География: Евразия
Версия от 15:09, 14 июля 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
Евразия бардык тарабынан төрт океан менен курчалган жалгыз материк, ички жана четки деңиздердин, жээктеринин көптүгү менен айырмаланат. Экваторго карата Түндүк жарым шарда жайгашкан, түштүк чыгышындагы бир топ аралдары Түштүк жарым шарда жайгашкан. Евразияда бардык климаттык жана жаратылыштык зоналардын жатышы таңкалыштуу деле эмес.
Евразия - Жер шарындагы эң чоң материк. Ал кургактыктын 1/3 бөлүгүн ээлейт. Аянты 53,4 млн км2. Эки дүйнө бөлүгүн түзөт - Европа жана Азия. Жээктери абдан тилмеленген. Тынч, Атлантика, Инд, Түндүк Муз окаендары менен курчалып турат. Рельефи татаал. Башка материктерден бийик турат. Европа-дүйнөнүң анча бийик эмес бөлүгү, анын 2/3 бөлүгү түздүктөргө туура келет. Азияда учу-кыйры көз жетпеген тайпак, бөксө жана бийик тоолор басымдуулук кылат. Гималай кырка тоосунда дүйнөнүн эң бийик точкасы жайгашкан - Джомолунгума (Эверест) бийиктиги 8848м.
Евразия контрастардын материги. Территориясынын чоңдугуна байланыштуу бардык климаттык алкактарда жатат: арктикадан экватордук алкакка чейин. Жаратылыш зоналары ар түрдүү: арктикалык чөлдөн, экватордук токойго чейин кездешет.
Эң калкы көп материк. Дүйнөлүк калктын 3/4бөлүгү жашайт.
Содержание
Евразия материгини географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Евразия материги түндүк жарым шарда жайгашкан, ошого карабастан материке тиешелүү айрым аралдары түштүк жарым шарда жайгашкан. Материк 9°б.у. башталып 169°б.у.бүтөт. Евразиянын негизги бөлүгү чыгыш жарым шарда жайгашкан,четки чыгыш жана батыш аймактары батыш жарым шарга кирип кетет.
Материк эки дүйнө бөлүгүн бириктирет Европа жана Азия. Алардын чек араларынын көпчүлүгүн Урал дарыясы бөлүп турат. Евразия планетадагы жалгыз материк, бардык океандар менен курчалган: Инд түштүгүнөн, Атлантика батышынан, Түндүк Муз түндүгүнөн жана Тынч менен чыгышан.
Материктин жалпы аянты 55 млн. км2, материкке караштуу аралдары 2.8 млн. км2.
Материкти изилдөө байыркы цивилизацияда эле башаталган. III кылымда Жакынкы Чыгыш, Индия, Европа жана Кытайды байланыштырган биринчи соода жолу ачылган. Ошол мезгилдеги белгилүү географтар: А. Гумбольдт, Н.Пржевальский, К. Арсеньев, Ф.Врангель, В.Обручевтер мурун белгисиз болгон материктин айрым жерлерин так картага түшүрүшкөн. Айрым жерлер географтардын атынан аталып калган.
Евразиянын жаратылышы
Евразиянын жаратылышынын керемети –бул анын контрастуулугунда. Көп жагынан анын жаратылышы рельефтин өзгөчөлүгүнө жараша болот, ал бардык материктерден бийик турат. Ири тоо массивдери жайгашкан. Эң белгилүү болгон материктин чокусу Джомолунгума же Эверест деңиз денгээлинен 8848 метр бийиктикте. Түздүктөрү ири аймактарды ээлейт. Материкте дүйнөнүн эң төмөн жери – Өлүк деңизи жайгашкан. Эверест менен деңиздин айырмасы 9 км ге барабар.
Мындай ар түрдүү рельефтин пайда болушунун себеби анын пайда болуу тарыхында. Материктин негизинде геологиялык ар кандай мезгилде пайда болгон Евразиялык литосфералык плита жатат.
Евразиянын жаратылышынын ар түрдүүлүгү климаттык шарттары менен аныкталат. Материктин климаты түндүктөн түштүктү, батыштан чыгышты карай кескин өзгөрүлөт. Ал эми Индокытай жана Индостан жарым аралдарынын жаратылышы муссондук климаттын таасиринен калыптанган. Материкте бардык жаратылыш зонасы жайгашып, кайталангыс өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү кездешет.
