Кыргыз адабияты: Мен окурманмын — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) |
Msu06 (обсуждение | вклад) |

Строка 80: | Строка 80: | ||
{{center|[[файл:Okurman top.jpg|270px]]}} | {{center|[[файл:Okurman top.jpg|270px]]}} | ||
{{center|'''Танабай Бакасов'''}}
| {{center|'''Танабай Бакасов'''}}

− | Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.
| + | '''Танабай Бакасов''' Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.

Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.
| Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.

[https://www.youtube.com/watch?v=Fy5RvGksDKE Видео Гулсарат] | [https://www.youtube.com/watch?v=Fy5RvGksDKE Видео Гулсарат] | ||
Строка 86: | Строка 86: | ||
{{center|[[файл:Okurman top1.jpg|270px]]}} | {{center|[[файл:Okurman top1.jpg|270px]]}} | ||
{{center|'''Каныбек'''}}
| {{center|'''Каныбек'''}}

− | К.Жантөшевдин «Каныбек» романынын башкы каарманы. '''"Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек"'''
| + | '''Каныбек''' К.Жантөшевдин «Каныбек» романынын башкы каарманы. '''"Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек"'''

Чыгармада негизги каарман Каныбектин айланасындагы окуялар ар кыл өңүттө, кээде фантастиканын элементтери менен өнүккөн. Муну байкаган акын Мидин Алыбаев "Адабияттык парадында" азил ыр жазып, ал эл арасына кеңири тарап кеткен.
| Чыгармада негизги каарман Каныбектин айланасындагы окуялар ар кыл өңүттө, кээде фантастиканын элементтери менен өнүккөн. Муну байкаган акын Мидин Алыбаев "Адабияттык парадында" азил ыр жазып, ал эл арасына кеңири тарап кеткен.

Бир жагынан жомокко жакындап,
| Бир жагынан жомокко жакындап,

Строка 99: | Строка 99: | ||
Мүчө корреспондент кылмак,
| Мүчө корреспондент кылмак,

Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.
| Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.

+ | [https://www.youtube.com/watch?v=3GhYTx1y340 "Каныбек" Кинотасмасы] | ||

− | {{center|[[файл: | + | {{center|[[файл:Okurman top2.jpg|270px]]}} |
− | {{center|''' | + | {{center|'''Алымкан'''}}

− | + | '''Алымкан.''' Т. Сатылгановдун «Алымкан» аттуу ырынын башкы карманы.

+ | Алымкан тууралуу ар кандай аңыз кептер көп айтылат. Эң башкысы Алымкан - сулуу, турмушта болгон аял заты. Акын Токтогул ашык болуп, жетпей калып ушул ырын чыгарган. Алымкан менен Токтогулдун ортосундагы ынак мамиле киноискусствосунда да чагылдырылган. Ал эми Токтогулдун «Алымкан» аттуу ырына Б. Эгинчиев обон чыгарып, эл арасында кеңири ырдалып келүүдө. Бул ырды аткаруунун классикалык үлгүсүн Мыскал Өмүрканова жараткан.

+ | [https://zf.fm/song/3263156 «Алымкан» Мыскал Өмүркановнанын аткаруусунда]

+ | [https://www.youtube.com/watch?v=dMBYrRkjQ6c Кинофильм «Алымкан»]

+ | {{center|[[файл:Okurman top3.jpeg|270px]]}} | ||
+ | {{center|'''Жамийла'''}}

+ | '''Жамийла'''. Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин башкы каарманы. Жамийланын шайыр, сулуу, өз бакыты үчүн күрөшкөн чечкиндүүлүгү, башкалардыкына окшобогон тагдыры бар аял заты. Жамийланын турмуштагы оор карама-каршылыктарга карабастан жасаган чечкиндүү кадамы азыр да талаш-тартыштын бутасына алынып келет. Бир байлам жоолукту чекесине шарт этире байлап алып шаңкылдап күлгөн маанайы, астынан жолуккан арыкты шарт эттире аттап кеткен шамдагайлыгы, жарашыктуу келбети, жүзүнүн албырган оту, Даниярга болгон таза арзуусу, кайниси Сейитке жасаган мамилеси, айтор анын айжаркын табияты аны кыргыз аялзатынын эң мыкты образы катары белгилүү кыла алды.

