхаков Г. М. Алма-Ата, 1989. Т. 1.
  • «Степные империи Евразии»,Кляшторный С. Г., Савинов Д. Г. СПб., 1994.
  • «Кочевники евразийских степей в исторической ретроспективе»,Хазанов А. М. М., 2002.
  • «Кочевая альтернатива социальной эволюции»,Хазанов А. М. М., 2002.
10 главных фактов о юрте
Откуда взялось название "юрта"
Yurt.png
Слово "юрта" пришло в русский язык из тюркского jurt. Первоначально оно переводилось как "народ", позже так стали называть жилища кочевого народа, пастбища и даже родовые земли. В кыргызском языке есть слово "ата-журт" - отечество или родина, но буквально это словосочетание переводилось как "отцовский дом". Сходное по звучанию с юртой слово имеется и в монгольском языке - гэр, здесь это также синоним дома. Получается, что с языков многих кочевых народов "юрта" переводится просто как "дом" или "жилище", что подчеркивает ее важность и значимость.
Когда появилась юрта
Yurt about name.jpg
Об этом до сих пор спорят ученые, историки и искусствоведы. Наиболее распространены две версии: XII-IX или VIII-V века до нашей эры. Первая версия предполагает, что юрты - это жилища андроновцев, живших на Урале, в Сибири и Средней Азии еще в бронзовом веке. Но их варианты юрты похожи на бревенчатые хижины, то есть не совсем такие, какими их знают сейчас.
Почему юрта круглая?
Round yurt.jpg
Казалось бы, простой вопрос, какой чаще всего задают дети. Но ответить на него не так легко. Сегодня много говорится о сакральном смысле круга и значимом делении внутренней площади. Но все эти размышления появились намного позже, чем привычная форма. Ученые утверждают, что кочевники, жившие в степях, выбрали круглую форму из-за того, что она имеет наименьшую сопротивляемость к ветру, который гуляет постоянно. Именно такие жилища могли выстоять в любой ураган. Уже много позже физики и строители доказали, что круглые здания еще и наиболее устойчивы, а также гораздо вместительнее своих четырехугольных собратьев.
Какие народы пользуются юртами

Жилища типа юрт были у многих народов центральной Азии, Монголии и Сибири, для которых кочевое и полукочевое скотоводство было главным занятием. Юрты есть у казахов, каракалпаков, туркмен, ногайцев, башкир, алтайцев, калмыков, монголов.
Отличаются ли кыргызские юрты?
Yurt types.gif
Yurt names ru.gif
Да, кыргзыская юрта самобытна, хотя ее конструкция имеет много общего с конструкцией юрт других кочевых и полукочевых народов Средней Азии и Казахстана, Южной Сибири и монголов. Но наибольшая близость существует с юртой казахов. Однако наша юрта выше. Юрты кыргызов также разнятся. Основное различие сводится к форме купола. На севере Киргизии (за исключением Таласской долины) форма купола юрты приближается к конусообразной. На юге Киргизии, в Таласской и Чаткальской долинах, купол более пологий и имеет полусферическую форму благодаря большему изгибу нижней части купольных жердей.
Из каких деталей состоит кыргызская юрта
Yurt skeleton.jpg
Yurt parts.jpg
Юрта состоит из множества деталей, у каждой из которых есть свое название. Приведем только главные:
раздвижные стенки юрты - кереге;
купольные жерди - уук;
деревянный круглый обод, опора для крыши юрты - тундук;
жерди, укрепленные над дверью, - эшик уук (их 3-4) - короче остальных, поскольку один конец их укреплялся на верхней перекладине дверной рамы (баш босого), расположенной выше стен юрты;
шест с развилкой (бакан). Эти жерди подпирают покров дымового круга, защищающего очаг от сильного дождя и снега;
войлок для покрытия юрты - туурдук.


Есть ли правила по внутреннему убранству юрты?
Yurt inside.jpg
Внутренне убранство юрты строго отвечает национальным канонам. Правая сторона юрты называлась "эпчи жак" - женская половина, где ставилась "ашкана чий", ширма, закрывающая хозяйственную часть. Левая половина – "эр жак" - мужская часть, где ставились конские принадлежности, предметы ремесла и охоты. Также это место, где работал сам мастер – "уста". Напротив входа – "тоор" - место для гостей, где убирался "джук", разделяя на мужскую и женскую половины. Это было видно по раскладу: с правой стороны "джука" висело "текче", в котором хранили женский головной убор "элечек". А с левой стороны "джука" ставился "ала бакан" – красиво украшенный серебром, инкрустированный дорогими камнями шест, на который вешали мужские богатые тулупы из меха куницы, лисы, из парчи и бархата. "Коломто" – священное место очага, находящееся ближе к выходу.
Одна семья пользовалась одной юртой?
Yurt home.jpg
Это зависело от достатка. У состоятельных кыргызов, кроме основной, были еще юрты для приготовления пищи и продовольствия. Были еще временные юрты - гостиные (мейман уйу), которые ставились по случаю больших праздников, похорон или поминок. Богатые кыргызы, отдавая замуж своих дочерей, ставили свадебные юрты (ерге), которые считались главной частью приданого.
Как вести себя в юрте
Yurt session.jpg
Существует строгий этикет, связанный с юртой. Например, подъезжать всаднику к юрте следует с тыльной стороны. Входить в юрту с плеткой в руке гостю нельзя или, например, с набитым ртом. Вошедший в юрту обязательно должен отведать в ней пищу. В юрте нельзя сидеть, опираясь спиной на что-либо, потому что это поза больного человека, также не рекомендуется сидеть на корточках или вытянув ноги вперед.
Кто сейчас пользуется юртой
Yurt now.jpg
До сих пор юртой пользуются скотоводы на Алтае, в Казахстане, Кыргызстане, Монголии, Туркмении. Также мобильный дом популярен у рыбаков, охотников, пасечников и туристов. В Монголии юрты - это самые популярные дачи, поскольку летом в них гораздо комфортнее, чем в обычных кирпичных строениях. Кроме того, юрты очень популярны в индустрии туризма - в них размещаются рестораны и гостиницы.