БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Тарых: Жаңы тарых – революциялардын тарыхы — различия между версиями

(Библиография)
(Жаңы тарыхка өтүүнүн өбөлгөлөрү)
Строка 24: Строка 24:

[[Image:Леонардо да Винчи3.jpg|slide 1]]

[[Image:Leonardovinchi.jpg|slide]]

[[Image:Изобретения Леонардо.jpg|slide 2]]

[[Image:Izobretenieleonardo.jpg|slide]]

[[Image:Человек Леонардо.jpeg|slide 2]]

[[Image:Adamleonardo.jpeg|slide]]

Строка 44: Строка 44:

{{center|[[Файл: Коперник.jpg|210px|{{center|'''Николай Коперник]'''}}]]}}
{{center|''Николай Коперник''}}

{{center|[[Файл:Kopernik.jpg|210px|{{center|'''Николай Коперник'''}}]]}}
{{center|''Николай Коперник''}}

{{center|[[Файл: Галилей.jpg|210px|{{center|'''Галилео Галилей]'''}}]]}}
{{center|''Галилео Галилей''}}

{{center|[[Файл:Galei.jpg|210px|{{center|'''Галилео Галилей'''}}]]}}
{{center|''Галилео Галилей''}}

{{center|[[Файл: Кеплер.jpeg|210px|{{center|'''Иоганн Кеплер]'''}}]]}}
{{center|''Иоганн Кеплер''}}

{{center|[[Файл:Kepler.jpeg|210px|{{center|'''Иоганн Кеплер'''}}]]}}
{{center|''Иоганн Кеплер''}}

{{center|[[Файл: Ньютон2.jpg|210px|{{center|'''Исаак Ньютон]'''}}]]}}
{{center|''Исаак Ньютон''}}

{{center|[[Файл:Newton.jpg|210px|{{center|'''Исаак Ньютон'''}}]]}}
{{center|''Исаак Ньютон''}}

Строка 58: Строка 58:

[[Image:Начало реформации.png|slide 1]]

[[Image:Nachaloreformy.png|slide]]

[[Image:Мартин Лютер2.jpg|slide 2]]

[[Image:Luter.jpg|slide]]

[[Image:Томас Мюнцер2.jpg|slide 2]]

[[Image:Muncer.jpg|slide]]

[[Image:Жан Кальвин2.jpg|slide 2]]

[[Image:Kalvin.jpg|slide]]

Строка 86: Строка 86:

Магелландын саякаттарынын натыйжалары ушул мезгилдеги географиялык ачылыштарга кирет. 1519-1521-жж.ал башчылык кылган экспедиция биринчи жолу дүйнөнү айланып жасаган саякатында Жер шар формасында экендигин биротоло далилдеген. Жерди айланып чыгып, сүзүп кеткен жерине кайтып келүүгө боло тургандыгы айкын иш болуп калган.

Магелландын саякаттарынын натыйжалары ушул мезгилдеги географиялык ачылыштарга кирет. 1519-1521-жж.ал башчылык кылган экспедиция биринчи жолу дүйнөнү айланып жасаган саякатында Жер шар формасында экендигин биротоло далилдеген. Жерди айланып чыгып, сүзүп кеткен жерине кайтып келүүгө боло тургандыгы айкын иш болуп калган.

{{center|[[file: Великие географические открытия.jpg|500px|Улуу географиялык ачылыштар картасы]]}}

{{center|[[file:Geograficheskieotkry.jpg|500px|Улуу географиялык ачылыштар картасы]]}}

Улуу географиялык ачылыштар картасы

Улуу географиялык ачылыштар картасы

{{center|[[Файл: Колумб.jpg|210px|{{center|'''Христофор Колумб]'''}}]]}}
{{center|''Христофор Колумб''}}

{{center|[[Файл:Kolumb.jpg|210px|{{center|'''Христофор Колумб'''}}]]}}
{{center|''Христофор Колумб''}}

{{center|[[Файл: Де Гамма.jpg|210px|{{center|'''Васко де Гама]'''}}]]}}
{{center|''Васко де Гама''}}

{{center|[[Файл: Gama.jpg|210px|{{center|'''Васко де Гама'''}}]]}}
{{center|''Васко де Гама''}}

{{center|[[Файл: Диаш.jpg|210px|{{center|'''Бартоломеу Диаш]'''}}]]}}
{{center|''Бартоломеу Диаш''}}

{{center|[[Файл: Diash.jpg|210px|{{center|'''Бартоломеу Диаш'''}}]]}}
{{center|''Бартоломеу Диаш''}}

{{center|[[Файл: Magellan-Fernan.jpg|210px|{{center|'''Фернан Маргеллан]'''}}]]}}
{{center|''Фернан Маргеллан''}}

{{center|[[Файл: Magellan-Fernan.jpg|210px|{{center|'''Фернан Маргеллан'''}}]]}}
{{center|''Фернан Маргеллан''}}

Версия 11:24, 6 сентября 2018

Киришүү

Жаңы тарых – бүткүл дүйнөлүк тарыхтын орто кылымдардан кийинки жана эң соңку тарыхтан мурунку мезгилинин тарыхый илимде кабыл алынган аталышы.

Орто кылымдардан жаңы мезгилге өтүү буржуазиялык революциялардын натыйжасында феодализмден капитализмге өтүү мезгили болгон. Андыктан, капиталисттик мамилелердин пайда болушун, өнүгүшүн жана чыңдалышын жаңы мезгилдин тарыхынын негизги мазмуну деп эсептөөгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Өндүрүштүн кыйла алдыңкы капиталисттик ыкмасы эң оболу Европа өлкөлөрүндө башкалардан мурда өнүккөн, бул Европа мамлекеттерине, андан кийин АКШга Азиянын, Африканын, Латын Америкасынын өлкөлөрүн колонияга айландырууга мүмкүндүк берген экономикалык жана аскердик кубаттуулукка жетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Капитализмдин колониялык системасынын түзүлүшү бир жагынан, колонияга каршы боштондук күрөшүнүн өнүгүшү экинчи жагынан жаңы тарыхтын өнүгүшүнүн бир кылка эместигин билдирген.

Жаңы мезгил – буржуазиялык революциялардын, географиялык улуу ачылыштардын, принциптүү жаңы мамлекеттүүлүктүн жана укуктун калыптанышынын, илимдин дүркүрөп өнүгүшүнүн жана аны практиканын кызматына коюунун доору. Аталган процесстер коомдук турмуштун көп тарабын: экономиканы, мамлекеттик курулушту, илимди жана маданиятты рационалдаштыруу менен коштолгон.

Жаңы тарыхка өтүүнүн өбөлгөлөрү

Жаңы мезгил түшүнүгү ХVI кылымда Кайра жаралуу доорунда адамды дүйнөнүн жаралуусунун борборуна койгон жазуучулар менен гуманисттердин эмгектеринде пайда болгон.

