Кыргыз адабияты
Версия от 17:10, 10 июня 2018; Msu06 (обсуждение | вклад)
Содержание
Адабият дүйнөсүндө сизди эмнелер күтөт?
Дүйнөлүк адабият жана китеп окуунун сырлары тууралуу өзүнүздүн түшүнүгүңүздү кеңейткиңиз келеби? Биздин бөлүмдөрдү барактап, окуу рахатына батыңыз!
Адабий саякат
Дүйнө картасы боюнча адабий саякатка жол тартып, эң белгилүү акын-жазуучулар жашаган өлкөлөрдө болуп, доорлордун руху сакталган сейил бактарды аралап, башка кылымга, башка жагдайга кабылып, автордукуна конок болуп, анын үй бүлөлүк альбомунан сейрек сүрөттөрүн көргүңүз келеби? Мындан тышкары: дүйнөдөгү эң кооз жана өзгөчө китепканаларды көрүүнү каалайсызбы? А балким, китеп окуган адамдардын бедиздерине назар салгыңыз келип жүрбөсүн? Анда бул бөлүм сиз үчүн. Биз менен саякатка чыгыңыз! Өзүнүздүн багытыңызды тандаңыз!
Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп
Адабий каармандардын санынын көптүгүнөн кайсы китеп сүйүүчү болбосун чаташат.. Персонаж деген ким? Адабий каарман менен аны жакындаштырган эмне? Ал эми «түбөлүк образ» – бул да каарманбы же андай эмеспи? Белгилүү чыгармалардын каармандары кино тасмада кандай чагылдырылган, алар сиздин элестетүүңүзгө туура келеби? Дүйнөнүн ар кайсы шаарларындагы ойдон чыгарылган каррмандардын музейи тууралуу уктуң беле?
Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп, өзүңүзгө сырларды ачып, ар түрдүү адабий багыттардагы каармандарды айырмалаганды үйрөнүү менен персонаждар, аларды кантип сүрөттөө, салыштырууга боло тургандыгын билесиздер. Мындан тышкары, Черногориянын принцессасын эмне үчүн Алтынай деп аташкандыгын биле аласыз? – мына ушулардын бардыгы тууралуу аталган бөлүмдөн таанышууга болот.
Жазуу өнөрүнүн сырлары
Көркөм адабият деген эмне? Качан жана кантип жаралган, анын негизги өзгөчөлүктөрү кандай? Эмне себептен адабият менен искусство тамырлаш, ал эми жазуучулар өзгөчө адамдар деп эсептелет ? Анын адамга тийгизген сыйкырдуу күчү жана түбөлүктүүлүгүнүн сыры эмнеде ? Бул бөлүм сизди көркөм сөздүн жашыруун сырларына аралашууга, ар кандай авторлордун жазуучулук чеберчиликтерин ачууга мүмкүндүк берет.
Мен - окурман
Көркөм адабиятты окуунун эмне зарылчылыгы бар? Бул суроого ар ким ар кандай жооп берет. Окумуштуулар биздин келечегибиз китеп окууга байланыштуу деп эсептешет. Кантип? Чыгармаларда бейтааныш, түшүнүксүз нерселер көп орун алган эмеспи? Эмне себептен улуу немец жазуучусу Иоганн Вольфганг Гете 80 жашка чыгып да, чындап китеп окууну үйрөнө албагандыгы тууралуу айткан? Аталган бөлүм мына ушул жана башка суроолорго жооп табууга жардам берет..
Мен-жазуучу
«Өтө зарыл! Дилбаян жазууга жардам бериңиздер!» – ушул өңдүү өтүнүчтөрдү интернет айдыңынан көп кезиктирүүгө болот. Моюнга алалы, ушундай «драманы» көпчүлүгүбүз башыбыздан өткөрдүк беле? Бул бөлүм чыгармачылык иштерди аткаруу үчүн ар түрдүү куралдарды сунуштайт жана зарыл ресурстарды тандап алып, ар кандай тексттерди жазып, башка чыгармачылык иштерди аткарып, ишибизди жөнгө салууга жардам берет.
Аларды бүт дүйнө тааныйт
Кыргыз адабияты көп тармактуу, көп жанрлуу жана ар кыл тармактарда калыптанган жана өнүккөн адабият. Кыргыз адабияты бир нече курамдык бөлүктөн турат. Мына ушул курам кийинки мезгилде андан ары кеңейип, ага кызыктуу фактылар кошулганын байкоого болот. Адабият тарыхчысы О. Ибраимовдун пикири боюнча: 1) фольклор жана оозеки адабият, 2) байыркы мезгилдердеги кыргыз кагандарынын дипломатиялык кат алышуулары, 3) Орхон-Енисей жазмалары, 4) «Манас» жана кенже эпостор, айтуучулук өнөр, 5) акындар поэзиясы (оозеки жана жазма) 6) профессионал адабият, б.а. ХХ кылымдагы адабият». Жогорудагы пикир кыргыз көркөм сөз маданиятынын ар тараптуулугун жана кенендигин көрсөтүп турат.
