БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Физика: Заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылы

Версия от 16:44, 12 апреля 2018; Msu05 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row phis-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> <div class="cutok">#Токтун кы…»)
(разн.) ← Предыдущая | Текущая версия (разн.) | Следующая → (разн.)

Electrichestvo.jpg
Electrichestvo.jpg

Күнүмдүк жашообузда биз “электр” деген түшүнүк менен көп кабылышабыз. Электр деген эмне, элдер ал жөнүндө дайыма билишкенби?

Электрсиз биздин азыркы заманбап жашообузду элестетиш абдан кыйын. Жарыктандыруусуз жана жылуулуксуз, телефону, компьютери, телевизору жок кароо абдан кыйын. Электр биздин жашообузга ушунчалык терең сүңгүп кирген, эмне деген сыйкырчы биздин иштерибизге жардам берип жаткандыгын ойлонуп да койбойбуз. Бул сыйкырчы- электрлөө. Электрлөөнүн мааниси эмнеде?

Электрлөөнүн мааниси, заряддалган бөлүкчөлөрдүн агыны өткөргүчтөр (өткөргүч-бул элетр тогун өткөрүүгө жөндөмдүү зат) аркылуу ачылбаган цепте токтун булагынан колдонуучуга чейин жылышы. Бөлүкчөлөрдүн агыны кыймыл аркылуу кандайдыр бир ишти аткарышат. Бул кубулуш “электр тогу” деп аталат. Электр тогунун күчүн эсептегенге болот. Токтун күчүн эсептей турган ченөө бирдиги-Ампер, ал өзүнүн аталышын токтун касиетин биринчилерден болуп изилдеген француз окумуштуусунун атынан алган. Ал- окумуштуу физик Андре Ампер.

Адамдар электр кубулушун биринчи жолу биздин заманга чейинки 5 кылымда эле байкашкан. Алар жүнгө же териге сүртүлгөн янтардын бөлүгү өзүнө жеңил нерселерди тартаарын байкашкан, мисалы, чаңдар. Байыркы гректер бул кубулушту пайдалана билишкен – кымбат кийимдердеги чаңдарды сүртүүдө. Алар ошондой эле кургак чачты янтар тарагы менен тароодо алардын бири биринен түртүлүшүп туруп калаарын байкашкан. Ток- заряддалган бөлүкчөлөрүнүн кыймылынын багыты. Эгерде биз металлдар менен иш алып барсак, анда заряддалган бөлүкчөлөр-бул электрондор. ”Янтар” сөзү грекчеден-бул электрон. Башкача айтканда барыбызга белгилүү “электр” түшүнүгү байыркы тамырга ээ.

Биздин жашообуздагы башка нерселер сыяктуу эле, электрлөөнүн, оң эле эмес тескери дагы жактары бар. Электр тогун көрүнбөгөн сыйкырчы катары караганга, анын жытын билүүгө болбойт. Анын бардыгын же токтун жоктугун приборлорду, ченөөчү аппаратураларды пайдалануу менен биле алабыз. Ток жүрүучү бөлүктөргө тийүү менен ар кандай трагедиялардын жүрүп кетиши мүмкүн.

Чоңдорго жана балдарга эмнени кылбоо керек? Колуңар менен өткөргүчтөргө жана электрлик комплекстерге тийүүгө жана жакын барууга болбойт. Электр берүүчү сызыктардын жана подстанцияларга эс алуу үчүн жакын токтоого, кастер жакканга, учуучу оюнчуктарды коё берүүгө болбойт. Жерде жаткан өткөргүч өзүнө эң коркунучтуу нерсени катып турушу мүмкүн. Электрлик розеткалар эгерде үйдө кичинекей бала болсо – өзгөчө кайтаруудагы объект.

Физиктер адамзатка электрлөөгө “жеңилдик беришти”. Келечек үчүн окумуштуулар улуу ачылыштардын аягын жана адамдарга өздөрүнүн иштеринин жыйынтыктарын белек кылыш үчүн жоготууга, абалын түгөткөнгө барышты. Келгиле физиктердин эмгектерине, электрлөөгө аяр мамиле кылалы, өзүнө потенциалдуу камтыган коркунучту унутпайлы.