Жаңы мезгил – коомдун турмушунун баардык чөйрөсүндөгү революциялык кайра түзүүлөрдүн мезгили. Бул баарыдан мурда – илимий революциянын мезгили. Жаңы мезгилде илим жаратылыштын сырларын “тебелөөгө” жана анын натыйжаларын практикада пайдаланууга багытталган. Илим жараткандын акылмандыгын даңазалоого гана эмес, коомдун пайдасына кызмат кылууга тийиш, деп эсептешкен Жаңы мезгилдин ойчулдары.

Дүйнөнүн илимий түспөлүндө аалам жөнүндөгү эскиче көз караштарды, ой жүгүртүүнүн диний типтерин бузуу жана жаңы парадигманы, ой жүгүртүүнүн жаңы универсалдуу тибин жаратуу болуп өтүүдө.

Адамды түшүнүүнүн жаңы концепциясы гуманисттерде Леонардо да Винчи сыяктуу улуу устаттардын пайда болушуна алып келди, анын чыгармачылыгында искусство философиянын жана илимдин милдетин аткарды. Өзүнүн илимий ойлоп табууларында Леонардо мезгилден толук жүз жылга оозуп кетти.

• slide
• slide
• slide

Николай Коперник дүйнөнүн жаңы илимий көрүнүшүнүн башталышына негиз салган, бул адам туурасында “Күндү токтотуп, Жерди жылдырды” деп айтышкан – ал дүйнөнүн гелио борбордоштурулган системасын негиздеген. Андан аркы ачылыштар адамдын космос жөнүндөгү жана физиканын мыйзамдары туурасындагы билимин кеңейткен.

• Николай Коперник

Николай Коперник
• Галилео Галилей

Галилео Галилей
• Иоганн Кеплер

Иоганн Кеплер
• Исаак Ньютон

Исаак Ньютон

XVI к. ачылыштардын, гуманисттердин жаңы идеяларынын таасири менен жаңы христиандык-диний окуулар пайда болот. Динге ишенгендердин көпчүлүгүнүн католицизмден кетиши жана дүйнөгө жаңы көз караштардын багыттарын изденүүсү, христиан дининдеги жаңы багыттардын калыптанышы башталат. Натыйжада, жаңы христиан чиркөөлөрү түзүлүп, Рим-католик чиркөөсү ыдырай баштайт. Бул процесс Реформация деген аталышка ээ болгон. Реформация “реформа” – кайра түзүү, кайра жасоо деген сөздөн келип чыгат.

Реформация – бул чиркөөнү кайра түзүүчү кыймыл. Бул процесс Жаңы мезгилдин тарыхында бүтүндөй бир доорду ээлейт. Реформацияны көп учурда диний революция деп аташат.

• slide
• slide
• slide
• slide
Улуу географиялык ачылыштар жаңы мезгилге өтүүдө эбегейсиз роль ойногон.

Жаңы жээктердин, аралдардын, континеттердин ачылышы кокустук болгон эмес; Европанын деңизде сүзүүчүлөрү жакшы даярдык менен жолго чыккан, алардын аспаптары болгон, астрономия жана геометрия менен тааныш болушкан, румбдар так көрсөтүлгөн карталар болгон. Деңизде сүзүүчүлөрдүн корабльдери Европанын деңизде сүзүүчүлөрүнүн көп кылымдык тажрыйбасын эске алуу менен курулган. Христофор Колумб өз өмүрүндө төрт жолу деңиз экспедициясына чыккан. Ушул деңизде сүзүүлөрдүн натыйжасында алар: Кариб деңизинин аралдарын, Борбордук Американы жана Түштүк Американын Түндүк жээктерин ачкан. Албетте, Индияга Батыш менен баруучу жолду издеп жүрүп, дүйнөнүн жаңы бөлүгүн капыстан ачуу бул деңизде сүзүүчүнүн сиңирген эң негизги эмгеги болгон.

Магелландын саякаттарынын натыйжалары ушул мезгилдеги географиялык ачылыштарга кирет. 1519-1521-жж.ал башчылык кылган экспедиция биринчи жолу дүйнөнү айланып жасаган саякатында Жер шар формасында экендигин биротоло далилдеген. Жерди айланып чыгып, сүзүп кеткен жерине кайтып келүүгө боло тургандыгы айкын иш болуп калган.

Улуу географиялык ачылыштар картасы
Улуу географиялык ачылыштар картасы

• Христофор Колумб

Христофор Колумб
• Васко де Гама

Васко де Гама
• Бартоломеу Диаш

Бартоломеу Диаш
• Фернан Маргеллан

Фернан Маргеллан

Улуу географиялык ачылыштардын натыйжасында дүйнө, Жер жөнүндө эски көз караштар бузулган, аларды жаңы, алда канча ишенимдүү билим алмаштырган. Жердин шар түрүндө экендиги тууралуу европалыктардын ою ырасталган, анын өлчөмү жана ар түрдүү континеттерде жашаган адамдар жөнүндө элестетүүлөр алда канча такталган. Бул географияны, астрономияны, тарыхты өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгө түзгөн.

Нидерландия революциясы

Филипп II

16-кылымда Римдин ыйык императору Карл V 17 провинцияны империянын курамынан чыгарып, аларды Габсбургдардын династиясынын мурасына айландырган. Анын уулу Филипп ΙΙ аймактардын башкаруучусу, 1556-жылдан тартып Испаниянын королу болгон. Филипп IIнин саясаты калктын баардык катмарларынын нааразылыгын пайда кылган жана массалык көтөрүлүшкө алып келип, Нидерланд революциясы деп аталган көз каранды эместик үчүн согушка айланган. Филипп II нин каршылаштары өздөрүн гездер деп атай баштаган.

Нидерланд революциясынын башталышынын негизги себептери төмөнкүлөр:

• Салыктардын тынымсыз өсүшү (түшүм болбогон учурлар менен коштолуп), көп учурда эч кимге керексиз согушка алып келген;
• Жайылып бара жаткан протестанттыкты (христиандык багыт) жактоочуларды кысымга алуу;
• Нидерландиянын жогорку коомунун өкүлдөрүнүн укуктарын этибарга албоо.

Герцог Альба

Өлкөдө таасири чоң болгон нидерланддык вельможалар да жалпы кыймылга жан тартышкан. Алардын арасында немец князы Вильгельм Оранскийге биринчи орун таандык,, анын Нидерланддарда эң чоң ээликтери болгон; ал эми аскердик чөйрөдө атагы чыккан графтар Эгмонт жана Горн бул жагынан башка көрүнүктүү ишмерлер болушкан. Филипп өзүнүнүн нидерландиялык өкүлдөрүнүн баардык өтүнүчтөрүнө жана сунуштарына ырайымсыз герцог Альбага эң кеңири укуктарды жана жайнаган испан аскерлерин берип, өлкөгө жөнөтүү менен жооп берген. Бул туурасында биринчи эле кабар келери менен Вильгельм Оранский Германияга кетүүгө шашылган, ал эми Эгмонт менен Горн Альбанын буйругу менен камалып жана баштары алынган.

