География: Океандар — различия между версиями
Msu02 (обсуждение | вклад) м (5) |
Msu02 (обсуждение | вклад) м (изменено) |
Строка 39: | Строка 39: | ||
− | 22 декабрда 1872 жылы англиялык порт Портсмуттан “Челенджер” аттуу жабдылган парустуу кемеси биринчи океанологиялык экспедицияга чыккан. | + | 22 декабрда 1872 - жылы англиялык порт Портсмуттан “Челенджер” аттуу жабдылган парустуу кемеси биринчи океанологиялык экспедицияга чыккан. |
Дүйнөлүк океандын азыркы концепциясын ХХ кылымда россиялык географ, океанограф, картограф Юлий Михайлович Шокальский (1856-1940) түзгөн. Ал биринчилерден болуп “Дүйнөлүк океан” деген түшүнүктү илимге киргизген, бардык океандар дүйнөлүк океандын бөлүгү деп эсептеген. | Дүйнөлүк океандын азыркы концепциясын ХХ кылымда россиялык географ, океанограф, картограф Юлий Михайлович Шокальский (1856-1940) түзгөн. Ал биринчилерден болуп “Дүйнөлүк океан” деген түшүнүктү илимге киргизген, бардык океандар дүйнөлүк океандын бөлүгү деп эсептеген. | ||
Строка 47: | Строка 47: | ||
− | ХХ кылымдын экинчи жарымында интенсивдүү океандардын тереңдиктерин изилдөө башталган. Эхолокациялык методдун негизинде океандардын тереңдиктеринин так картасы түзүлгөн. Геофизикалык жана геологиялык изилдөөлөр 1960 жылдары тектоникалык плиталардын теориясынын негизинде – азыркы геологиялык теория боюнча литосфералардын кыймылы аныкталган. Океандардын кыртышын аныктоо үчүн эл аралык океандын түбүн бургулоо программасы негизделген. Программанын жыйынтыгы теорияны бекиткен. | + | ХХ кылымдын экинчи жарымында интенсивдүү океандардын тереңдиктерин изилдөө башталган. Эхолокациялык методдун негизинде океандардын тереңдиктеринин так картасы түзүлгөн. Геофизикалык жана геологиялык изилдөөлөр 1960 - жылдары тектоникалык плиталардын теориясынын негизинде – азыркы геологиялык теория боюнча литосфералардын кыймылы аныкталган. Океандардын кыртышын аныктоо үчүн эл аралык океандын түбүн бургулоо программасы негизделген. Программанын жыйынтыгы теорияны бекиткен. |
Строка 80: | Строка 80: | ||
'''Рельеф таманы''' | '''Рельеф таманы''' | ||
− | Көрүнүп тургандай Дүйнөлүк океандын таманынын бардык жери тегиз эмес, мисалы, | + | Көрүнүп тургандай Дүйнөлүк океандын таманынын бардык жери тегиз эмес, мисалы, Инд океанынын түндүгү – 100 метрге төмөн, ал эми Тынч океандын батышы – 70 метрге көтөрүлгөн. |
Көпчүлүк бөлүгүндө абиссальдык түздүктөр таралган. Алардын орточо тереңдиги – 5км. Ортоңку бөлүгүндө сызыктуу көтөрүлүү 1-2км - ортоңку-океандык кыркалар, бирдиктүү системаны түзөт. Кыркалар трансформдук жаракалар менен бөлүнгөн жана бири бирине перпендикулярдуу жаткан дөңсөөлөр бар. | Көпчүлүк бөлүгүндө абиссальдык түздүктөр таралган. Алардын орточо тереңдиги – 5км. Ортоңку бөлүгүндө сызыктуу көтөрүлүү 1-2км - ортоңку-океандык кыркалар, бирдиктүү системаны түзөт. Кыркалар трансформдук жаракалар менен бөлүнгөн жана бири бирине перпендикулярдуу жаткан дөңсөөлөр бар. | ||
Строка 126: | Строка 126: | ||
{{center|[[file: ресурсы картинка 3.jpg|450px|Нефтини казып алуу]]}}
Нефтини казып алуу
{{center|[[file: ресурсы картинка 3.jpg|450px|Нефтини казып алуу]]}}
Нефтини казып алуу
{{center|[[file: ресурсы картинка 4.jpg|300px|Дүйнөлүк океандын булганышы]]}}
{{center|[[file: ресурсы картинка 4.jpg|300px|Дүйнөлүк океандын булганышы]]}}
Дүйнөлүк океандын булганышы