  • Помни электроприборы.png
  • Будьте внимательны.png
  • Помните.png
  • По очереди.png

Токтун кыймылы

Электр тогун үч негизги кыймылга бөлсөк болот:

1. 1. Жылуулук. Токтун өтүп жатканында өткөргүч жылыйт. Бул адам пайдаланган токтун эң башкы кыймылдарынын бири. Эң жөнөкөй мисал келтирели- кээ бир турмуштагы жылыткычтар.

Батарея.png
Батарея.png
Электрообогреватель

2. Химиялык. Өткөргүч андан токтун өтүшүндө химиялык составын өзгөртүшү мүмкүн. Электр тогунун жардамы менен кээ бир металлдардын аларды ар кандай бирикмелерден бөлүп таза түрүн алышат. Мисалы, мындай кылып алюминийди алышат

Цех.jpg
Цех.jpg
Электролизный цех алюминиевого завода

3. Магниттик. Эгерде өткөргүч боюнч ток агып атса, анда мындай өткөргүчкө жакын магниттик көрсөткүч өзүнүн абалын өзгөртөт.

Действия тока.png
Действия тока.png

Өткөргүчтөр жана диэлектриктер

Өткөргүч – бул тело, ичинде жеткиликтүү санда эркин электр заряддары бар, электр талаасынын жардамы менен аралашканга жөндөмдүү.

Өткөргүчтөрдө электр талаасына коюлган кыймылы астында тиркелген электр тогунун пайда болушу.

Бардык металлдар, туздардын жана кислоталардын эритмелери, нымдуу топурак, адамдардын жана жаныбарлардын денелери-электр заряддарынын жакшы өткөргүчтөрү.

Изолятор (же диэлектрик) –ичинде эркин электр заряддары жок тело. Изоляторлордо электр тогу болбойт.

Диэлектриктерге – айнек, платик, резинка, картон, абаларды кошсок болот. Диэлектриктерден жасалган телолорду изолятор деп аташат.

Абсолюттук өткөрбөөчү суюктук-дистиллирленген башкача айтканда тазаланган суу, (каалагандай башка суу (суу түтүктөгү же деңиздеги) курамында аралашманын саны бар өткөргүч болуп эсептелет).

1224425.jpg
1224425.jpg

Токтун багыты

Электр тогунун багыты деп оң электр зарядынын кыймылынын багыты каралат.

Биз айтканбыз, ток металлдарда кыймылдуу, терс заряддалган электрондорду түзөт. Эмне үчүн мындай каршы келүү келип чыгууда?

Качан электр тогунун багыты жөнүндө суроо туулганда, эч ким электрондордун бар экени жөнүндө биле элек болчу. Ток оң заряддын кыймылынын багыты боюнча жылат деп саналуу чечилген. Убакыт өтүп, окумуштуулар, металлдарда кээде электрондор жылат, бирок мурунку түрүндө калтырылат деп чечишкени айкын болгон. Бул заряддардын белгилери бизди кызыктырбаганы менен бизди токтун өзүнүн кыймылы көбүрөөк кызыктыраарына байланыштуу.

Электрондордун өткөргүчтөрдөгү кыймылы электр талаасынын багытына карама каршы

Направление тока.png
Направление тока.png
  • Электрток.png
  • Движениеэлектр.png

Металлдардагы электр токтору

Металл өткөргүчүн карап көрөлү. Металлдарда эркин заряддарды алып жүрүүчү электрон болуп саналат, концентрациясы өтө чоң – бардыгы куб метрине 1028. Бул электрондор хаотикалык жылуулук кыймылыда катышат. Электр талаасынын таасири астында алар ирети менен орточо ылдамдыгы болжолдуу 0,5мм/с жайгашып башташат. Ал эми электр талаасынын металл өткөргүчтүн ичинде таркашынын ылдамдыгы 300 000 км/с жетет. Дал ушул ылдамдыкты металлдардагы электр тогунун таркалышына байланыштырышат. Металлдардын өткөргүчтүгү эркин электрондордун кыймылына шартталган. Муну экперимент менен Л.И.Мандельштам жана Н.Д.Папалекси 1913 жылы, андан кийин 1916- жылы Б.Стюарт жана Р.Толмен далилдешкен.

