БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Кыргыз Республикасы — различия между версиями

м (6)
Строка 83: Строка 83:
  
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />
 +
== Сөздүк ==
 +
:{{bib|'''Улуу Жибек Жолу''' – караван жолу, Чыгыш Азияны Жерортолук деңизи менен байыркы жана орто кылымдарда байланыштырган. Биринчилерден болуп Кытайдан жибек ташылгандыктан анын аталышынын себеби да ушундан келип чыкан. Жол II к.биздин кылымга чейин салынган, Сиандан, Ланчьжоуга, Дуньхуанга чейин. Жол эки багытта кеткен: түндүк багыты Турфан аркылуу келип Памирди кесип өтүп Фергана аркылуу казактардын талаасы менен, түштүгү-Лоб-Нор көлү аркылуу Такла-Макан чөлүнүн чети  менен Яркен жана Памир (түштүк бөлүгү) Бактрга, андан – Парфийге, Индияга  жана Жакынкы Чыгыштан Жерортолук деңизге чейин жеткен. Терминди немец географы Рихтгофен 1877 жылы киргизген.}}
 +
:{{bib|'''Геосаясий абалы'''  – Кыргыз Республикасы көз карандысызыгын аныктагандан бери, өз алдынча коом мамлекет катары саясий абалы менен коомдук динамикалык цивилизациянын дүйнөлүк интеграциялык жолдун багытында турат.Бирок геосаясий мозаикага кошулуу үчүн бул жетишсиздик кылат. Кыргыз Республикасы  мамлекет катары геосаяаттын субьектиси деген статуска ээ боло алат.}}
 +
:{{bib|'''Туруктуу өнүгүү''' (англ. ''sustainable development'') — бул процесс экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, жаратылыштык ресурстарды эксплуатациялоо, инвестицияны багыттоо, илимий техникалык өнүгүүгө багыт алуу, жеке инсанды шартка жараша өнүктүрүү , азыркы муунду- кийинки муун менен бири бирине болгон биримдигин чыңдоо аркылуу керектөөсүн камсыз кылуу аркылуу алдыга умтулууга багытоо.}}
 +
:{{bib|Экосистеманын ар түрдүүлүгү – Кыргыз Республикасынын территориясынын 93% бузулган эмес же аз бузулган жаратылыштык экосистема катары эскептелет. Кыргыз Республикасынын  окумуштуулары 22 классагы экосистеманы аныктаган.}}
 +
 +
 
== Пайдалуу шилтелмелер ==
 
== Пайдалуу шилтелмелер ==
 
{{bib|[https://kgembassy.by/ Общая информация о Кыргызстане]}}
 
{{bib|[https://kgembassy.by/ Общая информация о Кыргызстане]}}
Строка 90: Строка 97:
 
{{bib|[http://www.paruskg.info/2012/12/26/73344 О СТРАТЕГИИ УСТОЙЧИВОГО РАЗВИТИЯ КЫРГЫЗСТАНА]}}
 
{{bib|[http://www.paruskg.info/2012/12/26/73344 О СТРАТЕГИИ УСТОЙЧИВОГО РАЗВИТИЯ КЫРГЫЗСТАНА]}}
 
{{bib|[http://water.kg/index.php/ru/o-departamente/vodnye-resursy-i-vodokhozyajstvennaya-infrastruktura-kyrgyzstana Департамент водного хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики]}}
 
{{bib|[http://water.kg/index.php/ru/o-departamente/vodnye-resursy-i-vodokhozyajstvennaya-infrastruktura-kyrgyzstana Департамент водного хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики]}}
 