Строка 135: | Строка 135: | ||
== Сөздүк == | == Сөздүк == | ||
:{{bib|'''Атланти́ка океа́ны''' — океандардан өлчөмү жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийин экинчи орунда, түндүктө Гренландия жана Исландия аралдарынын аралыгында , чыгышында Европа жана Африка, батышында Түндүк Америка менен Түштүк Америка, түштүктө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 91,6 млн км2, орточо тереңдиги– 3332 м, эң терең жери – 8742 м.}} | :{{bib|'''Атланти́ка океа́ны''' — океандардан өлчөмү жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийин экинчи орунда, түндүктө Гренландия жана Исландия аралдарынын аралыгында , чыгышында Европа жана Африка, батышында Түндүк Америка менен Түштүк Америка, түштүктө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 91,6 млн км2, орточо тереңдиги– 3332 м, эң терең жери – 8742 м.}} | ||
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Инд океа́ны''' — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м.}} |
:{{bib|'''Мариа́н кобулу''' (же'''Мариа́нская ойдуңу''') —Тынч океандын батышындагы океандык кобул. Дүйнө жүзүнө эң тереңдиги менен белгилүү . Мариан аралдарынын жанында жайгашкан.}} | :{{bib|'''Мариа́н кобулу''' (же'''Мариа́нская ойдуңу''') —Тынч океандын батышындагы океандык кобул. Дүйнө жүзүнө эң тереңдиги менен белгилүү . Мариан аралдарынын жанында жайгашкан.}} | ||
:{{bib|'''Түндүк Муз океа́ны''' — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м Гренландия деңизинде. }} | :{{bib|'''Түндүк Муз океа́ны''' — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м Гренландия деңизинде. }} | ||
Строка 210: | Строка 210: | ||
- Атлантика | - Атлантика | ||
+ Тынч | + Тынч | ||
− | - | + | - Инд |
{Түндүк Муз океаны дагы кандай аталат? | {Түндүк Муз океаны дагы кандай аталат? |
Версия 17:18, 31 июля 2018
Силер Дүйнөлүк океан-алардын гидросферанын негизги бөлүгүн түзөөрүн, үзгүлтүксүз бирок Жерди толук каптабагандыгы, материктерди жана аралдарды курчап тургандыгы, жалпы туздуулугу менен өзгөчөлөнгөндүгү менен таанышасыңар. Океандар жөнүндө, изилдөө тарыхы,жаратылыш ресурстары аларды пайдалануу боюнча ресурстар берилген.
Континенттер жана чоң архипелагдар дүйнөлүк океандарды төрт негизги бөлүккө бөлөт:
- Атлантика океаны
- Инд океаны
- Тынч океаны
- Түндүк Муз океаны
Айрым убактарда Түштүк океанга бөлүп жүрүшөт
Содержание
Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы
Биринчилерден болуп океандарды изилдөөчүлөр деңиз сүзүүчүлөрү болгон. Улуу географиялык ачылыштардын эпохасында материктердин жээк көрүнүштөрүн, океандарды жана аралдарды билишкен. Фернан Магелландын ( 1510 – 1780) жана Джеймс Куктун (1768—1780) саякаты европалыктарга чоң суу аймагын , аларды курчаган материктерди, материктердин көрүнүшүн элестетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Дүйнөнүн биринчи картасы түзүлгөн. ХVII жана ХVIII кылымдарда материктердин жээктери такталган, дүйнөнүн картасы азыркы абалды алган.
Ошого карабастан океандардын тереңдиктери анча изилденген эмес. ХVII кылымдын орто ченинде нидерландиялык географ Бернхард Варен суу мейкиндигине “Дүйнөлүк океан” деген терминди колдонууну сунуштаган.
22 декабрда 1872 - жылы англиялык порт Портсмуттан “Челенджер” аттуу жабдылган парустуу кемеси биринчи океанологиялык экспедицияга чыккан.