Өкөргүчтөгү кыймыл убагында электрондор өткөргүчтөрү кристаллдык торчо иондору менен түртүшүүгө туш болушат жана мындан электр талаасынан алган энергиянын бир бөлүгүн жоготот. Мындай түртүшүүлөр өткөргүчтүн каршылыгына шартталышат. Өткөргүчтүн температурасынын жогорулашы менен электрондордун жылуулук кыймылынын орточо ылдамдыгы өсөт жана торчолордун түйүндөрүндөгү иондордун термелүүсүнүн амплитудасы көбөйөт. Бул болсо электрондордун иондор менен түртүлүшүү санынын көбөйүүсүнө алып келет. Башкача айтканда металлдардын каршылыгы температурадан көз каранды.

1911- жылы голландиялык физик Г.Камерлинг-Оннес өзгөчө кубулушту ачкан- өткөргүчтөн да ашык. Ал суюк гелийдеги сымапты суутуда анын каршылыгы алгач жай алмашып, андан кийин, температура 4,1К жеткенде, нолго дароо түшүп кетет экенин байкаган. Температурадагы нолго чейинки каршылыктын азайыш кубулушу, абсолюттук нолдон айырмаланса өткөргүчтөн да ашык деп аташкан. Андан соң өткөргүчтөн да ашык башка көптөгөн металлдардан да табылган. өткөргүчтөн да ашык касиетине ээ металлдар андан ток өтүп жатканда ысыбайт, бул болсо энергияны жоготуусуз берүүгө мүмкүндүк берет.


  • Электрток металл.png
  • Электротокметалл1.png
  • Опыт толмена.png

Жарым өткөргүчтөрдөгү электр токтору

Жарым өткөргүчтөр металлдарга, катуу телолорго кирет. Аларга: германий, кремний, мышьяк жана башкалар, ошондой эле ар кандай эритмелер жана химиялык бирикмелер кирет.

Жарым өткөргүчтөр- заттар, салыштырмалуу каршылык көрсөтүүсү температуранын жогорулашы менен түшөт жана аралашманын болгондугу менен жарык кылуунун өзгөрүшүнөн көз каранды. Бул кристаллдарда атомдор бири бири менен коваленттик байланыш аркылуу байланышкан. Ысытууда коваленттик байланыш ажырап, атомдор иондошот. Бул эркин электрондордун пайда болушуна жана жетишпеген электрондору менен ваканттык оң орунду “тешикти” шарттайт.

Электроны.png
Электроны.png

Мында кошуна атомдордун электрондору ваканттык орундарды ээлеп алганга мүмкунчүлүктөрү бар, анда кошуна атомдон “тешикти” түзүшөт. Башкача айтканда, электрондор гана эмес, “тешиктер” дагы кристалл боюнча жайгашканга болот. Мындай кристаллдардын электр талаасындагы электрондору жана тешиктери катарлаш кыймылга келип- электр тогу пайда болот.

Өздүк өткөргүчтүк

Таза кристаллда электр тогу бирдей сандагы электрондорду жана “тешикти” түзөт. Өткөргүчтүк, эркин электрондордун кыймылына жана аларга барабар сандагы “тешиктерге” аралашмасы жок жарым өткөргүч кристаллда шартталышы жарым өткөргүчтүн өздүк өткөргүчтүгү деп аталат.

Температуранын жогорулашы менен жарым өткөргүчтүн өздүк өткөргүчтүгү көбөйөт, анткени эркин электрондордун жана “тешиктердин” саны көбөйөт.

Электроны1.png
Электроны1.png

Аралашмалуу өткөргүчтүк

Өткөргүчтүктөрдүн өткөргүчү аралашманын болуусунан көз каранды. Аралашмалар донордук жана акцептордук болушат. Донордук аралашма- чоң валенттүү аралашма. Мисалы, төрт валенттүү кремнийге беш валенттүү мышьяк донордук аралашма болуп саналат. Мышьяктын төрт валенттүү электронунун атому коваленттик байланышты түзүүгө катышып, а бешинчиси өткөргүч электрону болуп калат.

