Математика
Версия от 13:06, 20 мая 2018; Msu05 (обсуждение | вклад)
Содержание
Математика кимге керек жана аны эмнеге окуш керек?!
Бул жерден Силер укмуштуудай кызыктуу математиканын дүйнөсүнө малынып, силерге керектүүнүн баарын таба аласыңар.
- иллюстрацияланган маалыматтык материал, бардык мектеп программасынын негизги түшүнүктөрүн түшүндүрүп берет;
- маселенин ар кандай тематикасы жана деңгээли, толук чыгарылышы менен берилет, ал эми геометрия боюнча маселелер чийиндери менен камсыздалган.
-теорияларды математикалык лайфхактар толуктайт, тарыхтан фактылар, кызыктуу айтуулар, интерактивдүү оюндар, тестер жана кроссворддор;
-Электрондук глоссарий баракчада кездешкен түшүнүксүз сөздөрдү түшүндүрүп берет;
- башка сайттарга ссылкалар, мектеп окуучуларына жана ошондой эле мугалимдерге кызыктуу жана пайдалуу болот.
Бул бардык пайдалуу маалыматтардын бардыгы 4 бөлүктө чогултулган:
Числа и выражения
Алгебраические выражения
Пространство
и формыВведение в статистику и теорию вероятности
Бул көңүлсүз жана кызыксыз деп айтууга шашпагыла. Андан ары таанышабыз!
«Сандар жана туюнтмалар» бөлүгү Сандардын дүйнөсүнө биз күнүнө бир нече жолу кирип чыгабыз: соода кылганда, досторубузга жана жакындарыбызга чалганда, ойногондо. ...Ошону менен катар колдоруңарды алдыга сунгула, манжаларыңарга карагыла- Силер математика дүйнөсүндөсүңөр!
Бул бөлүм жөнөкөй сандардын түрлөрү жана алардын сыйкырлуу айлануулары жөнүндө айтып берет. Силер негизги арифметикалык амалдарды жана касиеттерин пайдалануу менен алууга болоорун билесиңер.
«Алгебралык туюнтмалар» бөлүгү Математикада туюнтма деген эмне? Туюнтмаларды өзгөртүүнүн кереги барбы? Суроолор, айткандай, кызыктуу... Чындыгында бул түшүнүктөр-бүткүл математиканын негизи. Бүткүл математика туюнтмалардан жана алардын өзгөрүшүнөн турат. Анчалык түшүнбөй жатасыңарбы?
Силердин астыңарда каардуу мисал дейли- абай чоң жана аябай татаал. Силер эч нерседен коркпогон, математикадан абдан күчтүү болсоңор дагы дароо эле жообун бере албайсыңар! Силер бул мисалды чыгарышыңар керек болот. Кезек менен, кадам артынан кадам кылып бул мисалды жөнөкөйлөтүп аласыңар. Албетте, аныкталган эрежелер аркылуу. Туюнтмаларды өзгөртүүнү жасайсыңар. Канчалык силер бул өзгөрүүлөрдү жемиштүү өтөсүңөр жана математикада канчалык күчтүүсүңөр. Эгерде силер туура өзгөртүүнү билбесеңер, математикада силер эч- нер-се кыла албайсыңар... А биздин максатыбыз- буга үйрөтүү!
«Мейкиндик жана форма» бөлүгү Бул бөлүмдө Силер кээ бир аналитикалык (алгебралык) методдор менен таанышасыңар, алар жетишээрлик жөнөкөй формада геометриялык маселелерди чыгарууга мүмкүндүк берет.
«Статистикага киришүү жана Ыктымалдуулук теориясы» бөлүгүСилерге комбинаторика негиздерине ээ болууга жардам берет. А силер билесиңерби, комбинаториканын негиздери азарттык оюндарда пайда болгон? Мисалы, “Покер” оюнундагы жыштыктан бул же тигил комбинациянын пайда болушунан оюнчунун утушу көз каранды. Карта оюндарынын комбинациясына арналган материал, комбинаторика-шайкеш келүүдөгү эң маанилүү темаларынын бирин жеткиликтүү түшүнүүгө жакшы негиз болуп кызмат кылат. Ушул тема менен байланышкан заманбап маселелерди жайгаштырууну дагы коё бербегиле.