Дүйнөлүк океандын азыркы концепциясын ХХ кылымда россиялык географ, океанограф, картограф Юлий Михайлович Шокальский (1856-1940) түзгөн. Ал биринчилерден болуп “Дүйнөлүк океан” деген түшүнүктү илимге киргизген, бардык океандар дүйнөлүк океандын бөлүгү деп эсептеген.
ХХ кылымдын экинчи жарымында интенсивдүү океандардын тереңдиктерин изилдөө башталган. Эхолокациялык методдун негизинде океандардын тереңдиктеринин так картасы түзүлгөн. Геофизикалык жана геологиялык изилдөөлөр 1960 - жылдары тектоникалык плиталардын теориясынын негизинде – азыркы геологиялык теория боюнча литосфералардын кыймылы аныкталган. Океандардын кыртышын аныктоо үчүн эл аралык океандын түбүн бургулоо программасы негизделген. Программанын жыйынтыгы теорияны бекиткен.
Океандардын жаратылышы
Дүйнөлүк океандын бетинин орточо жылдык температурасы
Жалпы физико – географиялык маалымат:
- Орточо температура: 5 °C;
- Орточо басым: 20 МПа;
- Орточо жыштыгы: 1,024 г/см³;
- Орточо тереңдиги: 3711 м;
- Жалпы массасы: 1,4·1021 кг;
- Жалпы көлөмү: 1370 млн км³;
- pH: 8,1±0,2.
Океандардын эң терең жери Мариан кобулу, Тынч океанда Түндүк Мариан аралдарына жакын жайгашкан. Эң терең жери— 11 022 м. Ал 1951 ж. британдык суу астындагы «Челленджер II» кемеси менен изилденген, алардын аты менен ойдуңдун терең жери «Бездна Челленджера» деп аталган.
Дүйнөлүк океандын суусу
Дүйнөлүк океандын суусу Жердин гидросферасынын негизин түзүп – океаносфера деп аталат. Океандын суусуна 96 % (1338 млн км³) жердин суусу туура келет. Океанга куйган таза суунун көлөмү 0,5 миллион м3дан ашпайт.
Рельеф таманы
Көрүнүп тургандай Дүйнөлүк океандын таманынын бардык жери тегиз эмес, мисалы, Инд океанынын түндүгү – 100 метрге төмөн, ал эми Тынч океандын батышы – 70 метрге көтөрүлгөн.
Көпчүлүк бөлүгүндө абиссальдык түздүктөр таралган. Алардын орточо тереңдиги – 5км. Ортоңку бөлүгүндө сызыктуу көтөрүлүү 1-2км - ортоңку-океандык кыркалар, бирдиктүү системаны түзөт. Кыркалар трансформдук жаракалар менен бөлүнгөн жана бири бирине перпендикулярдуу жаткан дөңсөөлөр бар.
Климат
Океан Жердин климатынын түзүлүшүндө чоң роль ойнойт. Күн нурунун таасиринен суу бууланып континенттерге жетет, ошону менен ар кандай формадагы атмосфералык жаан-чачынды алып барат. Суу көп өлчөмдөгү жылуулукту алат дагы кургактыка караганда жай муздайт. Ошондуктан океанга жакын райондордо суткалык жана мезгилдик температуранын термелиши анча чоң эмес.
Өсүмдүктөр дүйнөсү
- Моллюскалар
- Голожабералык моллюска
Кургактыктагы өсүмдүктөр сыяктуу эле океан флорага өтө бай жана ар түрдүү. Биомассанын көпчүлүк бөлүгү Тынч океанга туура келет (50% ге жакыны). Көпчүлүк өсүмдүктөрү тропикалык жана субтропикалык алкактын Австралия жана Азия жээктеринде.
Жаныбарлар дүйнөсү
Океандардын жаныбарлар дүйнөсү жакшы изилдене элек, 20% дагы изилденген эмес. Азыркы күндө биологдор 1,5 млн. жаныбарлардын түрлөрүн классификациялаган. Эксперттердин баалосу боюнча дагы 25 млн. түрлөр изилдене элек.
Дүйнөлүк океандын ресурсу жана аны пайдалануу
Дүйнөлүк океанда ири өлчөмдөгү биологиялык, химиялык, минералдык жана энергетикалык ресуртарынын запасы бар. Биологиялык ресурстарынан башкасы дээрлик колдонулбайт.
Деңиз суулары – жашоонун өнүгүшүнүн эң ыңгайлуу шарты. Адамдын канынын курамы деңиз суусунун курамына жакыныраак. Дүйнөлүк океандын суусунда ар түрдүү деңиз организмдери жашайт. Алар жыл сайын чоң өлчөмдөгү биологиялык продукцияларды берет.
Фитопланктон – бул зоопланктондун тамагы. Биомассасы анча чоң эмес бирок жыл сайын жаңыланып турат. Фитопланктондун жылдык продукциясы өтө чоң өлчөмдө. Зоопланктон – балыктардын жана киттердин негизги тамагы. Анын продукциясы дагы чоң. Адамзат үчүн сууда эркин сүзгөн организмдер маанилүү, мисалы нектон. Нектондун жылдык продукциясы 0,2 млрд. т, же 200 млн.т. Балык жана башка организмдер же адамдарга пайдалуулар 50% , же болбосо 100 млн.т. Деңиз балыктарын уулоо жылына 70-75 млн. т. Алардын 80-85% балыктарга туура келет.
Акырындык менен балык уулоочу флоттордун көбөйүшү менен айрым баалуу балыктардын саны азайууда, айрымдары промыселдик маанисин жоготууда.
- Нефтини казып алуу
- Дүйнөлүк океандын булганышы
Дүйнөлүк океан адамга көптөгөн продукцияларды берет. Азыркы убакта балыктарды уулоо менен балыктардын көпчүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда турат. Эгерде ушундай жол менен балык уулоону уланта турган болсок кылымдык запастардын жок болуп кетиши толук ыктымал. Бул келечекте адам баласы деңиз продуктылары менен камсыз боло албай калат дегенди билдирет. Андан сырткары дагы бир фактор Дүйнөлүк океандын – булганышы. Океан сууларынын таза сакталышы жана биологиялык ресурстары келечектин эң маанилүү глобалдык көйгөйлөрүнөн.
Сөздүк
- Атланти́ка океа́ны — океандардан өлчөмү жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийин экинчи орунда, түндүктө Гренландия жана Исландия аралдарынын аралыгында , чыгышында Европа жана Африка, батышында Түндүк Америка менен Түштүк Америка, түштүктө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 91,6 млн км2, орточо тереңдиги– 3332 м, эң терең жери – 8742 м.
- Инд океа́ны — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м.
- Мариа́н кобулу (жеМариа́нская ойдуңу) —Тынч океандын батышындагы океандык кобул. Дүйнө жүзүнө эң тереңдиги менен белгилүү . Мариан аралдарынын жанында жайгашкан.
- Түндүк Муз океа́ны — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м Гренландия деңизинде.
- Ти́хий океа́н - эң чоң жана терең океан. Батышында Евразия, Африка жана Австралия ,чыгышында Түндүк Америка,Түштүк Америка, түштүгүндө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 178,6млн км2, орточо тереңдиги - 3984 м, эң терең жери – 11 022 м, .
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- Основная информация об океанах https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9E%D0%BA%D0%B5%D0%B0%D0%BD
- Географический энциклопедический словарь / Гл. ред. А. Ф. Трешников. — 2-е изд., доп. — М.: Советская энциклопедия, 1989. — 591 с.
Укмуштуу узун, Австралиянын түштүк чыгышын жээктей 2500 кмге созулуп жатат, Чоң Тоскоол рифи – дүйнөдөгү эң чоң экосистема, аны космостон көрүүгө болот.
Рокколанын чокусунда - асканын диаметри 30 м, океандан Великобританиянын жээгине чейин 46 км аралыкта - аны тапкандан бери анын чокусуна 20дай адам гана көтөрүлгөн.
Организмде суунун жоктугу айтып бүткүс абалга алып келет. Бирок Ален Бомбар далилдеген,туздуу сууну аз өлчөмдө ичип турууга болот.Негизгиси-туздуу сууну беш күндөн ашык катары менен ичүүгө болбойт.Бирок эң жакшы туруктуу эмес булак-бул атмосфералык жаан-чачын.