Электроны2.png
Электроны2.png

Ысытууда коваленттик байланыш бузулуп, өткөргүчтүктүн кошумча электрондору жана “тешиктери” чыгат. Ошондуктан кристаллда эркин электрондордун саны “тешиктердин” санына басымдуулук кылат. Мындай өткөргүчтүн өткөргүчтүгү электрондук болуп саналат, жарым өткөргүч n-түрүндөгү жарым өткөргүч болуп эсептелет. Электрондор заряддын негизги алып жүрүүчүлөрү, “тешиктер”- негизги эмес болуп саналышат.

Акцептордук аралашма- кичинекей валенттүүлүгү менен аралашмалар. Мисалы, төрт валенттүү кремний үчүн үч валенттүү индий акцептордук аралашма болуп саналат. Индийдин үч валенттүү электронунун атому кремнийдин үч атому менен коваленттик байланышты түзүүгө катышат, ал эми төртүнчү бүтпөй калган коваленттик байланыштын оордуна “тешик” түзүлөт.

Электроны3.png
Электроны3.png

Ысытууда коваленттик байланыш бузулуп , өткөргүчтүктүн кошумча электрондору жана “тешиктери” чыгат. Ошондуктан кристаллдарда “тешиктердин” саны эркин электрондордун санына басымдуулук кылат. Мындай өткөргүчтүн өткөргүчтүгү тешиктүү болуп саналат, жарым өткөргүч р-түрүндөгү жарым өткөргүч болуп эсептелет. “Тешиктер” заряддын негизи алып жүрүүчүлөрү, электрондор – негизги эмес болуп саналышат.

  • Полупроводники.png
  • Полупроводники12.png
  • Полупроводники2.png

Суюктуктагы электр токтору

Суюктуктардын түрүнө жараша ар кандай алып жүрүүчүлөр болот. Металлдардын эритмелеринде – ошол эле электрондор, электролиттер же эритмелерде-иондор, жарым өткөргүчтөрдүн эритмелеринде- электрондор жана тешиктер.

Таза эриткичтер, суу, спирт, май, бензин ж.б. электр тогун жаман өткөрүшөт.

Туздардын, щелочтордун жана кислоталардын сууда карама-каршы белгидеги иондорго бөлүнүү кубулушу электролиттик диссоциация деп аталат. Бөлүнүүдөн алынган иондор суюктуктагы заряддарды алып жүрүүчүлөр болот, ал эми суюктуктун өзү өткөргүч болуп калат.

Анод.png
Анод.png

Электр талаасынан сырткаркы иондор хаотикалык кыймылдашат. Сырткы электр талаасынын таасири астында иондор хаотикалык кыймылды улантышып, аны менен бирге электр талаасынын күчүнүн аракетинин багытына кошулат: катиондор катодго, аниондор- анодго.

Андыктан, эритмелердеги электр токтору электролиттер- бул карама-каршы багыттагы эки белгидеги иондордун аралашышына багытталган. Электр тогунун электролит эритмеси аркылуу өтүүсү дайыма анын составына кирген электроддун затынын бөлүнүшү менен жүрөт. Бул кубулуш электролиз деп аталат. Электролиз техникаларда ар кандай максатта кеңири колдонулат. Электролиттик ыкманын жардамы менен бир металлды башка металлдын жука катмары (никелдөө, хромдоо, жездөө ж.б) менен жаба алышат. Бул металлдарды каптоо аларды каррозиядан сактайт.

