БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты


Адабият дүйнөсүндө сизди эмнелер күтөт?

KLlogo.png

Адабият – акыл булагы! Ал эми мультимедиялык комплекстин жардамы менен ошол булактын көзүн кеңейтүүгө болот. Көркөм чыгармалардын негизинде тартылган кинофильмдерди, спектаклдерди көрүү, музыка угуу, алардын аудио-видео версиялары менен таанышуу, көркөм сүрөт өнөрүндөгү же айкелчиликтеги адабий кейипкерлердин ааламына жасаган саякатыбызды мазмундуу, пайдалуу жана кызыктуу кылаары бышык.

Мультимедиялык билим берүү ресурсунун жардамы менен кыргыз адабияты тууралуу түшүнүгүбүз байып, тереңдей турганына ишенебиз.

Адабият галереясына саякат «Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!

Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.

Жазуучунун өнөрканасы Акын, жазуучу деген ким? Көркөм чыгарма кантип жаралат? Каармандардын образын ачууда же, табиятты укмуштуудай келиштире сүрөттөөдө жазуучу сөздү кайдан табат? Кандай сөздөрдү пайдаланат? Чебер жазуучу болуу үчүн эмне зарыл? Мына ушул өңдүү табышмактуу көптөгөн суроолорго жооп табуу үчүн ушул бөлүмгө кайрылсак, балким жооп аларбыз…

Окурман Китеп окуу менен өзүбүздүн жана өзгөнүн дилин ачабыз. Окуган китептин маани-маңызын жеткире түшүнө алуу – дил ачуу менен барабар. Кантип окугандын баарын түшүнсө болот? Окуп түшүнүү – бул өнөрбү, жөндөмбү же жөн гана кунт коюп окуубу? Анан калса, ар бир окурман чыгармадан өзүнүн гана дүйнөсүн ачат эмеспи. Ал эми биздин окурмандык жөндөм-шыгыбыз кандай болду экен? Дегеле көркөм чыгарма окуунун канчалык зарылдыгы бар?

'Менин жазуучулук өнөрүм Көркөм чыгарманы окуу менен ажайып дүйнөгө кабылабыз. Ошол көркөм дүйнөнү жаратуу талыкпаган эмгекти, чымырканган изденүү, толгонууну талап кылат. Чыгармачылыктын түгөнбөгөн машакатын чыгарманын айрым үлгүлөрүн өзүбүз жазган учурда байкайбыз. Чыгармачылык иштин түрлөрүн кантип жазууга болот, анын ыкмалары, талаптары кандай боло турганын ушул бөлүм аркылуу билсек болот.

Mad scientist.gif

Занимательные эксперименты ждут вас!

Вперед! Открывай любой раздел - вас ждут увлекательнейшие приключения в мире ВЕЩЕСТВА.