Жаңы өкүл токтоосуз түрдө “козголоң жөнүндө өзгөчө кенеш” уюштуруп, “эреске” жана «бунтка» шектүүлөрдүн баардыгын түрмөгө отургузуп, өлүм жазасына буйруган. Ушундан улам чыдамы түгөнгөн нидерланддыктардын арасында жергиликтүү көтөрүлүш башталган жана аларды герцог Альбанын солдаттары өтө ырайымсыздык менен баскан, көтөрүлүш чыгаргандарга Вильгельм Оранскийдин отряддары жардамга келгенине карабастан, “деңиз гездору” деп аталгандар деңизде ийгиликтүү аракет жасап жана деңиздин боюндагы шаарларды ээлеп алган (1572). Муну өзү көрүп турган Филипп II Альба нидерландиялыктардын каршылык көрсөтүүсүн баса албай тургандыгына жана согуш бай аймакты биротоло жакырдандыра тургандыгына көзү жетип, Альбаны чакырып алмакчы болгон; бирок король көтөрүлүштү тынчытууну биринин артынан экинчисине тапшырган анын улам жаңы дайындалган өкүлдөрү бул ишти аткара албай калган.

• Карта.jpg
• Карта 2.jpg
Амстердам жашоочулары празднуют Мюнстерский мир
Жители Амстердама празднуют Мюнстерский мир

Алгач, дээрлик баардык облустар (бирөөнөн башкасы) өз ара коргоону жана испандыктарды Нидерландиядан кууп чыгуу үчүн союз (“гент пацификациясы [тынчытуу]»)”) [1576] түзүшкөн, бирок Филипп IIнин өкүлдөрүнүн биринин чебер саясатынын натыйжасында Александр Пармский ар улут жашаган жана ар түрдүү дин туткан түндүк жана түштүк облустардын кызыкчылыгын ажырата алган. Роман уруусундагы калк басымдуулук кылган түштүктө протестантизм болор-болбос ийгиликке жетишкен. Түштүк провинцияларды өз тарабына тартып, алардын калкына ар кандай чегинүүлөрдү жасап жана өкмөттүн мурунку катуу чараларын жумшартуу үчүн бул абалды Александр Пармский пайдаланган. Ага карабастан Голландия башында турган түндүктөгү жети провинция 1579-ж. Утрехт униясы деп аталган тыгыз союз түзүшкөн жана муну менен жаңы федеративдик мамлекетке негиз салышкан, анын башкы штаттары эки жылдан кийин Филипп IIни тактан ажыратылды деп жарыялап жана муну менен түндүк облустарды Бириккен провинциялардын республикасына айландырган (1581).

Вильгельм I Оранский «Унчукпастын» портрети, 1579 жакын

Ошентип, Нидерланддар эки өлкөгө бөлүнүп калган, алардын ичинен бирөө Испаниянын бийлиги астында (Бельгия) калган, экинчиси (Голландия республикасы) өз алдынча союздук мамлекетти түзгөн. Жаңы республикада кеңири саясий жана диний эркиндик орногон. Ички иштерде ар бир провинция толук өз алдынча болгон, бирок тышкы иштерди генеральный штатта жүргүзгөн. Голландия Республикасын негиздөөдө Вильгельм Оранскийдин эмгеги зор. Ал жети провинциянын саясий кызыкчылыгын жана диний пикир келишпестигин жоюп жана ошол эле учурда Испанияга каршы согушту ийгиликтүү жүргүзгөн. Ал союздун провинцияларынын бирин түзгөн Голландиянын мураскор штатгальтери (өкүлү) болгон жана өлкөнүн аскердик күчтөрүн жана флотун башкаруу укугу берилип, тышкы иштерде бүтүндөй союздун мураскор жетекчиси болгон.

Филипп II Вильгельмди өлтүргөн адамга акчалай чоң сыйлык оодарылган, ошентип, тез эле бир фанатик Голландиянын штатгальтерине жашыруун кирип, аны канжар менен сайып өлтүргөн (1584). Вильгельмдин уулу Мориц жаңы республиканын Испанияга көз карандысыздыгын коргоону ийгиликтүү уланткан. Испания менен согуш XVII кылымдын башында (1609) 12 жылга жарашуу менен Филипп II өлгөндөн кийин аяктаган. Бирок, кийин кайра жаңыртылып, 1648-жылы Испания Голландия Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган.

Революциянын урунттуу учурлары

• Испан королу 1567-жылы 10 миң армиясы менен келген герцог Альбаны (Фернандо Альварес де Толедо) өзүнүн өкүлү кылып дайындайт. “Тартипсиздик жөнүндө кеңеш” уюшулат, ал көтөрүлүшкө тиешеси бар ар кандай адамды өлүмгө буйруй алган;
• Вильгельм Оранский жана принц Людвиг Англиянын, Франциянын, Осман империясынын колдоосуна ээ болуп, Германияда соттон жашынат; 1568-жылы Испанияга каршы согуш аракеттерин баштайт. Гейлигерленин жанындагы биринчи салгылашууну утат, бирок андан ары үстөмдүк Альба тарапка оойт;
• Гёздер (көтөрүлүшчүлөр) граф де ла Марктын жетекчилиги менен 1572-жылы Брилле деп аталган чыңдалган түндүктөгү порт шаарды басып алган; көтөрүлүштү колдоо өсүп отуруп, принц Вильгельм көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы жана түндүктөгү бир нече провинциянын башкаруучусу деп жарыяланган;
• Испания 1575-жылы өзүн банкрот деп таанып, өзүнүн солдаттарына маяна төлөбөй койгон; жалданма солдаттар бунт көтөрүп, Антверпенде өрт чыгарып, тоноо иштерин жасаган (1576);
• Түндүктөгү протестанттык провинциялар чиркөө ишине ырайым кылуу жана Испания менен биргелешип күрөшүү жөнүндө түштүктүн католиктери менен Гент бейпилдигин (1576) түзүшкөн;
• 1579-жылы түштүк провинциялардын бир бөлүгү Филипп ΙΙни колдоп, макулдашуудан (Аррас униясы) баш тарткан. Түндүктөгүлөрдү Утрехт униясы (1579) бекем бириктирген. 1581-жылы алар расмий түрдө испан королунан баш тарткан.;
• Вильгельм Оранский 1584-жылы испан фанатиги тарабынан өлтүрүлгөн;
• 1587-жылы бир катар ири шаарларды басып алгандан кийин Мориц Оранский Түндүк Нидерланддардын армиясын башкарган;
• Бириккен провинциялар түштүк жерлерди бошото баштаган (1600), бирок Ньивпортко салгылашууну уттуруп коюшкан. Нидерланддардын кубаттуу флотунун болушу Испанияны андан аркы активдүү аракеттерден кармап турган;
• 1625-жылы Мориц өлгөн; испандыктар Голландиянын Бреда чебин басып алышкан;
• 1629-жылы Фредерик Оранский испандар кармап турган ири шаар Хертогенбосту алган. 1632-жылы бир нече маанилүү шаарларды алганы менен түштүк провинциялардын борборлорун багындыруу мүмкүн болгон эмес;
• 1648-жылы каршылашуу токтогон. Мюнстер келишими түзүлгөн.

