БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Жер — различия между версиями

(Жердин түзүлүшү. Геохронологиялык таблица)
(Жердин түзүлүшү. Геохронологиялык таблица)
Строка 102: Строка 102:
  
 
Геохронологиялык таблица мурунку кылымда кабыл алынган. Ал Жердин тарыхын окутуп үйрөтөт жана табигий мезгилдик таблицасы катары эсептелет.
 
Геохронологиялык таблица мурунку кылымда кабыл алынган. Ал Жердин тарыхын окутуп үйрөтөт жана табигий мезгилдик таблицасы катары эсептелет.
 
{{center|[[file: Геохронологическая таблица.jpg|500px|Геохронологиялык таблица]]}}
 
<div style="color:blue; text-align:center">Геохронологиялык таблица</div>
 
  
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />

Версия 11:55, 1 сентября 2018

Жер планета. Ушунча чоң анын формасы кандай? Эмне үчүн Жерде күн түн жана жыл мезгилдери алмашылат? Күндөн канча энергия алат, бардык точкасы бирдей жылынабы? Уюлдук күн деген эмне? Жердин бетинде жана ичинде эмне бар? Геохронологиялык таблица деген эмне деген сууроолордун жоопторуна силерди бул барактарданала аласыңар.

Жердин формасы, өлчөмү жана кыймылы

Жердин формасы жана көлөмү

Жер башка планеталардай эле шар формасында. Жер өз огунда айланып уюлдан кичине жантайыңкы турат. Жердин өлчөмү түзөт

Жердин көлөмү


Жердин теориялык суроолоруна жооп берүүчү илимдер геология, геодезия, гидрология ж.б. Жер өз огунда тегеренгендиктен окумуштуулар анын формасы геоид деген түшүнүккө келишкен.

Геоид
Геоид


Жердин кыймылы

Жер Күндү өз огунда бир жылда айланып чыгат. Январда Жер күнгө жакын келет, июлга караганда. Ушул факты жердин айлануу ылдамдыгына таасир этет: Күндөн канчалык алыс болсо, ошончо ылдамдыгы аз. Ошондуктан түндүк жарым шарда жайдан кыш кыска, ал эми түштүк жарымшарда тескерисинче кыштан жай кыска.

Жердин огу эклиптиканын тегиздиги боюнча 66,5о бурчту түзөт. Күн менен Айдын таасири астында жана планетанын ичиндеги заттардын которулушунан жердин огунун абалы өзгөрүп турат. Бирок да ошол себептердин натыйжасында уюлдардын термелиши анча чөн эмес – бир нече ондогон метрден ашпайт. Ушундай кыймылдын негизинде Жерде жыл мезгилдери жана күн менен түн алмашылат.

Жер бул асман телосу

  • Жердин огунда айланышы
    Жердин огунда айланышы
  • Жердин Күндү жылдык айланышы
    Жердин Күндү жылдык айланышы


Жердин кыймылынын географиялык натыйжасы

  • Күн менен түндүн алмашылышы
    Күн менен түндүн алмашылышы
  • Жыл мезгилдеринин алмашылышы
    Жыл мезгилдеринин алмашылышы
  • Жыл мезгилдеринин алмашылышы
    Жыл мезгилдеринин алмашылышы


Жердеги күндүн энергиясы

Жердин белгилүү болгон эң чоң жылдыздардан айырмасы
Жердин белгилүү болгон эң чоң жылдыздардан айырмасы


Жер бирдей жылынбайт

Жер бетине күндүн нурунун таралышы жердин формасына көз каранды, анын кыймылы күнгө карата абалына жараша бөлүнөт.

Күн нурлары жердин бетинин ар кандай аянттарына ар түрдүү бурч менен тиет жана күн нурларынын тийген бурчу экватордон уюлдарды карай закон ченемдүү түрдө азайып олтурат. Ошол себептүү, жер бетинин Күн нурлары менен жылытылышы экватордон уюлдарды көздөй улам азайып отурат. Бул болсо жер бетиндеги күндүн жылуулугунун таасириндеги бардык кубулуштардын зоналуу түрдө алмалышына алып келет. Демек, жер бетиндеги жаратылыштык зоналуулуктун негизги себеби – Жердин формасы.

Бул билимдерди себептик-негиздик байланыштарды түзүүдө колдонобуз: географиялык кеңдик(экватор, тропик, мелүүн жана уюлдук кеңдиктер) жерге Күн нурунун түшүү бурчуна көз каранды, Жерге нурлардын кандай бурч менен келип түшүшүнө, ал жердин бети канчалык деңгээлде жылынышына, абанын температурасына карата аныкталат.

Абанын  температурасы географиялык кеңдике байланыштуу
Абанын температурасы географиялык кеңдике байланыштуу

Географиялык кеңдик Жердин жылуулануусуна таасир этет. Күнгө карата бийиктиги, күндүн узактыгы. Демек Жердин жылуулануусу боюнча (жылуу, суук, мелүүн, ысык) алкактарга бөлүнөт.