Электролиттердин ички кыймылында иондор суунун малекулалары менен жана башка иондор менен өз ара аракеттенишет, башкача айтканда электролиттер ар кандай кыймылдарга каршылыктарды көрсөтөт, антыктан каршылык көрсөтүүгө ээ болушат. Электролиттердин электр каршылыктары иондордун концентрацияларынан, иондордун зарядынын чоңдугунан, эки белгидеги иондордун кыймылынын ылдамдыгынан көз каранды. Электролиттердин температурасын жогорулатуу менен анын илээшкектиги төмөндөйт, бул болсо иондордун кыймылынын ылдамдыгынын жогорулашына алып келет, башкача айтканда температуранын жогорулашы менен электролиттин каршыланышы азаят.

  • Жидкость.png
  • Жидкость2.png
  • Жидкость31.png
  • Жидкость4.png

Газдагы электр токтору

Газдар табигый абалында электрди өткөрө албайт (диэлектриктер болуп саналышат), анткени электрлик нейтралдык атомдордон жана малекулалардан турат. Электрондордун оң жана терс иондорун камтыган иондук газдар өткөргүч боло алышат.

Ионизация жогорку температуранын, ар кандай нурдануудан (ультрафиалеттик, рентгендик, радиоактивдүү), космостук нурлардан, бөлүкчөлөрдүн бири-бири менен кагылышуусунун таасиринен пайда болот.

Газдын иондолгон абалы плазма деген аталышты алган. Ааламдын масштабында плазма-заттын кеңири таркаган агрегаттык абалы. Андан Күн, жылдыздар, атмосферанын үстүнкү катмары турат.

Электр тогунун газ аркылуу өтүшү газ разряды деп аталат. Электр тогунун газ аркылуу өтүшү газ разряды деп аталат.

“Рекламадагы” неон түтүкчөсүндө үлбүрөк разряд өтөт. Жаркыраган газ “тирүү плазманы” элестетет.

Неон.png
Неон.png

Ширетүүчү аппараттын элетроддорунун арасында жаа түрүндөгү разряд болот.

Разряд.png
Разряд.png

Жаа түрүндөгү разряд сымаптуу лампаларда күйөт-жарыктын эң жаркыраган булагы.

Лампа1.png
Лампа1.png
Лампа2.png
Лампа2.png

Учкундуу разряд чагылгандардан байкайбыз. Бул жерде электр талааларынын кубаттуулугу жарып чыгуучу мааниге жетет. Токтун күчү болжол менен 10 МА.

Молния.png
Молния.png

Таажылуу разряд үчүн газдын свечениеси, электроддорду курчаган “таажыны” пайда кылат. Таажылуу разряд-электр берүүдө чоң вольт линияларындагы энергияларды жоготуунун негизги булагы.

Молния1.png
Молния1.png

Ваакумдагы электр токтору

Электр тогун ваакумда таркатуу мүмкүнбү (латынчадан vacuum- боштук)? Ваакумда эркин заряддарды алып жүрүүчүлөр жок болгондуктан, анда ал идеалдуу диэлектрик болуп саналат. Иондордун пайда болушу ваакумдардын жоголушуна жана иондолгон газды алууга алып келмек. Бирок эркин электрондордун пайда болушу токтун ваакум аркылуу өтүшүн камсыз кылат.

Вакуумда эркин электрондорду жылуулук электр эмиссия кубулушунун жардамы менен кантип алса болот-жылытуу менен электрондордун заттарын түшүрүү. Ваакумдук диод, триод, электр-нурдуу түтүкчө (эски телевизорлордогу) – приборлору, жумуштары жылуулук электрондук кубулушуна негизделген. Аракеттин негизги принциби: катод тогу өтө турган кыроо материалынын болушу, жылуулук электрондорду жыйнай турган анод муздак электродунун болушу.

  • Диод.png
  • Диод1.png

Көлөмдүү материалды жеңил эстеп калуу үчүн таблица

09-01.gif
09-01.gif

Пайдалуу ссылкалар

Окутуучу фильм: Электр тогу ар кайсы чөйрөдө

https://www.youtube.com/watch?v=GWhipDprAWE

Глоссарий

  • Электр тогу - электр талаасынын таасири менен электр кубаты менен заряддалган бөлүкчөлөрдүн багытталган кыймылы.
  • Электрлик диссоциация - туздардын, щелочтордун жана кислоталардын суудагы карама-каршы белгидеги иондорго бөлүнүү кубулушу.
  • Электролиз - электр тогунун электролит эритмеси аркылуу өтүүсү дайыма анын составына кирген электроддун затынын бөлүнүшү менен жүрөт.
  • Газ разряды - электр тогунун газ аркылуу өтүшү.
  • Жылуулук электрондук эмиссиясы - жылытуу менен электрондордун заттарын түшүрүү.