 
== Сөздүк ==
 
:{{bib|'''Улуу Жибек Жолу''' – караван жолу, Чыгыш Азияны Жерортолук деңизи менен байыркы жана орто кылымдарда байланыштырган. Биринчилерден болуп Кытайдан жибек ташылгандыктан анын аталышынын себеби да ушундан келип чыкан. Жол II к.биздин кылымга чейин салынган, Сиандан, Ланчьжоуга, Дуньхуанга чейин. Жол эки багытта кеткен: түндүк багыты Турфан аркылуу келип Памирди кесип өтүп Фергана аркылуу казактардын талаасы менен, түштүгү-Лоб-Нор көлү аркылуу Такла-Макан чөлүнүн чети  менен Яркен жана Памир (түштүк бөлүгү) Бактрга, андан – Парфийге, Индияга  жана Жакынкы Чыгыштан Жерортолук деңизге чейин жеткен. Терминди немец географы Рихтгофен 1877 жылы киргизген.}}
 
:{{bib|'''Геосаясий абалы'''  – Кыргыз Республикасы көз карандысызыгын аныктагандан бери, өз алдынча коом мамлекет катары саясий абалы менен коомдук динамикалык цивилизациянын дүйнөлүк интеграциялык жолдун багытында турат.Бирок геосаясий мозаикага кошулуу үчүн бул жетишсиздик кылат. Кыргыз Республикасы  мамлекет катары геосаяаттын субьектиси деген статуска ээ боло алат.}}
 
:{{bib|'''Туруктуу өнүгүү''' (англ. ''sustainable development'') — бул процесс экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, жаратылыштык ресурстарды эксплуатациялоо, инвестицияны багыттоо, илимий техникалык өнүгүүгө багыт алуу, жеке инсанды шартка жараша өнүктүрүү , азыркы муунду- кийинки муун менен бири бирине болгон биримдигин чыңдоо аркылуу керектөөсүн камсыз кылуу аркылуу алдыга умтулууга багытоо.}}
 
:{{bib|Экосистеманын ар түрдүүлүгү – Кыргыз Республикасынын территориясынын 93% бузулган эмес же аз бузулган жаратылыштык экосистема катары эскептелет. Кыргыз Республикасынын  окумуштуулары 22 классагы экосистеманы аныктаган.}}
 
  
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />
 
<br clear=all /><div class="light" style="float:right;>[[#Начало|В начало]]</div><br clear=all />

Версия 13:02, 30 июля 2018

Кыргыз Республикасы ажайып асман тиреген тоолордун мекени. Өзгөчө-таза абасы,тунук көлдөрү, булактын суулары,карлуу бийик зоолору-бул Кыргыз Республикасынын жаратылышы. Бул барактар силерди ажайып кооз дүйнөгө алып барат. Силер республиканын географиялык абалы,изилдөө тарыхы,Улуу Жибек Жолу,геэкологиясы,туруктуу өнүгүшү менен таанышасыңар. Кыргыз Республикасы боюна саякатка чыгып, билимиңерди толуктайсыңар.

Кыргыз Республикасынын жаратылышы


Географиялык абалы жана изилдөөтарыхы

Кыргыз Республикасынын территориясы эки тоо системасынын аралыгында жайгашкан.Түндүк-чыгышта көп бөлүгү Тянь-Шань тоолорунун батыш бөлүгүндө, түштүк-батышы Памир-Алайдын түндүк тармактарында жатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы бийик тоолордун кыры, суулар, бир аз жери Чүй, Талас,Фергана өрөөндөрү аркылуу өтөт, Республиканын түндүк чек арасы Баку, Рим, Нью-Йорк менен бир кендикте, түштүгү-Лиссабон жана Вашингтон менен бир кеңдикте жатат.

Кыргыз Республикасынын географиялык абалы
Кыргыз Республикасынын географиялык абалы


Изилдөөчүлөрдүн баалоосу боюнча республиканын 97,8% аймагы, 8-9 балл жер титрөөчү аймагында жайгашкан.

Азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы жайгашкан жерлердин, калкы жана чарбасы жөнүндө байыркы жана орто кылымдардагы авторлор, саяакатчылар, изилдөөчүлөр жазып келишкен. Кызыктуу маалыматтар жана географиялык баяндамалар, ортоазиялык окумуштуулардын сочиненияларында, мамлекеттик башчыларда ХI-ХVI кылымдарда Юсуф Хасс Хаджиб Баласагун, Махмуд Кашгари, Мухаммед Хайдара, Захириддин Бабур ж.б жазууларында сакталып калган. Махмуд Кашгари (1076)түзгөн дүйнөнүн картасында, Теңир-Тоо жер шарынын борборунда жайгашышын, тоо системаларын кеңдик багытта көрсөткөн. Ар тараптуу географиялык баяндама берген: Фергана аймагына Бабур1530ж., Ысык-Көлдү -1547ж. Хайдарды баяндаган.

Махмуд Кашгаринин картасы
Махмуд Кашгаринин картасы


Белгилүү салым кошкон орустун илимий өкүлдөрү П.П. Семенов-Тянь-Шаньский, Н.М. Пржевальский, Н.А. Северцов, А.П. Федченко, И.В. Мушкетов, В.В. Радлов, В.В. Бартольд жана башкалар. П.П. Семенов биринчи орус окумуштуусу, Ысык-Көлгө чейин келип илимий изилдөө жүргүзгөн. Башка дагы көрүнүктүү изилдөөчүлөр чоң салым кошкон.



Улуу Жибек жолу

Кыргыздардын тарыхында жана мамлекеттик биригүүдө Улуу Жибек Жолунун ролу чоң.

Улуу Жибек жолу


Кыргызской Республикасынын байыркы элдери жана территориясы дүйнөлүк тарыхтын феномены экономикалык жана маданий борбордун булагы болгонУлуу Жибек Жолунда болгондугунда.

Улуу Жибек Жолунун дүйнөлүк тарыхы


Соода жолундагы ыңгайлуу географиялык абалды ээлеп, Батыш менен Чыгыштын маданий жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, Кыргыз Республикасы Батыш менен Чыгыштын көпүрөсү болуп бириктирип турган.

Чыгыш менен батыштын маданий жетишкендиктери
Чыгыш менен батыштын маданий жетишкендиктери


Кыргыз Республикасынын территориясы аркылуу байыркы үч бутактагы караван жолу. Памир-Алай, түштүк жана түндүк бутактары Тянь-Шань жана Памирдин ашуулары аркылуу өткөн.ХVкылымга жакын Чыгыш менен батышты байланыштырып келген Улуу Жибек Жолунун багыты миң жыл аралыгында каравандардын жолдору мүнөздүү өзгөрүлүп келген. Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөн жол дайыма туруктуу өзгөрүлгөн эмес. Бул ” байыркы караван жолунун өзгөчө “тоо дарбазасынын сактоочусу” катары болгон.

Жарытылыштык ажайып кооз жерлеринен башка Кыргызская Республикасы Улуу Жибек жолундагы тарыхый-маданий эстеликтерге бай. Ушул жерлерге соодагер көпөстөр Таш-Рабат сарайына, Сулайман тоонун этегине,”Бурана” мунарасына,”Өзгөн” архитектуралык комплексине токтоп кетип турушкан.

Улуу Жибек Жолундагы каравандар
Улуу Жибек Жолундагы каравандар


Улуу Жибек Жолу сооданын өнүгүшүнө гана түрткү бербестен, жүздөгөн жылдар бою башка элдердин ой мүдөөлөрү менен алмашууга шарт түзгөн.

Улуу Жибек жолу


Геэкологиялык көйгөйлөр. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшү

Айлан-чөйрөнүн коопсуздугун адам баласынын коопсуздугун, бирдей карай турган болсок бир нече категорияны камтыйт: коопсуз экономика, коопсуз тамак-аш, коопсуз ден-соолук, коопсуз айлана-чөйрө, коопсуз инсан, коомдук жана саясий коопсуздук. Кыргыз Республикасы айлана чөйрө жана адамзаттын коопсуздугунун өзгөрүүсүн изилдөөсү боюнча төмөнкүлөр белгиленет: коопсуз суу,коопсуз тамак-аш, коопсуз энергия, атмосферанын өзгөрүшү жана анын коопсуздугу, жаратылыштык ресурстарды пайдалануудагы өзгөрүүчүлүк ж.б.

