География: Кыргыз Республикасынын жаратылышы — различия между версиями
Msu02 (обсуждение | вклад) м (изменено) |
Msu02 (обсуждение | вклад) м (изменено) |
||
Строка 55: | Строка 55: | ||
{{center|[[file: Снежный Барс - Призрак гор.mp4|500px| Ак илбирс ]]}} | {{center|[[file: Снежный Барс - Призрак гор.mp4|500px| Ак илбирс ]]}} | ||
− | <div style="color:blue; text-align:center"> | + | <div style="color:blue; text-align:center"> Ак илбирс </div> |
Версия 17:07, 31 июля 2018
Кыргыз Республикасынын жаратылышынын кооздугуна мамлекеттин океандардан алыс материктин ичкери бөлүгүндө жайгашып рельефинин татаалдыгы жана деңиз деңгээлинен жогору жатышы шарт түзөт. Ушул жана башка себептер жаратылыш комплекстеринин ар түрдүүлүгүнө алып келди. Кыргыз Республикасынын аймагында ысык чөл, токойлору, талаалары, мөңгүлөрү бар. Биз Кыргыз Республикасынын укмуштуу кайталангыс тоо жаратылышы менен таанышабыз.
Содержание
Рельефи. Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары
Кыргыз Республикасы – тоолуу мамлекет, 94,2% территориясы 1000 м деңиз деңгээлинен жогору жатат, 40,8% - 3000 метрден жогору. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги- 2750 м, эң бийик жери - 7439 м, эң жапызы - 401 м. Абсалюттук бийиктиктин амплитудасында чоң айырмачылык бар, рельефи татаал. Геологиялык өнүгүү тарыхынын өтө узак созулушуна ж.б факторлорго жараша аймактын жаратылышы ар түрдүү жана кен байлыктарга бай. Республиканын территориясында түндүк жарым шарга мүнөздүү бардык жаратылыш зоналары кездешет тропикалык, экватордуктан тышкары.
Тоо-бул негизги бөлүк, республиканын бүткүл табигый комплекси. Кыргыз Республикасын айрымдары жаратылышынын окшоштугу боюнча экинчи Швейцария деп аташууда. Бирок Кыргыз Республикасынын жаратылыш тазалыгы жана кооздугу менен тоо жаратылышын сүйүүчүлөрдү өзүнө тартып келет. Кубаттуу тоо кыркалары (алардын саны 88, алар мамлекеттин бардык территориясынын 65%) , кеңири туюк, жарым туюк тоо аралык кеңири өрөөндөр жаратылыштын жана климаттын өзгөчөлүгүн аныктайт.6,5 миң мөңгү кыргыз “Арктикасын” түзөт.
Кыргыз Республикасынын аймагы жайгашкан Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системалары байыркы архей жана протерозой замандарынан баштап, неоген-төртүнчүлүк мезгилине чейин татаал геологиялык процесстер өтүп ар кандай геологиялык түзүлүштөгү рельефтин негизги фундаменттерине ээ болгон. Орогендик кыймылдардын жүрүү этаптары боюнча Тянь-Шань бир нече геологиялык структураларга бөлүнөт. Алар: Түндүк Тянь-Шань, Ортоңку Тянь-Шань жана Түштүк Тянь-Шань.
Кыргызская Республикасы белгилүү көп потенциалдык жаратылыштык минералдык ресурстарга бай. Геологдор территориядан бир нече миңдеген ар түрдүү рудалык жана рудалык эмес минералдык сырьелорду табышкан. Кыргыз Тянь-Шандагы узак татаал геологиялык өнүгүүсү жагымдуу шарттагы ар түрдүү кен байлыктардын түрлөрүнүн кендерине шарт түздү.
Негизги кен байлыктардын түрлөрүнө: алтын, сымап, сурьма, сейрек металлдар, калай, вольфрам, көмүр, рудалык эмес сырье, жер астындагы суулар. Кендерди казуунун перспективасын уюштурууда: темир, титан, ванадий, алюминий, медь, молибден, бериллий негизги орунду ээлейт. Өнөр жайлык мааниге ээ болбогон тантал-ниобат, кобальт, цирконий, литий, түстүү таштар.
Климат. Мөңгү. Суу ресурсы
Кыргыз Республикасынын климаты географиялык абалы менен аныкталат.Республиканын негизги бөлүгү мелүүн климаттык алкакта жайгашкан, түштүк жагы субтропикалык зонага кирет. Ошондуктан климат континенталдык жана кургак. Ысык-Көлдүн территориясынын аймагы континенталдык климаттан деңиздик климатка алмашат. Төрт жыл мезгили даана байкалат. Тоо этектеринде,өрөөндөрдө жай ысык, бийик тоолордо салкын суугураак келет.
Кыргыз Республикасынын территориясында 6580 ашык мөңгү бар, 4,5% түзүп 8047,8 километр квадрат аянтты ээлейт. Кыргыз Республикасында Борбордук Азия тоолуу региондору сыяктуу бардык классикалык мөңгүлөрдүн формалары кездешет. Карстык, асылма, өрөөндүү мөңгү, көп сандаган ар кандай формадагы мөңгүлөр көп түрлүү жаратылыштык климаттык факторлордун негиинде түзүлгөн (чокулардын өлчөмү, абанын нымдуулугу, шамалдардын таасири, атмосфералык жаан чачын. Ушундан улам, биз тоо кыркаларынын пейзаждарын жандандыруучу, кооз фигураларды көрө алабыз.
Кыргыз Республикасынын аймагы ири суу ресурстарга бай – 28000 ге жакын агын суу бар. Дарыя жана куймалары менен орточо узундугу 10 кмге чейин суулар 90%дан ашат. Көп куймалары бар ири Нарын дарыясы. Нарын дарыясынын жалпы узундугу 500км. 2000ден ашык суу сактагычтар жана көлдөр бар. Кыргыз Республикасынын көлдөрүнүн 90% ашыгы суу өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон чакан көлдөр. Кыргыз Республикасынын суулары баа жеткис. Бул жерде 40 000 ден ашык чоң жана кичи дарыялар агат. Алар тоо массивдери аркылуу бийиктиктерден агып түшүүдө жүздөгөн шаркыратмаларды пайда кылат.
- Кыргыз Республикасынын дарыялары
- Cуу-энергетикалык ресурстары КР
Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү
Кыргыз Республикасы пайда болушу боюнча ар түрдүү. Географиялык чөйрөсүнүн татаалдыгы зоогеографиялык региондордун негизги фактору флора жана фаунанын ар түрдүүлүгүндө. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сандык түрүнүн аянттык бирдиги боюнча дүйнодөгү мамлекеттерден алдыда турат, бул дүйнөлүк коом тарабынан таанылган. Кыргыз Республикасынын аянты дүйнөнүн аянтынын 0,04% түзөт. Ошол эле убакта республиканын территориясында дүйнөлүк флоранын 2%, фаунанын 3% жашайт. Республиканын негизги болүгүн тоолор ээлеп жаткандыктан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн таралышы бийиктик алкактуулук боюнча таралат.
Кыргыз Республикасында түндүк шарым шарга мүнөздүү бардык жаратылыш алкактары мүнөздүү. Алардын таралышына тоо капталдары таасир этет.Тоолордун түштүк капталдары жылуулукту сүйүүчү кургакка чыдамдуу өсүмдүктөр менен капталган, ал эми карама каршы капталдарында бир нече жүз метр бийиктерде –нымды сүйүүчү,суука чыдамдуу өсүмдүктөр өсөт. 1600 түр өсүмдүк пайдалуу, анын ичинен 200түрү- дарылык өсүмдүктөр.500 түрдөн ашык омурткалуу жаныбарлар, 50дөн түр балыктар, 4түр жерде сууда жашоочулар,28түр сойлоп жүрүүчүлөр, 350 гө жакын канаттуулар жана 86 сүт эмүүчүлөр саналат. Жаныбарлардан жөнөкөй жана омурткасыздардын 20-30 миңи белгилүү болсо, алардын 4000 гана изилденди.
Республиканын флорасы ар түрдүү, 4000 жакын түр жогорку өсүмдүктөр эсептелген. Республиканын өсүмдүктөрү флористикалык байлыгы, ритмикалык өсүшү, эндемикалык өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Территорияда чөл, жарым чөл, талаа, шалбаа, бадалдар, саздар, тоо тундралары кездешет.Айрым аймактарда аска зоолордун өсүмдүк түрлөрү таралган.
Жаратылыштык физико – географиялык райондоштуруу
Жогору абсалюттук бийиктик, татаал геологиялык жана орографиялык түзүлүшү, Евразия материгинин ичкери бөлүгүндөгү географиялык абалы, кеңири чөлдөр менен курчалышы жана аны менен баланышкан континенталдык кургак климат, ландшафтык чоң айырмачылыкты, жаратылыштык ар түрдүү шарттарды түзөт.Жаратылыштык шарттардын жыйындысы,аралыктык айырмачылык, ландшафтардын структуралык бийиктик алкактуулугу, республиканын территориясынын ар түрдүү рангадагы татаал геокомплекстик системасын түзөт. Бир нече физикалык географиялык райондоштуруу бар. Алардын бирине ылайык Кыргыз Республикасы үч ири физикалык-географиялык малекеттердин чегинде жайгашкан (Орто Азиялык түздүктүү, Орто Азиялык тоолуу жана Борбордук Азиялык бөксө тоолуу, алар 6 жаратылыштык-географиялык областка жана зонага, 10 провинцияга, 28 округ жана 75 физикалык-географиялык райондорго бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын территориясын бирдиктүү жаратылыш-территориялык комплекси катары максаттуу эсептелет. Жаратылыш комплекси катары мамлекет катары шартту түрдө кабыл алса болот. Геологиялык түзүлүшүнө, жаратылыштын пайда болуу жалпылыгына карата Республиканы эки физикалык-географиялык областка бөлүнөт: Тянь-Шань тоолуу область жана Памир-Алай тоолуу область. Ар бир область провинция, округ жана районго бөлүнөт. Чүй, Талас, Фергана түздүктөрүнүн өрөөндөрү геологиялык түзүлүшү, өрчүү тарыхы, климаттык шарттары, гидрографиясы жана башка компоненттери боюнча тегеректеги тоо капталдарына карата бирдиктүү. Ошондуктан туура эреже катары бирдиктүү жаратылыштык-территориялык аймак катары карайбыз. Бул схема боюнча Кыргыз Республикасы эки физико-географиялык провинцияга бөлүнөт. Тянь-Шань тоолуу областы беш провинцияга бөлүнөт: Түндүк Тянь-Шань, Ички Тянь-Шань, Борбордук Тянь-Шань, Ысык-Көл ойдуңу, Түштүк Батыш Тянь-Шань; Памир-Алай тоолуу область- Алай-Туркестан жана Алай өрөөнүнө бөлүнөт.
Сөздүк
- Архей - кембрийге чейинки эки бөлүктүн төмөнкүсү. Жогорку жаш чеги мындан 2,6 млрд жыл мурда башталган. Анын тектери байыркы платформалардын фундаментин түзөт.
- Кар мөңгүсү – төр мөңгүсү бийик тоолуу аймактарда кар сызыгынан жогору жатат.
- Карст кубулуштары – жаратылыш сууларынын айрым тоо тектерин эритип жеп кетишинен пайда болгон жер кыртышындагы кубулуштар.
- Неоген мезгили – кайназой эрасынын экинчи системасы. 25 млн. жыл мурда башталып, 20,5 млн. жылга созулган. Эки бөлүмгө – миоцен жана плиоценге бөлүнөт.
- Орогенез – жогору көтөрүлгөн интенсивдүү тектоникалык кыймылдардын, бүктөлүүлөрдүн жана узулуулордун жыйындысы.
- Рельеф - кургактыктын бетиндеги, океан, деңиз таманыныдагы түз эмес, өңгүл-дөңгүлдөрдүн жыйындысы; сыркы формасы, чоңдугу, келип чыгышы, жашы жана өөрчүү тарыхы өтө ар түрдүү. Формасы боюнча оң маанидеги же томпок(тоолор, дөңсөөлөр) жана терс маанидеги же чуңкур, ойдуң, чанак ж.б. болуп бөлүнөт.
- Өрөөн мөңгүсү – бийик тоолуу өрөөндөрдөгү мөңгү;эки морфологиялык бөлүккө бөлүнөт :жогорку куралуу бөлүгү(фирн аймагы) жана төмөнкү (мөңгү этеги)(абляция аймагы).
- Протерозой - Жердин геологиялык тарыхында кембрийге чейинки мезгилдин үстүңкү бөлүгү. Төмөн жагы архей менен чектешет. Протерозой 2,6 млрд жыл мурда башталып, 2 млрд жылга чейин созулат.
- Физико-географиялык область – физикалык географиялык райондун бирдиги, физикалык географиялык мамлекеттин бөлүгү. Келип чыгышы жагынан, рельефи, жер бетиндеги тектери, гидрографиялык тармагы, климаты, биоценоздордун келип чыгышы боюнча окшош территориялык жаратылыштык комплексин бириктирет.
- Физико-географиялык провинция – бир физикалык географиялык областын чегиндеги физикалык географиялык райондун регионалдык бирдиги, географиялык зонанын бөлүгү.
- Физикалык-географиялык райондоштуруу - жер бетиндеги аймактык бөлүктөрдүн (региондордун) жаратылыштык ички бирдиктүүлүгүн жана мүнөздүү бөтөнчөлүгү менен айырмаланган иерархиялык системасын изилдеп аныктоо.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- Киргизия // Канцелярия конфискации — Киргизы. — М. : Большая Российская энциклопедия, 2009. — С. 750. — (Большая российская энциклопедия : [в 35 т.] / гл. ред. Ю. С. Осипов ; 2004—, т. 13). — ISBN 978-5-85270-344-6
- Природа Киргизии: Краткая физико-географическая характеристика. — Фрунзе: Киргизское гос. изд-во, 1962. — 296 с.
- Умурзаков С. У. и др. Словарь географических названий Киргизской ССР/ АН Киргизской ССР. — Фрунзе: Илим, 1988. — 214 с.
- Климат Киргизской ССР. — АН Киргизской ССР. — Фрунзе: Илим, 1965. — 290 с.
- Умурзаков С. У. Географические исследования в Киргизии/ АН Киргизской ССР. — Фрунзе: Илим, 1970. — 152 с.
- Проблемы географии Киргизии: Материалы к съезду Киргизского географического общества/ АН Киргизской ССР. — Фрунзе: Илим, 1975. — 290 с.
- Биологические ресурсы Кыргызстана: Эколого-географические и природоохранные аспекты/ Институт биологии АН Кыргызстана. — Бишкек: Илим, 1992. — 148 с
Бирок, дүйнө жүзүндө бул көлдөн башка да көлдөр соолуп жок болуунун алдында турат. Алар Исландия, Швейцария жана Гренландия аралы. Изилөөдөрдүн натыйжасында Мерцбахер көлүнүн соолуп жок болуу мезгили такталган. Мерцбахер көлү- Борбордук Теңир тоодогу Кантеңир тоосунун батыш капталындагы бийик тоо көлү. Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2, тереңдиги 60-70 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте жатат. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары(айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат. 1903 жылы немец окумуштуусу Готфрид Мерцбахер Хан-Тенгри экспедициясында ачылган.
Көл-Суу бул сулуугуна чек жок, анын суусунун түсү ачык көгүлтүр түстө. Ал Какшаал тоо тизмегинин Сары-Белес тоосунда Кытайга жакын чек арада жайгашкан.Көл деңиз денгээлинен 3514метр бийиктикте. Аянты 4,5 км2, тереңдиги 20метрге чейин жетет. Барууга өтө кыйын июль авгут айларында гана барууга болот. Бул анын алыстыгы, үңкүрлөрдун көптүгү Көл-Суу көлүн табышмактар менен курчалганынан кабар берет. Көлдү жашоодо бир жолу болсо дагы көрүп калууга жетишкиле.