Евразиянын жаратылышынын ар түрдүүлүгү, жаратылыш зоналары, климаты, каталангыс өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө шарт түзөт. Бул жерде планетадагы бардык жаратылыш жаратылыш зоналары кездешет. Алардын көпчүлүгү чарбачылык иштердин натыйжасында өзгөрүлүп кеткен.
Евразиянын чарбасы жана экологиясы
Евразиянын мамлекеттеринин чарбалык өнүгүү деңгээли дагы ар түрдүү. Экономикалык өнүгүүсү жогору мамлекеттер: Япония, Германия, Великобритания, Франция, Италия. Европада үч негизги экономикалык ареал түзүлгөн: батышевропалык, борбордукевропалык, чыгышевропалык. Экономикалык негизги экономикалык регион Глазгодон Европага чейин Европалык уюл катары эсептелет.
Чарбанын өнүгүшү менен жаратылышты дагы чоң өзгөрүүгө алып келүүдө, айрыкча аралаш жана жазы жалбырактуу токойлор, токойлуу талаа жана талаа зоналарын. Табигый жаратылыштын ордуна шаарлар курулуп айыл чарбалык аянттарга айланууда. Көптөгөн жаныбарлар жашоо чөйрөсүн жоготуп, жоголуп кетүү алдында турат. Айрыкча өзгөчө коргоого дуушар болгон жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн саны көбөйүүдө.
Өзгөчө Европанын жаратылышы көп өзгөрүүгө дуушар болууда. Бул аймакта токойлордун кыйылышы менен айдоо жерлерге шаарлар курулууда. Токойлордун кыйылышы азыр 2/3 ге чейин жоготууга дуушар болгон. Ошонун эсебинен токойдо жашаган жаныбарлар жабыркап жатат. Көптөгөн туяктуулар, жырткычтар, канаттуулар жок болууда. Тарпан жапайы аттары , европалык букалар , арстандар, зубрлар такыр жок болуп кеткен. Дагы эле болсо чоң өзгөрүүлөргө дуушар болууда.
Евразиянын элдери жана мамлекеттери
Евразия – эң калк көп отурукташкан материк, дүйнөнүн калкынын төрттөн үч бөлүгү отурукташкан. Африка менен бирдикте Евразия адамзаттын ата-бабаларынын мекени деп эсептелет. Бул континенттин аймагы байыркы цивилизациянын борбору катары, адамзаттын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон.
Расалык жана калктын этникалык курамы өтө татаал, бул элдердин көчүп келүүсүнүн натыйжасында кылымдардан бери калыптанып, жарандык согуштун, табигый кырсыктын, этностук азчылыктарга жана башкаларга дуушар болгон.
Калктын тилдик курамы боюнча өтө ар түрдүү. Чыгыш Европада жана Түндүк Азияда славян элдери жашайт, ал эми Түндүк, Батыш жана Түштүк Eвропада, герман жана роман тилдеринде сүйлөшөт. Азияда, көптөгөн адамдар Индия жана кытай-тибет тилинде ,алтай тобунун тилдеринде сүйлөйт. Түштүк-Батыш Азия элдери араб тилдеринде ал Индонезиянын тилдеринин тобуна таандык болгон байланыш. Алыскы тилдерде сүйлөгөн адамдар жапондор,баск, армяндар, корейлер. Континентте калк бирдей таралган эмес.
Материктин саясий картасы өтө көп убакыттан бери калыптана баштаган. Байыркы убакта мамлекет катары Байыркы Греция, Байыркы Рим, Кытай, Индия жана башка өлкөлөрболгон. Азыркы адамдар көптөгөн өлкөлөрдө жашайт. Материкте 70 ке жакын өлкө бар деп эсептелет. Мамлекеттер өлчөмү жана саны боюнча бөлүнөт, калкы жана аянты боюнча(Россия , Кытай, Индия, Индонезия жана башка. ) өтө кичинекей мамлекеттр (Ватикан, Сан-Марино, Сингапур, ж.б.). Өлкөнүн экономикалык өнүгүү даражасына ылайык бирдей эмес. абдан өнүккөн мамлекеттер Япония, Германия, Италия, Улуу Британия жана Италия болуп саналат. Өлкөлөрдүн ири тобу негизинен Азияда жайгашкан алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр болуп саналат. Континенттин саясий картасы нда өзгөртүү улантууда. Түштүк Eвропанын курамына Югославиядан болүнгөн беш мамлекет кирсе, СССРден 10 мамлекет түзүлдү.
Пайдалуу шилтеллмелер
Сөздүк
- Азия – эң чоң, эң көп калктуу жана ар турдүү дүйнө бөлүгү.
- Джомолунгума – Жердин эң бийик чокусу Непал менен Кытайдын чек арасында жайгашкан (8848м).
- Евразия - эң калктуу гигант материк жана эки дүйнө бөлүгүнөн турат – Европа жана Азия.
- Өлүк деңизи – Жердин эң төмөн жери (405 м) Израил менен Иорданиянын чек арасында жайгашкан.
- Евразиянын өзгөчөлүгү – дүйнөдөгү эң ири ички агымга ээ.
- Хуанхэ – дүйнөдөгү катуу агымдары көп дарыя, дарыянын бассейни 140 миллион адамды ичкен суу жана сугат иштери менен камсыз кылат.
- Черрапунджи – Шиллонг бөксө тоосунда жайгашкан, түндүктө Бангладеш менен чектешет, деңиз деңгээлинен 1313 м бийиктикте, планетадагы эң нымдуу жер – 12 000 мм жылына жаайт.
- Янцзы –Кытайдын аймагынан агат, узундугу 6300 км, бассейндин аянты – 1 808 500 км, Евразиядагы эң узун дарыя(6000 км).
Адабияттары
- История мировых цивилизаций 2006 г.
- Физическая география 2005 г.
- Димов, Г. Средновековните Балкани в контекста на евразийското пространство. Дихотомията на балканските земи като периферия или центр на идеи и культура за Евразия. — В: История, год. XXI, кн. 3, 2012, 207—218.
Cингапурдагы зоопарк. Дүйнөдөгү эң ири зоопарк, анда жаныбарлар эркин журөт. Бул жерден тропикалык токойдун кооздугун сезесиң. Сингапур зоопаркындагы эң кызыктуу нерсе “Арангутандардын эртең мененки тамактануусу”, «Арстандын тамактануусу». Түнкү сафарлардын бул зоопаркка келиши ойго келбеген көрүнүш. Ошол убакта түнкү жаныбарлардын 1000 ге жакын көрүүгө болот, күндузү алардын көбү көрүнбөйт.
Көк үңкүр Капри аралынын кооз, кызыктуу жерлеринен, бирден бир дүйнөдөгү табышмактуу үңкүрлөрдөн. Үңкүрдүн таманы деңиздин суусуна толуп калган, үнкүргө кирген күндүн нурлары үнкүргө анын суусуна кооз лазердик түстү берет.Үңкүрдүн сулуулугун немец акыны жана живописчиси Август Копиш сүрөттөгөн, андан кийин үңкүр Капридеги эң кооз туристерди өзүнө тарткан белгилүү аймак болуп калган. Көк үңкүрдү Капри аралынын эмблемасы катары эсептейт.
Өзүбүздө болгон нерселерди сактап калуунун жакшы жолу- бул өзүңдөн баштоо. Жаш кезибизден бизди жаратылышты булгабагыла, көчөдө бактардан түшкөн жалбырактарды өрттөбөгүлө деп үйрөткөн. Ошого карабастан бул эрежелерди эстен чыгарабыз. Бирок ар бир адам жаратылышка кантип жардам бере алат? Анын жолдору көп болгону менен өзгөчө мамилени талап кылат.
Бир нече эрежени сунуштайбыз:
- таштандыны белгилүү жерлерге гана таштоо керек;
- жерге түшкөн жалбырактарды, желимдерди, жарымэтилендерди өрттөбөгүлө,адамдын ден-соолугуна зыян келтирет. Күйгөндө абага көтөрүлүп, абаны булгап жыйынтыгында адамдын өпкөсүнө отурат да ар түрдүү ооруларды пайда кылат;
- дайыма аркаңарды жыйнагыла, эгерде силер эс алууга чыксаңар айлана тегерегиңерди жыйнап кеткиле.таштандыларды калтырбагыла. Аларды чогултуп урнага салгыла;
- тамак аштар эмнеге салынганына көңүл бургула-айнектеби же кагаз баштыктабы. Анткени алар оңой кайра иштетилеби;
- тамак аш салынган идиштерди бир нече ирет колдонгонго болот. Мисалы: пластикалык стакандарга көчөттөрдү отургузууга, коробкаларды жана үй-тиричилигинде колдонуучу буюмдардын жабдууларын ар кандай буюмдарды салып колодонууга болот.