Англия буржуазная революциясы

Капиталисттик өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн жогорку деңгээлине карабастан, XVII кылымдын башында Англияда феодалдык тартип дагы деле болсо үстөмдүк кылган, муну менен капитализмдин өнүгүшү солгундаган. Ушул жагдай революциянын башкы себеби болуп калган. Революциянын алдында король бийлиги башкарууну эскиче чече албай, эл болсо жакырдыкка чыдабагандыктан, революциялык жагдай түзүлгөн. Жаңы түптөлгөн буржуазия табы жана салыктан жапа чеккен дыйкандар капиталисттик мамилелерди чыңдоого кызыккан.

• Революциянын өбөлгөлөрү]

Революциянын өбөлгөлөрү
• Король Яков  I]

Король Яков I
• Король Карл I]

Король Карл I
• Англия  революциянын алдында]

Англия революциянын алдында

Англиядагы революциянын себептери:

1. Жаңы пайда болгон капиталисттик жана эски феодалдык мамилелердин ортосундагы карама-каршылык: феодалдык тартип жана аны коргогон мамлекеттик башкаруунун абсолюттук монархиялык формасы жаңы капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болот.

• Англиядагы курчоо – кой чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкандарды жеринен кубалоо ]

Англиядагы курчоо – кой чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкандарды жеринен кубалоо
• ХVI кылымдын мануфактурасында]

ХVI кылымдын мануфактурасында

2. Өлкөдө Стюарддардын башкаруусуна нааразылык өсөт, ал парламент менен король Карл I дин ортосундагы каршылашууга жана саясий кризиске айланат.

Англия парламенти
Англия парламенти

3. Англиянын чиркөөсү менен пуританизм идеологиясынын ортосунда карама-каршылык өсөт.

Пуритандар - Англиядагы протестанттык чиркөө
Пуритандар - Англиядагы протестанттык чиркөө

Революциялык окуялардын башталышына королдун жаңы салыктарды киргизүү аракети кызмат кылды. Бул үчүн ал 11 жылдан бери чакырылбаган парламентти чакырды, бирок парламент королду колдогон жок. Бара-бара бийлик парламенттин колуна өттү жана король бар болгону 2 гана ай иштеген парламентти таратуу жөнүндө жарлык чыгарды (апрель-май, 1640-ж.). Парламент «Кыска Парламент» деген аталышка ээ болду, ал эми аны таркатуу Англиянын буржуазиялык революциясынын башталышына шылтоо болду.

Революциянын негизги кыймылдаткыч күчтөрү: шаардын төмөнкү катмарлары жана дыйкандар.

Революциянын жетекчилиги буржуазияны, жаңы буржуазияланып бараткан дворянчылыкты өзүнө алды.

Оливер Кромвель]

Оливер Кромвель

Карл I түндүккө качып, армия түзүп, 1642-жылдын күзүнөн баштап, парламентке каршы согуш (жарандык согуш) баштады. Парламенттин айрыкча чечкиндүү мүчөлөрүнүн бири Оливер Кромвель чыныгы революциялык армия түзүүгө жетишти. 1645-жылы ал чечүүчү салгылашууда Карл Iдин аскерлерин жеңип чыкты. Англияда король баштаган жарандык согуш революциялык күчтөрдүн жеңиши менен аяктады.

Бийликке буржуазия жана өз чарбасын капиталисттик мамилелердин негизинде жүргүзгөн дворяндар келишти (“жаңы дворяндар”).

Карл I баштаган монархисттер төңкөрүш жасоого аракеттенди. Аракет текке кетип, король өлтүрүлдү. Бирок, Англиядагы республикалык башкаруу системасы узак жашаган жок.1653-ж.Кромвель “Англия, Шотландия жана Ирландия эркин мамлекетинин лор-протектору” деп жарыяланды. Бул чынында буржуазиянын аскердик диктатурасы болгон.

Карл II]

Карл II

Кромвель өлгөндөн кийин 2 жылдан соң, 1666-ж. мамлекеттик төңкөрүш болгон. Асылып өлтүрүлгөн король Карл II нин уулу тактыга отурган жана Стюарддардын династиясы калыбына келтирилген. Стюарддар абсолюттук монархияны калыбына келтирүүгө умтулган. Ошондуктан, 1668-жылы башка мамлекеттик төңкөрүш болуп өткөн. Буржуазия Голландиянын башкаруучусу Вильгельм Оранскийди такка чакырган, ал парламенттин эркине моюн сунууга убада берген. 1689-жылы парламент кабыл алган мыйзам чектелген (конституциялык) монархия режимин жана парламенттин үстөмдүгүн бекемдеген. Бул тартип бүгүнкү күнгө чейин өзгөрө элек.

Буржуазиялык революциянын жеңиши капитализмди өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачкан. Зомбулук менен жерин тартып алуунун натыйжасында (дыйкандарды жеринен кубалаган, анткени жер ээлерине аны жайытка берүү пайдалуу болгон – койдун жүнү Англиянын негизги товары – ноотуну чыгаруучу сырье болуп саналат) XVIII к. акырында Англиянын дыйкандары тап катары негизинен жоюлган. Ири ижарачы-капиталисттер айыл-чарба жумушчуларын жалдаган жана чарбасын жалданма эмгекти пайдалануу менен жүргүзгөн. Башкача айтканда, агрардык төңкөрүш аяктаган.

Токуу станогун (1765-ж.) жана башка механизмдерди ойлоп табуу өнөр жай төңкөрүшүнө негиз салган. Бирок, буу машинасын ойлоп табуу (1784-ж.) өнөр жайындагы чыныгы революция болгон.

Француз буржуазиялык революциясы

1789-1794-жж. Францияда буржуазиялык революция болуп өткөн. Бул айыл чарбасын, өнөр жайды жана сооданы жаңы, салыштырмалуу прогрессивдик негизде өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан эски феодалдык тартиптерди жоюу зарылчылыгынан улам келип чыккан. Революциянын жүрүшүндө жана ага даярдыктарды көрүүдө Монтескье, Вольтер, Руссо, Шелье, Дидро жана башка француз агартуучуларынын алдыңкы идеялары чоң роль ойногон.

Англиядагы абал сыяктуу эле, революциянын башталышына француз королу Людовик XVIнын жаңы салыкты бекитүү максатында Генералдык штаттарды чакырышы себеп болгон. Буга депутаттардын көбү каршы чыгышып, өзүлөрүн Улуттук жыйын деп жарыялашкан.

Генералдык штаттар

Король куралданган дворяндардын жардамы менен аларды таратып жиберүү чечимин кабыл алат. Эл Улуттук жыйынды колдоп чыгат. 1789-жылдын 14-июлунда көтөрүлүп чыккандардын Бастилиянын чеп-абактарын басып алышы революциянын башталышы болуп калган. Анда король Генералдык штаттарды Уюштурулган жыйынга, абсолюттук монархияны – конституциялык монархияга кайра түзүүгө макул болууга аргасыз болгон.

