Кыргыз адабияты: Мен окурманмын
Версия от 17:37, 1 мая 2018; Msu06 (обсуждение | вклад)
Китеп окуу менен өзүбүздүн жана өзгөнүн дилин ачабыз. Окуган китептин маани-маңызын жеткире түшүнө алуу – дил ачуу менен барабар. Кантип окугандын баарын түшүнсө болот? Окуп түшүнүү – бул өнөрбү, жөндөмбү же жөн гана кунт коюп окуубу? Анан калса, ар бир окурман чыгармадан өзүнүн гана дүйнөсүн ачат эмеспи. Ал эми биздин окурмандык жөндөм-шыгыбыз кандай болду экен? Дегеле көркөм чыгарма окуунун канчалык зарылдыгы бар?
Содержание
Окурман деген ким?
Чын-чынына келгенде, адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Айрым аалымдардын айтуусуна караганда, адам бүт өмүр бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алса болот экен. Бирок ар бир адам үчүн кайсы китептер так ошол 2-3 китеп болоорун аныкташ оор. Өмүрдөгү ошол 3 китепти табыш үчүн нечендеген китептерди окуп чыгууга туура келет. Анан калса, ар бир адамдын өзүнүн 3 китеби болот эмеспи.
Мына ошондуктан бул бөлүмдө кантип таланттуу окурман катары калыптанууга болот? деген суроого жооп издемекчибиз.
Китеп деген эмне?
Китеп (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Так мына ушул ылай тактачаларда Гилгамеш баатырдын эрдиги баяндалган. “Гилгамеш” “Манас” сыяктуу эпикалык дастан болуп саналат.
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.
БИЛЕСИЗБИ?
Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
Окурман – бул ким?
Орустун белгилүү жазуучусу В.Набоков Америкалык студенттерге дарс окуп жүргөн учурунда бир күнү дарстын текстин унутуп калтырып коёт. Абалдан чыгуу үчүн студенттерине «чыныгы окурман деген ким?» деген суроого аныктама берүү идеясын сунуштайт. Жазуучунун студенттери төмөнкүдөй аныктамаларды беришет:
1. Окурман – китеп сүйүүчүлөр коомунун мүчөсү.
2. Окурман өзүн адабий чыгарманын каарманы менен салыштырат.
3. Окурман оюн социалдык-экономикалык аспектке топтоштурганы жакшы.
4. Окурман окуялар жана диалогдор көбүрөөк орун алган чыгармаларды жактырат.
5. Окурман чыгарманын экрандаштырылган варианты менен таанышып, андан кийин гана китеп менен таанышат.
6. Окурман чыгармачылыкты жаңы баштаган автор болуш керек.
7. Окурмандын элестетүүлөрү жогору өнүксө абдан жакшы.
Ойлонуп окуган окурмандын өзгөчөлүгү
Ойлонуп окуган окурман | Үстүртөн окуган окурман |
---|---|
Кайра-кайра окуйт | Бир жолу окуйт |
Бүт дитин текстке бөлөт | Ою башка жакта |
Суроо берет | Таанышуу менен гана чектелет |
Тексттин өзгөчөлүгүнө көңүл бурат | Синтаксисттик өзгөчөлүгүнө көңүл бурбайт |
Түпкү маңызын издейт | Үстүртөн окуйт |
Тест
Алтын текче
Окуу – түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди – жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Жусуп Баласагын
«Алтын текче» деген метафора орус жазуучусу Ю. Олеша тарабынан ойлонуп табылган. Бирок кыргыз элинде да «алтын текче» деген түшүнүк көп колдонулбаса да, аябай мыкты, асыл, баалуу түшүнүктөрдү алтын сөзү менен туюндурган учурлар абдан көп учурайт. Мисалы акылдуу, адептүү кыздарга карата «алтын кыз», жакшы адамдарды «алтын киши», колунан көөрү төгүлгөн чебер-усталарды «колу алтын» ж.б. деп коюшат.
Ал эми окурмандардын арасында «алтын текчелүүлөр» көп болушу жалпы элдин интеллектуалдык деңгээлин чагылдырат. Ал алтын текченин маңызы ага тизилген китептердин баалуулугуна жараша болот. Ар бир адамдын өмүрүндө сүйүп окуган китептери болот. Улам кызыгып көп китептерди окуган сайын арасынан өтө жаккандары, өтө таасир калтыргандары өзүнчө чогулуп отуруп биздин алтын текчебизди байыта берет. «Алтын» чыгармаларды жазган «алтын» жазуучулар биздин текчебизди андан бетер көркүнө чыгарат. Мындай «алтын» чыгармаларды» окуган сайын өзүбүзгө улам жаңы нерселерди ача беребиз.
Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда китеп окуганды сүйгөн кыздарга тургузулган эстеликтер да бар.
Көркөм окуйбуз
Чечендик өнөр эзелтен эле бааланып келген. Өзүнүн оюн көркөмдөп, ырааты менен жеткире билген адамдар ар дайым элдин астында жүргөн эл башылар болушкан. Азыр да өзүнүн оюн жеткире айта билген, сөздүн кыраатын келтире сүйлөгөндөр айланасындагы адамдардын ишенимине кирип саясатта, бизнесте ж.б. ийгиликтерге тез жетишет. Турмушта кырааты менен сүйлөөнүн мааниси абдан чоң. Ошондуктан кантип кырааты менен сүйлөөгө болот деген суроого алдыда жооп издемекчибиз.
Көркөм окуунун негизги теориялык аспектилери
Кырааты менен көркөм окууга бала кезден көнүгүү зарыл. Бала тыбыштарды так айтууга көнүгө баштаган учурдан тартып аракет жасоо туура. Мына ушул максатта балдардын жаттаган ырларын үн чыгарып айтуусу кенже балдар педогогикасында мааниге ээ. Чыгарманы келиштире көркөм окуу үчүн анын мазмуну менен жакындан тааныш болуу керек.
Чыгарманы көркөм окуунун көркөм схемасы төмөнкүдөй:
- Логикалык басым
- Тыным
- Интонация
- Адабияттар
Көркөм окуу – көркөм чыгарманы уккулуктуу, туура, түшүнүү менен, эмоционалдуу окуй билүү. Чыгарманы так ушунтип окуу адабий материалды өздөштүрүүнүн сапатын жогорулатат жана текстти түшүнүүгө, аңдап, маңызын-мазмунун ойлоно билүүгө жардам берет. Көркөм окуу кеп маданияты менен байланыштуу белгилүү бир көндүмдөрдүн минимумун калыптандырат. Бул минимум өзүнө төмөнкү компоненттерди камтыйт: үндүн тону, үндүн күчү, тембр, кептин ритми, кептин темпи (тез же жай), пауза (тыным, кептеги тыным), үндүн мелодикасы (үндүн жогорулашы жана басаңдашы), логикалык жана синтагматикалык басым. Интонациянын бардык каражаттары, кептин жана окуунун уккулуктуулугун кептин техникасы колдоого алат – дем алуу, дикция, орфоэпиялык туура айта билүү.
Көркөм окуудагы логикалык басым
Аткаруучунун (көркөм окуган адам) оозунан чыккан сөз так, таасирдүү жана ойго терең болушу зарыл. Маселен, Муратбек Рыскулов залкар, араң үч класстык билими болсо да сөздү, ар бир тыбышты даана айтууга, ички аппараттарын толук иштетүүгө өзгөчө маани берчү экен. Күндүзгү репетициядан кийин өз алдынча көп иштөөчү экен. Лирдин бороон-чапкынга тушуккан абалын көрсөткөндөгү абалы: түбүң түшкөн дүйнөдөгү жалгандык, бийлик менен байлык эмне экендигин көрө баштагандан ойго батып, үнсүз, ач-жылаңач дегендин сырын терең түшүнөт. Лир – Рыскуловдун акыл эстен ажырагандыгы анын ички сезиминин чакчелекейин чыгаргансыйт. Мындай абалды баштан кечирүү үчүн перзентке бүтүндөй аталык мээрим төгүп, андан көңүл калганда өзгөчө жек көрүү пайда болот экен. Өз ара сүйлөшкөнүбүздө “А дабышым, кандай экен? Биерденби? – деп, колунун кыры менен көкүрөгүнөн өйдө сыдырды да – Же, биерденби? – деп, киндигинен өйдө карай кыймылын кайталады. Апкарый түштүм да: – Үнүңүз ого эле тереңден чыкты го – десем, – Мага ошол аракетим ордунан чыктыбы же жокпу, ошол кызык – деп, мени сырлуу тиктеп койду.
Бул кызыктуу. Көркөм окуудагы паузаны кантип сактоо керек
Аткаруучунун кеп сүйлөө жөндөмдүүлүгү анын өнөрү үчүн биринчи зарылдык. К. С. Станиславский айткандай, актердун сахнада жөнөкөй жана кооз сүйлөөсү өз алдынча эле бүтүндөй бир илим. Кынаптаган техника жана даана сүйлөөнү билүү канчалык терең өздөштүрүлсө, ошончолук речтик өнөрдүн чеберчилиги бийик көтөрүлөт.
Буга мисал катары Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» аттуу драмасында Муратбек залкар ойногон Акылбектин уулу Болотбектин портрети менен сүйлөшкөн эпизодуна кайрылып көрөлү. Акылбек небереси Жецишбекти алып келе албай, ээн үйдө жалгызсырайт. Уулунун комузун бооруна кысып, анын портретине кайрылат. Кыялында аны менен сүйлөшөт. Спектаклдин биринчи вариантында Болотбектин портрети жанданып, көрүүчүлөр актердун сөзүнө Караганда жанданган портретке көбүрөөк көңүл бурушчу. Кийинчерээк бир калыбында илинип, аны менен сүйлөшкөн Акылбек-Рыскуловдун ар бир сөзү денени дүркүрөтүп жиберер эле. Актер улам сезимди курчутуп, ойду тереңдеткен сайын үнүнүн ыргактары башка тон- дорго ээ болуп, акырында: «Болотбек, Болотбек!... Баары бир сен келесиң! Ыраспы, келесиң! Келүүгө тийишсиң! Сенин өлгөнүңө ишенген эмесмин, азыр да ишенбейм! Түк ишенбейм! Күтөм сени! Сен келгенче өлбөй тирүү жүрө берем, чыдайм ошого, чыдайм!» – деп өксүйт. Өзгөчө «Тү-үкк ишенбейм!» деген сөздөрдү айтканда Акылбектин пароходдун үнү чыккан сайын пристанга кандай абалда барып жүргөнүнө терең ишенесиң. Муну айткандан кийин көп маанилүү пауза кармап, акырында чечкиндүү жыйынтыкка келгендей, оор басырыктуу сүйлөйт. Дал ушундан улам Рыскулов чынында эле сөздү бүтүндөй тулкусунун мүмкүнчүлүгүн жумшап айткан.Көркөм окуу . Т.Касымбеков Сынган кылыч.
Глоссарий
Папирус – байыркы Египетте кенен тараган жазуу материалы
Гилгамеш - байыркы шумерлердин эпикалык чыгармасы
Алтын текче – сиздин сүйүктүү китептериңиз тизилип турган текче
Интеллект- адамдын ишмердигин аныктоочу акыл жана ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү
Көркөм окуу – көркөм чыгарманы уккулуктуу, туура, түшүнүү менен, эмоционалдуу окуй билүү
Монолог – чыгармадагы жеке адамдын (өзүнө же башкаларга кайрылып) сүйлөөсү
Адабияттар
Рысбаев С. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине 100 кеңеш – Б.,2014
Рысбаев С. Баланын китеп окуу технологияларын уюштуруу технологиялары – Б., 2015
Рысбаев С. Кыргыз акын-жазуучулары балдарга –Б., 2008,2010
Рысбаев С. Орто мектептерде кыргыз тили, адабиятын окутуунун технологиялары» аттуу монографиясы (авторлош) – Б. 2008-жыл.
Рустан Рахманалиев Культура чтения великих писателей – Ф., 1989.
Смородинская, М. Д. О культуре чтения/ М. Д. Сородинская, Ю. П. Маркова. – М.: Книга, 1984.
Примаковский, А. П. О культуре чтения: методы самостоятельной работы с книгой в свете научной организации умственного труда/ А. П. Примаковский. – М.: Книга, 1969.
Воспитание культуры чтения: методические рекомендации. – М., 1971
Китеп жашооңузду жакшыртат.
Китепти кантип тез окууга көнүксө болот.
Жакшы китеп өмүрдүн жан шериги.
Аксенова А.К. Методика обучения русскому языку в коррекционной школе. - М. 1999.
Кубасова О.В. Как помочь ребенку стать читателем. - М., 2004.
Ломизов А.Ф. Выразительное чтение при изучении синтаксиса и пунктуации. - М., 1968.
Методика выразительного чтения. - Москва, 1977 .
Дулатова Г. Кыргыз театр кеби – Б., 2004
Пайдалуу шилтемелер
Словарь.
Спутник Кыргызстан. Макала. Табылды Кадырбеков. “Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы тууралуу жети факты”.
Макала. “Читатель – это кто?”
Макала. “Талантливый читатель – это кто?”
“Персонажи книг”
Азаттык - үналгысы. Маданият. Макала. Зайырбек Ажыматов “Китеп ачпаган элдин шору арылбайт”.
О культуре чтения.
Информационно-тематический портал “Обозник”. Статья “Культура чтения как один из факторов духовного воспитания личности”
Поэзия мүнөттөрү. А. Исмаилов
Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасы тууралуу он факты
М.Рыскулов тууралуу шилтеме боюнча окуса, укса болот}}
Видео Гулсарат
"Каныбек" Кинотасмасы
«Алымкан» Мыскал Өмүркановнанын аткаруусунда
Кинофильм «Алымкан»
«Курманжан датка» кинотасмасы
«Жамийла» кинотасмасы
Кыргыз адабиятында атагы аңызга айланган каармандар бар. Алар тууралуу ар кандай уламыштар орун алып, окурман сүйүктүү каарманын турмушта жашаган, болгон адам катары кабыл алгысы келет. Алардын айрымдары турмушта жашап, тарыхый прототиптери бар. Ал эми айрымдары көркөм образ катары турмуш чындыгы менен көркөм чындыктын айкалышынан жаралган.
Танабай Бакасов Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.
Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.
Каныбек К.Жантөшевдин «Каныбек» романынын башкы каарманы. "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек"
Чыгармада негизги каарман Каныбектин айланасындагы окуялар ар кыл өңүттө, кээде фантастиканын элементтери менен өнүккөн. Муну байкаган акын Мидин Алыбаев "Адабияттык парадында" азил ыр жазып, ал эл арасына кеңири тарап кеткен.
Бир жагынан жомокко жакындап,
Экинчи жактан романга жакындап.
Кээде повести такымдап,
Түзүк жазылды "Каныбек" –
Кара шакылдак.
Автордун оюна койсо:
Какемди улам өзгөртүп турмак,
(Кээде калпак кийгизип, кээде тумак)
Илимдер Академиясына –
Мүчө корреспондент кылмак,
Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.
Алымкан. Т. Сатылгановдун «Алымкан» аттуу ырынын башкы карманы.
Алымкан тууралуу ар кандай аңыз кептер көп айтылат. Эң башкысы Алымкан - сулуу, турмушта болгон аял заты. Акын Токтогул ашык болуп, жетпей калып ушул ырын чыгарган. Алымкан менен Токтогулдун ортосундагы ынак мамиле киноискусствосунда да чагылдырылган. Ал эми Токтогулдун «Алымкан» аттуу ырына Б. Эгинчиев обон чыгарып, эл арасында кеңири ырдалып келүүдө. Бул ырды аткаруунун классикалык үлгүсүн Мыскал Өмүрканова жараткан.
Жамийла. Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин башкы каарманы. Жамийланын шайыр, сулуу, өз бакыты үчүн күрөшкөн чечкиндүүлүгү, башкалардыкына окшобогон тагдыры бар аял заты. Жамийланын турмуштагы оор карама-каршылыктарга карабастан жасаган чечкиндүү кадамы азыр да талаш-тартыштын бутасына алынып келет. Бир байлам жоолукту чекесине шарт этире байлап алып шаңкылдап күлгөн маанайы, астынан жолуккан арыкты шарт эттире аттап кеткен шамдагайлыгы, жарашыктуу келбети, жүзүнүн албырган оту, Даниярга болгон таза арзуусу, кайниси Сейитке жасаган мамилеси, айтор анын айжаркын табияты аны кыргыз аялзатынын эң мыкты образы катары белгилүү кыла алды.
Нүсүп. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романындагы башкы каармандардын бири. Нүсүптүн тагдыры япондордун самурайлары тууралуу «Акыркы самурай» фильминдеги башкы каармандын тагдырына окшош. Ал мамлекетке берилип кызмат кылуунун, мыйзамга баш ийүүнүн, эл-журттун кызыкчылыгын өзүнүн өмүрүнөн да жогору коюунун үлгүсүн көрсөткөн. Кайраттуу, дайыма өзүнө ишенген, кылдат, акылдуу адам болгон. Нүсүп тарыхта жашаган, бирок анын атагын жазуучу Т.Касымбеков «Сынган кылыч» романында жогорку чеберчилик менен ачып берүү аркылуу чыгарды.
Курманжан датка. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», «Кел-кел» романдарынын, С.Жусуевдин «Курманжан датка» поэтикалык чыгармасынын каарманы. Кайраттуулугу менен даанышмандыгы, каармандыгы менен адилеттүүлүгү айкалышкан аялзаты. Кыргыз элинин тарыхындагы белгилүү инсандардын бири. Анын эл-журттун тынчтыгы, амандыгы үчүн өз уулу Камчыбекти курмандыкка чалышы чыгармадагы эле эмес, кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан.
Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу – эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.
Акылыңызга акыл кошот. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.
Көркөм окуган учурда интонацияны кантип туура коё билүү керектигин үйрөнүү үчүн белгилүү актердун монологуна көңүл буруңуз. Король Ричарддын монологун Кыргыз эл артиси Марат Алышпаевдин аткаруусунда угуңуз