Кыргыз Республикасындагы калдыктар
Кыргыз Республикасындагы калдыктар


Кыргыз Республикасынын УЛУТТУК СТРАТЕГИЯЛЫК туруктуу өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы боюнча 21 январь 2013 жыл №11 2013-2017 жыл.Туруктуу өнүгүү дүйнөлүк практикада - бул компоненттердин өнүгүүсүнүн жыйындысы; экономикалык жана экологиялык ар бир компонентке мамлекеттик сапаттуу башкарууга жетишүү менен туруктуу өнүгүү моделине өтүү курсу турат жана биринчи беш жылдык өткөөл этап.

Кыргыз Республикасынын экосистемасы
Кыргыз Республикасынын экосистемасы


Кыргыз Республикасынын Улуттук программасы туруктуу өнүгүү стратегиясы боюнча төмөнкү принциптерди эске алат: экономиканын өнүгүшүнүн жогорку темпин прогноздоодо сөзсүз социалдык пайданы жан экологиялык кесепетти эске алуу; туруктуулук экономикалык өсүүдө социалдык жана экологиялык өлчөөсүз мүмкүн эместигин; сапатту өзгөрүүгө басым жасоо ал эми сандык өсүүгө эмес.

Кыргыз Республикасынын алдында мамлекеттин экономикасын модернизациялоонун наркын баалоо турат “жашыл”өнүгүүгө жетишүү. Биз бүгүн түшүнөбүз бул арзан эле тура койбойт. Бирок “жашыл” өнүгүү экономиканы, келечектүү туруктуу өнүгүүгө алып баруучу вектору.



Сөздүк

Улуу Жибек Жолу – караван жолу, Чыгыш Азияны Жерортолук деңизи менен байыркы жана орто кылымдарда байланыштырган. Биринчилерден болуп Кытайдан жибек ташылгандыктан анын аталышынын себеби да ушундан келип чыкан. Жол II к.биздин кылымга чейин салынган, Сиандан, Ланчьжоуга, Дуньхуанга чейин. Жол эки багытта кеткен: түндүк багыты Турфан аркылуу келип Памирди кесип өтүп Фергана аркылуу казактардын талаасы менен, түштүгү-Лоб-Нор көлү аркылуу Такла-Макан чөлүнүн чети менен Яркен жана Памир (түштүк бөлүгү) Бактрга, андан – Парфийге, Индияга жана Жакынкы Чыгыштан Жерортолук деңизге чейин жеткен. Терминди немец географы Рихтгофен 1877 жылы киргизген.
Геосаясий абалы – Кыргыз Республикасы көз карандысызыгын аныктагандан бери, өз алдынча коом мамлекет катары саясий абалы менен коомдук динамикалык цивилизациянын дүйнөлүк интеграциялык жолдун багытында турат.Бирок геосаясий мозаикага кошулуу үчүн бул жетишсиздик кылат. Кыргыз Республикасы мамлекет катары геосаяаттын субьектиси деген статуска ээ боло алат.
Туруктуу өнүгүү (англ. sustainable development) — бул процесс экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, жаратылыштык ресурстарды эксплуатациялоо, инвестицияны багыттоо, илимий техникалык өнүгүүгө багыт алуу, жеке инсанды шартка жараша өнүктүрүү , азыркы муунду- кийинки муун менен бири бирине болгон биримдигин чыңдоо аркылуу керектөөсүн камсыз кылуу аркылуу алдыга умтулууга багытоо.
Экосистеманын ар түрдүүлүгү – Кыргыз Республикасынын территориясынын 93% бузулган эмес же аз бузулган жаратылыштык экосистема катары эскептелет. Кыргыз Республикасынын окумуштуулары 22 классагы экосистеманы аныктаган.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

Эң ири аймактагы Кыргыз Республикасынын жаңгакмөмө токою.

Бул токойлор Арсланбаб өрөөнүндө жайгашкан. Анын аянты 600 миң гектар, Арсланбаб деңиз денгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элдердин уламыштарына таянсак грек жаңгагы эмес эле кыргыз жаңгагы болгон.

Грецкие орехи.jpg
Грек жаңгагы
Ысык-Көл кишинин көзүнө окшош

Кызыктуу фактыны – учуудан келген космонавт, эң күтүүсүздөн объект болгонун айтат. Космостон жердин бетинен Улуу Кытай дубалы эмес, Хеопса пирамидасы эмес, бийик тоолуу Ысык-Көл көрүнгөн. Алексей Леонов космонавты, биринчи жолу космоско чыгып, ал жактан Ысык-Көл адамдын көзүнө окшош болуп көрүнгөнүн айткан.

Иссык-Куль.jpg
Ысык-Көл
Жол сапарынын алдында

Бир жакка чыгардын алдында ошол жердин кооз жерлери жөнүндө окуп алгыла, кандай абалда кайсы жерге барып эс алууну аныктап жана өз алдынча экскурсияларга барып келиш үчүн.Өз алдынча бара турган жерлердин тизмесин да түзүп алгыла.Убактыңарды туура пайдаланууга жардам берет.

Тоо жана мөңгү

1 Борбордук Азиянын территориясынын өзгөчөлүгүн атагыла:

Борбордук Азиянын территориясынын көп бөлүгүн чөлдөр ээлейт
Борбордук Азиянын дарыяларынын көбүнүн суусу көп
Океандардан алыстыгы жана нымдын булагы
Борбордук Азиянын көп бөлүгү түздүктөр түзөт

2 Мөңгүлөрдүн азайышынын негизги себеби- бул:

Жайыттардын аянтынын көбөйүшү
Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүнүн бетинин кирдеши
Дарыя сууларын сугат иштеринде көп пайдалануу
Мамлекет тарабынан эффективдүү чечим кабыл алынбайт

3 Борбордук Азиянын территориясы аркылуу тоо системасы өтөт:

Каракорум жана Гиндукуш
Тянь-Шань жана Памир
Гималай

4 Борбордук Азиянын негизги бөлүгүнүн өзгөчөлүгү – океандан, нымдын булагынан алыстыгы. Тянь-Шань Атлантика океанынан канча аралыкта турат?

3 миң. кмге жакын
7 миң. кмге жакын
5 миң. кмге жакын
9 миң. кмге жакын

5 Тянь-Шань жана Гиндукуш тоолорунан эки чоң дарыя башталат.Аларды атагыла.

Инд жана Тарим
Нарын жана Чүй
Нил жана Хуанхэ
Амударья жана Сырдарья

6 Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышынан коркунуч туулат, төмөнкү натыйжаларга алып келет

Кыш мезгилинде жаан-чачын азайят, суу-саздуу жерлердин кургашына алып келет.
Дарыялардын гидрологиялык режими бузулат, айыл чарбанын ирригациялык тармагы жана табигый кырсыктар көбөйөт
Дарылардын суусу азаят жана инфекциялык оорулар көбөйөт

7 Мөңгү пайда болуунун шарттары:

Жаан-чачындын санынын көбөйүшү менен уюлдар менен түздүктөрдүн температуларынын мааниси дал келет
Төмөнкү температурада тоолуу жерлерде жаан-чачын азаят
Төмөнкү температура менен чоң өлчөмдөгү атмосфералык катуу жаан-чачын менен дал келет
Түздүктөрдө жаан-чачындын саны азайят, тоолуу аймактардагы температура жогорулайт