Бастилияны басып алуу]

Бастилияны басып алуу

«АКШнын көз карандысыздык декларациясы» сыяктуу эле Уюштуруу чогулушу 1789-ж. “Адамдын жана жарандын укуктарынын декларациясын” кабыл алган, ал баардык адамдардын жарандык укуктарын теңеген.

Бирок, король башчылык кылган монархисттер жана Австрия менен Пруссиянын жардамы менен революцияга каршы жүрүш даярдашкан. 1791-жылы июлда эл демонстрацияга чыккан жана королдун бийликтен кетишин талап кылган. Ошол эле учурда Австрия жана Пруссия монархтары өз аскерлерин Францияны көздөй багыттаган.

Чет өлкөлүк контрреволюциялык армиянын чабуулу жаңы революциялык жарылууну тездеткен. 1792-жылы 10-августта 20 миңге жакын көтөрүлүшчү королдун сарайын басып алган. Король үй-бүлөсү менен кошо түрмөгө камалган (1793-ж. январда анын башы алынган).

• slide 1
• slide 2
• slide 2
• slide 2
• slide 2

Монархия кулатылгандан кийин француз эли ата мекенди баскынчылардан коргоого көтөрүлгөн. 1792-ж. күзүндө француздар өлкөнү гана бошотпостон, ошондой эле чек арадан өтүп, Австриянын аскерлерин Бельгиядан кууп чыккан.

Англиянын жана Испаниянын монархтары Австрия менен Пруссияга жардамга келген. Француз өкмөтү (жирондисттер) массаны уюштура алган эмес, жирондист – генералдардын көбү чыккынчы болуп чыккан. 1793-ж.31-май – 2-июнда эл массасынын үчүнчү нааразылыгы болуп өткөн жана якобинчилердин диктатурасы орногон.

Якобинчи]

Якобинчи
• Якобин  диктатурасында бийликти уюштуруу]

Якобин диктатурасында бийликти уюштуруу
• Максимилиан Робеспьер]

Максимилиан Робеспьер
• Якобинчилердин иш-чаралары ]

Якобинчилердин иш-чаралары

Якобинчилер кыштактагы феодалдык тартипти биротоло жойгон жана муну менен XVIII кылымдагы революциянын негизги маселесин чечкен. Франция 1794-ж.башталышында Англия, Испания, Пруссия жана Австрия коалициясынын аскерлеринен тазаланган. Бирок, 1794-ж. 27-июлда контрреволюциялык төңкөрүш болгон. Революциялык террор күчөгөн, көптөгөндөр эсептегендей, ал аскердик ийгиликтердин далдасында калып, мааниге ээ болгон эмес. Муну менен якобинчилердин бир бөлүгү өзүнө душмандашкандарды жаратып, ал жик кетүүнүн себеби болгон. Термидорианчылар деп аталгандар бул жагдайды мамлекеттик төңкөрүшкө пайдаланган. 1794-ж. 27-июлда якобинчилердин диктатурасы кулаган. Бийлик “жаңы байлардын – буржуазиянын колуна өткөн”. Ошондой болсо да, 1789-1794-жж. революция Франциядагы феодалдык-абсолютисттик түзүлүштү жок кылган.

1795-ж. кабыл алынган жаңы конституция боюнча аткаруу бийлиги курамы 5 мүчөдөн турган Директорияга өткөн. Директория баскынчылык саясат жүргүзгөн. Рейндин (Бельгия) сол жээги Францияга кошулган, ал эми Голландия көз каранды республикага айланган. Бул Директориянын жана анын генералдарынын таасиринин өсүшүнө алып келген. Алардын арасында жаш генерал Бонапарт Наполеон өзгөчө көзгө көрүнгөн. Ал Түндүк Италияны Австриядан тартып алып, Египетке аскердик экспедицияны уюштурган.

Кеңири басып алуу согушун жана монархисттердин кыймылын басуу үчүн буржуазия-Директорияны диктатурага алмаштырууну чечкен. Наполеон Бонапарт ылайыктуу талапкер болуп саналган. 1799-ж.9-ноябрда ал армиянын жардамы менен банкирлерге таянып, Директориянын мүчөлөрүнүн отставкага кетишине жетишкен жана бийликти үч консулга өткөрүүнү, өзүн биринчи консул деп дайындоону талап кылган.

1804-ж. Бонапарт "француздардын императору" Наполеон I деп жарыяланган.

• Наполеон]

Наполеон
• Наполеон император

Наполеон император

Наполеон Италияга, Австрияга, Испанияга, Англияга каршы баскынчылык согушту кеңири жүргүзгөн. 1812-жылы Россияга басып кирип, бирок жеңилгенден кийин артка чегинген. Испания, Англия, Пруссия, Австрия ушундан пайдаланган. “Элдердин кагылышуусу” деп аталган чечүүчү салгылашуу 1813-жылы октябрда Германияда Лейпцигдин алдында болуп өткөн. Ал 3 күнгө созулган жана француз армиясынын талкаланышы менен аяктаган. Мында орус аскерлери чечүүчү роль ойногон. Союздаштар Парижди ээлеген. Наполеон Эльба аралына айдалган. Бийликке өлүм жазасына тартылган король Людовик XVIIIдин биртууганы келген. Бирок, көп өтпөй, Наполеон чакан отряды менен өлкөнүн түштүгүнө келип түшкөн. Аскерлер анын тарабына өтүп, ал кайрадан тактыга отурган. Бирок, бар болгону 100 гана күнгө жеткен. Ватерлоонун жанында ал англис жана прусс аскерлеринен жеңилип, айласы кеткенде Ыйык Елена аралына жөнөтүлүп, бул жерде бир нече жылдан кийин өлгөн, ал эми Людовик XVIII кайрадан бийликке келген.

Наполеон согушунун картасы
Наполеон согушунун картасы

1814-1815-жж. Европа мамлекеттеринин Вена конгресси болуп өткөн, ал Европаны согуштан кийинки жайгаштырууну жүргүзгөн. Орус императору Александр Iдин сунушу боюнча абсолютизмди бекемдөө жана революцияга каршы күрөш жүргүзүү максатында Европа монархтарынын “Ыйык Союзу” түзүлгөн.

Улуу Француз революциясынын символдору

«Эркиндик, теңдик, биртуугандык мамиле». Француз Республикасынын ураанына айланган «Liberté, Égalité, Fraternité» формуласы алгачкы жолу 1790-жылы 5-декабрда Максимилиан Робеспьердин – 1789-жылы үчүнчү сословиеден Генералдык штатка шайланган көрүнүктүү француз революционерлеринин биринин айтылбаган кебинде пайда болгон.

Бастилия. 14-июлда Бастилияда, байыркы падышалык абакта, 7 адам гана болгон, андыктан бул штурмалоо прагматикалык эмес, символдук мааниге ээ болгон, аны ичинен курал-жарактарды табуу максатында гана басып алышкан. Муниципалитеттин чечими менен басып алынган Бастилия тыптыйпыл талкаланган.