+ | [https://www.youtube.com/watch?v=uDk_TOzgAg4 «Жамийла» кинотасмасы]

+ | {{center|[[файл:Okurman top4.jpg|270px]]}} | ||
+ | {{center|'''Нүсүп'''}}

+ | '''Нүсүп.''' Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романындагы башкы каармандардын бири. Нүсүптүн тагдыры япондордун самурайлары тууралуу «Акыркы самурай» фильминдеги башкы каармандын тагдырына окшош. Ал мамлекетке берилип кызмат кылуунун, мыйзамга баш ийүүнүн, эл-журттун кызыкчылыгын өзүнүн өмүрүнөн да жогору коюунун үлгүсүн көрсөткөн. Кайраттуу, дайыма өзүнө ишенген, кылдат, акылдуу адам болгон. Нүсүп тарыхта жашаган, бирок анын атагын жазуучу Т.Касымбеков «Сынган кылыч» романында жогорку чеберчилик менен ачып берүү аркылуу чыгарды.

+ | [https://www.youtube.com/watch?v=uDk_TOzgAg4 «Жамийла» кинотасмасы]

Версия 17:40, 24 декабря 2017
Окурман деген ким?
Чын-чынына келгенде, адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Айрым аалымдардын айтуусуна караганда, адам бүт өмүр бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алса болот экен. Бирок ар бир адам үчүн кайсы китептер так ошол 2-3 китеп болоорун аныкташ оор. Өмүрдөгү ошол 3 китепти табыш үчүн нечендеген китептерди окуп чыгууга туура келет. Анан калса, ар бир адамдын өзүнүн 3 китеби болот эмеспи.
Мына ошондуктан бул бөлүмдө кантип таланттуу окурман катары калыптанууга болот? деген суроого жооп издемекчибиз.
Китеп деген эмне?
Китеп (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Так мына ушул ылай тактачаларда Гилгамеш баатырдын эрдиги баяндалган. “Гилгамеш” “Манас” сыяктуу эпикалык дастан болуп саналат.
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.
БИЛЕСИЗБИ?
Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
Окурман – бул ким?
Орустун белгилүү жазуучусу В.Набоков Америкалык студенттерге дарс окуп жүргөн учурунда бир күнү дарстын текстин унутуп калтырып коёт. Абалдан чыгуу үчүн студенттерине «чыныгы окурман деген ким?» деген суроого аныктама берүү идеясын сунуштайт. Жазуучунун студенттери төмөнкүдөй аныктамаларды беришет:
1. Окурман – китеп сүйүүчүлөр коомунун мүчөсү.
2. Окурман өзүн адабий чыгарманын каарманы менен салыштырат.
3. Окурман оюн социалдык-экономикалык аспектке топтоштурганы жакшы.
4. Окурман окуялар жана диалогдор көбүрөөк орун алган чыгармаларды жактырат.
5. Окурман чыгарманын экрандаштырылган варианты менен таанышып, андан кийин гана китеп менен таанышат.
6. Окурман чыгармачылыкты жаңы баштаган автор болуш керек.
7. Окурмандын элестетүүлөрү жогору өнүксө абдан жакшы.
Ойлонуп окуган окурмандын өзгөчөлүгү
Ойлонуп окуган окурман | Үстүртөн окуган окурман |

Кайра-кайра окуйт | Бир жолу окуйт |
Бүт дитин текстке бөлөт | Ою башка жакта |
Суроо берет | Таанышуу менен гана чектелет |
Тексттин өзгөчөлүгүнө көңүл бурат | Синтаксисттик өзгөчөлүгүнө көңүл бурбайт |
Түпкү маңызын издейт | Үстүртөн окуйт |
Кыргыз адабиятында атагы аңызга айланган каармандар бар. Алар тууралуу ар кандай уламыштар орун алып, окурман сүйүктүү каарманын турмушта жашаган, болгон адам катары кабыл алгысы келет. Алардын айрымдары турмушта жашап, тарыхый прототиптери бар. Ал эми айрымдары көркөм образ катары турмуш чындыгы менен көркөм чындыктын айкалышынан жаралган.
Танабай Бакасов Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.
Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.
Видео Гулсарат
Каныбек К.Жантөшевдин «Каныбек» романынын башкы каарманы. "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Каныбек"
Чыгармада негизги каарман Каныбектин айланасындагы окуялар ар кыл өңүттө, кээде фантастиканын элементтери менен өнүккөн. Муну байкаган акын Мидин Алыбаев "Адабияттык парадында" азил ыр жазып, ал эл арасына кеңири тарап кеткен.
Бир жагынан жомокко жакындап,
Экинчи жактан романга жакындап.
Кээде повести такымдап,
Түзүк жазылды "Каныбек" –
Кара шакылдак.
Автордун оюна койсо:
Какемди улам өзгөртүп турмак,
(Кээде калпак кийгизип, кээде тумак)
Илимдер Академиясына –
Мүчө корреспондент кылмак,
Же Каныбек министр болуп жаны тынмак.
"Каныбек" Кинотасмасы
Алымкан. Т. Сатылгановдун «Алымкан» аттуу ырынын башкы карманы.
Алымкан тууралуу ар кандай аңыз кептер көп айтылат. Эң башкысы Алымкан - сулуу, турмушта болгон аял заты. Акын Токтогул ашык болуп, жетпей калып ушул ырын чыгарган. Алымкан менен Токтогулдун ортосундагы ынак мамиле киноискусствосунда да чагылдырылган. Ал эми Токтогулдун «Алымкан» аттуу ырына Б. Эгинчиев обон чыгарып, эл арасында кеңири ырдалып келүүдө. Бул ырды аткаруунун классикалык үлгүсүн Мыскал Өмүрканова жараткан.
«Алымкан» Мыскал Өмүркановнанын аткаруусунда
Кинофильм «Алымкан»
Жамийла. Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин башкы каарманы. Жамийланын шайыр, сулуу, өз бакыты үчүн күрөшкөн чечкиндүүлүгү, башкалардыкына окшобогон тагдыры бар аял заты. Жамийланын турмуштагы оор карама-каршылыктарга карабастан жасаган чечкиндүү кадамы азыр да талаш-тартыштын бутасына алынып келет. Бир байлам жоолукту чекесине шарт этире байлап алып шаңкылдап күлгөн маанайы, астынан жолуккан арыкты шарт эттире аттап кеткен шамдагайлыгы, жарашыктуу келбети, жүзүнүн албырган оту, Даниярга болгон таза арзуусу, кайниси Сейитке жасаган мамилеси, айтор анын айжаркын табияты аны кыргыз аялзатынын эң мыкты образы катары белгилүү кыла алды.
«Жамийла» кинотасмасы
Нүсүп. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романындагы башкы каармандардын бири. Нүсүптүн тагдыры япондордун самурайлары тууралуу «Акыркы самурай» фильминдеги башкы каармандын тагдырына окшош. Ал мамлекетке берилип кызмат кылуунун, мыйзамга баш ийүүнүн, эл-журттун кызыкчылыгын өзүнүн өмүрүнөн да жогору коюунун үлгүсүн көрсөткөн. Кайраттуу, дайыма өзүнө ишенген, кылдат, акылдуу адам болгон. Нүсүп тарыхта жашаган, бирок анын атагын жазуучу Т.Касымбеков «Сынган кылыч» романында жогорку чеберчилик менен ачып берүү аркылуу чыгарды.
«Жамийла» кинотасмасы