Биз мелүүн алкакта жашайбыз, жыл мезгилдери даана байкалат(жаз, жай, күз, кыш). Башка жерлерде жашагандар уюлдук күн жана уюлдук түндүн шартында жашайт, демек эки жыл мезгили(кургак жана нымдуу) байкалат.



Жердин түзүлүшү. Геохронологиялык таблица

Жердин түзүлүшү

1 минутадагы Жердин тарыхы


Жердин жашы боюнча бардык Күн системасындагы байыркы тоо тектерин түзүп 5 млрд. жыл. Жер шары чачыранды материянын – протоппланеталык булут – тумандын коюулашынан пайда болгон, адегенде кандайдыр бир орбитаныны тегерегинде айланган газ, чаң, булуттар( жарылган чоң жылдыздын калдыктары) тартылуу күчүнүн натыйжасында анча чоң эмес денелер – астероиддер пайда болгон. Андан кийин астероиддер тегерегиндеги газдарды жана чаңдарды өздөрүнө тартып алып өсүп планетага айланган. Жер шарынын химиялык курамы, агрегаттык абалы, касиеттери ар кандай катмарлардан – геосфералардан(атмосфера, гидросфера, литосфера, ядро) түзүлүшү, анын заттарынын тыгыздык боюнча бөлүнүп дифференцияланышынын(ажырымдалышынын) натыйжасы.

  • Жердин түзүлүшү
    Жердин түзүлүшү
  • Жердин ядросу
    Жердин ядросу



Геохронологиялык таблица

Жердин байыркы тоо тектеринин жашы 4,1 млрд. жыл. Метеорит жана айдын тоо тектерин изилдөөнүн негизинде Жердин жашы 4,55 млрд. жыл деп аныкталууда. Тоо тектеринин абсалюттук жашын аныктоо үчүн окумуштуулар радиометриялык методдун негизинде изотоптордун радиоактивдүү ажырашынын ылдамдыгы менен аныктаган. Анын жардамы менен геохронологиялык шкала(таблица) түзүлгөн.

Геохронологиялык шкала – бул шарттуу шкала, анда Жердин өнүгүү тарыхы көрсөтүлгөн. Пайда болгон мезгилден баштап (4,5 – 7млрд. жыл мурун) азыркы мезгилге чейин. Ал эрага, эра-мезгилге, мезгил – эпохага бөлүнөт.

Геологиялык мезгил


Жердин өнүгүү тарыхында эраларга жана мезгилдерге жөн эле бөлүнүп калган эмес. Бир эранын бүтүшү кийинки эранын башталышы менен Жер бетинин өзгөрүшү, кургактыктын бөлүнүшү, тоо пайда болуу процессинин ылдамдыгы, органикалык дүйнөнүн өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. Таблицадагы бардык көрсөткүчтөр шарттуу түрдө эл аралык коомдук илимий деңгээлде кабыл алынган.

Геохронологиялык таблица мурунку кылымда кабыл алынган. Ал Жердин тарыхын окутуп үйрөтөт жана табигий мезгилдик таблицасы катары эсептелет.



Жердин бети

Жердин бети Күн системасындагы башка планеталардан айырмаланып турат. Жердеги деңиздер жана океандар суюк суудан турат. Жер бетинин 71% , 360 млн. км2 дүйнөлүк океан түзүп планетада тиричиликти камсыз кылат. Калган 29% кургактык ээлейт. Анча чоң эмес участокту алты материк жана аралдар түзөт.

Материктер, океандар жана дүйнө бөлүктөрү
Материктер, океандар жана дүйнө бөлүктөрү


Жердин бети Түндүк жана Түштүк жарым шарга бөлүнөт. Түштүк жарым шардын 80% суу каптап аз бөлүгүн кургактык ээлейт. Түндүк жарым шарында башкача. Суу 60% түзсө калган 40% кургактык орун алган.

  • Түндүк жана түштүк жарым шар
    Түндүк жана түштүк жарым шар
  • Деңиз булуңу
    Деңиз булуңу


Аралдардын жалпы санын эсептеп чыгуу өтө кыйын. 18 ке жакын аралдын аянты 100 миң км2 ты түзөт.

  • Жердин ири аралдарынын аянты
    Жердин ири аралдарынын аянты
  • {{ ]}}
    Жердин ири аралдары


Материктердин салыштырмалуу аянттары
Материктердин салыштырмалуу аянттары


  • Океандардын салыштырмалуу мүнөздөмөсү
    Океандардын салыштырмалуу мүнөздөмөсү
  • Эки океандын кесилиши
    Эки океандын кесилиши