Математиканын маңызы формулаларда эмес, кандай формула алынаарынын жардамы менен ой-жүгүртүү процесси.
В.П. Ермаков
➤ Кызыксыз сабактын артында балким бүт дүйнөнү– жана да убакытты башкара ала тургандай күч жатышы ыктымал. Мына булар математиканы сүйө турган бир нече себептер..
➤ Логиканы, тунук акылды жана сынчыл ойлонууну өнүктүрөт.
➤ Интуицияны өнүктүрүү менен, математикалык ой жүгүртүү көйгөйдүн туура чечилишин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
➤ Акылды тартипке салат, идеяны туура натыйжага жетикирүүгө алып келет.
➤ Креативдүүлүктү өнүктүрөт, жашоонун жана кесиптин каалагандай тармагында стандарттык эмес чыгарылыштардын зарылдыгы.
➤ Чынчылдыкка тарбиялайт, анткени ырастоонун жана чечимдин чындык экендиги далилденүү керек.
➤ Жалпы көрүнүштү көргөн сыяктуу тетиктерин дагы көрө билүүнү үйрөнүү.
➤ Таразалап чечим кабыл улууну үйрөнүү.
➤ Алдыга жеңиштерге жетишүү үчүн өзүнүн кетирген катасын моюнга ала билүүнүү.
➤ Китептеги маселенин чыгарылышы бар сыяктуу эле эч качан жеңилбей ар кандай кырдаалдардан чыга билүүнү үйрөнүү.
P.S.: биздин кеңештер
Төмөндө келтирилип сунушталган кеяңештерди сунуштайбыз. Арийне, көңүлүңөрдү математиканы өздөштүрүү ийгилигин толугу менен өзүңөрдөн көз каранды экендигин эсиңерге салабыз. А илимди милдет катары кабыл алып эмес а жөн гана башкатырма оюнунун этаптары басып өтүп жаткан катары, маселени чыгарууда кошумча чыгарылыш жолун табууга карата далалаттаышыңар керек. Ошондо силер көптөгоң маселе жана мисалдарды чыгаруу, фигураларды жана графиктерди тургузуу керек экендигин аңдап, ошондой эле ар түрдүү геометриялык дадилдөөлөр – бул практикада колдосо боло турган кызыктуу процесс экенин түшүнөсүңөр. Эми биздин аракеттерибиздин планын курабыз.
➤ Эсептөөлөрдү жана эрежелерди жазуу үчүн таза дептер даярдагыла. Маселелерди барактардын айрындыларында чыгарганды биз сунуштабайбыз, мейли баардык келтирилген аракеттер доскада катасы менен болсо дагы көз алдыда болсун.
➤ Карандаш, циркуль, сызгыч алганды унутпагыла.
➤ Калькулятордун көз карандылыгына таптакыр камалбагыла.
➤ Баарын кагаз бетиндеби көңүлдө оозеки болобу калькуляторсуз чыгарганга аракеттенгиле.
➤ Маселени чыгаруу менен силер эмне жөнүндө сүйлөп атканыңарды элестеткиле.
➤ Шартын жана суроосун белгилегиле.
➤ Шартын кыска толтуруп же чиймесин чийгиле.
➤ Маселенин суроосуна дароо жооп берүүгө болоорун ойлонуп көргүлө. Эгер жок болсо, анда эмне үчүн.
➤ Чыгарылышынын планын түзгүлө жана мүмкүн болушунча рационалдуу жолун тапканды унутпагыла.
➤ Чыгарылышын аткаргыла.
➤ Чыгарылышын текшергиле жана маселенин жообун жазгыла.
➤ Эгерде бир нерсени далилдөө керек болуп калса, анда математикалык символикалардын жардамы менен зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү, тыянак сөздөрүн кошумчалоо аркылуу логикалык тартипте жазууга аракет жасалыгла.
➤ Жана да эсиңерде болсун, математика жаттаганды «сүйбөйт», ал түшүнгөндү «сүйөт».