Библиография


Чагылган жөнүндө
Ч

агылган эмнеси менен коркунучтуу, күн күркүрөп чагылган болгондогу кырсыктардан кандай качуу керек? Чагылгандын соккусу өзгөчө коркунучтуу.Чагылган имаратты, электр берүүчүнүн таянычын, заводдун түтүкчөсүн бузуп өрт чыгарышы мүмкүн. Айрыкча чагылган тирүү жандыктар үчүн коркунучтуу. Анын соккусу бардык тирүү жан үчүн өлтүрө турган, бирок адамдар менен жаныбарлага чагылган салыштылмалуу аз тиет, кээде гана адамдын өзү билбестиктен бул үчүн жагдайлуу шарт түзөт. Чагылган ар дайым жерге эң кыска жол менен түшөт. Ошон үчүн чагылган көбүнчө бийик предметтерге түшөт, ал эми эки бирдей бийиктиктеги предметтерден- кайсынысы жакшы өткөргүч болсо. Бул жактан сактануу чараларын карасак болот. Үйдө

  • Бардык терезе эшиктердин барын жапкыла.
  • Розеткалардан бардык электр приборлорун сууругула. Аларга жана телефонго чагылган маалында жакындабагыла.
  • Ваннага, кранга, раковинага жакын барбагыла, анткени металл түтүктөр электрди өткөрүшү мүмкүн.
  • Эгерде силердин үйгө шар чагылганы келсе (бирок статистика боюнча мындай “бактылуулар” абдан аз), катуу кыймыл кылбагыла, эч качан качпагыла, анткени абанын агынын чакыруубуз мүмкүн, анда энергиянын уютмасы силерге багытталып учат. Электр приборлорунан, зымдардан алыс тургула, металл буюмдарына тийбегиле жана ал аз окулуп үйрөнүлгөн атмосфералык-электрдик кубулушту жалгыз койгула. Бул чагылган бир минутадан бир аз ашып өзү жок болот.
Көчөдө
  • Уйгө же автоунаага киргенге аракет кылгыла.
  • Эгерде жашынууга эч нерсе жок болсо, ачык мейкиндикке чыгып, жерге жаткыла. Чагылган маалында туруп турган абдан коркунучтуу. Бирок жөн гана жатууга да болбойт. Суу жер дагы жакшы өткөргүч болуп саналат, ошон үчүн топуракка түшүшү да мүмкүн.
  • Эң төмөнкү орунга жашынгыла, арыкка, аңга д.у.с.
  • Токойдо кичинекей талчалардын түбүнө жашынгыла. ЭЧ КАЧАН жалгыз турган бактын жанында турбагыла. Чагылган биринчи орунда өзүнүн аракетин бийик нерселерге багыттайт, анын ичинде бактарга дагы. Айрыкча чагылганды өзүнө эмен, карагай, кызыл карагай, теректер тартат.
  • Мунаралардан , корундулардан, бийик бактардан, телефон жана электр өткөргүчтөрүнөн, автобустун аялдамаларынан качкыла.
  • Өзүнөрдөн велесипедди, мангалды жана башка металл буюмдарды алыс кармагыла.
  • Көлгө, дарычга жана башка сууларга жакындабагыла.
  • Өзүңөрдөн бардык металлдарды чечкиле. Эч качан чагылган маалында кол чатырды пайдаланбагыла.
  • Чөнтөк телефонуңарды колдонбогула.
  • Көпчүлүктүн арасында турбагыла.
  • Эгерде күн күркүрөгөн маалда силер кайыкта калсаңар жана жээкке чыкканга жетишпей калсаңар, анда кайыктын түбүнө жатып бутуңарды бириктирип башыңар менен кулактарыңарды жапкыла.
Автоунаада
  • Эгерде күн күркүрөөдө жолдо болсоңор, токтошуңар керек, бардык терезелерди жана унаанын үстүн (эгерде анын үстү ачык болсо) жапкыла, радио антеннаны түшүргүлө жана эң башкысы бул жашынчу жериңерди таштабагыла. Бардык жагы жабылган автоунаанын ичинде силер күн күркүрөө маалында коркунучта эмессиңер. Автоунаа металлдан экенине карабай, ал Фарадея торчосу деп аталган эффекти түзөт, башкача айтканда ал негизделген тор жакшы өткөрүүчү материалдан жасалган. Мындай түзүлүш электро магниттик талааны жакшы экрандайт
  • Эгерде транспортуңар ачык болсо (велосипед же мотоцикл), анда тезинен токтоткула жана андан отуз метрдей алыстагыла.
Whatis59-3.gif
Whatis59-3.gif