Нечен кылымдык карт тарыхында кыргыздардын оозеки, поэтикалык бай, санжыргалуу салттары калыптанган. Бабалардан калган баалуу сөз мурастарыбыздын ичинде эмгек ырлары («Оп майда», «Бекбекей», «Тон чык» жана башка), ырым-дарым айтымдары («Дамбыр таш», «Козу телүү», «Аштык сепкендеги айтым», «Ашуу-келме», аластоо, бадик айтымдары жана башка), каада-салт, арман, сүйүү, бешик ырлары сыяктуу чакан лирикалык жанрлардан тартып, «Манас» эпосу башында турган не бир керемет эпостор («Эр Төштүк», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза» жана башка), жөө жомоктор, миф, легенда, уламыштар, дастандар, дидактикалык жанрдагы макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар жаралган. Тээ байыртан бери кыргыз эли «Манаска» өзгөчө орун берип, ыйык тутуп келген. Кыргыз элинин улуттук көркөм маданиятын «Манас» эпосу жок элестетүүгө мүмкүн эмес. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматов айткандай, “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу, биздин элдин дүйнөлүк маданий казынага кошкон улуттук салымы.
Чынында да кыргыз элинин көркөм ойломунун уникалдуулугу, кенендиги жана тереңдиги «Манас» жана ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын феномени менен ченелип-өлчөнөт. Биздин классик жазуучуларыбыздын чыгармачылык дүйнөсүндө «Манас» эпосунун тикелей таасири, алган орду да өзгөчөлүү. Улуу эпос менен өткөн кылымдагы кыргыз рухий дүйнөсү – эки эстетикалык баскыч, эки көркөм дүйнө, ич ара камыр-жумур аралашкан дүйнө. Ушул эки эстетикалык көркөм бийиктиктин, атап айтканда, «Манас» эпосу менен кыргыз профессионал адабиятынын алакалаш болушу, бир мезгилде жашап, мезгилдеш болуп, эстетикалык жактан «тогошуусу» дүйнөлүк адабиятта да сейрек кездешкен бөтөнчөлүк.
Кыргыз элинин жазма мадабиятына тиешелүү көрүнүш катары 11-кылымда жашап өткөн жердештерибиз М. Кашгаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» жана Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дидактикалык дастанын атоого болот. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн тарыхында акындар поэзиясынын төкмө ырчылар менен жазгыч акындардын чыгармачылыгы айрыкча мааниге ээ. Алардын чыгармаларында санат-насыят, терме ырлардын; айтыштардын; күн, жер, аккан суу, шамал жөнүндө натурфилософия; өмүр, өлүм, карылык, балалык жөнүндө турмуштук философия, замана темасында социалдык-философиялык ырлардын нечен түркүн керемет үлгүлөрү жолугат. Калыгул, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет жана башка ушундай сыяктуу акындардын чыгармачылыгы кыргыз “сөзүн” ар тараптан байытып турат. 13-15-кылымда жашап өткөн айрым акындар: Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы Жазгыч акындардын өкүлдөрү: Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков ж.б. бар. Жазгыч акындардын ичинен 1911-ж. Молдо Кылычтын жер титирөө жөнүндө жазган «Кысса ил зилзала» аттуу чыгармасы 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул кыргыз адабиятындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. Москвадан ушул эле акындын «Тамсилдер» деген аталыштагы экинчи китеби жарык көргөн. Ага «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» деген казалдар кирген.
Кыргыз тилиндеги биринчи гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. 1918-24-ж. аралыгында казак, татар тилдеринде чыгуучу «Көмек», «Тилши», «Ушкын», «Өрис», «Ак жол», «Шуро» гезиттеринде «Шолпан», «Жас кайрат», «Аел теңдиги» журналдарында С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Түлөгабылов, О. Лепесов, 3. Лепесова, М. Максүтов, М. Байчериков, К. Маликов, К. Баязыков, Б. Калпаков сыяктуу кыргыз жаштарынын ыр, аңгеме, кабарлары ошол гезит-журналдардын тилинде же накта эле кыргыз тилинде жарык көрүп турган. Аталган ысымдардын ичинен жаңы типтеги жазма кыргыз адабиятынын жаралышына өзгөчө салым кошкондор Сыдык Карачев (1900-37) менен Касым Тыныстанов (1901-37) болгон. Кыргыздын жазма профессионалдык адабиятынын пайдубалынын түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон кыргыздын таланттуу уулу, акын, прозада, драматургияда да калем сынаган жазуучу, коомдук ишмер, агартуучу, кыргыз тил илимине негиз салган окумуштуу К. Тыныстанов болгон. К. Тыныстановдун 1919-24-ж. чыккан поэзиялык туундулары анын «Касым ырлар жыйнагынан» (Москва, 1925) орун алган. Жыйнакта казакча 12, кыргызча 21 ыр жана «Жаңыл Мырза» поэмасы орун алган. К. Тыныстанов «Мариям менен көл жээгинде» (1924) аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын автору. 30-жылдардын ортосунда М. Элебаев «Узак жол», К. Жантөшев «Каныбек», Т. Сыдыкбеков «Кең-Суу», А. Токомбаев «Кандуу жылдар жазылып, окурмандарга алгачкы кыргыз романдары тартууланды. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын биринчи бөлүгү 1935-ж. жарыкка чыккан. А. Токомбаевдин романы биринчи ыр менен жазылган роман.
Кыргыз адабияты андан бери өтө кызыктуу, ар тараптуу жолду басып өтүп, поэзияда: А.Осмонов, Р. Рыскулов, С.Эралиев, О.Султанов, С.Жусуев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов ж.б., ал эми драматургияда: Т.Абыдмомунов, Б.Жакиев, М.Байжиев ж.б., прозада: Ч.Айтматов, М.Гапаров, К.Жусубалиев, А.Жакыпбеков, Т.Касымбеков, А.Стамов ж.б. чыгармачылыктары жаралды.