Сөздүк

Афелий – эң Күндөн алыс точканын орбитасы, Жер 5июлда өтөт.
Геоид (грек. geoeides, geо - Жер жана eidos - түр) - фигура, дүйнөлүк океандын орточо деңгээли аркылуу жүргүлүлгөн Жер бетинин элестетилген деңгээлдик бетине туура келген Жер бетинин фигурасы.
Геохронологиялык шкаласы – бул шарттуу шкала, анда жердин өнүгүү тарыхы көрсөтүлгөн пайда болгон мезгилинен тартып(4,5-7млрд. жыл мурун) азыркы убакытка чейин.
Күн түн теңелүү – жыл ичиндеги күндүн узактыгы менен түндүн узактыгы бирдей болгон күн.
Күндүн төбөдө түрүшү – Күн өзүнүң жылдык кыймылынын мезгилинде эклиптиканын эң түндүк же түштүк чекиттери аркылуу өткөн кези.
Зенит – асман сферасын байкоочунун төбөсүнөн тик көтөрүлгөн элестетилген сызык менен кесилишкен чекити.
Жердин мантиясы ( грек. Mantion - жабуучу, плащ) - геосфера, Жердин “катуу”кабыгы; жер кыртышы менен Жердин ядросунун ортосунда жайгашкан. Жердин көлөмүнүн 83%ин ээлейт; температурасы 2000-2500° С ден ашпайт.
Надир (араб. Зенитке каршы) – Зениттин каршы тарабындагы чекит.
Дүйнө огу – Жердин айлануу огуна параллелдүү жана асман сферасын дүйнөнүн Түндүк жана Түштүк уюлдарынан кесип өткөн асман сферасынын диаметри.
Перигелий – Жердин жасалма жандоочусунун же Айдын орбитасынын Жерге жакын чекити.
Уюл – Жердин айлануу огунун жер бети менен кесилишкен чекиттери.
Скафис – байыркы татаал эмес бурчту өлчөөчү инструмент. Чыны түрүндөгү жарым шар формасында, борборуна ийнени бекитет. Ийненин көлөкөсү скафистин ички бетине түшөт.
Радиометриялык методы - методы, радиоактивдүү изотоптордун туруктуу ылдамдыгына негизделген.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

Кантип билишти, эмне Жер - шар?

Эгерде караңгы комнатадан ар кандай формадагы нерселерди (мисалы: үч бурчтук, тарелка, картошка салгыч, топту ж.б.) байкоо жүргүзгөндө алардын кайсынысынын көлөкөсү дубалга түшөт. Чындыгында топтун көлөкөсү гана тегерек түрдө болот. Мындай чечимге IV кылымда биздин заманга чейин Аристотель – Жер шар формасында деген чечимге келген. Атактуу Аристотель Айдын тутулушун байкоонун негизинде Жердин формасы шар түрүндө деген туура жыйынтыкка биринчи жолу келген.

Тени от разных предметов.jpg
Ар кайсы нерселердин көлөкөсү
Жердин жашын метеорит боюнча аныкташты

Жалпысынан планетанын жашы 4,5 – 4,6 миллиард жыл деген жыйынтыкка келишкен. Бул мезгилдеги тоо тегин литосферадан таба алышкан эмес. Бирок Жердин жашы анын Күн системасында эрте пайда болгондугун аныкташкан. Алюминий жана кальцийи бар бул зат Альенде байыркы метеорит, биздин планетадан табылган.

Метеорит Альенде кг.jpg
Метеорит Альенде
Геохронологиялык таблицаны тез жана жакшы жаттап калуунун технологиясы

Геологиялык мезгилдердин өнүгүүсүн эстеп калуунуну төмөнкүдөй методикасы бар.

Эпохаларда айткыла. Мезгилдердин аралыгында биздин планетадагы маанилүү эпохалар айтылат. Мезгилдердин ири аралыгында биздин планетанын тарыхый геологиялык окуялар болуп турган.

Андан кийин жыйынтыктык фаза, андан кийин мезгилдер биринин артынан бири келет палеозой, мезозой жана кайназой.

Жыйынтык сунушу.

Фраза: Кайсы Орто Студент Дайыма Картадан Памирге Таласка Югаславияга Манаска Петрко Наливкинге Чыгат

Фраза
Жердин Формасы жана кыймылы

1 Экватордун узундугу түзөт

40000 км.
39690 км.
40075 км.

2 Экватордук жана уюлдук радиустардын ортосундагы айырмачылык түзөт

32 км.
42 км.
22 км.

3 Экватор – бул

планетанын уюл аркылуу өтүүчү сызык;
жер бетин уюлдан бирдей алыстыкта бөлүп туруучу сызык;
жер бетинин эки точкасынан өтүүчү сызык

4 Экватор Жерди жарым шарларга бөлөт

түндүк жана батыш
чыгыш жана түштүк
батыш жана чыгыш
түндүк жана түштүк

5 Жердин формасы – эллипсоид. Мындай форманын пайда болушунун себеби эмнеде

Жердин уюлдук кыймылы
Жердин жарым шарга бөлүнүшү
Жердин уюлдарынан түздөлүп турушу

6 Узак жыл созулат

366 күн
365 күн
365,6 күн

7 Жерде жыл мезгилдери эмне себептен алмашылат:

континенттердин жана материктердин жер бетинде болушу
Жерди Айдын айлануу кыймылы
Жердин өз огундагы кыймылы
Жердин Күндү айлануу кыймылы

8 Жердин өз огунда айлануусу себеп болот:

континенттердин жана материктердин жер бетинде болушу
жыл мезгилдин алмашылышы
күн менен түндүн алмашылышы
географиялык ачылыш эпоханын башталышы

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз