БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Мен окурманмын — различия между версиями

Строка 23: Строка 23:
 
'''Китеп''' (ар. –  жазма) –  1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Так мына ушул ылай тактачаларда Гилгамеш баатырдын эрдиги баяндалган. “Гилгамеш”  “Манас” сыяктуу эпикалык дастан болуп саналат.<br clear="all" />
 
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.  
+
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.<br clear="all" />
 +
 
 +
'''БИЛЕСИЗБИ?'''<br clear="all" />
 +
 
 +
Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
 +
 
</div>
 
</div>

Версия 16:04, 24 декабря 2017

Окурман деген ким?

“Менин балалыгым эске түшөт. Мен китепти дайыма ыйык нерсе катары калтыроо жана абдан кастарлоо менен кармап көрөр элем. Ал кезде мен үчүн начар китеп деген болчу эмес, мен китептин ар бир тамгасына аябай суктанаар элем, ал эми китеп жазган киши менин көзүмө ар дайыма Пушкиндей жана Толстойдой залкар көрүнөр эле». Ч.Айтматов

Okurman.jpg

Чын-чынына келгенде, адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Айрым аалымдардын айтуусуна караганда, адам бүт өмүр бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алса болот экен. Бирок ар бир адам үчүн кайсы китептер так ошол 2-3 китеп болоорун аныкташ оор. Өмүрдөгү ошол 3 китепти табыш үчүн нечендеген китептерди окуп чыгууга туура келет. Анан калса, ар бир адамдын өзүнүн 3 китеби болот эмеспи.
Мына ошондуктан бул бөлүмдө кантип таланттуу окурман катары калыптанууга болот? деген суроого жооп издемекчибиз.
Китеп деген эмне?

Китеп (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Так мына ушул ылай тактачаларда Гилгамеш баатырдын эрдиги баяндалган. “Гилгамеш” “Манас” сыяктуу эпикалык дастан болуп саналат.

Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.

БИЛЕСИЗБИ?