Физикадагы поэзия

Электрлөө менин досум тамсили

Автор: Ирис Ревю

Electro.jpg
Electro.jpg


Чоң атам менин тамсилди сүйөт,

Тигини муну мага айтып да берет.

Мааниси дайым ачык болсун деп,

Мен өзүм окуйм, ар нерсе жөнүндө.

Мурунтан эле убагы келген.

Тамактар бышкан отко,

Күн чыкса “тургула” деп

Караңгы келсе “бүттү” деген.

Бирок мезгил өзгөрдү го,

Ажайып жашоо толтура баары.

Компьютер сайып иштетебиз,

Алыскы шаарга чала алабыз,

Кыймыл толкунун кармап алып,

Адамды жаңыча дарылайбыз.

Жыгачты мешке жакпай калдык,

Жаңы каминдер таң калтырат.

Жылытып да, тойгузат да,

Жаркырата жарык беришет,

Электр – биздин досубуз!

Бирок акыл токтотолу, кокусунан,

Ал айланбасын биздин душманга,

Зындуу кадам жасабаганга-

Тамсилдин мааниси ошондо –

Баштарыбыз иштесин анда,

Жана барын акылга салып

Жасайлы кийин ыйлабаганга.

Электр приборлору жөнүндө табышмактар

Электрлөө- эң белгилүү энергия булагы. Ал энергиянын башка түрлөрүнө оңой трансформацияланат : механикалык, жылуулук. Адистер электрлөөнү дагы кандай пайдалануу ыкмаларын табуу, дагы кандай жаңы электр приборлорун, оокаттарды, машиналарды табууга баштарын катытып жатышат. Ал эми бүгүн келгиле бизге белгилүү электр приборлору жөнүндөгү табышмактарды табабыз.

Болотнай өлкөсүндө

Шейшеп дарыясында

Пароход сүзүп жүрөт

Бирде алдыга бирде артка.

Анын артында тегиздик-

Бир да бырыш табылбайт.

Жооп: Үтүк

Тили жок жашайт,

Ичпейт да жебейт.

Бирок сүйлөйт жана да ырдайт.

Жооп: Радио

Менин үйүмдө роботум бар,

Анын чоң муруну бар.

Тазалыкты сүйөт робот,

Үнү лайнер “ТУ” дай гүүлдөйт.

Ал чаңдын баарын сорот,

Оорубайт да чүчкүрбөйт.

Жооп: Чаң соргуч

Мында бүт Аалам жашайт,

Жана бул жөнөкөй эле оокат.

Жооп: телевизор

Жакшы көрүп карагын-

Түндүк уюл ичинде!

Анда жылтылдап кар жана муз,

Анда кыштын өзү бар.

Дайыма кышты бергенге

Дүкөндөн алынып келинген.

Жооп: муздаткыч

Талаа, токойду аралап

Бир үн чыгат

Ал зымдарда чуркайт

Бул жерден айтсаң

угасың башка жактан.

Жооп: телефон

Мен пышылдайм кышылдайм,

Дагы жылынгым келбейт.

Шыптын астында томолок,

Караңгыда үйдө жарык

Жооп: электр лампасы