TimelineKG
Версия от 12:03, 13 июня 2018; Admine2 (обсуждение | вклад)
-
Лю Хуэй
Лю Хуэй – кытай математига. Үчпадышачылык доорунда гы Вэй падышачылыгында жашаган. «Математика тогуз китебинде» (Цзю чжан суаньшу) деп аталган эмгегинде күнүмдүк жашоодогу математикалык маселелердин чыгарылышынын жыйнагын көрсөткөн комментарийлери менен белгилүү. Лю Хуэй 263–жылы өзүнүн комментарийлери кошулган «Цзю чжан суаньшу» эмгегин жарыялаган, бул китеп жарыяланган бүгүнкү күнгө чейинки сакталган байыркы китептерден.
-
Чун – Чжи
Чун – Чжи (429—500) — кытай окумуштуусу жана математиги.
Бирден бир белгилүү кытай окумуштуусу, математиги, астроному, инженери, механик жана адабиятчысы. Дүйнөдө биринчилерден болуп π санын үтүрдөн кийин жети белги тактыкка чейин эсептеген, ага 3,1415926 жана 3,1415927 ортосундагы тагыраак маанини миң жыл өткөндөн кийин беришкен.
-
Аль-Бируни
Ортокылымдагы персиялык окумуштуу–энциклопедисти жана ойчулу, тарых, география, филология, астрономия, математика, механика, геодезия, минералогия, фармакология, геология ж.б. боюнча капиталдык эмгектердин автору. Бируни өзүнүн доорунун баардык илимдерин билген. Математикага көп көңүл бурган, өзгөчө тригонометрияга: «Канона Мас‘уда» белгилүү бөлүгүнөн сырткары ал «Тегеректеги ички сынык сызыгынын жардамы менен хорданы аныктоо жөнүндө» жазмасына арнаган.
-
Аль – Каши
XV кылымдын ири математиктеринин жана астрономдорунун бири, Самарканд обсерваториясынын жетекчилеринин бири. Ондук бөлчөктүн теориясынын биринчи систематикалык баяндамасын, π санынын чоңдугун үтүрдөн кийин 16 белгиге чейин даана эсептелишин жарыялаган.
-
Франсуа Виет
Франсуа Виет, сеньор де ля Биготьер – Француз математиги. Элементардык алгебранын дээрлик бардыгын иштеп чыккан. Алгебралык теңдемедеги тамыр менен коэффициенттин ортосундагы көз карандылыкты берген «Виеттин формуласы» белгилүү. Виет аты кийинки математикалык объектилерди алып жүрөт: Виеттин тригонометриялык формуласы Виеттин формуласы.
-
Христофор Клавий
Христофор Клавий – герман математиги жана астроному. 1574–жылы ал Евклиддин «Башталышын» чыгарган жана ага комментарий берген, а 1608–жылы алгебра боюнча китеп жазган.
Бөлчөктөрдүн теориясын жана алар менен болгон амалдарды бүтүн жазган.
-
Джованни Антонио Маджини
Джованни Антонио Маджини – италиялык картограф, астроном жана математик.
Маджини биринчилерден ондук бөлчөктүн бүтүн бөлүнүнөн бөлчөк бөлүгүн ажыратуу үчүн үтүр белгисин сунуштаган. Окумуштуунун урматына ай кратери деп Айдын берики бетин аташкан.
-
Джон Непер
Джон Непер – шотландия математик, логарифманы алгачкылардан болуп ойлоп тапкан, логарифмалык жадыбалды биринчилерден ойлоп тапкан астроном. 1614–жылы Непер Эденбургда «Логарифманын таң калаарлык жадыбалы» аттуу чыгармасын жарыялаган. Анын эмгектеринен ондук чекиттерди бөлчөк бөлүктү бүтүн бөлүгүнөн бөлүүдө системалуу колдонгонун көрүүгө болот.
-
Симон Стевин
Симон Стевин – фламанддык математик, механик жана инженер. Соода иштери боюнча көп саякаттаган, кийин принц Морица Оранскийдин өздүк кеңешчиси болгон. Стевиндин «Онунчу» трактаты арифметикалык ондук бөлчөктүн практикалык сүрөттөлүшүн, ошондой эле аларды колдонуудагы дилгерлүү жана жакшы аргументтелген пропогандасы, атап айтканда, ченөө системасы жана тыйындар иштери камтылган.
-
Иоганн Кеплер
Иоганн Кеплер – немис математиги, астроном, механик, оптик. Ар кандай айлануу телолордун көлөмдөрүн табуу ыкмаларын интегралдык эсептөөлөрдү колдонуу аркылуу тапкан. Орточо арифметикалык терминин киргизген.
-
Леонтий Магницкий
Леонтий Филиппович Магницкий – Орус математиги, педагог. Москвадагы Математикалык жана навигациялык илимдер мектебинин математика мугалими, Орусиядагы биринчи математика боюнча окуу китебинин автору. Биринчи жолу орус тилине көбөйтүүчү, бөлүнүүчү, тамырдан көбөйтүүнү чыгаруу, миллион, биллион, триллио, квадриллион математикалык терминдерин киргизген.