Адам жана жаран укуктарынын декларациясы. Адам укуктарынын декларациясында “адамдар төрөлөт жана укуктары эркин жана тең болот” деп жазылган жана эркиндикке, менчикке, коопсуздукка жана эзүүгө каршылык көрсөтүүгө адам укугун табигый жана ажыралгыс деп жарыялаган. Мындан тышкары, ал сөз эркиндигин, басма сөз жана дин тутуу эркиндигин бекемдеген жана сословиелер менен наамдарды жойгон. Преамбула катары ал Биринчи Конституцияга (1791-ж.) кирген жана юридикалык жактан милдеттүү документ болуп саналуу менен француз конституциялык укуктарынын негизине алынган.

Марсельеза. Клод Жозеф Руже де Лиль (аскер инженери, ошондой эле акын жана композитор) 1792-жылы 25-апрелде жазган марш. 1795-жылы Марсельеза Франциянын улуттук гимни болуп калган, Наполеондун тушунда бул статустан ажырап, акырында аны Үчүнчү республиканын тушунда кайтарып алган. XIX кылымдын экинчи жарымында солчул каршылык көрсөтүүнүн эл аралык ыры болуп калган.

Триколор (үч түс). 1794-ж. триколор Францияны расмий желеги болуп калган. Революцияга чейин желекте пайдаланылган Бурбондордун ак түсүнө Париждин символу болгон көк түс жана Улуттук гвардиянын кызыл түсү кошумчаланган.

Республикалык календарь. 1793-ж. 5- октябрда жаңы календарь киргизилген, ал боюнча 1792-жыл биринчи жыл болуп калган. Календардагы баардык айлар жаңыча аталган: революциядан тартып убакыт жаңыдан башталууга тийиш болгон. 1806-жылы календарь өзгөртүлгөн.

Лувр-музей. Луврдун айрым бөлүктөрү революцияга чейин эле ачылганы менен сарай 1793-жылы гана чыныгы музейге айланган.

АМЕРИКАДАГЫ АНГЛИЯНЫН КОЛОНИЯЛАРЫНДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИК ҮЧҮН СОГУШ ЖАНА АМЕРИКАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

1603-жылы Англияда Стюарддардын жаңы династиясынын бийликке келиши жана Англия менен Испаниянын согушунун аякташы Түндүк Американы активдүү колониялаштырууну баштоо үчүн ыңгайлуу шарт түздү. Тосмолордон жапа чеккен дыйкандар, мануфактуралардын өсүшүнүн натыйжасында жакырланган кол өнөрчүлөр, англиялык бийликтер куугунтуктаган пуритандар – ушулардын бардыгы өздөрүнө жаңы жай издөөгө даяр болуп калышкан.

1607-жылы түндүк Америкадагы белгисиз дарыянын булуңун көздөй бурулган кеме бул жерге түбөлүк жайгашкысы келген англичандарды алып келген. Король Яков I дин (Жеймс) урматына Жеймс деп аталган дарыя, Жеймстаун кыштагы, ал эми колониядагы бүтүндөй аймак – Виргиния (англис тилинен virgin — бийкеч) турмуш кура элек королева Елизаветы I дин урматына аталган.

• Биринчи колонисттердин кыштагы]

Биринчи колонисттердин кыштагы
• Колонисттердин Америкага келиши]

Колонисттердин Америкага келиши

1620-жылы Жеймстаундун түндүк жагындагы жээкке “Май гүлү” кемеси келип токтогон. Аны менен жаңы жерлерде диний эркиндикке ээ болобуз деп үмүттөнгөн англис пуритандары (Англиядагы расмий чиркөөнүн душмандары) келишкен. Жаңы Плимут колониясын негиздеп, алар аны башкаруу “жалпы иш” – республика болот, ант беришкен. Азыркы америкалыктар аларды өз мамлекетинин негиздөөчүлөрү – “пилигрим-аталар” (саякаттагылар) деп эсептешет.

Пилигримдердин Плимутка келиши
Пилигримдердин Плимутка келиши

Андан ары, ири вельможаларга жана авантюристтердин топторуна королдун жер бөлүп бериши Улуу Британиянын колонияларды түзүүсүнүн кеңири жайылган ыкмасына айланган. Акыры барып Флоридадан тартып Канадага чейинки чыгыш жээктердин бардыгы он үч колонияга бөлүнүп берилген. (Кашаада – негизделген жылы көрсөтүлдү): Виргиния (1607), Массачусетс(1620), Нью-Йорк (1626), Мэриленд (1633), Род-Айленд (1636), Коннектикут (1636), Делавэр (1638), Нью-Гэмпшир (1638), Түндүк Каролина (1653), Түштүк Каролина (1663), Нью-Жерси (1664), Пенсильвания (1682), Жоржия (1732).

Түндүк Америкадагы Англис колонияларынын картасы
Түндүк Америкадагы Англис колонияларынын картасы

Бардык колониялар башкаруу ыкмасы, келгиндердин курамы, чарба жүргүзүүнүн экономикалык негизи жана колониянын жетекчилери менен анда жашаган элдин идеялык умтулуулары боюнча бири-биринен катуу айырмаланышкан. Алгач ар бир колония-штатты эрезеге жеткен бардык “ак” эркектердин чогулушу башкарган. Бара-бара калк өскөн сайын ар бир шататта Мыйзам чыгаруу жыйындары түзүлгөн. Айрым штаттарда аларды мурдагыдай эле бардык калк шайласа, башкаларда – алгачкы колонисттердин бай урпактары шайлаган. Индецтер менен француздардан коргонуу үчүн колонисттер регулярлуу англис аскерлерин жардамга чакырган. Ошондуктан ар бир колонияда король дайындаган губернатор – өкмөт жана полиция башчысы болгон. Бирок ал айлыкты Мыйзам чыгаруу жыйынынан алган жана анын пикири менен эсептешүүгө аргасыз болгон. Колонисттер Англиянын казынасына салык төлөгөн эмес, бирок Англиянын өнөр-жайын арзан сырье (пахта, тамеки ж.б.) менен камсыз кылган.

1765-жылы Англиянын өкмөтү жаңы салык киргизип, чоң нааразылыкка жол ачкан. Бул “Герб жыйымы жөнүндө акт” деп аталган кызмат көрсөтүү үчүн Англиядагы нотариуска 2 доллар, америкадагысына 10 доллар төлөөгө туура келген. Экинчиден, мындай салыктын киргизилиши Англияга гана пайдалуу болгон. Эгерде мурдагы салыктар Американын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кетсе, герб салыгы Англиянын гана казынасын толтурган. Мында америкалыктардын өкүлү Англиянын парламентинде болбогондуктан, тигил же бул салыктын максатка ылайыктуулугун талкуулоого катыша алышкан эмес.

Бул окуялар колонисттердин ар тектүү калкын эки топко бөлүп салган: “Патриоттор” – көз каранды эместикти жактоочулар жана “Лоялисттер” – Американын көз каранды эместигинин душмандары.

Патриоттор жана Лоялисттер]

Патриоттор жана Лоялисттер

11773-ж.10-майда Бостон шаарынын гаванында Англияга каршы күрөштү жактоочулар чайга жаңы салыктарга каршы нааразылык акциясын өткөргөн. Акция “Бостондо чай ичүү” деп аталган (45 тоннага жакын чай сууга ташталган) жана көз карандысыздык үчүн согуштун бшталышы болгон

• Бостондо чай ичүү ]

Бостондо чай ичүү
• Бостондо чай ичүү]

Бостондо чай ичүү

Бостондогу чай ичүүгө Англиянын өкмөтү Массачусетске каршы репрессиялар менен жооп берген: Бостондо деңиз соодасына тыюу салынган, Массачусетстин партиясы токтотулган, анын мыйзам чыгаруу жыйыны таратылган. Бирок бүткүл Америка Массачусетсти колдоп чыккан, андыктан башка мыйзам чыгаруу жыйындарын да таратууга туура келген.

1774-жылы Филадельфиде мыйзам чыгаруу жыйыны шайлаган 12 колониянын (Жоржадан башкасынын) өкүлдөрүнүн легалдуу эмес конгресси болгон. Конгерсс Биринчи Континенталдык конгресс деп аталган, ага Жорж Вашингтон, Сэмюэл Адамс жана Жон Адамс ж.б. көрүнүктүү ишмерлер катышкан. Конгерсс королго петиция жана англис элине чакырык иштеп чыккан, ал документтерде Американын метрополия менен байланышын тааныган жана колонияга байланыштуу соңку парламенттик актыларды алып салууну жана Англия менен сооданы токтотобуз деп опузалап, адилеттикти талап кылган. Массачусетсти согуштук абалда деп жарыялоо петицияга жооп болгон. Конгрессте француздар жана индейцтер менен жети жылдык согуштун ардагери полковник Жордж Вашингтондун (1775-ж) көрсөтмөсү менен армия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

• Джон Адамс]

Джон Адамс
• Джордж Вашингтон]

Джордж Вашингтон
• Сэмюэл Адамс]

Сэмюэл Адамс
Согуштун жүрүшү, 1775 - 1783

• 1775-жылдын 17-апрелде британ аскерлери менен америкалык сепаратисттердин ортосунда биринчи кралдуу кагылуу болуп өттү. Британ отряды (700 солдат) Смиттин командачылыгы астында америкалык сепоратисттерге таандык болгон жашыруун кампадан курал алуу үчүн Конкодго (Бостондун алды) жөнөтүлгөн. Бирок отряд буктурмага кабылып, чегинди. Лексингтондо ушундай эле окуя болуп өттү. Британ аскерлери Бостонго бекинип алды. 17-июнда алар Банкер-Хилл дөңсөсүндө сепаратисттерге каршы аттанып, ал жерде кан төгүлгөн салгылашуу болду. Сепоратисттер чегингени менен Бостондогу Британия горнизону олттуу жоготууга дуушар болуп, андан аркы активдүү аракеттерден карманды
• Ошол эле убакты 10-майда Филадельфияда 13 колониянын Конгресси чогулуп, бир жагынан Англиянын королу Георг III гө колониялык администрациянын зомбулугунан коргоо жөнүндө петиция берди, ал эми экинчи жагынан Жорж Вашингтон башында турган куралдуу ополченияны мобилизациялай баштады. Король түндүк Американын колонияларындагы жагдайды көтөрүлүш (Rebellion) катары мүнөздөдү.
• Каршы тараптын аракетсиздигине шыктанып, америкалык сепаратисттер күзүндө Канадага басып кирген. Ал жерде Британияга каршы маанайдагы Квебектин француз калкынын жардамына үмүттөнгөн. Бирок британ аскерлери басып кирүүнүн мизин кайтарды
• 1776-жылы жазында Король көтөрүлүштү басуу үчүн гессен жалданмаларынан турган десант жайгашкан флотту жөнөттү. Британ аскерлери чабуулга өттү. 1776-жылы британдыктар Нью-Йоркту, ал эми 1777-жылы Брендивайндын алдындагы салгылашууда Филадельфияны кайтарып алды. 1776-жылы 4 июлда зомбулук күчөп турган учурда колониялардын депутаттары көз карандысыздык жана АКШнын түзүлгөндүгү жөнүндө декларация кабыл алды. Саратогдун алдындагы салгылашууда америкалык сепаратисттер биринчи жолу Король аскерлеринин үстүнөн жеңишке жетишти. Өзүнүн көптөн берки атаандашын басаңдатууга умтулуп, Франция америкалык сепаратисттерди колдоду жана 1778-жылы 6-февралда франциялык-америкалык союз түздү. Француз ыктыярчылары Америкага жөнөтүлдү. Ага жооп кылып Улуу Британия 1778-жылы Францияга согуш жарыялады, бирок Францияны, демек америкалык сепоратисттерди Испания колдоду.
• 1778-1779-ж.ж. Британиялык генерал Клинтон сепартисттерге каршы Жорджияда жана Түштүк Каролинада ийгиликтүү согушкан жана алардын үстүнөн толук көзөмөл орноткон. Бирок 6 миң адамдан турган француз десанты (маркиз Рошамбо) түшүрүлгөндөн кийин 1780-жылы 17-июнда Род-Айленде генерал Клинтон аны бөгөө үчүн Нью-Йоркко шашылды.
• 1779-жыл —Англиянын жээктеринде командор Жон Пол Жонстун америкалык-франциялык эскадрасы ийгиликтүү аракеттенди.
• 1780—1781 жаңы британ генералы Корнуоллис Түндүк Каролинада ийгиликтүү аракеттенди, бирок анын аскерлери партизандык согушта шайы оогон болучу. Андыктан ал Виржинияга чегинүүгө мажбур болгон.
Англичандардын Йорктаундун алдында баш ийип бериши
Англичандардын Йорктаундун алдында баш ийип бериши
• 1781-жылы – 20 миң адамдан турган америкалык-франциүлык армия (Лафайет, маркиз Рошамбо, Жорж Вашингтон) Британиялык генерал Корнуоллистин 9 миң адамдан турган армиясын 5-сентябрда британ аскерлерин адмирал де Грасстын француз флоту (28 корабль) метрополиядан британ аскерлерин кесип салгандан кийин Виржинияда Йорктаундун жанында капитуляцияланды. Бул жеңилиш согуштун жыйынтыгын чыгарып Англия үчүн эң оор сокку болду.Йорктаундагы салгылашуу кургактагы соңку эң ири салгалашуу болгон, ошентсе да Британиянын 30 миң адамдан турган армиясы али Нью-Йоркту жана бир катар башка шаарларды (Саванна, Чарлстон) кармап турган.
• 1781 – 1782-ж.ж. акырында бир нече деңиз салгылашулары жана кургактыкта бир катар майда салгылашуулар болуп өткөн.
• 1783-жылдын 20-июнундагы – Куддалордогу салгылашуу – көз каранды эместиги үчүн согуштун акыркы салгылашуусу болгон.

Глоссарий

Колониализм — XVI—XX к.к. өнүккөн өлкөлөрдүн тобунун калган дүйнөнүн үстүнөн үстөмдүгүн орноткон система.
Рационалдаштыруу (лат. rationalis — акыл-эстүү, лат. ratio — акыл) — психологиялык жактан коргоо механизми, мында ой-жүгүртүүдө кабылданып жаткан маалыматтын ошол гана бөлүгү пайдаланылат жана анын аркасында өзүнүн жүрүш-турушу жакшы контролго алынгандай жана объективдүү жагдайларга карама-каршы келбегендей көрсөтүлгөн тыянактар гана жасалат.
Кайра жаралуу, или Ренесса́нс — Агартуунун жана Жаңы мезгилдин алдында Европада Орто кылымдардын ордуна келген маданияттын тарыхында дүйнөлүк мааниси бар доор.
Реформация — чиркөөнү кайра куруу кыймылы.
Импе́рия — башында император турган монархиялык мамлекет же колониялык же эл аралык мааниси бар держава. Ал өзүнүн ички жана тышкы саясатында аскердик сословиелерге таянат жана аскердик сословиелердин кызыкчылыгында аракеттенет.
Жериндеги өкүл — орун басар, кимдир бирөөнүн белгилүү ыйгарым укуктарына ээ болгон адам (китеп. эскир.).
Революциялык жагдай — белгилүү бир коомдук түзүлүштөгү экономикалык жана саясий кризисти билдирген жана социалдык революциянын мүмкүнчүлүгүн аныктаган объективдүү шарттардын жыйындысы; революциянын алдындагы саясий кырдаал, ал массалык революциялык козголуу менен, орун алган түзүлүшкө каршы активдүү күрөшкө эзилген таптардын кеңири катмарын тартуу менен мүнөздөлөт.
Дворя́нчылык — феодалдык коомдо пайда болгон жана Европанын тарыхында орто кылымдарда мындай коомдун мамлекетти түзгөн негизи болуп калган артыкчылык берилген катмар (сословие). Бул түшүнүк азыркы коммунисттик эмес коомдо да көп айтылат.
Монархи́зм — максаты монархияны орнотуу, сактоо же монархияны реставрациялоо болуп саналган коомдук-саясий кыймыл.

Полезные ссылки

Дүйнөлүк тарых. Энциклопедия. Томдор:

• 3 (буржуазия пайда болгонго чейин феодализмдин өнүгүшү) => V бөлүк. Европада феодалдык коомдун андан ары өнүгүшү жана борбордошкон феодалдык мамлекеттердин түзүлүшү. Турциядагы жана араб өлкөлөрүндөгү феодалдык коом. => o XXXIX глава. Италияда капиталисттик маммилелердин пайда болушу. Эрте кайра жаралуу..
• 4 (XVI к. башынан тартып XVII к. ортосуна чейин).
• 5 (Англия революциясынан башталат).
• 6 (Француз революциясынан башталат).
• 7 (Париж коммунасынан тартып Февраль революциясына чейин).

«Руниверс» электрондук китепканасы: Орус тарыхына жана маданиятына арналган «Руниверс» интернет-порталы, өзүнө “азырынча Россиянын ондогон ири китепканаларында гана жайгашкан эң ири китеп сактоочу жайлардагы жана мамлекеттик архивдердеги баштапкы булактарга, китептерге жана тексттерга “Эркин жол ачуу тармагын камсыз кылуу” милдетин коёт. // Жеткиликтүү:  : http://urokiistorii.ru/article/51450

Алтаев. А. Впереди веков. Историческая повесть из жизни Леонардо да Винчи. Электрондук китеп. // Жеткиликтүү : https://www.livelib.ru/selection/742608-knigi-po-istorii-novogo-vremeni-dlya-shkolnikov

Дюма А. Королева Марго. Электрондук китеп. // Жеткиликтүү : https://www.livelib.ru/book/1000577285-koroleva-margo-aleksandr-dyuma

Жданов Л. Царь и опричники. Электрондук китеп. // Жеткиликтүү : https://www.livelib.ru/book/1000156864-tsar-i-oprichniki-lev-zhdanov

Владимир Орлов, М. Рабинович, Н. Гольдберг. Книга для чтения по новой истории. Часть 1 Электрондук китеп. // Жеткиликтүү : https://www.livelib.ru/book/1000760518-kniga-dlya-chteniya-po-novoj-istorii-chast-1

Библиография

• Алпатов М.А. Русская историческая мысль и Западная Европа (XVIII - первая половина XIX в.) — М.: Наука, 1985.
• Альперович М. С., Слезкин Л. Ю. Образование независимых государств в Латинской Америки (1804-1903) — Москва: Просвещение, 1966.
• Бадак А.Н. - Всемирная история в 24 томах. Том 10. Возрождение и реформация Европы. — Мн.: Современный литератор, 1999.
• Всеобщая история. — М., 2015.
• Ерофеев Н. А. Промышленная революция в Англии. — М., 1963г
• Иманкулов М. Учебник по истории Кыргызстана (9 класс, для школ с русским языком обучения). — Бишкек, 2014.
• Историография истории Нового времени стран Европы и Америки. — М., 1990.
• Кертман Л.Е., Рахшмир П.Ю. Буржуазия Западной Европы и Северной Америки на рубеже XIX - XX веков. — М.: Высшая школа, 1984.
• Скрынников Р. Г. История Российская. IX−XVII вв. — М.: Издательство «Весь мир».

"Революцияны башкаргандар" көргөзмөсү

Шэнь Жоуцзянь. Кытайдагы Хуайхэ дарыясындагы курулушка элдик-боштондук армиясынын катышуусу.  Кытай. 1955-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан.
Шэнь Жоуцзянь. Кытайдагы Хуайхэ дарыясындагы курулушка элдик-боштондук армиясынын катышуусу. Кытай. 1955-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан.

Янь Хань. Заводдо – болот эритүү. Кытай. 1951-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан
Янь Хань. Заводдо – болот эритүү.

Кытай. 1951-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан

Ян Навэй. Кубанычтуу кабар. Китай. 1959-ж. Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан
Ян Навэй. Кубанычтуу кабар. Китай. 1959-ж. Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан

У Фань. Күкүк сайрайт. Кытай. 1956-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан
У Фань. Күкүк сайрайт. Кытай. 1956-ж. Кагаз, түсүү ксилография. ГМВдин коллекциясынан

Лу Силинь. Жаңы шаардын жаралышы.Кытай. 1958-ж.  Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан
Лу Силинь. Жаңы шаардын жаралышы.Кытай. 1958-ж. Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан

Ли Хуа. Шисаньлин суу сактагычын курууга советтик достордун жардамы. Кытай. 1958-ж. Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан
Ли Хуа. Шисаньлин суу сактагычын курууга советтик достордун жардамы. Кытай. 1958-ж. Кагаз, түсүү ксилография, кездеме. ГМВдин коллекциясынан
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз